Ак-Суунун башы балгынды, Ак-Байтал, Кең-Суу салкынды, Айтпай кантип коёюн, Ашыктыктан дартымды.
— деп аттын сыдыра басыгы менен акырын гана зыңкылдап өтүп баратат.
Беккул менен Эшпай Башариндики жактан келе жатып жолумдан чыкты. Жаңы бирдеме таап, олжолуу болгон эмедей жаркылдап, кубанып келе жатышат. Жакын келбей жатып эле, тетигиндейден мени көрө коюп Беккул:
— Биз Башариндикинен токоч жедик,— деп алда-кайдан сүйүнчүлөдү.
— Эмне алып бардыңар эле? — дедим.
— Бүлдүркөн, карагат...
— Канча токоч берди? — дедим мен кызыгып. Буга Беккул жөнөп бергиче болбой озунуп, Эшпай:
— Мага мынча берди,— деп чилмийген алаканын сайып, оң нолу менен аны туура кертип көрсөттү.
— Беккулга канча берди?
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп:
— Беккулга мынча, мага мынча берди,— деп Беккулдукунан өзүнүкүн чоңураак кылып көрсөттү.
Башариандин үйүнүн маңдайында бир чал бар эле... Аны биз «Бабай» дечүбүз. Мунун эки уул, эки кызы бар. Төртөө тең бойго жеткен немелер. Улуу баласы былтыр солдатка кеткен. Өзү бай эмес, малдан үч, төрт жылкысы болуп, орточо гана оокаты бар. Кызыл-Кыяга келгенине он жылча болуптур. Бабай өзү жетимиштерге келип калган. Карылыгы жетсе да анчалык күчтөн кала элек чал. Бапыйган чоң сакалы бар, кочкор тумшук, кызыл көз неме. Кыргызча «жаман, жакшы, акча» дегенден артык тил билбейт.
Кээде ушунукунан токоч жейбиз деп, атайы тоого барып, карагат, бүлдүркөн терип барып берчүбүз. Кечке жуук болгондо айттырбай барып, талаада жүргөн уйларын таап алып, үйүнө айдап келип берип, андан да алчу-буз. Көңүлү жай болуп турган убактарда капысынан жөн барып калсак да берүүчү. Бирок, бул максатка же-тиш үчүн туштап туруп, тамактын үстүнөн чыгыш керек. Ошондо да келээр менен бере койбоду деп ызаланып, кетип калбай, чыдаш керек, белгилүү мезгилге чейин күтүп туруш керек. Бирок алып барган малыбыздан баары пул боло берчү эмес. Терип берген жер-жемишибизди кабыл албай, кайтарып салган кездери да бар.
Бир каталыгым эсимде. Бир күнү мен тоодон эки чыныга жакын бүлдүркөн терип келдим. Үйүнө кирчү эмеспиз. Адатыбызча, кайырчыдай эшикте жалдырап күтүп турсам, мени көрүп кызы чыгып келди. Мен ага бирдеме деп айтуунун ордуна, мага көйнөгүмдүн этегин жайып, бүлдүркөндү көрсөттүм. Кыз эң мурун колумду анан этегимди карап-карап турду да бир кезде:
— Керек жок,— деп кайра кирип кетти.
Менин багыма башынан «сыр билгич» кемпири кезикпей, кызы туш келгенине өкүнүп кете бердим. Кетип баратып: «Көңүлдөрү куш болуп турган учуруна кезикпей калдым го» деп оюма кетти.
Ушундан кийин бүлдүркөндү бир жууган калайга салып, үстүн таза жалбырак менен жаап алып баруучу болдум.
Ошентсе да Башаринге караганда, бизге Бабайдыкы бир аттам жакын көрүнүүчү. Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Ошондон жалкып анда көп бара алчу да эмеспиз.
Бир күнү кечинде, үйдө отурсак, Байболоттуку тан карса-курс, жаң-жуң эткен бир дабыштар чыгып калды. Бирөөнө тобу жабылып, уруп жаткан сыяктуу. Анча болбой:
— Карма доңузду, союп сал! —деген Ыбыкенин үнүн тааныдык.
— Кокуй өлтүрдү, өлүгүңдү көрөйүндөр, кырабы мындагы элди! — деп чаңк эткен дагы бир катындын ачуу дабышы чыкты.
Биз дүрбөп тышка чыктык. Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат. Көптүн ичинде Ыбыке, Карабай старчын болуп, Эрке Сарынын бир топ жакшылары жүрөт. Ыбыке жигиттерин көкүтүп, тукуруп коюп, болуп жаткан жоруктарга көз сугарып, камчысын ээринин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат. Жерде төрт-беш киши тополоң түшүп, кармашып жүрөт. Бизге Байболот жалгыз бир жак, калганы бир жактай болуп көрүндү. Анткени ошончо элдин жабылып жүргөнү жалгыз Байболот.
— Карма, доңуздун колун байла! — деди бирөө караңгыда түрсүлдөшүп жүрүп.
Байболоттун он жашар, кибиреген кызы бир эсе чыңырып барып, атасына түшө калат да бир эсе безеленип, кайра энесине жүгүрүп келет.
— Кокуй, балдардын жүрөгүн түшүрмөк болду, бул тукум куруттар! — деди Байболоттун катыны, чыңырып жүргөн кызын ала коюп, алактап.,
Ошол кезде Байболот кандайдыр, топтун ичинен бир жолу суурулуп чыга түштү да качырып барып, Карабайды камчы менен басып-басып алды.
— Атаңдын көрү кул ээй! Бул жамандын күчүн! Кармабайсыңарбы?! — деди Карабай башкаларына. Байболот эр эле, карматпай, качып баратып, улам артынан жеткенин кайрылып сабап жүрөт. Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды...
Бул окуянын түбү мындай экен: Байболоттун эрден чыгып келген бир кызы бар болучу. Муну бир топ жакшылар менен Ыбыке баш болуп, Байболотко бир ооз айтпай, Каркырада бир казакка барып, кыздын сыртынан куда түшүшөт. Калың бычышат. Кызды колмо-кол бермек болуп, ал жерден кудамудалары менен биякты көздөй жөнөп калышат. Калыңдан алган элүү кой, жыйырма чакты караны күн мурунтан айдатып жиберишет. Ошону менен калдайган калың кол бир күнү Байболоттукуна келип жетет. Келсе — кыз жок, ал мындан бир-эки күн мурун бир сүйгөнү менен качып кеткен. Анын качаарын Байболот да, катыны да билген эмес. Тигилер бул жорукту келгенден кийин гана бир билишет.
Жаңкылар келип, Байболотту басып жыгылгандын жөнү ушул экен. Себеби биринчиден, калыңга келген малды кайтарып берүү керек; экинчиден, кудага шер-менде болушту.
Баарынан да малды айтсаңчы! Кудадан айдап келген малдар эмгиче Ыбыкенин айлына барып калган да көрүнөт.
Карабай будаланышып жаткан топтун ичиңен көптөн кийин күйүгүп чыгып келип, атына минди да, кайра бери карап туруп, камчысын секеңдетип:
— Шашпа, солдатка кыл алдында Бейшемби экөөңдү кармап бере албасам элеби!.. — деди.
Ушинткенде Бейшемби селт карай калды да:
— Карабай, ыгы жок тийишкендин эмне кереги бар? — деди.
— Сенде кылмыш көп баччагар. Тура тур, шашпа...
— Кудай урбадыбы, мен бирөөнүн бүлөсүн бийлей алчумунбу?
— Унчукпа, чочко! — деди Карабай качырып барып салып калчудай ызырынып.
Бейшемби камданып бирдеме дегени келе жатканда Ыбыке:
— Кана, жүргүлө, булардын эсебин өзүбүз табабыз,— деп атынын башын кайра тартты да тобу менен дүрбөп, жөнөй берди.
Булар кетээр замат Байболот катыны менен түн катып, Караколго жүрмөк болду. Катындын өңөргөн бешиги бар. Бул жөнүндө убара болосуң, барба деп, ар ким айтып көрсө да Байболот:
— Мейли, кайда калбаган бир жан. Улугу адил болсо ошол жерде текшерип көрсүн,— деп мойноп, көнбөй койгон.
Биз жатып алган кезде түрсүлдөтүп, жөнөп баратышып:
— Жанымжан, үйдө Торгойакун калды. Уйду саап берип тур,— деди Байболот.
Эртеси биздин үй өз-ара кужурашып, кечээ Байболоттукунда болгон окуя тууралуу кеп уруп отурушту. Башка кишиден Назыр бучук деген киши отурат. Кечээги Карабайдын айтканын кеп кыла келип, Бейшемби:
— Атасынын көрү, кетсем да ошолордун бирин жайлап туруп кетермин,— деп койду.
— Кой балам, аның балалык чыгар, «Өлбө жаным өлбө»,— деп өзүбүз минтип араң турганда, балээни чакырып эмне кыласың,— дейт Бурмаке.
Ушул убакта бирөө келип, Бейшембиге бир кагаз берип кетти. Сырты чапталуу экен. Ичин ачты да оку деп мага сунду. Урманбеттен келген кат экен. Өмүрүбүздө «кат» дегенди көргөнүбуз да ушу болсо керек. Баягы бир жылы Турат молдонун үйүндө жүрүп, билип алган чала сабатым менен тамтаңдап окуй баштадым. Сөздөрдүн башын жыйнап түшүнө албай, көңүлүмдө булдур гана бир нерселер калып барат. Бир жеринде: «Биз Украин, Ашкабат деген жерлерден өтүп кеттик. Кайда барып токтоорубуз азыр маалым эмес...» деген сөздөр бар. Аягына бир ыр жазыптыр:
Арт жагымды карасам. Алыста калды сансыз жан. Келгис жерге жол тартып, Керменге кетип баратам. Кара чунак көп жетим, Кабарсыз болуп мен кеттим. Көтөрбөскө чара жок, Падышанын милдетин Бу дүнүйө жалганың, Ичимде көп арманым. Душмандан кегим ала албай, Айдалып кетип калгамын. Өткөрүп нечен күндөрүн, Мен алыста жүрөмүн. Өлбөй жүрсөм бир күнү, Керменден кайтып келермин...
XI
Мындан бир нече күн мурун эл ичине: «Падыша кыргыздан солдат алмак болуптур» деген сөз тараган. Бул сөз адегенде «имиш-имиш» сыяктуу болуп көрүнсө да бара-бара абдан чындыгына жеткендей ырбап, күчөнүп алган. «Солдат эмес, солдаттарга ор казууга кара жумушка алынат экен» деп да коюшат. Сөз кеп... Ошондуктан жайлоодо болсун, жакада болсун элдин кары-жашы дебей эрмеги да ушул болуп, эртели-кеч бир дөңгө жыйналып алып, ар кылымдын башын чарпып аңгемени ушундан козгойт да жатат.
— Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз — деп күүлөнөт бир кур боз балдар.
— Чындап башка күч келсе, колдо мал деги бар, кедейлерден сатып, ордуна жиберсек да, балдарыбызды бир сапарынан алып каларбыз,— дешет, дагы бирөөлөр.
— Ушинтип эле турбас, балким заман оңолуп кетээр.
— Байлар го балдарын сатып алып калсын, түгү жок биз эмне кылдык?
— Мейли, кайда болсо бир өлүм. Алам десе мына, солдатка кеткенде биздин кайсы аялуу баш, айдалуу малыбыз артыбызда калып жатты эле. Кедейге кайда болсо баары бир. Бирок кетсек да ошо бизди кармап бер-гендер менен соо калышпаспыз,— дейт эми бир даары.
— Алда кандай заман болоор экен...
— Бул эр азаматтын башына туулган кыйын күн!
— Солдат алган менен деле байлардын түрү коробойт экен, дагы эле салмактын баары баягы көрө жүргөн кедейлерге түшөт экен го...
— Жанын кыйып, ким эле бара коёр дейсиң, эл да ойлоно жатаар...
Ушинтип элдин эси бир жерде турбай уйгу-туйгу түшүп, эки таалай болуп жатты.
— Солдат алуу тууралуу падышадан эл-элге буйрук тарагандан кийин: Кыдыр, Баатыркан, Ырыскелди, Соодонбек сыяктуу бугунун кочкор башы жакшылары баш кошуп, кеңешип, бир даары беребиз, бир даары бербейбиз дегенге келишет. Кыдыр — беребиз деген жагынын башы. Жакшылардын бул өңдөнүп, бир чечимге келе албай эки жарылып калтылдакка түшүүсүнүн чоң себеби да болду. Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле. Эми чыны менен карарып алган элдин түрүн сезип, өздөрү да ашуудагы туюкка камалгандай бир жагына чыга албай, айласы кетип турган сыяктуу эле.
Ушул себептен болсо керек, мындан көп узабай солдат бербейбиз деген үчүн Албан казагынын Абубакир, Узак, Жаманке деген жакшыларын Каркырадан кармап алып, Караколгр алып кетиптир, деген кеп угулду.
Ушундай учурлар болуп жаткан тушта апийим тилими келип калды. Ушул бир-эки жылдан бери кыргыз жерине кытай, дуңгандар келип, элге апийим айдоо жайылган. Мурун апийимди Үрүмчү, Кашкар, Турпан, Кулжа-дан келген кытай, дунгандар гана айдаса соңку кездерде кынык алып кыргыздар да айдоочу болгон. Ошону менен кошо кыргыздан кызыл кулак, соодагер чыга баштаган.
Бир күнү Солто деген тууганыбыз келип, Беккул экөөбүздү ушул апийим тилимине алып кетмек болду. Солтонуку — Сарытологойдо. Быйыл Чоң-Таштан жер которулуш болуп, биздин Эрке-Сары бүт ушул жакка оонаган. Сарытологой — бириндеген, бузулган, жаман тамдардан курулган бир көчө кыштак.
Биз менен бирге Ырай дегендин баласы — Кыдырманы да алып кетмек болду. Ырай оорулуу, чолок киши — балдак менен жүрөт. Кыдырма мунун жалгыз баласы. Өзү үч баш жан. Малдан жалгыз кыңыр куйрук, жамбашы чабдар аты бар. Өзүнүн өмүрүндөгү кесиби — жакын арадагы базарлардан барып, насыбай алып келип, ошону айыл аралатып, кыдырып сатат да жүрөт. Күн көргөн бар оокаты ушул. Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала. Бирөөдөн жалынып жардам сурачудай, дайым аянычтуу болуп, көзү жалдырап турар эле. Күрөшкөндө, жумушка келгенде өзү теңдүү балдардын камбылы. Тоодон ышкын тергенде, отунга барганда, мени койчу эмес. Экөөбүз кээде отунга барганда, ал менден мурун ары-бери кылып алып жиберип:
— Батыраак кыймылда, болбосо карагайдын ичине жалгыз таштап кетем,— деп мени коркутмакчы кылып коюучу.
Ошону менен үчөөбүз Солтого жалданып кеттик да, Кызыл-Кыядан көз жумдук...
XII
Сарытологой деген жер ушул.
Бүгүн күн мындай жакшы тиерби! Ысыкта жоон топ киши береги бир учкыйыры жок түздө суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз. Керилген беш-алты теше. Муну Солто, Караколдо бир Абдылда деген чоң соодагер татары менен ортоктошуп айдаган. Абдылда Солтонун көптөн алынышып алган адамы.
Апийим тилими кызыган кез. Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат. Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Биздин келгенибизге бир топ болуп калган. Апийим тилишке жаңы келгенге караганда, үйрөнүп калдык. Адеп келгенде апийимдин же кардын чыгары тилип, же мөлчөрүнө жеткирбей кыртышын гана чийип кетип жүрдүк. Мындай болгондо апийимден жарытып сүт чыкпай сызылган гана кара так болуп калат. Эми чөгөрө тилип койсо карды жарылып, экинчиси сүт чыкпай (чыкса да жарытпай) өлүп калат. Ошондуктан терең да, тайыз да эмес өзүнүн мөлчөрү менен тилиш керек. Көнүп алган адам кандай ыпылдатып ылдам тилсе да апийимге зыян келтирбейт. Бирок кожоюндарыбыз бизди урушуп, тилдеп жүрүп үйрөтүп салган. Тилгенди, кырганды билип калганбыз. Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүз, көбүнесе боюбуз жетпей апийимдин башын төмөн ийип келип, анан кесебиз. Ошентип жүрүп кай бирин сындырып коюп, далай тил укканбыз да.
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет. Көчкүн болсо куркуйган узун бойлуу, балчайган сары неме. Иттин анан көзү! Көзү бир көргөн кишиге укмуш эле. Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле. Бул көбүнчө Беккул экөөбүзгө ушундай болуп көрүнчү.
Күн бешимге таяп калган. Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды. Аны Көчкүн бир топтон кийин жоктоп, көзүн чоң ачып, акшыйып тура калып:
— Беккул кана? — деп барк этти.
Бир аздан кийин кайда экенин таап алып, жанына барып:
— Эмне жатасың? — деп ороңдоп бир тийди. Беккул жантайып жаткан бойдон ыңгыранып, жүрөгү айнып, кускусу келип турган немедей кабагын чытып:
— Башым тегеренип кетти,— деди.
— Атаңдын гана көрү... Жүр! — деп Көчкүн бир булкуп алып, биздин жаныбызга дегдеңдетип, сүйрөп келди да: — Амалын мунун! Силерди биз мында согумга сойгону алып келдик беле? —деп бир колунан кармап алып, жаакка коюп жиберчүдөй акшыйып, бир топко кекетип, тилдеп турду. Тилеке деген жигит ар жактан туруп:
— Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап. Жата берсин,— деди жоош гана.
— Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөтүп ичпесе киши суугуна тегеренип, жыгылып калат,— деген дагы бирөөнүн калыс үнү чыкты.
Күн аркан бою калганда:
— Эми калганын силер кесип келгиле,— деп Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүздү таштап коюп, калганы кете беришти. Айылчы кетип баратып, бизге сөөмөйүн көрсөтүп, эскертип койду:
— Жакшы кескиле. Эгер эртең көрчү болсок таарын-байсыңар...
Аны коштоп, Көчкүн дагы:
— Жакшы кеспесинчи анан, атаңдын көрүлөрдүн жөн эле көздөрүн өлүп алайын,— деди кетип баратып, кайрылып бизге карап. Ар күн ушул. Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү. Кээде биздин үстүбүздөн контрол кылып бирин коюп кетет.
Апийимди тилип болуп күн батарга жакын үйгө кайттык. Биз келсек, Солтонун үйүнүн жанында, бир бечара дунганды стражник алдына алып каарланып сөгүп турган экен. Бул стражник Кең-Суу, Сарытологой, Чоң-Таш элине түгөл маалим адам. Алдындагы ак боз атын кыргыздар алыстан тааныйт.
Эр өлтүрүп, күнөөлүү болгон немедей, башын жерге салып, муңайып отурган дуңганга олунуп, стражник:
— Үч күндөн берки алганыңдын баары кайда? Тап сволоч... — деди. Көчүгүн ээрден көтөрө түшүп обдулуп.
«Бул азапка кайдан туш болдум эле» деп, башкадан жардам сурагандай жалдырап, эки жагына бир карап алып, дуңган:
— Болсо аңтарып таап ал,— дегендей кылып, кынжылган түр менен көзүн ыкшыйтып, стражникке карады.
Дуңганды баса калып, мууздап жиберсе да эчтеме өнбөсү көрүнүп турат. Стражник, оозуна тийгени менен ылгабай сөгүп туруп, бир кезде колундагы кокозону керилип келип, жерге бир салды эле, кокозодогу апийим бол этип ыргып кетти.
Дуңган— барып турган бир бечара. Өзү мындан он беш жыл мурун Үрүмчүдөн бир байга жалданып чыккан экен, кийинки кездерде кожоюну Караколго келип, апийим айдап байып, апийимди артынып алып, өзү кайра тартат да, муну таштап кетет. Бул андан калгандан кийин ар кайда сандалып жүрүп, акырында Сарытологойго келип, эптеп жүрүп быйыл чейрекке жакын апийим айдап алган. Ушуга бел байлап, жолго каражат кылып, быйыл жериме кайтамбы деп жүрүүчү. Кытай жерине кайткан кишиге мындан бөлөк каражат өзү да жок эле. Ушул дуңгандын бирөө кеп сураса, адегенден эле «хатын, бала он беш жыл көргөн жок» деп баштачу.
Мынабу жерде менин боорум ачып кетти. Эгер ушу мүнөттө менин колумдан келсе, канча болсо берип, мынабу түксүйгөн, ырайымсыз, дүнүйөкөр, ачкөздөн бечара дуңганды бошотуп алышка, өзүмдү даяр эсебинде көрүп турдум. Он беш жылдан бери жердин түбүндө багаркөрөрү жок жетим калган катын-балдарын бир көрөмбү деген үмүт менен быйыл бир алакандай жер айдап, ала жаздай саргарып, багып келип, андан кырып алган беш кадак немесин алтындай сактап жүргөн байкуштукун акырында келип мынабу ач көз тартып алганы жатса кантип ичиң түтөт? Же бир элдей болуп байып, дүнүйө көбөйтөм деп жүргөн адам эмес. Барып турган бир бечара. Берегинде бешмантчан болуп, желденип, эки колун артына алып челкейип турган Ыбыкеге бечара дунган жалжал карап коёт. «Ушу мени бир коргоп, бирдеме деп койбос бекен» деп ойлойбу? Ыбыке антпейт. Дунгандын аянычтуу, кайгылуу тагдырына ушунчадан бир мен кайгырып тургандай болом.
Стражник баркылдап сөгүп, ат менен тепсетип, кам-чынын алдына алчудай бир эсе качырып барып, бир эсе кайра тартып турду да, бул жерден эчтеме өңбөсүнө көзү жеткен соң, бир убакта жалгыз дунганды алдына салып, кежигеден түртүп, айдап алып ары карай кетти.
Кожоюнубуздун катыны күндөгү убакта Кыдырма, Беккул мен үчөөбүздү отунга жумшап жиберди. Жолугбузда бир боз үйдүн жанынан өтүп баратып:
— Стражник жүрөт, баягыны каттыңар беле? — деп, күңкүлдөп жаткан бирөөнүн дабышын уктум.
Токой алыс эмес, күндө барып, отун алып жүргөн жер. Кайтканда күчтүү деп Кыдырманы жогору жагыбызга салып, Түптүн суусунан кол кармашып кечтик.
Биздин келишибизди күтүп тургандай, үйгө кеч кире келип көчүк баса элек жатсак Көчкүн:
— Жүргүлө,— деди өзүбүздөн мурун ордунан обдулуп калып...
Кайда алып барарын биле элек жатса да иштин түбүнө көзү жетип тургандай, Кыдырма:
— Кайда? — деди чарчаган түр менен кабагын чытып. Көнбөскө чара жок. Көчкүндүн жол башчылыгы менен бир ээсиз таш үйгө бардык. Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур. Ар кайда чачылып жаткан сокуларды көрсөтүп:
— Кана, бир-бирден алгыла! — деди Көчкүн.
Кезек-кезек:
— Күйшөгүлө, атаңдын көрүлөр! Жаныңар барбы!— деп бизди айдап-айдап коёт. Чабалыбыз Беккул. Ал сокбилекти араң эле көтөрүп таштайт. Ага Көчкүндүн ачуусу келип:
— Тамакты кандай ичесиң? Ошондой кыл,— деп сөөмөйүн Беккулдун көзүнө такады. Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду. Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:
— Кайсы атаңа барасың? — деп кекетип, колунан силкип, кайра кармап келди.
XIII
Бир күнү түшкө жакын апийимден келип, үйдүн жанында арыкка колумду жууп олтуруп, Байболотту көрдүм. Алдына мингени өзүнүн эзелки кашка айгыры. Бир жасоол айдап алыптыр. Экөө тең Ыбыкенин ак үйүнө келип түштү. Мында бир топтон бери пристав жаткан. Чоңкол да ушу чөйрөдө болучу. Пристав — баягыда Карпыктын үйүнүн жанындагы топтун ичинен мен көргөн ачуулуу пристав. Кыргыздын жайын жакшылап жаттаган!
Байболот атынан түшүп, үйгө киргиче мен аңырайып карап калдым да кирип кеткенден кийин ошондо жүгүрүп кирип бардым. Эшиктен кире берген жерден, төргө, үстөлдүн үстүндө мурутун чычайтып, сурданып, бир кагазды тикийип тиктеп отурган приставды көрдүм. Чоңкол бул жолу жок экен. Приставдын алдында, жерде, улуктун урматына кулдук уруп, жүгүрүп отурган кишилердей старчын, элүүбашы сыяктуу бир тобу отурат. Карабай бар. Мен кирип барганда бирөө:
— Жүр ары! — деди эле чегинип барып, эшиктин далдасына туруп калдым. Приставдын оң кол жагында, үстөлдө элден өзүнүн бөтөнчөлүгүн көрсөтүп тургандай, чалкалай тартып чиренип, Ыбыке отурат. Байболот кирип барганда, бул мурутунан күлүп, приставка карай:
— Таксыр, баягы тентегиңиз ушул,— деди.
Улук жалт карап алып, алдындагы кагазга сүйрөңдөтүп бирдемени жазып коюп, анан:
— Сен доңуздун баласы, элди эмне бүлдүрүп жүрөсүң? Айтчы, гана! — деп оң колу менен үстөлдү таяна түшүп адырая калды. Байболот жаман шапалагын бүктөй кармаган бойдон, боюн токтотуп, шашпай гана жай дабыш менен:
— Мен жазыктуу болсом, айбымды тартайын. Абалы күнөө кимде, ошону акыйкаттагыла!.. — деди.
Пристав бирдеме- дегени камданып келе жатканда Ыбыке:
— Старчындарды сабап списканы тартып алганыңды эмне дейсиң? — дей бергенде Байболот жулуп алгандай:
— Тартып алганым ырас. Буга бизден бөлөк элдин түгү коробойт экен. Солдатка кетсек, биз көрөт экенбиз. Эгер силер элдин чын камкору болсоңор, калыстыгыңар кайда? Ошол спискада байлардын, жакшылардын балдарынан кирген бирөө барбы? Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар. Байлар болсо, балдарын сатып алып калат экен, алардын ордуна түгү жок томояктар, биз кетет экенбиз. Эми кайда силердин калыстыгыңар деп суук жүзү менен Ыбыкеден көзүн алып, приставка карады. Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:
— Ит, чочко! Көрсөтөмүн сага!..— деген сыяктуулар менен далилсиз сөгүп, кур опузалап отурду.
Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени азыр мен эмне кылып жиберейин? — деди бир кезде.
Байболот жашыган жок. Кайта «эми тартынсам да, тартынбасам да баары бир» деген немедей, кайратына келип, чыйралып, приставдын көзүнө тике карап өзүнүн түсүн эркин бийлеп алып туруп, эми чындап жооп берди:
— Падышам адил дейсиң. Жерибизди оторлоп, бизди сураганына мына быйыл элүү жылдан ашкан экен. Ошондон бери биз эмнени көрбөдүк? Илгери Кокон каны сурап турганда да муну көргөн эмеспиз. Адеп келе сала жер-суубузду тартып алды. Жердин эң соорусун ырасийден көчүп келген мужуктарга алып берди. Анысына да көндүк. Ордубузду бошотуп, өзүбүз мындай чыга бердик. Эң аягында тоо-таштын арасындагы бирди жарым жерибизден өйдө тартып алып, өзүбүздү кууп чыгып, капчыгайга камады. Көрө турган күн, иче турган суубуздан ажырадык. Кыштообуздан айдап чыгып, оордубузга пасөлкө түштү. Биз бир теше жерге жетпей жүрсөк, мужуктар түтүнгө кырк элүү тешеден жер ээлеп жатты. Жерибизди сугарууга суу да тийбеди. Жадаганда ак кардуу мөңгүнүн арасын ыраа көрбөй, казыналык деп алып коюп, туяк кат алды. Бирди жарым-малыбызды да кеңири отко салбадык. Отунга барсак карагай башы кармап алып, өзүбүздү уруп, аркан жибибизди тартып алып, протокол кылып, айдап жиберет. Ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томаяк кылды. Ырамат, чыгым үчүн саап ичип отурган жалгыз уюбуздан өйдө саттык. Барга бардай, жокко жоктой түшпөдү. Жердин баарын басып жаткан көпөстөр менен, жалгыз үйлүү жардылар наликти бирдей тарттык. Улук-тардын ары-бери жүргөн чыгымы да биздин мойнубузда болду. Аны мөөнөтүндө таппай калсак түрмөгө камады. Ушулар аз келгенсип, акырында келип, бизден солдат алам дейт. Бу кайда эми падышаңдын адилеттиги? Бизге кайсы көрсөтүп койгон сыйына ошентет? Падыша өкмөтүнүн кылганы аз келгенси, бий, болуш, старчындар бир жактан чыгып, ээн жерде камаган карышкыр тобундай кара букараны эки жактап, ортого алып, соруп отурса — бул биздин күнүбүз эмне болот? Качанга чыдайбыз? Канткенде күн көрөбүз?
Бул жерге келгенде, приставдын сөзгө жыгылып калган белгиси сезилип калса да «бул иттерге сыр алдырбай, катуу туруш керек» дегендей болуп, ачууланып, түксүйүп, бардык күчүн сыртына жыйып турду.
— Эмесе сенин оюңча падышанын кылган иши терс экен го? Мындагы улуктар сага...— деди пристав, чычайган мурутун оң колу менен жанып калып.
— Улуктун адилеттиги ошобу. «Орус, кыргыз» деп, бирине-бирин кырды бычак жоо кылып коюп, тамаша-сына карап отурат. Поселконун жоон муштумдары биз бирдеме дей электе келип, ооз ачырбай баса калат. Эгип койгон эгинибизди тартып алат, чөбүбүздү чаап алат. Кокус бир малыбыз жерине түшсө бүтпөгөн доого калабыз. Бир малдын басып кеткен туягына бир кара төлөйбүз. Сотко кетебиз. Жолдон мал өтсө кармап алат. Ушуну кылып отурган улуктарыбыздын салыгын биз алардан артык тартпасак, кем тартпайбыз. Акыры аягында уруштагы солдатка керек деп, уй ичибиздеги буюмга налик салды. Аркан жибибизди, астыбызга салынган кийизибизди алды. Жадаса бутубузга кийип турган байпагыбыздан өйдө чечип бердик. Силер элдин камында жүргөн улук болсоңор, ушуларга эмне адилеттик кылбай-сыңар:
«Муну менен сөз жарыштырып, убакыт өткөрүүнүн кереги жок» дегендей пристав көзү тасырая түшүп:
— Бас үнүңдү! — деп анын сөзүн айтып бүтүрбөй муштуму менен столду коюп калып, ызырынып. Байболотко жай басып барды да кайтып, оң жагында турган пагону бар жигитине:
— Айдап барып кама, итти! — деп буйрук берип калды. Байболот анын алдына түшүп кетип баратканда, оюна жаңы бирдеме түшө калгандай аны кайра чакырып, токтотуп туруп, пристав:
— Сенин бабаңды таанытам мен азыр! «Солдатка барбайбыз деп айткыла» деп элди азгырып, сөз таратканыңды билесиңби? — деди кабагын түйүп туруп.
— Эл өзү билет. Бирок элдин баары көнүп отурган жери жок. Айтканыбыз айткан. Мурун айтылган сөздүн бир оозун кайтып албайбыз. Биз эми чыдагандан...—деп барып, ачуусу менен сөзүнүн аягын бүтпөй токтоду Байболот.
Пристав бардык үнү менен:
— Айдап кет, итти! — деп бир барк этти да, аны айдап жолго түшкөн соң артынан ачууланып, кекетип калды...
Ушундан он чакты күн өткөндө, мага бирөө бир кат окутту. Кат Байболоттон экен. Сөздү бирден эжелеп, көзүмдү үйрөнтүп барып анан окубасам, кандай кат болсо да жалган жерден шар кете албаймын. Менин багыма мынабу кат көп молдолордукундай табышмак эмес, колу жаман болсо да, даана жазылган кат экен. Эң мурун ичимден бир сыйра күбүрөп окуп чыктым. Кат мындай:
«Мен түрмөдө жатам. Арыз-арманымды угаар эч ким жок. Кыргызды бу жерде жан ордуна да санабайт. Пагону жаркылдаган полицалар бизди кеңсалардын ченине жолотпойт. Улуктарга жибербейт. Кыргыздын жакшылары болсо бий, болуш талашуудан, бирөөнү жакыны кылып жанына алып, бирөөнү кырына алып, кырсыгын тийгизип, пара жеп, кулкунун майлоодон бошобойт. Журтту кан-какшатып, ыйлатып, пара жеген киши бизде — эң мыкты адам болот деп үмүт эткендер ушулар. Анте албагандар — жарамсыз, колунан түк келбейт!.. Мына «мыктылар!» жер-суу болсо жылдан-жылга колдон кетип отуруп бүтүп барат. Алардын оюна бул кирип да чыкпайт. Ач арыктын абалына кароо, арыз муңуна кулак салуу, жердин камын ойлоо, элдин тагдырына кара-шуу дегендерди булар ойлоп да койбойт. Алардын бар максаты: жаат курап жайлоо талашуу, даражага жетүү, элге чыгым салып, зоболосун тийгизүү, кедейдин жыйырма коюн ашырып, жүз кылып, байдын миң коюн кемитип эки жүз кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчуккөнүн жасоолдорго, полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу... алардын бар ою ушул. Эми кызыл кулактарды, соодагерлерди ал. Кедейлерди бир жагынан жокчулукка учуратып, түгөтүп бараткандар ушулар эмеспи? Жайында бир сом берсе, күзүндө бир кой кылып алат. Бир маа-сылык тери берсе бир уй алат... Пара деген кыргыздын сөөгүнө жедеп сиңген. Парасыз кылдай иш бүтүрө албайсың. Судьяга бир арыз айтыш үчүн томаяктар жалгыз уюн сатат. Жакында Сатаркул үй-бүлөсү менен чубап, арыз берем деп Караколго келиптир. Көрүнүп турат эч кимден кайыр жок...»