← Узак жол 5/10

XV

Биз эки күндөн кийин Сарытологойго көчүп барып, элге кошулдук. Элдин баары тоо таянып конгон...

Бир күнү Каркырадан Караколду карай өтүп бараткан он бештей казак орус ушунда тие кетип, маңдайда атыш болду. Буга мергенчилерин алдыга салып, эркек аттуунун баары кеткен. Күн бешим болучу. Атылган мылтык үндөрү сайдагы айылга жазбай угулуп турат.

Ушунун кечинде:

— Жапа баласы менен окко учту,— деген кабар угулду.

Бу жолу кыргызда булкунган катуу күч — калың букара-кедей, батрак, орто чарбалар болуп, көтөрүлүш-түн тизгинин баштаган да ушулар эле. Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо, ушул окуя башталгандан тартып, бир бет алып кете албай, эки ортодо жалтактап калып, аягында калың букаранын күчүнө көзү жеткен соң, көпчүлүккө эрксиз баш ийип, элдин кур шарданында гана жүрүп калган эле. Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.

Элде тынчтык жок. Күндө бир жерге которулуп конобуз. Түн болсо эркек аттуунун баары айбалта, найзаларын кармап, бир жакты көздөй тартып беришет.

Бир күнү Бейшемби:

— Жоодон мал алып жаткандар көп болду... Мен эчтемеге тийгеним жок,— деп келди. Аныкын туура көрүп, Бурмаке:

— Албаганың жакшы, балакетиңди алайын! Бирөөнүкүнө кара санап кереги жок. Замандын түрү минтип турганда, кишиники эмес, өзүбүздүкү буюрарын кудай билет,— дейт.

Болуп жаткан окуялар тууралуу элде кулак элүү:

— Байсоорунду алып коюптур дейт.

— Саяк көтөрүлүп, бери карай көчүп калыптыр.

— Арык тукуму беш жүздөй кол курап, Караколго кириптир...

— Сарыбагыш эли кол курап, «урушабыз, качпасын» деп элди токтотуп жатат дейт.

— Саруу, Желдең, Кызыл сууга кирип, бир топ кыргын болуптур.

— Замандын шыйкы жаман. Элдин кача турган түрү бар.

— Кыргыз жеңилип калыптыр...

Ушундай алып качты сөздөр саат сайын, мүнөт сайын жаңылап угулуп жаткандай болот. Эл кимисине ишенерин билбейт. Ушунун артынан дагы бир күнү — «Пишпек менен Караколдун ортосундагы зым карагайларды жыгып, көпүрөлөргө өрт коюптур...» деген кабар угулду.

Арадан бир кыйла замандар өттү. Элдин түрү баштагыдай эмес, үй буюмдарын жеңилдетип, алганын алып, таштаганын таштап, камынып калган. Кээ бирөө дүнүйөсүн талаага таштап кетүүдөн кыйбай, салыкка салып жатып:

— Эми бул дүнүйө кимге буюрар дейсиң,— деп коёт.

— Залим падышанын кылганы!

Ушинтип эл ары-бери толкуп туруп күндөрдүн биринде четинен бузулуп-жарылып, көчүп да калды. Көчкөндө бүтүн эл түбүнөн көтөрүлө катуу толкугандай, жер бети шыкай толуп, камалышып, айдаган малдай каптап, эгин-тегин дебей тепсеп, кытайды карай бет алып, агып алып бир жөнөп берди дейсиң — «кудай», тирүү пендесине бербесин!.. Кээ бирөө жолду катар кетип баратып, ар кай жердеги бирин-серин байлардын зайымкелерине, бал челектерине, үйлөрүнө, эгин, чөптөрүнө чаап барып, от коюп, жалын асманга зуулап, чатырап күйүп, жердин бетин жоо тийгендей кылып, сыйпады да кетти. Ушулардын катары менен Башарин, Василий, Метрейдин үйжайларынан, бал челектеринен, үйүп койгон сары кыр чөптөрүнөн ыпын неме калбай күйүп, малдары жоонун алдына түшүп, Кызыл-Кыянын бети бүгүн жылас болду. Эл кумурскадай аралашып, чуркурап, ата-баладан адашып, ар бир уруу журт өзүнчө белги кылып, желегин асманга көтөрүп алды. Орулбаган эгиндер, чөптөр, ак сарай үйлөр күйүп, түтөп артта кала берди...

Мен Жолбун деген байдын тору тайын жайдак минип, коюн айдашып алгам. Башариндин кызыл бээсине сылай жүк жүктөп, анын үстүнө Беккул менен Эшпайды мингизип алдык. Бурмаке да бир бээге минип, эки баланы учкаштырып алган. Айтор, ушундай болуп жүк жүктөгөн унааларга экиден, үчтөн бөлүп учкашып чиркешип элден калбай эптеп, биз да жүрүп келебиз...

Эки күн дегенде Каркыранын башына келип түштүк. Бул жердеги Албан казагы алда качан жөңкүлүптүр. Шашканынан: ар кайсы журттарда чечилбеген үйлөр, казан-аяктар жатат. Ээсинен адашып калган иттер жүрөт. Деги дүнүйөгө кайрылган жан жок, эл өзөндөй агып, чыгышты карай кете берди.

Эми жолдогу бар жорукту терип кереги эмне, көчүп жүрүп отуруп, Каркыра, Туз, Капкак, Текес, Нарынкол деген жерлерди басып, кытай чек арасына да келип жеттик. Ушул кезде арттан сүрө түшкөн аскерлер да жакын калган. Мындан бир-эки күн мурун:

Кыргыздын бешиктеги баласынан өйдө дымын чыгарбай кырсын,— деп түркестан губернатору беш жүз солдат жибериптир,— деген каңшаар угулган. Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр. Бул кабар да жеткен. Балким ошолорбу, ким билсин!

Ушундай бирдеменин шек-шыбаасын билгендей, бүгүн элдин түрү да башкача болуп, көчтү таң заары менен жүктөгөн.- Шашке кез болучу.

Күн сурданып тумандап, чыкыроон тартып турган. Мелтиреген талааны каптаган көч кытайдын жерине өтө албай ары-бери толкуп, ийрилип турат...

Так ушул убакта арт жактан удаасы менен эки жолу күрсүлдөп замбирек атылды. Кай жерден атып жатканы маалым эмес. Баятан араң турган эл муну көргөн соң илгери карай дыр коюп жөнөй берди эле, чек арада турган кытай черүүлөрү (аскерлери) алдынан тарсылдатып аткылап дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады. Койлор мылтык үнүнөн чочуп, дыркырап кайра ачты. Эл кызарган өрттөй эки жоонун ортосунда калды! Калың көч уюлгуй түшүп, бир аз кидирип туруп булкунду эле, черүүлөр дагы жаңкыдаи жооп аларды. Тарсылдаган мылтык сүрүнө чыдай албай толкуган көч кайра жапырылды... Ошентип, бирде илгери карай каптап, бирде кайра тартып, уюлгуп, калый элдин тагдыры бир ууч болуп, акыр заман айланып турду.

Акебай эй! Мына мындан кыргын табат экенбиз дейт берегинде суру кетип турган бирөө.

Кетип калды!..— дешет.

Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды. Жаңкыдан жакын. Эл чуркурай түштү!..

Ошол кезде баятан бирөөнүн чегине батпай толкуп, тирешип турган калың журт «эми өлсөк да сенден өлөлү, сен өлтүр!» деп башын өлүмгө байлап, бардык күчүн жыйып бир таштагандай, черүүлөрдүн тарсылдатып, ок жаадырганына карабай калың көч, дүркүрөп каптап алып жүрүп берди. Ошол замат ээн жерде койго тийген ач бөрүдөй эми калмактар да чын оюнду баштады. Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү. Бара-бара тандап, малга, дүнүйөгө тойгондон кийин, көчтү аралап, сулуу кыздарды, келиндерди коштой качып кетип жатты. Муну көргөндөн кийин кыздарын жаман кийинтип, түрүн бузуп алгандар да болду.

Эл кара талашып алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң — эми мындагы кыргынды сураба! Чуркураган сансыз үндөр адамдыкы экенин, айбандыкы экенин айрып болбойт. Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жерде өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган... Эми кайсы бирин айталы! Кимди-ким билген заман. Өмүрдө түгөткүс бир жомок болуп жатты...

Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип:

— Кагылайын журт, жалгыз калып барам! — деп жоон топ көчкө жетип барды эле, эч ким кулак салбаган соң, сууга кирип бараткан бир жүгү бар өгүзгө барып жармаша кетти.

Мен Жолбундун коюн айдашып кийин калгамын. Өзүбүздүн көч кайда кеткенин билбеймин. Эл түгөл Музартты кечип, ары өйүзүнө чыкканда түн кирди. Эртеден кирген черүүлөр, калмактар али тынчытпай, элдин заманасын кууруп, таң аткыча тынчытпай жылкы тийип, жогору айдап барып, бир караңгы сайларга жыйнап жатты. Коктулар малга шыкай толуп, тетиги күңүрттөгөн караңгы терең сайларда үйүрүн издеп, чуркураган жылкылардын үнү түштөгүдөй создугуп угулуп турду-

— «Кызасыз кыямат жок» деген ушул. Илгери кыргыз да калмакты ушундай кылып бир чаап алганда «мунун эсеси кырк жылда кайтарылат» деп калган экен. Ошого быйыл кырк жыл...— деп бир кур карыялар кетип баратып, өзүнчө кобурап коёт.

— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?! — деп коюшат дагы бир катындар.

Эл Музарттан өтүп, жүрүп отуруп бир мейкин талаага келип токтоду. Бул убакта түн жарымы болуп калган. Аттын үстүндө башы шылкылдап бараткандар да мындан көп. Бакка жаңыдан учуп келип, жайланып жаткан таранчыдай, жандын баары кожурап, жүгүн түшүрүп, уук, керегелерин бузуп жагып, дароо казан асып жиберишти. Эл эки, үч күндөн бери казан асканы ушулдур! Көчтүн баш-аягына көз жетип болбойт.

Ошентип, эл бир аз тынчып баратты эле, бир кезде күтпөгөн жерден бир топ мылтык атылып калды. Баягы-дан бетер эл дагы чакчелекей түштү! Караңгыда эчтеме көрүнбөйт. Жандын үрөйүн алып, тарсылдатып, кирип келе жаткан черүүлөр экенин, же кууп келе жаткан аскер жетип калганын билип болбойт. Айтор эмнеси болсо да жандын баары чочуп, бүлүнүп, жаңы түшүрүп отурган жүктөрүн ашыгып кайра жүктөй баштады. Шашкан бойдон коломтодо жалбырттаган оттор жанган бойдон, асылуу казандар асылган бойдон жайнап кала берди. Бирине кайрылган жан жок.

Тарса-тур жаңкыдан күчөп кирип келди. Калың жоонун кучагына түшүп, кырылып бараткандай чуркураган эсепсиз үндөр эмне экенин адам түшүнбөй калды...

XVI

Көп болду. Кыш түшүп калган. Эл катуу кысылды. Малдын баары качып келе жатып жолдо бүттү. Падыша солдаттарынан кийин Кытай Калмактын куралдуу черүүлөрү чек арадан кезигип, эң акыркы малдарын ажыратып калды. Ак кардуу бийик ашууларда, күнсүз капчыгайларда калды. Кыямат кайым төрт жактан кысып, ач-арыктар чындап кысыла баштады. Бир табак данга катын-балдарын сатты. Ачарчылык залдарынан элди келте оорусу каптап, тунжурап, четинен кырыла баштады. Ата-баладан, бала энеден ажырады. Баягы баш аягына көз жетпеген сансыз көчтүн эми дайыны да жок. Кытай жерине келгенде чилдей тарады. Алды Үрүмчү, Жылдыз, Күчөргө чейин кетип, арты Чолок-Терек, Көк-Терек, Кулжа, Текестерде калды.

Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган.

Мына, берегинде көптөн адашкан жетим козудай сербейип, өмүрдө укпаган Көк-Теректи көздөй бет түзөп, көк жылгаяк муз басып, мынабу сур булут минип турган бийикте, жалгыз көч менен сандалып, биз да кетип барабыз. Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт.

— Кудай ай! Ак кар, көк музда чиедей жаш балдар менен эми кандай көргө алып барып тыгаар экенсиң! Кыш-күрөө бул...

Эзели кар өксүбөгөн бийик ашуу чаңыттап, аязы зыркырап күчөп алды. Калың бубак турган талдын баштары сынып кетчүдөй болуп ийилип турат. Бул чөйрөдө бизден башка мыдыр эткен жан жок. Батыш жакта гана бир тоонун арасынан үй өңдөнгөн бир-эки кара көрүнөт. Алыс. Мындан башка дүйнөдө тырс эткен неме көзгө илинбейт.

Элебес кызыл бээни жетелеп баратып, чыгыш жакты шыкырайып бир карап алды да:

— Бороон болбогой эле! — деди.

— Кудай, айланайын, жамандыгыңа ала көрбө! — дейт Бурмаке.

Агыяздан чыккандан кийин үч күндө Көк-Терекке жеттик. Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту. Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык. «Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы» дегендей каптаган он үч бүлөнүн токумдай алачыкка сыйба-сына ылаажы барбы! Башка түшсө ким көтөрбөйт. Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!

Көп өтпөй бу жердиктер менен үйүр алышып кеттик. Мурун «Кызай» десе «кандай эл болду» деп таңыркаар элек. Эми көрсөк адаты, тили, турмуш салты — казактан айырмасы жок.

Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен. Тоолору бийик. Ошондуктан кышында чөптү сырганактап ташыйт экен.

Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Ошондон зуулдап отуруп, сайга барып бир түшөт. Сайдан көтөрүп алып дагы жогору чыгат.

«Сырганактап» деп ушуну айтат экен. Ушул зоолордон чөп ташып жүрүп, мен да далай сырганак көрдүм.

Бир күнү Дөөлөтбактын баласы — Нуржан экөөбүз келдик. Мындан мурун сырганак көрө элекмин. Үймөк карагайдын арасында экен. Чактап таң десем болбой жатып, мага чоң көтөртүп коюп, бийиктин башына араң жеттим. Сыргалай турган жерге келгенде Нуржан мени алдыга салмак болду. Буга мен салгандан көнө койбой:

— Мунуңду билбеймин, абалы өзүң жүр,— дедим. Ал чөбүн жерге коюп, менин жаныма басып келди да тааныбай жаткан кишидей эңкейип, бетиме карап туруп:

— Ой! Өлсөң кунуңду берейин. Жүр, түш алдыга!— деди. Бул сүйлөгөн сайын карагайдын арасы тилин туурагандай чаңкылдап, тең унчугуп турду.

Бул алдыга түшкөндөн эмне тартынат деп ойлоп, мен кол тырмоочумду мыктап, жиптин учун бышыктап кармап алдым да чөпмөбүм менен бийиктен өзүмдү коё бердим. Зыркырап кетип баратып, бир кезде көчүгүмдөн сыз өтүп кеткен соң, сунуп жиберген бутумду бүгүп алайын десем, учу кайрылып калып күүлөнгөн бойдон барып оңкомон түштүм. Андан оңоло бергенче болбой, артымдан зуулдап келе жаткан Нуржан коюп өтүп, эки-үч ала салып кеттим.

-----------------------------

Бир күнү Бейшемби мага бир кат алып келип окутту. Ошол күнү бир жакка барып келген. Катты мен окуй электен мурун анын маанисин ал Элебеске түшүндүрүп:

— Арыз. Эртең ушуну Кулжага берип жиберебиз,— деди. Кат үч барак кагазга жазылып, бир бетине жалаң кол коюлган. Бери болгондо эки жүз адамдын колу бар. Печет басылыптыр. Аягына коюлган колдорун киши тааный турган эмес. Каттын өзүн да кыйналып жатып араң аягына чыктым. Кээ бир ариптерин ажырата албай, бир сөзгө көпкө токтой берип, сөздүн маанисин кемитип алып «ошол жерин кайра окучу» дегизип отурдум.

Кат мындай жазылган.

«Орусиянын Кулжадагы Консулунун атына, Пржеваль үйөзүнүн кыргыздарынын суранычы.

Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Келгендердин көбү Кара Букара кедейлер. Жетим-жесирлер. Суранаарыбыз төмөнкүдөй: падыша өкмөтү биздин жерибизди, суубузду тартып алып, өзүбүздү тоого-ташка кууп чыкты. Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Жадаганда от жагуу да кыйын болду. Бир түп карагайдын баасы он эсе кымбаттап, уч сомдон он беш сомго жетти. Белетти бир жылда эки жолу ал деп күчтөдү. Кедейлер муну кылууга колунан келе албады. Эгер бир түп карагай кыйсак, карагай башы он түп карагайга пиртөкөл жасады. Ар бир болуш жылына бир нече миң сом штраф төлөп отурду. Ошондо да колунда барлар төлөп, эчтемеси жок кедейлер түрмөгө камалды. Урушка жардам бер деп буйрук этти, биз буга беш жолу жардам бердик. Үй ичибиздеги кийим ,кечек, жипшуубуздан өөдө бердик. Тигип отурган үйүбүздү алды. Жылына бере турган эки налогдон башка түтүн башына дагы беш сомдон салык салып отурду. Гүбурнатордун буйругу боюнча бизге апийим айдатып, бир кадак апийимге он эки сомдон такси койду. Эгер муну башка жакка сатсак, төрт айдан түрмө кесип же болбосо беш жүз сомдон штраф салды. Мындан биз зыяндан башканы көргөнүбүз жок. Эң аягында келип, өзүнүн убадасын унутуп, он тогуздан отуз бир жашка чейин урушка барып, ор казууга киши бересиң деп буйрук чыгарды. Эл муну көргөндөн кийин солдатка алат экен деп түшүндү. Бу да биздин мойнубузга түштү. Кыргыздын эл билермандары өзүлөрүнүн балдарын, тукум журттарын спискеге кийирген жок. Байлар болсо сатып алып калды. Биздин он жети жаштагыбызды он тогуз кылып, кырктагыны отуз кылып каттап берди. Биз буга нааразылыгыбызды билдирсек, четинен түрмөгө камады. Анда жаткандарды атып, аса баштады. Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер кабарды жаман деп угузду, ал атып өлтүрүп жатат деди. Мына ушундай катуу кабарларды уккандан кийин бизден тукум койбойт экен деп чочуп, кытай жерине карай тартып бердик. Жолдо катар кезиккен паселкөлөр бизди тосуп туруп, мылтыктын алдына алды. Арттан аскер түшүп, бизди койдой кырды. Мал жаныбыздын көбү Текестин оюнда Музарттын суусунда калды. Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Азыр биздин үй-жайыбыз, тамак-ашыбыз жок, бир татым тузубуз жок, кыш-күрөө болсо кирип келди. Ачарыкпыз. Абалыбыз кыйынга түштү. Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз. Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыздар болбос бекен? Колубузду коюп, печет бастык».

Каттын сөзү ушул. Мунун натыйжасын бир айдан кийин уктук. Консулдан ракым болбоптур.

XVII

Бул жердеги Кызайлардан мен барбаган үй жок. Бизде тамак тартыш, ошондуктан түн кирди болду, салып жүрө берем.

Бул жөнүндө менин бир адисим бар эле. Ал болсо үйлөргө кирбей туруп, абалы сырттан шыкаалап, ичин байкап алуу. Мындай кылганда менин келечегим белгилүү болот, анткени кайсыдан соң кайсы үйдүкү бышарын жаңылбай белгилеп алып, баарынан кур калбай биринен сала биринин үстүнөн чыгып отуруш керек.

Бирок кээде жаздым болжоп коюп, өзүм зыян тарткан жерлерим да бар. Булардын бир жаман жери: отко бир-эки чычала салып коюп, ошону менен жарым түнгө чейин болсо да бүлкүлдөтүп отура беришет. Жумушун кылып, чөбүн ташышып берген үйлөрүмдөн күтүп отуруп тамак ичип кетишти өзүм парыз көрчүмүн.

Жаңкыдай амал курам деп жүрүп, капилеттен бир күнү карматып салганым да бар. Күндөгү кесибим боюнча бир күнү Бызаубак дегендин үйүнөн шыкаалап жатсам, ары жактан бирөө караңдап басып келип:

— Нагып жүрсиң, ай? — деди, Мен шашып калып:

— Эчтеме...— дедим да мындан бөлөк сөз таппай, тилим күрмөлүп, жылып жүрө бердим.

Даулетбактын Нуржандан кичүү баласы тентек эле. Кээде дөңгө чыгып алып биздин жаман алачыкты эрмектеп чамгарактан таш ыргытчу. Бир күнү мен тоодон отун көтөрүп келсем Бурмаке:

— «Мышыкка оюн, чычканга өлүм» деп, мындагы журтту да жан деп жараткандыр. Бизди шылдыңдаганды кудай шылдыңдап калсын!..— деп күңкүлдөп сүйлөнүп отуруптур. Жаңкы баланын чамгарактан ыргыткан ташы төшөктө жаткан Ашымкандын бетине келип тийген экен. Ал бир топтон бери оору болучу. Кыңылдап ыйлап жатат. Баятан бери бир суу талды быкшытып, туш-туштан жабылып үйлөп, күйгүзө албай отурабыз. Көк түтүн колкобузду атып, коюн-кончту ороп, түндүктөн чыкпай быкшып, кайра каптайт. Элебес оозун желге толтуруп алып, күрүлдөтүп үйлөп-үйлөп койду да кайтып күйбөгөнүнө ызаланып:

— Толгон отундан таап келгениң ушубу? — деп түтүнгө какап, мага карады.

Ушу күнү кайдан бир күтпөгөн жерден Карпыктын уулу Исрайил келип калды. Кыргыз аттууну көрбөгөнүбүз көп болгон. Берегинин өңү алда немедей учурайт.

— Эл-журтту киши сагынат экен. Капырай чын эле Бейшембисиңби ой! — деди жалактап кирип келип, Бейшемби экөө теңтуш эле.

Бул элди сагынып, атайы бизге учурашканы келген сыяктанып көрүнсө да, максаты бөлөк экени кечикпей маалым болду. Көк Терек өрөөнүндөгү Эрке Сары тукумуна Ыбыке чыгым салыптыр. Ысрайилдин келгени ушул экен. Бирок Ысрайил аны салган жерден «чыгым» деп түшүндүргөн жок: «агайынтуугандык менен... ынтымак кошуп...» дегендей кылып жасап айтты.

— Эгер биз өлүп жатсак, ошончо жерден издеп келбес элеңер ээ? — деди Бейшемби.

— Неге? Агайын-тууганын да киши кыябы?

— Туугандын кылары ошол болсо, туугандан да кечтим. Биз өлсөк эл көмүшпөй эле койдун!

— Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып бул эмнеси? Айтор жакшылардан көргө кирмейинче кутулбайт экенбиз го!..— деп Бурмаке чыкты.

Бир топ ойлонуп калып Бейшемби:

— Мурун чыдап келгенибиз да жетет. Баарын отоп болуп эми төшөк орунчубузду сатабызбы? Мени тооругандан көрө, мына мынча жетимди багып отурганыма кубанса болбойбу. Жакшыларыңа айта бар. Эми биздин жон терибизди сыйрыбасын. Ыбыкенин ою менен боло бергендей анын эми баягы заманы жоктур...— деди.

— Антпе, агайын-туугандын баары көнүп олтурган-да, жеке сенин ынтымактан чыкканың болбос...

— Көнгөн эл көнө берсин. Мен агайындыктан да, ынтымактан да эрте чыккан киши болчумун. Кайра-кайра бизге эмне кызыга бересиңер?—деди Бейшемби.

Ушул кезде биздин жаргылчакка талкан тартам деп, төмөн жактан бир катын келди. Бул качан болсо балдардан кызганып, талканын тышка тартуучу. Эми да ошол ою менен арпасын тышка коюп, үйгө кирип, жаргылчакты алып чыгайын дегенче болбой Эшпай аңдып туруп көр чеңгели менен табакта буудайдан аткып алып, үйдү айлана берди. Тапкан олжосун жанынан артык көрүп уучунан жулуп чыгып кетчүдөй калтыраган колу менен четке качырып барып, бурдугуп өлүп барат.

«Кудай» билет, Эшпай ошондо колундагы бир ууч буудайын дүйнөдө эч нерсеге «алмашпас» эле деп ойлойм. Анысын жегенден кийин эмки жолу билмексен киши болуп, көрүнөө келип уучтайын деп бара жатканда өзүн капканы келе жаткан итке тап бергендей, катын:

— Кой ары! — деп колу менен жазгап жиберди. Ысрайыл аттанып кетти.

Ушул кездерде элдин чыгымын тартмак турсун, өз жаныбызды багуу кыйынга түшүп турган. Анын үстүнө «черүүлөр чыгып, качкындарды кайра айдайт экен» деген каңшаарлар угула коюп, «кыштын кыраан чилдесинде кызыл чиедей, жылаңач балдар менен эмне күнгө түшөөр экенбиз» деп чочуп турганбыз.

Ушинтип жаткандын тушунда, бир күнү Алмакандан улуу эжем — Чүкөй эринен качып келди. Түн ортосу чен эле. Бир кезде:

— Тур, отко күйдүң! — деген Бурмакенин дабышы менен ойгонуп кетип, карасам ошол турат. Мен жылуу болот деп, күндө коломтонун жанына додолоп койгон күлдү жазданып жатчумун. Туруп, оттун жанын бошото бердим.

Мына, Чүкөй менен азыр он төрт бүлө болдук! Бизди жыргап отурат деп келди бекен? Бирок мунун кайненеси башынан өч болучу. Күн көрсөтчү эмес. Аны башынан билебиз. Кантсин байкуш, жедеп сөөгүнөн өткөн соң амалсыз, бизди пааналап келсе керек.

***

Жаз келер замат кыштай мекен эткен жерибиз менен коштошуп, жөөжалаңдап кайра көчүн жөнөдүк. Бул жолу мурунку келген жакка түшпөй, Кулжа бетине салдык. Бар унаабыз экөө. Бири баягы Башариндин чоң кызыл бээси. Экөө тең тырбыйган арык.

Бүгүн бир ээн жерде кетип баратсак, черүүбү айтор мылтыкчан бирдемеси алдыбыздан чыгып жүк жүктөп бараткан тору атты минем деп, көчтү токтотуп туруп алды. Өзү салпайган бир болумсуз неме. Калмак экен. Тилин билбесек да оюна түшүнүп турабыз. Ырайымы түшүп кетчүдөн бетер жалпак тилге салып жалынган болобуз. Унаалардын бели талып кетти. Ал минем дейт, биз таштап кет деп асылабыз. Болбойт. Жедеп айла кеткенде Бейшемби жанынан он сомчо сууруп берди эле, «баятан берки менин тилегим да ушул болчу»,— дегендей, жаңкы неме бизди таштай берип жөнөп кетти.

Андан кутулуп, бир топ узагандан кийин, Элебес:

— Э ботом, акчаны жаңкыга эмне бердиң! — деди.

— Бербесек каран калганы турбайбызбы? Артынан барып алып келгидей дарман турабы? — деди Бейшемби.

Көк-Теректен чыккандан тартып, төрт күн тынбай көчтүк. Суу-Ашуу деген ашууга түшкөнбүз. Мунун баш-аягы жакшы жүргөндө сегиз күндүк жол дейт. Али биз теңине келбедик.

Бир күнү көч үстүндө куландан соо кетип баратып, бир убакта кызыл бээ шылк этип кулап түштү. Элсиз талаа болучу. Чочуп кеттик. Үстүндөгү жүгүн алып жибергиче болбой, акыркы дарманы менен арткы аяктарын бир эки серпип алды да бир демде өлүп кетти...

Өмүрдө көч үстүнөн өлүм бербесин! Бул бизге чоң кайгы болду. Анын жүгүн бөлүшүп көтөрүп алдык. Мага жаргылчактын бир бети тийди. Ушундан ары мен андан кутулган жокмун.

Кечинде бир элсиз сайга келип конгон элек. Эртеси кар жаап көчө албай калдык. Эртең менен чаңыт жарма жасап, ичип отурабыз. Он төрт кишинин ортосунда үч аяк бар. Кезек күтөбүз. Мага келе жаткан аяк кап-ортосунан эле, колума тийгенде карасак чандырына чыга түштү. Билем, аяк сунган адам бир четин өз жагына баса кармаса толтурадай көрүнөт.

Күндөн-күнгө «тамак» кыйындап баратканын кеп уруп отуруп Бурмаке:

— Кантет элеңер, барда бардай, жокто жоктой ичүү-чү. Эптеп өлбөй Көлгө жетсек болду...— деп бизди жубаткан болуп отурат. Анда Элебес:

— Заманыңарга таарынгыла, бизге таарынмак белеңер! — деп сөз кезеги келбеген жерден кошулуп, адатынча мурчуюп, тескери карап кетти.

Балдарда күн жок. Бирин-бири көпсүнтүп, тырмактай немени кыртышы сүйбөй, териси тарып кеткен сыяктуу. Эч кимдин кылдай нерсеге көтөрүмү жок. Мындай кездерде «ары турчу, бутуңду тартчы» деген сыяктуу сөздөр кычап кетет. Баарынан да Бекдайырды кара, өмүрүндө бир жымыйып күлбөгөндөй үңүрөйгөн терең көзү жашылданып, алдына бирөө бирдеме таштай салса бакырып барып, баса калчудай болуп отурат. Чөйчөктү бөксө куйдуң деп, баятан бери таарынып, ашына албай отурганын көрүп Бурмаке:

— Тиги каапырга кичине тамызып койчу,— деди эле Жанымжан булкунуп барып, тунуп, көгөрүп турган жарманын үстүнөн сузумуш болуп:

— Ок көзүң челейгир, ме! — деп кекетип, Бекдайырдын чөйчөгүнө куйган болду. Анын артынан:

— Өлүгүңдү көрөйүн, ушулардын жаны деле иттен бек! Кашайган кудай буларды кандай көрбөйт!..— деп каргап-шилеп жиберди. Бекдайырдын капшабы менен бул каргыш баарыбызга тең тийип кеткендей болду.

Ушул убакта жолдо өтүп бараткан бир казак катын кирди. Колунда бир баштыгы бар, түбүндө томпойгон бирдемеси жүрөт. Жарыган неме эмес. Ачыккан адамдын түсү. Тура түшүп, мунун артынан жана бир жигит кирип келди. Бул келгенден кийин, бир аз туруп жаңкы катын чыгып кетти. Анын артынан кечикпей жигит да жөнөдү.

Ушулар кеткенден кийин аз туруп ары төмөн жактан бир кокуйлаган дабыш чаң этти. Муну уга коюп, Бейшемби тышка чыкты. Тыш алай-дүлөй туман, эч нерсе көрүнбөйт. Бейшемби чыгаары менен дабыш чыккан жакты көздөй:

— Ой эмне? — деп кыйкырык салды эле:

— Мынаны карачы акетай! — деп көрүнбөгөн бирөө жооп берди. Үн аялдыкы. Ошондо Бейшемби:

— Ой жолуң болгур! Ошонукун тартып жегенден көрө өлгөнүң жакшы эмеспи?! — деди, катуу дабыш менен караңгы тумандын ичинде баркылдап.

Жаңкылар экен. Баягы катын чыгып баратканда анын колундагы баштыгын жигит көрүп калган экен. Аны менен удаа чыгып кеткен себеби да ошол окшойт. Артынан жете барып, катындын баштыгындагы бирдемесин тартып жеген жатыптыр. Бейшемби жаңкыдай деп кыйкыргандан кийин, үн өчүп калды.

Биз бу жерден көчкөндөн кийин, эки күн дегенде Кара-Үңкүргө келдик. Суу-Ашуунуң орто чени. Кара-Үңкүр дегени кеминде бир короолуу кой баткыдай зоонун түбүнө бир эни-чени жок, калдайган чоң кара таш. Бир жагынан өзгө тарабынын баары туюкталып, орто жери кол менен жасалгандай кайкайып барып, экинчи жагына арта салынып, салаңдап турат. Атам заманынан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө. Кар бубактап жаап турган. Биздин алдыбызда гана келип түшүп жаткан он-он беш эшектүү кашкарлыктардын үстүнө камала-самала кирип барып, үңкүрдүн бир четине алачыкты шоңшойто койдук. Биз конуп жайланып жаткан кезде, аттарынын жүнү жылтылдаган үч киши келип биздин «үйгө» түштү. Бүгүн бул үңкүрдө биздикинен бөлөк үй өзү да жок. Кытайдын улуктары экен. Кулжа тараптан чыгышкан окшойт. Ашуунун жан чыдагыс аязында мына мындай топучан жүргөн адаттарына таң каласың.

Көп бүлө тыгылып-сыгылып, эшикти карай ыктап, тар алачыктын төрүн үчөөнө бошото бердик. Өзүбүздү коё туруп, булар үчүн казанга чай койдук. Кийим порумуна караганда чоңу мынабу мурдун кыпчып койгондой, таноосу тар, көзү кыйпыйган, чап жаак, кара сур неме болсо керек. Экөөнүн жанында бир уйгур тилмечи бар.

Жатаарда улук, тилмечине бирдеме деп койду эле, ал:

— «Аттар жоголсо сен төлөйсүң» дейт,— деди үйдүн ээси ушу го дегендей Бейшембиге карап. Ошентсе да Бейшемби боюн токтотуп:

— Жоголо койбос,— деди камаарабаган кишидей. Бирок бул сөздү уккандан кийин, Бейшемби таң аткыча какыйып, аттарды кайтарып чыкты.

Эртеси алар ары, биз бери жөнөгөнү жатсак, тилмеч улугунун дагы бир буйругун жарыялады.

— Сен Чолок-Терекке чейин бизди жеткиресиң дейт,— деди тилмеч.

Бейшемби ары айтып, бери айтып келип, тырбыйган эки жылкыдан башка мал жоктугун, алар улукту көтөрүп жеткире албай тургандыгын, өзүбүз ач талааны кезип, кызыл чиедей жаш балдар менен кылчылдаган ашууда жөө чубап, тамаксыз, күчсүз кырыла жаздап, кур жаныбыз келе жаткандыгын айтты. Аягында:

— Мына улугуңузга биздин жайды ушундай деп түшүндүрүңүз... Бечараны аяңыздар,— деди.

Тилмеч Бейшембинин сөзүн кытайчага которуп берди. Артынан улугунун сөзүн угуп алып тилмеч дагы:

— Аныңды билбейбиз. Кандай кылсаң да жеткиресиз дейт! — деди.

— Мен жеткиргидей алым болсо көрүп турасыңар го. Улук киши бечаранын алына карабайт бекен? — деп калды Бейшемби, бир эсе тилмечке жалдырап.

Булар ушинтип көчтү көпкө токтотуп, эрмектеп турду да, оюна бирдеме түштүбү, жок бир себеп мененби айтор, бир кезде үчөө тең аттанып алып жүрүп кетти. Алар жөнөп мындай узай берери менен баятан демин чыгарбай муунтуп коюп, эми чечип жибергендей «ох» де, кеңири бир дем алып Бурмаке:

— А кудай, айланайын, жетимдердин биртике ырыскысы бар экен,— деди.

Жолубузду тарта бердик...

Суу-Ашуунун башына жакындаганда, Чүкөй эжемди бир Кызайга сатып жибердик. Андан бир уй алдык. Минтпесек өлүмгө таяп калгандай учурга жетип калганбыз. Ушуну менен кытай жеринде мени менен уялаш эки эжем калды. Мындан улуусу — Батыйма деген эжем да Кытайга баргандан кийин, мурунку Көлдө экенде берген күйөөсүнөн качып баратып, жолдо бир дуңганга кармалып кетиптир деп укканбыз. Кай жерде экени маалым эмес. Бирок алган дуңганы Карашаар деген жерге алып кетиптир деген кабар бар эле. Өлүптүр деп да угулган.