XVII
Бул жердеги Кызайлардан мен барбаган үй жок. Бизде тамак тартыш, ошондуктан түн кирди болду, салып жүрө берем.
Бул жөнүндө менин бир адисим бар эле. Ал болсо үйлөргө кирбей туруп, абалы сырттан шыкаалап, ичин байкап алуу. Мындай кылганда менин келечегим белгилүү болот, анткени кайсыдан соң кайсы үйдүкү бышарын жаңылбай белгилеп алып, баарынан кур калбай биринен сала биринин үстүнөн чыгып отуруш керек.
Бирок кээде жаздым болжоп коюп, өзүм зыян тарткан жерлерим да бар. Булардын бир жаман жери: отко бир-эки чычала салып коюп, ошону менен жарым түнгө чейин болсо да бүлкүлдөтүп отура беришет. Жумушун кылып, чөбүн ташышып берген үйлөрүмдөн күтүп отуруп тамак ичип кетишти өзүм парыз көрчүмүн.
Жаңкыдай амал курам деп жүрүп, капилеттен бир күнү карматып салганым да бар. Күндөгү кесибим боюнча бир күнү Бызаубак дегендин үйүнөн шыкаалап жатсам, ары жактан бирөө караңдап басып келип:
— Нагып жүрсиң, ай? — деди, Мен шашып калып:
— Эчтеме...— дедим да мындан бөлөк сөз таппай, тилим күрмөлүп, жылып жүрө бердим.
Даулетбактын Нуржандан кичүү баласы тентек эле. Кээде дөңгө чыгып алып биздин жаман алачыкты эрмектеп чамгарактан таш ыргытчу. Бир күнү мен тоодон отун көтөрүп келсем Бурмаке:
— «Мышыкка оюн, чычканга өлүм» деп, мындагы журтту да жан деп жараткандыр. Бизди шылдыңдаганды кудай шылдыңдап калсын!..— деп күңкүлдөп сүйлөнүп отуруптур. Жаңкы баланын чамгарактан ыргыткан ташы төшөктө жаткан Ашымкандын бетине келип тийген экен. Ал бир топтон бери оору болучу. Кыңылдап ыйлап жатат. Баятан бери бир суу талды быкшытып, туш-туштан жабылып үйлөп, күйгүзө албай отурабыз. Көк түтүн колкобузду атып, коюн-кончту ороп, түндүктөн чыкпай быкшып, кайра каптайт. Элебес оозун желге толтуруп алып, күрүлдөтүп үйлөп-үйлөп койду да кайтып күйбөгөнүнө ызаланып:
— Толгон отундан таап келгениң ушубу? — деп түтүнгө какап, мага карады.
Ушу күнү кайдан бир күтпөгөн жерден Карпыктын уулу Исрайил келип калды. Кыргыз аттууну көрбөгөнүбүз көп болгон. Берегинин өңү алда немедей учурайт.
— Эл-журтту киши сагынат экен. Капырай чын эле Бейшембисиңби ой! — деди жалактап кирип келип, Бейшемби экөө теңтуш эле.
Бул элди сагынып, атайы бизге учурашканы келген сыяктанып көрүнсө да, максаты бөлөк экени кечикпей маалым болду. Көк Терек өрөөнүндөгү Эрке Сары тукумуна Ыбыке чыгым салыптыр. Ысрайилдин келгени ушул экен. Бирок Ысрайил аны салган жерден «чыгым» деп түшүндүргөн жок: «агайынтуугандык менен... ынтымак кошуп...» дегендей кылып жасап айтты.
— Эгер биз өлүп жатсак, ошончо жерден издеп келбес элеңер ээ? — деди Бейшемби.
— Неге? Агайын-тууганын да киши кыябы?
— Туугандын кылары ошол болсо, туугандан да кечтим. Биз өлсөк эл көмүшпөй эле койдун!
— Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып бул эмнеси? Айтор жакшылардан көргө кирмейинче кутулбайт экенбиз го!..— деп Бурмаке чыкты.
Бир топ ойлонуп калып Бейшемби:
— Мурун чыдап келгенибиз да жетет. Баарын отоп болуп эми төшөк орунчубузду сатабызбы? Мени тооругандан көрө, мына мынча жетимди багып отурганыма кубанса болбойбу. Жакшыларыңа айта бар. Эми биздин жон терибизди сыйрыбасын. Ыбыкенин ою менен боло бергендей анын эми баягы заманы жоктур...— деди.
— Антпе, агайын-туугандын баары көнүп олтурган-да, жеке сенин ынтымактан чыкканың болбос...
— Көнгөн эл көнө берсин. Мен агайындыктан да, ынтымактан да эрте чыккан киши болчумун. Кайра-кайра бизге эмне кызыга бересиңер?—деди Бейшемби.
Ушул кезде биздин жаргылчакка талкан тартам деп, төмөн жактан бир катын келди. Бул качан болсо балдардан кызганып, талканын тышка тартуучу. Эми да ошол ою менен арпасын тышка коюп, үйгө кирип, жаргылчакты алып чыгайын дегенче болбой Эшпай аңдып туруп көр чеңгели менен табакта буудайдан аткып алып, үйдү айлана берди. Тапкан олжосун жанынан артык көрүп уучунан жулуп чыгып кетчүдөй калтыраган колу менен четке качырып барып, бурдугуп өлүп барат.
«Кудай» билет, Эшпай ошондо колундагы бир ууч буудайын дүйнөдө эч нерсеге «алмашпас» эле деп ойлойм. Анысын жегенден кийин эмки жолу билмексен киши болуп, көрүнөө келип уучтайын деп бара жатканда өзүн капканы келе жаткан итке тап бергендей, катын:
— Кой ары! — деп колу менен жазгап жиберди. Ысрайыл аттанып кетти.
Ушул кездерде элдин чыгымын тартмак турсун, өз жаныбызды багуу кыйынга түшүп турган. Анын үстүнө «черүүлөр чыгып, качкындарды кайра айдайт экен» деген каңшаарлар угула коюп, «кыштын кыраан чилдесинде кызыл чиедей, жылаңач балдар менен эмне күнгө түшөөр экенбиз» деп чочуп турганбыз.
Ушинтип жаткандын тушунда, бир күнү Алмакандан улуу эжем — Чүкөй эринен качып келди. Түн ортосу чен эле. Бир кезде:
— Тур, отко күйдүң! — деген Бурмакенин дабышы менен ойгонуп кетип, карасам ошол турат. Мен жылуу болот деп, күндө коломтонун жанына додолоп койгон күлдү жазданып жатчумун. Туруп, оттун жанын бошото бердим.
Мына, Чүкөй менен азыр он төрт бүлө болдук! Бизди жыргап отурат деп келди бекен? Бирок мунун кайненеси башынан өч болучу. Күн көрсөтчү эмес. Аны башынан билебиз. Кантсин байкуш, жедеп сөөгүнөн өткөн соң амалсыз, бизди пааналап келсе керек.
***
Жаз келер замат кыштай мекен эткен жерибиз менен коштошуп, жөөжалаңдап кайра көчүн жөнөдүк. Бул жолу мурунку келген жакка түшпөй, Кулжа бетине салдык. Бар унаабыз экөө. Бири баягы Башариндин чоң кызыл бээси. Экөө тең тырбыйган арык.
Бүгүн бир ээн жерде кетип баратсак, черүүбү айтор мылтыкчан бирдемеси алдыбыздан чыгып жүк жүктөп бараткан тору атты минем деп, көчтү токтотуп туруп алды. Өзү салпайган бир болумсуз неме. Калмак экен. Тилин билбесек да оюна түшүнүп турабыз. Ырайымы түшүп кетчүдөн бетер жалпак тилге салып жалынган болобуз. Унаалардын бели талып кетти. Ал минем дейт, биз таштап кет деп асылабыз. Болбойт. Жедеп айла кеткенде Бейшемби жанынан он сомчо сууруп берди эле, «баятан берки менин тилегим да ушул болчу»,— дегендей, жаңкы неме бизди таштай берип жөнөп кетти.
Андан кутулуп, бир топ узагандан кийин, Элебес:
— Э ботом, акчаны жаңкыга эмне бердиң! — деди.
— Бербесек каран калганы турбайбызбы? Артынан барып алып келгидей дарман турабы? — деди Бейшемби.
Көк-Теректен чыккандан тартып, төрт күн тынбай көчтүк. Суу-Ашуу деген ашууга түшкөнбүз. Мунун баш-аягы жакшы жүргөндө сегиз күндүк жол дейт. Али биз теңине келбедик.
Бир күнү көч үстүндө куландан соо кетип баратып, бир убакта кызыл бээ шылк этип кулап түштү. Элсиз талаа болучу. Чочуп кеттик. Үстүндөгү жүгүн алып жибергиче болбой, акыркы дарманы менен арткы аяктарын бир эки серпип алды да бир демде өлүп кетти...
Өмүрдө көч үстүнөн өлүм бербесин! Бул бизге чоң кайгы болду. Анын жүгүн бөлүшүп көтөрүп алдык. Мага жаргылчактын бир бети тийди. Ушундан ары мен андан кутулган жокмун.
Кечинде бир элсиз сайга келип конгон элек. Эртеси кар жаап көчө албай калдык. Эртең менен чаңыт жарма жасап, ичип отурабыз. Он төрт кишинин ортосунда үч аяк бар. Кезек күтөбүз. Мага келе жаткан аяк кап-ортосунан эле, колума тийгенде карасак чандырына чыга түштү. Билем, аяк сунган адам бир четин өз жагына баса кармаса толтурадай көрүнөт.
Күндөн-күнгө «тамак» кыйындап баратканын кеп уруп отуруп Бурмаке:
— Кантет элеңер, барда бардай, жокто жоктой ичүү-чү. Эптеп өлбөй Көлгө жетсек болду...— деп бизди жубаткан болуп отурат. Анда Элебес:
— Заманыңарга таарынгыла, бизге таарынмак белеңер! — деп сөз кезеги келбеген жерден кошулуп, адатынча мурчуюп, тескери карап кетти.
Балдарда күн жок. Бирин-бири көпсүнтүп, тырмактай немени кыртышы сүйбөй, териси тарып кеткен сыяктуу. Эч кимдин кылдай нерсеге көтөрүмү жок. Мындай кездерде «ары турчу, бутуңду тартчы» деген сыяктуу сөздөр кычап кетет. Баарынан да Бекдайырды кара, өмүрүндө бир жымыйып күлбөгөндөй үңүрөйгөн терең көзү жашылданып, алдына бирөө бирдеме таштай салса бакырып барып, баса калчудай болуп отурат. Чөйчөктү бөксө куйдуң деп, баятан бери таарынып, ашына албай отурганын көрүп Бурмаке:
— Тиги каапырга кичине тамызып койчу,— деди эле Жанымжан булкунуп барып, тунуп, көгөрүп турган жарманын үстүнөн сузумуш болуп:
— Ок көзүң челейгир, ме! — деп кекетип, Бекдайырдын чөйчөгүнө куйган болду. Анын артынан:
— Өлүгүңдү көрөйүн, ушулардын жаны деле иттен бек! Кашайган кудай буларды кандай көрбөйт!..— деп каргап-шилеп жиберди. Бекдайырдын капшабы менен бул каргыш баарыбызга тең тийип кеткендей болду.
Ушул убакта жолдо өтүп бараткан бир казак катын кирди. Колунда бир баштыгы бар, түбүндө томпойгон бирдемеси жүрөт. Жарыган неме эмес. Ачыккан адамдын түсү. Тура түшүп, мунун артынан жана бир жигит кирип келди. Бул келгенден кийин, бир аз туруп жаңкы катын чыгып кетти. Анын артынан кечикпей жигит да жөнөдү.
Ушулар кеткенден кийин аз туруп ары төмөн жактан бир кокуйлаган дабыш чаң этти. Муну уга коюп, Бейшемби тышка чыкты. Тыш алай-дүлөй туман, эч нерсе көрүнбөйт. Бейшемби чыгаары менен дабыш чыккан жакты көздөй:
— Ой эмне? — деп кыйкырык салды эле:
— Мынаны карачы акетай! — деп көрүнбөгөн бирөө жооп берди. Үн аялдыкы. Ошондо Бейшемби:
— Ой жолуң болгур! Ошонукун тартып жегенден көрө өлгөнүң жакшы эмеспи?! — деди, катуу дабыш менен караңгы тумандын ичинде баркылдап.
Жаңкылар экен. Баягы катын чыгып баратканда анын колундагы баштыгын жигит көрүп калган экен. Аны менен удаа чыгып кеткен себеби да ошол окшойт. Артынан жете барып, катындын баштыгындагы бирдемесин тартып жеген жатыптыр. Бейшемби жаңкыдай деп кыйкыргандан кийин, үн өчүп калды.
Биз бу жерден көчкөндөн кийин, эки күн дегенде Кара-Үңкүргө келдик. Суу-Ашуунуң орто чени. Кара-Үңкүр дегени кеминде бир короолуу кой баткыдай зоонун түбүнө бир эни-чени жок, калдайган чоң кара таш. Бир жагынан өзгө тарабынын баары туюкталып, орто жери кол менен жасалгандай кайкайып барып, экинчи жагына арта салынып, салаңдап турат. Атам заманынан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө. Кар бубактап жаап турган. Биздин алдыбызда гана келип түшүп жаткан он-он беш эшектүү кашкарлыктардын үстүнө камала-самала кирип барып, үңкүрдүн бир четине алачыкты шоңшойто койдук. Биз конуп жайланып жаткан кезде, аттарынын жүнү жылтылдаган үч киши келип биздин «үйгө» түштү. Бүгүн бул үңкүрдө биздикинен бөлөк үй өзү да жок. Кытайдын улуктары экен. Кулжа тараптан чыгышкан окшойт. Ашуунун жан чыдагыс аязында мына мындай топучан жүргөн адаттарына таң каласың.
Көп бүлө тыгылып-сыгылып, эшикти карай ыктап, тар алачыктын төрүн үчөөнө бошото бердик. Өзүбүздү коё туруп, булар үчүн казанга чай койдук. Кийим порумуна караганда чоңу мынабу мурдун кыпчып койгондой, таноосу тар, көзү кыйпыйган, чап жаак, кара сур неме болсо керек. Экөөнүн жанында бир уйгур тилмечи бар.
Жатаарда улук, тилмечине бирдеме деп койду эле, ал:
— «Аттар жоголсо сен төлөйсүң» дейт,— деди үйдүн ээси ушу го дегендей Бейшембиге карап. Ошентсе да Бейшемби боюн токтотуп:
— Жоголо койбос,— деди камаарабаган кишидей. Бирок бул сөздү уккандан кийин, Бейшемби таң аткыча какыйып, аттарды кайтарып чыкты.
Эртеси алар ары, биз бери жөнөгөнү жатсак, тилмеч улугунун дагы бир буйругун жарыялады.
— Сен Чолок-Терекке чейин бизди жеткиресиң дейт,— деди тилмеч.
Бейшемби ары айтып, бери айтып келип, тырбыйган эки жылкыдан башка мал жоктугун, алар улукту көтөрүп жеткире албай тургандыгын, өзүбүз ач талааны кезип, кызыл чиедей жаш балдар менен кылчылдаган ашууда жөө чубап, тамаксыз, күчсүз кырыла жаздап, кур жаныбыз келе жаткандыгын айтты. Аягында:
— Мына улугуңузга биздин жайды ушундай деп түшүндүрүңүз... Бечараны аяңыздар,— деди.
Тилмеч Бейшембинин сөзүн кытайчага которуп берди. Артынан улугунун сөзүн угуп алып тилмеч дагы:
— Аныңды билбейбиз. Кандай кылсаң да жеткиресиз дейт! — деди.
— Мен жеткиргидей алым болсо көрүп турасыңар го. Улук киши бечаранын алына карабайт бекен? — деп калды Бейшемби, бир эсе тилмечке жалдырап.
Булар ушинтип көчтү көпкө токтотуп, эрмектеп турду да, оюна бирдеме түштүбү, жок бир себеп мененби айтор, бир кезде үчөө тең аттанып алып жүрүп кетти. Алар жөнөп мындай узай берери менен баятан демин чыгарбай муунтуп коюп, эми чечип жибергендей «ох» де, кеңири бир дем алып Бурмаке:
— А кудай, айланайын, жетимдердин биртике ырыскысы бар экен,— деди.
Жолубузду тарта бердик...
Суу-Ашуунун башына жакындаганда, Чүкөй эжемди бир Кызайга сатып жибердик. Андан бир уй алдык. Минтпесек өлүмгө таяп калгандай учурга жетип калганбыз. Ушуну менен кытай жеринде мени менен уялаш эки эжем калды. Мындан улуусу — Батыйма деген эжем да Кытайга баргандан кийин, мурунку Көлдө экенде берген күйөөсүнөн качып баратып, жолдо бир дуңганга кармалып кетиптир деп укканбыз. Кай жерде экени маалым эмес. Бирок алган дуңганы Карашаар деген жерге алып кетиптир деген кабар бар эле. Өлүптүр деп да угулган.
XVIII
Он үч күн дегенде Суу-Ашуунун берки бетине түштүк. Көк-Теректен чыккандан бери же кадимки казак, кыргыздын шоңшойгон боз үйлөрүн же бир таранчылардын дүкүйгөн багын көргөн жок элек. Бияк андай эмес. Али жетпегенибиз менен алыстан мунарлап, карарган бактар, шаарлар көрүнө баштады.
Бир секиге чыга бергенде, туура маңдайда дүкүйүп турган бир бакты көрсөтүп, Элебес:
— Тээтиги көрүнгөн Кулжа,— деди.
Бирок биз Кулжага киргенибиз жок, ал ары жакта калды...
Бир күнү кечке жакын, Калжат деген бир таранчынын (уйгурдун) кыштагынын жанына келип кондук. Арада бир чоң сай бар. Жүктү түшүрө элек жатып мен Беккул менен Эшпайды ээрчитип алып кыштакты көздөй жөнөдүм. Жакындап барганда кеңешип туруп, көчөлөрдү сыртынан бөлүп алдык.
Мен адегенде бир узун көчөдөн баштадым. Жети-сегиз үйдөн тиленип, экөөнөн кур чыктым. Көчөнүн орто жеринде бир чоң короого кирип баратсам, ойноп жүргөн бир кичине бала мени көрө коюп, жүгүрүп үйүнө кирип кетти. Ары жактан бирөө:
— Ким уу? — дегендей болду эле:
— Тиламчы,— деди бала. Көз бакырайган бир кара катын ички үйдөн чыгып келип, эшигине туура тура калды да:
— Нема? — деди, менин максатыма түшүнүп турса дагы. Мусаапырлыктын барып турган муңдуу кейпине түшүп, салбырап:
— Ата-энем жок жетим элем. Кайыр сурап жүрөм...— деген болдум.
Ал мени ошол жерде туруп тур деп буйруп коюп, өзү кайра кирип кетти.
Ошол замат алакандай бир сынык нан алып чыкты да, караңгыда кошкурган аттай көзү коркунуч тартып «этим бир жерине тийип кетпегей эле» дегендей менден обочо туруп, колун сунду. Сурап келгеним колума тийген соң, жолго түштүм. Ал менин карааным жоголгуча артымдан карап турду.
Экинчи үйдөн эчтеме албай чыктым. Ал турмак:
— Сен уурусуң,— деп киргизбей дарбазасын тарс эттире жаап жиберди. «Мен өңдүү бирөө келип бирдемесин алып жалкытып койсо керек» дедим ичимден жүрө берип. Бир топ ары барганымда, туура жагымдан бир ит жүгүрүп келип, чаңкылдап үрүп, тегеренип туруп алды. Анын артынан жана бирөө келет. Бул экөөнү көргөндөн кийин ар кай жактан үрүп чыга берип, көбөйүп кетти. Бирок баары бирдей батым эмес, кээ бирине калп эле жер сыйпалап тап берип койсоң алдакайда жоголот. Бир кара дөбөт ыргыткан ташты барпактап, кууп кетет да жеткен жерине арс этип, бир каап алып кайра келет.
Кендир мүшөктөн тиккен көйнөгүмдүн белин курчанып алгамын. Тапканымды жылаңач койнума тыга берем. Бу жерге бизден мурун да тилемчилер көп келе берип, элин тарытып койгон экен. Муну мен башкы бир-эки үйгө киргенден эле байкагам. Ошентсе да кечинде үйгө келгенде карасак, үчөөбүздүкү бир кыйла нан. Үйдөгүлөр тамак ичпей бизди күтүп отурган экен. Бурмаке сүйүнүп кетип:
— Мына, оокат кылат деген ушул,— деди биз кирип барганда.
Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип, өзөк жалгап алдык.
Бу жерден көчкөндөн кийин Дардамты, Ачаноку, Жалгызсай шаарларын басып, күндөрдүн күнүндө Кетмен деген жерге келдик. Кеч курун болучу. Сай өрдөп барып бир тоонун арасына кондук. Күн жылып көк чыгып калган кез. Арып чарчап келген кишилер, келер менен ары-бери камтып, бирдеме ууртамыш болдук да жата кеттик... Түн кыска. Бир кезде кобур-кобур эле бир дабыштар чыгат. Бирөөлөр ыйлап отургандай... Мен ойгонуп кеттим. Таң атып калган экен. Менден башкалары баары туруп алыптыр. Бир тобу коломтону тегеректеп алып, күйөрман адам өлгөндөй шолоктоп ыйлап отурат. Таң калдым. Элебес:
— Э каранкүн! Уйкуң келсе бизди ойготуп койбойсуңбу? — деп ушуну кайра-кайра айтып, Жанымжанды жемелеп отурат.
Мурдун быр эткире чимкирип коюп:
— Же бир элге чендесекчи кокуй! Каран талаада калат деген ушубу? — деп Бурмаке мындан бетер шолоктойт.
Баарынан жемелеп айтып жаткан сөздөрү Жанымжанга гана тийип жаткан өңдөнөт. Ал демейде мындай жемеге туруп берчү эмес эле. Бу жолу «күнөө менде, өлтүрсөңөр мына турупмун» деген кишидей башын жерге салып, унчукпай гана жер чукуп отурат. Бар болгону жаңыдан көзүмдү ачып окуяга түшүнө албай жаткан мени көрүп:
— Тур! Кайсы ырысыңа жатасың!— деп мени үстүмдөгү жабууну булкуп жиберди.
Түшүндүм. Түндө жалгыз уйду ууру алып кетиптир! Короону Жанымжан кайтарган. Ал бир кезде бала эмизем деп үйгө кирип бешикти таянып туруп, ошол бойдон үргүлөп кетиптир. Төө кирип кетсе көрүнгүс бир кабак-тын үстүнө конгонбуз. Эшиктин алдынан бир аттаса кабакка кирет. Жакында кылтыйып жаткан уурулар Жанымжан үйгө кирер замат чечип жөнөптүр. Ал үйгө таңга жуук киргем дейт. Уйду жөн эле кабак ылдый күчкө салып, сүйрөп, кеткен окшойт: изи баскан малдыкындай эмес, жаанда дыргаяктап кеткен немедей эшилип калыптыр.
Бейшемби Кетменге чейин издеп барып келди. Кетмен шаары биз конгон жерден отуз чакырымдай жер эле.
— Бир уйдун изин бир калың токойго кийрип жиберип, таппай калдым,— деп келди.
Кечээ жолдон көчүп келе жаткан бир тууганыбызга кошулуп алганбыз. Бүгүн эки үйүбүз бирге көчмөк. Булар менен көлгө чейин бирге бармакпыз! Бирок Бейшемби издеп барып келгенден кийин, бизден түңүлүп алар көчүп кетти. Жалгыз үй калдык! Ошондо чоң-кичине дебей, коломтону тегеректей отуруп алып, мүрзөнүн башында өкүрүп жаткандай жабыла үн салып, күңгүрөнүп бир кеткен экенбиз... Жалгыз гана Бейшемби үн да, сөз да жок мелтиреп отуруп алды.
Жалгыз уйдан айрылган соң, бир-эки күндөн кийин үй ичибизди Кетменге алып барып сатып жиберип, идиш-аякты жалгыз тору атка жүктөп, калганын өзүбүз көтөрүп, жөө жалаңдап биз да чубадык.
Дагы бир күнү Добун деген дунгандын бир кичине кыштагына келдик. Апийим отоосу болуп калган кез. Эки-үч күн өргүү болуп, бу жерден жумуш таап алдык.
Бир күнү, түш ченде жумуштан бошоп келип, баарыбыз үйдө отурат элек. Бир кезде Бекдайыр иним сопсоо туруп эле колунда кармап турган аягын кармаган бойдон шылк этип отурган жеринде кулап кетти.
— Ой, карма тигини! — деди, Бейшемби чочуп кетип. Бурмаке «Ай ушуну сен эле кылдың го» дегендей шектүү көзү менен Жанымжанга карады. Мен да ошондон шек урдум. Көп бүлөдөн кутула жадап жүргөн Жанымжан, муну кылбайт деп да болбойт.
Бекдайыр мүрт кетти. Аны алып барып кыштактын баш жагындагы бир жерге төмпөйтө салдык. Жедеп түгөнүп, соолуп калганбы — эч кимдин көзүнөн кылайып жаш да чыкпайт...
XIX
Бүгүн Чонжу деген бир ысык жерден жөнөдүк. Бет алганыбыз тээтиги көрүнүп турган кара тоонун алдындагы дүкүйгөн бак. Ал — Ак-Суу. Ары жер өр, ары чөл. Таш тилип чор болуп таманыбыз тартылбайт. Жолдон кезиккен жан болсо четибизден ыйлап жиберип, жалынып жардам сурачудай болуп, сурубуз качып, ар кай жерде бирден, экиден сенделип араң жүрүп келебиз. Бурмаке таягы менен бөкчөңдөп жүрүп келе жатып, адатындай кобурап кетет:
— Ушул күндөр да унут болоор бекен? Ай таң, унутула койбос...
Бир аз бара түшүп дагы:
— Балким... Адам чиркин курсагы тойсо бир эле күндө...— деп коёт.
Күн аркан бою калганда Байыңказак деген жерге жакындадык. Жолду ката ысыкта бир тамчы суу көргөнүбүз жок. Тил оозго батпай, жанталашып акылдап, өлүп бараткандай болобуз. Ошондо биздин тагдырыбызды эртеден бери бийиктен көрүп тургандай, калаанын четине жете бергенде, четки үйдөн бир таранчы жигит бир чака суу менен алдыбыздан чыкты. Чөмүчү бар экен. Жазга жуук чуңкурдагы сары сууну талашкан уйдай жабыла баш салып көзүбүз алайып, өлгөнчө шимирип жатабыз.
— Көп ичпегиле, ооруп каласыңар,— дейт таранчы жигит.
Сууга канып алгандан кийин, мындай чыга берип Бурмаке:
— Кудай өмүрүңдө жамандык көрсөтпөсүн, балам! Бечара карыптын сообу жетсин...— деп алкап коё берди.
Күн бата Ак-Суу шаарына жетип кондук.
Ак-Суу — чоң шаар. Жаркент үйөзүнө карайт экен. Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык. Шаарга киргенде бөлүнүп кеткенбиз. Кайтканда болжошкондой кошулуп алдык. Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Жанына барып:
— Үйгө алып барбай баарын эле жеп саласыңбы? — деп калдым эле:
— Мына кичине эле жедим,— деп менин бетимди карабай туруп сууга чыланган бир сынык нанын көрсөттү. Сайдагы таштарды чокоңдой басып, үйгө келдик. Эми мындан ары жүрө албасына көзү жеткен соң, баш кишилерибиз кеңешип туруп, бу жерге бир аз күн токтоп, жумуш кылып, оокаттанып алып жөнөйлү дешти. Эки түнөгөндөн кийин Ак-Суудан бирөөнү таап алдык. Бул ушул жердин дамылдасы болуп турган — Мамирмазин деген адам экен. Муну кечээ тиленип жүрүп, күтпөгөн жерден Эшпай таап келди.
— Мына бу шаардын четинде бир үйгө барсам «атаң-агаң болсо айт, бизде жумуш бар, келсин» деди,—деп келди.
Айткандай эле Бейшемби барып келгенден кийин биз көчүп бардык. Шаардын күн чыгыш четинде, кашаттын боюнда дардайган чоң дарбазалуу үй экен. Үйүнүн жанында бир тешеге жакын багы бар. Бизди чет жакта бир чоң коруктун ичиндеги жалгыз тамга алып барып кондурду. Бул Мамирмазиндин үйүнөн бир чакырымдай алыстыкта. Өзү сокмо там. Ичи-тышы шыбалбаган. Эшигинин каалгасы жок, күнсүз жагында шыкырайган, бир терезенин орду тургансыйт. Үйдүн ичинде ар кай жерде, алда качан какырап калган уйдун жампалары жатат. Төр жак төбөсүндө мамынын түбүндө жыгачка жаңсай салган бир чабалекейдин уясы бар. Үйдүн төбөсүнө, боорлоруна булайып чөп өсүп алган. Тегереги тизеден беде. Биздин там коруктун күн батыш жак четинде. Көчө жагында суу жүргүдөй кылып койгон тамдын бир кичине тешиги бар. Жерге отуруп караганда, көчөдөн ары-бери өткөн адамдын аягы бу жерден көрүнүп турчу.
Күн эртең менен намаздан кайтып баратып, Мамирмазин биздикине кирди. Кирпидей тикирейген узун кашы бар, кабагы терең, чокчо сакал, кипкичине чүңүрөйгөн кара киши экен. Элүү чамасында бардыр. Көзү кандай болсо, сөзү да, кыймылы да ошондой чапчаң, жеңил, бир мүнөт тынчтык таппаган адам сыяктуу. Ары жагында куулук сактап тургандай капкара болгон ишенимсиз көзү үркөнчөөк аттай жалт берип турат. Кирип келип жаандын артынан жаңы тирилген кумурскадай, ар кай жерде кыймылдап жаткан үйдүн ичиндегилерге заматда көз жүгүртүп алды да, бизге керек боло койбогон жерден:
— Биз угуп жатабыз жерине барган кыргыздарды орус четинен өлтүрүп жатат дейт,— деп калды уйгурча тил менен.
Бир аз ойлонуп калып артынан буларга ушундай айтсам түшүнүктүү болот деген кишиче чала-була казакчалат.
— Азыр барган мен мына балаларыңа балбай...— деп, жооп күткөндөй Бейшембиге карады. Бейшемби:
— Азыр биз деле кете койбойбуз. Көптөн бери жол жүрүп, өзүбүз азып калдык. Бу жерге бир аз токтоп, сиздер өңдөнгөн агайындардын аркасы менен оокаттанып алып, анан жөнөбөсөк, азыр кете турган ой жок. Абалы жерибизден кабар алалы дейбиз. Орус чегине болсо жетип калдык. Эми шашылыш жок,— деди.
Базарга түшкөн малды сынап жаткандай менин баш-аягыма айландырып карап алып, ийинимден жогору көтөрүп, тартып коюп:
— Кетмен чабышка али жарабапсың,— деди Мамирмазин.
Өзүнүн үч уулу бар экен. Экөө катын-балалуу болуп эбак бөлүнүп кетиптир. Азыр Мукбул деген кенже баласы колунда экен. Мунусу бойдок. Жашы жыйырма бирлерде бар. Көзү чоң, тартайган бойлуу неме. Ортончусу Бакырдин — атасы түспөлдүү. Бирок мүчө курулушу андай эмес, эткээл, мойну кыска томурайган чымыр жигит. Мүчөсү туташ бүткөн немедей кишиге караганда тула бою менен бурулат. Мунусу көбүнчө соодагерлик кылат экен. Быйыл Жусуп болуш деген кайнатасы менен шериктешип беш тешеге жакын апийим айдаптыр. Апийим алып Кулжага жылына барат экен.
Кечикпей Беккул, Эшпай мен үчөөбүз энчиге тараткан малдай бөлүнүп кеттик. Беккулду Мамирмазин, Эшпайды улуу баласы Шерпеден, мени ортончусу Бакырдин алып кетти. Алар уй кайтарып калды, мен апийимдин отоосуна: шаардын башына чыгып кеттим. Бу жерди «өстөн» дешет. Чегиртке болбогон жылы элинин дыйканчылыгы көбүнчө ушул арада болот экен.
Өстөнгө барсам он чакты киши жабалактап апийим отоп жаткан экен. Бакырдин мени базарга салчудай колумдан жетелеп отуруп, түгөйү жок бир сары жигиттин жанына алып барып токтоп, менин калпагымды алып, кайра кийгизип коюп:
— Мына сага шерик,— деди.
Жигит мага таңыркагандай аңырайып оозун ачып, тула боюман чоло калтырбай карап алды да, артынан какшыктап жымыйып:
— Аа! Абдан тапылыпты! Өзүм үргөтүп аламан. Кел,— деди, колундагы чанжы менен солду көрсөтүп.
Жигитке караганда мен чабалдык кылдым: солдун орто ченине барганда, ал өз жагын отоп, менин алдымды таштап, кете берди. Алыс калдым. Кезек-кезек:
— О, жүрле! — деп үнүн көтөрүп кыйкырып коюп, кайтып:
— Нан йемсээң!—деп коёт. Мени тамашалап оюнчук кылып алды.
Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да:
— Ойнада-а-а! — деп созуп ырдап кетет.
Күн бешимге кулаган кезде нан жейбиз деп баары чогулду. Дандырга жабылган беш-алты калдайган жука нан келди. Ортолоп келген кезде, менин оң жагымда отурган сары жигит, калган нанды сындырып, эң үстүнө бир чоң сыныгын калтырып, кадырлуу коноктун алдынан өтүнгөндөй, кичи пейилдик менен колун ийкеңдетип, мага:
— Ал! — деди.
Баары колундагысын жеп болуп, эми жерден ала турган ирээти келип турса да, тигинин өтүнгөнү боюнча бири кол суңбай мени күтүп тура калышты. Алдым. Четинен тиштеп бир-эки чайнай электе, топурак аралашкан бир таш барып тишиме кычырай түштү. Ошол замат оозумдан алып кайра таштадым. Эл дуу күлүп жиберишти...
Апийим отоосунда мен он чакты күн жүрүп калдым. Жакында бүтөр эмес. Башкалары күндө кечинде топ-топ болуп, чогулуп, ырдап, күүлдөп алып, шаарга кирип кетишет. Бирлери нашаа чегип, кызып алат. Жапан талаада жалгыз алачыкты багып, бир уйгур малай экөөбүз калабыз. Карамагыбызда үч ат калат. Аны кайтарабыз, ар кайсы жерге жаңылап аркандап, мезгили менен сугарып турабыз.
Бир күнү түшкү тамактан кийин эл эс алып жаткан кезде, мен алачыктын артында бир кумурсканын уясы-нан өтүп барып, жалаң этиме кийген бешмантымды жайып коюп, жыңалач болуп, битин карап отурат элем. Ошол убакта менин жанымдан бирөө басып баратып:
— Дадаң кычкырып йатупту,— деп кетти.
— Эмнеге?
— Таң.
Муну Бакырдинге барып айттым эле:
— Барып тез кел! — деди, басып баратып үңүрөйгөн терең көзү менен мага бурулуп карап.
Үй баягы корукта. Барып, ойдо жок жерден Бурмакенин өлүгүнүн үстүнөн чыктым. Мен кирип барсам, Бейшемби «мына, көрдүңбү? Сени биз ушуга чакырганбыз» деген кишидей мага бир карап алды да, кайтып Бурмакенин өлүгүнө карады. Жыгылганына бир жумача болуптур. Муну мен азыр билип отурам. Бетине бир ак немени жаап, сундуйтуп мындай алып коюптур. Ашууда жүк көтөрүп келе жатып, тыныккан немедей Бейшемби менен Элебес, эки жерде сумсайып, жымжырт тартып отурат. Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат. Анын бери жагында бүрүшүп, Ашымкан, Жумабек отурат. Эшпай келиптир. Беккул менен Бечел жок. Өлүккө жыйналып турган бар эл ушул. Бирок кадимки жорук-жосундай үн чыгарып, ыйлаган бир да бири жок. Жымжырт тартып, адамды куса кылып ич бышырган жалгыз там. Опураган эчтеме жок. Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын куураганы жатат. Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген жаргылчак жатат. Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат.
Үйдүн ичинде жайындагы чабалекейдин бир уясы али бар экен. Балапандары чыйпылдап жетилип алыптыр. Каалгасы жок эшиктен энеси шып этип учуп кирип, балдарына жем берип жатат. Ушул уяны баягыда балдардын бирөө бузам дегенде:
— Кой, убал болот. Бу да бир күн көрөйүн деген макулук,— деп Бурмаке тийгизбей койгон. Азыр уяны көрүп, ошол эсиме түштү.
Өлүктү көмүшүп коюп, мен өстөнгө кайра чыгып кеттим. Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү. Менин алдымда, жыйырма саржандай жерде эки бутун салактатып, эшек минген бирөө кетип бара жатты. Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт. Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Бир казак артынан жөө кубалап алыптыр. Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип:
— Наге барсе? Нимишка? — деп аны жибербей тосуп калдык.
— Ойбай аке, сенин «нимишкең» бүткөнше ол кетип калды гой! — деди берки, коё бер деп жулкунуп. Булардын натыйжасын көрбөй калдым.
Эки айдан кийин Токмолдо менен Элебес өлдү. Бу жолу мен Мамирмазиндин бир күйөөсүнүкүндө болучумун. Үйү Байын казакта.