Калдуубеттин кастыгы
Кылычы жок чабарга, Балтасы жок аларга, Найзасы жок сайарга, Куру кол болгон Сомбилек, Жаракты көрүп элжиреп, Эңкейип колун сунуптур, Ойроттун кылыч балтасын, Өлчөмдүү болот найзасын, Олжого алып тунуптур. Найзаны илди ээрине, Балтаны байлап белине, Жанбай турган мүнөзү, Жаман келди пейлине, Кылычын сууруп кынынан, Кылчаңдап калаар жери жок, Каңгайлыктын чырынан. Кыйкырыгы таш жарып, Таштан ашып баш жарып, Кыргыздын уулу Сомбилек, Манас деп ураан үн салып, Качырып тийди кырынан, Каптап келген аскерден, Кутулган жок тирүү жан. Аралап кирген жеринде, Беш уруктун элинде, Аламан келген аскерди, Астын-үстүн түшүрдү, Ана-мына дегинче, Далайдын ишин бүтүрдү. Кыйрынан келген немесин, Кырк-элүүдөн сулатып, Кырып кетип баратат, Ат үстүнөн кулатып, Көлдөлөң күзгү койго окшош, Кочуратып жуушатып. Кылычты шилтеп тартканда, Тобу менен далайын, Чөптөн бетер чапканда, Кызыл кан суудай шар агып, Эки айлап үч кирип, Кийинкисин күч кирип, Имерилип өткөндө, Балталуу жаткан баш тартпай, Найзакер жаткан ар кандай, Кылычын кармап колуна, Кыйшайып жаткан эл кандай, Кызыганда чубурган, Кызыл кан аккан сел кандай, Кызыгышкан мындайда, Бок сасыган майданда, Кызмат кылган эр кандай. Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Муруттарын шыпыйтып, Эр өлүгү бир тоодой. Колу сынып кокуйлап, Чолойгону дагы бар, Камчы тийип көзүнө, Олойгону дагы бар, Башын кесип мойнунан, Соройгону дагы бар, Тилин салып акактап, Суусаганы дагы бар, Эчтемени биле албай, Ачып көзүн жума албай, Айтып арман кылалбай, Жуушаганы дагы бар, Өмүрлүк канбас уйкуга, Уктаганы дагы бар, Найза тийип этине, Жаны чыкпай эмгиче, Кыйналганы дагы бар. Эгерим эки болбо, деп, Каңгайдын ханы оңбо, деп, Ыйлаганы дагы бар, Буту сынып аксаган, Сөөгү ооруп какшаган, Мындайлары дагы бар. Алтындан кемер курчанган, Көргөн адам таң калган, Хан баласы дагы бар, Кош болуп колдо малына, Коржодоп коңшу малайга, Коркутуп жүргөн аларды, Бай баласы дагы бар, “Ата энем калды көмүлбөй, Балдарымды бир көрбөй, Алганым калды көрүлбөй, Арман менен жан үзбөй”, Деп наалыган дагы бар, Бир атадан беш элек, Бирибиз калбай өлдүк, деп, Хандардын салган кордугун, Каңгайдын эли көрдүк, деп, Какшаганы дагы бар, Балдак кылып найзасын, Аксаганы дагы бар. Жаны менен кээри жок, Ооздо айткан кеби шок, Ким урунат дебестен, Дүйнөм бар деп көөнү ток, Ач көздөн өлдү далай топ. Зулумдан өлдү канчасы, Кой оозунан чөп албас, Момундан өлдү канчасы, Букара өлдү канчасы, Зордук менен буйрукка, Айдалып келген барчасы, Каңгай, манжу шибенин, Кара кытай, солондун, Калкынан өлдү канча миң, Тынч элди айдап кырдырган, Беш уруктун чоңдору, Улук болбой жерге кир! Эли калып эр өлбөй, Жери калып эл өлбөй, Экөө бирдей тең өлгөн, Бул өңдөнгөн жумушту, Мындан мурун ким көргөн? Өчүгүшүп кыргызга, Ата-бала тең өлгөн, Ага-ини бир өлгөн, Өтө жайыл көгөргөн, Каңгайдай элди ким көргөн? Эми калган немеси, Эч айласын таба албай, Чубуруп кайра жөнөгөн, Каңгайлар турду чуулдашып, Сомбилектин карааны, Буларга ажал сүр басып, Калдуубет тоссо ээ бербей, Шаарын көздөй чубашып. Калдуубет көрүп Сомбилек, Андындакы кара атты, Камчыга бөлөп чуратып, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Качырып баатыр кириптир, Кайтар кылып Калдуубет, Качпай бу да келиптир, Беттешип калды ал экөө, Көргөнгө сонун бөлөккө, Мындай далай сайышта, Сыр алышкан аныктыр, Буда кудай буйругу, Күчтүү бала Сомбилек, Жаза сайып салыптыр. Бир сайганды көтөрүп, Сайдырбай бирди өткөрүп, Мен дагы сенден кемби? деп, Калдуубет кирди өчөшүп, Маңдайлашып бет келди, Сайдырбастан найзасын, Чаптырбастан балтасын, Кагыша турган кез келди. Күүгүмгө чейин беттешип, Бирин-бири тиктешип, Өлөр жерин чиктешип, Күч ортосун чектешип, Сайып алып кетпеди. Жылдыз чыкты, күн кирди, Калкына кетти Калдуубет, Кайра тартты Сомбилек, Турган экен тайгандар, Баатыр келсе жесин, деп, Бир кулжаны белеңдеп. Келсе кулжа тирүү бар, Ак көңүл туулган арстанды, Ак көңүлүн билип ал. Кулжанын бойун байкаса, Жарадар болгон жери жок, Бирөө тиштеп алкымдан, Айткан кептин кеми жок, Бирөө айдап артынан, Алып келген чагы бар. “Калдуубет канын ичпесем, Мага арам эмеспи, Кулжанын этин мен жесем!” Койо берди кулжаны, Кубанчы кылып этти жеп, Курсакка көңүл бурбады. Ээрин алды тулпардын, “Катырып этин суутайын” Айырмач кайкы белеске, Алып барды кара атты. Салкынга салып ат суутмак, Байыркынын адаты, Окмогой менен Чокмогой, Келип калды карачы, Арам санаа иттердин, Айткан кеби мына бу: — Ышкын терип, чөптү жеп, Биз жүрөбүз сени деп, Кайнаган канча миң элден, Аман келдиң болду, — деп. Сен келгенче бул жерге, Кең дүйнө бизге тар болуп, Көчүгүбүз бөлкүлдөп, Кышкы кирген буурадай. Бүткөн бой турду сүлкүлдөп, Кош көрүнөт коркконго, Жер айрылып дүңкүлдөп. Кара бойду тер басып, Тамандан үркүп дүркүрөп, Караан калгыр токтобой, Сийдик агып бүркүрөп, Асмандан жамгыр жаагызып, Күн чагылып күркүрөп, Ышкырып жылан жаткансып, Кулак тунуп чуркурап, Жазайыл мылтык аткансып, Дир-дир этип токтобой, Силкинген жерге окшобой, Сен келгенче көп укмуш, Болуп турду ошондой. Жасалма кебин алышты, Уйалып өңү бозорбой. Сыр алдырбай Сомбилек, Көңүлүм ток меники, Өлүп кетсем күн бүтүп, Бул элде эки тууган бар, Көмүүчүм бар менин деп, Силерди турат кыр-кырда, Көмөлөнсөм көрөөр деп, Кажыбай, качпай жүрүшүм, Мындан башка кеп эмес, Кара нээт эки акмак: “Ойротту сайды Сомбилек, Калдуубет алы канча деп, Аз калды бизге жакшылык, Калдуубетти Сомбилек, Эми эле сайат жапшырып, Атабыз минген алтын так, Бизге берет тапшырып” Дегенди алып ойуна, Арам сийдик эки айбан, Калп эле күлүп ыржактап, Сойгон түлкү ооздонуп, Тиштери чыгат ырсактап, Мойундары токтобой, Жоор жылкыдай кыйшактап, Жасап айтып жалганды, Куйругун булгап шыйпактап, Кайра чапты жарышып, Этектери далбактап, Үзөңгү боосу үч кулач, Төрт буту барат салпактап, Кетилген жыгач табактай, Таноолору барбактап, Акыл уурдап, из чалып, Аңдып күтүп жүргөнүн, Абдан билди Сомбилек, Күн-түнү кетпей күзөтүп, Кимиси күчтүү, ким күчсүз, Аңкаарып туруп өтсөк, деп, Ойлогонун алардын, Анык билди Сомбилек, Кайра тартып чапканда, Узап бара жатканда, Качырмак тайган болду эле, Обдулуп калган тайганды, Сомбилек кой деп койду эле, Сомбилек тосуп койбосо, Тайгандар тирүү койобу, Эси коркок жамандар, Тайгандарча болобу, Үзөнгү боого жетпейби, Минген байтал тыртактап, Багалектен тартканда, Томолонуп кетпейби, Тайгандар азуу салбайбы, Чарбысынан жарбайбы, Чалкасынан салбайбы, Чаар ичеги жайылып, Талаада жатып калбайбы, Түтүндө жатты таң атты, Күн кызарып келатты, Атырдан бекер аңкыган, Адырдын түрдүү гүлдөрүн, Салкын жел айдап таратты, Ак карлуу тоонун абасы, Аңкыган жытын карачы, Арстан Манас урпагы, Токунуп минип кара атты, Жай-жайына байлады, Олжого алган жаракты, Эсине алды Таласты, Атасы айкөл Манасты, Ойуна алды балапан, Ак калпак кыргыз алашты, Каар бетине айланды, Кара бойун Сомбилек, Сан кишиге баалады, Кер сары тартып кубарды, Кейиштен өңү кубарды, Кекенген жоосун эске алып, Кейип баатыр муңайды: “Артынан түшүп күн сактап, Мен жүрөмбү буларды, Азабым болсо көрөйүн, Ажалым жетсе өлөйүн, Калдуубет менен беттешип, Качырышып көрөйүн, Качып кетсе калжактап, Кайрат кылып туралбай. Этеги кетип далбактап, Кылчайып артын карабай, Адатынча салбактап, Кайра тартпай аркага, Кууган бойдон жөнөйүн” Калдуубетти дегенде, Азуулары качырап, Көзүнөн жалын чачылат, Батыраак келсе экен деп, Баатыр эрен ашыгат, Топурак учуп жер чаңдап, Кара таандай эл жардап, Алдында келет Калдуубет, Далыда калган туулгачан, Кара желек туу кармап, “Туугандуу киши сенби? –деп, Туу көтөрүп белги деп, Тууганым жок жанымда, Туусуз киши менби? – деп, Жергеңди салып аркага, Жергелүү киши сенби? – деп, Жергелеш айыл-коңшум жок, Жерсиз киши менби? – деп, Эрендин кызыл желегин, Мен сайайын белги деп!” Эрендин кызыл желегин, Көрөйүн деп керегин, Түп атасы Манастан, Керээз калган белегин, Найзага темир аштады, Жалгыз жүрүп эр бала, Тууну сайып таштады, Калдуубеттин ойунда, Айласын таап качмакчы, Аз калган күнүн узартып, Жана айла тапмакчы, Туу сайган жерден качпастан, Туу сайыш эрдин адаты, Түртүшкөн элге түбүнөн, Келе жаткан санаты, Тууну көрүп Калдуубет, Ойуна кетти далай кеп: “Мурун мындай жок эле, Кыргыздан келген кара ниет, Туу сайды бүгүн белгилеп, Эрегишкен турбайбы, Тирүүлүктөн өлгөнүм, Мага жакшы экен деп, Атагым мындан төмөнбү, Ар урушта кыргыздан, Ар кайда качып жүрөмбү? Же мунун күнү түгөндү, Же менин күнүм түгөндү, Бирибизге ажалдын, Жакалап жакын жеткени, Туусу турса ушундан, Жалтайгансып кетемби?” “Куру кайрат башты айрат” Байыркынын месели, Бизге мурас калтырган, Өткөн элдин чечени, Кайрат кылып Калдуубет, Желегин жерге жасдады, Бу да сайып таштады, Келген аскер токтолду, Кетер жолу тордолду, Кекейтип күлүк Кара атты, Кербен бала оңдонду, Ойроттон алган олжого, Колундакы найзанын, Түпөгүн алып таштады, Түгөтө кырып кан кечиш, Түйшүктү баатыр баштады, Белдүү чочко Калдуубет, Бет келишкен нечен жол, Бу да кайра качпады, Же кылчаңдап артына, Атынын башын тартпады, Бастырып жөнөй берерде, Өз элине айтканы, Аркасын карап кылчайып, Насаат кылган кептенип, Арман кылат муңканып: — Бүгүнкү күнү майданда, Ким жыгылат, ким жыгат, Билгели болбойт белгилеп, Сайып алсам Сомбилек, Сапырылып келгиле, Эти менен сөөктөрүн, Бир тиштемден жегиле, Көзүн чукуп ойгула, Ордуна арак куйгула, Кош колдоп келип сунгула, Мээсин чагып алгыла, Ойроттун муңдуу айалы, Ага алып баргыла, Калдуубет сайып алды деп, Сүйүнчүсүн алгыла, Оорагынымды көтөрүп, Урумга кабар салгыла, Кылчаңдап аркаң карабай, Кылча күмөн санабай, Сабыңды бузбай жүргүлө, Ушул жерден түз бас, Таласына киргиле, Бир жашынан он беш жаш, Кыргыздын эркек баласын, Терең кечүү, тайгак жол, Урунуштуу жерлерге, Желкесинен илгиле, Он беш жаштан өткөнүн, Санатын санап билгиле, Сапка тизип турнадай, Сабын бузбай кыргыла, Какшаткыла карысын, Калтырба эркек барысын. Кыздарынын тамырын, Түбүнөн тартып жулгула, Адам уулу кылбаган, Ар укмушту кылгыла, Кырктан төмөн айалды, Айдап келип аларды, Саан саадырып тынгыла, Ар жорукту кылгыла. Ак чач болгон немесин. Колуна берип эдебин, Жазасын колго бергиле, Намысым менин дегенин. Алып келген айалдын, Боозу болсо алардын, Табарсыктан жаргыла, Баласын сууруп алгыла, Эркек болсо ичинде, Өпкөсүн алып чапкыла, Үйүңдөкү балаңа, Садага кылып каккыла, Амалын анын тапкыла. Түгөткүлө күндөрүн, Эркек кыргыз жүрбөсүн, Кайда кыргыз бар десе, Малы-пулуң айаба, Пара берип аларга, Сатып алып кыргызды – Кан ичме жинди бул журтту, Тукум курт кылгыла. Мен жыгылсам кокустан, Коркуп кетип, шашпагын, Койбойт тирүү бизди, деп, Сапырылып качпагын, Кары-жашың калбай ук, Силерге бар айтаарым. Кызыл чапан, жайдак төш, Кырда жүргөн элине, Тирүү кудай ордосу, Ласанын бардың жерине, Мени менен бир барган, Көбүнчө айтам силерге, Кайта аркаңа тартпагын, Мени менен бир барган, Сегизиңе айтамын, Мен сайдырып салганда, Көрбөгөндү көрөсүң, Тирүү жүрсөң жалганда, Бөөдө ажалдан өлөсүң, Көз жумасың арманда, Аралап кирет дагдаңдап, Топурак учат жер чаңдап, Каратып койуп калганды, Ичиңден сойот, эр тандап, Кутулбайсың сегизиң, Пара берип, мал жандап, Калдуубеттин жөлөгү, Керге келбейт бөлөгү, Айтканымча болоорсуң, Аңдып жүрсөң күн-түн, Уктаган жерде туш болсоң, Бир кишилик болорсуң, Сомбилектин томпойуп, Оморуп анда койорсун, Каалаганча өз эркиң, Канын ичип тойорсуң. Калкыңдан өлдү канча миң, Ханыңдан өлдү канча бил, Түк билгизбей кишиге, Уул бергиле итине. Өлөмүн деп Калдуубет, Керээзин айтып кара нээт, Өлсөм мейли эми, деп, Качырып кирди темтиреп, Мас болгон нардай кеңгиреп, Найзага таккан түпөгү, Шамал ыргап делбиреп, Баатырдын уулу Сомбилек, Карап турат мелтиреп, Бүгүн сайып албасам, Качан сени сайам, деп, Кайраты ашкан убагы, Ойроттон алган өткүрдү, Оңдоп колго кармады. Күчүн күчкө улады, Алты сапар беттешип, Белдүүнүн чыкпай кумары, Караган эл таң болот, Карсылдашкан буларды. Күндү-күнгө улады, Көзгө уйку албады, Түндү-түнгө улады, Түндө уйку албады. Бирин сайып, бирин албай, Булардын чыкпайт мудаасы, Күнү толду так үчкө, Түнү жетти нак үчкө, Салышып жүрөт тынбастан, Шайы кетпей бул кезге. Бул экөөндөй өчөшүп, Көшөрүшпөйт көп бенде, Күнү төрткө жеткенде, Күнү-түнү эсеби, Жетиге толгон кездерде, Күн төбөдөн кыйшайып, Кеч кирчүүдөй мезгилде, Баатырдын уулу Сомбилек, Ар жоругун эл билет, Күлкүсү чыкты карсылдап, Ачуусуна чыдабай, Кара бойу калчылдап, Музга түнөп калгандай, Титирек кирди бойуна, Теңдешем деген Калдуубет, Туралбады жолуна, Казкаксыз найза көк желек, Ыргаганы сонун да! Кактырбастан найзаны, Муштап өттү бооруна, Сомбилекте арман жок, Найзага илип көтөрүп, Кармап турат колунда. Жүрөктү кечкен аралап, Жүлүнгө тийген жаралап, Карап көрсө Калдуубет, Кеп угарга чама аз, Чоң Ойроттон адашпай, Калдуубет кетти караандаш. Кайратыңа калкың кош, Манастан үлгү алган жаш. Эми киши калган жок, Кыргызга келип кылчу кас, Каңгайдын баары жалдырап, Эси чыгып турган чак. — Тайгандарым кана, — деп, Табылды олжоң мына, — деп, Калдуубеттин сөөгүн, Ыргытып таштап бериптир, Ээси ыргытса жарышып, Тайгандары келиптир, Табыйаттын сыры көп, Кандай адам билиптир? Ал Калдуубет каапырда, Жок нерсенин баары бар, Мойнуна тагып жүрүүчү, Тийсе болот заары бар, Тайгандар тарпын талады, Заар этине тарады, Бекер өлбөй Калдуубет, Жастана жатты тайганды! Караан болоор баатырга, Кара кашка ат калды, Айдап кирди шаарына, Хандарынан калганды. Муну мындай таштайлы, Сомбилектей баатырдын, Өлүмүнөн баштайлы.