← Сомбилек 1/8

Калдуубетке болушкан Ойроттун корголошу

Айылга келип Сомбилек, Атанын алды конушун, Ар качан кыргыз кылуучу, Арстан Манас жумушун. Жашы менен карысы, Айал-эркек баарысы, Карача каймал төө алып, Казы чыгар бээ алып, Кысыр эмди тай алып, Кымыздан арак дагы алып, Сүлөөсүн, түлкү көп алып, Суусар, кундуз жана алып, Айуу, талпак, булгунду, Ылгый жибек буулунду, Алтын, күмүш зар алып, Өлүү мүлктү бүт алып, Кар жолду чаңдатып, Калың эли жардашып, Калбай барып турушту. Бекбачанын Сомбилек, Айылга бирөө түшүрбөй, Айкөл Манас арстандын, Күмбөзүн карай чубуртту. Көрүнгөн жерден күмбөзү, Аттуу адам барбады, Аттан түшүп алганы, Бута атымча барганда, Чөгөлөшүп жүгүнүп, Тизелери бүгүлүп, Арбагың эбеп жөлө, деп, Көзүнүн жашы көл болуп, Көпчүлүк баары жалбаарып, Талаага кайкап эл толду, Бекбача баатыр өткөлү, Баатыр шердин күмбөзүн, Мындай тайыш болбоду. Сомбилек келип Таласка, Эң эле сонун иш болду, Түлөөсүнө айкөлдүн, Карача каймал төө сойду, Жайа чыгар уй сойду, Ак сарбашыл кой сойду, Түнүндө элди жаткын, деп, Түн тамагын жегин, деп, Казы чыгар бээ сойду. Жаны тынчып жай албай, Таң атканча уктабай, Ыйлаганы дагы бар, Балам жок перзент берсең, деп, Аманат жанын буркурап, Кыйнаганы дагы бар, Таң атканча такшанып, Алп Манастын иштерин, Ырдаганы дагы бар, Жалгыз Манас шер эмес, Олуйа Кошой, Бакайды, Эстегени дагы бар, Жомогун айтып жатканда, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Аты качан чыгат деп, Дегдегени дагы бар, Жиниси ургаачы болсо да, Атагы элден кем эмес, Каныкей менен Сайкалды, Ак байбиче Чыйырды, Унутуп калар эл эмес. Абаң Семей, Гүлчоро, Аккуу болгон Айчүрөк, Семетейдин Сейитек, Биринен-бирин кем дебейт, Тигилип кыргыз баарысы, Тилегимди бер дешет. Жан бүткөндө жаралган, Өз-жат дебей жан алган, Тийишпеген кишини, Айлына басып барбаган, Тийишип келген ким болсо, Жанын айап калбаган, Эреним элге жардам, деп, Кененимге жалбарган. Эр Сейитим жаш балбан, Эрегишип күн батыш, Алы келбей сандалган, Кызыл кумда кырылып, Санаадан өңү саргарган. Асылбача-Бекбача, Жер майышкан жоо келсе, Кыргызга айткан доо келсе, Башын тартып өлүмдөн, Корккон эмес дегеле. Баарысына жалбарып, Баштагы өткөн эрлерге, Артыкча кыргыз сүйүнүп, Жетим калып Сомбилек, Тентип кетип ыламга, Элине аман келгенге, Сүйүнбөгөн бенде жок, Бүгүнкү турган элдерде. Арбын жумуш болгону, Күнү-түнү болгончо, Күмбөзүнөн көкжалдын, Бир белгиси болбоду. Жарык кетип күн бата, Күүгүм кирип калганда, Түлөөгө келген көпчүлүк, Улуу-кичүү караса, Оң жагынан күмбөздүн, От күркүрөп туташты. Асманды көздөй карата. Сол жагынан суу акты, Тунук акпай ылайлап, Токтобостон шар акты. От менен суунун арасы, Кызыл жалын от тийбей, Ылайланган суу кирбей, Бир чынардын турганы, Чынарга зыйан кылбады, Ачып көздү жумганча, Күйгөн жалын, ылай суу, Баары калбай кургады. Аа, кудай берип салды, деп, Ак калпак кыргыз чуулады. Атанын уулу Сомбилек, (Ал билгенди эл билбейт) Билген ишин жашырбай, Элге айтып турганы: — Атабыз айкөл көкжалдын, Андан башка канчанын, Арбагына сыйынып, Атактуу Кеңкол, Таластан, Калбай журтум чубадың, Эки күнү-эки түн, Келер иштин болжолун, Айкөл шерден сурадың, От дүркүрөп жалындап, Суулар акты шаркырап, Бир чынар турду ортодо, Кудай берип салды, деп, Көпчүлүк турдуң чурулдап. Адамзат уктаса, Түшүнө кирип от жакса, Канча жерге жайылып, Бүт дүйнөнү каптаса, Ал өчүп калып жок болот, Калбай дүйнө бүт күйүп, Кызыл жалын чок болбойт. Суу дууланып сел болсо, Асман менен тең болсо, Айагы кургап чөл болот, Дүйнөнү курчап кете албай, Айланып жүрүп жок болот. Оң жагында босого, Абалап чыккан кызыл өрт, Абайласам өзүмдү, Кайратым менин ошончо, Өмүрүм кыска, күнүм аз, Маңдайда кебер шорумбу, Жаралган пенде экенмин, Ашып кетсем жыйырма беш, Артта калса жыйырмада, Арасында беш жылдын, А дүйнө кетет экенмин. Көзүң көрдү калайык, Суулар акты аркырап, Кулак тунуп шаркырап, Башка жерден чыгабы, Же менден бала чыгабы, Ак калпак кыргыз ичинен, Бирөө чыгат далбактап. Ойлогон ойго жете албайт, Көп узарып кете албайт, Сел кетет да, сай калат, Амалы кетип куурулуп, Ак калпак кыргыз эл калат. Бүчүрүн жалын чалбады, Тээ ортодо калган бир чынар, Түбүнө кыйан барбады, Алоолонуп от күйүп, Кыйан агып суу кирип, Зыйан кыла албады, Ошол чынар бүрдөгөн, Айкөл Манас арбагы, Гүлдөрү кыргыз калганы. Мындан кийин эч душман, Кас кылалбайт күмбөзгө, Акыр заман болгончо, Унутпайт кыргыз эл сактап. Түштөн коркуп баш тартмак, Жаман эрдин белгиси, Иштен коркуп уктабас, Жаман айал белгиси. Жүр кайталы кыргыздар, Тобокелчи бололу. Унутуп койбой бар ишти, Атажурту Таласта, Элдер жатты жайкалып, Дагы келди жакындап, Ак калпак кыргыз чайпалыш. Ак сакалдуу карысы, Чай кайнатып, бал салып, Ала өпкө өскөн жаштары, Улак тартып шерне жеп, Жаны тынбай даң салып, Байге бөлүп кунан чаап, Күмүштөн кебер курчанып. Муну таштап салалы, Качып кеткен Калдуубет, Андан кабар алалы. Төтөгө мырза элинде, Беттешип калып Сомбилек, Эрлиги кеткен кезинде, Келген экен Калдуубет, Түн ичинде элине: — Маңгыт, таңгыт, тыргоот деп, Араңда моңгул бар эле, Атагың сенин төрт урук, Алты атабыз жердеди, Чамбыл бел сага жай эле. Кырылып жатып түгөнбөс, Кызыталак буруттун, Кыйноосун тартып калдык биз, Кыргыз деген бул журттун. Үзө албадык Манастын, Урушуп жүрүп тукумун. Өлгөн сайын өөрчүдү, Өктөмдүгү күчөдү, Түгөнгөн сайын түтөдү, Тукуму мунун күчөдү, Чамбыл бел эми жер болбойт, Каңгайды карай көчөлү, Аркалар урук-тууганды, Моңгулду карай өтөлү. Ээ кылбайт кыргыз бул жерге, Ээн баштык колдон кетти го, Эрдик жок эми силерде, Теңдигиң кетти колуңдан, Теңдешээр чыкпайт тобуңдан. Кул болгончо үймө-үй, Ишеничтүү дос-жарың, Тууган урук барларың, Иран, испан, коросон, Орун алгын ошондон. Батыш менен түштүктү, Жай алар жерге барыңар, Баралбаган эч кайда, Жыйналып мында калыңар. Күн батышта барбаган, Киши кармап киши алып, Эчтеке биле албаган, Бетиңди салып чыгышка, Шымалда кара кырымга, Алты ата, кубар сан, Түп атабыз беш урук, Моңгул менен манжуга, Биз кетели кошулуп. Алтын артып, зар артып, Чиркеп төөнү чубатып, Каралап жүрүп дүнүйөгө, Кармалып колго калбайлы, Балаага башты салбайлы, Айдасаң малың батабы? Кара калпак, түрк эли, Тажик, калча, өзүбек, Бекер үйдө жатабы? Башың кетсин кутулуп, Келгендер алсын калганды, Ач бөрүдөй жутунуп. Аттанам бүгүн мен түндө, Кара кырым каңгайга, Канча күндө барсам да, Баш калкалап үч жылча, Мааналаймын ал жайда, Катардагы хан экен, Атам Калдык меники, Атын айтып угузам, Мага окшогон черлүүнү, Эл ичинен угушам. Андан-мындан жол сурап, Арбын аскер кол курап, Катышам кыргыз-алашка. Ат изин салам Таласка, Деп, ошентип Калдуубет, Калганга айтып насаат кеп, Караңгыда кетиптир, Сомбилектен корккондон, Каалаган жерге жетиптир. Карбаластап жол тартып, Канча күнү түн катып, Каңгайдын кара тоосуна, Капчал-капчал коосуна, Кайнаган каңгай журтуна, Арыганда жетиптир, Абдан шайы кетиптир. Испанды чаап алганда, Эки кохар олжо алган, Ал кара нээт Калдуубет, Кохарды кошо алпарган. Каңгайдагы калмакта, Ойрот деген эр экен. Он сегиз миң ааламды, Мен бузамын дээр экен, Качып барган Калдуубет, Алып барган кохарын, Ойротко берген кеп экен.