VIII
Мал көккө тоюп калган кез. Төрт-беш түтүн жолчулар кыштагынан ташынып, илгерки жайытына барып конгон. Бир Карпыктыкынан башкасы чогуу бир жерде.
Карпык — Кызыл-Кыядагы элдин байы, башынан ушунда байыган адам. Жаз болсо дайым элден бөлүнүп, жалгыздап барып конуучу. Жолчулар менен мурунтан ынтымак кошуп көргөн жан эмес. Карпыктын өзү кырк-тын ары жагына кеткен, чокчо көк-ала сакал, көзүнүн ары жагынан арамдыгы көрүнүп турган сүйкүмсүз, түксүйгөн сары киши. Түсүнө караганда «адамга жакшылыгы жок» деп жоругудай неме. Эл муну «ач көз Карпык» дейт. «Кымызын элден кызганып барып ошондой конот» дешчү. Бир эсептен элдин айтаары да жөн эле. Өзү элден обочо конуп, бээлерин байлап салып, күндө эки чанач кымызды артынып алып, ары түштүк жерге, Каркыра жарманкесине сатып келүүчү.
Кезек-кезек Карпыктыкынан кымыз ичебиз деп барган жолчунун катындары:
— Капыр, ырымың кургур, жаңкы, мисирейген кемпири качан болсо чыныга куят,— деп келишчү.
Деги чанда бир болбосо мында көп баруучу да эмес. Кызыл-Кыяга келген бий, болуш, улук, жасоолдор гана ушунукунда болучу.
Бул тура турсун.
Бир күнү эртең менен бирөө төмөнтөн түрсүлдөтүп, биздики жакка бастырып келди да:
— Элебес, барсыңбы? — деп үн салды.
— Бар.
— Эмесе бүгүн бир киши бер!
— Эмнеге?
— Чоңкол келет экен. Жол оңдотот дейт. Төмөн жакта жөн эле кыйратып келе жатат.
— Эмне болуп?
— Караколдон улук өтөт экен. Бол тез! — деп, атчан калганын айтпай бастырып кетти.
— «Чоңкол» деп укканда Элебестин мурунтан үшүгөн жүрөгү зырп эте түшкөндөй болду. Өзү сыр бермек-сен болсо да, түсү көрсөтүп турат.
«Чоңкол» — кыргыздын коюп алган аты. «Чоңкол», «стражник» дегенди коюп эле, кийин, «Чоңкол» деп кеткен. Чоңкол десе бүтүн Каракол үйөзүнүн жаш баласына чейин билет. Аның Чоңкол десе, Чоңкол эле чиркин: эки колу токмоктой болуп, чүйлүсү казыдай буртуйган, муруту чычайып, көзү кутурган иттей кыпкызыл, сүрдүү келген, очойгон чоң орус эле. Бирок бул жеке колу чоңдугунан эмес, элди, көптү урганынан «Чоңкол» аталган.
Күн шашкеге көтөрүлүп калган. Бурмаке бир кезде:
— Кокуй, Элебес, Чоңкол келип калыптыр! — деп, териге ашаткы төккөн аякты боз-ала кылып кармаган бойдон бөкчөңдөп, ашыга кирип келди. Үйдөн көрүп турабыз. Топ Карпыктын үйүнүн жанына жыйналып жатат. Элдин ичинде Чоңкол жана бир топ жасоол, элүүбашы, старчын сыяктуулар жүрөт.
Чоңкол ачуусун сыртына жыйнап, каарданып, элди аралап, сөгүп жүрөт. Бир кезде:
— Сенин кишилериң кана? — деп бирөөнө кекетип, омуроолоп келди.
Бул Тогузбай айлынын старчыны эле. Колун сермеп, бирдеме деп жооп берген болуп жатат. Ага болбоду, Чоңкол акем атчан туруп, жогору болуп, кериле түшүп, басып-басып жиберди да аны таштап коюп, ошол замат жана бирине жетти. Арачалаар жан жок, таяк жегендер эринен качкан катындай корголоп, башын качырып жүрөт.
Элебес үйдүн ичинде жыртыктан шыкаалап турган. Бир кезде жыртыктан мындай болуп, мага карады да:
— Сен барчы,— деди.
Мен барып, жеткен кезде Чоңкол жыйналган топту койдой айдап жөнөп калган. Эл ошондон эле даңгыр жолго түшүп, жолдун ташын терип, кетмен, күрөктөрүн сүйрөп, жол оңдоп кирди. Жайпап жүрүп отуруп, Кызыл-Кыянын так түбүнө келгенде, эл ушунда убадалаш-кандай туш-туштан агып, жыйналып бир берди дейсиң... Пай-пай, бүтүн бир үйөзгө караган жан калган эмеспи, кандай.
Арытан шыдыр келип, ушу жерге жеткенде көпкө токтотту. Аңырайган, суу жеген аңдарды толтура албай түшкө чейин буйдалдык. Тыным алуу деген жок, Чоңкол сырттан багып, аңдып жүрөт. Бирөөнүн баш көтөргөнүн көрсө кутурган карышкыр тийгендей кылат. Торгойакун экөөбүз жүгүрүп, этегибиз менен топурак ташып жүрөбүз. Бирөөлөр: «баш көтөрбө, Чоңкол карап турат» деп коёт бири-бирине. Бир жерде чымды бырт-бырт сайып жатса, эми бир жерде сом темирлер чакылдап, төөдөй таштарды кулатып жатат.
Ушул убакта Чоңкол атын баса бир камчылап алды да топтун ичинен бирөөнү көздөп качырып калгандай болду. Эл жарыла берди. Ошондоң качырып барып, элДин ортороок ченинде бешмантчан, чыкыйып турган бир кызыл жигитти, токмоктой колундагы муздай камчы менен басып-басып алды. Жигит сынып бараткан чыбык-тай кайкалай түшүп, мындай качып чыга берди. Эл аны көргөн соң, күрөктү баса-баса сайып тез кыймылдап, жабар-жубур болуп, заматта тириле түштү.
Бул унуткарылып калган кезде, биздин этегибизге топурак салып берип турган жигит, чым сайып жатып, жанындагыга кыйгачынан карап коюп:
— Жармадан бир кылт этип алсак кантет? — деди астыртан шыбырап.
— Саатыңды кой айланайын! Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки.
Чоңкол элди ылдамдатып, айдап салды да өзү береги бир эл тегиз көрүнө турган дөңгө түшүп алып, атын бирөөгө карматып коюп, тамак ичмек болду. Эки киши таманы жерге тийбей эбелектеп, жагынып, тамак ташып жүрөт. Өзү кыргыздын тамагына көнүп .алган. Алдына килкилдеген козунун эти, кымыз, боорсок дебей жайнап келди. Жалгыз өзү тарпка конгон жорудай ээн-жайлап отуруп алып, элди карап, мурутун кайра сылап коюп, ширин тамактарга оозун агытып жатат. Мен топурак ташып жүрүп, көзүмдүн кыйыгы менен карап коём. Чоңколдун алдында жайнап турган тамактарды көрүп жана кызыктырып жеп жатканына чыдабай шилекейим түшүп кетти.
Бешимде Кызыл-Кыянын ары бетин аштык. Бул жакта көп анчалык аң, суу жеген жерлер жок экен. Ошондуктан жолдун ташын гана терип, илгери карай шыдыр жүрүп келебиз. Торгойакун экөөбүз жыңайлак элек, ушул жерге келгенде ташыркап, жадап калдык. Таманыбыз ысып, жерди көргүсү келбейт. Эми мындан ары сүйрөбөсө жүрө алар эмеспиз. Качалы деп акыл кыл.
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду. Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык. Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик. Эл көрүнбөй калган. Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.
Ошондон чыгып, күн батаарда Кызыл-Кыянын бери бетине араң эңкейдик. Жолду ката калдырап бараткан киречилер. «Соп-соп» деп кыйкырык-сүрөөн менен кыядан чыга албай жаткан өгүз арабалар...
Ал күнү үйгө жетпей, Кызыл-Кыянын түбүндө бир тааныш үйгө конууга туура келди. Эртеси мындан чыгып келе жатып, жолдо Бабайдыкына (орус Абышканыкына) тие кетейин деген ой менен мен барып, так жумуш-тун үстүнөн чыктым. Бабайдын кемпири короосун күрөп жатыптыр. Мындай учурлар көп туш келе бербейт! Кубанып кеттим. Жумушту көргөн соң баатыр болуп, түз эле короого шып кирип бардым эле, алы кетип, калжырап турган кемпир, оюмду түшүнө койгондой күрөгүн мага бере салды. Ал кыргызча, мен орусча жалгыз ооз билбесем да, бири-бирибиздин оюбузду башынан түшүнөбүз. Кем болгондо бир жумадан бери жыйналып жаткан малдын тезегин күрөп болуп, кардымды кампыйтып, көңүлүмдү жайлап алдым да, жалган түштө үйдү карай жол тарттым...
IX
Кызыл-Кыя — тогуз жолдун тоому. Чыгыш жагы — Каркыра, Жаркент, бери жагы — Каракол, Ысык-Көл. Ошондуктан кайдагы жем издеген Чоңколдой стражник, пристав, песир, бий, болуш дебей кезек-кезек ушундай жыйналып, баш кошуп алып жемге тоюп жата беришчү. Андан башка дагы, дайым ушул арада жүргөн, жол тоскон он, он беш жасоолдор бар. Булар кадимки болуштун жасоолу эмес, эки ийнинде жаркылдаган пагону бар, шарактатып кылыч асынган, кызыл тебетей жасоолдор... Муну «Кеңсалар жасоолу» дейт. «Кызыл чок» деп да аталуучу. Анткени, кеңсалар жасоолунун пагон тагып, кылыч асынгандан башка да бир белгиси — кызыл тебетей кийет. Булар Караколдон дайым ушул араларда жатып, жол тосууга, качкан-бозгондорду кармоого, тентекти тезге салып, бузуктарды «түзөтүүгө» дайындалып келген немелер.
Ооба, түзөтүп жатат! Дүйнөдө ушул Кызыл-Кыядагы кызыл чоктордой бейпилдикте жыргап жаткан жан бар болду бекен?!
Кызыл чоктордун кесиби ошол, алар ээн жердин карышкырындай кутуруп, ары-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азыктүлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жакшы камчысы болсо тартып алып, эрмектеп, ойноп жата беришчү. Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор...
Жасоолдордун ичинде аты чыккан Бала Курман, Чоң
Курман дегендер болор эле. Бирөөлөр көзү жокто Бала Курманды «Жинди Курман» дешчү.
Бала Курман деген чарчы бойлуу келген далылуу, көздөрү кутурган иттей алактап, кан жая берүүчүдөй кыпкызыл бетинен митаамдыгы ташып турган, тириде жок тентек, шок жигит. Бул ат жыгып мингенде өзгөлөрдөн бөтөнчө бир өнөрү башка жасоолдорчулап, бирөөнү тизгиндеп туруп, «Түш аттан» деп кажылдашып отурганыңды билбейт. Чаап келе жатып, алдында кетип бараткан адамга:
— Ой, жаның болсо бир жагыңа ооп кал, ооп кал!— деп алда-кайдан кыйкырып келер эле. Эгер ат көңүлүнө жагып калса, ал аттын да, ээсинин да шору кайнады дей бер — оңой менен кайра бербейт. Бир болсо парага шыкалып туруп анан берет.
Бала Курмандын Караколду көздөй кетип баратып, бир күндө он беш ат жыгып мингемин — деп, кеп уруп отурганын уккамын.
Ушул бир күнү Башариндики жактан бирөөнү ээрчитип, чапкан бойдон биздин айылга келди. Жанындагы киши бизге тааныш — биздин айылдын старчыны.
Аттарын күшүлдөтүп, энтиктирген бойдон үйдүн жанына келип токтоду да, тыштан унчугуп, Бейшембини чакырып алып, адегенде эле:
— Бүгүн үйүңдү Ийри-Сууга көчүрүп барып тик! — деди Бала Курман чакчырылып. Кеңсалардын жасоолдору качан болсо ушундай өкүм келет!
Элебес үйдөн туруп:
— Эмнеге ботом? — деп үрпөйө түштү эле:
— Каркырага алтымыш үй тиктирилет, үйөздөн буйрук келди,— деди Бала Курман ого бетер чакчырылып, артына кеткен кылычын оңдоп.
— Өзүңөр билесиңер, көчүрүп жеткиргендей менде жалгыз аттан башка туяк барбы, айланайындар! —деди Бейшемби, Бала Курманга бир карап, старчынга бир карап жалдырап.
Бала Курман жаңкыдан катуулап, Бейшембини теше карап:
— Аныңда биздин жумуш жок, жеткир деген соң, жеткиресиң,— деди.
— Деги эмне кылат экен?
— Германияга жөнөгөн солдаттар түнөп өтөт. Караколдон улуктар келет...
Эми болбой турган жагына ала электе, бирдеме болуп, ийип калаар бекен дегендей:
— Кагылайындар ай, эми толуп жаткан чунак жетимдерди кайда калкалайбыз? — деди Бурмаке кемпир, алаканын күнгө далдаалап, көзүнүн болор-болбос шооласы менен жасоолго шыкырайып туруп.
— Оо, кокуй, жетимиңде улуктун эмне жумушу бар? — деп старчын туурадан чыкты.
Бала Курман беркисин ээрчитип алып:
— Бол, тез! — деп жөнөп кетти да Байболоттукун карай тартты. Үйүнүн алдына барып, атынын башын тартып, токтой калып:
— Ким бар үйдө? — деп үн салды. Алар кеткенден кийин Бурмаке:
— Арамдар, биздин жаман үйгө жармашкыча, Карпыктыкын эмне албайт? Анын биздей толгон бүлөөсү да жок,— деди өзүнчө.
— Жарабаган кепти кыласың да. Карпыктыкын да алуучу беле, кудайдан башканын баары колунан келип турган кишиникин? — дейт Элебес эстүү киши болуп.
Бу жерден солдат өтөөрү да чын эле. Жолчулар мындан төрт-беш күн мурун «Караколдон Жаркентке солдат өтөт экен» деген кабар менен бирин-серин малдарын ар кайда тыгып, аттарын токойго бекитип, бүлүнүп жүрүшкөн. «Эми эмне болор экен? Баякыдай болбос бекен?» — деп, эл үрпөйүп, чочулап турушкан. Ары-бери чапкылап жүргөн бирин-эки кызыл чоктордон сурап коюшат. «Мал, жанга тийбес бекен» дешет.
Ушунун кечинде, Карпыктын үйүнүн жанындагы көк майданга жыйырма-отуз киши жыйналып, топурап жатты. Жайкы момураган коңур кеч. Береги Башариндин тоосунда дүкүйгөн ак булут чокмороктоп, уюп турат.
Топтун ичинде,- казысын челкейтип, жапактан чыккан Байзак болуш менен биздин Ыбыке жүрөт. Байзак удаасы менен алты жыл болуш болгон адам. Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав. Каапырдын суру! Сүрүнөн алдына жан даап бара алар эмес.
Булардан башка да кылычтарын шарактатып, болуш, приставдардын кабагы менен кыймылдап, алардын кылт эткенин сезип, жагынып, жалаңдап турган бир топ кызыл тебетей жасоолдор жүрөт, Бала Курман да бар.
Атын жасоолго мингизип, издеп келип, кечээтен бери биздикинде жаткан жолоочу да ушу жерге басып келди.
Өзүн карасам: чапанынын оң колтугу менен этеги жыртык, жапырайган жаман тебетейи бар, маңы жапыз, сөзгө жарды, жанга жазыгы жок момураган бир бечара. Жаман шапалагын сөлдөйтүп, колуна коомай кармап алып, ортосун ачып, тегеректеп, жарданып турган топтун бир четине менден кийин барып бу да туруп калды.
Топтун ичинде болуп жаткан окуяга түшүнбөй мен:
— Бул эмне абаке? — деп, жанымда турган кара сакалдан сурап калдым эле, ал мени тоотуп ошо замат жооп бере койгон жок.
— Аны эмне кылат элең? — деп койду, бир топтон кийин туруп. Бу кишиден мен да экинчи сурагыс болдум.
Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөөрчө тепкилеп, жаңы тургузду. Эми кезек мына мунуку го. Байзак болуш эки колун артына алып, элдин алдыраак жагында кардын челкейтип, тамашага батып, карап турат. Пристав мурутун чыйратып, ачуусу ташып, түксүйүп, сырт берип, токтоно албай, ары-бери басып, жасоолдордун колун бошотпой, ур деп улам бирди көрсөтүп, тукуруп коёт. Жасоолдор анын өлөөр тирилерине карабай, башыңкөзүң кайсы дебей, бир кишиге тобу жабылып, тепкилеп, минип калат.
Жаңкы биздикине жаткан жолоочу жанында турган бирөөдөн:
— Бул эмне? — деп сурай калды эле, ал:
— Ырамат, чыгымды убагында төкпөгөн... улукка үй тиктирбеген, айтор ушундай-ушундай эле немелер болсо керек,— деп жооп берди.
Береги бирөөнү жаман жанчты белем. Өзү, бирин-серин сербейген сакалы бар, көзү чекир, эки жаагынын сөөгү төңкөйгөн, далысы эңиш, арыкчырай киши экен. Кууш таноосунан дем ала албай, көгөрүп-татарып барып жатып калды. Көрчү, мына бу бир үйдөн суу сурап, көзүн оңурайтып, өлөрдөй жутуп жатат.
Бая биздин старчын Байболотту айдап келгенине мен эми түшүндүм. Эми кезек ушунуку дегендей, старчын жасоол дебей ортого алып бир кезде муну да минди. Куйтуйган, кичине неме көптүн ичинде көрүнбөй, тополоңдо жоголду да кетти. Ошентип жатканда баласы Торгойакун чыңырып өкүрүп келип атасына жөнөдү эле, жолдон бирөө кармап калды. Жакшы ургандары байге алчудай, буттан-бутка талашып, кийиздей сүйрөп, тепкилеп жүрөт. Бала Курман да бүгүн башкача табына келгендей жалаңдап, тентектиктин чегинен чыгып кеткен. Тигине, башкаларынын болгонуна карабай, ал Байболот туруп кетип баратса өчү калган немече артынан жана кууп жетип, былчылдатып калды.
Жакшылар оюнду баштап коюп, кызыкка батып, жарданып карап турушат. Байболоттун иши бүткөндөн кийин пристав мурутун чыйратып түксүйүп, бир аз ары-бери басып турду да, бир кезде өтүп баратыщ жаңкы биздикинен келаткан жолоочуга жасоолдорду жаңдап өттү эле, жаланып турган ойрондор турабы — жабыла минди.
Ушуга келгенде топтун ичинен бирөө:
— Муну жаңылыш көрсөтүп салды,— деди акырын шыбырап.
— Ошондой болду,.— деди анын жанында турган. Жолоочу жазыксыз таяк жеп, ар кайда чачылып калган тебетейин, топусун, шапалагын жыйнап алып, көгала болгон бети-башын сыйпалап, көптөн кийин туруп келди.
Балакеттин эсине кайдан түшө калганын билбейм, старчын бир кезде:
— Бар, Бейшембини алып кел! — деп бирөөнү жум-алдынан чыгып:
Ошенткенде мен старчынды көздөй жөнөп озунуп, алдынан чыгып:
— Бейшекем үйдө жок, ал Каркырага үй жүктөп кеткен,— дедим.
— Келе элекпи? — деди чакыйып тура калып.
— Жок.
— Сени кысталак, шашпа! — деп кайра басып кетип, бирөө менен сүйлөшүп калды. Бейшембинин бүгүн үйдө жогуна мен кубанып калдым.
Топ күүгүм кирип, көз байланган кезде тарады.
Биздин үйдү көчүрүп кеткенден кийин, убактылуу бир жаман алачык жасап алганбыз. Ошонун түбүндө, кемегенин жанында кечки тамакты (жарманы айтам да) ичкени отурганбыз. Аңгыча Бурмакем:
— Буга ченеп эле бер, Карпыктыкына барып, эт жеп келсин, старчын жасоолдор бүгүн ошондо конуп жатат,— деп калды.
Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды. Карпыктыкына барсам, бир койду жаңы союп, терисин сыйрып жатыптыр. Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат. Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган. Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Айтор бүгүнкү мында конуп жаткандар жалаң эле старчын, жасоол сыяктуу өңкөй ченден чыккан бейбаштар.
Карпыктын мисирейген, май жукпас, жылаан көз келини менин келишимди гана күтүп тургандай, үйгө жаңы кире бергенде:
— Ме, суу алып келе койчу! — деп жанындагы чаканы лып алып, мага кармата койду.
Ушул келин, качан да мен бардым болду көчүгүмдү жер жыттатпай, жумшайт да отурат. Ошондон жалкып, кээде кой союп жатса да баруучу эмесмин.
Сууну алып келип коюп, отурайын деп жатсам:
— Эшиктен отун терип келчи,— деди дагы.
Сабы шылкылдап, мокок чорт керкини тыштан издеп жүрүп, караңгыда таап алдым да, караңгыда токулдатып, бир колтук отун кертип алып, кайра кирдим.
— Эми тигинин бутун кармап бер,— деди ирегеде союп жаткан койду көрсөтүп. Билегин түрүп таштап, талтайып, кой союп жаткан жигит бир жагынан этти бузуп, казанга салып жатат.
— Мындай тарт,— деп койдун бутун союп, мага көрсөтүп коёт. Кармап турам.
Карындын учунан чымчып, кармап туруп, бир жеринен чырт кесип алды да төгүп кел деп мага берди. Үйдүн арт жагында обочо жерде бир дүкүйгөн шыраалжынга алып барып төктүм. Үйдүн жанында бир эки ит чылапчындагы канды талашып, ыркырап, кабышып жатат.
Бири мени көрө коюп, кулагын элеңдетип, жүгүрүп келди.
Кайра келээрим менен чубалган мөөндү жана карматты. Мен чыгып баратсам, төр жакта отурган мастан кемпир:
— Ошол жактан биротоло сууга жууй кел,— дээри менен, келини да:
— Эмесе тигини да ала бар,— деп бая мен төгүп келген карынды көрсөттү.
Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди. Жанымда бир ит бирдеме үмүт этип, жагынып, шыйпаңдап турат.
Тапшырган милдеттерин түгөл орундап кайра келсем, менин шыбагама бир бөйрөк, бир шыйрак калтырып коюптур. Аларды жүгүрүп, үйгө жеткирип таштап, кайра келдим.
Казан борт-борт кайнап эт бышып жаткан. Коноктор өз ара бирдемелерди кожурашып отурат. Бирде ат чабышты кеп кылып, Сарыбай байдын кызыл аргымагын мактап кетишти. Ушул мезгилде «бирдемесин бүлдүрүп аламбы» деген кишиче, мышыктай табышын билдирбей чебердеп басып, баягы жолоочу кирип келди, мунун келгенин эч ким байкоос алган да жок. Жалпак тебетейин көзүнө кийип, күнөөлүү кишиче салбырап, «менин ордум ушул болот» дегендей акырын гана кирип, кой сойгон жигитке таяй барып, эшиктин так алдына келип отурду. Жигит от ичкерештирип жатып бир топтон кийин жолоочуга карап:
— Баатыр, кайдан? —дегендей болду, өзгөлөргө угуз-бай, жолоочунун өзү гана уккудай кылып, акырын.
Жолоочу төр жакты чала-була бир чолуп карап алды да:
— Жасоолго ат мингизип, ошонун артынан жүрөм,— деди.
— Качан минди эле?
— Көп болду, бүгүн он сегиз күн.
Бул экөөнүн сөзүн менден башка байкап отурган жан жок эле.
— Анда сенден бир үмүт этип жүрсө керек,— деди жигит, бир аз унчукпай калгандан кийин.
— Анысын мен да билип жүрөм. Бирок жанымда жалгыз тыйыным жок. Ээр токумумду көтөрүп, өзүм талаада жөө калдым. Катыным оокас эле, он беш күндөн бери анын эмне болгонунан да кабарым жок. Жакада оокаттарым бир жактан ээсиз калды. Өзүм жалгыз боймун...
— Үйүң кайда?
— Кең-Сууда. Ошол өрдөштөн жакадагы оокатыма түшүп келем деп, мингизип жибердим. Өзү чекеме бүткөн жалгыз ат. Быйыл эки жакка да көп минбей көзүнө карап, багып- жүрдүм эле, аягында минтип кырсык чалып алды...
Көмөрөсүнөн түшүп, уктап жаткан Бала Курман бая бир жагына оонап кеткенден кийин ойгонуп калган. Бир кезде уйкудан абдан ойгонуп, оозун кең ачып, керилип, эстеп алды да жамбаштаган бойдон жатып:
— Тиги эмне жүрөт? — деп уйкудан жаңы бошоп, канталаган, сүрдүү көзү жолоочуга кадала түштү.
— Жолоочунун жанында отурган үйдүн жигити:
— Атына келиптир,— деди үнүн калыбынан көтөрү бүрөөк чыгарып, элге угуза.
Ошондо Бала Курман унчукпай гана ордунан шашпай туруп, ирегеде шалпайып отурган кишинин так желкесине келди да, төбөсүнөн тик ылдый карап туруп:
— Ат керекпи?! — деп кекээр сөзү менен эки бөйрөгүн таянып кайкайып тура калды. Жолоочу:
— Уруксат болсо...— деп акырын гана күңк этти да жок болду.
Ошондо Бала Курман жолоочуну шилиден ары келтирип туруп, эки тепти да, чалкасынан салды.
— Ме саган ат! — деп чалкасынан жаткан кишини эки колдоп жаактан ары алмак-салмак салгылады. Мен жакын отурат элем, тигилердин эпкини келип тийгенде атып тура бердим. Жолоочу бир кезде колу менен башын коргоюн деди эле:
— Тим кой, ушул жатканың оңой! — деп какшыктап, колун кагып жиберди. Ыкылдата келип курсакка тепти. Уруп жатат, уруп жатат...
Көптөн кийин төр жаткан кимиси:
— Болду, кой эми,— деди сабырдуу дабышы менен. Бала Курман коймок эмес эле, бирок чарчагандан кийин токтоду көрүнөт. Урганын токтотту. Киши көптөн кийин ордунан туруп: «жолуңар болгурлар, ушунчаңар туруп, бириң арачалап койбодуң» деген кишидей болуп бети-башын сыйпалап көрүп, ар кайда жаткан тебетейин, топусун терип кийди да кектүү жүз менен ачуусу кайнап, тишин кычыратып, ошол замат чыгып кетти. Ал чыгып баратканда бирөө:
— Эт жеп кет,— деп унчуккандай болду. Буга жооп да болгон жок. Кайта бул сөз ага какшык көрүнүп, ого бетер жанына жайсыз тийди. «Өлбөсөм бир жерде кезигишээрмин!» дегендей кылып, ичинен кекенип кетти. Эт бышып калган. Эми жыргамак болуп жатканда, Карпык мага карай:
— Тур, конокторго суу куй,— деп буйрук этип калды. Коноктор ордунан козголуп, бирдары чапанын чечип, жеңилденип, оңдонуп отуруп жатты.
Эми ары жагында деле, айта коёрдук неме жок, конокторго табак тартылгандан кийин, мага бир кескен карын, бир түйүм ичеги, моюндун бир омурткасы тийгенин гана бир билдим. Элге шек алдырбай карынды жеңиме кымырып койдум. Анткени мен качан да бир кой сойгон үйгө барып келгенде: — Эмне алып келдиң, кичи дей турган үйдөгүлөрдүн карызы эсимде болучу.
Карындан башкасын тез кайсап жибердим да карап калдым. Бирок бул жолу жаңылышканымды артынан сездим. Анткени, жакында бирөө мага устукан бере койгон жок. Эт чыгарган жигит, казандын жанында отуруп, бир карап алды да, кайра мени менен жумушу болбой кызыктырып жей берди. Ушул мүнөттө жалгыз мен карап калганыма ызаланып, «колумдагыны үнөмдөп жебей» деп ойлонуп калдым. Өзүм тик карабаганым менен көзүмдүн кыйыгы элде.
Көптөн кийин элдин мен жак четинде отурган бир буурул сакал ууртунан майын чубуртуп чайнап жатып мени көрүп калды да, тагдырыма түшүнө койгондой:
— Ме,— деп чала мүлжүгөн жиликти сунду. Жанда жок элпектик менен атып турдум. Абийирим эми кичине жабылгандай болду.
Эл этти жеп болгондон кийин «эми эмнеси калды дейсиң» деп ойлоп, мен жылып жүрө бердим. Тыш караңгы экен, мына бул алдымда тырс-тырс оттоп, караңдаган эки жылкы жүрөт. Биздин үй эбак жатып алса керек. Мен алачыкка жакындай бергенде, кемегенин жанында, төрт бутун койнуна чогултуп, үрпөйүп жаткан барак жүн көк дөбөт тура калып, жазыктуу немече көзүн жалдыратып, шыйпаңдап мага жетип келди. Менин бечаралыгым менен иши жок байкуш, жеңимдеги карындын жытын билип, «ушундан бир үзүп берчи» дегендей, жан-алы калбай, ар жак, бери жагыма чыгып, куйругун булгалап коёт.
Алачыкта абышка, кемпир гана калып, башкалар тышта жаткан экен. Мен төрт балага бир салынган өз төшөгүмдү таап алдым да, жылуу төшөктүн бир четин билдирбей ачып, жанга шырп алдырбай барып жылаандай жылып кирип кеттим...
X
Бүгүн баарыбыз үйдө элек. Түшкө жакын убакыт болучу.
— Күндө бир убак ысык ууртабасам бүткөн боюм курушуп туруп алат,— деп Элебес күндөгү маалында, мулук кара кумганга чай кайнаттырып алып, ичип олтурган. Күндө ушул убакыт ченде бир маал талкан салып, чай ичип алганда боргулданып, бүткөн боюнан тер кетип, жыргап калаар эле. Бурмаке анын маңдайында, жалгыз чыны менен чүмчүлөп, чай куюп берип отурат. Калганыбыз союп жаткан малдын кан-жинин аңдып турган иттердей, анда-санда көзүбүздүн кыйыгын салып коюп, ушул чөйрөдөн кетпей тооруп отурабыз. Элебестин алдында жайнап турган «дүрдүйнө» — сүткө көөлөнгөн бир чөйчөк талкан! Баарыбыздын баятан аңдып отурганыбыз ушул.
Ал кезде биздин эң ардактуу тамагыбыз — талкан эле. Алар качан чай ичкен сайын, биз көзүбүздү жалдыратып, карап отургандан кийин, Элебес бир кезде сыйрасы менен алаканыбызга бир кашыктан талкан салып берип коюучу. Талкандуу кашык келип, колубузга тийгенде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз. Ошого чоң канаат кылып, бир кашыктан талкан колубузга тийгенден кийин, Элебестин жанында Бурмаке менен Жумабек гана калып, башкабыз туш-тушка тарап басып кетүүчүбүз.
Беккул бир кезде, бу жактан энчисин алгандан кийин, ирегеде жаргылчакка талкан тартып отурган Жанымжандын жанына тоорулуп барып отуруп калды. Аны көрүп Бейшемби Жанымжанга карап:
— Алдыгындан Беккулга бир уучтап берип койчу,— деди, төрдө бүкүңдөп насыбай ийлеп отуруп. Күрүлдөгөн жаргылчак дабышынан укпай калдыбы, жок атайы ошенттиби, айтор Жанымжандан жооп болгон жок.
— Ууштап бер дейм, ой! — Бейшемби жана бир унчукту. Калып өзгөргөн жок. Ошенткенде, Бейшембинин ачуусу келе түшүп:
— Атаңдын көрү ит, сени жебесем эле!.. — деп, керегеде турган камчысын көздөй жутунганда, табагын көтөрүп алып, Жанымжан эшикти карай жөнөдү. Безилдеп кетип барат, Бейшемби артынан түштү. Ошентип кууп баратып, бир кезде жете түшүп, шилиден ары коюп өттү эле, Жанымжандын колундагы табагы ыргып кетти. Алар антип жаткан кезде Беккул болуп, бир топ балдар жүгүрүп барып, көк шибердин арасында жайнап калган буудайды тоокчо терип жеп жатышты...
Бир күнү Бейшемби бир жактагы жумуштан келип, үйгө жаңы гана түшүп отурган. Бар болгону — бир аяк жарма ичип, Элебестин чакчасын сурап, насыбай тартууга гана үлгүрдү. Ушул заматта Бейшембинин улуу баласы Жумабек:
— Байке, бир киши мамыдагы атты чечип жатат,— деп үйгө жүгүрүп кирди.
— Каранкүн, катыгүн! — Элебес элтеңдеп, ордунан ыргып турду.
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат. Орусча окуган бала экен. (Ал кезде окуган балдардан баштап, элден ат жыгып минүүчү.) Караколдон Каркыраны көздөй кетип баратыптыр. Ийнине асынган булгаары сары сумкасы бар.
Бала кызыл атты чечип, өз атын мамыга байлап жатканда, жанына басып барды да Бейшемби:
— Жол болсун баатыр? — деди, шашпай гана жай дабыш менен.
Бала абалы мындай эле деп, жөнүн айтуунун ордуна көргөн жерден:
— Ал аттын ээрин! — деди, колу менен кызыл атты нускап, чыйралып.
Бир аз аярдай калып Бейшемби:
— Кечээ эле Каркырадан үй көчүрүп келдим эле... Баатыр, эми өзүң бил,— деди.
— Мага десең бир эмес, беш барып кел,— деди да, бала кызыл аттын куюшканын чыгарбай туруп, ээрин шыпырып ыргытып жиберип, өз ээрин токууга кам урду.
Баланын бул кебетесин көргөндөн кийин, Бейшембинин кыжыры келип, «ушундан келгенди бир жолу көрөйүнбү» деген кишидей нечен жолу ызырынып барып, балага кол салчудай болуп турганда Элебес менен Бурмаке мунусун сезип калып:
— Кой балам, буга теңелип болобу? Өз башыбызга балээ болот,.— деп акырын басып койду.
— Ушул турган Каркырага мынабу өз атың деле ойноп жеткиргидей экен.
— Анда жумушуң жок,— деди бала чорт кесип. Ыракымы түшүп калар бекен деген кишиче Бурмаке:
— Биз бир бечара жолчубуз, кулунум! Бизди аягын. Жан сактап турган жалгыз ат. Өзүң жаш бала экенсиң, кудай өмүрүңө береке берип, мындан бетер улуктукка жеткирсин,— деп жалынып-жалбарып жиберди. Бурмаке жогорку жакшылыгын, балага чын ниети менен айткан жок — амалсыздан. Жан айласы үчүн айтылган кеп эле.
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Кызыл атты катуу камчыланып кетип баратканы бизге кыйын тийип, аяп, артынан карап, кала бердик.
Ушундай ары-бери өткөн бузукулардан жалкып, жолчулар аттарын көбүнчө токойго, коктуларга алып барып, кишен салып коюучу. Бүгүн бизге жаман жерден туш келди.
Аттиң кедейлик! Жаңкы жерде бир, эки сом болгондо, кызыл атты алып калар элек. Ал кеткенден кийин, Кызыл аттын күйүтү көпкө басылбай, Элебес адатындай кулак-мээнии жеп:
— Алда каранкүн ай, ушунун тушунда жетип келе Койгонун каарачы!.. деп ирээнжип, Бейшембиге капаланып отурду..
— Бул Өбалакеттин келип каларын мен кайдан билдим? — дейт ал.
— Эми кайгырганда не, кайгырбаганда не... Карып-тардын кайгысына карай турган заманбы? Атакөйү кызыл аттын Бир тери бар экен. Өткөн иш өттү...— деп, Бурмаке аларды жубаткан болот.
Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым. Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим. Берегинде Чоң Курман жасоол:
Ак-Суунун башы балгынды, Ак-Байтал, Кең-Суу салкынды, Айтпай кантип коёюн, Ашыктыктан дартымды.
— деп аттын сыдыра басыгы менен акырын гана зыңкылдап өтүп баратат.
Беккул менен Эшпай Башариндики жактан келе жатып жолумдан чыкты. Жаңы бирдеме таап, олжолуу болгон эмедей жаркылдап, кубанып келе жатышат. Жакын келбей жатып эле, тетигиндейден мени көрө коюп Беккул:
— Биз Башариндикинен токоч жедик,— деп алда-кайдан сүйүнчүлөдү.
— Эмне алып бардыңар эле? — дедим.
— Бүлдүркөн, карагат...
— Канча токоч берди? — дедим мен кызыгып. Буга Беккул жөнөп бергиче болбой озунуп, Эшпай:
— Мага мынча берди,— деп чилмийген алаканын сайып, оң нолу менен аны туура кертип көрсөттү.
— Беккулга канча берди?
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп:
— Беккулга мынча, мага мынча берди,— деп Беккулдукунан өзүнүкүн чоңураак кылып көрсөттү.
Башариандин үйүнүн маңдайында бир чал бар эле... Аны биз «Бабай» дечүбүз. Мунун эки уул, эки кызы бар. Төртөө тең бойго жеткен немелер. Улуу баласы былтыр солдатка кеткен. Өзү бай эмес, малдан үч, төрт жылкысы болуп, орточо гана оокаты бар. Кызыл-Кыяга келгенине он жылча болуптур. Бабай өзү жетимиштерге келип калган. Карылыгы жетсе да анчалык күчтөн кала элек чал. Бапыйган чоң сакалы бар, кочкор тумшук, кызыл көз неме. Кыргызча «жаман, жакшы, акча» дегенден артык тил билбейт.
Кээде ушунукунан токоч жейбиз деп, атайы тоого барып, карагат, бүлдүркөн терип барып берчүбүз. Кечке жуук болгондо айттырбай барып, талаада жүргөн уйларын таап алып, үйүнө айдап келип берип, андан да алчу-буз. Көңүлү жай болуп турган убактарда капысынан жөн барып калсак да берүүчү. Бирок, бул максатка же-тиш үчүн туштап туруп, тамактын үстүнөн чыгыш керек. Ошондо да келээр менен бере койбоду деп ызаланып, кетип калбай, чыдаш керек, белгилүү мезгилге чейин күтүп туруш керек. Бирок алып барган малыбыздан баары пул боло берчү эмес. Терип берген жер-жемишибизди кабыл албай, кайтарып салган кездери да бар.
Бир каталыгым эсимде. Бир күнү мен тоодон эки чыныга жакын бүлдүркөн терип келдим. Үйүнө кирчү эмеспиз. Адатыбызча, кайырчыдай эшикте жалдырап күтүп турсам, мени көрүп кызы чыгып келди. Мен ага бирдеме деп айтуунун ордуна, мага көйнөгүмдүн этегин жайып, бүлдүркөндү көрсөттүм. Кыз эң мурун колумду анан этегимди карап-карап турду да бир кезде:
— Керек жок,— деп кайра кирип кетти.
Менин багыма башынан «сыр билгич» кемпири кезикпей, кызы туш келгенине өкүнүп кете бердим. Кетип баратып: «Көңүлдөрү куш болуп турган учуруна кезикпей калдым го» деп оюма кетти.
Ушундан кийин бүлдүркөндү бир жууган калайга салып, үстүн таза жалбырак менен жаап алып баруучу болдум.
Ошентсе да Башаринге караганда, бизге Бабайдыкы бир аттам жакын көрүнүүчү. Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Ошондон жалкып анда көп бара алчу да эмеспиз.
Бир күнү кечинде, үйдө отурсак, Байболоттуку тан карса-курс, жаң-жуң эткен бир дабыштар чыгып калды. Бирөөнө тобу жабылып, уруп жаткан сыяктуу. Анча болбой:
— Карма доңузду, союп сал! —деген Ыбыкенин үнүн тааныдык.
— Кокуй өлтүрдү, өлүгүңдү көрөйүндөр, кырабы мындагы элди! — деп чаңк эткен дагы бир катындын ачуу дабышы чыкты.
Биз дүрбөп тышка чыктык. Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат. Көптүн ичинде Ыбыке, Карабай старчын болуп, Эрке Сарынын бир топ жакшылары жүрөт. Ыбыке жигиттерин көкүтүп, тукуруп коюп, болуп жаткан жоруктарга көз сугарып, камчысын ээринин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат. Жерде төрт-беш киши тополоң түшүп, кармашып жүрөт. Бизге Байболот жалгыз бир жак, калганы бир жактай болуп көрүндү. Анткени ошончо элдин жабылып жүргөнү жалгыз Байболот.
— Карма, доңуздун колун байла! — деди бирөө караңгыда түрсүлдөшүп жүрүп.
Байболоттун он жашар, кибиреген кызы бир эсе чыңырып барып, атасына түшө калат да бир эсе безеленип, кайра энесине жүгүрүп келет.
— Кокуй, балдардын жүрөгүн түшүрмөк болду, бул тукум куруттар! — деди Байболоттун катыны, чыңырып жүргөн кызын ала коюп, алактап.,
Ошол кезде Байболот кандайдыр, топтун ичинен бир жолу суурулуп чыга түштү да качырып барып, Карабайды камчы менен басып-басып алды.
— Атаңдын көрү кул ээй! Бул жамандын күчүн! Кармабайсыңарбы?! — деди Карабай башкаларына. Байболот эр эле, карматпай, качып баратып, улам артынан жеткенин кайрылып сабап жүрөт. Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды...
Бул окуянын түбү мындай экен: Байболоттун эрден чыгып келген бир кызы бар болучу. Муну бир топ жакшылар менен Ыбыке баш болуп, Байболотко бир ооз айтпай, Каркырада бир казакка барып, кыздын сыртынан куда түшүшөт. Калың бычышат. Кызды колмо-кол бермек болуп, ал жерден кудамудалары менен биякты көздөй жөнөп калышат. Калыңдан алган элүү кой, жыйырма чакты караны күн мурунтан айдатып жиберишет. Ошону менен калдайган калың кол бир күнү Байболоттукуна келип жетет. Келсе — кыз жок, ал мындан бир-эки күн мурун бир сүйгөнү менен качып кеткен. Анын качаарын Байболот да, катыны да билген эмес. Тигилер бул жорукту келгенден кийин гана бир билишет.
Жаңкылар келип, Байболотту басып жыгылгандын жөнү ушул экен. Себеби биринчиден, калыңга келген малды кайтарып берүү керек; экинчиден, кудага шер-менде болушту.
Баарынан да малды айтсаңчы! Кудадан айдап келген малдар эмгиче Ыбыкенин айлына барып калган да көрүнөт.
Карабай будаланышып жаткан топтун ичиңен көптөн кийин күйүгүп чыгып келип, атына минди да, кайра бери карап туруп, камчысын секеңдетип:
— Шашпа, солдатка кыл алдында Бейшемби экөөңдү кармап бере албасам элеби!.. — деди.
Ушинткенде Бейшемби селт карай калды да:
— Карабай, ыгы жок тийишкендин эмне кереги бар? — деди.
— Сенде кылмыш көп баччагар. Тура тур, шашпа...
— Кудай урбадыбы, мен бирөөнүн бүлөсүн бийлей алчумунбу?
— Унчукпа, чочко! — деди Карабай качырып барып салып калчудай ызырынып.
Бейшемби камданып бирдеме дегени келе жатканда Ыбыке:
— Кана, жүргүлө, булардын эсебин өзүбүз табабыз,— деп атынын башын кайра тартты да тобу менен дүрбөп, жөнөй берди.
Булар кетээр замат Байболот катыны менен түн катып, Караколго жүрмөк болду. Катындын өңөргөн бешиги бар. Бул жөнүндө убара болосуң, барба деп, ар ким айтып көрсө да Байболот:
— Мейли, кайда калбаган бир жан. Улугу адил болсо ошол жерде текшерип көрсүн,— деп мойноп, көнбөй койгон.
Биз жатып алган кезде түрсүлдөтүп, жөнөп баратышып:
— Жанымжан, үйдө Торгойакун калды. Уйду саап берип тур,— деди Байболот.
Эртеси биздин үй өз-ара кужурашып, кечээ Байболоттукунда болгон окуя тууралуу кеп уруп отурушту. Башка кишиден Назыр бучук деген киши отурат. Кечээги Карабайдын айтканын кеп кыла келип, Бейшемби:
— Атасынын көрү, кетсем да ошолордун бирин жайлап туруп кетермин,— деп койду.
— Кой балам, аның балалык чыгар, «Өлбө жаным өлбө»,— деп өзүбүз минтип араң турганда, балээни чакырып эмне кыласың,— дейт Бурмаке.
Ушул убакта бирөө келип, Бейшембиге бир кагаз берип кетти. Сырты чапталуу экен. Ичин ачты да оку деп мага сунду. Урманбеттен келген кат экен. Өмүрүбүздө «кат» дегенди көргөнүбуз да ушу болсо керек. Баягы бир жылы Турат молдонун үйүндө жүрүп, билип алган чала сабатым менен тамтаңдап окуй баштадым. Сөздөрдүн башын жыйнап түшүнө албай, көңүлүмдө булдур гана бир нерселер калып барат. Бир жеринде: «Биз Украин, Ашкабат деген жерлерден өтүп кеттик. Кайда барып токтоорубуз азыр маалым эмес...» деген сөздөр бар. Аягына бир ыр жазыптыр:
Арт жагымды карасам. Алыста калды сансыз жан. Келгис жерге жол тартып, Керменге кетип баратам. Кара чунак көп жетим, Кабарсыз болуп мен кеттим. Көтөрбөскө чара жок, Падышанын милдетин Бу дүнүйө жалганың, Ичимде көп арманым. Душмандан кегим ала албай, Айдалып кетип калгамын. Өткөрүп нечен күндөрүн, Мен алыста жүрөмүн. Өлбөй жүрсөм бир күнү, Керменден кайтып келермин...