← Узак жол 7/10

XXII

Кийинки жылы Мамирмазин коюн өз колуна кыш-татты. Күндө тоого жаям.

Ушу жылы күздөн тартып, эчкиге кара өпкө келген. Мамирмазин эчкилүү бай, койдон эчкиси көп. Эки, үч ай ичинде кара өпкөдөн бир тобу кырылып кетти. Быйылкы кара өпкөнүн тушунда мунун көбү эчки болуп калганы, менин таалайымдан болгондой көрүнөт. Ар бир эчкинин өлүмү жаныма ийне жанчкандай батат. Талаада жүрүп бирөө кекейип, оттобой туруп калса анын айыгып кетишин күйөрман кишимдей тилеймин. Кожоюндарым бул кырсыкты менин каражолтойлугумдан болгондой, менин ичимде бир ала курт бардай көрүшөт. Мамирмазин өзүнүн багына кирип мага күндө бир жаңы таяк кесип чыгат. Күндө таң эртең короодон чыгып баратканымда: «Капыр ушунун эмнеси бар» деп күмөн санагандай, ала көзү менен артымдан карап калат. Анын шектенип карап, акырайганынан атып жибергени жеңил өңдөнүп, эшиктин далдаасына киргиче беш саржан жер алыс көрүнүп, кыйпылдап отурам.

Бир күнү кожоюнумдун бир жакшы көргөн кара төбөл эчкиси талаадан ооруп калды. Эртең менен болучу. Бир кезде карасам, көзү өлүмкү тартып, чөп кыркпай кекирейип, койдун бир четинде туруп калыптыр. Эчкилеринен муну бөтөнчө жакшы көрүүчү.

— Эчкилердин көбү ушунун тукуму. Ак жолтой өзү,— деп катыны кеп салып отурар эле. Чөп жесе жазылып кетчүдөй, артынан дедектеп туруп калган жеринен улам козгоп айдап коём. Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат. Кечке алек болдум.

Кечинде мен барганда Мамирмазин тышта туруптур. Алдынан чубап, кирип бараткан койго көзүн алактатып кыдыртып, өткөрүп жиберди да, кирпигин тез-тез кыйпылыктатып:

— Бүгүн аманбы? — деп сабырсыздык менен мага карады. Ошо замат жооп бере койбой басып баратып таягым менен тай туягымдын карын кың эттирип, кагып калып:

— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп.

Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканымда Мамирмазин үйүнө кирип кетип, катыны менен күңкүлдөшүп калды. Катуураак сүйлөгөндө сыртка угулуп туруучу. Катынынын жашы кырк чамасында. Чекеси, көзүнүн тегереги, эки жаагы калың бырыш. Бети жайык, эрди жука, көзү акылдуу адамдыкындай караган, тилдүү неме. Эрине караганда бул ойлонуп сүйлөгөндөй сөзү салмактуу. Көздөгөнүнө жеткирип айткан уу тили бар.

Эшикте жүрсөм, аш үйдөн бир кезде:

— Бул капыр кара жолтой болду го? — деп алып артынан — аркыны тамак ич деп кой? — деди катыны.

— Кимди? — деди кызы.

— Муканды.

Булар бизге өздөрүнчө ат коюп алган. Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки, мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу.

Кирип, эби жок колжойгон чокоюм менен эшиктин алдына, сары чылапчынга жакын барып отурдум. Башынан энчилеп койгондой менин ордум дайым ушул болучу. Мамирмазин, катыны, Мукбул, эки кызы, эркек баласы болуп төрт-беш киши бийиктиги карыш келген жапыс үстөлгө тегеректеп отуруп алып, жабырап, тамак ичип жатышкан экен. Беккул менен Ашымкан жок. Суукта, жылууга кирип ысык кесме колума тийгенге боюм чымырап, сүйүп барат. Кесме ортолоп калган кезде эки жаагымдан самсаалап тер кетти. Улам агып келе жатканда тонумдун этегин кайрып келип сүртүп коём. Тамак ичип жатышып, эшиктин алдында отурган мага катыны экөө кезектешип, анда-санда бир суроо берип коёт. Мага карышкыр көргөндөй карашат. Баарынын алдында байлаган койдой мен отурам.

— Бул эмне, күндө бири ооруп келет? — деди бир кезде Мамирмазин мага карап кабагын түйүп.

— Мен кайдан билейин. Малга келген бир кырсык да...

— Өлүп отуруп бүтө турган болду го! Бу сенин эмнең бар? — дейт катыны.

— Эчтекем жок...

Мага билдирбей өздөрүнчө кобурашып кетип артынан:

— Сен бирөөгө кошуп кайтардың беле? Айтчы ошону! — деди Мамирмазин.

— Эч бир койго кошкон эмесмин.

Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды. Тамак ичпей таш ичкендей болуп, колумдагы ашымды таштап жиберип тура жөнөдүм. Баягы кара башыл эчки! Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки ирет серпип алды. Артымдан Мамирмазин жете келип:

— Эмне болуптур? — деди көзү бакырайып. Ага берчү жооптун ордуна, өлүп жаткан эчкини көрсөттүм...

Ошондон кайтып үйгө келгеним жок. Өлгөн эчкини жайлаштыргандан кийин бардым да баягы Бейшемби өлгөн тамга кирип, караңгыда түйшөлүп барып жата кеттим.

Эртеси Мамирмазин мени багына ээрчитип барып, өрүктүн жыгачынан бир таяк кесип берди. Таяк бутактуу кадимки дубаналардын аса-мусасынын өзү! Аны берип жатып:

— Сага кандай таяк түтпөйт кысталак! Ме мына муну бысмылда деп тутуп, сындырбай алып жүр. Мындан бөлөк таяк алба! — деди.

Койду жайып кете бердим.

Мен мынабу кырдан аша бергенде, тээтиги маңдайда алыста жыбырап кой жайылып жаткан бадалдуу бийиктен бирөө заңгырап сайды көтөрүп коё берди. Тааныймын — Жоломан. Бул өзөндө мындай обон салган койчу жок. Кандай алыста, кайсы кырда жүрсөм да мунун үнү белгилүү — баягы экен дейсиң.

Бул Элакун деген байдын койчусу эле, өзү казак. Кайтарган кою миңге жакын. Жоломан бир топ менден улуу да, чоң да, мага караганда көптү көргөн, көөнөргөн немедей. Бирок ал мени баласынтпайт, мамилебиз теңтуш кишилердей. Экөөбүз кошулган жерде көптөн тааныш немече бирибирибизден кенедей сыр жашырып калбай сүйлөшөбүз. Кээде койду токтотуп жайып таштап кезек менен жомок айтабыз. Жоломан ошондой, ал канчалык айтып жатса дагы бир түгөнбөй улам ары жагынан табылып тургандай болот. Өзү болук кызыл жүздүү келген бети топтоголок, көзү кыраандай жайнаган эр көңүлдүү неме.

Анан чиркиндин обону! Чынымды айтайын, мен андай обонду экинчи бирөөдөн укканым жок. Мунуку өзгөлөрдөй жалгыз гана адамды жашытып, ичке муң түшүргөн кайгылуу карандай арман эмес. Кайта көңүлдү көтөрүп кайгыдан алып кайрат бергендей эркин эле. Үнү алда-кайдан таанымал. Бадалдуу бетке миң койду жайып таштап, өзү тоонун кылда башынан таягын таянып эңиштеп туруп алып, теңи жок бийик уккулуктуу коңур үнү менен сайды жаңыртып бирде көтөрүп, бирде калтыратып барып, салып кеткенде дүйнөдөгүнүн баары мырс этпей, жалгыз ошону тыңшап тургандай болуучу.

Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу.

Жоломан күңдө ушул. Кээде күнгөй-тескей болуп койду бет маңдай жайып таштайбыз. Койлор табылгынын арасында тескейдин карын тээп, айлана жымжырт тартып мыдыр этпей токтоп калган кез болот. Ошол кезде Жоломан акең заңгилдин башына туруп алып бир коё берет дейсиң! Ошо мүнөт талааны безеп турган таасирдүү бийик үнүндө бир түрдүү сыр бардай. Мени сагыныч жайлап, көңүлүм толкуп алда кандай бир белгисиз талапка талпынгандай боломун. Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле.

Бир күнү Жоломан экөөбүздүн козубуз кошулуп кетти. Мен койдун алдына жаңы жетип, бөлүп таштайын деп жатсам ал:

— Бара берсин, кечинде бөлүп аларбыз,— деп койду. Койлорду жогору каптатып жиберип өзүбүз сайдын аягында калдык. Бекер турганча көр-жердин башын чатып, аңгеме козголду. Экөөбүз тең таягыбызга өбөктөп бет маңдай турабыз.

— Сага кожайының калай карайды? Тамакты үсөн деп берем? — дейт Жоломан.

— Жарытпайт. Бир жез тырмак келини бар. Менин күнүм ушунун колунда. Кишинин ачка жүргөнү менен жумушу жок. Былтыр кичине түзүк эле. Быйыл эгини болбой калгандан бери ого бетер куну кетип калды. Той-соң да, тойбосоң да бир чыны кесме. Эчкисине кара өпкө келе баштагандан бери мындан бетер куну кетти. Сеникичи? — дедим мен жогору карай өрдөп бараткан койду карап коюп кайтып анын бетине карап.

— Меники эртели-кеч эки убак тамагын тойгуза береди. Тамагы кеңири. Азыкты гана аз алам...

— Анда жакшы экен.

— Сен, усу Мамирмазинде дагы эки-үш инилерим бар деп эң кой. Оларыңдын күнү не болуп жатыр? — деди Жоломан, бир аз үнсүздүктөн кийин.

— Аларды мен анда-санда гана бир көрөм. Кечинде барып жатып калам. Эртең менен өзүң өңдөнүп таң заарынан чыгып кетем. Кээде тамак ичпей кетсем да унчугушпайт.

Көзүн ирмебей бир азга бутун тиктеп ойлонгонсуп туруп:

— Сага солоруң кыйын экен гой! — деди.

— Ооба, баарынан ошолордуку кыйын...

— Эч нерсе эмес...

Ушул шаарда Ахмед деген дагы бир койчу бар эле. Өзү отуз бештерден ашып калган. Алыстан караганда байкалбаган, берекесиз сакалы бар, жапалдаш сары жигит. Жаңыдан бир асыл буюм таап алып кубанып турундай кыбыңдаган көзү дайым күлүп туруучу. Ак-Сууда бул малай жүрбөгөн уйгур аз. Койчулардын арасында биз муну көптү көргөн бир карыядай көрөбүз. Койду кандай жерге жайса токтоорун, асманга карап алып күндүн ачылаарын, бороон болорун, карышкырдын кай мезгилде түлөөрүн — баарын беш колдой билет. Колу май-да-барат иштерге чебер. Жанынан ийне үзгөн жан эмес. Кементайын, шымынын жыртык-тешигин талаада отуруп өзү жамап алат. Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Кээде кементайын чечип, күрмөсүн, шымынын алаасын, кашаттарын көрсөтүп:

— Мине, осыларды өзүм жамап алдым. Катыным болмаган соң кайтесин? — деп жылмайып күлүп коёр эле. Ишмекер катындардыкынан мунуку түк айырмасы жок. Жамаачыларби менен кыйышып тигиштери жымылдап турат.

Жоломан экөөбүз турсак, бул күндөгү адатындай:

— И, турган экенсиңдер,— деп тетигиндейден күлүп жаңкы жерде бизге басып келди.

Үчөөбүз кошулгандан кийин, койдун артынан басып жогору карай жүрдүк. Сайдын орто жерине барганда кайра кыялап, жонго чыктык. Ахмед кобурап барат. Бир кезде көзүн шыкшыйтып чыгыш жакты карап алып:

— Бүгүн боран болар мекен а? — деп койду.

— Жонго чыгып бир чоң кара таштын түбүнө кобурашып, бир аз отургандан кийин, ордумдан тура калып:

— Үшүп кеттик го — деп жибердим эле:

— Эндеше нан жесек жылынар бекенбиз? — деди Ахмед өзү да баятан бери менин абалымда турган немедей.

Ахмеддин жүзаарчысын жайып коюп белге түйгөн бирден наныбызды чечип алып үч жактап туурап кирдик. Наныбыз бири-бирибиздикинен оодук кыйдыгы көп эмес. Ахмеддин наны саал жукараак экен. Анын үстүнө четинен кетип жеп коюптур. Жоломандыкы калыңыраак, айтор эмнеси болсо да баары тең ортого түшүп кетти. Эми мындан аркысын темпке карай ар ким өз багыбыз-дан көрмөкпүз... Кеч кирип келе жаткан кезде Жоломан экөөбүз коюбузду бөлүп алып жон ылдый жөнөп бердик. Ахмед өз жагына кетти. Мен алдыга түштүм. Жер алай-дүлөй түшүп, кардуу бороон дүйнөнү бийлеп турган. Бети-башыбызды тумчулап араң жүрүп келебиз.

Ошентип келе жатып, бир кезде мен артыма бурулуп карай бергенимде, бир үч карышкыр булак этип жонго чыга түшүп, так Жоломандын коюнун тушунан качырып сала берди. Мен көрө коюп чыйылдаган жапыс үнүм менен кыйкырып калдым эле бирөө жалт кайра тартты. Жоломан көз алдында болуп жаткан окуяны ошого чейин көрбөйт. Ал кулак мурдунан чолоо жер калтырбай тумчуланып, тебетейин көзүнө баса кийип алыптыр. Жерди карап келет.

Аңгыча эки карышкыр эки-үч койдун куйругуи жутуп жиберип, бирден койду бөлүп алып сайды карай зыркыратты. Жоломан ошондо гана көрүп, узап кеткен карышкырдын артынан айкырып эми жөнөдү. Карышкырлар алактап анда-санда жалп этип артын карай коюп, алдындагы койдун куйругун кызылала кылып кыйратып кетип баратат. Артынан кыйкырып кууп кетип бараткан койчуну тоотушпайт. Жоломан сайга кирип жакындап калганда гана карышкырлар койду таштап жиберип, аркы бетке аткып чыга беришти. Шашпайт. Кайта кылчактап карап коёт. Кар кызыл жаян болуп калды. Үч койду жаралап кетти. Бир койдун куйругу шеңирейип жартысынан азы гана калыптыр...

Эртеси келсем Жоломандын кабагы бүркөө. Бүгүн күндөгүдөй эрмектешип, сайда көтөрүп обон салган жок. Мага да көңүлсүз болду. Ал да унчукпайт. Кыязы кечээ кожоюну урган белем! Бети көгала, мойнунда бир айрык бар.

Кечке жүрүп бар айткан сөзү:

— Кечээ көрөр замат неге айгайламадың? — деди мага, кабагын бүркөп туруп.

— Айгайладым гой! Өзүң бөркүңдү көзүңө баса кийип алып эшитмедиң. Каскыр авелде үшев еди, ман айгайлап жиберген соң бири кайра тарткан. Оның үстүнө боранда давысым катты эстилмей жатты...— дедим мен казакчалап.

Ушу күнү кечинде менин коюма четтен бир жолбун кой кошулуп келди. Жоломандыкы эмес, бөтөн. Аны катыны менен кеңешип туруп, шарыяттан бирдемесине жөлөп коюп Мамирмазин түн ичинде союп алды. Бул күнү Мукбул үйдө жок болучу. Чоң шамшарын курчутуп жатып:

— Бар жетелеп кел, кудай өзү кечирет...— деди мага Мамирмазин. Мен койго баратып: «Ушунча малы туруп молдо башы менен ушундай кылат экен ээ» дедим ичимден. «Эгер эчкиси кырылбаса мындай кылбас беле?» деп жана оюма кетти.

XXIII

Жаз чыккандан кийин мени кара жумушка салып, Ыйманкулга кой кайтартты. Ыйманкулдун мында келгенине бир жарым жыл болот. Казак бала бою мендей, көзү бакыракай, мурдунун учу талпагайыраак, кашынын үстүндө кыйгач сызылган тырыгы бар боз жалпак бала. Ушул Ак-Сууда бир агасы бар болучу. Ал Ыйманкулду Мамирмазинге тапшырып коюп, өзү жаздын алды менен Жаркентке көчүп кеткен.

Кош айдап жаткан кез. Бу жердин элинде чанда биринде болбосо амачтан башка жер түртө турган нерсе болбойт. Байларында да ушул. Ак-Суунун аягындагы боз топурактуу мейкинге түшсөңүз ар кай жерде арымы жок амачтарын чокчоңдотуп кош ат менен жер айдап жүргөн элди көрөсүз.

Ушундай коштун бирин мен да жетелеп жүрөм. Амачты Мукбул кармайт. Кошко киргенибиз көп болгону менен айдаган жерибиз чамалуу. Таң заарынан кирип, жылдыз толгончо жүрсөк да бир арбыбайт. Куураган амач укум жер албайт! Керээли кечке бир жерде кайра-кайра тегеренип жаткандай болосуң. Оң колумдагы күрөң ат булкуп алганда, башы менен бирге кетем.

— Тарт! — деген ачуу кыйкырык менен кайра тырышып-тырмышып тарткан болом. Түн ичинде уйкуда жатсам да артымдан бирөө «тарт!» деп дайым ашатып сөгүп жүргөндөй болот. Килейген чым менен уруп жиберет. Мен чымдын эпкини менен көмөлөнүп барып кайра турам. Кошту токтотуп коюп, Мукбул көзү бакырайып ата-энемди кыйратып сөгүп, муштумун камдап мени көздөй басып келет. Чочуп ойгонуп кетсем эчтеме да жок.

Кечинде болсо эки колум карышып далым көтөрүлбөй калат. Өзүм да көптөн бери сасык тумоолоп жүрөм. Мурдумдан суу токтобойт, каңылжаарым какшып, башым каңгырайт. Денем чыйрыгып, көзүм тунарып, жаным жер тартып туруп алат. Жатмак кайда? Жадаганда мурдумдун суусун алууга мурча жок. Керели кечке эки колум делдейип, эки жакта — тизгинде.

Үрөн алып келем деп Мукбул бүгүн кечинде үйгө кеткен. Элсиз жалгыз талаада жалгыз күрөң ат экөөбүз калдык. Асманда таруудай чачылган жылдыздар жымыңдап, караңгы түн кирди. Мен аттын алдындагы чөбүн оңдоп коюп, жем берүүчү таарды жамынып амачтын жанына бүрүшө кеттим. Айланама караймын. Шаардын анда-санда жеринен жылтылдап от чыгат. Мынабу бир эбаккы бирөөдөн калган бузулган жалгыз тамдын жанында эмгиче үйүнө кетпей топурап бир топ эшек жүрөт. Айгырлары аңгырап алыша түшүп, бири-бирин тырактап куушуп кетет. Мага караганда ушул эшектер боштондукта жүргөн өңдөнүп көрүнөт. Жаздын коңур салкын жели жүрдү. Алда кайда бир балчык сууларда бакалардын чардаганы угулат. Менде уйку жок. Караңгыда, алда бир жерден карышкыр улугандай, көзгө көрүнбөгөн бирөөлөр жашырын бирдеме деп шыбырашып жаткандай элестейт. Караңгы түн жымжырт тартып, бирдемени тыңшап турабы... Кошту бир айдан ашык айдасак керек. Мунун артынан арык чабуу, сугаруу келди. Же ак топурак келип, бул эл эгинди кеминде үч сугарып алат.

Ушундан тартып үйдү кезек-кезек гана бир көрүүчү болдум.

Качанда мен талаадан келген сайын Ашымкан карыңдашым эшикте жалгыз томсоруп, карагаттай мөлтүлдөгөн акылдуу көзүнөн акырын гана мөлтүлдөтүп жашын төгүп отурганын көрөр элем. Ал башкадан айла болбой, бир мени күтүп отургандай, качан мен келген сайын жетим козудай жүдөгөн жүзү менен алдымдан чыгып арыз-муңун мага даттаар эле. Ушул байкуш армандуу жашын алдыма тартып, менден эмне жардам болот деп ойлойт экен!

Бир күнү дагы талаадан келсем эшиктин алдындагы бозоргон кирпичке көчүгүн коюп, тоону карап муңайып отуруптур. Мени көрүп эреркегендей ого бетер ичин тартып шолоктоп кетти. Үн чыгарбай акырын гана бышактайт. Бети жүз жыл ыйлаган адамдыкындай.

Жанына басып барып:

— Эмне? — дедим акырын. Адамдын боору ооругудай чилмийген колун калтыратып, жаман мата көйнөгүнүн этеги менен эңкейип, жашын сүртүп жатып:

— Равкан уруп койду! — деди жашып.

— Эмне кылбайсың деп урат?

— Жөн эле...

— Көп урабы?

Мончоктотуп жашын төгүп-төгүп жиберип кайтып сүртүп алып мага жалдырап:

— Күндө урат. Энеси, баласы... баары урат. Тамак да бербейт? — деп ичине дарты сыйбай солкулдап кетип, калганын айтпай койду. Ыйлаганда бүткөн боюнун баары кыймылдап турду.

Сооротоюн деген ой менен:

— Беккул кайда? — деп көңүлүн алагды кылдым.

— Сайда, уй кайтарып жүрөт.

Жеңим менен жашын сүртүп, башынан сылап калып:

— Кой, мындай ыйлабай жүр садага. Антсең мен капа болом! Жаман болот...— деп тескери карап басып кеттим. Мен талаадан келген сайын ушунун бозоргон тамга сүйөнүп, журтта калган жетим козудай жалгыз бозоруп ыйлап отурганы жаныма далай баткан. Көңүлдү бузуп ичиме туз салып, жүрөгүмдү далай жаралаган. Менин жайымды көрүп туруп, муңайган армандуу кыздын жалдырап жардам сураганы мени далай кайгыга салган...

Ыйманкул экөөбүз тышка кой короонун жанына жатчубуз. Күндө чарчап келгенге карабастан ал койдон, мен жумуштан бошоп келгенден кийин мемиреген жумшак түндө көпкө чейин уктабай кобурашып жатаар элек. Ушинтип жатып кээде кыска түндүн атканын да билбей калчубуз. Экөөбүз жанаша жатып алып, болор-болбосту кеп уруп көпкө кожурашып алгандан кийин, ичибиз кайгыдан бошоп, көңүлүбүз сергип калгандай көрүнөөр эле. Башкага батынып айтпаган капкайдагыны биз айтаар элек. Ошол бирибирибизден кыпындай жашырбас элес. Ыйманкулга айткан сырымдын баарын мен Беккулга айтпас элем. Андан жашырып калаар элем.

Ушунубуздан тоюп кеткен немедей бир күнү:

— Антпей жүргүлө, ал жакшы ырым эмес! — деп кожоюнубуздун катыны тыйып койгон.

Дагы бир күнү ушинтип жатканда чапанын желбегей жамынып, үйүнөн чыгып басып келди. Анын дарбазадан чыгып келе жатканын көрүп биз сөздү коё койдук. Так башыбызга келип токтоп:

— Бу силердин бүтпөй турган эмне кебиңер бар? Айткылачы! — деди.

— Жөн эле жатабыз,— дедим мен. Ал бир аз туруп:

— Сүйлөшпөй жаткыла, жетет эми! — деди да кайра басып кетти. Ушуга биз өнөкөт алып кеткенбиз. Муну-бузду койбогон соң өгүнчөрөөк бир күнү:

— Бириң короого кирип жаткыла! — деп да айткан. Мунун минтип жатканыбызды көп баркка алчу эмес.

Соңку убактарда Мамирмазин баштап өздөрү бирдемеден чочуп тургандай сиркеси суу көтөрбөй кеткен. Биз ошондонбу деп ойлоп жүрдүк. Мындан бир нече күн мурун:

— Төмөндөн большевик деген келет дейт,— деген кабар угулган. Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой! Кайта бул кабар андан суук. Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз. Булар Мамирмазиндин көздөй болгон адамдары. Бири да большевикти жакшы дебейт.

— Төмөнтөн большевик деген келет дейт.

— Большевик жаман каапыр, адамга ырайымы жок, бир жандан кечкен неме дейт. Кезиккенин атып, асып, кыйратып келет экен...

— Казак орустун колуна түшкөн адамды коё берет экен. Большевиктин колуна түшкөн адамды кескилеп, кыйнап өлтүрөт экен.

— Меньшевик деген да бар дейт. Эл меньшевик менен казак орустун жеңгенин тилеп отурат. Калайык калкка ошондо гана жакшылык орномок. Бирок большевик каапыр эсепсиз көп сыяктуу. Анын санаты жок дейт...!

Ушинтип өмүрдө көрбөгөн, укпаган элге большевикти эч бир адамга ырайымсыз, өзүнөн башканын баарын талоо, кыруу, жоюуну гана билген бир кан ичээр, жан алгыч, шумдук кылып көрсөтүп жатты. Ушундан башка алардын эч бир максаты жок сыяктуу болуп сүйлөнүп жатты.

Бир күнү тамак ичип жатып, катын-балдарынын алдында Мамирмазин мындай деп отурду:

— Большевик жакындап калган окшойт. Жолдо катар кезиккен шаардын мал-мүлкүн талап алып, катын-бала дебей кырып, жоюп келатат дейт. Казак орустун бир шаарына кирип жалгыз жанын калтырбай кырыптыр. Өзү санат жеткис көп дейт. Эртең, бүрсүгүндөн Жаркентке кирет экен. Анда келсе бул жер алыспы? Бир түн катат да кирип келет. Эл Кытайга жөнөп жатат. Мукбул эми биз кандай кылабыз..?

Баятан бери демин ичине алып, Мамирмазинден көзүн албай эрип калган катыны, көзүн бадырайтып, чоң ачып алып:

— Йа-а-а алда! Ушундай балаа де. Мынабу кесепет-тердин бизге кесели тийбес бекен? — деп мага карады. Биздин эмне кеселибиз тиерин мен түшүнгөнүм жок.

Ушул кабар угулганына он чакты күн болбой, Ак-Суунун кээ бир байлары четинен бузулуп, жарылып, үй-бүлө, мал-мүлкү менен Кулжаны карай көчүп да калды. Большевикти жогоркудай түшүндүрүп, азгырып алдап жатып өгүздөрү менен бирге бирин-серин кедейлерди да жөнөткөнү болду. Бирок биздин Мамирмазин эмне ой менен экенин билбейм — козголгон жок. Муну менен бирге жана бир топ немелер калды. Жусуп болуш калды.

Күндөрдүн биринде Ыйманкул экөөбүз Мамирмазинден качып кетели деп сөз байлаштык. Бул ойду баштап чыгарган мен элем. Ыйманкул да буга кынжылган жок. Муну айтканымда «мен да ушуну ойлоп жүрдүм эле» дегендей кылды. Бар айтканы:

— Мындай чыкканда кокус тентип, талаада калып жүрбөйлү? — деген гана сөз болду.

— Тентибейбиз, жумуш таап алабыз. Кайда жүрсөк бир болобуз. Өзүң көрүп турасың, ушу күндө туруп кантип чыдасак болот? Ушинтип жүрүп эле өлүп кетебизби?..— дедим мен.

— Тигилерди кантесиң? — деди Ыйманкул. Мындай чыкканда бир бел байлаган кишим бардай мен:

— Өзүм абал ушу жерден узабай туруп, аларды кантип алам? Мамирмазиндин колунда туруп, айткан оюм менен болобу? — дедим.

— Ырас, алар биз менен бирге жүрүп же качууга жарабаса...

— Ошондой, аларды жалгыз мен көтөрүп жүрө албаймын.

Бирок шарт ошондой болуп болжогон убактан мурун жөнөп калдык. Түн жарымы болчу... Бир убакта мен Ыйманкулду түртүп ойготуп, кулагына шыбырап:

— Тур, таң атып кетти! — дедим.

«Ушу биз бир балааны тилеп жүрбөйлү» деген кишидей, адегенде тура койбой ыңгыранып, мен жакка бир оонап алды.

— Тур, эртеңкиге калсак менин жок болорумду билесиң. Бүгүн же кеттик, же калдык,— дедим мен дагы уйкусурап турган жаш баланы сооротуп жаткандай.

Акырын туруп кийине баштадык. Короодо койлор оор ойго түшүп, өмүрлүккө жуушаган немедей мемиреп, тынып жатат. Биз туруп басканда дандырдын түбүндө жаткан кара дөбөт «бух» деп калып, кайтып «и, силер белеңер?» «Мен да башка бирөөбү деп чочуп кеткеним» дегендей букуюп, башын жерге коюп кайра жата берди.

Биз төмөн карай кирип, калаанын аягында бир ээнге чыккандан кийин, жолсуз жер менен туура батышты карай салдык. Ар кай жерде түн катып, эгин сугарган дыйкандар жүрөт. Шаар кызык уйкуда. Жер караңгы. Мен силерди көрүп турам дегендей асманда жылдыздар жымың-жымың этишет.

Түндөгү бойдон жүрүп отуруп бешим ченде Кыргыз-Сайга келипбиз. Бул — Ак-Суудан элүү чакырымдай бери бир казак орустун шаары. Ак-Суу менен Кыргыз-Сайдын ортосунда бир гана кыштак бар. Муну кичи Ак-Суу дейт.

Кыргыз-Сай көп чоң эмес. Чамалап айтканда беш жүздөй түтүнү бар чакан гана бир шаар. Бул жерде өмүрүндө кыргыз болуп көргөн эмес. Ошондуктан бул эмне үчүн Кыргыз-Сай аталып калганы маалымсыз. Өзү тоонун түбүндө. Батыш жагында бир чиркөө турат. Шаардын эки чети менен тең жыландай ийрелеңдеп агып жаткан чоң суулар бар. Конуш жайлуу жерге түшкөн! Ак-Сууга караганда мунун табият байлыгы мол.

«Кыргыз-Сай» деп сыртынан укканыбыз менен өзүн биринчи көрүп турганыбыз. Ошондуктан келе сала шыдыр кирип кетүүгө бата албай, береги бир кара чокуда отуруп алып, көз алдыбызда жайнап турган шаарга карап көпкө чейин ойлонуп турдук. Бир топ замандан бери орус бетин көрө элекпиз!

«Кече бир күнү ата журтубуз кескилешип кеткен бирөөнүн колуна тамак издеп, бүгүн кайсы бетибиз менен барабыз? Азыр биз кирип барсак ошондогу кеги менен баары бир кыргыз деп экөөбүздү тең бир чоң муштуму бир жерге жайлап салса кантебиз? Жөн өлтүрсө да бирдеме, кескилеп, кыйнап өлтүрсө арачалап коё турган ким? Биздин өлүгүбүздү издеп, бул жерге ким келер дейсиң? Келгенде жарым тыйынча пайдасы не? Биздин мында тентип келип, кимдин колунан өлгөнүбүздү ким билет? Өлтүрөр да сүйрөп барып бир кабакка таштай салаар. Карга кузгун көзүбүздү чукуп, курт-кумурска уялап, бир-эки күндө ирип-чирип да бүтөөрбүз. Же мындай кылбас бекен? Мындай кыла тургандай биз эмне кылдык? Ал кезде муштумдай балабыз. Биздин колубуздан эмне келет? Кылса чоңдор кылды. Ошондо «Сары орустун баары орус» деп, орус аттуунун баарын жоолабай, элүү жыл эзген залим падышага, андан калса көпөс байларга каршы чаппады беле? Ушуларды эске албас бекен? Мындан өтүп ары жүргөн менен шаар жок, баары бир өлөбүз. Же жолдон ойлонбодук. Жок — барабыз. Өлсөк өлөрбүз. Бизчелик эл өлбөй коюптурбу. Биз өлгөндө дүйнөнүн кылы кыйшайып калмак беле. Он алтынчы жылы Корумдунун оозунда койдой кырылган эл эмне? Биз ошолордон артыкбызбы? Айда, барыш керек. Бара көрөрбүз...»

Чокуда жатып, ушундай ойлор көз алдыбыздан бир заматта жамырап өттү. Ушинтип, ойлонуп отурдук да бир кезде жондон түшүп келдик. Курсак ач. Кеч кирип барат. Ары жактан сезбей келсек да көчөгө кирген жерден бир калың жоонун арасына камалып калган айбандай көрүндүк. Адамдары мындай сүрдүү көрүнөрбү! Көчөдөн бирин-сериндеп кишилер өтүп турат. Чычайган муруттуу казак орустар. Шымдарынын эки жаны көк. Мындай адамдарды биринчи көрүп отурган сыяктуубуз. Ар бир адам жаныбыздан өткөн сайын электр тогу келип тийгендей болот. Бирөөлөр эми качырып келип, бизди кылыч менен салып калчудай, баарын чакырып алып, таш менен аткылап, кыйкырып, жабылып сабачудай болуп көрүнөт. Ар бир адам аттаган сайын ушул көрүнүш элестеди да турду.

Бара-бара көнүп кеттик. Адегенде бир чоң көчөнүн башынан түшүп, аягына чейин эч бир үйгө бурулбай, максатсыз адамдай кеңгиреп, жүрүп отурдук. Экинчи көчөгө түшкөндөн кийин бир короого кирсек, кожоюну жылаңбаш чыгып келип, эшигинин алдына чендетпей туруп, түксүйүп:

— Нан жок, айда! — деди. Барбайган чоң сакалы бар жапалдаш келген, күрсүйгөн жоон неме. Бая биз көрүп келе жаткан казак орустардыкындай шымынын эки жаны көк менен кыйылган. Ушул мезгилде сарайынан бир эки короз мелдешкендей жарыша чакырып турду.

Кайра бурулуп басканы жатып:

— Жумуш сурайбыз,— дедим мен.

— Жумуш! Кандай жумуш экен? — деди күлүмсүрөп.

— Кандай болсо да...

— Силердин колдон эмне жумуш келет?

— Келишинче...

Уйкудан ойгонуп кетип, азыр эсин тааныган кишидей көзүн кеңирээк ачып, бизге карап түсүн өзгөртүп:

— Айда,. жумуш жок! — деди.

Кеч кирди. Ыйманкул экөөбүз ал күнү шаардын четине чыгып, талаага түнөдүк. Эртеси дагы жолубуз болбой калды. Шаардын аягында гана бир кедейдин үйүнөн өзөк жалгап алдык. Жумуштан түңүлүп, кайыр сураганга кирдик. Бул кесипке мен Ыйманкулдан тажрыйбалуумун. Баягыда кытайдан кайтып келе жатып: Калжат, ЖалгызСай, Ачанокун, Дардамты, Кетмен, Добун деген жерлердин бирин койбой таптаган биз элек. Бирок, кайырчылыктын кандай адисине салган менен бу жердин элинен көп өнбөдү. Энесинен адашкан жетим козудай көчө тентип калдык. Бирде табылса, бирде жок.

Ушул калыпта жүрүп арадан үч-төрт күн өттү.

Дагы бир шор кайнап жүргөн күнү көчөдөн келе жатып, бир казак жигитке жолуктук. Эки бетинин сөөгү уркуйган, узун бойлуу неме. Колунда чала бутаган кайың таягы бар. Үстү башы самтыр-сумтур, кейпи: көп итке талатып азыр кутулуп чыккан адамдын өзү. Жай сураштык. Бу жер менен анча-мынча тааныш экен. Биз жайыбызды сүйлөп жан багууга кеңеш сурадык. Ал:

— Эндеше сендер булай кылыңдар,— деди бир кезде, жаныбыздан суу көтөрүп, өтүп бараткан бир казак орус катынын көз алдынан өткөрүп жиберип, ойлонуп калып. Ыйманкул экөөбүз ынтаабыз менен оозун тиктей калдык.

— Орустарга таудан ышкын терип келип берсеңдер нан береди...— деди.

— Ышкыны кайда болот?

Артына бурулуп таягы менен нускап:

— Сонау көрүнгөн бийик,— деди, бир карагайлуу тоону көрсөтүп.

— Канчалык бар?

— Азыр жөнөсөңдөр кечке жетесиңдер...

Сөз бүттү. Ыйманкул экөөбүз келечек тагдырыбызга ышкынды бел байлап, ачөзөк буралган бойдон тетиги мелмилдеген көк жайыкты бет алып жүрүп кеттик. Биз ошол асман мелжип турган бийик тоого барабыз!

Бул кезде күн бешим болчу. Сайдын жолуна салдык. Кечке жүрүп, күүгүм кирген кезде бир жалпак чокуга келдик. Бирок ышкындуу жерге бүгүн жетпей калдык. Айыл жок, бир балкачынын үйү бар эле, кийин калды. Түн кирип бараткан соң, ышкынын эртең табарбыз деп, бир калың чөптүн арасына кирип, муздак балтыркандан тоё жеп алып, ошо жерге жата кеттик... Мындан башка кылар айлаң кайсы?

Түн караңгы. Тоонун аркыраган суугу бир кезде үшүтөйүн деди. Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз. Айлана жымжырт. Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө албай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот. Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жаркылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт. Алыс... Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат. Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...

Табияттын ушундай кубулуштарын байкап жатып, көңүлүм белгисиз бирдемеге козголгондой, мен көпкө чейин уктай албадым. Ыйманкул эбак корулдап кеткен.

Бир кезде таң агарды. Ыйманкулду ойготтум. Ал ордунан турбай жатып, оболу жаагына куюлуп калган шилекейин алаканы менен жанып алып, «Бул жерге кайдан жүрүп келгенбиз» деп таң калган немедей, чылпактуу көзү менен алактап эки жагына карады.

Түнөгөн жерибизден бир аз ары жүргөндөн кийин, бир бийик борчуктардын арасындагы калың ышкынга кезиктик. Күн тоодон кылайып калган. Шүүдүрүм кете элек. Чөп белден. Тык-тык эткен кекиликтердин үнү угулат.

Күн түшкө кулаган кезде, экөөбүз эки кучак ышкын менен тоодон түшүп келдик. Сайдын оозунда кардончунун жанынан өттүк. Кыргыз-Сайга кирип ышкыныбызды кыдыртып жүрөбүз. Алар биздин бечара колубуздан тандап туруп керегинче алышат. Биз алардын бергенин алабыз. Ошентсе да кечээтен бери эмгек кылып, ач талаага түнөп терип келген ышкыныбыз бир көчөнүн аягына жеткен жок. Бардыгерин төрт үйгө саттык. Бир, эки тутамдай ышкыныбыз бирдемесинен айыпталып өтпөй калды.

Анткен менен бүгүндүк каражат таап алдык. Түш оой берген мезгилде мындай чыгып чиркөөнүн арт жагында бир арыктын жээгине келип, тапкан наныбызды сууга чылап жей баштадык. Туура жагыбызда капталдап кеткен жалгыз аяк жол менен бир-эки казак орус баласы бизди тамашалап ышкырып өтүп барат. Артындагы бирөө бизге таш ыргытат. Аларды көрмөксөн болуп олтура бердик. «Байдын эрке балдары болсо керек» деп ойлойбуз. Экөө тең тентек.

Жаныбызга дагы бир жегендей нан алып калдык.

Ушинтип багып жүрүп арадан бир топ күн өткөндөн кийин, ушул жерде бир түтүн кашкарлыктан жумуш табылды. Калаанын аягында апийим бар экен, экинчи отоосу жүрүп жатыптыр. Күндө эртең эрте кетип иңирде кайтабыз. «Ырас болду» деп кубанып калды.

Бирок бул бакыт узакка барган жок: үч төрт күндөн кийин жумуш бүтүп, биз дагы сенделип көчөдө калдык. Баягы кесипке кайра түштүк...

Эмне себептен экени эсте жок. Бир күнү Ыйманкул экөөбүз бөлүнүп кетип эртеси табыштык. Ал бүгүн кечке мени издептир. Шаардын чет жагында бир көпүрөдөн, кечке жуук кезигиштик. Ыйманкул ач окшойт көрүнүп турат: эки жаагы сорулуп, көздөрү чүңүрөйүп, керээли кечке шамалда жүргөн койчудай ээрди кеберсип кургап турат. Кечетен бери ачыкканын, эчтеме таппаганын, кайда жүргөнүн айтты. Экөөбүз тең көпүрөнүн жыгачына жөлөнүп, сууга карап өбөктөп турабыз. Ансыз өткөргөн тарыхымды мен да сүйлөп бердим.

Ошентип турсак эле күтпөгөн жерден бир кезде:

— Эми мен кантемин? — деп Ыйманкул жашыл кетсе болобу!..

— Ой, сага эмне болду? — дедим мен.

— Же жумуш жок, же жатар жерибиз жок...— деди жеңи менен жашын сүртүп жатып.

Ыйлаган баласын сооротуп жаткан кишидей, үнүмдү каадалуу салмак менен чыгарып:

— Жумуш табылат. Ушунча журттун ичинде жүрүп өлүп калмак белек. Кой, ыйлаба. Ой жолуң болгур! Анча-мынчаны көрбөй да киши болобу? Мамирмазинде деле чыдап жүрбөдүкпү? — дедим мен кайраттанып.

— Анда эч курбаса жатар жерибиз бар эле го... Ыйманкул колдураган колу менен көзүнүн жашын эки-үч ирет сүртүп алды.

— Кой! Ыйлаганды кой, болду. Мындай жерде кайрат керек,— деп ээрчитип алып ары карай басып кеттим.

Ушундан көп узабай мен ушул жерде Кыргыз-Сайдын малын багып турган бир кыргызды таап алдым. Күңгөйлүк саяк экен. Аты Шадыкан. Үркүндө Кулжага барып кайтышыптыр. Бул жерде кыргыз бар деп менин оюма да келген эмес. Көптөн бери «кыргыз» деген ат эсимден да чыгып кеткен сыяктуу эле.

Бул кыргызды мен бир казак жигиттен уктум. Ал бир күнү мага көчөдөн жолугуп:

— «Ушул шаарда бир кара тоголок кыргыз бала тентип жүрөт дейт. Көргөнүңөр болсо мени айтып койгула» — деп бир мал баккан кыргыз сени сурап жүрөт,— деди мага.

— Үйү кайда экен! — дегенимде:

— Мынабу калаанын башына чыксаң, эки боз үй көрүнөт. Ошонун бирөө,— деген.

Буга сүйлөшкөндүн эртеси кыргызды таап бардым. Үйү баягыда биз ышкынга баратып көргөн Сайдын оозун дагы эки боз үй экен. Ошондо жолдон кирбей өткөнгө азыр өкүнөм. Бир үйү казак. Кыргыз-Сайдын малын ушул эки үй багып турат экен.

Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши. Сербейген сары сакалы бар. Эки жаагы менен ээгинин са калынын узундугу бирдей. Жашы кырктардан ашык эмес. Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Ар бир сөзүн кылдаттап ойлоп сүйлөйт. Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Тасырайган көзүнүн үстүндө коюу кара кашы бар. Бул Шадыкандын зайыбы болуу керек деп жоромолдодум. Мындан башка дагы бир аял жүрөт. Бул тигинден жашыраак. Сөөк-саагы ичке. Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме. Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Бул Шадыкандын келини болуп чыкты.

Баары төрт баш жан экен. Экөөндө тең бала жок. Иниси уй кайтарып кетиптир. Кечинде көрдүм. Жашы жыйырма бештер чамасында, алаңдаган чоң көзү бар ак куба жигит. Аты — Жапаркул экен. Кечинде кирип келип, отурбай жатып:

— И, мунуңар ким? — деп жат көзү менен алактап мага карады.

— Талаадан таап алдык,— деди Шадыкандын аялы тамашалап. Жапаркул менин жайыма түшүнгөндөн кийин:

— Кыргыз дейсиңерби? Адам, кыргыз көзгө сонун көрүнүп калыптыр,— деди мага шектүү көзү менен карап.

Тамак ичүүнүн алдында, Шадыкан менин келечектеги милдетимди түшүндүрүп отурду.

— Эки үйүбүз ушул шаардын уюн багабыз. Музоосун багуу да биздин моюнубузда. Күзүндө музоо башына бирдемеден эгин берет. Ырас болду. Өзүбүз да сендей бир баланы таппай жүрдүк эле. Катын-калачтар кайтара албай эгинге түшүрүп жиберет. Сен эми жакшылап кайтар. Алар өздөрүнүн оокатын кылсын. Тиги үйдүн да бир баласы бар. Ошол экөөңөр кайтарасыңар, билдиңби...