XXIX
Кыргыз-Сайдан чыкканыбызга бүгүн үч күн. Сүмбө, Темиркенти, Ачталаа деген жерлер алда качан артта калган. Бүгүн береги бир белди эңкейип жүрүп келебиз. Түнү бою жол жүргөндүкүбү, жаның жер тартып уйкуң келет, баягы биздин бир аяк буудай бүткөн. Карын ач. Беккул койдун аяңынан калып кийин жакта жүрбөй келет. Анын аяңына салып, айдап келе жаткан койду токтотчу ким? Жапарбек кезек-кезек сары талааны кезеп ырдап коёт. Бул менден бир-эки жаш чамасында улуураак эле. Денеси болук, ирмебей караган курч көзү бар, дордок бет кара тору бала. Үстүндө чолтойгон бир эски кара дүжүркеси бар. Кийин, сыр алышкандан кийин билсем бу да көптү көрүп, кыйынчылыкка жедеп бышкан бир шордуу. Башына кандай каран күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр, тобокелчил неме. Өзүнүн жүрбөгөн жери жок. Илгери Караколго келип кыргыз арасында да болуптур. Кыргызча шакылдап сүйлөп кетсе тааныбайсың. Ырды да келиштирет. Ушул келе жаткан жолубуздун ой-чуңкурунан өйдө билет экен. Кээ бир жерлерде курсак ачып, анын үстүнө келечек күнүбүз алда кандай болоор экен деп ойлоп, эңсебиз түшүп, жүрбөй келе жатканда ушу бир уккулуктуу кылып ырдап, көңүлүбүздү көтөрүп таштаар эле. Үнү ошондой сонун!
Ошондо Жапарбек менен бир жума гана жолдош болдук го. Бирок ошонун элеси бүгүн да көз алдымдан кетпейт.
Берки жигит андай эмес. Төртөөбүздүн улуубуз да, чоңубуз да ошол. Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит. Анда-санда сурап калган сөзгө жооп бербесе, көп унчукпайт. Сөзгө жок. Узак жол баскан күндөрдө, бул элден мурда жашып, шайманы кетип калаар эле. Баарыбыздын эрмегибиз да көңүл көтөрүүчүбүз да Жапарбек. Бул жалгыз ыр эмес жолдо катар жомок айтып, аңгемеден аңгемеге салып, өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын сүйлөп, бир зериктирчү эмес.
Жүрүп келебиз. Таң атып келе жаткан. Ушул убакта мен баягы жүрбөй келе жаткан Беккул көрүнөбү деп, артыма караганымча болбой, куйругун булактатып, сайдан жогору карай салып чыгып келе жаткан бир карышкыр көрүндү. Карышкыр көрдүбү, жокпу айтор, туура Беккулдун тушунан чыкты. Ошондо жүрбөгөнүн көрөйүн, мен айкырып калганымда Беккул карышкырды көрө коюп, жакын калган жалаңкычтан качкандай, жанын таштап бизди карай бир безилдеп келет дейсиң... мен да жүгүрүп барам. Беркилер да кыйкырык салды. Ошол кезде Беккул мага жакындап калган. Карышкыр алактап карап коюп, өтө чаап кетти. Беккул аман калды. Экөөбүз кошулуп кайра жүрдүк. Бир ажалдан калганга кубанып келе жатып:
«Эгер жаңкы жерде карышкыр Беккулду жарып салса айлабыз эмне болоор эле» — деп ойлоп келем.
Түш ченде бир сайга кирип, бешимге чейин жаттык да, бул жерден жөнөгөндөн кийин күн баткыча жүрдүк. Сайдан-сайга, белден-белге чыктык, нечен сууларды кечтик. Кеч бешимде бир белге чыгып, төмөн карай эңиштеп кеттик. Ошо кезде Жапарбек баягысындай зоңкулдап кетип бара жатып, токтой калып:
— Тетиги жаркыраган Кеген суусу,— деп койду да кайтып безелентип ырдап кетти.
Кыргыз-Сайдан чыккандан бери мындай жерди көрбөгөн сыяктуубуз! Жаңкы белге чыга түшкөндө нечен жылкы капаздан жарыкты жаңы көргөндөй, көңүл ачыла түштү. Айланасы «айчылык» келген эни-чени жок бир мелтиреген сары талаа!.. Ушул талаанын так ортосу менен акырын сызылып агып жаткан бир чоң өзөн бар. Бир аз бара түшкөн соң дагы Жапарбек:
— Көрдүңөрбү, тетиги Кегендин сарайы. Бүгүн балким ошондо коноорбуз... орус жете жаздап калса керек,— деди.
Алыстан чыбырала болуп бир көпүрө керүндү. Көпүрөнүн бери түбүндө жаркыраган бир жалгыз аяк үй турат. Биз эңиштеп жүрүп келебиз. Ой жер экен, сарай-чыга али чендеген жокпуз. Ошентсе да береги алдыбызда жазылып жаткан таасирдүү сары талаа, кызыл-кочкул болуп, батып бараткан алтын күн, кыбыла жактан сылап соккон салкын жел, Жапарбектин сары талааны безентип, келе жаткан бирде кайраттуу, бирде армандуу, зар-дуу обону — баары келип менин көңүлүмдү толкутуп жиберди. Жапарбек көбүнчө кыргызча ырдайт.
О-й-ой, Тери тондун ичинде, Тердесин жигит өлбөсүн. Бирине-бирин жем кылып, Не жараткан пендесин...
Мунун кээ бири кайрат бергендей болот да, эми бири арманыңды айтып жаткандай болот. Жапарбек зарлатып ырдап кеткенде, экөөбүздүн арманыбыз бир сыяктуу болуп көрүнөт.
Бара түшүп дагы:
Ак эрмен куурай ойдо бар, Ак дөнөн ирик койдо бар, Алдында күткөн багы жок, Мендей бир шордуу кайда бар.
— деп кетет.
Мунун башкы эки жолу мага керексиз сыяктанат.
Биз жакындай бергенде, баягы сарайчыңын жанынан шоңшоюп, дагы бир-эки боз үй көрүндү. Сарайга күүгүм кирип келдик. Кожоюнубуз эбак жетип алып, жайланып отурган экен. Биз барганда тышка чыгып келип, сарайга кийиргиле дегендей колу менен дарбазаны шилтеди. Айдап кирдик.
Койлорду жайлап болгондон кийин, кожоюн малайларын тамак ичкиле деп сарайчынын үйүн карай ээрчитип кетип, Беккул экөөбүз бери жакта калдык. Азыгыбыз жок. Кыргыз-Сайдан алып чыккан бир аяк буудайдан бир тоголок калган эмес. Тигилердин кожоюнунан деги кайыр жок. Кечээ күнү бир жерде конуп отуруп, нан сурасам бербей койгон.
Алардан калган соң, мен Беккулду ээрчитип алып сарайчынын жанында бир казактын үйүнө кирдим. Төрт-беш киши отурат. Биз кирип барганда маңырайып карап калышты. Үй-ичине караганда бир жардыныкы. Казан-аяк жагында бир эрди шалпайган, жыртак көз катын отурган. Үйдүн аялы болсо керек деп ойлодум. Төр жакта бир-эки эркек отурат. Мен үйдүн ээси бул экөөнүн кайсысы экенин ажырата албай жатам. Биздин жөнүбүздү сурашты. Мен сүйлөп отурган тилим казакча. Бая келгенде казакмын деп койгом. Казак эмес уйгур-чага да башынан устамын, алардын тили менен сүйлөп кеткенде мени башка деп билчү эмес. Уйгурча накча да (ыр) зуулдатам.
Мен үйдүн ээси деп отурган катын бир кезде:
— Кай уруудан боласыңдар, карактарым? —деп калды, Беккул экөөбүздү алмак-салмак карап. Ошол замат буйдалбай:
— Коңыр бөрик боламыз,— деп Жанымжандын төр-күн уруусун айта салдым.
Өзүм башында казакмын деп айтаарын айтып коюп, артынан өкүнүп калдым. Эми Коңур бөрүктүн ар жагын сурап, тамтыгым чыкпагай эле деп, кыпылдап отурам. Булардын ичиндеги урууларын жиликтеп сурап калчу болсо бирин айтып берер чамам жок эле.
Бирок менин багым жеңди, сураган жок. Эс ала түштүм. Муну коюп экинчи сөзгө көчтүк. Бир кезде биздин качан жетим калгандыгыбыз, кимдердин колуна түшкөндүгүбүз, кайда тентип баргандыгыбыз, акыр аягында кай жерден чыгып келе жаткандыгыбыз жөнүнөн сурап калышты. Бул менин жаныма жага түштү. Бирөөнүн алдында отуруп, өзүмдүн баштан өткөргөн тарыхымды сайрап берүүгө калганда бир өнөрүм бар эле. Буйдалганым жок. Даяр турган өнөрдү тартынбай салдым. Бирок мен бу жолу өз башымдан кечирген өмүрүмдөн башка, жанымдан жалгыз ооз сөз кошконум жок. Анткени, башымдан өткөн күндөрдүн өзүн дурус айтып жеткиргенде да, бирөөнүн жанына тиер таасири бар эле. Байкап отурам. Өзүм эс тарткандан берки өмүрүмдө көргөн кайырчылык күндөрүмдү төгүлтүп сайрап жатканымда угуучуларым менин артымдан ээрчип, окуяларыма аралашып, көп жерлерде жан тартып, мени аяп отургандай көрүнүп турду. Не бир кыйын жерлерге келгенде «эми кантээр экен» деп кыйпылдап отургандай болду. Алардын түсүнө карап мен көздөгөн оюмду жеткирип айтып жатканымды байкадым.
Бир кезде сөзүмдү бүтүп, карасам баятан бери менин окуяма карай түсү миң өзгөрүп, эки көзүн менден албай коломтонун жанында кычкачын таянып, эрип калган үйдүн аялы, оор түштөн ойгонуп кеткендей, селт этип башын көтөрүп алды да:
— Эх! Дүниеси да курысынчы! — деди.
Качан да болсо аял боорукер келет.
Ушинтип бул үйдүн бүгүн эрмеги биз болдук. Бир кезде тамак ичиш ирети келди. Үйдүн аялы бизге көжө куюп берип жатса:
— Тойгызып жибер, бейшараларды, булардын кайыры тиеди,— деди төр жакта отурган бирөө.
— Айтор, эртең шашкеге чейин муңбай турганбыз. Жатарга келгенде жай мындай болбой калды. Үйдүн аялы төшөк салып жатып, бир кезде биз эсине түшө калгандай:
— Карактарым, сендерге бул үйдөн орун артадын эмес. Ане бир үйдүн адамы жок, сонда барып көрүңдөр,— деди.
Ошондой орун жогун өзүбүз да көрүп турабыз. Үй тар, адам көп. Мына мында биздин багыбызга кайчы келгендей апсыйып, четтен келген дагы бир-эки немелер отурат. Үй ээси жаңкыдай деген соң эмне дейбиз, кардыбыз бөрсөйгөнгө канаат кылып, жылып жүрө бердик.
Тышка чыксак биздин кейпибизди кийип ары жактан Жапарбек келе жатыптыр. Анын да чолок түжиркесинен башка түгү жок. Эмине ой менен келе жатканын биле коюп мен:
— Мында орун жок экен. Тетиги үйгө баралы,— дедим.
Айткан үйгө барсак, түндүгүн тартып жатып алыптыр. Кирип барып, үчөөбүз тең босогого селдейип тура калдык эле:
— Сендер ким? — деди бир аял.
Жайыбызды айттык. Бүгүн мындан башка конор жер жогун далилдеп, бүгүнчө түнөп кетели дегенди сыпайы сөз менен келтирип «аке, жаке» дегенге чейин бардык. Жок, аял биздин тилегибизге каршы турду. Ага Жапарбек жооп кайтарды. Ал жатпа дейт, биз жатабыз дейбиз. Аял төшөгүндө, биз босогодо туруп алып, караңгыда бир-бирибизди көрүшпөй айтышып турабыз. Мен аялдын сөзүнө карап, бул үйдүн эркеги жок болсо керек деп чамаладым. Айтыш али баягыдай.
Бир кезде мен:
— Жеңеше, бизден кашмаңыз. Ештемеңди алмаймыз. Бүгинше түнеп кетейик,— дедим.
Биздин кайтпай турган ырайыбызды көрдүбү айтор, мен ушундай дегенден кийин баятан такылдап турган каршыбыз «эмесе мейлиңер» деген немедей унчукпай калды. Аялдын бул түрүн сезгенден кийин эми биз да унчукпай калып, коломтонун тегерегинен орун издей баштадык. Караңгыда кайсыныбыз кандай жерге жатып калганыбыз өзүбүзгө гана маалым. Мен башымды койгон жерди сыйпалап көрсөм, апкыты жантыйган бир жаман кепич урунду. Аны көрбөсөм да «көп кийилген кепичсиң го» дедим ичимден. Бир убакта:
— Өй, турыңдар! — деп түрткүлөп, бирөө бизди ойготуп жүрөт. Жапарбектин жолдошу. Таң атканын ошондо гана бир билдик. Үйдүн ээси биз туруп кеткенибизди туйдубу, жокпу. Тышка чыксак жердин баары боз кыроо.
Койду айдап, бир аз ары баргандан кийин, карасак Беккулдун бети-башынын баары көө. Түндө казандын жанына жатканбы. Ошого чейин өзү билбейт.
XXX
Кеген менен Каркыранын аралыгында бир мелтиреген жазыкта жүрүп келебиз. Жапарбек баягысындай зарлатып кезек-кезек жиберип коёт. Коңур күз. Биз келген жакты көздөй бирин-серин жолоочулар өтүп турат. Көбү дуңган менен кытай сыяктуу Баягы заманда Үрүмчү, Турпан, Кулжа дебей туш-туштан кыялап, Караколго келип, апийим айдап, артынып-тартынып алып, күзүндө кайтар эле. Мынабу өтүп жаткандарды көрүп, ошол эриксиз эсиме түшөт. Берегинде бирөө куржунун салпайтып, артынып алыптыр. Балким ушу неме да биз Көлдү көксөп бараткандай, Үрүмчү, Кулжага жетсем деп, эки көзү чачырап бараткан неме болор. Ар кимдин тилеги өзүнө чоң. Бирок береги бараткандар менен биздин айырма көп. Алар болсо бүтүн Кулжа, Турпанды чардап, дүнүйөнү көбөйтөм деп ач көзүн кадап жүргөн немелердир. Бирөөнүн канын ичип, маңдайына бүткөн дүнүйөсүн тартып алып, кетип бараткан бир жайылдын жогуна кимдин көзү жетет... Өмүрдө нелер болбойт? Ушулардын ичинде мындайлар болгон да чыгар.
Ал бизчи? Такыр андай эмеспиз. Биздин дартыбыз, жүз жыл уктаса булардын түшүнө кирбейт.
Түшкө жакын убакыт бир кырга чыга бергенибиз-де Каркыра көрүндү. Баягыда казак, кыргыздын байлары өзбек, ногойдун соодагерлери дуулап турган жармаңке ушул! Ушундан тартып, тааныш жердин чети көрүнө баштады. Көзүнө алда немедей жылуу көрүнүп, көңүлгө бир белгисиз кубаныч кирип, жүрөгүң булкат. Бирок ал кездегидей желекти желбиретип, асманга көтөрүп таштап, мал-жан дебей сансыз тараптан чоргодой куюлуп, быдылдап, жайнап жатчу жармаңке жок. Бу күндө элинин баары чабылып шаарын өрттөп, жылас болгон курттай, жымжырт тартып, кур орду гана турат. Жалгыз кыдыр эткен жан жок.
Буга менин кабыргам кайышып отурган жок. Ал кездеги Каркыра жүз чабылганы бир тыйын. Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Ал заман жүз чабылсын! Жалгыз гана ошондогу көп эле өлүп, кырылып, жолдо калып отуруп, аягында биз эле калганбыз, көчтөн адашкан күчүктөй сербейип, береги бир жерде жалгыз экөөбүз келе жат-канга арман кылам...
Бир убакта Каркыранын суусуна келдик. Койлор суудан кечпей бир топ убараланды. Бир кайкы мүйүз, чоң эркеч бар эле. Ошону Жапарбек:
— Башта! — деп таш менен эки жолу атты. Эркеч сууга кирүүчүдөй болуп, жакшы эле качырып барат да кайра тартат.
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Беккул шымын чечип колуна кармап алды.
Биз Каркыранын өзүн баспай, батыш жагындагы бир адырды кыркып келебиз. Бир мезгилде алыстан бүлбүлдөп «Эки-Кошкон» деген дөбө көрүндү. Бул Каркырадан бир топ бери. Ушунун бери жагы менен кыйгап өттүк. Иңир кирип калган. Жер караңгылаган сайын Эки-Кошкон күңүрттөп кийин кала берди.
Түн кире Кутурган булакка келип, бир талаада кондук. Күздүн түнү суук. Ошондуктан жакын ченде бир топ чөмөлө чөптөрдөн ташып алып, таң аткыча кирпик какпай, от жагып чыктык. Таң атмагы бир азап болорбу. Беккул, Жапарбек, мен үчөөбүз кылчылдай баштадык. Киймибиз жука. Тегеректей тартып алып, отту улам бирибиз кезек менен жагып отурабыз. Айлана тыптынч. Мынабу жогору жактагы карарган, терең сайдан жылтылдап бир от чыгат. Бу жерде кыргыздын айылы кайдан болсун деп ойлойсуң. Алда кандай бирөө караңгы түндү калтыратып, арманын айтып, акырын гана зыңкылдап, улам алыстап, узап бараткандай болот.
Менин кезегимде от жагып отуруп, үргүлөп кетсем керек, маңдайымда кактанып отурган кожоюнубуз бир кезде:
— Ач көзүңдү, доңуз! — дегенди айтып, баркылдап, сөгүп келип менин колумдагы көсөөнү жулуп алып, өзүмдү башка бир салды. Муну көрүп, беркилердин көзү чайыттай ачыла түштү. Жаман түштөн чочуп ойгонгондой болдум. Ичимден тандап туруп жаман сөздөрдөн каргыш айттым да, милдетимди аткарууга камын-дым...
Атасынын көрү, ушинтип отуруп, бу түндү да баштан кечирдик.
Эртеси бу жерден жайыраак жөнөп, күн шашкеге көтөрүлгөн кезде Түптүн суусуна жеттик. Мына, Кызыл-Кыя жакын. Ой чуңкурунан өйдө текши көрүнүп турат. Мынабу эки жолдун айрылышы бири Караколго кетет да, экинчиси Түптүн суусун бойлоп Сарытологой, Кең-Суу, Чоң-Ташты карай кетет. Эми Беккул экөөбүз ушул соңку жолго түшөбүз. Жапарбек менен өмүрлүк коштошуп кала турган жерге да келдик, кожоюн илгери кетип калган.
Баягы Түптүн көпүрөсүнө келе бергенде:
— Эми биз ушу жерден бөлүнүп кетебиз. Кош, эмесе! — дедим мен Жапарбекке жакын барып.
Ал биздин айрылышыбызды кыйбай, ичи ооруп тургандай муңайып туруп, кол кармашып:
— Баргыла. Багыңар ачылсын!..— деди да, койдун артынан токтобой жүгүрүп кетти. Биз өз жолубузга салдык.
Ушу жерге келгенде нелер эске түшпөдү! Баягы үркүндө күлүн асманга чыгарып өрттөп кеткен Василий, Башариндин үйлөрү кайра туруп калыптыр. Бирок көзгө басар жалгыз боз үй жок. Түшүңдөгүдөй! «Илгери бир заманда элин түгөл чаап алып, журтун жылас кылып кетиптир...» деген жомоктун өзү!..
Бир аз төмөн жүргөн соң, Василийдин үйүнүн жанынан бир боз үй көрүндү. Не болсо да бара кетелик дедик. Жолубуз да ушул жакта. Буралган апыз.
Бир кезде жаңкы боз үйгө келдик. Тышта киши көрүнгөн жок. Кирип барсак бир-эки катын отурат. Эркек адам жок. Бири кырктарда деп айтарлык, бетине калың бырыш кирип калган, сүйрү жаак, кара сур катын. Экинчиси мындан жаш, көзү тостойгон бирдеме. Он бир, он эки жаштарда дагы бир кичине кыз жүрөт. Бая биз кирип барганда булардын эч кимиси лам деп ооз ачпайт, таң калган немедей бир топко чейин бизди тиктеп, аңырайып калышты. Жашыраагы чыгдан жакта бирдеме кылып жүрүп, биз барганда коё койду. Беркиниси жүктүн бурчунда бир эскини жамап отуруптур. Сол колу менен жыртыкка туташтырып, жамаачысын кыйып кармаган бойдон али биз келгени бир ийне сайган жок. Алдында бир кендир ычкыры бар, жүндүү, тери шым жатат. Отурдук. Көрүүчүлөр бизден бир эли көзүн албайт. Өмүрүндө биздей бүрөөнү көрбөгөнсүп, мынча эмне таңыркашат?
Сөздүн чети чыккандан кийин, эки катын баятан талып калып жаңы эсине келген немедей, бизди ортого алып, жөнүбүздү эми сурай баштады. Колдо бар өнөрдүн эмнесин аяйын, бу жолу да баягы Кегендеги казактын үйүндө отургандай кылып, кайгылуу тарыхымды сайрап кирдим. Ошо жерде менин сөзүм бүтпөй, эки катын шолоктоп коё берди. Валбаалаган кең жеңи менен жашын сүртүп алып, картаңы:
— Ошонум өлбөй, тирүү болсо да ушулар өңдөнүп бир күнү таап келбейт беле! — деп, биз аркалуу бирдемесин эске түшүрүп, ого бетер киңкилдеди. Буга карап мен «кытай жеринде өлүп калган бирдемеси болсо керек» деп ойлодум.
Бир аздан кийин дагы:
— Э, айланайындар, ошондон бери кантип таап келдиңер? — деди, солкулдап ыйлап жатып.
Жаңкы кичине кызда биздин кайгыбызга орток болуп отургандай, жүзү муңайыңкы.
Ушинтип, кайгы-казыретти ортого салып отурганча бир топ убакыт болду. Биздин кардыбызды көптөн кийин эске түшүрүп, бир аяктан айран берди. Көзүбүз ачылып, эс ала түштүк. Алардан мен эми Көлдүн жайын сурай баштадым. Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады. Мындан бир жыл мурун кытайдан азып-тозуп келген качкын кыргыздар мында келип, андан бетер адам айткыс жокчулукка кабылып, ачарчылыктан кырылганын, орустун жоондорунун колунан өлгөнүн айтышты. Мамыр, Чүрк, Сатымбай дегендерди көз көрүнөө баса калып, саман менен өрттөп өлтүргөнүн уктук. Өлүктө сан жок. Укмуштарды угуп отурсаң жүрөгүң титирейт!
Жаңкы картаңы бир кезде:
— Силер эми бара бергиле. Эл баштакыдай болбой, карды тоюп, бир аз оңолуп калган. Баягыдай көз көрүнөө баса калып, өлтүрүп жибергендер көп жок. Силердин элдин жарым-жартысы Сарытологойдо, калганы Чоң-Таш, Жылуу-Булакта. Элдин көбү жан айласынан ушул биз өңдөнүп, биротоло үй-бүлөсү менен малай болуп, орустарга кире качып кеткен. Эл четине бүгүн жетесиңер...— деди.
Баягы бойдон экөө тең жашын төгүп отурат.
Эми кетели деп, ордубуздан турдук. Алар жолдун дайнын айтып беришти. Эшикке чыккандан кийин, Башариндикине бара кетелиби деп алар менен акыл салып көрдүм эле:
— Кокуй, барбагыла, силерди өлтүрүп коёт! Ал жакка жолобой мынабу жак менен Түптү бойлоп кеткиле!— деп, безилдеп коё беришти. Барбаганыбыз оң болуптур — жайлап салмак экен. Бул кийин билинди.
Түптүн суусун бойлоп кеткен жалгыз аяк жол менен нечен түрдүү таш кыяларды басып, бүжүрөңдөп жүрүп келебиз. Кеч жакын. Биз да шашып барабыз. Жолду катар адам түгүл как эткен карга көрүнбөйт. Бир жагыбыз асмандаган карагайлуу бийик тоо, экинчи жак иттин мурду өткүс калың токой. Токой аралап ийрелеңдеп агып жаткан Түптүн суусу. Мынабу кара ташка далпайып келип бир жору конду. Анын үстүндө шыкылыктап бир сагызган ойноп жүрөт. Кызыл-Кыядан чыккандан бери көрүнгөн жандыктар ушул. Илгери кыргыз кытайды карай тартканда күңгөй тескейине батпай шыгырап, камалышып өткөн жер ушул эмеспи!
Кеч бешимде Орто-Токойдон өттүк. Али эч нерсенин дайыны билинбейт. Ушу жерге келгенде, менин артымда келе жаткан Беккул катарлаша түшүп:
— Түнгө калабыз го? — деп менин түсүмдөн бирдеме издегендей бетиме карады.
Анын оюн таба коюп, максатына жетүүгө жакындаган кишидей кайратыма келип, түсүмдөн сыр алдырбай туруп мен:
— Бүгүн жетебиз! — дедим, арышымды калыбынан арбыта түшүп. Жүрүп келебиз.
Күн бата Сарытологой жонуна чыктык. «Бу жерде да эл жок болгонбу» деп ойлоп келе жатып, бир убакта берки бетке эңкейсек, сол кол жагыбызда бир кабактан жалгыз түтүн чыкты. Не болсо да бир байкай кетели деген ой менен, түтүн чыккан жакты карай бурулдум. Алыс эмес. Бара түшкөндө бери жагынан дагы бир кырман көрүндү. Жолубузда. Ушуга келип үч-төрт саржандай жер калганда эле бирөө:
— Айланайын абакебайлар ээй!!!—деп күрөгүн таянган бойдон талып калган немедей бизге жалдырап туруп калыптыр. Мен тааный койдум: Сарбагыш деген биздин бир туугандарыбыз, баарыбызды бир Эрке Сары дейт.
Бизди ээрчитип үйгө кийиргенден кийин, эки-үч катын чогулуп калды. Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады. Булар бизди эбак өлдү деп, түңүлүп коюшкан экен.
Ушинтип жаткан убакта тыштан сакалы барсайган бир орус кирди. Жаңкы кырмандын ээси болсо керек. Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп карап калды эле, Сарбагыш:
— Биздики тууган. Ушул экөө кытайдан жөө келди,— деди. Орус унчукпай башын чайкады.
Эртеси мындан чыгып, Чоң-Ташты карай жол тарттык.
Биринчи китептин аягы.
Фрунзе, 1934—35-жылдар.