жай4

китептерде 1179 жолу, 10 китепте жай 1 →жай 2 →жай 3 →
  1. Кандайдыр бир нерсени жазуу, бүктөлбөгөн, жыйылбаган абалга келтирүү, төшөө.
  2. Жазып илүү.
  3. Жайылта жиберүү, каптатуу, коё берүү.
  4. Агуу, жайыла чыгуу.
  5. Оттотуу, кайтаруу, жайылтуу.
  6. Таратуу, көпчүлүккө маалим кылып жиберүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Каныкей, / Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, / Торсолдой менен Кутубай, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбекти эшиктен, / Чакыртып келди Керменбай, / Сейитектин үстүнө, / Барып кирди булар жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондуктан ханга бербес үчүн мени ушундай караңгы жайга сактап турушат, – дейт кыз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →