жаз2

китептерде 475 жолу, 10 китепте жаз 1 →жаз 3 →жаз 4 →
  1. Кагаздын же башка материалдын бетине графикалык белги, жазуу, тамга же цифраларды түшүрүү.
  2. Жазуу жүзүндө кандайдыр бир эмгек, макала, чыгарма жаратуу.
  3. Музыкалык чыгармаларды, сүйлөнгөн сөздү ж.б. техникалык каражаттар аркылуу пластинкага, лентага ж.б. түшүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир бетине жазылган, / Колуңузда кат, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таштын бетин метилеп, / “Чыккынчынын өлүгү / Канчоро жалгыз бейит” деп, / Кат жазып койуп келгиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →