жаз1

китептерде 475 жолу, 10 китепте жаз 2 →жаз 3 →жаз 4 →
  1. Жыл мезгили, көктөм (март, апрель, май айлары).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир бетине жазылган, / Колуңузда кат, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таштын бетин метилеп, / “Чыккынчынын өлүгү / Канчоро жалгыз бейит” деп, / Кат жазып койуп келгиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →