жай3

китептерде 1179 жолу, 10 китепте жай 1 →жай 2 →жай 4 →
  1. Акырын, шашпай, камырабай.
  2. Жайынча, жөнөкөй, өзгөчөлөнбөгөн.
  3. Тынч, жайланышкан, коогалаңы жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Каныкей, / Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, / Торсолдой менен Кутубай, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбекти эшиктен, / Чакыртып келди Керменбай, / Сейитектин үстүнө, / Барып кирди булар жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондуктан ханга бербес үчүн мени ушундай караңгы жайга сактап турушат, – дейт кыз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →