Ойроттун жер жазданышы
Аргымак минип алганы, Тайгандар ээрчип калганы, Заңкайган зоонун жолу чоң, Түзгө түшө албады, Бир күн, бир түн кыдырып, Барбаган жери калбады. Найзасын кармап какайып, Ак мейкин зоого такалып, Өткөндөрүн эске алып, Кеңкейген тоого кеп салып: — Керилип жаткан кенен тоо, Тогуз айдан көбүрөөк, Кобо албай жаттым Сомбилек, Заңкайып турган сен болдуң, Санаадан өңүм сары жез, Саргарып жаткан мен болдум. Нечен ай эне сен болдуң, Эрккен балаң мен болдум, Жол берсең эне не болдуң? Ата болуп, аш берип, Ачка койбой бат берип, Асырадың маминтип, Арызымды айтып ата тоо, Алдыңда турам мен минтип. Мелтирейсиң үн катпай, Не кыйнайсын сен мындай? Азаптуу болгон уулуңдуң, Кабагын ачкын кайран тоо. Түп атам Манас жердеген, Түртүшүп бенде жеңбеген, Түптүү кыргыз эл экен, Түнөргөн токой чер экен, Атам Манас конушум, Атын Талас дээр экен, Оройу бузук Калдуубет, Ошол жерге барбасын, Талкалап Талас коргонун, Чыгарып тарпын салбасын. Жол берип мени чыгарбай, Тосуп койсоң саа уйат, Калдуубетке кыргызды, Карматып койсом маа уйат. Угуп турдуң сен өзүң, Аргымак менен тайганга, Айткан менен ант сөзүм, Жол бер десем үн чыкпай, Мен жатсам мында дым чыкпай, Убалы кимге кыргыздын, Урушса маңгыт тынчытпай? Оо дүйнө кеткен Манастын, Оройу үчүн жол бергин, Укпамыш болуп тымпыйбай! Тилегимди сен бергин, Тирүү олуйа карааным, Арбагы үчүн арстандын, Абыке, Гүлүс сен келгин. Өткөндөрдөн мен угам, Эр Кененим бабабыз, Тирүү кеткен деп угам, Бабамдын болуп жардамы, Чыгараар бекен деп турам. Жалтыр ташка дарт айтып, Өткөндөргө арыз айтып, Жакасы ылдый жаш чачып, Сомбилектей жаш айтып, А капырай бир шумдук, Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, Замана башка кубулуп, Айбаттуу доош угулуп, Күүгүм түшүп келаткан, Күн тийгендей жаркырап, Тоонун бети жаркылдап, Жалама таштар жалтылдап, Көк мелжиген бийик тоо, Козголчудай калтылдап, Бойу эрип Сомбилек, Эт жүрөгү балкылдап, Сорпо ичкендей тер агып, Бүткөн бойу былчылдап, Сазда турган немедей, Тамандары чылпылдап, Аңгычакты болбоду, Көрүндү көзгө карааны, Орто тоодой болжолу, Азуулары качырап, Көөрүктөн чыккан ширөөдөй, Көзүнөн жалын чачылат. Таштар кулап калдырап, Тообу десе дөбөдөй, Дөбөбү деп караса, Адамдан чыккан төрөдөй, Ачып колун кармады, Аты менен Сомбилек, Эки тайган кошулуп, Уучуна толо албады, Өзүн көрдү Сомбилек, Түздө туруп калганы. Малакайын түшүрө, Баш көтөрүп карады, Ачык көзү көргөн жок, Ат үстүндө адамды. Кара жалдуу кула экен, Алдындакы мингени, Шер Кененим белем, деп, Сомбилектин күмөнү. “Бабам жардам берди, — деп, Баштакыдай оролум, Бак-таалайга келдим” — деп, Аргымак болду мингени, Кай тарапка барарын, Ачык аны билбеди, Алды менен артына, Тайгандары киргени. Алдыңкы тайган Куукашка, Бара жатат Сомбилек, Алды жакка ал басса. Эки тайган аргымак, Сүйлөшүп болуп нече бак, Аргымак айтат тайганга: Жыгылган Ойрот талаада, Ошол жакка баштап бак, Буулугуп калган эр неме, Бугу чыкпай деги эле, Күнү-түнү жыйырма күн, Ат айабай жүрдү эле, Күндүн мурду ачыла, Тунарыгы жазыла, Жер бетине чачыла, Чоң Ойроттун шаарына, Токтолбой барды жаш бала, Кабылан бала бул жерде, Кагышып жүргөн кездерде, Көргөндөр бар бул элде, Күбүрөшүп сүйлөшүп: — Көрдүңбү, келди Сомбилек! Айбатынан жүдөшүп, Арак ичип мас болуп, Олтурушкан дүүлдөшүп, Корккондун масы жоголду, Бала баатыр келди, деп, Барлык элге чуу болду, Ачып көздү жумгунча, Шаар ичине дуу болду. Барабаны кагылды, Өкүмөт менен букара, Калбай баары жоголуп, Сомбилекке жалынды: — Ойроттон коркуп, чубуруп, Бардык эле биз, — деди Ошондон бери көрүнбөй, Бардыңыз кайда сиз? – деди. Аңгычакты байакы, Кабарга барган Таласка, Беттибет уулу келгени, Сомбилекти көргөндө, Айтып турган бул кеби: — Келдиңби баатыр бул элге, Кандуу душман Калдуубет, Кызыл чапан, жайдак төш, Тирүү кудай ээси бар, Ал элди карай кетти эле, Эки күндүн алдында, Бир киши келди бул шаарга, Жибериптир Калдуубет, Жыйналып аскер турарга. Өңчөй моңгул чогулуп, Ушул турган чогулуш, Калдуубетти келет, деп, Карап турат чогулуп. Сен келдиңби алдымда. Кубалап келе жатабы, Калдуубет сенин артыңда? Эби келсе Сомбилек, Армансыз моңгул камынды, Болбос ишке чарпылба, Калдуубет кайда барганын, Айтайын бүткүл бар жайын, Жашырбай айтсам чынымды, Атын токуп Калдуубет, Барганда кошо баргамын, Чоң Ойрот болуп жарадар, Моңгул-манжу турган журт, Баарысы болуп санаадар, Тирилдиби, өлдүбү, Калдуубет аны карабай, Барбаймын десем токмоктоп, Уруп мени айабай, Мин атыңды, баскын, деп, Таласка барып неге сен, Сомбилекке айттың? — деп, Кыргызга барган кысталак, Кызматын кылып жаткын, деп, Айдап алды, ээрчидим. “Жолоочу эрчип ит өлөт” Ошол болуп мен кеттим. Кырка-кырка тоо менен, Алды чөл жазы кум менен, Агынсыз булак суу менен, Мээ кайнаган ысык шор, Бул сапарда көргөнүм, Мына мындай кызык жол, Эңиш тартып салаңдап, Арканы карап алаңдап, Бойлодук кара тоону биз, Эки бетин аралап, Күн отузга толгондо, Кызыл чапан элине, Барып жеттик ошондо. Дамбалы жок теспечен, Бизден кыйын молдого, Чоң ишенген эл экен, Баш молдосун ошол эл, Тирүү кудай дейт экен. Не дегенин билбедим, Ат откозуп талаада, Эшик өйдө жүргөмүн. Тирүү кудай Калдуубет, Айтышты окшойт далай кеп. Эки күн үрөөн алганы. Булардын сөзү калбады. Нары салып жайкалтып, Бери салып чайпалтып, Калдуубеттин молдого, Айтпаганы калбады, Ар канча айтса жалпак тил, Молдо тилин албады, Жамбашы тынчып жай алып, Калдуубет эми тынбады. Ат өргүттүк сай-сайда, Конок болдук ар кайда, Узун тоо бойлоп жөнөдүк, Кашкарды карай барарга, Тынбай бара жатабыз, Далай күн өттү арада. Бир жагы тоонун сырт экен, Бир тарабы ысык жер, Ысык жактын көбү чөл, Жер кеңири, эли аз, Азыраак уктап, көп басып, Биздер болдук демалбас, Биз Кашкарга барганча, Көп жер көрдүк аралап. Кашкарга барып киргенде, Сыр айтпадык эч кимге, Тирүү жанга катышпай, Сыр чечишип айтышпай, Далай күн жаттык шаарда, Эл аралап көп чыкпай. Түндөсү кетет Калдуубет, Кайда барат ким билет? Элүү күн өтүп кетти эми, Биз кетебиз жүр, деди, Күн чыгыш карай бет алдык, Кара тоо бойлоп жол тарттык, Ошентип жүрүп олтуруп, Камбылга келип биз жаттык. Бир далай жаттык Камбылда, Калдуубет өзүн билгизди, Калтырбай такыр бүт жанга, Убада алды улуктан, Таласка бирге барарга. Бел ашып кырда ойноду, Иленин суусун бойлоду, Эрикпестен Калдуубет, Далай жерди бойлоду, Иледе элдин улугу, Баралы десе Таласка, Такыр алар болбоду. Алтай менен айланып, Ар кимге барып жалбарып, Талаага конуп муздак жеп, Оңуп, өңдөр саргайып, Эки күндүн алдында, Мен келдим мында сандалып. Тогуз элек бир жүргөн, Биз кептенип ким жүргөн? Сегизи калды талаада, Мергендерден ылганып, Баргын деди Калдуубет, Жумшады мени шыйгарып: “Сен Ойротко баргын, — деп, Жарадар болгон Ойроттон, Барып кабар алгын, — деп, Сакайып Ойрот бар болсо, Айтып карап салгын, — деп. Өлгөндүн кунун кубалы, Эстебей койсо Буйтаны, Ойротко болот убалы.” Айтып келдим Ойротко, Кулагына жагымдуу, Кабар болду ошого, Бүрсүгүнү чогулуп, Эл жыйылмак коргонго, Талаадан келип Калдуубет, Зор жыйылмак коргонго, Манжу, моңгул элдери, Кол жыйылмак коргонго, Айтмакчы элге болучу, Камы бүткөн болжолдо, Кыргызга барып катышмак, Кызыл канды агызып, Таласты барып бир чакмак. Өз ойунда Калдуубет, Өлүп кетти Сомбилек, Эки буту сынды, деп, Сасып жатып өлгөндүр, Бүткөн бойу ириң жеп, Курттун богу болгондур, Сөөгү куурап калды, деп, Ойунда жүрөт Калдуубет, Ким тосот менин алдым, деп. Кабар айтып саа бардым, Атам өлүп калды, деп. Буйта баштап нечен дөө, Өлгөнүн көзүм көргөндө, Көөнүм өсүп толкудум, Атамдын кегин алдым, деп, Сен жарадар болгондо, Сар санаа болдум кайгы жеп. Менин мындай ишимди, Билген белем Калдуубет, Айдап жүрүп ат багып, Далай жерге бардым, — деп. Быйыл үчкө жыл толду, Таласка барып кабарга, Сен келгели болжолу, Сени көрдүм көөнүм ток, Калтырбадым Сомбилек, Мындан башка кебим жок, Туралбаймын каңгайда, Тирүү койор пейли жок, Калдуубет өлбөй турганда, Уруксат кыл Сомбилек, Кийинки күндү ким билет, Өз ойумда так бүгүн, Табылгыс мага келди кез, Үй-бүлөм менен кеңешип, Барар жерим белгилеп, Жоголойун мындан тез. Деп ошентип баарыга, Айтып болуп абалды, Бура тартып кетишке, Тизгинин жыйа кармады, Бери карап тургун, — деп, Сомбилектин айтканы, Айтканың чын сөзүң ак, Тура турчу адам, — деп. Көчөмүн дейсиң шаарыңдан, Бул айтканың жаман, — деп. Көрүп тургун сен болсоң, Өлбөй тирүү мен болсом, Калдуубет менен Ойроттун, Кызыл канын агызам, Көөнү чердүү сендейдин, Өчкөн отун тамызам, Өлгөн атаң тиргизем, Ордуна сени мингизем, Суроосуз берем тагыңды? Султандыгым билгизем. Билмексен болуп сыр тарткан, Кара ниет жан болсоң, Сени да жерге киргизем, Мен сураймын бир кепти, Билесиңби сен? –деди, Барлык элге дайындуу, Бекбача мында келгени, Беттибетти хан кылып, Шаарды ага бергени. Айтылып жүргөн кабар бар, Мындан катын алганы, Анык кабар айтылбайт, Барбы, жокпу балдары? Ачык эмес бир кепти, Кулагында калганы, Бар болсо атам балдары, Атажурту Таластан, Неге кабар албады? Же болбосо эл журтун, Издеп не үчүн барбады? Уламалап укканда, Эки бала бар деген, Коктукаттын шаарында. Эстесем көөнүм зилдеймин, Аттары ким билбеймин, Алар билбей жүрөбү? Бар болсо ага, мен ини, Табылып калса тууганым, Ошого берем билгини. Унутканы тууганды, Алардын жайы билинди, “Ким өлтүрсө атаңды, Энеңди алып бер” – деген, Унутпаймын ал кепти. Таап алса инисин, Көзүн көрсө кимисин, Саа бербеймин бул шаарды, Туугандарга беремин, Атама ууну ким берген, Аны сурап билемин. Беттибеттин ордунда, Тактысы болсун белегим, Тийип калсын аларга, Инилик менин керегим. Сомбилек мындай дегенде, Айабаймын агадан, Шаар беремин дегенде, Баш тартпаймын өлүмдөн, Барды берем дегенде, Арам сийдик бул доңуз, Кара нээт болжогус, Оозу ачылып ыржыйып, Көзүнүн жашы кылгырып, Уйалбай айтат мылжыйып: — Жашырбай айтам билгенди, Элдер айтып бергенди, Мен билбеймин Бекбача, Ушул жерге келгенди. Укмуш кулак эл айтат, Көрбөдүк, уктук, деп айткан: “Бекбача мында келгенде, Бой тартып келет балдары, Алып берип кетет деп, Айалына бар малды, Беттибет кылган жамандык, Айабай ойлоп амалды, Бекбачага уу берип, Уу берди деп айалы, Бүткүл элге дуу берип, Аз келгенсип анысы, Үй ичине от койуп, Такыр күйүп өлдү деп, Шаар ичине чуу берип” Санаасын басып калыптыр, Ишенген киши Беттибет, Мындай калба салыптыр. Агаң сенин мен болом, Укканымды ойлосом, Уктабай көөнүм кир болом, Кудайга болдум ыраазы, Сага кошуп койгон соң, От койгондо Беттибет, Суу тартуучу кудукка, Түшө качып экөөбүз, Өлбөй тирүү калган кез, Уу берди деп катыны, Элге тарап жалган кеп, Атыбызды которуп, Эмгичекти жүргөн кеп. Мурун издеп жер таппай, Ак калпак кыргыз эл таппай, Атажуртум мен таппай, Жашырынып жүрөмүн, Ардангандан унчукпай, Бекбачадан туулган, Эки бала мында биз, Агамдын аты Окмогой, Эптеп оокат кылабыз. Менин атым Чокмогой, Беттибеттен корккондон, Эт жүрөк жүргөн токтобой. Кара нээт Беттибет, Жала жаап, айтып кеп, Каралык кылып келди, деп, Атамдын шаарын бергин, деп, Бир күн чатак кылат, деп, Атабыз кылат келип бул жерге, Хан көтөргөн Беттибет, Эл бийлетип каңгайга, Зал көтөргөн Беттибет, Атын атап барбасам, Мени кайдан эл билет, Ошол үчүн Таласка, Мен барышым мындай кеп. Сезип болду Сомбилек, Серпилип баатыр унчукпай, Ичинде турат жымыйып, Сыр алдырып туйгузбай: Аталаш бизде туугандык, Энебиз башка болсо да, Бир кишиден туулганбыз, Эки башка чоңойуп, Билише албай курганбыз. Окмогой менен Чокмогой, Чиренип жата берүүчү, Элиң мында жок ногой. Калдуубет менен Ойроттон, Качабыз дебе түк коркпой. Бирөөңө берем Коктукат, Ээлик болуп элди бак, Эмгегин тартып элиңдин, Андан кийин даамын тарт, Бириңе берем бул шаарды, Сен экөөңө каратам, Кара кырым каңгайды, Алдыңда кызмат кылдырам, Манжу, калмак буларды. Агаңа барып кеңешип, Ай балта кылыч, найзанын, Курчутуп мизин эгешип, Атанын уулу болгон соң, Тууган кылып койгон соң, Каралды болуп бергиле, Жат душманга теңдешип, Күрөшөлү айанбай, Көркоолор менен белдешип. Келбесе шайың андайга, Үйүңөрдө жаткыла, Сыр алдырбай бир жанга, Калдуубет, Ойрот өлгөндө, Мени карай чапкыла, Сени билип келдик, деп, Калмакта жүргөн караандаш, Билинбес тууган биз-биз, деп Мен беремин ал күнү, Шаарды экөөңө белгилеп. Угуп болуп Чокмогой, Коктукаттын шаарына, Эми эле улук болгондой, Алып учуп калдастап, Сүйүнгөнү ошондой: “Билбейт экен Сомбилек, Бекбачага уу берип, Бизди өлтүрүп койду, деп, Сыр алдырбай мен туруп, Тактыга чыксам болду” – деп. Көзүнүн жашын имерип, Тууганымды таптым, деп, Шолоктоп ыйлап жиберет, Ичинде турат Сомбилек, “Кектүүнүн баарын таптым, деп, Окмогой менен Чокмогой, Жер кучактап жаткын! – деп, Уу берипсиң атама, Азабын анын тапкын, — деп, Колуңа берип дартыңды, Чыгарбасам тарпыңды! Өзүңөр кылган ишиңер, Өз башыңа келтирип, Тарпыңды таштап талаага, Тамтыгыңды кетирип, Албасамбы өчүмдү, Олубасам көзүңдү, Өлүгүңдү кажырга, Талатпасам өзүңдү, Атама берген зарыңды, Каратып туруп бербесем, Жыпжылма кылып барыңды, Талпагыңды какырга, Таштуу жерге кербесем! Саман тыгып териңе, Дарбазага аспасам, Калганыңдын баарысын, Бешенеге жазбасам! Дал ошондой кылбасам, Канткенде болом мен адам!” Эликтирип эритип, Сени улук кылам, деп, Адаштырды мейитип. Чокмогой бала үйгө кайтканы, Уккан-көргөн кептерин, Окмогойго айтпады, Талашып кокус калат, деп, Коктукаттын шаарына, Ушул туруп алат, деп. Калдуубет келди аңгыча, Сомбилектин караанын, Көрүп калды бир чакта, Бастыралбай ыргылжың, Ой ойлоду бир канча: “Төрт айдан бери кыдырып, Ак карлуу тоону сыдырып, Жалтырак кара таш басып, Айырмачтай бел ашып, Ашууда азап көп тартып, Чөлдө жүрдүм кыйналып, Ысыкта суудай тер агып, Кашкардан бери айланып, Жардамга жан таба албай, Каңгайга келсем сандалып, Буйтанын кунун куусак, деп, Ойротко жүрсөм жалданып, Кабыл болуп айтканга, Ойрот мага алданып, Келгенин көрчү Сомбилек, Баскалы турсак камданып. Кайдан келди балакет, Эки буту тең сынык, Мен жүргөмүн өлдү деп, Дегеле ойдо жок эле, Темтейип жетип келет деп. Ойлорум калпка кетиптир, Карбаластан турганда, Кан ичер кыргыз жетиптир. Таласына кыргыздын, Баралбадым такыр, — деп, Талабыма жете албай, Өлмөкчү болдум акыр, — деп, Дүрбөтүп аскер кол менен, Ат арытып жол менен, Таласты барып бир көрсөм, Арманым анда жок элем!” Деп ойлонуп Калдуубет, Ойротту барып шаштырып, Жөнөдү булар бастырып. Опсуз Ойрот, чоң Калдай, Чогулткан эрден далайды, Манжудан келген канча аскер, Анжудан келген нечендер, Калмактан бар канчасы, Моңгулдан бар мынчасы, Маңгыттан бар Калдуубет, Тыргооттон бар Татакей, Баш айагы алптары, Отуз эки санаты, Ойрот өтө шок экен, Кылган ишин карачы, Кара-сары, көк желек, Кылкылдап аскер жык толду, Шаар менен тоонун арасы, Өзүнчө болуп упурак, Ошентип адам баласы, Келе жаткан көпчүлүк, Арасын байкап карачы, Көргөндүн көөнү бөлүнүп, Токтобостон санаасы, Алда канча түрдөнүп, Көпчүлүктүн арасы, Кошоктой найза өңөрүп, Коржоңдогон андан көп, Өңөрө албай атка артып, Сүйрөгөнү андан көп, Караанга келген чуркурап, Дүрбөгөнү андан көп, Караанын көрбөй баатырдын, Сүрдөгөнү андан көп, Көпчүлүктүн көөнү айнып, Кусуп жаткан андан көп, Үрөйү өчүп, өңү азып. Сөлдүрөгөн андан көп, Жан үзчүдөй эми эле, Өлдүрөгөн андан көп, Чокморум кана меники, Сүйрөп келгин бери, деп, Күжүлдөгөн андан көп, Өлөбүз бүгүн эртең, деп, Бүжүрөгөн андан көп, Таранчыдай бужурап, Кужураган андан көп, Жаны тынбай кымылдап, Күдүрөгөн андан көп, Улук болбой жерге кир, Кыргыз менен урушуп, Кырат экен бизди, деп, Кудураган андан көп, Найзасын ташка түйрөйтүп, Кылычын чаркка бүлөтүп, Тайарланып урушка, Дактайганы андан көп, Чокморун артып ийнине, Айбандын минип пилине, Чакчайганы андан көп, Түк бүткөндөн бер жакка, Дык тийбеген денеге, Саксайганы андан көп, Кере сакал, аргын жүн, Бакжайганы андан көп, Өрттөнгөн токой кептенип, Какжайганы андан көп, Адам билгиз арпы көп, Арбаңдаган алпы көп, Аттанып чыкты нечен сан, Айтып болгус салты көп, Апкаарып койбойт Сомбилек, Атасын тарткан таш жүрөк, Коргошун жүрөк жел билек, Коркпой турган кара көк. Булар минтип жатканда, Кара мендер басканда, Азабы кыстап жакалап, Акылынан шашканда, Окмогой менен Чокмогой, Көңүлүндө каралык: — Жүр экөөбүз баралык, Сомбилек менен Ойроттун, Урушун көрүп туралык, Кимиси жеңип баратса, Сыр алдырбай кишиге, Күч жакта тура калалык. Бүгүн да бар булардын, Жүрөгүндө арамдык, Булар чыгып бийиктен, Түздөгү элди карашып, Сомбилек, Ойрот – эки дөө, Бирин –бири марашып, Кан кумары айбандар, Балбандары бук болду, Жин жыттанып, бок сасып, Кан төгүлөр чак болду. Кан төгүлбөй неткени, Калмакка кезек жеткени, Каарданып Карөпкө, Карааны башка бөлөкчө, Жекеге чыгып беттеди, Качырган бойдон жеткени. — Отуз эки эр келген, Ошолордун ичинде, Менден тыңы ким деген, Атым менин Карөпкө, Кантип берем кезекти, Карап туруп бөлөккө! Кара буурул мингени, Кара темир кийгени, Чоң чынардай бойу бар, Бул дүйнөнү чогултуп, Соромун деген ойу бар. Күүлөп чокмор колго алды, Көрүнүп турган урчукту, Күрс дедире бир салды, Оморулуп урчук таш, Түзөлүп орду калганы. Көрсөттүм деп күчүмдү, Күүлөнгөн бойдон барганы, Күрзүсүн күчкө илбеди, Күүлөнгөнүн билбеди, Сомбилек күрзү чаптырбай, Көмө сайып жиберди. Карөпкө жерди кучактап, Найзаны тартып алгада, Кара кан жерге бурчактап, Балта менен коборбой, Чыкыйга чапты ошол чак, Жүрө берди Сомбилек, Карөпкөгө жер жастап. Тогуз ай жатып бир тоодо, Тор этине толуптур, Күчү толкун болуптур, Мен-мен деген дөөлөрдөн, Ошо күнү Сомбилек, Эки чаппай бирден чаап, Жыйырма бирди сойуптур. Өлгөндү көрүп өчөшүп, Каптап кирбейт өмдөшүп, Өлгөндөн өөдө менмин, деп, Сомбилек менден өлдү, деп, Бирден-бирден келишет, Бирден жарак көтөрүп, Жан алычу периште, Жанын ага тапшырып, Сомбилек турат көшөрүп. Күн уйага жашынып, Көз байланган чак болду, Жылдыз жайнап жыбырап, Көк асманга карк толду, Окмогой менен Чокмогой, Түшкөндө тайар болушту, Садага чапчу улагын, Тайар кылып койушту, Тууган боло калышты, Бала баатыр беренге, Садагасын чабышты, Садага чапкан улагын, Тайгандарга салышты, Тайгандар басып барбады, Талаада улак калганы, Ар жакка моңгул элине, Түк билдирбей бул ишти, Улагын жебей койгондо, Жаман көрүп эки итти, Сомбилекке бүжүрөп, Кеңеш кебин беришти: — Мында өзүң келгели, Эшик ачып моңгулдан, Бири үйгө кирбеди, Эки жеңең тең бой кат, Үйгө барып келели. Эптүүлүк кылдык дегенсип, Үйлөрүнө кетишти, Бастырбай кайра тайгандар, Алардын жолун бекитти. Тайгандар камап арсылдап, Эки тайган аргымак, Бастырбай атты такымдап, Жара тартып жесек, деп, Атырылып жакындап, Ажал ээси тайганга, Кара кашка ат айтат: — Андай эмес тайгандар, Азуулуудан балбандар, Арамзада кыйарлар, Караан болуп турушу, Жаман эмес бир иш бу, Билмексен болуп туралы, Күнү бүтүп суу түгөп, Боло элек мунун убагы. Аргымактан кеп угуп, Ачуу үнү басаңдап, Эки тайган соолугуп, Аргымак андай дебесе, Жегели турган оолугуп. Агарып чыгып таң атты. Жайнап аскер аттанды, “Жыйырмасы өлдү кечээ, — деп, Бирден чыгып жекелеп, Эркине койсом буларды, Бүгүн калбайт бирөө, — деп, Өзүм Ойрот барам, — деп, Буйта баштап өлгөндүн, Өчүн мындан алам, — деп, Кыргыздан келип Сомбилек, Далай жерди курутту, Куршугум менин кармады, Соо койбоймун бурутту, Чоң Буйтаны баш кылып, Көптүн көзүн жаш кылып, Катындарын улутту, Жетим кылды балдарын, Жеткилең элдин чанданын, Же жарадар кетирбей, Жер жастады барганын!” Өкүнчү батпай ичине, Өлгөндү алып эсине, Каары келип камыгып, Бар жарагын жам кылып, Калтырбай алып ат минип, Кабаттап темир тон кийип, Бастырып жөнөй берерде, Манжулардын Ботогой, Ал Ойротко жол койбой, Ачуусу келип акырып, Ойроттоп манжу бакырып, Калдайлыгын карабай, Атынан айтып чакырып: — Уккун Ойрот сөзүмдү, Эр санайсың өзүңдү, Мойнуңду толгоп болбойсун, Тазалаймын көзүңдү, Мен Ботогой турганда, Калдайлык ордуң сактагын, Мен барамын майданга, Балбандыгың чагынча, Ойрот, Буйта сен экөөң, Улуктукка жөлөнгөн, Калдайлыгың жоо билбейт, Алың канча көзгө илбейт, Улук болсоң Ойрот сен, Мен да улук билгин, — дейт, Намыс үчүн бул жерге, Тагымды таштап келдим! – дейт, Сомбилекке бет келип, Көрө элек киши кептенип, Тогуз ай жатып томолок, Эми турдуң сенделип, Оолугасың не мынча, Качан күчүң бар эле, Билесиң өзүң менчелик! Айабай айтып жемени, Оолукпай Ойрот тур, — деди, Минген тору Тобурчак, Атынын оозун бурду эми. Оройу суук кызталак, Орто бойлуу өзү чак, Булчуңдуу жилик, кең далы, Ботогой болбой камданды, Оолукккан менен Ойроту, Кой деп айта албады. Кер сары тарткан өңү бар, Кек толтуруп ичине, Келген капыр түрү бар, Андан мурун балбандан, Адам тилин түк билбес, Айбан мүнөз наадандан, Утур келген нечен жан, Учуратып көрбөгөн, Мындан мурун Сомбилек, Бул өңдөнгөн адамдан, Жекелеп келди Ботогой, А капырай наалат түн, Караанын көргөн бендеге, Караңгы болот жарык күн! Кара күчкө келгенде, Кагышып бенде жеңбеген, Күн чыгыштын тарабы, Туруштук буга бербеген, Тумтак күнүн түгөтүп, Эрдин баарын тилдеген, Калдайлык өкүм колунда, Кат жазып Ойрот ушуга, Өкүм менен кел деген, Алып учуп жүрөгү, Аслии тынчтык бербеген, Каарданды, бузулду, Ач карышкыр түрдөнүп, Сомбилекке умтулду. Тумпуйуп кабак бүркөлдү, Башына туулга чүмкөдү, Белгисин көрүп чочконун, Белдүү шерге күч келди, Мындай кеп ойго кетти эми: “Карсылдашып кан чачып, Теңдешер эми келгенби, Алы келсе Ботогой, Алып мени жеңгели?” Эрди көрсө эр теңдеш, Ал Сомбилек баатырдын, Жүрөгү чочуп желдеди. Ар кандай эрдин тушунда, Өзүнө теңдеш эри бар, Моңгул менен кыргыздын, Ата-баба кубар сан, Түгөнбөгөн кеги бар, Ушул турган Ботогой, Соо койбостой пейли бар, Келе жатат Ботогой, Кең дүйнөнү кылып тар. Бура тартты Сомбилек: — Олуйа жардам бергин! – деп. Ат оозун бура тартканда, Баатыр менен бир жүрдү, Кара чаар жолборс жанаша, Жолборстун түрү кара чаар, Душмандын күнү болуп саал, “Манасты жолборс ээрчийт” – деп, Жер бетинде элдерге, Угулган кеп таанымал. Кара чаар жолборс карсылдап, Аргымактын табышы, Алтымыш аттай дабырап, Бир канаттуу кушу бар, Күн тийгизбей баатырга, Канатын жазып калкылдап, Сыр көрүндү бар жанга, Ким теңдешет андайга? Олуйа Гүлүс жар болуп, Көрсөткөн сыйкыр мындайда. Кара чаар жолборс көрүнгөн, Кашындакы тайгандар, Аны кайдан биле алсын, Көрбөгөн мурун калмактар. Калкылдап күндү бүркөгөн, Байакы куштун канаты, Төбөсүндө калдаңдап, Куштар учуп баратты. Көрүнгөн элдин көзүнө, Жолборс менен канаттуу, Арстан шердин тукуму, Мана мындай санаттуу, Көрүп туруп Ботогой, Эсинен бир аз адашты, Бала жолборс ошондо, Карматмак болду адатты, Каарданган Ботогой, Тик качырып жанашты. Бири өлсө бири бар, Атасы өлсө уулу бар, Агасы өлсө ини бар, Манас менен Коңурбай, Ак калпак кыргыз, моңгулдар, Арада канча кан акты, Өксүтпөй намыс талашты. Кезенип келген Ботогой, Чокмору бар колунда, Калканы бар жонунда, Туулгасы бар башында, Көмөрө кийген кашына, Беттешер киши жок эле, Беш уруктун элинде, Караандай күч карууда, Чарайна тартып көөдөнгө, Чама келип, чарк жетип, Жеңген эмес эч бирөө. Калбасы тийген ар элге, Ал Ботогой бар жерде, Беттеше албай жалтанган, Мен-менсиген ар бенде. Келатканын карасаң, Чакчелекей – будуң чаң, Жер жарылат тумандан, Асманды карай созулуп, Аркасынан топурак, Жөө тумандай уйулгуп, Күндүн нурун далдалап, Боз топурак буруксуп, Казаптанган бул чочко, Бала жолборс беренден, Ардангандан чыдабай, Аты-жөнүн сурабай, Айабай жанын үрөдү. Айанбай чаап жиберди, Чокмор менен салаар, деп, Кокустан тийсе чокмору, Бир балааны табаар, деп, Камынып турган Сомбилек, Найзаны кармап кез керип, Тайарданып сыкымдап, Кармаган чокмор колуна, Кар жиликтин булчуң эт, Эр Сомбилек муштады, Булчуң этти аралап, Найзанын учу чыкканы, Чаптырбастан чокморун, Түшүрүп жерге таштады. Чокмору түшүп арданды, Каар бетине айланды, Жети муундуу чайандай, Бүт бойуна заар алды, Сендеки найза менде, деп, Күүлөп найза кармады, Эп келтирип көкжалды, Как далыга бир сайды. Оодарылып козголбос, Адамда мындай тоо болбос, Козголуп койбой кара таш, Ботогойдун найзасы, Токсон барча быркырап, Найзадан сынган жыгачтар, Ар кайда учуп чыркырап, Алдында минген аргымак, Токтобой турат ыргыштап. Ошол кезде баатырдан, Кездемдин боосу чубалды, Кез керген найза чунайды, Алдында минген аргымак, Сайып өтө бергенде, Аркасынан чурады. Кылчайтып артын каратпай, Ээрдин арка кашы, деп, Омуртканын чени, деп, Сооттун ачык чети, деп, Сайганын жазбас кара көк, Мындай нечен санат көп, Андайдан канча сулатып, Алып жүргөн адат көп, Тамырын тартып кууратып, Ат үстүнөн кулатып, Калгандарын чуулатып, Көкжалдан найза жеткени, Көк дөбөдөй Ботогой, Көмөрүлүп кеткени, Томолонду Ботогой, Талабына жетпеди, Муштаган найза нетиптир, Ичеги боорун аралап, Өпкөгө учу жетиптир, Жүрөгүнөн кан акты, Эми эле тирүү Ботогой, Жер кучактап ал жатты. Баатырдын уулу Сомбилек, Маңдайда элге көрсөттү, Салакалуу адатты. Атырылып аргытып, Артынан чаң баргытып, Инимдин өчүн алам, деп, Каңгайдан Ойрот келатты. Минген кара алайак, Кара бойу турушу, Адамдан башка кызталак, Түрүн көргөн адамдын, Кең дүйнөсү кысталат. Узун эмес соройуп, Кыска эмес кодойуп, Кабагы бийик, өңү саз, Эки бети томолок, Жаткан иттей турат каш. Далысы кең, буту кууш, Бүткөн бойу тарамыш, Көмөрүп башка туулга, Кийгенинен жарашык, Алдындакы Алайак, Мингенине жарашып, Аттанып чыкты бул бетбак, Баатырлык жолун талашып, Ажал алып жакадан, Акылынан адашып: “Кылычты канга жууйум, — деп, Кыргыздан өлгөн эрлердин, Эр менен бирге эрлердин, Калтырбай кунун кууйум, — деп. Аттандым өзүм барам деп, Жети атамдан бер жакка, Өткөн өчтү алам!” – деп. Эки жагын каранып, Койго тийчү карышкыр, Ээрди-мурдун жаланып, Көрүнүп турат көзүнө, Көргөн күнү саналып. Кармагандан кан чыгып, Карагандан жан чыгып, Аркасында айдары, Сайга чыккан тал чыбык, Ыдыгына чыдабай, Алдынан шамал дуу чыгып, Кара жүздү байкаса, Кудай бетин нары кыл, Кужулдаган куу чыгып, Куйругунан атынын, Созула түшүп, буу чыгып, Кара тил найза колго алып, Чокморун артып, жонго алып, Кылычын салып кынына, Айбалта байлап жанына, Кетелеги такымда, Баары курчтан такырда, “Келе бери жарак деп, Элди карап жүргүнчө, Ала барсам болот, — деп, Бирөөнүн кеми болгондо, Тетиги турган Сомбилек, Жексен кылып койот”, Аты менен куралга, Аркандай адам таң калат, Адамдан чыккан нааданга, Ушул кезде бул Ойрот, Жыйырма беште бар жашта. Салкыны сырттын шамалдай, Ачуудан өңү татарып, Кырманда калган самандай, Алдымда өлдү канчасы, Өлүмдөн коркуп жазганбай, Өңөрүп өңкөй жарагын, Бастырып чыкты бул кандай? Эрки менен кудайдын, Эр жаралат ар кандай. Баатырлык менен Сомбилек, Эчтемеден элебейт, Мен-менсиген Ойротту, Бендеби деп бейлебейт, Бучкагына теңебейт. Зым-зым өтүп зымырап, Сүйүнгөндөн кара тер, Бүткөн бойдон жыбырап, Кара кашка аргымак, Токтобой турат тыбырап. Каңгайлардын Ойроту, Карааны калктан бөлүндү, Ойлогон жок ал чочко, Өз башына өлүмдү. Камандай болуп күркүрөп. Катуу келет бул бетбак, Кер сары тартып өңү азып, Ачуу келет бул бетбак, Берилеп элден чыкканда, Ажал алып жакалап, Алкымынан сыкканда, Атына камчы урганы, Куу найза болду алганы, Буудан бала баатырга, Бурулбай найза салганы. Эрлик кылып ченебей, Турган болчу кенебей, Күмөнү жок ойунда, Жолдошу көп немедей. Ойрот сайган куу найза, Боорунан тешип өтпөдү, Тик тигинен жарылып, Куу найза иши бүткөнү, Ушаланып жоголду, Найза тийген Сомбилек, Кыйшайып барып оңолду, Башынан багы кетпеди, Оодара сайып салууга, Ойроттун күчү жетпеди. “Байкабай туруп неттим, — деп, Элебесем мен муну, Элөөсүз өлүп кеттим” – деп. Арстан Манас баатырдан, Ата мурас санаты, Баатан айак барышы, Душмандан өлсө жаралуу, Күч алып берчү адаты, Жаралуу болгон ханы жок, Катуу тийген куу найза, Былк этээрге шайы жок, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Гүлгүн тартып үлүңдөп, Кирпик ирмеп караса, Ойрот турат коройуп, Одурайып бир четте, Томолонуп түшөт, деп, Аттан ооп бир кезде. Өлдү го деп ойлонуп, Ойунда сонун иш болуп, Качырса сайып алмакчы, Байкап туруп билип ал, Ажалы жеткен калмакты: “Найзамдын жок темири, Ичине кирип кетти, — деп, Жыгылып калат бир демде, Жык ылбаса нетти” – деп, Жалмадым деп баланы, Жалаңгыч калмак турганы, Жаны ачыган Сомбилек, Эми карап турбады, Бөрү тилдүү көк найза, Булгап колго алганы, Буудан күлүк кара атты, Бучкактан нары бир салды, Жанаша түштү калмакка. Башына түйшүк салмакка, Карачкыдай чочойгон, Карааны жок арбакка. Бөрү тилдүү көк найза, Бөйрөктөн нары муштады, Найзасы эки бөлүндү, Оодарып аттан жыкпады, Солк этип койбойт бул чочко, Салмагы тоодой көрүндү, Сенин да алың канча? деп, Балакет баскан бул Ойрот, Баланы карай өмөлдү. Баатырдын уулу Сомбилек, Булардан чыгат далай кеп, Найзасы жок балтачан, Кайраты артык кылымда, Кыйын болбойт мындай жан, Салгалы келген найзаны, Талкалап көнгөн андайдан, Учу өткүрдөн канчаны, Балта менен какканда, Бооруна тийчү куу найза, Асманды карай чыкканда, Сайдырып салмак болучу, Апкаарып түшүп жазганса. Найзаны кагып жиберип, Ээрдин тиштеп көз ачып, Кетейин деп кан чачып, Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып такандап, Колтугун чойуп чочкону, Чокудан нары бир койду. Туулгага балта тийгенде, Тоолордун баары жаңырык, Не болду деп турган эл, Акылынан жаңылып, Алты канат туулганын, Бешөө кеткен жарылып. Баатыр чапкан Сом балта, Ойлоп көрчү күч канча? Мойнунан сабы үзүлүп, Куру кол болуп калган кез, Улутунуп үшкүрүп, Кылычты суурду кынынан, Кыйын жумуш чыры бар, Кыргыздан келген баатырдын, Кыйла сонун сыры бар, Балта жеген бадырек, Баатырсынган Сомбилек, Өлбөй тирүү калды деп, Как ыргайга саптаган, Кара кайыш каптаган, Сыртына коло чырмаган, Тийген жери ырбаган, Эшик эңдүү айбалта, Ойроттун чыры бир канча, Ийнине арта салыптыр, Ысыгы жайдын аптаптай, Жанашып келип калыптыр. Балтаны шилтеп ийерде, Бадыректин балтасы, Төбөсүнө тийерде, Таамай тийсе чокуга, Казыктай жерге кирерде, Сомбилек өтө маш эле, Келе жаткан балтаны, Сабына болжоп чапты эле. Чапкан кылыч кандай курч, Кесилди сабы балтанын, “Эми кесип башын таштайын” Кылычты оңдоп имерди, Чабайын деп Ойротту, Салган бойдон жетти эми, Чаптырбады кылычты, Баары кыйын ал кезде, Ал Ойроттун кылышы, Чыканакка баатырды, Найза менен какты эми. Кылычы колдон кыңк этип, Үнү угулуп зыңк этип, Учуп барып түштү эле, Алда кайда жалп этип. Кылыч да жок, балта жок, Же качырышар найза жок, Сомбилектин колунда, Камчыдан башка калган жок, Ошондо да жалтанып, Коркуп жүрөк калтаарып, Баатыр туруп алган жок. Найзасын оңдоп алганча, Кудай бетин нары кыл, Кужулдаган бу калмак, Куу найза менен сайганча, Чукул жерден качырып: “Кый сүбөөгө сайам, — деп, Найзанын учун батырып, Өлтүрөмүн эми, — деп, Кыргыздын шорун катырып. Сомбилегин өлтүрүп, Сонун ишти кылбасам, Тирүү койбой эркегин, Түп көтөрө кырбасам! Кемпирлерин кекетип, Катындарын какшатып, Жубандарын боздотуп, Кыз калтырбай кыргызга, Айалга баарын окшотуп, Жети жаштан өткөнүн, Жерге талпак кылбасам! Жетимишке чыкканын, Кулдарыма кыйнатам, Кызы менен кемпирин, Мана минтип ыйлатам! Какжаңдатып карганын, Сакалдарын жулдуртам, Бешиктеги баланын, Шилисинен тештирем, Чыркыратып, чыңыртып, Талга илип кетпесем! Мана минтип бул сапар, Мурадыма жетпесем! Куру кол калды Сомбилек, Өчүгүшүп кектешем, Айласы калды канчалык, Өз эркимче беттешем, Көмө сайып жыкканда, Алайакка тепсетем!” Ойлонгону бу болуп, Сомбилекке бул Ойрот, Качырып жетти дуу койуп, Кый сүбөөгө сайарда, Кыргыздан башка ким чыдайт, Кысталганда мындайга? Күүлү келген найзаны, Кирпигин ирмеп жазганбай, Учунан улай кармады, Армандуу өтөт экенбиз, Көз менен көрбөй андайды, Эптештирип ким айтат, Буга окшош жалганды! Учу бала баатырда, Сабы Ойрот каапырда, Тарткылаша кеткени, Аргамжыдай чойулуп, Ортосунан куу найза, Туура үзүлүп кеткени, Эки кара ат жарышып, Бир талаага кетти эми. Оңолгон иши Сомбилек, Мындай ишти кудайдан, Өзүнөн башка ким билет? Оңу келсе иши пенденин, Билбей калат турбайбы, Оңдоп кудай бергенин, Алардын сөзү ар укмуш, Оңолсо арзан ар жумуш, Оодарышып келатып, Буйта өлгөн талаада, Найзасына кез келди, Мурун калмак эскербей, Талаага таштап кеткенби? Найзага жакын жеткенде, Сомбилектин колунан, Калдаңдаган ойроттун, Этеги чыгып кетти эле. Сомбилектен кутулуп, Сурданып Ойрот кутуруп, Жана кирди баатырга, Бул кара жүз умтулуп. Этеги колдон кеткен кез, Буйтадан калган найзага, Эр Сомбилек жеткен кез, Бергиси келсе жараткан, Жакшылыгы өтө тез, Өзү адис шамдагай, Адамдан башка чабандес, Адис болгон кара көк, Найзаны эңип алганы, Алаканга түкүрүп, Бекемдеп сабын кармады, Найза колго тийгенде, Жалтайгансып Ойроттон, Жазганар жери калбады. Ойрот сайган найзадан, Узунураак бул найза, Көрүндү көзгө карааны. Качырыша беттешти, Туйуп калды ал Ойрот, Найзасы мурун жетпести. “Жандап өтө берейин, Солкулдак найза колунда, Имерилип болгончо, Аркасынан келейин”. Ашыкпай акыл тапканы, Ал акылы жакпады, Жандап өтө берем, деп, Жандай түшүп чапканы. “Сайдырбай кыйгап жанымдан, Өтөт экен капыр, — деп, Кайта имерип качырса, Соо койбой мени такыр,” – деп, Найзаны силкип түзөтүп, Кыйырдап баатыр күчөтүп, Кыр аркасын болжолдоп, Кыйын баатыр күзөтүп, Туурадан туштап келгенде, Тунжуруң муштап ийди эле, Туңжуруң сайган бул найза, Канча заман талаада, Артылып жатып бир ташка, Жашыгы алып курч калып, Өткүр болгон куу найза, Капталга муштап ийгенде, Күүлүү барып тийгенде, Оң бөйрөктүн өзүнө, Учу барып тийди эле. Кийгени темир үч кабат, Сомбилек сайган куу найза, Бузуп өттү талкалап, Качып Ойрот жөнөдү, Кара жанын калкалап. Жетер-жетпес элине, Чукул кирип келгенде, Көшөрүп кууган көкжалың, Тоңкойто сайып жөнөдү, Тоодой Ойрот дегенге, Көрсөттү бала өнөрдү, Ал ойлонгон эмес өлөрдү. Кайнагаң каңгай беш урук, Беш урукту башкарган, Калдуубет бар чоң улук. Туулгасы мулуйуп, Тиктеп калып дулуйуп, Мойнун толгоп чулуйуп, Каңгайга берди бир буйрук: — Калың кошуун ат кой! — деп, Айалбадай бат кой! — деп, Бириң туруп калба, — деп, Тирүү калбай өлгөнчө, Кайра артыңа жанба! – деп. Калдуубет элге шарт койду, Кыраан бала Сомбилек, Кылыгын кайдан эл билет, Кылым журт жүргөн баатырдын, Кыйындыгын белгилеп, Кире берип эл жакка, Бура тартып бер жакка, Жыгылган Ойрот чочкону, Же өлдүбү-тирүүбү, Байкап көрдү ошондо. Көз жиберип караса, (Илгеркинин кептери, Эмикиге тамаша) Күүсү менен найзанын, Кулап кеткен бадырек, Кооп кетип баратат, Тайанып жерди темтеңдеп. — Иниңден калган найза, — деп, Менден эки найза жеп, Барасын эми кайда?! –деп, Бала баатыр ат койду, Ыңай туура тушунан, Кулак түпкө бир койду. Найзанын учу мылк деди, Дарбыздай башы шылк деди, Теңден жаны бөлүндү, Буда көрдү өлүмдү. Муну мындай таштайлы, Калдуубеттин арылгыс, Кастыгынан баштайлы.