XXVII
Ушул жерде Алымжан деген бир түтүн татар бар эле. Үйү батыш жакта, бир четки көчөдө. Өзү колунан анча-мынча иштер келе койгон ат үстүнөн табышкер бышык адам. Эки баласы бар. Улуусу мени менен тең чамалуу.
Мен ушунун жумушун көп кылдым. Отун таарычумун. Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун. Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар. Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Бул тууралуу Шадыкан аркалуу да бир айттыргамын.
Алымжандын мурунку зайыбы өлүп калып кийин качкын кыргыздан бир аял алып калган экен. Анысына бир жылдай болуптур. Аты Бурулкан, төркүнү күңгөйлүк саяк, кадимки Талканбай манаптын жакын тууганы экен. Ушуга деп «боор» тартымыш болчумун.
Боорукерлик кайда! Тили заар. Мен качан үйүнө барсам, илгерки Карпыктын келининдей кылып көчүгүмдү жер бастырбай жумшай берет.
Ушул бир күнү түнүчүндө тамак-аш коюучу тамынан мурч алып кел деп мени жумшады. Өздөрү тамак ичип олтурушкан. Там көрдөй караңгы экен. Быкыраган көр-жердин арасын кайсалап, бир топ убакыт издедим да таппай коюп кайра келдим. Ошондо Бурулкан мени бир көр жемеледи дейсиң...
— Ошол кенедей немени таппай эмне болдуң? Өзүң тоголок жетимсиң. Сен минтип жүрүп кантип адам болосуң?! — деп келип жемелебеспи. Ушундан улам мен өзүмдү бир өмүргө ылайыксыз жаралган адамдай көрдүм. Жөнөкөйдө деле менин элден бир жерим кем тургандай көрүнчү.
Бир күнү жумушун кылып, көңүлүн жайлап коюп Бурулкаңдын алдында инилерим жөнүнөн кеп уруп отуруп «Ушул арманымды жездеме бир жеткирсеңиз» дегендей кылганым бар эле. Ал «Макул, айтып көрөйүн» деген. Азыркы «кылмышым» ошого кырсык болдубу деп оюма шак этти.
Акыры менин багым жеңгендей, Ак-Суудан Алымжандын бир жумушу чыгып каларбы. Бул кабарды билген соң мени ала бар деп жалынып асты-үстүнө түшүп, асыла кетпейт бекенмин. Ал макул болду.
Мен бир күн жумуш кылып берейин деп Алымжандын өзүн көз кылып бир уйгурдун эшегин сурап алдым.
Алымжан үйдөн бирге чыккан жок.
— Сен кете бер, мен артыңдан жете барам,— деп мени жөнөтүп жиберип өзү калып калды.
Мен шашкеде чыгып, шаардын четинде бир чоң сайдан өткөн соң, Ак-Сууну көздөй кеткен кара жолдо калдым. Кыдыңдаган көк эшектин үстүндө, ширидей кара бутумду салаңдатып, ээн талаа менен жалгыз кетип барам. Алымжан келе жатат бекен деп, кезек-кезек артыма кылчактап коём. Бир тумшуктан имериле бергенимде, жогору жагымда жумуш кылып жүргөн үч-төрт кишинин бири мага колун булгап, алыстан кыйкырып:
— Вайй. Мундака ке, мундака ке! Ман саңга пулоо ясап дудар салып бирай! — деп мени тамашалайт.
Ак-Сууга бешимде жеттим. Алымжан жок. Ал эртең менен мен жөнөп жатканда Ак-Сууга мурун барып калсаң болуштукунда бол. Ошондон табышабыз,— деген.
Эмки болуш Мамирмазиндин күйөөсү Элахун экен. Аныкы шаардын четинде бир чоң ак үй болуп чыкты. Болуш ошол дегенде кулагыма жаман тийди.
Барсам, Мамирмазиндин кызы Раухан жүрөт. Мен барда күйөөгө чыга элек болучу. Күйөөсү картаңыраак киши. Өзү жыйырмага жаңы кирген, эки бети бышкан алмадай мөлтүрөгөн сулуу кыз эле. Мага баштагыдай болбой, сыртын салып сурданып калыптыр. Бая мен барып короого түшкөндө, ары бери жанымдан өтүп жүрүп, бир сөз унчуккан да жок. Бир кезде мен эшегимди байлап коюп өзүм короодо бир арабанын дөңгөлөгүнө сүйөнүп турсам чыгып келип, эшик алдындагы тепкичке тура калды да, тетигиндейден:
— Сен эмне жүрөсүң? — деди мага салкын дабыш менен.
Уктап баратып ойгонуп кеткен адамдай кыймылдай түшүп мең:
— Беккулдарга келдим эле — дедим. Раухан ошондон тик кетти.
— Аларды алганды сага ким коюптур?! Алмак түгүл кылына тийе албайсың!.. Келген убараң,— деди.
— Көрүшөрбүз... Калыска түшүп, адал сүйлөгөн эл болсо...
— Калыс? Сага калысты ким коюптур? Калыс эмес андан аркысына барсаң да түк жок,— деди да менин эмки жообума күтпөй, чамынып кайра кирип кетти. «Эриң болуш болуп, кудайга колуң жетип турган экен!» деп ойлоп артынан карап мен туруп калдым. Муну атасынын күйүтүнөн айтып жатабы деп да ой жорудум. Анткени баягы большевиктер Мамирмазин анын кудасы Жусуп болуш өңдөнгөндөрдү баш кылып, бул жерден да кырк, элүүдөйүн сулаткан экен. Менин табам канып калды.
Түн кирди. Чиркин Раухан бая кечинде үйгө кирип бир чыны чай ич да деген жок. Мен эшегимди шакелге байлап таштадым да жаандан коргологондой бүрүшүп, акырдын жанына томпойдум. Сарайдан бир тердик таап жамбашыма төшөп алгамын. Баш жагымда күңүрттөп, күрт-күрт чайнап акырда бир-эки ат турат. Бүгүн бу короодо эки ат, көк эшек, мен төртөөбүздөн башка мыдыр эткен жан жок. Караңгы сарайдын алдында жатып, мынабу чоң үйдүн ичинде дүрдүнүйө тамакты жайна-тып салып, жабырап жыргап отурган элди терезе аркылуу чырактын жарыгы менен көрүп отурам...
Эртеси Алымжан экөөбүз ушул жерден табыштык. Короодо турсам кирип келип, атынан түшүп мени атты кармап ушундай тур деп койду да, өзү ары жакта бир үйгө кирип кетип көпкө кечикти. Зарыгып күтүп турсам бир убакта келип, атына минди да:
— Жүр эми. Кайда жаңкының? — деди.
— Мынабу жакта,— деп чыгыш жакты нускадым. Мамирмазиндикине келсек, кичүү кызы тышта жүрүптүр. Биз аттан түшүп, Мамирмазиндин зайыбын кызынан чакыртып жибердик да өзүбүз эшиктин алдында күтүп тура калдык. Мен алдыдагы тагдырымдын эмне болоруна көзүм жетпей, эшегимдин чылбырынан кармалап ойлонуп турам. Он мүнөтчө болгондо Мамирмазиндин катыны, чапанын желбегей жамынып, жай басып чыгып келди да бизге бет маңдай жерде тамга сүйөнүп барып отура кетти. Артынан Мукбул келди да энесине катар отурду. Алымжан экөөбүз бир жак, алар бир болуп маңдайтескей отурабыз. Беккул менен Ашымкан көрүнөт бекен деп мен короо жакты уурдап карап коём.
А деген сөздү Алымжан баштады. Мага берген убадасы боюнча жатык кылып, шыдыратып бир топ сүйлөп чыккансыды. Булар катындын өзүнө да беш колдой маалим иш эле. Бирок Алымжандын сөзүнүн аягына чыкпай катын салгандан тик кетти. Мунун жөнү мындай эле, ошондуктан мындай болуу керек деп сүйлөшүп келүүнүн ордуна а дегенден эле:
— Мен бербеймин. Инилерин баккан акымды албай туруп кантип берем.
— Өзүңүз эстүү кишисиз. Ушунун бергидей алы барбы? Өзү бир тентип калган бечара жетим экен,— деди Алымжан.
— Алы жок болсо мен инилерин бербейм. Алы келген кезде алып кетээр!
— Андай болсо сизде булардын да акысы болоор...
— Эмне акысы?
— Төрт бир тууган төртөө тең кызмат кылыптыр. Алардын эмгеги жокко чыгабы?
— Менин колумда муну менен үчөө жүргөн. Бир иниси менин баламда. Аны менен сүйлөшкүсү келсе өзүнө барсын. Эми мендеги шордууларына келгенде, мунун бир карындашы аяк бошоткондон башкага жарабайт...
Айтыш жарты сааттай созулду. Алымжан катуу тургай эле деп кыпылдап анын жеңишин тилеп мен турам. Жок, ал бир убакта канча кылса да бул иштен эчтеме чыкпасына көзү жетип, күдөрүн үзгөн кишидей бошоп калды. Катын чыйралып сала берди.
Бир убакта баса калчудай акшырайып, мага карап алып:
— Бейшемби тирүүсүндө сени баш кылып, баш отуңар менен алып калган. Буларда сенин эми кылдай тиешең да жок. Алмак түгүл кылына тие албайсың. Буларды сен алып, мындай чыккандан кийин ачтан өлтүрүп, же бирөөгө тамакка сатып кетесиң. Чындап алгың келсе ал, журтуңдан сенден бөлөк эстүү-баштуу киши келсин. Бир берсем ошондо берем. Үч жылдай баккан акымды төлөйт. Алар бекер кетеби? Сен эмнеңди бересиң? Бар. Сөз ошол...— деп сайрал коё берди.
Алымжандын кейпин көргөндөн кийин мен «эми мындан аяна турган эмне калды» деп ойлоп, кемпир менен чындап айтышкым келди.
— Бул жерде менин эл-журтум турабы? — дедим, кемпир сөзүн бүткөн убакта.
— Турбаса барып ээрчитип кел!
Ушул сөз менин сай сөөгүмө жете түштү.
— Бизди бактым дейсиң. Сенин малыңды ким бакты? Булар үчүн киши жалдайт белең? Кайта сенде биздин акыбыз бар эмеспи? Жатып ичкен жалгыз Ашымкан экен. Эки кишинин эмгеги бир кишинин тамагына татыбайбы...
— Адамга биздин жазыгыбыз жок. Кишинин акысын жегенди билбейбиз,— деди кемпир менин артымдан.
Жаным кашайган бойдон: «Кишиге залалсыз болсоңор байың эмне атылып кетти» деп айтып жибере жаздап барып, кайтып кой, минтип айтсам жарасына тийип алармын дедим ичимден.
Бир топтон кийин жоошуган өңдөнгөн дабыш менен кемпир:
— «Молдокем дүйнөдөн кетиптир. Кудайдын буйругу...» — деп жайпай айтып куран окуганга жарабайсың да, келер менен «инилеримди бер» дейсиң,— деди.
— Куран окуганды билбеймин. Мен молдо эмесмин.
— Динден безген айбан!
— Диниң экөөң мени көп болсо Кыргыз-Сайга жеткирбей жутуп коёрсуң. Мен ансыз да...— деп барып сөзүмдүн аягын таппай токтодум. Мен ошенткенде Алымжан:
— Сиз муну менен айтышканды коюңузчу. Бул балалыгы менен айтат. Кана, инилерин бересизби? Эмне дейсиз? — деди.
Кемпир ага жооп бербей дагы мага келди.
— Жүзүкара, арам, биздин кичине белибиз мертигип турганын көрүп айтып жатканын кара! Сени нан урар!— деди да артынан: — бизден кетип да чекең жылыбаптыр го? Үстүңдө мен бергенден башка кана сенин жыргап кийип келгениң? Сен андай десең мен азыр үстүңдөгүнү дырдай жылаңач кылып чечип алам! — деди.
— Чечип ала турган дүнүйө мынабу болсо, колуңа келип бердим го. Алганда муну эмнеңе жаратат элең? Сен жыргатып койсоң ушинтээр белек? Бизди кай жерде жетиштирип койгонуң бар?..
Алымжан бир кезде ордунан обдула калып:
— Жүр эми. Болбосо кантээр элек, кетели,— деди. Бул сөз жаныма найза жанчкандай тийип:
— Кетебизби? — деп аянычтуу көзүм менен жалдырап ага карадым. Алымжан жаңкыдай деп айтты да мага карабай аттанып алып жүрүп кетпесинби. Ал кеткен соң, бул жерден жалгыз эчтеме өндүрө албасыма көзүм жетип: — Тагдыр ошол экен, өлбөсөм сени да бир көрөөрмүн...— дедим да жолго түштүм. Жашыганым жок. Кайта кайратыма келип чыйрала бердим!
Турмуштун кыйынын көрбөй жанын кастарлагандар гана жашык келет. Өмүрдө токсонду кечирип, сансыз кыйынчылык менен күндө салгылашып жүргөн адам мындайда жашыбайт. Андай адам ары чыдамдуу, ары бекем келет!
Мен эми кетсем да армансыз болуп кетейин деген ой менен мындай чыгып, буйдага киргенден кийин Беккулду көздөй салдым. Кой кайтарат экен. Алыстан артынан кубалап кетип барам. Ал шаардын аягы менен коюн жайып отуруп, бир талаага барып токтоду. Мени жакын барганда көрдү. Ошол жерге коюн токтотуп коюп, барлык өнөрүмдү салып Беккулду буза баштадым. Ушул жерден узасак эле көлгө кетип, кулдуктан кутулуп жыргай турган кишиче өз көзүм менен көрүп келгендей кылып, Ысык-Көлдү, Ысык-Көлгө барган элдин «жыргап» жатканын жел тийгизбей мактай бердим. Кенен бир чай кайнам үгүттөдүм. Ошого чейин Беккулдан бир ооз кеп чыккан жок.
Жедеп айла кетип баратканда:
— Өмүр бою эле ушинтип кулдукта жүргөндү сүйөсүңбү? Кейпиң алдакы. Жыргай турган жагыңа барсаң болбойбу! Караколго большевик келип, биз өңдөнгөн бечара-карыптарга жардам берип жатат дейт. Сен барбасаң өзүм кете берем. Кана, мени ээрчип жүрөсүңбү? — дедим.
Беккулдун бетинен ошондо гана бир кичине муюшкан белги сезилди. Бул олжону түшүргөндөн кийин эми мен апалактап шашып ары жакта бир кичине казак койчунун жанына барып:
— Сен мына мунун коюн бир пас көздөй тур. Бир кой жоголуп кетиптир, биз ошону карап келели. Эмгегиң үчүн мына муну ал,— деп белимде кайыш курумду чечип бердим. Жаш бала экен, көндү. Ошол жерден эшекке Беккулду мингизип, өзүм куйругунан кармап алыи, сабап жүрүп отурдум. Кетип бара жатып улам артыма кылчак-кылчак этем. «Ай, эми биздин ырысыбыз болсо бирөө кезикпегей эле» деп алактап барам.
Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы! Жүрөк туйлап кетти. Кармашса бизди койбой турган чоң неме.
— Кайда баратасыңар? — деди.
Жүрөгүмдүн аптыкканын токтотуп, капарымда эчтеме жок кишидей, үнүмдү калыбындай чыгарууга тырышып:
— Бир кой жоготуп ошону издеп баратабыз,— дедим.
Тергөөчүм эшегинин мойнун тиктеп, бир аз ойлонгонсуп унчукпай калып артынан:
— Ай таң... Силер качып бараткан немесиңер го?! — деди.
— Качып кайда баралы, жарыктык? — дедим. Бактыбыз бар экен, жаңкы неме ошентип бизди бир топ эрмектеп турду да бир кезде:
Хы! — деп эшегин моюнга бир салып алып жүрүп кетти. Өлүмгө таяп келген бир балакеттен кутулгандай ал жөнөрү менен батышты карай биз да сыздык.
Эшектин куйругунан алып, баягыдай сабап кетип барам. Бир жерге келгенде, күн ысып тердеп кетип, чапанымды чечип Беккулга өңөртүп койдум. Ошол кезде бир дем алып, арт жакты карасам Ак-Суу бүлбүлдөп алда кайда калган. Куугунчу көрүнбөйт.
Күн бата Кыргыз-Сайга келдик. «Эми артыбыздан кууп келер бекен деп жүрөм».
XXVIII
Шадыкан күзгө жетсек эле көлгө кетебиз деп жүрүчү. Тоодо талап менен жашыруун сырды сактап, саргарып мен да ошол күздү күтүп жүргөм. Мына, ошол саргарып күткөн күз да жетти. Бирок не керек. Шадыкан ошол убадалуу күзүндө кайтып токтоп калды. Биздин ырысыбыз чорт кесилип, ала жаздай көксөп келген, тоодой талап бир күн өрт өчкөндөй болду.
— Азыр эл жаман деп угабыз... Көлгө барган кыргыздар ачарчылыктан кырылып, орус четинен бырчылдатып өлтүрүп жатат дейт. Аман болсок эл оңолгондон кийин барабыз,— деди Шадыкан бир күнү отуруп.
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун.
Мындан түңүлгөндөн кийин бир күнү талаада жалгыз өзүм музоо кайтарып жүрүп, ойлондум да кечинде келип:
— Биз көлгө кетебиз,— дедим күтпөгөн жерден. Мунум орой айтылды. Бирок мындан сыпайы сөздүн кереги да жок эле. Менден бул сөз чыгат деп Шадыкандын мурун оюна да келбесе керек. Кабагынын алды менен инисин бир карап алды да ичип отурган аягын жерге коё коюп:
— Эмне дейсиң? — деди менин жанакы сөзүмдү укпай калган немедей.
— Көлгө кетебиз деймин,— дедим. Оттун жанында жаткан бир жарты тезекти ушалап жатып.
— Ким менен кетесиңер?
— Өзүбүз эле...
— Э, кокуй. Жолдо бирөө силерди серейте чаап кетпейби?
— Чапса кантели, көрөөрбүз!
— Кой, антип балалык кылба. Көлгө барган киши жыргап кете турган болсо биз деле көрүп турабыз. Азыр заман оюнчук эмес. Анын үстүнө жол билбеген жаш баласыңар. Мындай чыкканда бирөө жайлап кетсе, силердин тарпыңар кимге табылат? Ойлон...
Шадыкан «акыл-насаатты» көп айтты. Бирок канчалык кулагыма куйса да бир эм болгон жок. Мен «кетем» дегенден карыш жылбай көшөрүп туруп алдым. Бирок кеткенде абалыбыз эмне болот, жолду таап бара алабызбы, нече күндүк жер, жолду катар эл болуп отурабы, ач болобузбу, ток болобузбу, аман-эсен жетебизби — ушул жактары мага күңүрт эле.
Ушундан он чакты күн өтпөй багым ачылып, Караколдон келген бир орусту таппасмынбы. Муну мага билдирген Жапарбек деген казак бала болду. Бул экөөбүз мурун тааныш элек. Мен көлгө кетем деп жүргөнүмдү биле турган. Ушу бир күнү кезигип:
— Караколго бир орус кой айдап кеткени жатат. Ошону менен бирге кетпейсиңби? — деди. Ойго келбеген жерден мен кубанып кетип:
— Ырас айтасыңбы? — деп кадала түштүм.
— Ырас. Бу жерден үч жүз кой сатып алды. Өзү соодагер экен. Мен да ошого жалданып кой айдашып кеткени жатам. Дагы бир жигит алды. Бир жумадан бери камынып жаткам. Эми жумушу бүтүп кетүү гана калды. Эртең жөнөйбүз. Сен кетем десең сүйлөш,— деди.
Аярдаганым жок. Ушул кабарды угаар замат, өзүн ээрчитип караколдук киши турган үйгө салып жетип бардым. Ал баягыда Кыргыз-Сайдын опекуну турган бир тунукелүү көк үйдө экен. Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Колунда балкасы бар.
— Жаңкы киши ушул,— деди Жапарбек акырын гана мага угузуп.
Адегенде мунун түспөлүн илгери Кутурган булакта почто тартып туруучу Метрей көпөскө окшоттум. Көзү көк таштай, мурду чочконун тумшугундай теңирейген чарчы бойлуу семиз адам. Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк. Өзү соодагерликке жедеп бышкан, майлуу жердин жытын алыстан сезген, бир шум болсо керек деп ойлогудай. Сыягына караганда бир ачуулуу неме.
Анча болбогондо мен булардан калып калмак экен-мин. Эртең жүрөрү бышык болуп чыкты. Мен өлүмдөн алып кала турган бир зарыл жумушка барган немедей, жумуш кылып жаткан кишинин алдына басып барып, ийилип тура калдым да:
— Кожоюн, менин бир иним экөөбүз сиздин коюңузду Караколго чейин айдашып бирге барсак болоор бекен? Тамак өзүбүздөн,— деп калдым.
Баятан жанына келип турган менин адам экенимди же айбан экенимди айырбай турган адам, мен жаңкыдай дегенден кийин эңкейип иш кылып жаткан боюнча, мага жат көзү менен бурулуп туурасынан оңурая калды да:
— Жарайт,— деп коюп, кайра иши менен боло берди.
Ар нерсе өз тушунда кымбат! «Жарайт» деген жалгыз ооз сөзгө кубанганымдан жүрөгүм атып кетти. Ошондонбу же башкаданбы айтор, жүрөгүмдүн толкуну басыла электе дагы:
— Каракол нече күндүк жер? — деп керексиз жерден сурап койдум. Бул убакта мен кетүүгө ыңтайланып, бир бутумду кайра тартып калган элем. Кожоюн ошо замат жооп бере койбоду. Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым. Жаңкы бир топтон кийин башын көтөрүп, менин кете элегимди эми көргөн кишиче мага карап алып, кайтып ишине кетип:
— Бир жумада жетебиз,— деди.
Мындан мурун кетүү жөнүндө алда кандай болот деп, сары-санаа болуп жүрчү элем. Эми чындап ишке киришмек болдум. Иш чукул. Бул кабарды кечикпей үйдөгүлөргө жеткиздим. Атам тааныбаган бирөөнү эш кылып, жерге тийбей сүйүнүп жүрөм, Шадыкандар эми бизди кетиштен калды деп жүргөн окшойт, аларга бул кабар жайсыз тийип, эми чындап кетериме көздөрү жеткендей болду.
Ошондо кетсе жолдо өлүп калат деп чыны менен бизди аядыбы же кызматыбызга кызыктыбы Шаадыкан — дагы баягыдай асылды, бузду, көлдү жамандады, жолдун жан чыдагыс коркунучун айтты, кокус бир жаза тайым болуп, ач талаада жайрап кала турганыбызды да эскертип өттү. Койчу эми, токсон алакет жорук. Мен жедеп көнбөй турганыма көзү жеткен соң:
— Эмесе Беккулду таштап өзүң кет. Аны бөөдө өлтүрүп аласың дегенге токтоду.
Бу жерге келгенде да мен:
— Кетсек экөөбүз тең кетебиз. Өзүм кетпеймин,— деп кесип айттым.
Эртеси болду. Жүрөк алып учуп жүрөт. Соодагер турган короого эки жолу салып барып келдим. Мындай чыкканда кандай күнгө түшөрүм ойдо жок — ушу жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм. Өмүрлүк тагдырым жалгыз ушул сапар менен чечилчүдөй көрүнөт.
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен. Жалданган эки казак бала, бир жактан бөлкө ташып келип, капка салып жатышат. Бөлкө көтөрүп менин жанымдан өтүп бара жатып Жапарбек:
— Азыр жөнөгөн жатабыз,— деп кетти.
Иштин чукул калганына көзүм жетип, ошо жерден кайра Беккулду көздөй жөнөйүн дегенимче болбой, жаңкы кожоюнубуз мени да бөлкө ташыганга жумшады. Жөнүмдү айттым эле:
— Анан барасың,— дегендей кылды.
Бөлкөгө кетип бара жатып: «Беккул менен сенин жумушуң жок ээ» деп ойлоп алдым. Барып кайтканымча кокус үлгүрбөй каламбы деп кыпылдап жүрөм. Чукул жерден жөнөп калса, сен иниңди алып келгиче тура турайын деп ошол мени күтүп турмак беле!
Бөлкөнү тез ташышып жиберип, буйдалбай кайра Беккулду карай зымырадым. Ал шаардын четинде музоо кайтарып жүргөн. Жакын болучу. Өзү да алыс кетпептир. Эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда алыс кетпе деп айтып койгом. Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур. Куураган маяны шуудуратып жетип барып ашыгып мен:
— Жүр, кетмек болдук! — деп ээрчитип алып, үйдү карай жүрдүм. Үй болучу, эгин алынып болгондон кийин шаардын аягына келип конгонбуз. Биз барганда Жапаркулдан башканын баары үйдө экен. Бара сала мен:
— Тигилер жөнөп жатат. Биз эми кетели,— дедим. Эми бир жаңсыл боло турганыбызга көздөрү жеткендей болду. Шадыкан:
— Айткан тилге көнбөй балалык кылдыңар. Жол тартып бара жатып, кийин жаза тайым бирдеме болуп калсаңар «атаңдын көрү баякынын айтканы келди» деп, бир өкүнөрсүңөр. Жаныңарда жалгыз тыйын каражат жок. Кетсеңер ана, бир аяктай буудай куурутуп койдум. Ошону азык кылып, эптеп кетерсиңер. Андан башка берели десек колубузда жок,— деди да катынына карап: — Жаңкыны алып бер,— деди.
Жийдекан ордунан туруп, чыгдан жактан куудурап, катып калган бир кичине жаман чаначты алып, мага берип жатып:
— Ээленип алган немелерди эмне кыласың? Тим кой, бара берсин. Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Оозу бир кара шоона менен буулган. Биздин азык ушул болсо керек!
Жийдекан жарма куюп бизге сунганы жатканда Шадыкан:
— Талкан чалып бер. Бир жолу тоюп алышсын. Мындан кеткен соң эми буларга ким берер дейсиң,— деди.
Акыркы жарманы ичип, эми туруп бара жатканыбызда:
— Бутуңарга да бирдеме илип албай кеттиңер. Жыңайлак, ташыркайсыңар го. Баргыла эми бечаралар. Жолуңар болсун...— деди Шадыкан, биздин тула боюбузду түгөл карап алып.
— Эчтеме эмес. Жетербиз. Кошкула! —дедим да, мен Беккулду ээрчитип жүрүп кеттим.
Жаңкылар жөнөп калган экен, чаң буркурап калды. Биз кошулуп, эки казак бала — төртөөбүз каптаган көп кой менен батышты карай сапырылып жүрүп бердик. Жалгыз атын кичине арабасына кошуп алып, кожоюн өзү илгери кетиптир. Алардын азык-түлүгү арабада. Көп койдун туягы менен чаң көтөрүлүп кетти.
Бир кезде шаардын четине чыгып, жазылган сары талаага түштүк. Батыш жак өрттөй кызарып, күн кыл-кылдап батып бараткан. Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду. Асман жарык. Акырын гана бир калыпта сыйпап өтүп турган сүйкүмдүү жел бар. Тура түшүп, жаңкы кара тоонун алдынан дүкүйгөн бир чоң кара бак көрүндү. Күндөгү көргөнүңдөй эмес! Мага баары кошул-ташыл болуп келип, таасирлентип, жүрөгүмдү козгоп жиберди. Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундуктан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берипмин. Эх! Чиркин өмүр...
Бүгүн түнү менен жүрүп, эл жатар убакта Чочоной деген бир жерге келдик. Кожоюнубуз мурун келип, атын отко коюп салып, бизди күтүп турган экен. Биз жакындай берген кезде, алдыбыздан утурлап келип:
— Ушул жерге токтоткула! — деди.
Койлорду туш-тушунан чыгып, ийрип жибердик. Ушунда түнөй турган. Койлор жуушап калган кезде, Беккул экөөбүз бери жакта калып, кожоюн эки малайын ээрчитип алып, арабасын көздөй кетти. Араба бизден обочо болучу. Бир убакта колдоруна бир-бир кесим нанын кармап алып, экөө тең кайра келди. Түн караңгы. Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз. Жаныбызда мемиреп жаткан койлордон бөлөк айланабыздан эчтеме билинбейт. Тегерек тынч. Караңгыда келип, бу жердин кандай экенин да байкабадык. Бизге жакын жерден шылдырап бир арык агып жаткандай болот. Түнөргөн тоолор, терең кашаттар...
Алдыбызда тигилердин нан жеп жатканын көрүп, эликтегендей бир убакта мен чаначымдын оозун чечип, буудайдан Беккулга бир уучтап берип, өзүм да өлчөгөндөй кылып, ошонун көптүгүндө уучтап алдым да, чаначты такымыма кысып койдум. Ошол убакта «булар баятан бизди беришет деп турган го» деп ойлогон немедей, Жапарбектин жанындагы жигит бизге карай:
— Өздериң көрүп турсыңдар гой. Сендерге берейик десек өзимиз аш калгалы турмыз. Бизге бергени мына,— деп колунда күңүрттөгөн бирдемени көрсөттү.
Анын өлчөмү канча экенин караңгыда ажырата албай калдым.
— Кыргызың бир неңке берген жокпу? — деди жаңкынын артынан.
— Колунда жок болсо эмне кылсын? Бир аяк буудай кууруп берди.
Токочун чайнап кетип, унчукпай калып, бир аздан кийин дагы:
— Эгер жериңе барган кыргыздарды али өлтүрүп жатса кайтесиндер? — деди.
— Бизди эмне кылдың деп өлтүрөт?
— Сүйтсе да аныгын билмей чыккансындар гой,— деди бизге өзү бир камсыз болуп бара жаткан кишидей.
Бул сөз мени бир ойго калтырып салгандай болду. Ошентсе да:
— Мейли, бара көрөрбүз! — деп кенебеген киши болуп койдум.
Биз ушинтип отурсак, бир убакта жогору жактан өзү көрүнбөй кожоюнубуздун үнү чыгат. Бирдеме деп, бапылдап, сөгүп жүрөбү.
Бизди чакырат. Карасак аты бошонуп алып, карматпай жүрүптүр. Жабыла жүгүрүп, туш-тушунан чыктык. Бир сапар камап алып, кармай турган болуп келгенде ортобузду жарып, чыгып кетти. Ушул ат качып кетсе бүгүн акыр заман орночудай жаныбыз калбай безилдеп кууп жүрөбүз. Мен бир жерге жүгүрүп бара жатып, арыкка бутумду салып алдым.
Ошентип жүрүп, аны көптөн кийин кармабадыкпы... Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Биз өз жайыбызга кайттык.
Төртөөбүз тең каршы-терши болуп, баягыдай отурабыз. Бир-бирибизге лам деп сөз катышпай, жымжырттык жайлап алды.
Коркунучтуу түш көрүп жаткандай кара түндө отуруп, мен бир кезде терең ойго кеттим. «Ийе, ал күндөр алыс калды. Бир заманда алты канат үйдү каптаган 14 бүлө бар элек. Алар бу күндө кайда? Арып, азып кырыла турган болгондо жан айласы үчүн жалгыз уйга сатылып, Кулжада бир кызайдын колунда Чүкөй эжем калды. Алда кайда бир дуңгандын жеринде томпоюп, Бекдайырдын жалгыз молосу калды. Элебес, Бейшемби, Токмолдо, Бурмакелер өлдү. Алардан калгандан кийин, жалгыз баласын колтуктап алып, төркүнүн издеп, Жанымжан кетти. Кайда кеткени дайынсыз болуп Бечел жоголду. Ырайымсыз бирөөнүн колунда туткун болуп, тирүүлей көзүн жалдыратып Эшбай менен Ашымкан калды. Мына ошончо каптаган бүлөдөн өлгөнү — өлүп, тирүүсү тирүүлөй калып отуруп, бүгүн шодоюп Беккул экөөбүз гана кайтып барабыз. Бечара кыргыз не көрбөдү! Өлүгү көрүнгөн жерде көмүлбөй, ит менен кушка той болду. А шум дүйнө! Залим падыша болбосо биз ушуну көрөт белек...»
Ушинтип элсиз талаа, кара түндө жалгыз оңшуюп отуруп алып, калың ой термеп көпкө бошотпой жатты. Жолдошторум уктап калыптыр... Мен да чарчагам, уйкуга кеттим...
Бир кезде:
— Тургула, жөнөп жатабыз — деген бир үн чыкты. Көзүмдү ачсам али таң белгиси жок. Чыйрыгып калыпмын. Кожоюнубуз арабасын чегип койгон. Мен шашып Беккулду ойготтум. Ал кардуу бороондо келип тыгылган күчүктөй, эки колун бир-биринин чыканагына чейин жиберип, түйүнчөктөй болуп, менин жаныма бүрүшүп калыптыр. Түнү бою дирилдеп чыкса керек.
Биз койду айдап эки чакырымдай жол басканда таң атты. Көптөн кийин бир куба жолдон ашып Сайга кирдик.