жаз3
- Кандайдыр бир түрмөктөлгөн, бүктөлгөн, бырышкан нерсени жаюу, ачуу, бүктөлбөгөн, бырышпаган, оролбогон ж.б. абалга келтирүү.
- Кере жайып ачуу, бүктөлгөн, түйүлгөн, куушурулган ж.б. абалдан жайылган, кере ачылган, эркин болгон абалга өтүү.
- Таратуу, жоюу (мисалы, кайгы-капага карата).
- Көңүл ачуу, эркин, шайыр абалга келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир бетине жазылган, / Колуңузда кат, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таштын бетин метилеп, / “Чыккынчынын өлүгү / Канчоро жалгыз бейит” деп, / Кат жазып койуп келгиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →