жай1
- Жаз менен күздүн ортосундагы жылдын мезгили – июнь, июль, август айлары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Каныкей, / Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, / Торсолдой менен Кутубай, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбекти эшиктен, / Чакыртып келди Керменбай, / Сейитектин үстүнө, / Барып кирди булар жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондуктан ханга бербес үчүн мени ушундай караңгы жайга сактап турушат, – дейт кыз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →