← Сомбилек

Сомбилектин өлүмү

Каңгайлардын шаарында, Анжусу бар, манжу бар, Шибе, солон бу да бар, Кара кытай канча бар, Андай нечен калча бар, Уруусун калган унутуп, Канча-канча барча бар, Моңгул менен манжудан, Андан башка калганы, Башы боолуу калчалар, Айтылбай нечен калган бар, Кошмо журттан чандан бар, Айдап келип моңгулдар, Кулданып алган андайлар. Жандары калбай түгөндү, Эринен жок күмөндүү, Баары өлүп калбады, Айыл башы аксакал, Мындайлардан калганы. Эстүүлөр калбай жоголду, Эл жыйылып, чогулду, Ортого алып баатырды, Тегеректеп олтурду. Сатай деген бар эле, Кеп айтканы шар эле, Ойрот, Буйта бар кезде, Калдайлардын алдында, Кеп айтаары ал эле. Сүйлөсө башы кылтылдап, Катын үндүү кыңкылдап, Токтобой мойну баладай, Ары-бери шылкылдап, Таноосу көөп дердеңдеп, Тамакайы былкылдап, Келгендин баары жалдырап, Сатайына карады. Эли турса карашып. Сатай кайдан айанды: — Жыйылды, баатыр, биздин эл, Сырыңды билбей жанашып, Жылас болду нечендер, Карапайым киши эмес, Калк башкарган белдүүлөр, Азуусун айга жаныган, Мен элемин дегендер, Сүйлөп жаагы талбаган, Кызыл тилдүү чечендер, Ойлобой элге жамандык, Жатуучу эле биздин эр, Калдуубет келип жөн койбой, Унчукпай жатып тим болбой, Калбай хандар жоголду, Кызыл кан кечип бул жерде, Кылымдан ашкан чуу болду, Кыргыз, калмак – эки урук, Уккан элге дуу болду, Чилдей терип кыйратып, Зоболоңуз зор болду, Өзүн-өзү зордошуп, Баатырдын баары жоголду, Баарысынан артылып, Багың, баатыр, чоң болду, Кулак уккан, көз көргөн, Кепти айтпай болобу, Манастан тартып бул кезге, Баш бердирбей эч кимге, Арбагы менен колдоду, Арбагына Манастын, Кудайың жолдош болгону, Абдумалик жаш кудай, Колдобой бизди койгону, Колдобосоң мейли, деп, Эрегишип сиз менен, Кырылып кетсек болобу, Эрегишип кан төкпөй, Өткөн күндү өчтөбөй, Бетиңди бур калыска, Эми бизде дарман жок, Элчилешип барышка, Көрүп турат көзүңүз, Кимиси жарайт намыска? Пейлиңди салып элге айт, Жылында алым алышка. Атагы каңгай бул элде, Адамзатка керектүү, Бар дүнйөсү бар эле, Үй башында жүгүндө, Алтын, күмүш, зар эле, Тоосунда топ-топ сан болуп, Толуп жаткан мал эле, Үй башына чуулдап, Кызыл көтөн жылаңач, Ойноп жаткан бала эле, Далысын түйүп мөкчөйгөн, Кызыл ээк чал эле, Чычкан ооз, бака көз, Ээги түшкөн телпейип, Эпилдеп кыйын айткан сөз, Канча кемпир бар эле, Козголбой жылкы жуушасын, Чочубай балдар уктасын, Улуу-кичүү – баарысы, Бүткүл каңгай тынч алсын, Айдап барсаң колбутуп, Соогат деп элиң олжо алсын. Өзүбүзчө кеңеш кеп, Канган жерин айтайын. Өлгөндөрдү кыдыртып, Айтып-айтпай не керек? Кыргызга берчүү тартууну, Тирүү калган эл берет, Санаты үч миң нар болсун, Теңдегени үстүнө, Экиден жагдан бар болсун, Ком жыгачы сары жез, Арканы жибек кенептен, Бар жарагы шай болсун, Жагданы куру болбойт го, Ичи толгон зар болсун. Жайдак болбой бардык нар, Төө жабуу салып комдонсун, Самсаалатып чачысын, Четине жибек тор болсун, Буйласы калай, жез чынжыр, Кем-керчиси болбосун, Үчтөн төөгө бирден тың, Жүк артарга уул болсун. Адырга батпай жайылган, Эн-тамгадан таанылган, Эн-тамгасы болбосо, Ээси көрүп тааныбас, Элким жүргөн нечен мал, Минилбеген субайдан, Желбес жорго сурунан, Тандап туруп он миңди ал. Эркек койдон кырк миңди, Керикинен, пилден бир, Сиз алычу керк, пилдер, Тандалып чыккан миңден бир. Бере турган тартууну, Мен айтамын бирме-бир, Келинден жүз, уулдан жүз, Сумбаттуу болот, сөөгү түз, Кыз сулуусу жүз болот, Үч жүз болду санаты, Жогоруда айтылган, Алар олжоң мана бу. Төө жетелеп барганда, Баары болот сеники, Баргандар такыр ойлобойт, Кайта мында келишти, Жылында алчу алымдын, Ачык болсун белгиси, Келип алсын жаратып, Кыргыздан мында бир киши. Алыска барсак биз айдап, Айдоодо мал арыктап, Баспай барса шалактап, Кылаарың ушул беле, деп, Турбасын кыргыз эл камап, Ал жерден барып мал таппай, Баргандар калаар каңгырап, Өөдө карап кеп таппай,495 Таманын тиктеп жер карап. Шаарды өзүң башкаргын, Кимди койсоң калдайга, Шаарды ошол башкарсын, Мындан башка калган жок, Эми менин айтаарым. Угуп болуп Сомбилек, Тартууга берчү малдарын, Алтын –күмүш, зарларын, Азбы-көпбү ал дебес. — Жылында берүү алымың, Санатын уккун малыңдын, Он миңден жылкың кемибес, Жылда жүктөп бергиндей, Агар алтын, ак күмүш, Сайдакы таш деги эмес. Нар болбосо, төө болсун, Ургаачысы болбосун, Кары аралап калбасын, Арыгы анда барбасын, Миңден санын кемитпе, Убада кыл беришке, Ортосу алыс, жол чалыш, Кыргыздан киши чыкпайт го, Жылда мында келишке. Анык билгин сен муну, Өзү казак уругу, Айдаркандын тукуму, Медетбектин уул эле, Медеркан деген уул эле, Ал казактан бул жерге, Жылында келет Медеркан, Кыргыз алчу алым деп, Медерканга бергиле. Шаар билгисин саа берем, Улук болдуң сен Сатай, Бир жумуш бар сен кылар, Бачымырак бол, Сатай, Коктукаттын шаарында, Көз каранды аларга, Окмогой менен Чокмогой, Эки агам бар алып кел, Өгөй энем анда бар, Үйүндө жатып калбасын, Аны кошуп алып кел, Башка киши жумшаба, Сатай өзүң барып кел. Узатып үйдөн балдарын, Чыгарып кемпир калганын, Түк билгизбей аларга, Жүктөтүп кел бар малын, Далай күн бирге турабыз, Кеңешип жумуш кылабыз, Коктукатты аа берип, Кошуп барып саа берип, Анан кайда жылабыз. Атабызга баш кошуп, Болгон экен энебиз, Өзү менен көрүшүп, Олжосуна эненин, Коктукатты беребиз, Барамын десе Таласка, Бирге алып кетебиз. Жыйнасын алтын зарыңды, Айдоочу арбын малыңды, Коркконуңбу, чыныңбы, Айабадың барыңды. Элге айтып кебиңди, Жыйнагын де калганды, Үч күндөн кийин чубатып, Жолго салсын бар малды. Койуңду казак эл алат, Жолумдан тосуп турбайбы, Соогат сурап сагаалап, Жылкыңды берем ар кимге, Алдыңкы эрге жүз болот, Жүздөн берип алдына, Таласка жетип болгончо, Түгөнүп жылкың түз болот. Таласка барат төөлөрүң, Бөлүп алсын олжого, Кыргыздан чыккан дөөлөрүм, Алтын менен күмүштү, Казынага төгөмүн, Кызыгышкан ким болсо, Кыйындыгын көрөмүн. Айтып болуп Сомбилек, Сатай ханды узатты, Калгандары чогулуп, Тартуу малын чубатты. Жамандык менен жакшылык, Жер жүзүндө батабы? Ар канча кылса билинбей, Далдаланып жатабы? Уккан казак элинен, Убап-чубап көп барды. Уккан экен кабарын, Укмуштабай чын жайын, Өзү жетип алдында, Медеркандын барганын. Калдалаңдап Мелдеркан: — Сомбилек иним аманбы? Касташкан жоону жеңди, деп, Анык алдым кабарды. Көөнүм тынаар кеп угуп, Өзүңө келбей турамбы? Туугандыгым билдирип, Озунуп айттың саламды, Олжо алам деп келбедим, Каңгайды жеңди дегенде, Сүйүнгөндөн келгемин. Каңгайдын салган кордугу, Караандай кылган зордугу, Хан – карасын билгисиз. Коржоңдогон чоңдугу, Жылында барып казактан, Короосу менен кой алат, Кол сунганы кур калбайт, Жүктөөрүнө төө алат, Жетекке кошуп ат алат, Аз келгенсип ал иши, Сулуу кыз деп чыр салат, Каңгайлык барып кеткинче, Сай-сайда кыздар саңдалат, Эне-атасы аш ичпей, Кантебиз деп зарланат, Бойго жеткен кыз жок, деп, Жанын берип карганат. Жатаарында тай жесе, Нашталыкка кой сой, деп. Конгон үйгө чыр салат, Айла кылып амалдап, Куру калбайт, олжо алат. Ал иштер биздин көңүлдө, Берекет тилеп турабыз, Өзүңүздүн өмүргө. Сомбилек жеңди, деп угуп, Түлөө кылып, мал сойуп, Май кайнады бар үйдө, Эр бүлө баары тынч алып, Баары уйкуда бүл күндө, Атыңды угуп биздин эл, Бек ыраазы күнүндө, Карынын баары ынтызар, Айдай жүзүң көрүүгө, Кут түштү деп калышат. Конуп өтсөң бир үйгө. Жүрөгүм дегдеп желдедим, Бурулбай кетип калат деп, Учураша келгеним. Ар ким сага зар урат, Көрбөйүн деп ким ойлойт, Арстан Манас белегин, Элдин баары бар, деди, Баатырдан кабар ал, деди, Жүз көрүшүп калалы, Баштап келе кал, деди. Айттым ини бар кебим, Ошол менин келгеним, Келгенимди урматтап, Каңгайлыкка тааныттың, Жүгүнүп салам бергениң. Эми менден калган жок, Айтаарым жок кебим, Медеркан айтып токтолду, Кара чаар жолборстой, Эр Сомбилек октолду: — Медеркан ага, мен ини, Каңгайды жеңди иним, деп, Кубангандан келдиңби? Каңгайдан алчу олжо мал, Өткөрдүм сизге билгини. Койдун саны кырк миңче, Койду кошкун койуңа. Ырааккы жерге баралбайт, Таратып берсең канетет, Жакынкы казак тобуна? Каркырадан ар жакка, Он миң жылкы соогатты, Мен Таласка барганча. Алтын-күмүш бербейт, деп, Таарынып Медер сен калба. Жылында берет арбын мал, Айдап аны маа барба, Казак-кыргыз боору бир, Короосу бир, койну бир, Арстан Манас, эр Көкчө, Элден уккан кабарда, Булардын сыйы бөлөкчө, Семетей менен Үмөтөй, Эрегишип эрекче, Өчүгүшүп кийинче, Үмөтөйдүн Медетбек, Семетей көккө көтөрүп, Бөлөмдөн калган белек, деп, Эки хан казак элине, Хан көтөрүп койуптур. Айдаркан, Көкчө -эки ата, Үмөтөй менен Медетбек, Алар менен төрт ата, Медеркан өзүң турасын, Сени менен беш ата, Кол үзүшпөй келебиз, Ошондон бери карата. Биз жактан кетти алты ата, Мени менен жетиге, Жетип келдик бул кезде, Жүз көрүшүп турабыз, Сен экөөбүз бул күндө. Бейкут жаткан тынч элге, Катышып каңгай чыр салды, Кыргыз келип Таластан, Каңгайдан жылкы албады. Маңгыттан келип Калдуубет, Таңгыт менен моңгулду, Шибе, солон, манжуну, Кара кытай, анжуну, Катары менен алдады, Калдуубеттин кебине, Алданып булар калганы, Жер дүңгүрөп көпчүлүк, Кылбаганы калбады, Жети улук эли чогулуп, Жаныңда турган иниңе, Алы келе албады, Колдоду мени кар кылбай, Айкөл атам арбады. Айагында маминтип, Алтын, күмүш, зар ал, деп, Ага кошуп мал ал, деп, Эр-айалдан кул-күң, деп, Сулуусунан жүз кыз, деп, Кол куушуруп турганы, Акылынан адашып, Амалсыздан кылганы. Коркутуп алдык дегенсип, Айтканындай кылбайлы, Унчукпай алып баралы, Алтын, күмүш, мал-пулун, Такыр алып калалы, Жат-жаттыгын кылбайбы, Алып барып калмакты, Ак калпак кыргыз казактын, Арасына жыйбайлы, Алтымыш уруу алашты, Аргын кылып тынбайлы, Өз элиңе кеткин, деп, Кетирип ийип тыналы. Сенче кандай Медеткан, Ар жылы келип бергенин, Айдап кетип сен калсаң. Алдыңа барса жыгылып, Алымын азайт иш кылып, Кечирим кылсаң өзүң бил, Кайгыдан элди куткарып, Казак, кыргыз калкы бай, Жардысы жок жалпы бай. Бир жылдан кийин өтүп бер, Кек кылгансып дыңкыйбай. Ээ болду Медер аларга, Элүү күн өттү арада, Коктукат кеткен Сатайы, Келип калды калаага. Атайлап Сатай барганда, Окмогой менен Чокмогой, Энеси кемпир кошулуп, Баарысы келип калыптыр, Кырдакы кепке ишенип, Кошо келген каңгайга, Кожойун болуп алыптыр, Кээ бирин тилдеп сөз менен, Кээ бирин кардап көз менен, Кээ бирин уруп салыптыр, Жашырбастан, жаппастан, Сатай айтып барыптыр. Сатай, ылдам, болгун, — деп, Кемпир менен балдарды, Жай-жаткызып кондур, –деп, Сомбилек баатыр шаштырып, Алып барып аларды, Айабай сыйлап жаткырды, Бирине бештен кызматкер, Так алты күн бактырды, Артып келген жүктөрүн, Өздөрүнө ачтырды, Бекбачага берген заар, Кол сандыктан таптырды. Угузуп турут өзүнө, Каратып туруп көзүнө: Көтөргөн атам Бекбача, Көп кыйналсын баары, деп, Алып келгин тапкыла, Кошуучу буга даары, деп, Өлтүрчүдөн таптырып, Көп күнгө болжоп жаткырып, Кемпир менен эки уулду, Кел бери деп чакырып: — Эне болдуң сен мурун, Катын – балам бардыр, деп, Атайлап келсе силер деп, Арамдыкка көөн бурдуң, Ырысына кыргыздын, Бекбачадан мен туулдум. Уулу болсоң сен экөөң, Издебейт белең жериңди? Таппайт белең элиңди? Мен келгенде жабырап, Жасап айттың кебиңди. Үйүбүздү Беттибет, Өрттөп ийди дедиңби? Арам сийдик айбандар, Мага да буздуң пейлиңди. Калдуубетке ат токуп, Жер кыдырып келдиңби? Өз кылган ишиң өзүңө, Бурулбай бүгүн келдиби? Карап туруп ичкин! –деп, Чылаган заарды бердирди. Энеси кемпир кары ичти, Окмогой менен Чокмогой, Улуу-кичүү баары ичти. Кыймыл эткен ал үйдө, Кыбыраган жан ичти, Аз ичпеди көп ичти, Суусуну тунуп, кана ичти, Коркуп калды каңгайлык, Тиктеп калды далдайып: Барыбызга берет, деп, Баш билгини калтырбай, Үйүбүздө кырат, деп. Карсылдашкан кыргында, Канчасы барган каңгайдан, Караса баатыр Сомбилек, Ал көзүнө таанымал, Элүү бирге бердирди, Чакыртып келип андайдан. Ошол шаарга Сатай хан, Эрдиги ошол Сомбилек, Айтканына жанбаган. Калдуубет айткан сегизи, Качып кетип жоголгон, Анда Сатай жок болчу, Уккандан өлдү элүү бир, Мындайды кулак укпаган. Мана минтип баатырың, Каңгайдын элин башкарган. Баш кишиң өлсө силерден, Медерканга бар, деди. Медеркан кимди көрсөтсө, Ошонуң болуп ал деди, Түп атасы шер Манас, Көкчө өкүм бергендей, Медерканга дөөлөттү, Түгөнбөскө бериптир, Мал-пулун берип каңгайга, Араң жүргөн Медеркан, Калдайлыгы каңгайдын, Өкүмү колго келиптир, Баары ишин бүтөп болгондо, Сомбилек жөнөй бериптир. Каңгайдан чыгып баатырың, Таласка кетип баратат, Жер танапташ эмеспи, Элдин баары угуптур, Каңгай менен Таластын, Арасында бардык эл, Баатырдан соогат алсак, деп, Камданып булар туруптур, Үч жерде кыргыз топ болгон, Үч күндөн анда токтолгон, Тогуз күн конуп өткөндө, Он миң жылкы жоктолгон, “Эрлигиңе ыракмат!” Эл ыраазы кош болгон. Төөлөрүн чиркеп топтошуп, Калмактар барды Таласка, Капкара болуп окшошуп, Олжого келген кыз-келин, Аа кошулган эркегин, Төө жетелеп баргандар, Андан калган үч жүздү, Элиңе кайта кет, деди, Кет десе болбой кетпестен, Эл аралап кеткени. Эрге тийди кыздары, Келин, уулдар, тууганы, Калмак, кыргыз элдери, Аралашкан убагы. Үч миң төөдө алтын–зар, Казынага төктүрдү, Ойлогону ал эле, Көөнүндө ишин бүтүрдү. Эр Семетей бар чактай, Казына зарга жык толду, Төөлөрдөн бөлүп олжо алып, Таластакы эл тойду, Атбашы, Нарын кыргызы, Баатырдан олжо суратып, Арага киши койгону, Аркан тартып жүк артып, Төө жетелеп жөө басып, Араң келген калмактан, Соогатың ушул болсун, деп. Аларга кошуп койгону, Чогултуп келип кыргыздар, Атбашыга койуптур, Атбашынын ичинде, Калмак арык деген сөз, Как ошондо конуптур, Олжого келген калмакка, Жер айдатып тунуптур, Мына мындай кыргыздар, Жыргалга жетип толуптур. Каңгайга барып салышып, Карсылдашып чабышып, Өзөктөн канды агызып, Таласка кайра келгинче, Беш жылга саны толуптур, Эсептесе ай-күнү, Накай беш жыл болуптур, Бойунда калган Тынымкан, Эркек төрөп койуптур. Төрткө жашы келиптир, Атасы келип калаар, деп, Сүннөт кылбай ат койбой, Мана минтип жүрүптүр, Баласын көрүп Сомбилек. Сүннөт кылыш, ат койуш, Тойун берсем эми, деп, Тойдун камын ойлоду, Сырынын четин кылайтпай, Чакырчуу жерин болжоду, Отургузду алдына, Кат жазуучу молдону. Кара калпак, түркмөндү. Татар, тажик, өзүбек, Андайдан канча жүргөндү, Бадакшан менен Балыкты, Батышпай жаткан калыкты, Ламдын бели кыйманы, Боз үй тиккен кыйбаны, Чакырса тойго келүүчү, Үргөнчтүн журту кыйланы, Жетисуунун жерине, Жедигердин элени, Жеткире кабар берүүгө, Чоң ополдун бетине, Чоң Кашкардын четине, Жеркен, Хотен, Лопнурга, Кумарык, Арал, Азыкка, Ак калпак кыргыз эл жердейт, Ошолордун баарына, Наманген, Ташкен, Самаркан, Алты шаар, Анжыдан, Кетментөбө, кең Жумгал, Үстүнкү бөксө Алайдан, Калбай келсин баары адам. Чыгыштагы айылдан, Алтай, Баркөл, Турпандан, Бешбалыктын жанынан, Кутубий, Манас шаарынан, Тазбайматтын Майбулак, Баарысына угузат. Иледеки казакты, Текес, Күнөс буларды, Келсин деди аларды. Үчкаркыра, көөрүктүү, Капалда калың көп журтту, Алматыда казакты, Калтырбады быйакты. Атбашы, Нарын, Жетөгүз, Касиеттүү Ысыккөл, Калбай келсин бүтүн эл. Атагы алаш дегенге, Алтымыш уруу көп элге, Арасында алаштын, Канчалап барча жүргөнгө, Таластакы элдердин, Ат күлүгүн ылгатты. Тулпарларын туйлатты, Сынчыларга сындатты, Ээр токумун, кийимин, Окшош кылып ылгатты, Алтындан кылган кемерди, Көз уйалта курчатты, Тандалган кырк үч жигитти, Чар тарапка атказды, Барчуу элге кат жазды: “Келер жылы текеде, Тойго келгин” –деп жазды. Кабарчылар бөлүндү, Айткан жердин баарына, Эл баштыгы жанына, Калтырбастан көрүндү, Келе берсин кабарчы, Алыска кеткен чабарчы, Тойдун камы канчалык, Мундан уккун кабарды. Атагы Талас, чоң Кеңкол, Жетитөр деген жер экен, Жеткилең Манас барында, Жети хандын эли экен, Семетейдин тушунда, Эки хан болгон кеп экен. Сейитектин тушунда, Ээ болгон жалгыз бул журтка, Хандын аты жойулган, Жаңы аты жок койулган, Сейитектен бер жакка, Кең Талас деп айтылган, Кененимдин тушунда, Сейитектин айтканы, Ошол бойдон келайткан. Ак калпак кыргыз ичинде, Алты сан аргын эли, деп, Кең Таласты жердеген, Келберсиген элди айткан, Эсепке алып Сомбилек, Эл байларын санаткан, Эң алдыңкы байлары, Үч жүздөн кулун байлашкан, Айагы кырктан бээлүүдөн, Эсепке алып санаткан, Отуз миңге жакындап, Толуп байлар бараткан. — Азыркы жай, келер кыш, Мал багып байлар барбагын, Кеңколдун башы Жетитөр, Суусамырдын Тескейге, Үйүң конуп калбагын, Үстү жагы чоң Кемин, Артуусу Барскоон белдерин, Орто жерин бир жылы, Жердебегин жебегин, Алты сан аргын кам кылгын, Бар керегиң жам кылгын, Байлар, укпай калбагын. Отуз миң болду санаатың, Капакка салып бал алгын, Каймакка бышкан нан алгын, Субайын бөлүп ылгагын, Келерки жылы текеде, Суусамыр барып жай алгын. Гүлгүлдөн баарын жыйнаткын, Күлүктүн баарын байлаткын. Той беремин угуп кой. Тойумдун аты чочок той, Төрт жашка бала толгунча, Койуптурсун, ат койбой. Тойун берип ат койом, Себеби менин бул тойдон, Таанылып элге мен койом. Казан асып, кар салгын, Отун алып, от жаккан, Тулганын боору карарган, Үй башына бирден бээ, Камдап жүргүн баары адам. Отуз миң бай конокко, Келген элдер топ болуп, Үй башы сайын конот го, Отуз бээси туугандар, Түзүктөн конок кыла албай, Уйат кылып койот го. Көөкөрү менен сабаасын, Байлар жакшы кылдасын, Саамал берип кымызды, Келгендер шылдың кылбасын, Кыйыгы чыкса кем-керчиң, Каралөктүн Сомбилек, Жаныңды кыйып тынбасын. Кой арыгын сойбосун, Келечегин ойлосун, Бар керегиң жам болуп, Камсыз конок болбосун! Айтып элге угузуп, Бир жылы толук кам кылып, Күлгүндөрүн бүктөтүп, Күлүктөрүн байлатып, Жакындап калды күз, дешип, Жетитөр өрдөп эл көчтү, Суусамырды көздөшүп, Отуз миң байдын үйлөрү, Орду менен конду эми, Калган кыргыз үйлөрү, Бөксөлөй тартып конду эми, Алыскы жерге кетпеди, Ат жетер жерди чектеди, Айтып койуп калган жок, Сомбилектин кептери, Ай аркандап, күн санап, Чакырган элдин жеткени. Жедигерден топ келди, Жер майышып көп келди. Алты шаар, Анжыдан, Арасы чукул Алтайдан, Айанбастан көп барган, Үркөнч менен Бадакшан, Балык менен Түркмөндөн, Барган мындан канча адам. Төтөгө мырза элинен, Түтүнгө барган бирден жан, Той берет экен жээнге, Алган конок жээрге, деп, Алтымыш миң субайды, Ылгап туруп кошо алган, Келген элдин коногун, Мен көтөрөм, деп барган. Эр Көкчөнүн Медеркан, Алтай, Иле, Кулжадан, Алтымыш миң көп казак, Аттаныптыр булардан. Соога кылчуу баатырга, Айдаган жылкы элүү миң, Аркасынан чубаткан. Элүү миң киши баруучу, Бирден жылкы алыптыр, Он миң киши ат багар, Ошолор малсыз барыптыр. Суусамырдын чоң тескей, Жер карарып толуптур, Эл жыйылып болуптур, Алтыга санын жеткирбей, Алдыңкы катар үйлөргө, Бештен бөлүп койуптур, Беш кишиге бирден бээ, Көбөйгөн малы мынча нээ! Бадакшандык, балыктык, Жылкынын этин жебеген, Кымызды ичип көрбөгөн, Алты шаар, Анжыдан, Булардан жакын көрбөгөн, Ташкен менен Самаркан, Бөлүнүп чыкты арадан. Жайынча башка күтүндү, Төрт тиштүү койдон ылгатып, Эркегине сойдурду, Беш кишиге бирден кой, Эт тартырып койдурду. Татар менен калчанын, Уйдүн этин көп жеген, Ал өңдөнгөн канчанын, Сыйырдан сойуп ылгатып, Сыртынан уча чыгартып, Үй башына бирине, Колуна уча карматып, Жай-жайы менен конокту, Мына мындай жайлашып, Он беш күн конок алыптыр, Эл жыргады жай жатып, Кылга байлап жамбы атып, Эр сайышып олжо алып, Эр күрөшү оодарыш, Аны кошо алпаарып, Жамбыны атты кыргыздар, Сайышта жеңди казактар, Оодарыш менен балбандар, Төтөгө мырза эл алган, Илинген жок байгеге, Ырааккы жерден барган жан. Ат чубады аңгыча, Аттын саны сегиз миң, Сексен ат өлүп кетиптир, Кондурчуу жерге барганча, Ара конуп ат айдап, Сомбилек баатыр өзү айдап, Аттын баарын катуу айдап, Жануптан келген элдерден, Өлүп кетти аргымак. Байгеге чапкан аттары, Эки күн өргүп жатканы, Жеткенине келгенче, Жети күн өтүп кетиптир, Ылганган күлүк чапкан ат, Ошол күнү жетиптир. Баш байгеси миң болгон, Баары жылкы бар болгон, Окшош жашы, өңү окшош, Кай экени билинбейт, Карап көрсөң баары окшош, Оонабасы жүз болду, Ат чапкан жер баатырдын, Канчоро жалгыз бейиттин, Куу какыры түз болду, Той тартуусу коноктун, Күндөн-күнгө күч болду. Чапкан ат тууга жетиптир, Кыргыз байбек сур аты, Баары аттан чыгып кетиптир, Карап турса көпчүлүк, Сандаган күлүк, сай кашка, Көрүнбөйт көзгө башка мал, Байгеге аты кирген жок, Кыргызыңдан башкадан. Келген калды чуулдашып: “Кыргыздын эли канткенде, Күлүктү мындай кылдаган!” Эл аттанып кеткени, Конок алган көп аргын, Козголо элек кездери, Кычыртып келди Сомбилек, Кеп билемин дегенди, Карылар өлсө мен бармын, Эл билемин дегенди, Тынымкандын ордого, Чогултуп келип киргизди, Үч жүз элүү киши экен, Ошол үйгө киришти. Тар келбеди ордосу, Коноктон ашкан шекер бал, Тамакты тартып койушту, Алдырып келип кымыздан, Арактан кошо куйушту, Жаш уландар сунушту, Элине айтты Сомбилек, Баланын атын койушту. Жаңы өспүрүм бала эле, Малдыбек деген болучу, Баланын аты Малдыбек, Жыйырма беш ашып кетелек, Анткен менен Малдыбек, Далай укмуш кеп билет. Кайда кыргыз топ болсо, Карылар издеп таптырчуу, Малдыбекти келгин, деп, Оройу кары Малдыбек, Өзү кичүү болсо да. Укмуштуунун бири, деп, Ат койгун деп балага, Баатырың айтты Сомбилек. Аксакалдуу карысы, Орто жашта баарысы, Аа деп оозун ача албай, Апкаарыды баарысы. Кылыгын билген кыргыздар, Малдыбекти карашты, Карматты бейм Малдыбек, Сүйлөп көнгөн адатты: — Ушул жерде отурган, Аксакалдуу чалы бар, Айыл башчы дагы бар, Баатырдын айткан кебине, Такалып баарың калдыңар, Көп сүйлөйт деп Малдыбек, Күдүңдөшүп калбаңар, Узунбу, кыска сөзүмдү, Мен айтайын тыңшаңар, Кыйгачыбы, түзүбү, Кыйынсың баарың сындаңар. Айрыкча, баатыр Сомбилек, Айткан кепке кулак сал. Кийин туулуп мен калдым, Уламадан уккамын, Мурункуга кийинки, Уккандарым уладым, Укмуштуудан сурадым, Көбүнчө айтат биздин эл, Көкжал Манас туулганын, Которуп атын койгонун, Айтканындай болгонун, Атадан мурас бизге, деп, Акылдуулар ойлосун, Жетим менен жесирлик, Карып менен бакырлык, Хан Семей аба, Каныкей, Экөөнүн бери карата, Тартып келе жатабыз, Ороздудан бер жакка, Он уулдан элди таратып, Айтып келе жатабыз. Ар уруу кыргыз эл болгон, Ынтымак-дөөлөт бир тууган, Чогултуп экөөн ортого, Өз тушунда ээ болгон, Кээ-кээсине кыргызга, Кылган иши кээ болгон, Кең дүйнөсү тар болгон, Башкарчуулар кар болгон, Баатырдын укум-тукуму, Баш көтөрсө зал болгон. Сейит баатыр өлгөндө, Эр Төштүктүн эбире, Өлүгүн уулдун көргөнгө, Айтып кабар бергенге, Эл чогулуп келгенде, Чайкалып кыргыз толгондо, Узатаар маал болгондо, Чыкпаган экен эшикке, Эр Кененим болжолдо. “Балам үчүн кейисем, Башкага кетет намысым, Кайратты колдон бербейин, Бактысы болсо кыргыздын”. Болжогон кийин арт жагын, Болжолдуулар айтканын. Кылжыке бооз болуптур, Бойуна бала бүткөндөн, Аш ичпей жатып алыптыр, Былк этпей жатып Кылжыке, Оройу учуп калыптыр, Кемпирине Кененим: “Эмне болду келиним, Кабарым сурап бергиниң.” Чыныке барып келинге: “Эриң өлгөн жалганда, Жалгыз жеке сен белең? Жаткан жерден коппойсуң, Жалдырап жерди тийтейсин, Кейпиң кетип оңупсуң, Керсары тартып болупсуң, Күйүттөн башка дагы бир, Айтып берчи кайгыңды. Алган катын сен эмес, Кененим менен Чыныке, Сейитимден айрылган!” Катуу айтып сураптыр, Кылжыке карап турбаптыр: “Өлсө уулуң сеники, Эрим болсо меники, Жайымды сурап билгели, Энекебай келдиңби? Ичейин десем аш барбайт, Кулакка жагып сөз барбайт, Азуулуудан жолборстун, Жүрөк этин дегдеймин, Асманда жүргөн зумурук, Жумурткасын дегенде, Түн уйкумдан, күн тыным, Ойумдан чыгып кетпеймин.” Кылжыке кебин угуптур, Кененимге Чыныке, Кебин айтып туруптур: “Мен келинге барып кеп айттым, Аста айтпай, бек айттым, Ачуум келип, жеме айттым, Көрдү менин түрүмдү, Байкуш келин бүгүлдү, Азуулуу жолборс жүрөгү, Жумурткасы чоң куштун, Түн түшүмдөн кетпейт, дейт, Күн өңүмдөн кетпейт, дейт, Кебин айтып бергени.” Угуп болуп Кененим: “Ээ көк кемпир Чыныке, Келиниң бооз болгон бейм, Талгак окшойт айтышың, Аракет кылып көрөйүн, Ал айтканын табыштын”. Кененимдин колунда, Бар нерсенин баары бар, Калбайт ага табылбайт, Чоңкуш менен дос экен, Белгисин берип жүрчү экен, Айтканындай кылганда, Капкайдан болсо келчү экен, Экөө эмес, бирөө эмес, Ал жолборстун жүрөгү, Сандыгында жүрчү экен. Жумурткасын чоң куштун, Дегдеген жүрөк жолборстун, Экөөн тең барып колуна, Чыныкеге Кененим: “Келинге барып жолгошкун, Мурун жолборс деп айтса, Кийин десе жумуртка, Мен айтайын Чыныке, Жашырбайын келинге, Баргынчакты унутпа, Эгиз эркек тууйт экен, Карыганда Кененим, Курчанып белин бууйт экен, Мурун жерге түшкөнү, Өмүрү кыска шекилдүү, Жолборс азиз азуулуу, Өмүрү кыска жандар бу, Асманда куш канаттуу, Өмүрү узун мына бу, Кийинкиси уулумдун, Өмүрү узун болот бейм, Аз болгондо жер бетин, Бир айланып койот бейм”. Кобуратып айтпаптыр, Кененимдин айтканы, Башка жакка кайтпаптыр, Айы кетип күн өтүп, Туур күнү Кылжыке, Жок экен үйдө Кененим, Шашыкеде бир уулду, Түштөн кийин бир уулду, Төрөгөн экен Кылжыке. Төрөдү эгиз эркек, деп, Айтып келди Чыныке, Алдыңкы түшкөн баланын, Айдары алтын ак экен, Эркек тууса Кылжыке, Сомбилек атын койом, деп, Ак эткенде так этип, Кененим жүргөн чак экен. Эгиз эркек төрөйт, деп, Өзү айткан кеп үчүн, Биринин атын Чигитей, Койомун деп жүрчү экен. Мурунку түшкөн баланы, Оң койнуна салыптыр, Кийинки түшкөн баланы, Сол койнуна салыптыр, Сүйүнгөндөн Кененим, Койом деп жүргөн аттары, Унутулуп калыптыр. Он койнунда баланы, Асыл балам деп айтты, Сол койнунда баланы, Бу Бек балам деп айтты, Ар канча мыкты болсо да, Карганда көргөн урпакка, Акылынан азыптыр, Асылбача – Бекбача, Ошол атка жатыптыр. “Оозумдан чыгып кетти, — деп, Өзгөчө болду аттары, Болгону болду белейин” – деп, Асылбача – Бекбача, Айтылып калган экен деп, Ошол айткан кептерди, Карылардан эл билет, Кененимдин кеби, деп, Сен туулганда атыңды, Койгон экен Сомбилек, Улууңдун атын Чигитей, Койсок, баатыр канетет? Уламадан укмуштан, Укканым менин ушул, — дейт, Малдыбек айтты укмуш кеп. Малдыбек жакшы айтты, деп, Кары-жаш баары дүркүрөп. — Алдыңдакы балаңыз, Калган кыргыз маанабыз, Бешке чыкты, той бердик, Ат жетер жерде калбастан, Жыйналып алаш эл келдик, Ак калпак кыргыз билгисин, Өзүңүзгө бергенбиз. Уламалап укканын, Ооздон-оозго чыкканын, Малдыбек айтты чунагың. Айттып кебин болуптур, Бийлик толду алдына, Сомбилек алып койуптур, Алты сан уруу аргындын, Малдыбек бийи болуптур, Кыйалда иши бүт болуп, Көңүлдө иши толуптур. Күз айланып, кыш келип, Келиптир, кайра жаз жетип, Бир күнү туруп Сомбилек, Өзүнчө тердеп шай кетип: “Талыкшып бойум калыпмын, Үч жылдан бери карата, Козголбой жатып былк этип.” Байлоодон алып аргымак, Жоо кийимин жамынат: “Атамдан калган кең Талас, Бир айланып көрөйүн, Жетим болуп башында, Жоого аттанып жашымда, Жеримди толук көрбөдүм.” Атка минип алыптыр, Коргондон чыгып аттанып, Жанупту көздөй барыптыр. Карабуура,Чаткалдан, Айагы куйуш Самаркан, Күн чыгыш көздөй толгонуп, Сол колуна айланган, Ташкен менен Наманген, Анжыдан менен Маргалаң, Атактуу залкар Кебезтоо, Бөксөлөп баарын айланган. Атбашы үстү кең Аксай, Жетөгүз башы Жаңыжер, Ушунча баскан көп талаа, Таласка карайт баары жер, Шымалды көздөй толгонду, Иленин чыкты кырына, Мундан нары казак, деп, Кайра тарткан болжолу, Терс айланып жол алып, Күн батыш менен айланып, Үчкошойдун бөксөгө, Кеңколдун күнгөй бетинде, Кетпей түнөп калыптыр. Эртеси түшкө күтпөстөн, Ат чалдырып жер көрүп, Козголбой жатып алыптыр. Алладан тагдыр жеткенде, Кимдер качып кутулат? Өлүм жаккы тарабы, Жарык болот дечү эле, Калбуудет айткан сегизи, Качандан бери Таласка, Ар кайда тарап жүрдү эле, Чогулуп келип кээ кээде, Кеңеш кылып алчү эле, Кеңешке келген сегизи, Кең экен жердин тегизи, Мурунку күнү алдыда, Сегизи мында келиши, Кетпей жата бериши. Күн төбөдөн кыйшайып, Эңкейип бара жатканда, Заркарлуу баатыр чоң неме, Салкын сууга барыптыр, Салып бойун алыптыр, Кайра чыгып шиберге, Чалкалап жатып калыптыр, Ажал жетти, күн бүттү, Мейримдүү үйку жетти эми, Мемиреп сүйкүм жагымдуу, Мелтиреп уктап кетти эми. Уктады баатыр мелтиреп, Топтошуп калган сегизи, Ошол жерге темтиреп: “Ойлогон ой, санаага, Ушул бүгүн жеттик, — деп, Сомбилекти өлтүрүп, Соолуп калган кыргызды, Көчүрүп алып кеттик” – деп, Кеңеш кылды бир далай, Бирөө беттеп бара албай: — Тең баралы баарыбыз, Баарыңар найза алыңыз, Тегеректеп кыргызга, Бооруна найза салыңыз! Убада кылып алышты, Тегеректеп чогулуп, Уктаган эрге барышты. Каштарын керип серпишти, Катар баары келишти, Төрттөн эки бөлөндү, Найзаны кармап көтөрүп, Акыректен табарсык, Орто жерин белгилеп, Муштап карап турушту, Кызыл канга найзаны, Чыктап кармаш турушту, Тартып албай найзаны, Мыктап кармап турушту. Чочугансып ошондо, Ойгонуп кетти көз ачып, Ачып көзүн ирмесе, Сегиз найза көөдөндө, Сегизи турган карашып, Баатырың бутун тартыптыр, Серпип колун артыптыр, Оодарылса тосо албай, Коборбой сайып тура албай, Коркуп баары качыптыр. Кайраты толуп эр неме, Аккан канды билбеди, Жараны көзгө илбеди, Сегизин кармап чогултуп, Жатарың ушул жер! — деди, Бирден муштап жан алып, Суу жеген жер кемерге, Баарысын тыгып жеберди, Жарасы жаман экенин, Ошондо ойлоп билгени, Аргымак кармап токунду, Асталап жүрүп олтурду, Түк кишиге көрүнбөй, Үйүнө түндө барыптыр, Алда каткан Тынымкан, Каңгара какшап кан жутуп, Жарааттын баарын таңыптыр. Таңганына болобу, Сегиз найза баарысы, Учу ууга малынуу, Бүткүл бойго тарады, Асманда жылдыз, жерде чөп, Бирден бирден саналды, Чымындай жалгыз кара жан, Кантип мындан жай алды, Барган сайын күн өтүп, Чучуктан бери тарады, Алтынчы күнү кечке жуук, Жарык дүйнө жалганда, Турар шайы калбады, Оозунан түтүн бур этип, Көкүрөгү кыр этип, Катын-бала, эл-журту, Баарысы калды чур этип. Муну мундай таштайлы, Кепте кепке аштайлы, Эми айтчуу дастанды, Манастын соңгу урпагы, Чигитейден баштайлы.