← Узак жол 8/10

XXV

Шадыкандын аялы — Жийдекан бир кезде:

— Тур, кагылайын музоого бар,— деп акырын мени түрткүлөп, ойготуп жиберди. Таң атып калыптыр. Мен туруп тышка чыксам, тоонун башынан күн жаңы кылтайып келе жаткан экен. Кечигип калыпмын. Айлана көшүгөндөй момурап жымжырт тартып турат. Асманда кашыктай булут жок. Аба таптаза. Тумшукту желге тосуп жаткың эле келет.

Келечектеги жолдошум менен эми тааныштым. Экөөбүз үйдөн бир чыгып, төмөн карай бирге бастык. Көзү капкара, мурду кырдач, эти жок чилмийген арык кара бала. Бою менден пасыраак. Эски тону бар. Бутундагы чокоюн, балтырын жип менен чырмап алыптыр. (Мен жыңайлакмын). Кийизден кылган боз байпагы бар.

— Атың ким? — деп сурадым.

— Ыракымбай.

Бир аз бара түшкөндөн кийин мага кылчайып күлүмсүрөп:

— Сеникичи? — деди.

Кедейдин баласы болгон менен турмушка көп ийленип, быша элек болсо керек. Көрүнүп турат. Ата-энеси, агасы, эжеси бар экен. Агасы Жапаркул менен уй кайтарат экен. Биз бада чогулта турган жерге барсак, агасы ошол жерде туруптур. Тартайган узун бойлуу, жаагы кере карыш келген, мурду куштун тумшугундай ийри, коюу мурут кара жигит. Өзүнө жараша чубалган узун кара таары бар. Орустун берген эскиси болсо керек.

Бада шаардын кылда башындагы бир көпүрөнүн жанына чогулат экен. Ушу жерден биз эки уйчу, эки музоо-чу болуп,— төрт киши тура калып, уйларды бир бөлөк, музоолорун бир бөлөк кылып, ийрип турабыз. Катын-калач дебей ала-кула болуп, ар кайсы көчөлөрдөн бирден, экиден самсаалап, топ-тобу менен музоолорун, уйларын айдап келип, өткөрүп берип жатат. Мына мында бир моюну күрсүйгөн күрөң бука жердин астынан унчуккандай алда кайдан күңгүрөнүп келип, боштондукка семирип, жерди челип, күчтүү буту менен топуракты жонунан алыс чапчып ыргытып турат.

Күн көтөрүлүп калган. Бада чогулуп болду белем. Бир кезде Жапаркул алдынан жаза тайым учкан бөдөнөгө тап бергендей колун сермеп калып:

— Ал, айда! — деди.

— Жерге батпаган малды топуратып айдап жөнөп беришти. Музоолорду ийрип калып, алар узап кетээр менен биз да жөнөдүк. Бери болгондо беш жүз бар! Жогору карай айдап отуруп Сайдын оозуна жакын тоонун түбүндө, мелтиреген түздө бир чоң бактан өттүк. Муну «Ыйбандын багы» дешет экен.

Тегереги бек. Ичинде дүйнө жемиштин баары бар. Бактын көлөмүн көз менен өлчөп айтканда кенен эки теше бар дей турган.

Ушул бактан бир аз өтүп талаа түгөнгөндөн кийин Сайдын ичинде бир калың токойго кирдик. Музоолор токойго житип-житип кетти. Өзүбүз музоолордун жолун тосуп, Сайдын ооз жагында бир чоң көлөкөлүү талдын түбүнө бекиндик. Күн ысый баштады. Ыракымбай бери жактан баратканда мага:

— Бызаулар жаман. Кашып кетеди,— деп эскертип койгон. Иш жүзүндө муну мен өзүм да көрдүм. Ыйбандын багына келбей жатып, улактай секирип, эки жаш музоо кайра жөнөгөндө зорго жетпесминби.

Музоолор токойго кирген соң, тынчып калды. Биз чокоюбузду чечип, батекбайпагыбызды жайып таштап, жеңилденип даяр болуп отурдук. Бир аз убакыт озду.

Ошентип эчтемеден капарсыз отурсак эле, бир кезде, катарымда жаткан Ыракымбай:

— Кетти! — деди.

Узунумдан түшкөн бойдон кылчайып карасам, эки музоо төмөн карай сырактап жөнөп калган экен. Жаткан жеримден учуп туруп мен да жөнөдүм. Музоолор суунун ары өйүзүндө кетип барат, мен алдынан утур чыгайын деген ой менен жолду кыскартып бери өйүзүнө салдым. Менин чыкканымды көрүп калгандай, бара түшүп алар катуу жөнөдү. Мен да көшөрүп алдым. Ыйбандын багына кеч кирбей бир тумшуктан имериле бергенде качкындарга кууп жетип, кайра тостум.

Кайра келсем Ыракымбай бери жайылып чыккан бир топ музоолор менен алек болуп жүргөн экен. Мен жанына келгенден кийин күлүктүгүмө ыраазы болгондой:

— Жетип алдыңба? — деп ырсайып койду.

Аз туруп дагы бир тобу жөнөдү. Мен алыстан качырып калып үчөө кутулуп кетти. Буларды да «кетти!» дегенде көрүп калдым. «Кетти» дедик — түшүнүктүү. Мындан артык сөздүн кереги жок. Ыракымбай кээде капысынан шашып калганда гана «кетти, кетти» деп эки-үч айтып жиберет, Бул сөз көбүнчө музоолор чукул жерден качып жөнөгөн кездерде жумшалат. Бирок мен куугандардын көбүн куткарганым жок. Ыракымбай куугандардын чанда бири болбосо көбү жеткирбей кетти. Жеткирбесине көзү жетеби, же даки болуп калганбы, айтор мендей жанын таштап артынан сүрө түшпөйт. Бир аз жерге чымын-куюн болуп куугансып барат да музоолор узай бергенде туруп калат.

— Ай аттигиниң, бир тобун качырып жибердик ээ— дедим мен кейип.

— Оо, бүгүн жакшы! — деди Ыракымбай.

— Эмне үчүн?

Бир эки баса түшүп жакын келип, мени жаңы көрүп тургандай бетиме тиктеп тура калып:

— Күндө кудай салмасын, жыйырма отуздан кетедин...— деди.

— Тосчу эмес белеңер?

— Тосамыс. Алиги Жапаркулдун келинчеги өзү бир маймактап жүрө алмаган неме экен. Кашкан бызоулардын барын де мен кайратынмын. Кейде бызоулар жабыла кашып жөнкигенде жалгыз өзүм ээ бол май калам. Ол эш нерсеге да жарамайды. Авзын ашады да турады. Анау бир күн жыйырмадай бызоу кашып барып, эгинге түшүп кетип орус төлөтөм деп пале салып!..

Кеч бешимден ылдый кулаган кезде!

— Энди айдайтын убак болду,— деди Ыракымбай.

— Мезгилин билесиңби?

— Дал убагы энди, биз барганда бир аздан кийин сыйыр келди... Чачылып кеткен музоолордун баш аягын жыйнап, экиден, үчтөн болуп, топ-тобу менен көлөкөлөп жатып алгандарын тургузуп айдай баштадык. Улактай секирген жаш музоолор, айдаган жерден сырактап, оюн салып жөнөдү.

Эртеси түш мезгилде күн жаады. Эртеден бери бүркөк болучу. Асман тамтыгы чыгып, сөгүлүп жаткандай жаркылдап тарсылдап туруп бир кезде чоргодой төктү. Жарк-журк этип келип тириде жок катуу дабыш менен күн күркүрөгөндө музоолор диртилдеп жыгачтардын түбүнө корголоду. Мен коюнкончумду кымтыланып башын жогору каратып, үйгө жөлөп койгон куургучтай үп-сүйүп, бир чоң талдын түбүндө бутумду тиктеп тикемден туруп турам. Жыгачтын жалбырактарын тырсылдатып, жаан тынбай сабап турат.

Ушул жерде жалгыз өзүм жымжырттыкта туруп, ойлонуп кетипмин. Кыялдын бир тобун жамыратып өткөрүп жиберип, бир кезде Ыйманкул эсиме түштү. Экөөбүз ажырашканга бир топ болду. Мен баякыда Шадыкандыкына келгенде ал бир казак оруска малай жүрүп кеткен. Ошондон бери көрүшө элекпиз. Жүргөн үй кайсы көчөдө экенин да билбейм.

Киши колдуу болуп өлгөнү, жок өз ажалынак ооруп өлгөнү маалым эмес: кийин Ыйманкулду өлдү деп уктум.

Арадан бир айдай убакыт өткөндөн кийин үйрөнүп кеттим. Күндө тоодон түшүп келе жатканда, Ыракымбай жолдон үйүнө бурулуп калат. Мен музоолорду айдап шаарга кирип кетем. Кай бир үйдүн музоолорун үйүнө айдап барып берсем нан берүүчү. Бирок бардык музоонун үйүн тааныбаймын. Ошондуктан кээ бир музоолордун артынан түшүп алып, кайда бурулса ошондой ээрчип жүрүп отурчумун. Ошентип барып үйүн таап алам. Ал үйдүн музоосун таанып, белгилеп коём.

Бирок баарынан бирдей жолум боло берчү эмес. Көбүнесе байлардын үйү кур чыгарат. Качан да болсо жардылар кайрымдуу келет дейт Жек Лондон. Муну да баштан кечиргенбиз. Казак кыргыздын айылын аралап жүргөндө да, непир дандырдай болгон ак үйлөрдөн кур чыгып кайдагы бир үтүрөйгөн жаман үйлөр берер эле. Мынабу Кыргыз-Сайдын казак орустары да ошондон айырмасы жок.

Ушулшаардын күн чыгыш жак четинде короосу буюмга жарды бир жапырайган жалгыз үй бар эле. Бири мала кызыл, бири күрөң — эки музоосу бар. Жазбай тааныймын. Ушул үйдүн музоосун айдап барып бергенимде кур койчу эмес. Жашы кырк чамасында, жүзү жарык, бою типтик токтоо бир катыны бар. Жай ирмеген күлүмсүрөгөн сүйкүмдүү көзү менен караганда кишинин ичиндеги сырын көрүп тургандай болучу. Мүнөзүнө караганда — сөзгө сараң. Качан да мен барган сайын ушул катынды көрөр элем.

Бир күнү кечинде барсам мага бир жуп-жумуру калач берип жатып эки бөйрөгүн таянып тура калып, көзү менен карап калып мага бирдеме деди. Казакча тантыр-мунтур тилди билчү. Түшүндүм.

— Баягыда кайыр сурап келген бала сен белең? — дегендей болду.

Бизге жакын жерден безелентип бирөөнү кууп бараткан ак корозду карап калып мен:

— Анда жумуш сурап келгемин,— дедим анын бетине карабай уялыңкырап туруп.

Ушундан ары тартып көбүнө таанылып алдым. Мурун көргөндө «казак» дечүлөрдүн көбү кийин мени «бызоучы» деп чакыруучу болду. «Бызоучы» деген ат мага бир даражалуу болгонумдай көрүнөт. Кулагыма жакшы угулат.

Бир күнү кечинде музоолорду шаарга кийрип жиберип бир көчө менен кайра келе жатсам Жийдекан жолукту. Бирөөнүн ишин кылып алпарып берип үйгө кайтып бараткан экен. Күн батып калган. Күндөгү музоо чогултчу жерден өтүп баратсак ат сугарып турган бир жигит:

— Эй, бызоу неге эгинге түсүрөсүң шайтан! — деди бизге карай.

— Качан көрдүң?— дегенимче менин сөзүмө күтпөй:

— Эми жиберсе, ато баш сындырам! — деди, биз өтө бергенде муштумун түйүп калып.

— Атаңдын башы сындырасың! — деп калдым мен. Муну уккан, укпаганын билбедим. Оозумдан ушул сез чыгары менен катарымда бараткан Жийдекан мени кап-талдан укуп калып:

— Кой, антип айтпай жүр, кызык баласың го! Оруска теңелип. Келип алып уруп койсо кантесиң? — деди. Унчукканым жок.

Биз үйгө келгенде Жапаркул койнуна катып келген бир сынык бөлкөнүн күкүмүн кенедейин жерге түшүрбой чебердеп табакка күбүп жаткан экен. Бирөөнүн ишин кылып берип алып келген нанын Жийдекан да кошуп жиберди.

Тамак жагына калганда бул үйдө бир Шадыкандан башканын баары табышкер. Катындар болсо көрүнгөндүн жипшууларын ийрип, эскисин жамап, бирдемелерин кылып берип алат. Мен — музоосун айдап барган үйдөн алам. Жапаркул талаада тууган уйдун музоосун жеткикирип берип алат. Тапкан олжобузду кечинде баарыбыз ортого салабыз.

Алардыкынан менин дагы бир артык кирешем бар эле. Ушул Кыргыз-Сайдын тоосунан бүлдүркөн сыяктуу бир баржайган жемиш чыгат экен. Мурун көргөн эмесмин. Өзү таштуу жерде күңгөйдө болот. Ушуну казак орустун катын балдарына терип алпарып берсем нан берүчү.

Бирок баарыбыздын күнүнкү тапканыбыз бир жегенден чыкпайт. Кээде Жийдекан менин таап келгениме алымсынбай:

— Жолдо жеп алгансың го? — деп күмөн санап оозума карар эле.

— Жегеним жок, бергени ушул,— деймин. Ушундан он чакты күн өтпөй Кыргыз-Сайга бир чоң өзгөрүш кирди. Анын себеби баягы мен Ак-Сууда уккан «Большевик» деген сөз! Бул сөз Кыргыз-Сайда да көптөн бери жайлап алган. Ошондо Ак-Суунун эшендери, байлары Большевикти көпкө кандай түрдө кылып түшүндүрсө, бул жер да ошол.

— Большевик — бир элдин таалайына каршы жаралган калайман. Адамды аё деген жек, жандан кечкен бузук. Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот. Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү... Мына, Большевиктер ушул үчүн гана жаралган. Аларда мындан бөлөк тилек жок. Анын колуна түшкөн адам жатса соо калбайт...—деп түшүндүрүп жатты, Кыргыз-Сайдын бузукулары.

Бирок ушул кеп кандай укмуштуу болуп айтылып жатса да Кыргыз-Сайдагы малайларды көп коркунуч даарыган жок. Мунун себебин өзүм да билбеймин. Талаганда менин эмнемди алат, өлтүргөндө менин кайсы жазыгым үчүн өлтүрөт дегениби, айтор көп сезген жок. Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат...

«Большевик келет экен» деген сөздөр мурун бир алыскы кабар сыяктанып көрүнсө да, бу күндө жедеп чындыгына жеткендей, андан эч ким качып кутулбай тургандай, не болсо да эми анык болордой көрүнүп турду. «Жакын калыптыр. Бүгүн-эртеңден келет экен. Жаркенттен өтүптүр. Большевиктер жердин бетин бербей каптап келет дейт» — деген сыяктуу сөздөр күндөн күнгө күч алып бараткан.

Ушундан көп кечикпей:

— Казак орустар большевиктен чочулап турат. Опекун, атамандар баштап качууга камынып жатат. Курал жарактары менен кытайга кире качып кетип жаткандар да бар экен...— деген кептер жайылып кетти.

Теги Кыргыз-Сайда баштагы түр жок. Майрамдарда жыйналып арак ичип, бийлеп үйдү төбөсүнө көтөрүп, жабыла ырдап жыргап жатканда, мен көчөдөн кетип баратып терезесинен көрүүчү үйлөр кайда! Байлардын сол-кулдаган кыздары, боз балдары болуп, эртели-кеч майрамдай кийинип, чогулуп ырдап, гармонь тартып зоок-тор мурункудай тышка чыкпайт. Алар барып алып абаны жаңыртып, көк шиберди уйпалап жатчу токойлор, суунун жашыл бойлору, бул күндө той таркагандай болгон.

Мен бир күнү шаардан үйгө кеч кайттым. Күн ачык. Асманда жылдыздар жыбырай баштады. Кетип баратып жолдо бир суунун боюна көңүлүм тартып отургум келди. Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем. Суунун боюнда бутумду сунуп, тунук аба менен эркин дем алып, акырын гана шыркырап жаткан агымга карап, ойго кетип отурам. Айланам өлүктөй жымжырт. Алда кайда бир алыстан баканын чардаганы угулат. Бир кезде шаар жактан муңдуу кылып чиркөө кагылып, анын караңгы түндү кайгылуу кылып калтыраткан дабышы менин кыялымды терметип алда кайда узатып кетти...

Казак орустар үч күндөн бери тынбай көчүштү. Эртеден кечке Сайды бошотпой арабаларын калдыратып, карагайдын арасына барып жоголуп жатты. Байлар бирин-серин калган дүнүйөсүн алып, акыркы көчтөрү менен сандалып бүгүн кетип баратты. Большевик келет деп болжогон күн да бүгүн. Мына мында бирөө араба сынып артына чычаңдатып бир уюн байлап алып жакындап калган жоодон качып бараткандай ашыгып түшө калып бирдемелерин оңдоп коюп, жан талашып жогору карай тартып барат. Шаарда чанда бир эчтемеси жок томаяктар бирди-жарым кемпир-чалдар болбосо көп жан калып жарыткан жок. Шашканынан качкындар малынын көбүн таштап кетти. Мен кайтарчу музоолор күндөгүдөн анча бөксөрбөптүр. Закон боюнча судя качпайт экен деп укканбыз. Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун, өрдөкказдардын гана үнү чыгат. Эки күндөн бери чиркөөө да кагылган жок.

Күн бешимге таяп калган кез эле. Мен музоолорду тоодон түшүрүп келе жаткам. Жалгызмын. Ыракымбай үйүнө кетип калган. Асман ачык. Аба кечке жуук салкын тартып турду. Эгин баш алып калган кез.

Ушинтип кетип баратып бир убакта төмөн жакты караганымча болбой, Чарын жактан жердин бетин бербей кылкылдаган сансыз адам сап тартып, мелтиреген талаага салып, туура Кыргыз-Сайды карай беттеп келе жатканын көрдүм. Азыр алыс. Чарын менен Кыргыз-Сайдын аралыгы табактай чуңкуру жок мелтиреген түз. Ушу жерден караганда ой-чуңкуруна чейин алакандагыдай көрүнүп туруучу. Береги каптап келе жаткан сансыз аскер атам замандан берки арманына жетип жердин четинен баштап, бул дүйнөнү кыйратып адамзаттын жаңы өмүрүн жасап келе жаткандай калың туман болуп көтөрүлгөн коюу чаңды кийин таштап зыркырап айдап келет. Жоону бет алып кылычын жанып, мылтык октоп, найзасын сунуп келе жаткандай теңи жок жандуу коп аскерди көргөндө мага баятан бери сезиктенип келаткан коркунуч ордуна кубаныч өңдүү бир белгисиз түс кирди. Ушуларга бир аралашсам, эзелтен берки арманымды бир айтып калсам, ошолор менен бирге болуп, кандуу майданга бирге кирсем — ошентип эзелтен капаста жаткан черимди бир чыгарсам дегендей бир белгисиз сезим пайда болду. Этим кызып, боюм дүркүрөп, жүрөгүм кабы-нан чыкчудай толкуп кетти. Мунун себебин өзүм да билбей калдым. Бир себепте найзанын учунда кетемби деп да ойлоп алдым.

Мындай да эмес. Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум. Буга мен күнөөлүү!

Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган. Мен Ыйвандын багынан өтүп ойго түшкөн кезде көрүнбөй калды. Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Айланамды карасам тырс эткен жан билинбейт. Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мен үйгө жетпей орто жолдо калдым. Кишиси көрүнбөгөн мылтыктар атылып, улам жакындап келет. Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жаткандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды. Эчтемеге түшүнбөйсүң... Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым. Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:

— Эй, жин урган неме. Жат былай! —-деп колун сермеп калды. Бир аз бүшүркөп, ушул немени тааный кеттим! Баягы Ыйманкул экөөбүз тентип жүргөндө ышкынга жумшаган казак экен.

Музоолор эгин чөп дебей каптап төмөн кирип кеткен. Мен чалканга кирген кезде ары жактан дагы бирөө демин ала албай энтигип жүгүрүп келип:

— Ой бай ай, энди кайтемиз! — деп жанталашып биздин жаныбызга корголоду. Ал келип кошулгандан кийин үчөөбүз чалкандын арасы менен жөргөлөп жогору карай жүрдүк. Менин бети-башым билектерим тызылдап калды. Чалкандын чакканын да байкаганыбыз жок. Жөргөлөп баратканда бирөөнүн согончогу менин оозума тийип кеткендей болду. Чалкандын киши бою келген калың жерине барып жаттык. Капчыгайды жаңыртып мылтык үндөрү жазбай угулуп турат.

Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Коркуп кеттик. Аңгыча болбой бир жайпак тебетей казак ошол атчандын жанынан өтүп, бизди карай далбактап жөнөп калды. Калың чалканда тыгылып жаткан бизге алактап жетип келип:

— Өй, жүрүңдөр! Бизге тиймейди экен. «Жай-жайың-да тынч жата бериңдер» — деди. Ане өзү карап тур,— деди. Өңүндө чочуган түс жок — камаарабайт. Биз чалкандын арасынан туруп алып үйдү карай жүрдүк.

Шаңдуу, сүрдүү аскерлер биздин эки үйдүн жанындагы жол менен жогору карай тынбай дабырттап өтүп сайга кирип жоголуп жатты. Катын-калач дебей жабалактап тышка чыгып карап турушат. Бизди жалт-жалт карап коюп аттын бардык жүрүшүнө салып, жогору карай койгулап, өтүп бараткан аскерлерге карап:

— Я арбак!..

— Бечара карыпка кубат бер!..

— Я парбардыгер сактай көр!

— Оң жолуңдан...— деп коюшат беркилер. «Кудай билет» булар ушуну кимге арнап айтып жатканын өздөрү да билбесе керек деп ойлойм. Ушундай десе, чаап баратыга кай бирөө бизди карай колун жазган:

— Коркпогула, коркпогула! — деп коёт.

Ошол көптүн ичинде кетип баратып, энтиккен атын токтотуп экөө биздин айылга бурула калды. Жолдун боюндабыз. Экөө тең жаш жигит. Бири татар. Казак орустардын жөнүн сурашты.

Буларга жооп бере турган эркектер Ыракымбайдын атасы менен эле Шадыкан! Татар жигит беркилердин сөзүн жолдошуна улам орусчалап берет. Ал атынан өбөктөп алып бардык дити менен угуп турат.

— Казак орустар кайда кетти? — деди бир кезде. Бу жолу апалактап Шадыкан жооп берди:

— «Болыиевиктер Сары токойдон бери өтүп калыптыр» — деп мындан эки-үч күн мурун айтып жүрүшкөн. Үч күндөн бери көч тынган жок. Эң акыркы көчтөр бүгүн жөнөдү.

Баары тең ушундан ары карай капчыгайга кирип жоголуп жатты. Малдарынын көбү мындан...

Омуроосу көбүктөнүп турган атынын тизгинин тартып кетүүгө ыңтайланып жатып орус жигит бирдеме деп калгандан кийин татар:

— Эми силер коркпогула. Эч ким тийбейт. Шаардын ичине барып чогулуп алгыла...— деп жүрүп кетти.

Жогору карай тынбай дабырттап, чаап өтүп жаткан аскерлерди көрүп, менин көңүлүм толкуп турду.

Абал ушинтип жаткан тушта, Кыргыз-Сайдагы бирин-серин катын-калач малайлар кеч кирип, бир жерге чогулуп алды. Баары төрт-беш түтүн. Эки түтүн бадачы да ушундабыз. Үйлөрдү жайына таштап, кийизмийиз өңдөнгөн гана бирдемелерди көтөрө келгенбиз. Жыйналган жерибиз бада чогулчу көпүрөнүн артындагы жалгыз үйдүн жаны. Үй ээси качып кеткен. Короосу жымжырт турат. Биз отурган жердин түштүк жагы менен кыйгап агып жаткан Кыргыз-Сайдын суусу бар. Көк шибер чөп...

Түн кирди. Эл эчтемеге түшүнбөгөндөй бири-бирине сөз катпаң ар кай жерде жалдырап гана карап отурат. Ошол кезде бир солдат жолдон бурулуп бизди карай тартты. Алдында куйругун чолок кырккан карагер ат. Баарыбыз карап турабыз. Бая кечинде бизди бу жерге жыйнап кеткен солдат го дел ойлодук. Ошол болуу керек... Жаныбызга бастырып келип оң колу менен кылычын кармап атынан түштү да четте турган бирөөнө карматып койду. Түрү жаман!

Келе салып элди койдой ийрип отургузуп салып, аралап эмне бар деп ар кайсы жерде томпоюп жаткан буюмдарды кылычы менен бир сыйра сайгылап өттү.

Ошентти да кечикпей ишке киришти. Өзү бир четке туруп алып, жалдырап карап отурган элди, четинен бирден чакырып алып, коюн-кончун тинте баштады. Бар болгону «Отур, тур» — деген гана сөздөрдү билет. Катарга туруп кезек менен барып, каралып жатабыз. Тинткен кишилерин башкаларга кошпой, бир бөлөк отургузуп жатат. Биз ошентип жаткан кезде, эртең мененки Чарындан чыккан аскерлер кууган жоонун артына түшүп, дабырттап өтүп Сайга кирип мылтык аткылап караңгы түндүн тынчын алып жаткандай болуп турду. Алар антип жатканда, биздин солдат коюн-кончубузду тинтип, балдырап сөгүп өз иши менен болуп жатты. Кай биринин жанынан бирдемелер таап алып, караңгыда будалап чөнтөгүн көздөй уруп жатат.

Бир кезде кезек мага келди. Мен отурган жеримден ошо замат тура койбой бир аз кидирип калдым эле ал ордунан атылып туруп:

— Тур! Ах ты...— деп сөгүп жиберди.

Ошондо менин жанымда жарым тыйынга татырлык буюм жок. Үстүмдө тамтыгы кеткен жалгыз чапаным бар. Бутум жыңайлак. Солдат чөгөлөп туруп, колтойгон жоон колу сыйпалап келип денеме тийгенде бүткөн боюм дүркүрөй түштү. Оболу балтырымдан жогору карай бир сыйра кайсалап өтүп, анан чапанымдын ичи-тышын айландырып карай баштады. Чапандын кээ бир жеринде чогулуп калган жүндүн бөлтөктөрүнө көбүрөөк токтолуп, кенедей жерин калтырбай карады. Башымдагы жаман калпагымды алып, ичин карап кайра берди. Мени болгондон кийин экинчи топко кошуп койду. Менден кийин Шадыкан эле. Аны тинтип жатканда чапанынын эки жак өңүрүн эки колу менен далдайтып өзү кармап турду. Бир убакта анын бешмантынын чөнтөгүнөн бирдеме таап алып жанына салгандай болду.

Эл ортолоп келген кезде тоо жактан төмөн карай өтүп бараткан бир-эки солдат бизди көрүп бери бурулду. Аларды көрүп биздин солдат ишти токтото коюп, алдынан утур чыгып, биздин көңүлүбүздү жайлап коркунучтан коргоп турган кишинин сыпатын бергендей алар менен жаяктап сүйлөшө кетти. Тили жок айбандай камалып биз отурабыз. Алардын тили орусча. Бирок кебетесине караганда жаңкы неме бизге жаны ачып, бир жерге чогултуп акыл-насаат айтып, түшүндүрүп биздей шордууларды коркунучтан коргоп турган бир камкорчу болуп жаткандай көрүндү!

Ошентип караңгыда кобурашып туруп ал экөө бир кезде бастырып кетти. Алардын карааны жоголоор менен берки кайра ишке киришти. Калгандарын тизип коюп, бирден чакырып баягыдай тинте баштады.

Жалгыз арман бүгүн ушунун өң-түсүн жакшы тааныбай калгандык! Бая бир ширеңке тартып, бопоросун жандырганда гана бир чала-була байкап калдык. Орто бойлуу, тикийген сары муруту бар, кабагы бийик, көзү жаман, ырайымсыз бир ченден чыккан митаамдын сыягы. Солдатча кийигени болбосо жүрүш-турушун, кейпин, ырайымын — баягы Кызыл-Кыядагы Чоңколго окшоттум. Так ошонун өзү!

Түндүн далайы болуп калган. Караңгы. Солдат бир кезде баарыбызды тинтип бүтүп, олжого карык болуп алгандан кийин, өзү мындай бир четке чыгып тыныгып бопорос тартып алды. Бара-бара дандады! Бопоросун тартып болгон соң камчысын үйүрүп, боктоп, элди койдой ийрип, башыбызга үзүктү чүмкөп келип:

— Жаткыла!—деп буйрук этип баарыбызды жаткыра баштады.

Менин оң жагымда бирөөнүн башы кылтыйып калды эле:

— Башыңды чыгарба! — дегендей кылып сөгүп келип, камчы менен бир салды. Ою менен болуп жатабыз. Өткүндөн коргологон немедей жалпы көмөрөбүздөн түшүп үзүктү чүмкөнүп калдык. Солдат текши көрүнбөй жатты бекен деп аралап көрүп жүрөт.

Бир кезде биздин маңдайыбызда жаткан топтун ичинен:

— Ой бай, Жаке! — деп чаңырган бир аялдын ачуу дабышы чыкты.

Ошенткенде мен чүмкөнүп жаткан үзүктүн четин кичине жылчык кылып карасам, солдат бир аялды жаткан жерине тур деп жетелеп жатат. Тааныдым, Ыракымбайдын жеңеси. Он тогуз жаштарда сулууча келген бир ак жуумал келин эле. Жаңкы жаман үндөн кийин солдат билектен алып, дагы жүр дегенде келин тарткынчыктай берди эле, бешмантчан чыпыйып турган немени жондон ары чып эттирип тартып жиберди. Келин жаңкыдан бетер бакырып барып, үзүктүн алдында жаткан кайын атасынын жанына барып корголой түштү. Элдин көбү шыкаалап окуяны көрүп турат... Солдат тарсылдатып сабап кирди. Аңгыча болбой:

— Ой бай, карагым ай! Кайтейин, баарымыз кырыламызбы энди?—деди бирөө. Кайнатасынын үнү. Ошенткенде келин табышын чыгарбай калды да солдаттын коштоосуна эрип жүрүп берди. Артынан карап турабыз... Бизден бир аз мындай узап бактын ичине барып токтошту. Бак жаныбызда. Алар отургандан кийин, караңгыда чөптүн башы кыймылдагансып эми келиндин агарган жоолугу гана көрүнүп калды...

Кайра келгенден кийин, солдат эми эчтеме калган жокко» дегендей аттанып алды да төмөн карай салып кирип кетти. Келин элден уялгансып, бакта калып, ал кеткен сиң бир топтон кийин келди. Жаңкынын артынан наалат айтып биз калдык...

Эгер ушул түндү айтып калтырбасам, бул менин мойнумда кечилгис карыз болуп калаар эле. Муну менден бөлөк эч ким айтпайт да. Экинчиден мен муну так ошол түнкүдөй так ошол жерде болуп өмүрдү кайта көрбөймүн да. Бу жерде жалгыз сөз артык айтканым да жок. Кайта жетпегени көп...

Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир. Биздин арабызда илгери малай жүрүп, орусча тил билген бир кыргыз бар эле. Ошол айтыптыр. Алардын башчысы солдаттын түндөгү жоругун угуп алып тишин кайрап ачуусу келип: «Ошону таанысаңар көрсөткүлө, азыр атып таштаймын!» деп-тир. Командирдин бул сөзү чын ниети менен айтылганына көзү жеткен соң, жаңкы барып даттанган киши «мынабу» деп көрсөтө берген экен, көптүн алдында ошол эле жерден тапанча менен басып жибериптир. Баракелде!

Ошол солдат эсиме түшкөн сайын наалат айтып коём.

Шашке ченде Большевиктер көп казак орусту тоодон айдап түшүрүп келди. Баары тең атчан. Көбү жаман кийинип кейпин бузуп алган. Тандап алып келгендей жалаң Кыргыз-Сайдын баягы жоондору. Бирок баары эмес. Көбү качып, кутулуп кетиптир. Буларды шаардын кылда башындагы бир чоң көчөгө ийрип алып ортосунда бир кара аргымакчан жаш жигит бардыгеринче шакылдап сүйлөп казак орустарды жекирип сөгүп турат. Биз карап турабыз. Эч кимден айбыкпайбыз, үйүр болуп аралашып эле басып калдык. Большевиктердин башчысы жаңкы жигит болсо керек деп ойлодук. Өзү жалындаган кайраттуу көзү бар, шыңкыйган арыкчырай узун бойлуу, келбеттүү келген ак куба сулуу жигит. Алдында кулагын карышкырдай тикийткен сулуу кара аргымак ооздугун кемирип туйлап турат. Жыйналган туткундар айыбы мойнуна коюлуп кесилген күнөкөрлөрдөй үн да, сөз да жок жерди карап тунжурап калган. Буларды ушинтип жекирип турду да бир убакта он чакты кишини бошотуп жиберип, калганын айдап алып, ары карай кирип кетишти.

Бешим ченде Кыргыз-Сайдын аяк жагынан бирдеме тыртыр этип көпкө басылбай атылып жатты. Өмүрдө биз угуп көргөн дабыш эмес. Ушул убакта күн бүркөлүп кичине дыбырттап турган.

— Пулемет менен атып жатат!..— деди бирөө.

Бул дабыш басыла түшкөн кезде, так ошол тырылдап жаткан жерден тоону карай күрсүлдөп замбирек атыла баштады. Замбирек үнүн мен баягыда Музарттын суусунда таанып калгамын. Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты.

Кечке жуук. Жапаркул менен Ыракымбайдын агасын мал союп бер деп Большевиктер алып кетиптир. Алардын кошу шаардын аяк ченинде болчу. Булардын кеткенин угуп артынан мен да жөнөдүм. Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул:

— Кет ары! — деп колун шилтеди.

Муну кандай ой менен айтты деп ойлоп кайра баса тургандай токтоп калдым эле, алардын ары жагында бирдемени кайтарып ары-бери басып турган сур кийим-чен солдат, Жапаркулга бирдеме деп колун шилтеп койду. Ал жөн болду. Солдаттын мунусу мени «Тим кой» дегени экен. Бардым. Союп жаткан уйдун бутун мага тарттырып коюшту. Аны союп болгондон кийин мен кемегелерде асылуу турган жети-сегиз казанга толтура суу куйдум. От жактым.

Ушундай бир топ майда барат жумуштарды бүтүргөндөн кийин бир кезде Жапаркулдун буйругу боюнча кетейин деп жатсам:

— Эй баранчик! — деп бир солдат мага колун булгап калды. Бая мен күйпөңдөп бирдемелерди кылып жүргөн кезде бул солдат ары жакта бирөөнүн жанына барып, мени колу менен көрсөтүп, бирдеме деп сүйлөшүп жаткан. Алардын кыймылын алыстан көрүп көзүм чалып турган. Жанына бардым. Мага бир чоң кескен бөлкө менен бир эски көйнөк карматты.

Ошондо кубанганымды сөз менен айтып болбойт: талмадан жазылган адамдай кур оозумду ачып ырсая берипмин. Өмүрдө кишиден мындай сыйлык көрбөгөндөй болдум. Ошол кезде менин көйнөгүмдүн жыртыгынан кардым чердейип туруучу.

Муну алып кайра тартып калганда, Жапаркул мени жолдон чакырып алып, ичеги-карын болуп бир топ немелерди ороп берип үйгө алып кет деди. Анда Ыракымбайдын агасы:

— Эй коя турсаңшы, аналар бирдеңке деп жүрмесин,— деп башын көтөрүп, жаңкы мага көйнөк берген солдат жакка карады.

— Өздөрү «алгыла» дебедиби? — деди Жапаркул. Толгон олжону көтөрүп алып мен үйгө кайттым. Менден кийин тигилер да көп олжо менен келген экен. «Бечарага мындай кайрымдуу болорбу» — деп үйдөгүлөр кубанып жүрөт.

Большевиктер ушу күнү кечинде Кыргыз-Сайдагы казак-кыргыз малайларын жыйнап алып сөз сүйлөп-түр.

«Большевик-бузук! Большевик көрүнгөндү атып, асып, кыйратып отурат» — деп душмандар ушак тараткан. Большевик — көрүнгөнүн атпайт! Анын ата турган душмандары бар. Большевик силер өңдөнгөн бейбечарага, карыптар үчүн жаралган. Адам баласынын арманына бүткөн! Ал силер үчүн кашык канын аябайт. Биз жер үстүндөгү эзүүчүлөр менен байлар, помещиктер менен бүткөнчө күрөшүп эмгекчилердин жыргал өмүрүн жасайбыз. Адамзат жаралгандан берки арманыңарга жеткиребиз. Биз ошол үчүн жаралганбыз. Коркпогула! Өмүр бою силерди кулдукта кармап келгендер менен тартынбай күрөшүп, турмушуңарды түзөгүлө! Большевиктер алып берген энчиңерди жегизбей, теңдигиңерди алгыла. Мына, большевиктердин силерге бере турган сыйлыгы...— дегендей жалындуу, жандуу сөздөрдү сүйлөгөн.

Ал жерде отургандар жабыла көтөрүлүп үн салып: — Ой айланайын! Эрдигиңе баракелде!! Арман жок!..— деп күүлөнүп жерди күңгүрөтүп казып тарашыптыр.

Эртеси карасак — көчө-көчөнүн баарында сайылып калган кызыл желек! Биз бада чогултчу көпүрөгө да желбиретип бирди сайып кеткен. Кыргыз-Сайдан тандап туруп кырк беш кишини атыптыр. Ошолор менен бирге опекун, атаман судьялар атылып кетти...

Ошентип большевиктер шашке ченде Ак-Сууну карай дүркүрөп берди.