Сомбилектин жараланышы
Коппой Ойрот ордунан, Жыл айланып кетиптир, Эки күчүк чоңойуп, Кемелине жетиптир. Бойу окшош, өзү окшош, Кебетеси, кешпири, Чыккан түгү баары окшош, Аркар-кулжа текени, Айдап келет топ-топ-топ, Карышкыр келсе канчалап, Тобу менен жоготот, Бири барып канжалап, Көкбөрү тобун бөлүнтөт, Ит төрөсү кумайык, Баатырлыгын көрүнтөт. Бирөө кетет талаага, Бирөө болот каралды, Сомбилектей балага, Бир жылдан артып үч айча, Убакыт өттү арада. Сомбилек баатыр ойлоду: “Он беш күндүк убада, Сакайса келет мында, деп, Санаган күндү күйдүмбү, Сары оору болуп чоң Ойрот, Сакайбай карап жүрдүмбү? Арамзада кытмыр кул, Кылгылыкты кылдыбы? Алдыртан киши жиберип, Айак асты кылдыбы? Таластагы кыргыздын, Тарпын тоодой жыйдыбы, Ооруп Ойрот жаттыбы? Унутуп калып Таласты, Мен акылдан аздымбы?” Өткөн күнүн болжолдоп, Ар санааны көп ойлоп, Атын алып токунуп, Алыста жаткан аскерге, Бармак болду кол сунуп, Бастырды жаткан жеринен, Сомбилек келе жатат, деп, Камданды бардык калмак эл. Үчөө-төртөө ортодо, Энтелеп айтат Ойротко: Кыргызды кудай урду, — деп, Белгиси кармап келатат, Аккан суудай кан кечип, Баш аламан кырчу, — деп. Бүткөн бойу толуптур, Мурункусу бекердей, Бүлүнтөр чагы болуптур, Кара бойу толуптур, Кадимкиси бекер го, Карааны тоодой болуптур. Былк этпей жатып сен калдың, Бул бадырек буруттун, Билбейбиз кандай кылаарын, Кайда кеткен Калдуубет, Алыстан келген тууганың? Айтканды Ойрот угуптур, Оолугуп сүйлөп туруптур: — Мурункудай болдум, — деп, Аттансын аскер камын жеп, Калкына буйрук кылыптыр, — Айтса-айтпаса Калдуубет, Кайда кеткен кана – деп, Калгандардан сурады, Жооп айткан адам жок, Унчугушпай турганы. — Табылар кийин Калдуубет, Мени таштап ал кетпейт, Жолун тосо чыгайын, Бурутту мында келтирбей, Бүтүрөйүн жумушун, Талабына жеткирбей, Өлүп кетсем мейли, деп, Бастырды Ойрот кекчеңдеп. Баатырдан зардап көргөндө, Тулку бойдон бузук кан, Бүт куйулуп агыптыр, Туурасы толуп тултуйуп, Ат көтөрбөй калыптыр. Көтөрбөс минген атым, деп, Керктен бирди тапкын, деп, Керкти минип далдайып, Кара тоодой калдайып, Чаначтай көөп дардайып, Таноолору барбайып, Бүткөн бойу далдалап, Курсагы чыгып чардайып, Кетүүчүдөй талкалап, Жетип келди чалкалап. Ойротту көрүп Сомбилек, Опсуз катуу сүйлөнөт, Орундуу айтып жүйөсүн, Оолугуп баатыр жемелеп: — Сен кеткели бир жылдан, Ашып кетти ээ Ойрот? Он беш күндө келем, деп, Айтып кеттиң сен Ойрот, Ээ болбогон сөзүңдү, Не айтасың маа Ойрот? Бир күнүң бирден ай болду, Бир жарымга жыл толду, Айткан кебиң канаке, Оозуң сенин не болду? Оозунан чыккан сөзү деп, Келет Ойрот өзү деп, Элимди эстеп ойго албай, Мен күйдүм мында сени деп! Бир жарым жыл болгондо, Араң келдиң эми, — деп, Ойлобопмун башында, Ойроттун амал кеби деп. Баш калкалап күн кечтиң, Кутулаар айла табалбай, Кулжуңдап бүгүн келипсиң, Тойдубу кардың сеники? Жолуңдан тосуп кайратым, Толуп болду меники. Мен сыйынам таалайга, Айткан сөздү актайым деп, Бир жыл турдум таалада. Калдуубет кана тууганың? Калдуубетке болушуп, Хан Ойрот неге куурадың? Сен жатып үч күн болгондон, Көрүнбөдү карааны, Кыйноону бекер тартканча, Кармап бергин сен аны. Кайда барса Калдуубет, Коломолуу кол менен, Кошо келет кара нээт. Сомбилек айтып токтоду, Калкына карап чоң Ойрот, Калдуубетти жоктоду. Жооп берген киши жок, Кай кеткенин Калдуубет, Аны менен иши жок, — Билмексен болуп сен Ойрот, Не сурайсың кана деп? Өчөшүп келдиң өлгөлү, Өнөрүңдү башта, — деп, Каныңды суудай жайам, — деп, Өлбөй тирүү болгондо, Калдуубетти табам! – деп, Айткан сөзү бузулуп, Угуп турган Ойроттон, Кара тер бойдон сызылып, Ашып-шашып чоң Ойрот, Качырып кирди баатырды, Эми жеңем деп ойлоп. Керк деген минген мал экен, Тулку бойу күч туруп, Чамасы чак жан экен, Баскандан башка амал жок, Жүгүрө албас ал экен. Керкинин көрүп бүт жайын, Арстан туулган чунагың, Аргытып тулпар күлүгүн, Көз ачырбай Ойроттун, Башына салып мүшкүлүн, Колуна жарак алдырбай, Кубантып көөнүн жай кылбай, Аш кайнамча эрк берип, Анын жанын тындырбай, Ошончолук урушта, Ал Ойрот турат жыгылбай, Кыйналып барат Сомбилек, Кылча жаны бир тынбай. Кайран жанды унутуп, Кайрып артка таштады, Калабалуу кагышты, Кайта дагы баштады, Сомбилектин найзасын, Балта менен бул Ойрот, Сындыра чаап таштады. Найза жок колу чолойуп, Жаңылап найза берерге, Жанында чоро жок болуп, Балтаны алып баатырың, Ат айабай чуу койуп, Жеткен жерге балта чаап, Уңгусу тийген жеринин, Сөөгүн койбой талкалап, Көз ачырбай жатканда, Эки имерип чапканда, Балтасын колдон түшүрдү, Ал бадырек ыгын таап. Найза менен балтадан, Ажырашты алардан, Кылычтан башка жарактан. Кылычын тартып кынынан, Бурдатып чаңды кыйрынан, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Манастап ураан чакырган, Кайта кирди чамынып, Ал Ойротко кабылан. Бул экөөндөй кыйын жок, Күнү-түнү тыным жок, Ойрот кылыч чаптырбай, Сомбилек кылыч кактырбай, Эбегейсиз урушту, Эпсиз болгон жумушбу, Кабуусун таап чоң Ойрот, Сомбилектин кылычын, Как белинен сындырды, Эми жеңип алам, деп, Анда Ойрот жылмайды, Сомбилекте жарак жок, Ичи жалың, боору чок. Байкап карап көргүлө, Ойрот зордун кылганын, Колунда найза зыңгырап, Белине байлап кылычын, Чокмор менен балтасын, Андай темир канчасын, Алты кырлуу кетелек, Аны алып энтелеп, Канча кабат темир тон, Минген керки чочконун, Араң басып теңселет. Катар баарын байланып, Каар жүзүнө айланып, Ачып оозун эстенип, Мас болгон нардай кеңгиреп, Эми жеңип алам, деп, Эт жүрөгү элжиреп: “Чокмор менен чабайын, Чокудан жерге казыктай, Тикесинен кагайын, Андан кийин кыргызды, Такыр талап алайын.” Чокморун күүлөп имерди, Оро-пара баатырды, Каксам жерге кирет, деп, Чокуга болжоп жиберди. Тартынбаган кара көк, Айласы элден ашкан көп, Чокмору келип тиерде, Тизе жерге кирерде, Кара кашка мингени, Койондон бетер булт берип, Ордун сала бергени. Чокмор жерге чабылып, Чокмор тийген кара жер, Кандек болуп жарылды. Чокморун тартып алганча, Карап турбай аңгыча, Кайраттанып Сомбилек, Кабуусуна келди, деп, Этектен түрө кармады, Айабай күчүн жумшады, Керк деген жылбас таш экен, Сүйрөтүп кете албады, Кармаган жаккы сооттун, Жакасынан этекке, Жарымын жулуп алганы, Бир капталда соот жок, Көрүнүп кийим калганы, Бул өңдөнгөн жумушка, Ачууланып арданды, Чокморун жерден албастан, Найзасын колго кармады. Качырды типтик баатырды, Карап бенде туралгыс, Ал кезекте капырды. Жетип найза сайганча, Сомбилек турбай аңгыча, Таштап койгон чокморду, Жетип колго алганы, Катуу сайган найзага, Чокморду тосо калганы. Чокморго найза сайылды, Найзага тоскон чокмордун, Далай жери жарылды. Найзасын ыргап алганча, Кайта имерип сайганча, “Өзүңдүкү өзүңө” Чокмор менен жиберди, Ал Ойротту тизеге. Тизеге чокмор чабылды, Томугу канча жарылды, Элебей буттун сынганын, “Эми сайып бурутту, Жылмалап муну тынайын” Ээрдин кесе тиштенип, От жанып көздөн күчөнүп, Заарын салып кезенип, Күүлөп найза безенип, (Бул белгиси келгенде, Бекер өлүм табылчу, Жалгыз менмин дегенге) Найзанын учу жетээрде, Томкоро сайып кетерде, Алдыртадан Сомбилек, Чокмор менен какты эле, Капташа түшкөн мезгилде, Сак тизеге чапты эле. Эки буту тең сынык, Жыгылган жок жан тынып, Ошол кезде Ойроттун. Бек ачуусу келиптир, Эки бетин карасаң, Беш байпактык жүн чыгып, Тизеге чокмор тийгенде, Найза түшүп кетиптир, Кетелекте Ойроттун, Эми колу жетиптир, Опсуз баатыр Сомбилек, Чокмор менен нетиптир, Чокмор тийип шилиге, Өткөзө талуу жерине, Ээрден көчүк кыйшайып, Оодарылып кеткени. Шили өтө талуу жер, Араңдан зорго көтөрдү, Калыңдыктан кара жер. Эрлик менен ченебей, Эчтемени элебей, Ат менен барып баш кеспей, Жөөлөп жетип барыптыр, Өжөр калмак өлө элек, Эки бутка капшыра, Кетелек менен салыптыр. Эки шыйрак тең сынып, Мана минтип жан тынып, Калбай калмак жабылды, Кайда жүргөн Калдуубет, Кеңкийген чочко табылды. Калдуубетти көргөндө, Томолонгон Сомбилек, Чолосу тийбей өлгөнгө, Кетелекти тайанып, Ордунан тура калганы, Кудай жүзүн нары кыл, Буурул сакал боз атчан, Бир киши келип калганы, Далыдан аткый кармады, Бир колуна атты алды, Бурулуп жолго салганы. Карап турган канча эл, Мен Калдуубет эр деген, Айбатынан апкаарып, Бастырып бара албады, Элден чыга бергинче, Алай-дүлөй кар жаады, Кай кеткени билгисиз, Көрүнбөй көзгө калганы, Аламандап турган эл, Ат изин таба албады. Алар антип жүргөндө, Араң жаткан Ойротту, Күчүктөр келип талады, Жан жеринен тарамыш, Тартып сууруп алганы, Ажыратып калгандар, Чатырына алпарды, Калдуубетке калгандар, Катуу салды калбаны: — Капкайдан келип сенделип, Тынч жаткан элге сен келип, Кан кечер жумуш таптың, — деп, Күч келсе жоодон качтың, — деп, Ошол турган сексен миң, Калдуубет жалгыз өзү бир, Ойротту эске алганда, Калдуубетке жабылды, Жаңы калбаа табылды. Калдуубет жанын калкалап, Коркутам деп буларды, Кур чиренип чалкалап, Утур келген калмакты, Душмандан бетер талкалап, Кадемин элдин катырып, Канын жерге агызып, Оолугуп күчөп бакырып. Бакырганга болбоду, Баш ийип калмак койбоду. “Түбү тууган бирге, — деп, Кызыл чапан жайдак төш, Тууганымды издейм, — деп, Тууганым издеп нетейин, Мен Таласка жетейин, Таластын тарпын чыгарып, Талап алып кетейин” Деп ойлонуп Калдуубет, Бура тартып баратып, Акылга түштү да бир кеп: “Жарадар болгон Сомбилек, Боз ат минген бир киши, Алып кетип калды, — деп, Сыйкыр экен кыргыздар, Толук жайын ким билет? Таласына алпарып, Айыктырып алдыбы? Аркамдан кууп келер, деп, Беленденип калдыбы? Билгизбей уурдап акылды, Айла кылып салдыбы, Таласына барбайын, Жөлөк болор өзүмө, Тууганымды табайын”. Деп ойлонуп Калдуубет, Кара баштуу бендеден, Башкача туулган кара нээт, Тегиз тоо карай ат койду. Боз ат минген аксакал, Ким экенин айтпады, Сомбилекти алпарып, Бир жылгага таштады. Ойротту тартып этинен, Тайак жешип элинен, Сомбилекти чыгарбай, Жуп тайгандар эсинен, Ажырап калган байкуштар, Чоңойтуп баккан ээсинен, Жер жытташып, из издеп, Капчыгайлуу тар жерден, Андан калса бел-белден, Адыр-коону аралап, Ар бир жерден из карап, Айласы кетти күчүктөр, Эч белгисин таба албай, Күнгөй менен тескейге, Эки араан бөлүндү, Адамдан бетер булардын, Көзүнүн жашы төгүлдү, Таш аралап, бел ашып, Колтуктары сөгүлдү. Тамандары жооруду, Таппай ээсин куруду, Кабыштырып тоо-ташты, Каңгырашып улушту. Карс эттирип сөөк жебей, Шалп эттирип суу ичпей, Ачка жүрүп куруду, “Катын жапа, ит опа” Элден калган кеп ушул. Күңгөй менен тескейди, Аралап жүрүп тайгандар, Тегеренип жүрүшүп, Тереңтөр деген жылгага, Тайгандар жетип келгени, Андан мурун ал жерге, Канаттуудан башкадан, Дегеле айбан келбеди, Зоо арасы тектирди, Эчки-теке жердеди, Куму менен курбусун, Аркар-кулжа ээледи, Жыгачы көп ал жерде, Канаттуунун бар кени. Ар түрлөнгөн жыгачты, Канаттуунун уйасы, Андан мурун барбаган, Адамзаттын баласы, Туйуктөрдө көп жыгач, Канаттуунун маанасы. Башы муздак аппак тоо, Айагы аска бийик зоо, Баш-айагы үч күндүк, Байкап кара, коо ошо, Адамзат басып бара албайт, Туйуктөр деген кеп ошо, Ак сакалдуу боз атчан, Арстандын уулу чунакты, Таштап кеткен жер ошол, Күңгөй менен тескейди, Тайгандар бойлоп кыдырып, Тоо башынан зыпылдап, Шамал жүрүп сыдырып, Тоо аралап киришти, Учуп-кулап өлбөстөн, Тайгандар жетип келишти, Эркин өскөн жетимге, Бул кудайдын бериши. Экөө чуркап жанаша, Тайгандарды караса, Кара кашка аргымак, Байлалуу турат жыгачта. Кайыптар алып барбаса, Барычу ага мал кайда? Сынган бутун тарталбай, Же такандап баса албай, Жыйылган тизе жазалбай, Жаткан экен жаш арстан, Алардын көргөн күндөрү, Бизге болот чоң дастан. Уламадан укканды, Учур бастан мен айтам, Жашырбайын, жаппайын, Жалганда болгон чынды айтам, Акыл жетпей баш ооруйт, Баштан айак чырды айтам, Жалгандан жамап жазбайын, Үйрөнүп алган ырды айтам. Күчүктөрүн көргөндө, Күлүп ийди эр неме: — Алладан ажал жетпесе, Мен өлбөймүн, — деди эле. Аргымакты жетелеп, Алып келди тайгандар, Жүгүн алып, ээр алып, Бар жарагын бүт алган, Чылбырын түрүп мойнуна, Аргымакты агытты, Эр Сомбилек жуп тайган, Аргымак –төртөө жатышты, Алып келет ал жерге, Тайгандар айдап кайыпты, Сомбилектин жанына, Көп кийикти жарышты, Бутун баатыр чырмады, Жарасы күчөп ырбады, Он беш күн өткөн кездерде, Билбей калды сынганды, Күндөн-күнгө жоонойуп, Шишик басып чыңдалды. Алда кандай болгону, Кайсы экени билинбейт, Ириң агып, кан агып, Бир убактан дирилдейт. Канаттуунун баарысы, Балапанын учуруп, Кетер чагы болуптур, Жаркыраган жай кетип, Өтөр чагы болуптур, Суунун бети муз болуп, Тоңор чагы болуптур. Эки буту тең сынык, Кобор айла жок болуп, Тура албайт ордунан, Жер такандап козголуп. Азап менен жай кетти, Коңур салкын күз кетти. Сомбилек жаткан чоң жыгач, Ар шагына ар түрдүү Канаттуулар уйалап, Тегерек канат болгондо, Балапандар эсирип, Чалгындарын кайчылап, Алды калды жетилип. Карап жатса бир күнү, Учарга жакын болгондо, Бойун өлчөп болжорго, Күүлөп канат ирмеди, Томолонуп уйадан, Жерге келип тийгени. Балапан жерге жеткени, Бир канаты, бир колу, Кайчы сынып кеткени. Алып баатыр карады, Ал кардыгач баласы, Дал өзүндөй Сомбилек, Оор экен жарасы, Муну өзүнө окшотуп, Миң бөлүндү саанасы. Көрүп туруп Сомбилек, Айткандарын карачы: — Тагдырдан жетсе тарткылык, Тартпаска жоктур чарасы. Бендеден карып мен болдум, Канаттуу карып сен болдуң, Касташып жүрүп бут сынды, Сен кагынам деп не болдуң? Адамда майып мен болдум, Канаттуу майып сен болдуң, Жайлай жатып маминтип, Көөнүм даттап кир болдум. Жакшынакай уйаңдан, Жай албай жаның кагынып, Жаныбар өзүң не болдуң? Жай албай жаның кагынып, Жан айабай эл бактым, Эмгегим калып ээси жок. Ээн талаада мен жаттым, Тамактан башка ишиң жок, Жок мээнетти не таптың? Жоомарттык кылып эл бактым, Жоо жооладым, кан чачтым, Кас душмандан кагылып, Карып болуп мен жаттым, Кара жаның дем албай, Карчылыкты не тарттың? Эки күчүк ит бактым, Жарым жылдан бер жакка, Ошолор менен жан бактым. Мен адамзат, сен айбан, Аман болсо тайгандар, Сени кошо багайын, Айыктырып учуруп, Анан жолго салайын, Аллам ачса ак жолду, Өзүм да кетип калайын, Кете албасам сак болуп, Болсо сообуң алайын. Канаттуу менен сүйлөшүп, Кобурашып жатканда, Эне-атасы уйага, Келип калды күүлөшүп, Балапанын жоктошуп, Үксөйүшүп окшошуп. Канатын кагып чаркылдап, Катуу үн чыгып баркылдап, Айырбай көзүн жалтылдап, Тилин салып акактап, Канатын сүйрөп салпылдап, Баласын көрүп баатырга, Келип калды жакындап, Эки күн эптеп багыптыр, Эне-атасы ал жерден, Кетпей туруп алыптыр. — Кыйын болду кана, — деп, Баласын нараак таштады, Алып кетсең мына, — деп, Канаты сынык, колу жок, Карып болгон балаңды, Тартпадың мага ыраа, — деп, Бала баатыр зарылат. Кишиге айтып жаткандай, Канаттууга таарынат, Кукулуктап жорголоп, Эне-атасы жетишти, Баласын көрүп жарасын, Экөө тең учуп кетишти. Эки күн болду келбеди, Унуткандай баласын, Келип тамак бербеди, Үчүнчү күнү түш менен, Ээрчишип жетип келгени. Тиштеп алып бир чөптү, Ыраңы жашыл көпкөктү, Эт жеп жүргөн неме экен, Зордук менен жегизди, Баласына беришти. Он күн турду ал жерде, Жана чөптөн калган жак, Жаңылап ага берерге, Балапан чөптү жегели, Он күндөн ашып бараткан, Акпай кандар басылды, Сынып калган канаттан. Кутулуп калды балапан, Бүткөн бойдо жараттан. Эки тайган аргымак, Ар күнү муну карашкан, Биз билбейбиз тапсак, деп, Ар кимиси санашкан. Акылы артык айбандар, Балапанды ар күнү, Көрүүчү булар жарадар. Балапан күнгө кактанып, Канатын тарап чакчайып, Кагынып кайтып түзөнүп, Дүмдүйсө жүнү саксайып, Учуп кетти бир күнү, Көкүрөк керип төш жайып. Аны көрүп Сомбилек, Эки көзгө жаш алып, Мусапырлык жолунда, Ыйлоого кирди муңканып: — Жараттың, кудай, жан кылдың, Ата-энемден тең айрып, Жал-жал карап жалтанган, Жетимдикте зар кылдың, Бүрдөп турган чагыңды, Кең дүйнөнү тар кылдың. Эрик берип чоң кылдың, Элирген баатыр зор кылдың, Ушу бүгүн жараткан, Не мынчалык кор кылдың? Алты атамдан жети атам, Болуп барат кубар сан, Ак калпак кыргыз алаштын, Намысын булар талашкан, Кыргызга кызмат кылам, деп, Кыйналды курган чымын жан. Жараткан сенин ишиң го, Бирине бирин кас кылган, Калдуубет болуп кас душман, Канчасы ага кошулган, Бутум сынып калды, деп, Түк кылбаймын мен бушман. Балапан болсо жарадар, Эне-атасы санаадар, Айбан туруп тили жок, Абыдан жанын кыйнады, Алып койсом жаныма, Атайын келип сурады. Дегеле, алла бербейсиң, Мен жетимди сурарды! Ата-энеси бар үчүн, Ак тоонун башын сыдырды, Баласынын камы үчүн, Айланды бүткүл кылымды, Дары болор чөптү таап, Балапанын учурду, Бутум сынып кар болуп, Кууп басарга зар болуп, Жаткалы өттү канча ай, Болбоду менин көөнүм жай. Зар болуп жатсам жалдырап, Билер кишим болбоду, Мени издеп, ичи ачып, Издээр иним болбоду, Кайда кеткен кана? деп, Кабарын элден сура, деп, Кайышаар агам болбоду, Түнүндө жатып уктабай, Түшүмдө көрсө көөнү жай, Жүрүүчү мени унутпай, Ата-энем болбоду. Жаратканда жалгыз баш, Айланар жок жатындаш, Эч болбосо аталаш, Эсине алар адам жок, Ар тараптан ичиме, Ар күнү түшөт кызыл чок! Ар санааны Сомбилек, Ар тараптан ойлоду: “Жумуру башта мендейди, Жапаага жасап койгону. Өлсөм калдым талаада, Өлүмгө жоктур эч даба. Таласка салып жатабы, Калдуубет чочко, чоң калба? Кыйынчылык күн келип, Кызыл ээк чалдарга, Чыркырап ыйлап жатабы, Кызыл муштум балдарда, Агып сүтү дирилдеп, Жаш эмчектүү жандар да? Жардам кылар киши жок, Жабыр тарткан андайга, Жазганың ушул өңдөнөт, Жаш чагымда маңдайга! Жалдырап кыргыз кыйналса, Убалы кимдин мойнуна? Артынып элдин убалын, Мен барармын алдыңа”. Өзүнүн жанын унутуп, Абдан калды кайгыга, Аркайган тоолор чыдабайт, Эр Сомбилек баланын, Эл үчүн кылган зарына. Ачып көзүн алайып, Жан жагына каранып, Атасы өткөн Манасты, Айландырып эске алып: — Айкөл атка кондуруп, Адамдан артык шер кылдың, Айры төштүү бет келбей, Алптын баарын кем кылдың, Айкөлдүн укум-тукумун, Алашка кызмат кылдырдың, Мен кептенген шордууну, Маминтип элден кем кылдың! Айактанып бастырбай, Айлантып башты тел кылдың. Өкүмүң өткүр жасаган, Өзүңө жанды тапшырдым. Ырыскымды түгөтпөй, Эки итке бактырдың, Эки түгөй күчүктү, Тууганымдай бел кылдым, Тулпарды минсем урушка, Агызып бойун тер кылдым, Мендей нечен муңдуунун, Көзүнөн жашын сел кылдың. Көрүнө түшсө көзүнө, Аргымак менен тайгандар, Ала тоодой бел кылдым. Ушул бойдон көз жумсам, Тулпарым калар токулбай, Калдуубет барып таласа, Ак калпак кыргыз элимдин, Сөөгү калар койулбай, Кажырларга жем кылар, Өлгөндөрүн койдурбай. Кантип тынсын Калдуубет, Уландарын кул кылбай, Босого маңдай, бото көз, Жубандарын күң кылбай, Намысын кыздын кетирип, Жер тиктетип кем кылбай, Айап койбойт душмандар, Аргымакты тер кылбай. Азууларын аркайтып, Атан төөнү жоор кылбай, Атажуртум Таласка, Айбандарды зор кылбай, Аманатың алсаңчы, Мени мындай кор кылбай! Уламалап укканда, Укмуштуулар айтканда, Нечен баатыр, нечен эр, Жалгыз менмин дегендер, Пейли суудан кенендер, Канча бааша, канча хан, Жер бетинде жаралган, Дүйнөдөн өттү тамам жан, Кара болсун, хан болсун, Жарды болсун, бай болсун, Ачка болсун, ток болсун, Дүмпөр болсун, шок болсун, Колу жок болсун чолоңдоп, Бокор болсун кодоңдоп, Сокур болсун олоңдоп, Узун болсун сороңдоп, Мулук болсун молоңдоп, Ороо болсун короңдоп, Улук болсун урматтуу, Сулуу болсун сымбаттуу, Асыл болсун кымбаттуу, Сындуу болсун сымбаттуу, Учкул болсун канаттуу, Тулпар болсун атактуу, Жазда өнгөн жалбырак, Күз болгондо кубартты, Кыймыл эткен баарыны, Кара жер соруп жылмайтты. Ошонун бири Сомбилек, Аркасын ойлоп ким билет, Элди эстесем алактап, Токтобой турат эт жүрөк. Оорагын айтып атанын, Жан багып жата албадым. Намыс үчүн удургуп, Токтоно албай желдедим, Түп атамдын жолун кууп, Ошол үчүн келгемин, Көөнүмө толбой жатыркап, Төшөктөн качып келбедим. Суктанган сүйүү кандырып, Сүйкүмдүү мээрим алдырып, Тынымканды бергенсиң, Тагдырың ушул турбайбы, Бүгүн тал түбүнөн жай бердиң! Эр Гүлүстөн абамдын, Бузукка колун кестирдиң, Далысынын терисин, Бычак менен тештирдиң, Аркасында абамды, Мурадына жеткирдиң. Каныкейди кар кылдың, Хан Бакайды зар кылдың, Өткөрүп жылдар арадан, Кадыксыз көөнүн жай кылдың. Семетейди өлтүрдүң, Көкмончоктун колунда, Ар жорукка көндүрдүң. Өлтүрүп кайта тиргиздиң, Ак көбө тонду кийгиздиң, Тайбуурулду миңгиздиң, Ак калпак кыргыз алаштын, Бийлигин колго тийгиздиң, Атадан калган алтын так, Кайта ордуна мингиздиң. Айчүрөктү алдырдың, Сейиттекке үч жылы, Тар курсакты жай кылдың. Кыйаздын канын чачтырдың, Ата конуш Таласты, Сейиттекке тапшырдың. Канчоро башын кестирдиң, Канчоронун кылганын, Өз башына жеткиздиң. Жинди болду Чачыкей, Арнап берсе аш жебей, Казабың менен кудурет, Кар кыласың ченебей, Кызмат кылдым кыргызга, Күнөөм жоктур кенедей. Кор кылсаң да, зор кылсаң, Бир өзүңө сыйынам, Айлар кетти алыстап, Тар жылгада мен турам. Аксакал Бакай абамды, Сен жараттың аларды, Тагдырың ошол кудурет, Ааламда тирүү ал барбы:? Адамга бердиң канатты, Түгөнгүс түркүм санатты. Аккуу болуп учканда, Чоң энем Чүрөк адаты, Каныкей, Бакай, Чүрөктүн, Ааламга даңкы тарады, Не жараттың, кудурет, Мендей шордуу баланы?! Эр Семетей, зор Бакай, Каныкей, Чүрөк, Гүлүстөн, Элдер айтат оозунда, “Өлбөй тирүү бардагы” Арбагынан өлгөндүн, Өздөрүнөн суранам, Өлбөй тирүү жүргөндүн. Заңкайган Алатооңдон, Залкайган терең кооңдон, Какжырап жаткан чөлүңдөн, Мелтиреп жаткан көлүңдөн, Төшүн жайып дагдайып, Кеңирсип жаткан төрүңдөн, Байчечекей жайнаган, Саймадан көрктүү бүрүңдөн, Сан-санаксыз кубулган, Көз жалтанган гүлүңдөн, Урмат менен суранам, Упурак болуп муңайам. Убайлуу кылдың мени сен, Ошончолук зар кылдың, Кай жеримен жаздым мен?! Жаш балапан кезимде, Жардамың барбы жетимге? Ак карлуу тоонун боорунда, Жан баспаган корумда, Ар нерсе түшөт ойума, Аман эсен жандыргын, Ак калпак кыргыз тобума. Жазганым болсо кечиргин, Жардамың болсо жеткиргин, Адам келбес туйукка, Амириң менен жеткирдиң, Киши көрбөс туйукка, Кимге мени жеткирттиң? Көк асман турса мелмиреп, Көк тиреп зоолор мелтиреп, Күн көрө албай жаш кезде, Көңүлүм азат темтиреп. Каралды болду үч айбан, Мындан башка карашар, Кара баштан жок болду! Көздөн агып кандуу жаш, Бала баатыр Сомбилек, Карып болду жалгыз баш, Ырп этерге ал калбай, Кырданып калды алсырап, Ээсинин көрүп абалын, Эки тайган кыңшылап, Алда эмне болду? деп, Аргымагы кишинеп, Жетип келди аркырап, Эки тайган кыңшылап, Аргымакты карасаң, Эриндери шалпылдап, Сүйлөшүп жаткан шекилдүү, Асманды-жерди карашат: “Балапанын учуруп, Алып кетти канаттуу”. Эки тайган сүйлөшүп, Кеп-кеңеши токтоду, Далай чөптү карашты, Мен табамын сен тур, деп, Эки тайган талашты. Ыркырашып урушат, Ырсайышып турушат, Ага чейин аргымак, Арага түшүп кеп айтат: “Азаматтын канаты, Ат болот” деп эл айтат, Жалганы жок чынды айтат. Адатыңдай экөөңөр, Аркар-кулжа баштаган, Ар түрлөнгөн аңдардан, Айдап келип таш-таштан, Арстан эрди баккыла, Жанынан кетпей жаткыла. Мен аргымак жол тартып, Баш бурган жакка оң тартып, Күнгөй менен салайын, Гүлдөрүн чөптүн карайын, Тескей менен салайын, Текченин чөбүн карайын, Ой-тоонун баарын аралап, Он күндө келе калайын. Тайгандар туруп кеп айтат: — Кой, аргымак, — деп айтат. Эки күн ууга баралы, Семизинен кайыптын, Кырк-элүүчө алалы, Айдап келип бул жерге, Азыган жээрге, Ушул жерге жаралы, Эр канаты сен элең, Ээбизге болгон каранды, Күнгөй, тескей араандап, Чөптү биздер карайлы. Азамат аман айыкса, Сен чуркайсын талыкпай, Кызматына жарайсын, Чапканына чаалыкпай. Ачык жерге чыкканда, Карышкыр келет кабышып, Тобу менен жарышып, Тобурчак, сени жеп кетет, Томуктай койбой талашып, Душманды кантип жеңе алат, Эр Сомбилек жөө басып? Ардык алып туруптур, Жоо жарагын асынып, Айыкканда кара көк, Сага минсин жарашып. Кемчил жериң сенин бар, Жедиресиң бөрүгө, Билбеген соң жыт кандай, Көргөнүң жок сен чөптү, Табасын кандай тааныбай? Чөптүн өзүн көргөнбүз, Жытын алып билгенбиз, Талашпагын сен бизден, Чөптү таап келебиз, Алып келип чөптү биз, Өз колуңа беребиз. Ит оозунан эр жейби, Сен бересиң баатырга. Тайгандардын айтканы, Туура келди акылга, Аргымак айтат аларга: — Арстанымдын жолуна, Мен болойун садага, Талаада жаттың, күчүктөр, Ачылбай көзүң жылтырап, Курсагыңда ашың жок, Чыдай албай кыңшылап. Ичи ооруду силерге, Мен тайармын минерге, Кара саным оорута, Каптыра чапты камчыны. Эки күчүк, сен үчүн, Кайыптан атты алтыны, Эт жаңылап жегизип, Айабастан бакты бу. Алынча кылып кызматты, Арстаным кара көк, Адам, айбан дебестен, Ар кимге иши жакты бу. Силерди бакты эт берип, Күптүү кылбай көп берип. Ачка койбой шимшитип, Антип жүрүп чоң кылды, Сен экөөңдү жетилтип. Мени бакты жем берип, Суусунума сүт берип. Арпадан берди түктөйтүп, Күркүлдөк болуп калат, деп, Чуркаганда күч келип, Өпкөсүнө тап кетип, Күрүчтөн берди жемимди, Жетилтти антип демимди. Душмандан кастык болот, деп, Кандагай менен каптады, Кара бойум чаптады. Өлтүрөлү атын, деп, Кездеп атты нечендер, Жебенин огу жетпеди, Найзанын учу тешпеди, Кылычтын мизи кеспеди, Ачкөз душман маа кылган, Кастыгы бекер кеткени. Чогулуп кылып тилекти, Дары чөптү издейли. Кеңеш кеби бүтүштү, Тайгандар кетти адырга, Кулжадан айдап түшүштү. Сары мүйүз кулжадан, Көк чаарынан аркардын, Эки жылы туу калган, Куу мүйүз болгон текеден, Бармак басым чыккыдай, Кармап сойсо чекеден, Өзөндө жаткан курунан, Он эки айры бугудан, Тоо эчкинин сурунан, Аралашып айдашып, Кулжа жатчу кумунан, Тоо кийик жүрчү курбудан, Айдап келди тайгандар, Алтымышты мындайдан, Байыркынын айбаны, Адамдан артык кам кылган, Баарысын жарып кайыптын, Сомбилектин жанына, Сүйрөп келип жам кылган. Эки тайган аргымак, Ээси үчүн камданды, Элүү күнү жеткендей, Кайберен эти камдалды. Аргымакка ошондо, Тайгандардын айтканы: — Сомбилек үчүн тайгандар, Алыска сапар тарталы. Насип болуп табылса, Ошол жерден кайталы, Эстесек бала баатырды, Эс алып кантип жаталы? Күнгөй менен тескейди, Жылга-жыбыр беттерди, Калтырбастан карайлы, “Аракетте-берекет”, Дары чөптү табалы. Күн-түнү жок жол жүрүп, Кырк беш күндөн калтырбай, Алып келе калалы, Манастан калган белекти, Айыктырып алалы. Айтып болуп тайгандар, Басаарына калганы, Аргымак ээрди кыбырап, Тайгандардын караса, Ооналактап шыйпаңдап, Кош эмесе, дегенсип, Жүрүп кетти шыпылдап, Батууга кире берерде, Аман болгун, дегенсип, Аркасын карап кылчаңдап, Көздөн жашын кылгыртып, Жолго түштү ыкчамдап. Түндүк жакты бетке алды, Күнгөй менен тескейге, Бөлүнүп булар жол салды, Күн-түнү жок жөнөдү, Эми кайдан тынч алды, Ойду-тоону кыдырып, Он тогуз күн жол тартты. Тарамыштар чойулду, Кызыл кан агып изинен, Тамандары ойулду. Кай жерлигин билбеди, Бир жерге булар келгени, Басалбай калды жадашып, Бирин –бири карашып, Күндө улар жүрүчү, Басчу жолду талашып, Жооруп кеткен таманын, Ит каадасы жалашып. Жылганын күнгөй бетинде, Аскалуу таштын тегинде, Өзөндүү суунун жээгинде, Бир топ бугу кочурап, Жайылып турат бир жерде, Карды ачып кайышкан, Чамасы жок тайгандар, Бугуну басып жээрге. Тиктеп жатса шылыйып, Ирмебей көзүн кылыйып, Элестеген кыраңдан, Көрүндү көзгө бир неме, Жакындап келди бугуга, Карап жатса бир неме. Келе жаткан бир айуу, Казан бактай таш менен. Бир бугуну урду бу, Өнөрүн көр айууну, Жамбашынан бир бутун, Сындыра чапты бугуну, Ачка жаткан тайгандар, Каңкылдашып улуду. Иттин үнүн укканда, Айуу качып жоголду, Таштап койуп бугуну. Ачка жүргөн тайгандар, Анда карап турчубу? Эптеп жетип жесек, деп, Кетип барат тайгандар, Өкүмү улук кудайдын, Сонун иши ар кандай. Бутун сүйрөп бугусу, Имерилди тумшукту, Чыга калса тайгандар, От ордундай көк чөптү, Жулуп жатат ал бугу. Итти көрүп тартаңдап, Качып жолго салыптыр, Аксаган буту бугунун, Сапа-сак болуп калыптыр, Бергиси келсе кудайдын, Ар бир иши аныктыр, Эки тайган ээрчишип, Чөпкө жетип барыптыр, Кандай чөптү жеди, деп, Шимшилешип калыптыр. Таманы чөпкө тийгенде, Канаган жери сак болду. Дарыны издеп таптык, деп, Тайгандын көөнү карк толду. Адамдан бетер сүйүнүп, Тамандары айыгып, Аңыраңдап түйүлүп, Тектирден теке алганы, Текенин кардын жарганы. Жинин силкип таштады, От ордундай жердеги, Чөптүн баарын жыйнады, Бекер калган карынга. Жыйнаган чөбүн салганы, Тойгончо жеп текени, Курсагы тойуп жыргады, Ачкан курсак тойгондо, Тайгандар карап турбады. Капшыра тиштеп оозунан, Арта салып мойнуна, Аламандап жүгүрүп, Ал тайгандар чуркады, Айал-үйөл кылбады, Баштакыдан беш бетер, Айабай жанды кыйнады, Алмак-салмак карынды, Алгоолошуп көтөрүп, Түн уктабай, күн тынбай, Келе жатат көөшөрүп. Эр канаты аргымак, Сомбилектин жанынан, Бута атым кетпейт ажырап, Түн уктаса Сомбилек, Таң атканча түн сактап, Тиктеп турат жалдырап. Айак серпип бут тартпай, Ойгонот деп табыштап, Айды аркандап күтүптүр, Айтып кеткен тайгандар, Күндүн саны бүтүптүр. Алда эмне болду деп, Айтып кеткен убада, Күндүн саны толду деп, Өзөндү бойлоп жөнөдү, Мен карайын жолду, деп. Бура тартып басарда, Улуган үнү угулду, Айактакы аскада. Жумаланып тайгандар, Кулап түшкөн аскадан, Өөдө карай чыга албай, улуп жаткан экен деп, Жол табалбай башкадан, Же болбосо тайгандар, Керектүүнү тапканбы? Заңкайган тоону жаңыртып, Жарышып келе жатканбы, Сүйүнчү кебин айткалы, Баатырыңдын жанында, Боолук салчу аргамжы, Каршыра тиштеп аргымак, Капчыгай менен салганы. Аргымак антип жатканын, Бала баатыр көргөнү, Башын ийкеп жаныбар, Ойду карай жөнөдү, Кожобостон киргенде, Колтугун тулпар чойуптур, Ачып көздү жумганча, Аскага жетип болуптур. Эңкейип алдын караса, Тамандарын жалаша, Эки тайган жанаша, Эрмегин уксаң алардын, Эң эле сонун тамаша. Аттын көрүп караанын, Ачуу үнүн чыгарып, Улуганын карагын, Улуп-уңшуп сурады, Баатырынын абалын, Укмуштанып маминтип, Өтөт экен заманың, Эми карап көргүнүң, Аргымактын амалын. Алып келген боолукту, Бир башын тиштеп бекемдеп, Аскадан салды бир башын. Салаңдап боолук жеткени, Эки четтен тайгандар, Карынды чындап тиштеди. Колдору менен тырмышып, Аргамжыга асылды, Көрүп туруп аргымак, Санаасы эми басылды. Аргымак жипти бек тиштеп, Кетенчиктеп жөнөдү, Барган сайын өөдөлөп, Башкы зоого жакындап, Келе жатат чөйрөлөп, Аскадан чыкпай шып этип, Тартылбай аркан койгондо, Туйагы менен бек басып, Бере көр, кудай, деп басып, Тиштеп тартып чойгондо, Тартылбас мезгил болгондо, Туйагы менен арканды, Басып турат аргымак, Демжип тиштеп жаныбар, Тартып турат аргымак. Эки тайган окшошуп, Аргымак менен топ болуп, Аргамжыны жыйганы, Эки тайган аргымак, Эми карап турбады. Кишинеп аты аркырап, Эки тайган каңшылап, Жакын жетип барганы. “Мен айткан немедей. Минген атым, тайганым, Не жарашат ченебей? Бул үчөөндө кайгы жок, Ойлой турган кенедей.” Мойнун тетир буруптур, Аты менен тайгандар, Жанына келип туруптур, Шыйпаңдап иттер кыңшылап, Ийнинен тартат аргымак. Карындын оозун ачканы, Көзү көрдү Сомбилек, Карында жаткан чөп чарды. Элестеди көзүнө, Канаты менен буту жок, Ата-энеси чөп берип, Балапандын учканы, Кырданып өөдө оңдолду, Кыйлага баатыр ойлонду, Карынды алды колуна, Карады чөптүн баарына, Оңуна кудай салган чак, Көзү түштү дарыга. Жалбырактан жалмады, Жарым саатка калбады, Жаны мээйип жыргады, Жаңтайган бойдон жан жыргап, Жайдарың уктап калганы, Сомбилек уктап калыптыр, Аргымак, эки тайганы, Ашып калган чөптөрдү, Жарага жаба салыптыр. Аргымак суудан оозуна, Ууртап алып толтура, Тамызып сууну туруптур, Жараатка чапкан дарыга, Тамызып турду дембелеп, Жалбырак куурап калат деп, Жашартып улам бул чөпкө, Айбанда болсо жылкынын, Акылы артык бөлөкчө. Алты күнү, алты түн, Аңтарылбай уктады, Кээде чыккан тынуу бар, Кээде тынуу чыкпады, Тынуу чыкпай калганда, Аргымак менен тайгандар, Айабай эси чыкканы, Ээси өөдө болгунча, Карыш нары жылбады. Ойгоно турган чак болду, Колун алып төбөгө, Эки бутун чойгону. Көзүн ачып караса, Кылайган бойдо жара жок, Жегенине жараша, Табийаттын күчүн көр, Мындай нечен тамаша, Эр Сомбилек, аргымак, Эки тайган – төрт жанга. Ордунан турду оңдолуп, Ооруган жердин тайны жок, Тула бойу соо болуп, Мана минтип бирдемде, Маңдайда шору жоголуп. Угуучудай айбанга – Аты менен тайганга, Карап киши турганда, Сыр чечишип маңдайда, Эриккенде адамзат, Акылы кетет ар кайда, Эсине алып арбакты, Айтып турат аларга: — Түп атам Манас зор өткөн, Түртүшкөн бенде кор өткөн, Түртүшүп келген душмандан, Дүмүрүн казып түгөткөн, Айкөл атам Манастай, Ааламда качан эр өткөн? Санаасы бирге талапташ, Олуйа Кошой кары өткөн, Айдай бети жаркыган, Айткан кеп балдай татыган, Акылман Бакай дагы өткөн. Ирегелеш бир конгон, Жайытта малы бир болгон, Сандыгына зар толгон, Санаасы сүттөй ак болгон, Казактан канча хан өткөн, Кытайдан келген Алмамбет, Кылымдан ашкан зал өткөн, Нойгуттун ойон Чубагы, Оорагы артык будагы, Желиксе жеңген баарыны, Сээрлүү кийген тажыны, Кылымдын баары макташат, Кыргыздан Сыргак баатырды. Жаткан жерде жатын бир, Жайылганда малы бир, Жайы-кышы айыл бир, Айткан кепте акыл бир, Тамыры туташ такыр бир, Аралаш жүргөн жети хан, Айткан кебин акташкан, Акырет болуп бир-бирин, Жат душмандан сакташкан. Жан жагында жети хан, Ошо кезде алашта, Ордолуусу он төрт хан, Колбутуп айдап кошунун, Бейжинге барып кол салган, Беттешип бенде барбаган, Бейжинди тепсеп жол салган, Айкөл шер антип өтсө да, Семетей жетим жаш калган. Биздерге мурас болгон бейм, Кыдырып келет баштатан, Өз балам деп санабай, Жоодой талап алыптыр, Абыке, Көбөш, Жакып хан. Ак сүтүн берген Манаска, Чыйырды ыйлап чыркырап, Хан баласы Каныкей, Кан какшаган буркурап, Көрүп турган көпчүлүк, Сай какшап сөөгү зыркырап, Көтөргөнү Семетей, Көргөндүн баары чуркурап. Ботосу өлгөн ингендей, Бакайды кошо какшатып, Арбагын элден бастатып, Жол кайтартып чеп кылып, Манасты билген Бакай, деп, Абыке, Көбөш кек кылып, Чыйырды, Бакай, Каныкей, Көргүлүктү көрүптүр, Көлдөтүп жашын төгүптүр, Иттердин кылган ишине, Амалы канча, көнүптүр. Аркалап жетим баланы, Чыйырды менен Каныкей, Кара ханга барыптыр, Темир тоодо жол тосуп, Олуйа Бакай калыптыр, Жаткан Бакай тим жатпай, Сарытазды жиберип, Каныштан кабар алыптыр, Эр жетилип Семетей, Элин колго алыптыр, Эрегишкен эзелтен, Абыке, Көбөш, Жакыпты, Аймап Семей салыптыр. Чыйбыт, Кочкор-эки арам, Адыбай, Көлбай – төрт арам, Кыргыл баштап кырк чоро, Кыргыздан качып бөлүнүп, Кырылып булар калыптыр, Атын тартып, тонун жаап, Жолун тоссо Семетей, Райым кылбай кенедей, Кекжейишип бергенде, Семетей кырып салыптыр. Чынкожо бузуп Толтойду, Акунга баштап көп колду, Айчүрөк тартып алам, деп, Семетейден кем болуп. Өлүп булар жоголду. Ошол кезде кыргыздар, Кылымга саны карк болду, Бадакшан, Балык, кең Үргөнч, Баарысы буга баш болду. Арстан Манас барында, Алтындап минген тагына, Катарда бар он төрт хан, Семетейдин тушунда, Бадакшан, Балык, кең Үргөнч, Жедигер эли кошулуп, Санаты толду жыйырмага. Ак калпак кыргыз алашты, Олутуна кондуруп, Жыйырмага хандытолтуруп, Дуулап турган кезинде, Чубактын уулу Канчоро, Канжуткордун бири ошо, Жедигердин Кыйазды, Тымызын ичтен колго алып, Таласка келди жол салып. Жоо бөрүсү Семетей, Канчоро сайып капталга, Балта чаап Кыйаз какбашка, Бейажал өлүп Семетей, Алып кетип Көкмончок, Өлгөнүн анын көрсө да, Көмгөнүн тирүү жан көрбөй, Кайып болду он төрт жыл. Колго түшүп Гүлчоро, Жаман аттын айынан, Далысынан кестирди, Капталынан тештирди, Арамдык кылып Канчоро, Айчүрөктү олжого, Жедигерге кетирди, Чачыкейди өзү алып, Айабай чайкап кесирди, Олуйа Бакай карыга, Төө кайтартып жөө койуп, Жамандыкты жеткирди. Каныкейди кар кылды, Тамтыгы жок кийими, Бүт ыштанга зар кылды, Ак калпак кыргыз элинин, Заманасын тар кылды, Жедигерден башка элден, Кол үзүлүп айрылды. Нойгут көчүп кыргыздан, Ополдон тартып Индистан, Ортосу ойдуң Лопнурда, Ошол жерди жай кылды. Айчүрөк салып амалды, Күндө алдап түркүмдөп, Көр Кыйаздай жаманды, Үч жыл курсак көтөрүп, Сак-саламат төрөдү, Сейитектей баланы. Күндө учуп абалап, Токтосарттай байды таап, Момунжандай табып таап, Гүлүстөндү сакайтты, Күн-түнү жок дабаалап. Эткендери эм болуп, Айыкканда эр Гүлүс, Сейиттекке бел болуп, Тайынсыз болуп жоголду, Кыйаз менен Канчоро, Кара жерге тең болуп, Сейтек келип Таласка, Алашка калды ээ болуп, Он төрт жылда Семетей, Ата журту Таласка, Кайта келди оролуп. Элге эркиндик талашып, Айтумуш барды жол басып, Кызыл алптан кысылып, Муз тоодо калса камалып, Баралбаган Сейитек, Ат көтөрбөй жөө басып, Тогуз жашка Кененим, Минген атта ээри жок, Жер бетинде бендеде, Кененимден ээри жок, Үстүндө кийген сооту жок, Жоого иштетээр курал жок, Камым жок деп Кененим, Ой ойлонуп турган жок. Ай түбүнүн жерине, Айтумуштун элине, Семетей, Бакай хандарды, Шер Гүлүстөн, жаш Сарык, Камалып жаткан белине, Күн батышта жети дөө, Адамдан кармап чеп кылып, Кыйынсып жаткан ченинде, «Манастап» ураан чакырып, Найза, кылыч ордуна, Чоң чынарды иштетип, Баарысын айдап жапырып, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнү баш кылып, Кийим кийбес, аш ичпес, Жоо сайышып ат минбес, Келбес жайга тапшырып, Суу пери менен коштошуп, Зымырык менен достошуп, Кызыл чапан жайдак төш, Кызыл мистен там салган, Кылымда өжөр бул элден, Гүлкакыдай кушту алып, Чыңыртып туруп Чыңгышты, Чыныкени кошо алып, Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, Учарлыктан тынарлык, Агыны дайра чыккан чөп, Баарынын тилин билиптир, Түгөнбөгөн олжо алып, Андан кийин Таласка, Батыш менен чыгыштан, Канчасы келди кур алып, Биринен бири тил алып, Жер жайнаган кол алып, Азуусун айга бүлөгөн, Ааламды бузар зорду алып, Ошонун баарын түгөтүп, Аты кетти ааламга, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч Сарык атанып. Кененимден Сейити, Күн батышка бир барып, Карадөөнү сулатты, Сыйкырын ачып Шааддаттын, Көк күмбөздү кулатты. Жети дөөнүн көп колун, Жанжүрбөстүн кумунда, Онтотуп койдой жуушатты, Касташканын койбогон, Жер бетин жесе тойбогон, Жез кемпирди ыйлатты, Жез кемпирди жардырып, Жаманбайды жыргатты, Желмогуздун тукумун, Мына минтип кууратты, Көкбука менен Жетилбай, Сүйгөнүн колго тийгизди, Карадөө жеген атасын, Адылдыгын билгизди, Балыкчынын баласы, Абылды такка мингизди, Кыстумбал менен испандын, Ийинге элин сийгизди, Кызыгышкан душманга, Кыйындыгын билгизди, Билеги жоон эр өттү, Пилге минген шер өттү, Дүйнөгө келген тамам жан, Баары өлүп түгөттү, Жыйырма экимде жашында, Дүйнөдөн жылып бул өттү. Адал сүйгөн алган жар, Кылжыке калды санаадар, Үмүт күтөт Кылжыке, Курсагында бала бар, Жалаңгыч Сарык аталган, Кененим үйдө аман бар. Талгак болгон Кылжыке, Бирөө эмес эки ишке, Жүрөгүнө жолборстун, Тукумуна чоң куштун. Талгак болгон нерсени, Таап келген Кененим, Жедирген киши Чыныке, Эгиз эркек баланы, Төрөп салды Кылжыке. Ат койулду балдарга, Асылбала, Бекбала, Бара бара ат болду, Асылбача-Бекбача, Асылбача он беште, Өнөгүн бербей бендеге, Белдүү болду башынан, Эр беттешпей деги эле, Жыйырма беште окко учту, Кудурет иши не күчтүү! Катын албай жүрүптүр, Жыйырма беште ал өттү. Мана мындай эрлерди, Карапайым бендени, Жер жүзүнүн бетинде, Тирүү жандар дегенди, Кара жер жутуп жиберди, Боолук салып алыстан, Жол тосуп ажал имерди. Эгиздин бири Бекбача, Жыйырма беште бул чакта, Асылбача өлгөнчө, Барган эмес эч жакка. Арбагына сыйынып, Атасы Манас баатырга, Олутун бузбай Таласта, Токсон уруу түрк уулу, Ээлик кылды алашка. Алп беттешип алган жок, Алайа тиктеп койгондун, Бири тирүү калган жок, Периге барды Көйкапка, Бекбачада арман жок, Бийлик колдо турганда, Кылбаган иши калган жок, Ар кимди койот эркине, Кээ кезинде дүйнө шок. Мурун өткөн элдерден, Оозго алынган эрлерден, Ороздудан бер жакка, Өзү турган шол чакта, Бир жүз кырк төрт эр санап, Айал-эркек дебестен, Баарын бирдей тең санап, Аш берем деп буларга, “Ааламга кабар салам, — деп, Кимдин кеги бар болсо, Ошол кезде табам, — деп, Чаары чыгат көзүнөн, Чалгырты чыгат сөзүнөн, Андан билип алам, — деп, Көрсөтүп туруп көп элге, Көрүнөө эбин табам” – деп, Кабар салып жарыйа, Кат жазды элдин баарына, Ашка кел деп чакырды, Балтыктын кеңир сазына. “Келбей калба уккандар, Бир жүз кырк төрт ашына, Бир жүз кырк миң алтынды, Байгеге сайам башына. Алты айга жетет, — деп, Аңгыча элдер кетет” – деп, Аш берем деп эл жыйды, Чатак салган жандарга, Айагында сыр кылды. Аттын баарын чаптырып, Алтындан байге сайдырып, Аты чыккан алсын, деп, Угузуп элге жар кылып, Тамашага тайарлык, Балбаныңды жам кыл, деп, Жекеге чыгып сайышар, Жөө күрөштү канчасы, Көөдөндөшүп майышаар, Турбагының кам кыл, деп, Алдын ала камынып, Кем-керчи жок жай кыл, деп, Алдырып салсак окустан, Арман кылбай калгын, деп, Чогууга келген бул журтту, Токсон алты улукту, Кыйыгы чыккан немесин. Көз көрүнөө курутту, Кылганын көргөн кылым журт, Кара лөк атка койушту. Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму, Ушуну айтып турушту: “Чыккынчы кылат залалды, Көрүнөө кылат арамды,, Көндөн кеткис малалды”. Уу берип катын өлтүрдү, Кара лөк деп аталган, Бекбачадай балбанды. Энем өлдү эмизбей, Бешикте калдым мен жеке, Тайекем багып чоң кылды, Кыргыздын кыйба элинде. Жайлоого көчүп, бир ашып, Кыштоого көчүп, бир ашып, Аламдын татаал белинде, Жашым жетип он бешке, Издеп келсем бул жерге, Таанышканча эл менен, Түйшүктүү болдум бир демде. Бадырек маңгыт келгени, Томсоруп турган эл үчүн, Токтобой жүрөк желдеди. Аттандым он беш жашымда, Кара кашка аргымак, Табылдың менин багыма, Эки тайган турасың, Эмгегим тартып жанымда. Оролмо барып жол тостум, Калдуубет менен Бакдөөлөт, Катары менен жолгоштум. Бакдөөлөт сайып түшүрдүм, Баатырсынган оогандын, Минтип ишин бүтүрдүм. Манастап ураан чакырдым, Кайратымды ашырдым, Калдаңдаган менсинген, Калдуубетти качырдым. Айкын түздө мен калдым. Каралды болуп жанымда, Аргымагым, сен калдың. Кара калпак эли бар, Шүкүрлүү бетбак жери бар, Коромжу менен Калдуубет, Кол салды деп тынч элге, Абыке менен Байтерек, Айтып келген кеби бар, Кордук көргөн ал элдин, Жүрөгүндө чери бар. Коромжуну кулаттым, Канат жасап учкандай, Аргымак сени чураттым, Кайнап жаткан кошуунду, Ордунан айдап чубаттым. Калдуубет качып жоголду, Эркиме менин жол койду, Калдуубет шаары Чамбыл бел, Тагына түркмөн ээ болду, Түбү бизге жээн экен, Эл талашкан Тынымкан, Мага жубай тең болду. Тынымкан калды Таласта, Мен жатамын талаада, Сүйөнөмүн Манаска, Сүйгөнүм калды алыста. Караан болдуң аргымак, Өмүр бойу сен мага. Ойрот менен урушуп, Олпокторду булушуп, Кылыч, найза колдо жок, Кыйкырып кылдым туруштук, Кыргызга намыс талашып, Кызыл чеке уруштук. Эки жубай куу тайган, Кайкаңда калдың жолугуп, Ушул күнү төрт болдук, Адам-айбан жоголуп. Жылуулап чөптөн үй кылдым, Жаңылап эттен жегизип, Жаш тайгандар мен бактым, Алты айча жаттым бул жерде, Мында тайган сен бактың, Ойротту сайып чыкканда, Жаштык кылып элебей, Кайгы ойдон чыкканда, Чуркап жетип барганда, Тетири ишим чалганда, Өлүмүш болуп чоң Ойрот, Арамдык ойлоп жатканда, Тушай эки бутумду, Кетелек менен чапканда, Эки буттун жилигин, Катарынан чакканда, Эмтеңдеген мендейдин, Эбин минтип тапканда, Мени кимдер кутказып, Таштап кеткен аскага, Эмгегин, тийди колума, Тайгандар мени бакканда. Дегеле болбой көөнүм жай, Мен элимди эстесем, Ичке толот кайгы-зар, Жамбашка жасап тааратты, Мана мындай болдум кар, Көөнүмө кайгы толуптур, Иш оңунан кетээрде, Канаттууну биздерге, Жолуктуруп койуптур. Кез болду бизге кара куш, Иш оңолгон ушул туш. Уйадан түшүп балапан, Боортоктоп жатып калганы. Кыймылдабай жарадан, Тарамышы чойулуп, Сөөгү сынып быркырап, Чыдай албай балапан, Үн чыгарды чыркырап. Балапанды барктадым, Барктап аны бакканым, Эне-атасы тең карап, Дары чөптү тапканын. Ишим кетти оңуна, Учуп кетти балапан. Аргымак эки тайганым, Карап туруп албадың, Эрикпей чуркап эки күн, Кырк күндүк азык камдадың, Айта албайсың тилиң жок, Кайсы жакка барганың. Каралды болуп жаныма, Аргымагым калганың. Окшош эки тайганым, Кырк бир күнү көзүмө, Көрүнбөй калды карааның, Эки бутум сак болду, Дары чөп кайдан таап алдың? Жеткире албай дарыңды, Бийик зоого камалдың, Адам ойлоп тапкысыз, Аргымак кылган амалын, Боолукту салып аскадан, Тайгандар тартып алганын, Келатканда силерге, Таарынгансып пейлимде, Тетири карап мен калдым. Тайгандарым кыңшылап, Таманымды жаладың. Оозун ачтың жумшатып, Мор байлаган жаранын. Аргымак тартып тургуздуң, Мага кылган үчөөңдүң, Арбын болду жумушуң, Колума берип карматып, Жалбыракты жуткуздуң. Мурдума сонун жыт келди, Жабырлуу жанга тынч келди. Жутканымды билбеймин, Байандап айтып сүйлөймүн. Эсимде чөптү татканым, Канча күн болду жатканым, Уктаган көзүм ачыпмын, Тура калсам ордумдан, Таптаза болуп басыпмын, Бүркөлүп калган кабакты, Күн тийгендей ачыпмын, Көкүрөктүн зардабын, Үчөөңө айтып жатырмын, Ашып кетти алты айдан, Душмандын дартын тартыпмын. Канатым менин аргымак, Эки тайган карааным, Энтелеп чаап салпактап, Таласка кантип барамын, Эми жатып нетейин, Талапка жетип Сомбилек, Калдуубет менен Ойротко, Катары менен талкалап, Андан ары кетейин. Кубалап изин табайын, Куйкалап сөөгүн өрт койуп, Куршугумду жазайын, Куршугум менин басылсын, Буулукканым жазылсын. Аргымагым арка элең, Минериме ат элең, Качырышкан душманга, Басаар жолго жат элең, Арбытып жолду басарсың, Мусапыр болдум далай ай, Муңдуу көңүл ачарсың. Эки тайган карааным, Силерге айтар абалым, Бириң жүргүн алдымда, Бириң жүргүн артымда, Из кубалап тапкыла, Адаштырбай башкага, Калдуубет менен Ойротко, Баштап мени баргыла. Эрикпей карап табарбыз, Эрегишкен иттерден, Кек кубалап аларбыз, Капташып калса калдайлар, Чокко боорун салабыз. Таппасам, Ойрот, сени мен, Бооруңду жарып өт алып, Болдум эми дебесем, Куйулуп жаткан кум урсун, Сыбызгы тарткан зуулдап, Зоңкойуп турган тоо урсун, Жайкалып жаткан нечен жер, Түркүн-түркүн жыгачтын, Кени экен ушул жер, Канаттуунун чогулган, Үйү экен ушул жер, Баарыңардан тилеймин, Мен балага жардам бер. Алдымдан чыкса айбандар, Адам жегич камандар, Андай жерде душмандан, Айап жанын ким калар. Айанып калса Сомбилек, Кылыч, балта курчу урсун, Ак найзанын учу урсун, Алдымдан чыкса душмандар, Анда карап ким турсун, Эригип жаткан эрениң, Эрмегин айтып беремин. Өзүнөн өзү күбүрөп, Сурданып өңү күүгүмдөп, Айбандарга ант кылып, Бастырып чыкты аттанып. Муну мындай таштайлы, Тоодой болгон Ойроттун, Тоңкойгонунан баштайлы.