← Сомбилек 2/2

Айылга келип Сомбилек, Атанын алды конушун, Ар качан кыргыз кылуучу, Арстан Манас жумушун. Жашы менен карысы, Айал-эркек баарысы, Карача каймал төө алып, Казы чыгар бээ алып, Кысыр эмди тай алып, Кымыздан арак дагы алып, Сүлөөсүн, түлкү көп алып, Суусар, кундуз жана алып, Айуу, талпак, булгунду, Ылгый жибек буулунду, Алтын, күмүш зар алып, Өлүү мүлктү бүт алып, Кар жолду чаңдатып, Калың эли жардашып, Калбай барып турушту. Бекбачанын Сомбилек, Айылга бирөө түшүрбөй, Айкөл Манас арстандын, Күмбөзүн карай чубуртту. Көрүнгөн жерден күмбөзү, Аттуу адам барбады, Аттан түшүп алганы, Бута атымча барганда, Чөгөлөшүп жүгүнүп, Тизелери бүгүлүп, Арбагың эбеп жөлө, деп, Көзүнүн жашы көл болуп, Көпчүлүк баары жалбаарып, Талаага кайкап эл толду, Бекбача баатыр өткөлү, Баатыр шердин күмбөзүн, Мындай тайыш болбоду. Сомбилек келип Таласка, Эң эле сонун иш болду, Түлөөсүнө айкөлдүн, Карача каймал төө сойду, Жайа чыгар уй сойду, Ак сарбашыл кой сойду, Түнүндө элди жаткын, деп, Түн тамагын жегин, деп, Казы чыгар бээ сойду. Жаны тынчып жай албай, Таң атканча уктабай, Ыйлаганы дагы бар, Балам жок перзент берсең, деп, Аманат жанын буркурап, Кыйнаганы дагы бар, Таң атканча такшанып, Алп Манастын иштерин, Ырдаганы дагы бар, Жалгыз Манас шер эмес, Олуйа Кошой, Бакайды, Эстегени дагы бар, Жомогун айтып жатканда, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Аты качан чыгат деп, Дегдегени дагы бар, Жиниси ургаачы болсо да, Атагы элден кем эмес, Каныкей менен Сайкалды, Ак байбиче Чыйырды, Унутуп калар эл эмес. Абаң Семей, Гүлчоро, Аккуу болгон Айчүрөк, Семетейдин Сейитек, Биринен-бирин кем дебейт, Тигилип кыргыз баарысы, Тилегимди бер дешет. Жан бүткөндө жаралган, Өз-жат дебей жан алган, Тийишпеген кишини, Айлына басып барбаган, Тийишип келген ким болсо, Жанын айап калбаган, Эреним элге жардам, деп, Кененимге жалбарган. Эр Сейитим жаш балбан, Эрегишип күн батыш, Алы келбей сандалган, Кызыл кумда кырылып, Санаадан өңү саргарган. Асылбача-Бекбача, Жер майышкан жоо келсе, Кыргызга айткан доо келсе, Башын тартып өлүмдөн, Корккон эмес дегеле. Баарысына жалбарып, Баштагы өткөн эрлерге, Артыкча кыргыз сүйүнүп, Жетим калып Сомбилек, Тентип кетип ыламга, Элине аман келгенге, Сүйүнбөгөн бенде жок, Бүгүнкү турган элдерде. Арбын жумуш болгону, Күнү-түнү болгончо, Күмбөзүнөн көкжалдын, Бир белгиси болбоду. Жарык кетип күн бата, Күүгүм кирип калганда, Түлөөгө келген көпчүлүк, Улуу-кичүү караса, Оң жагынан күмбөздүн, От күркүрөп туташты. Асманды көздөй карата. Сол жагынан суу акты, Тунук акпай ылайлап, Токтобостон шар акты. От менен суунун арасы, Кызыл жалын от тийбей, Ылайланган суу кирбей, Бир чынардын турганы, Чынарга зыйан кылбады, Ачып көздү жумганча, Күйгөн жалын, ылай суу, Баары калбай кургады. Аа, кудай берип салды, деп, Ак калпак кыргыз чуулады. Атанын уулу Сомбилек, (Ал билгенди эл билбейт) Билген ишин жашырбай, Элге айтып турганы: — Атабыз айкөл көкжалдын, Андан башка канчанын, Арбагына сыйынып, Атактуу Кеңкол, Таластан, Калбай журтум чубадың, Эки күнү-эки түн, Келер иштин болжолун, Айкөл шерден сурадың, От дүркүрөп жалындап, Суулар акты шаркырап, Бир чынар турду ортодо, Кудай берип салды, деп, Көпчүлүк турдуң чурулдап. Адамзат уктаса, Түшүнө кирип от жакса, Канча жерге жайылып, Бүт дүйнөнү каптаса, Ал өчүп калып жок болот, Калбай дүйнө бүт күйүп, Кызыл жалын чок болбойт. Суу дууланып сел болсо, Асман менен тең болсо, Айагы кургап чөл болот, Дүйнөнү курчап кете албай, Айланып жүрүп жок болот. Оң жагында босого, Абалап чыккан кызыл өрт, Абайласам өзүмдү, Кайратым менин ошончо, Өмүрүм кыска, күнүм аз, Маңдайда кебер шорумбу, Жаралган пенде экенмин, Ашып кетсем жыйырма беш, Артта калса жыйырмада, Арасында беш жылдын, А дүйнө кетет экенмин. Көзүң көрдү калайык, Суулар акты аркырап, Кулак тунуп шаркырап, Башка жерден чыгабы, Же менден бала чыгабы, Ак калпак кыргыз ичинен, Бирөө чыгат далбактап. Ойлогон ойго жете албайт, Көп узарып кете албайт, Сел кетет да, сай калат, Амалы кетип куурулуп, Ак калпак кыргыз эл калат. Бүчүрүн жалын чалбады, Тээ ортодо калган бир чынар, Түбүнө кыйан барбады, Алоолонуп от күйүп, Кыйан агып суу кирип, Зыйан кыла албады, Ошол чынар бүрдөгөн, Айкөл Манас арбагы, Гүлдөрү кыргыз калганы. Мындан кийин эч душман, Кас кылалбайт күмбөзгө, Акыр заман болгончо, Унутпайт кыргыз эл сактап. Түштөн коркуп баш тартмак, Жаман эрдин белгиси, Иштен коркуп уктабас, Жаман айал белгиси. Жүр кайталы кыргыздар, Тобокелчи бололу. Унутуп койбой бар ишти, Атажурту Таласта, Элдер жатты жайкалып, Дагы келди жакындап, Ак калпак кыргыз чайпалыш. Ак сакалдуу карысы, Чай кайнатып, бал салып, Ала өпкө өскөн жаштары, Улак тартып шерне жеп, Жаны тынбай даң салып, Байге бөлүп кунан чаап, Күмүштөн кебер курчанып. Муну таштап салалы, Качып кеткен Калдуубет, Андан кабар алалы. Төтөгө мырза элинде, Беттешип калып Сомбилек, Эрлиги кеткен кезинде, Келген экен Калдуубет, Түн ичинде элине: — Маңгыт, таңгыт, тыргоот деп, Араңда моңгул бар эле, Атагың сенин төрт урук, Алты атабыз жердеди, Чамбыл бел сага жай эле. Кырылып жатып түгөнбөс, Кызыталак буруттун, Кыйноосун тартып калдык биз, Кыргыз деген бул журттун. Үзө албадык Манастын, Урушуп жүрүп тукумун. Өлгөн сайын өөрчүдү, Өктөмдүгү күчөдү, Түгөнгөн сайын түтөдү, Тукуму мунун күчөдү, Чамбыл бел эми жер болбойт, Каңгайды карай көчөлү, Аркалар урук-тууганды, Моңгулду карай өтөлү. Ээ кылбайт кыргыз бул жерге, Ээн баштык колдон кетти го, Эрдик жок эми силерде, Теңдигиң кетти колуңдан, Теңдешээр чыкпайт тобуңдан. Кул болгончо үймө-үй, Ишеничтүү дос-жарың, Тууган урук барларың, Иран, испан, коросон, Орун алгын ошондон. Батыш менен түштүктү, Жай алар жерге барыңар, Баралбаган эч кайда, Жыйналып мында калыңар. Күн батышта барбаган, Киши кармап киши алып, Эчтеке биле албаган, Бетиңди салып чыгышка, Шымалда кара кырымга, Алты ата, кубар сан, Түп атабыз беш урук, Моңгул менен манжуга, Биз кетели кошулуп. Алтын артып, зар артып, Чиркеп төөнү чубатып, Каралап жүрүп дүнүйөгө, Кармалып колго калбайлы, Балаага башты салбайлы, Айдасаң малың батабы? Кара калпак, түрк эли, Тажик, калча, өзүбек, Бекер үйдө жатабы? Башың кетсин кутулуп, Келгендер алсын калганды, Ач бөрүдөй жутунуп. Аттанам бүгүн мен түндө, Кара кырым каңгайга, Канча күндө барсам да, Баш калкалап үч жылча, Мааналаймын ал жайда, Катардагы хан экен, Атам Калдык меники, Атын айтып угузам, Мага окшогон черлүүнү, Эл ичинен угушам. Андан-мындан жол сурап, Арбын аскер кол курап, Катышам кыргыз-алашка. Ат изин салам Таласка, Деп, ошентип Калдуубет, Калганга айтып насаат кеп, Караңгыда кетиптир, Сомбилектен корккондон, Каалаган жерге жетиптир. Карбаластап жол тартып, Канча күнү түн катып, Каңгайдын кара тоосуна, Капчал-капчал коосуна, Кайнаган каңгай журтуна, Арыганда жетиптир, Абдан шайы кетиптир. Испанды чаап алганда, Эки кохар олжо алган, Ал кара нээт Калдуубет, Кохарды кошо алпарган. Каңгайдагы калмакта, Ойрот деген эр экен. Он сегиз миң ааламды, Мен бузамын дээр экен, Качып барган Калдуубет, Алып барган кохарын, Ойротко берген кеп экен. Ойрот менен сүйлөшүп, Калгандар менен бирлешип, Коктукаттын шаарына, Хан кылып калмак калкына, Беттибет деген хан экен, Сексенден ашкан кары экен, Акылдан айнып эс кетип, Арып калган чагы экен, Коктукаттын шаарына, Бекбача койгон хан экен. Калдуубет кыйар кара ниет, Кыйалга түшүп далай кеп: “Четинен алсам бел сынат, Жатканын көрчү Беттибет, Эмгичекти эл сурап!” Сомбилектен качканын, Сырын элге угузбай, Калгандарга дем берип, Чоң Ойротко жел берип, Беттибетти хандыктан, Бекер кылып салыптыр, Беттибеттин тагына, Калдуубет чыгып алыптыр. Сексенден ашык Беттибет, Бек карыган кези экен, Таласка жетер чама жок, Муунуп өлүп алыптыр. Качып барып Калдуубет, Каңгайга улук болгону, Аркалап бизге келди, деп, Ойрот баатыр баш болуп, Өңкөй журтту колдоду. Эрк колуна тийгенде, Эми жатып албады, Өз эркинче Калдуубет, Элди жаман кыйнады, Эл ичинде жаштарды, Аскерликке жыйнады, Кайнап жаткан каңкайдан, Элүү миңди камдады. Туйгузбай ичтен кам кылып, Элүү миң колду жам кылып. Жүрөктө черин калтырбай, Өзүнүн көөнүн жай кылып, Чоң Ойротко айтмакчы, Ички дартын сыр кылып. Кара нээт Калдуубет, Мындан чыгат далай кеп, Оозунан чыкпайт адал кеп, Түркүмдөп чыгат арам кеп, Ойрот зорго барыптыр, Боор токтоп жүгүнүп, Таазым кылып алыптыр, Туулган күндөн бер жакка, Жумурда сырын жашырбай, Баарын айта салыптыр. Калдуубеттин калба сыр, Угуп болду чоң Ойрот, Ак калпак кыргыз калкынын, Калмакка салган калбасын, Туйуп болду бул Ойрот: — Канча күндөн бер жакка, Калдуубет келип сен жаттың, Билесиң мындай иштерди, Билгизип неге айтпадың? Бүгүн сенден угушум, Кызталак буруттун, Угуп туруп кылганын, Каңгайдын кегин кыргыздан, Калтырбай такыр албасам, Улуктугум курусун! Айтышыңча каңгайды, Койдой нечен айдаптыр, Манастын уулу Семетей, Көкбука минген Мадыкан, Андай зордон канча жан, Жапанда жаткан кызыл дөө, Күрпүлдөктө жайлаптыр, Нескаранын Жубатай, Кара калмак Узаңген, Катары менен аймаптыр, Мурадилдин Каратай, Шыпшайдардын Кожойар, Таласта барып жалмаптыр. Маңгыт, таңгыт, тыргоотту, Батышта биздин элдерди, Баш көтөртпөй аларды, Башынан бери кармаптыр, Кылбаганы калбаптыр, Айтышымча Калдуубет, Аркада жалгыз калыпсың, Өткөндөрдүн өчүн кууп, Сен кыргызга барыпсың. Туулуптур дедиң Сомбилек, Туулганын ушунун, Сенден башка жан билбейт, Уйалбай айтып турасың, Жети ата, кубар сан болгон, Чамбыл белди талаага, Таштап койуп качтым, деп, Аркаңда калган элдерди, Ар кайда тарап кайткын, деп. Алп Коңурдан бер жакка, Ак калпак кыргыз журтуна, Ар качан калба табабыз, Алыбыз келбей жатабыз. Барайын дедиң Калдуубет, Сен баргының алдында, Алып келсең кол жыйнап, Айабай арбын мол жыйнап, Отуз капка каңгайдан, Опсуз чыккан зор жыйнап, Аркаңдан үзбөй чубатам, Качып келсең калдаңдап, Башыңды кесип кан жутам, Суу тийбеген чырпыктай, Саргартып сени кууратам! Ойрот атка конголу, Отуз капка каңгайда, Өз ойумча болголу, Чыгыш Сандуң аралдан, Түштүгү Чаңжаң дайрадан, Менден коркуп мааналап, Баш көтөргөн болбоду, Келген менен чыйраксып, Тирүү кеткен болбоду, Титинбей келген каңгайга, Ойроттон өлүп сойлоду. Чыгыштагы барлык эл, Баары биздин колдогу. Амал турса алтын баш, Колдобой мени койобу, Кыйырыма келген кези экен, Ак калпак кыргыз дегенди, Тараталы болжолу! Опурулуп Ойрот чоң, Катуу кылып айбатты, Абыдан берип кайратты, Калдуубетти жөнөттү, Калганда бекер жатпады, Отуз капка каңгайдан, Королош кытай манжудан, Белдүүнүн баарын каптады, Ат-атынан угузуп, Айабай кабар айтканы, Муну койо туралы, Тээ Таласта жаткан Сомбилек, Ошондон кабар угалы. Муунуп өлгөн Беттибет, Сексен жашка чыкканча, Улук болуп журт сурап, Муунуп өлсө кыйын кеп. Беттибеттин үч уулу, Намыстуураак кичи уулу, Атасы өлүп күйүнүп, Жыргал күндөн түңүлүп, Алы келбей калганга, Аттанып алып жөнөдү, Кыргызга айтып барганга, Тирүү жанга туйунтуп, Сыр айткан жок бир жанга, Тууганым деп айтпады, Эки агасы жаманга. Жабырды тартып жалгыз баш, Жан кыйналып нечен күн, Уктабай таңды атырып, Ээн жерден нечен түн, Уламадан кеп угуп, Улам сурап Таласты, Ушу жакта деп угуп, Упурак болуп жол басып, Ошентип жүрүп олтуруп, Таласка жетти ордого, Кеңколдогу коргонго, Барган менен Кеңколго, Кирмек кийин борборго, Учурашып жолугуп, Ордо беги зорлорго. Алыстан издеп келгенин, Сомбилекке айтам, деп, Ичимдеги черлерим. Эшик ага кеп угуп, Атайын кирип борборго, Сомбилекке жолугуп, Көргөнүн айтып угузуп, Дайынын угуп Сомбилек: — Мейманкана ак үйгө, Алып кирип күткүн, — деп, Алты күн алсын ардыкты, Айткан күнүм бүтсүн, — деп, Алып келгин үстүмө, Анан кебин угам, — деп, Эшик ага нетиптир, Кетенчиктеп кетиптир, Мейманкана сарайда, Алты күнү күтүптүр, Болжогон күнү бүтүптүр. Сомбилектин үстүнө, Алып келип киргизди, Акимдигин билгизди. Эшиктен кирип жүгүнүп, Салам берип бүгүлүп, Салтанаттуу баатырдын, Заарын көрүп жүзүнөн, Келипмин мында бекер, деп, Кара жандан түңүлөт, Басалбай буту бүжүрөп, Эмне дээрин биле албай, Ээриндери күбүрөп, Антип калган кезинде, Коркконун билди Сомбилек: — Отургун тиги орунга, Эс акылың жыйгын, — деп, Жылас болгур кебиңди айт, Кайсы жактан келдиң? – дейт. Орунга араң олтуруп, Ала жака, кең этек, Чапанын оңдоп кумтунуп, Өзүнүн атын айтпады, Муунуп өлгөн атасы, Ошондон кепти баштады: — Кара кырым каңгайда, Коктукат деген шаар болгон, Бекбача барып кыргыздан, Менин атам Беттибет, Ошол шаарга хан койгон. Аз калган жашы токсонго, Ошондон тартып атама, Каш кайтарган болбогон. Батыштан качып Калдуубет, Каңгайга барды мааналап, Ойрот менен дос болду, Кандай болду ыгын таап, Тактасына ээ кылбай, Атамды кууп таштады, Ардангандан хан атам, Муунуп өлүп жатканы. Четке киши бастырбай, Жолду тосуп таштады, Мына минтип Калдуубет, Коктукатка ээ болду, Аз күндөн бери карата, Жыйылып черүү карк толду. Менден улуу эки агам, Хан атам менен кээри жок, Кейип кеткен кеби жок, Кардыбыз тойсо болду, деп, Өлдү абышка мейли, деп, Көчөдө жүрөт дардакдап, Таласка барып атамдын, Өлгөнүн айтып келем, деп, Мен жүрөмүн салпактап. Тартып алган шаардын, Калдуубет деген каардын, Кабарын айтып келгенмин, Калк кыйнаган заардын. Келгениме жараша, Алты күнү күттүрдүң, Ардыгымды чыгардың, Сурасаң менин келгеним, Ушул кебим угаарың. Кулагын салып Сомбилек, Куп түшүндү кебине, “Жолу бар экен байкуштун, Коктукаттан келүүгө”. Калдуубет атын укканда, Төбө чачы тик туруп, Койгондой сууга уу куйуп, Тамандан өөдө үркүптүр. Көк жалынды оозунан, Көктү карай бүркүптүр. Түк кишиге айтпады, Жол кереги жоо жарак, Так үч күнү камданды, Каңгайдын сурап жол жагын, Жаңкыдан кабар алганы, Аттанып чыкты Сомбилек, Ал каңгайга баргалы. Коргондон чыгып жөнөдү, Карабуура, Чаткалда, Айкөл Манас арбагы, Күмбөзүнө көк жалдын, Сомбилек жетип барганы, Тобо кылып сыйынып, Томук кылып жалынып, Белги берээр бекен, деп, Бечара бала зарыгып. Күн бешимге барганда, Күркүрөп күмбөз үн берди, Жаш арстан баатырга, Ажыдаардай сүр берди, Сүйүнгөндөн Сомбилек, Жүрөгү кетпей жарылып, Баса минип атына, Баатыр бала камынып, Каар менен жөнөдү, Ал каңгайга баргалы, Бөлүнүп калды жанагы, Беттибеттин баласы, Тең бастыра албады. Сомбилек минген байагы, Кара кашка аргымак, Ооздук тиштеп баш чайкап, Жалындап көздөн от жайнап, Төрт буту ташка урунуп, Чакмак таштай жылтылдап, Айбандан башка шаңданып, Жорголой басып кылтылдап. Үч жылдан бери жол баспай, Калган экен зеригип, Байлоодо турган аргымак, Сүмбөдөй болуп семирип, Басарга жерди табалбай, Алоолонуп желигип, Каба-кабат бел менен, Капчыгай кара коо менен, Каркайган кара тоо менен, Калдырак таштуу зоо менен, Калың токой жер менен, Толкуну катуу сел менен, Токойу калың жер менен, Томуктай жерде кара жок, Аппак карлуу бел менен, Чалкак-чалкак төр менен, Чалкып жаткан көл менен, Жакшына тулаң жер менен, Жайнаган нечен гүл менен, Кашташтай суу сагынып, Чаңкап турган чөл менен, Түн түшүнө кирбеген, Түлкү жортпос нечен түр, Кулак угуп көз көргүс, Мына ошондой шор менен, Он тогуз күн жол тартып, Калдуубет түшүп ойуна, Ат чалдырып албастан, Каңгайды карай оң тартып, Учурап калды көп элге, Коктукат көздөй баратып, Келаткан экен Калдуубет, Көп аскерди чубатып. Азизхандын Алмамбет, Эсен ханга таарынып, Аз келгенсип анысы, Атасынан көөнү ооруп, Айдаркандын Көкчөгө, Калган жери болучу, Ошол жерде кабылып. Көөрүктүүнүн ойу дейт. Көк жаңгактын бойу дейт, Чыга калса белестен, Таш мойнок деген элестен, Жердин бети сойулуп, Орто жери ойулуп, Жер көрүнбөй дүбүрөп, Жаткан экен көп черүү, Талаага түшүп жайылып, Көргөндө билди Сомбилек, Калдуубеттин колу экен, Байрагынан таанылып. Эки сапар беттешкен, Күч ортосун чектешкен, Байрагын сайып тиктешкен. “Белгимди көрүп Сомбилек, Туйунуп калсын Калдуубет, Сомбилек келген экен деп”. Байрагын сайды белеске, Көрүндү көзгө делбиреп, Белеске сайып таштады, Баатырдын уулу чунагың, Айчыгы алтын желекте, Баатырдын көрүп байрагын, Мен-мендеген Калдуубет, Маңдайынан тер кетти. Чокчо, Солто дегенди, Кошуп берген чоң Ойрот: “Бул экөөндөй пендеде, Дегеле баатыр болбойт, — деп, Сомбилек эмес Бекбача, Өлбөй тирүү болсо да, Ушул экөө койбойт” – деп. Өрүүн болуп Калдуубет, Түшүп жаткан кез экен, Чокчо деген неменин, Кайраты өтө тез экен, Калдуубетке барыптыр, Минтип сурап калыптыр: — Кайкыда байрак желбирейт, Жанында аскер көрүнбөйт, Бул эмне шумдук? – дейт. Анда айтат Калдуубет: Уккун Чокчо мындай кеп. Жети ата кубар сан болуп, Ойлосо ичке дарт толуп, Кыргыз менен маңгыттар, Өмүрлүккө кас болуп, Кор болуп келе жатабыз, Бак-таалай андан пас болуп. Баралы деп кыргызга, Мен келатам баш болуп. Байрак турса аскер жок, Келген экен Сомбилек, Эрибес көөнү таш болуп. Байрагын сайып белгиге: “Мен жалгызмын сен көпсүң, Мыкты болсоң келгиле” Кыраңдагы кызыл туу, Кыргыздардын белги эле. Калдуубеттин айтканын, Угуп Чокчо алыптыр, Өзү менен курбалдаш, Солтого айтып салыптыр. Кабарын угуп чоң Солто, Каарданды ошондо: — Калдуубет, Чокчо жерге кир, Катар экөөң көргө кир! Айтып келет уйалбай, Кыргыздын атын укканда, Менин көөнүм болду кир. Карап туруп көргүлө, Качырышып көрөйүн, Кандай экен камбылдык, Кайратымды билгиле! Угуп алып оолугуп, Одураңдап түгөнгүр: Барабанды ургун, — деп, Бар аскер атка мингин, — деп, Баш болгон бизге Калдуубет, Менин баатырдыгым билсин! – деп, Эрдемсиген Сомбилек, Караанымды көргөндө, Ыштанына сийсин! – деп. Солтонун сөзүн бурчу эмес, Карап каңгай турчу эмес, Барабын уруп баң тартып, Керней менен сурнайын, Баш аламан чуулатып, Так элүү миң аскерин, Аттандырды чубатып. Сап-сап болуп түр менен, Аскерлер жүрдү чубашып, Таталаган моңгулдар, Айгайлашып дуулашып, Айнектей талаа түз жерге, Келди аскер чогулуп, Боз топурак чаң болуп, Жердин бети жойулуп, Урушар майдан жерине, Келди булар чубуруп. Күн шашке мезгилде, Калдуубет, Чокчо калыптыр, Чатырында бастырбай, Оолуккан бойдон тура албай, Өлүмдөн мойнун бура албай, Элүү миң аскер кол менен, Солто жете барыптыр, Алдында минген тулпарын, Айабай санга салыптыр. Мингени буудан секирип, Мелжелдүү баатыр чоң Солто, Качырып кирди мекийип, Ирмебей кирпик тиктеген, Ач бөрүдөй чекийип, Түрө тиктеп астырттан, Бет келгенде бул Солто, Мент кылып келген баштатан. Карагай найза өңөрдү, Каарданып жөнөдү, Тик качырган моңгулду, Сомбилек баатыр көргөнү. Калдуубет чыкпайт ойунан, Көрүнбөйт эрдин көзүнө, Андан башка бөлөгү. Кара кашка күлүктү, Кара жерди каңтарып, Камчыга бөлөп жүгүрттү. Сомбилек баатыр чоң Солто, Бетмаңдай келди ошондо. Байкаса баатыр Сомбилек, Башкача көзгө көрүнөт, Моңгулдан чыккан баатырдын, Бадырек Солто каапырдын, Маңдайынын бырышы, Кол арыктай жиги бар, Эки көздүн жээгинде, Муштумдайдан ириң бар, Жуубаган жүзүн кара бет, Эки беттин ортодо, Төрт элидей кири бар, Сакал менен мурутка, Дык тийгизип көрбөгөн, Саксаңдаган каапыр, ай, Жүдөп кандай өлбөгөн? — Эрдемсиген Сомбилек, Калдуубетке күн бербейт, Качырган баатыр сенби? – деп, Кеткен жокпу ойуңа, Солто тирүү бардыр, — деп? Козголбой жаткан пенде элем, Атыңды угуп Сомбилек, Ошол үчүн келдим, — деп. Ажалың айдап бул жерге, Ашыңа келген экенсиң, Жарыгын көрбөй күндүн, — деп, Уландуу көрбөй түндү, — деп, Шашыла келген экенсиң! Элүү миң аскер кылгылдап, Аркамда арбын колум бар, Жалгыз келген Сомбилек, Маңдайыңда шоруң бар! Өчөшүп келген адамдын, Боорун жарып өт алган, Мурунтан ушул колум бар! Кыйла сөз айтып жиберди, Кыргыздан чыккан Сомбилек, Муну кулагына илбеди, Мактанып жаткан Солтону, Кумурскача билбеди. Кара бойун безеди, Качырып бала кирди эми, Ак жолборстой чамынып, Капталынан тийди эми. Кара тоодой чоң Солто, Кабаттап темир тон менен, Канчаны сойуп жин болгон, Кадимки кандуу кол менен, Дал ошондой кылам, деп, Качырды ошол ой менен. Болотко болот кагылды, Жылдыздап оттор чагылды, Байкады бала Сомбилек: “Далайынан эр экен, Манабу Солто бадырек”. Оң-тескери койушуп, Баш аламан урушуп, Бака-шака үн чыгып, Далай соотту жулушуп, Биринин үнүн бири угуп, Куйкалары курушуп, Түр салышып кырданып, Ыңай карап турушуп, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Жарык дүйнө жалганды, Кылчайып карай албады. Күнү менен түнүндө, Дем албастан кагышып, Күчөп-күчөп салышып, Жеңише албай бул экөө, Күн айланды экиге, Күн төбөдөн кыйшайып, Болжолу болгон бешимде, Сомбилектей чунактын, Абасы түштү эсине, Абасы баатыр эр Гүлүс, Арбагына сыйыныш, Атагына жөлөнүп, Ак калпак кыргыз журтуна, Абайласаң кыйын иш. Абасын алып эсине, Күч тапкансып нээтенде, Бала жолборс качырды, Бешим болгон кезинде. Токойдон чыккан ак жолборс, Жолуккан пенде соо болбос, Кезенип кирген Сомбилек, Мен-менсиген Солтону, Баш көтөртүп коборбос. Капыр Солто камынып, Үстүнө сары жамынып. Бет алган жерде балага, Бекемдеп найза сайылып, Сайды Солто күркүрөп, Сол этип койбойт Сомбилек, Карап турат мелтиреп, Темир өзөк, таш жүрөк, Солтонун сайган найзасы, Кыйрап кетти кырк бөлөк. Кыйындын иши ал кандай, Мурунку өткөн заманда, Болгон иштер ар кандай. Куру кол Солто калыптыр, Өжөрлөнүп Сомбилек, Өчөшүп найза салыптыр. Кыйгай кармап найзаны, Кий сүбөгө бир сайды, Найзанын учу тийгенде, Ээрден көчүк кыйшайды, Үзөнгүдөн бут тайды. Оодарылып түшкөндө, Сомбилектин найзасы, Ортосунан сынганы. Найзасы сынды эр өлдү, Найзасы менен баатырдын, Опсуз Солто дагы өлдү. Кезектеше калганда, Айтып турган Калдуубет, Жанында Чокчо балбанга: — Калтырбас бекен Сомбилек, Тоодой болгон Солтону, Каран дүйнө жалганда. Калдуубеттен угуп кеп, Солтонун көрүп өлгөнүн, Чокчо чыкты күжүлдөп. Найзасы жок Сомбилек, Келе жаткан Чокчону, Бендеби деп пейлебей, Күжүлдөгөн караанды, Бучкагына теңебейт, Качырып Чокчо жеткени, Кандуу найза кез керди, Балта менен найзасын, Каңгыта кагып жиберди, Абдан Чокчо ардыкты, Келтирем дейт башына, Сомбилекке тардыкты. Алтымыш батман чойун баш, Арта салып ийинге, “Мыктысынган Сомбилек, Эми айла табалбас”. Тап берип жетти заарданып, Сары түгү саксайып, Жан алчудай каарданып. Кагып салган найзаны, Эңип алды Сомбилек, Чокморду шилтеп чапканда, Кар жиликтин булчуңга, Найза сайды белгилеп. Каруу кылар булчуң эт, Канча талаа бөлүндү, Жан тамырдан, билектен, Өпкөнүн каны төгүлдү, Чокмору түштү шылк этип, Имере кармап найзаны, Бакалоорго муштады, Наркы кулак алдынан, Найзанын учу жылт этип, Жыгылып калды атынан, Тоңкойуп Чокчо талп этип. Чокчосу калды жыгылып, Чөкчөйүп чанга тыгылып, Үмүт үздү жанынан, Элүү миң аскер жыйылып, Айласы жок Калдуубет, Качыра чыкты кыйылып, Караанын көрүп капырдын, Кара көк турат жымыйып. Беттеше келди ал экөө, Калдуубеттин кийгени, Беш кабат темир күрөөкө, Качырып урду найзаны, Кабылан бала жүрөккө. Өткүр найза курч үчүн, Үчөөнүн өтүп кеткени, Төртүнчү темир соотту, Бузууга күчү жетпеди. Үч кабат темир күрөөкө, Быт-чыт болуп кетсе да, Оодарылып бул чочко, Ат үстүнөн кетпеди. Өтпөй найза какады, Түпөгүнөн такалды, Ачууланып Сомбилек, Ого бетер каарданды. Тартып алып найзасын, Колтуктан өйдө көтөрө. Кош колдоп муштап жиберди, Курчу жанган алдында, Күрөөкөгө кирбеди. Ойлоп көрсө Калдуубет, Такандашса Сомбилек, Тар кылчудай көрүнөт, Ушул жалган дүйнөнү. “Өжөрлөнсөм өчөшүп, Өлсөм өзүм өлөмүн, Мен өлгөн соң көрсөтөт, Калгандары өнөрүн. Камчы имерип кол булгап, Каптатып ийип аскерге, Качкан бойдон жөнөйүн”. Кара жанга күч келсе, Антип көнгөн Калдуубет, Дагы имерип Сомбилек, Качырып келип бир сайса, Тирүү калар кептенбейт. Каарданып Сомбилек, Жана келип тийерде, Кара ниет Калдуубет, Камчыны булгап ийди эле, Жайнаган аскер элөө миң, Жалпы баары кирди эле, Качат экен чочко, деп, Кабылан бала билди эле. Келген элди элебей, Бендеби деп пейлебей, Элүү миңди Сомбилек, Бучкагына теңебей, (Ал Манастын урпагы, Эр жасаган кудурет, Мына мындай ченебейт!) “Кара аскерди каралап, Канын төгөт аралап, Кай муратка жетемин? Каршылашкан Калдуубет, Караанын көздөн чыгарбай, Артынан түшсөм бекемин”. Калк аралап калыңга, Кирип кетти Калдуубет, Аркасынан Сомбилек, Сайа кууп түшөрүн, Билип кетти Калдуубет, “Жалгыз качсам калдаңдап, Талаага чыксам далдаңдап, Караанымды көрөр, деп, Каалаган жерге жеткизбей, Канымды менин төгөр, деп, Кыйрынан бузбай ээн жерде, Кыр аркамды сөгөр, деп, Шексиз качып аркага, Күн батыш көздөй жөнөйүм — деп, Көөрүктү бойлоп оң тартып, Каңгайга кетсем белем” – деп, Арамдык ойлоп кара ниет, Аркага качып алыптыр, Алдыман чыгат менин, деп, Каардуу баатыр Сомбилек, Каңгай жакты кайтарып, Көзөмөлдөп калыптыр. Өчөшүп кирген жакыр, деп, Азыраак каар көрбөсө, Көөнү суубайт такыр, деп, Кылычты суурду кынынан, Бир канчасын жоготту, Сабын бузбай кыйырынан. Ачып көздү жумганча, Ана-мына кылгынча, Алты миңче өлүптүр, Өлгөнүн көзү көрүптүр, Сары башыл калмактын, Көзүнүн жашын төгүптүр. Аламан койуп чуркурап, Аттарын түшүп жетелеп, Арызын айтып боркурап, Айбатынан баатырдын, Жаны чыгып чыркырап, Азарланып зыркырап, Кара таандай калмактар. Жардап карап турганы, Кыргыздан чыккан кырааны, Калдуубет жок ал жерде, Чыкканы жок кумары. Кылычты салды кынына, Кеп кылбады калганга, Кылчайып баатыр чынында, Жакшы-жаман дебестен, Тирүү калган тобуна, Ана-мына дебеди, Бастырып жөнөй бергени. Көрктүү талаа кенен жер, Ал талаада эркинче, Өткөн экен нечендер. Бара жатса Сомбилек, Кабарга барган Таласка, Беттибеттин баласы, Келатыптыр сендиреп. — Баатыр кайда бардың? – деп, Артыңдан жетпей мен жүрүп, Араң жаным калдым — деп. Калдуубетке талаада, Учурадым мен ага, Саа барганым билбеди, Сырын айтты ал мага: “Жөнөдүм эле Калдуубет, Чоң Таласка барарга”. Баладан баатыр кеп угуп, Бадыректи Таласка, Барат экен деп угуп, Каңгайды таштап Сомбилек, Таласты карай бурулуп, Кайра айланып алыптыр, Таласка муну жеткирбей, Талаада тапсам экен, деп, Бачымдап жолго салыптыр. Ал кара нээт Калдуубет, Алтай менен айланып, Каңгайга кетип калыптыр. Берен туулган Сомбилек, Мелжемдүү жерден из карап, Урунуштуу тумшуктан, Көз жиберип из чалат. Изи да жок, тозу жок, Кандай кеткен чочко? деп, Ат айабай баратат, Чыканак жерге салбастан, Чырым уйку албастан, Отуз бир күн жол жүрүп, Ал Таласка жанашат. Сомбилек барып караса, Таласта элде тамаша, Көөнү куунак жай жатат, Көкбөрү тартып, кунан чаап, Жаштары талаа чаңдатат, Чалкалаган төрлөрдө, Кымызга кошуп бал чайкап, Чалкайган нечен бай жатат, Кары-жашы аралаш, Хан Манастын жомогун, Ырчыларга ырдатат. Уулдан-уулга улантып, Урпакка улап чубалтып, Өткөндөрдү жоктошуп, Ыр тизмегин топтошуп, Ырдап жаткан кези экен, Сомбилекке токтотуп. Ак калпак кыргыз наркы, деп, Сомбилек ойлойт мындай кеп: “Жер бетинде кыргыздан, Түгөнбөй тукум бар турса, Өчпөйт экен Манастын, Бул дүйнөдө даңкы” –деп, Коргонго барса Сомбилек, Калдуубеттен кабар жок, Калба салып кыргызга, Калгандан бенде барган жок. Тогуз-ондо Сомбилек, Отузча сайып эр алды, Бул балада арман жок, Калдуубет кетпей ойунан, Таласта жатып алган жок. Эки айча эрөөн алыптыр, Кабыландын күмбөзгө, Калбай кыргыз барыптыр, Тобо-томук кылышып, Кайта айылга жаныптыр, Эми барып олтурса, Сомбилектин эсине, Калдуубет түшө калыптыр, Токтоо кылбай Сомбилек, Аттанып жолго салыптыр, Аташканы Тынымкан, Кош бой болуп калыптыр. Сомбилек баатыр өзү жаш, Тынымкан сулуу кара каш, Эр белгиси мына бул, Эңишкенин эске алса, Эринип үйдө жаталбас. “Үч катар качты колуман, Ээн жерде беттешип, Бир чыкпады жолуман, Коркуп качып кетти, деп, Кандай жатып мен калам? Каңгай эмес кытайга, Кайда барса Калдуубет, Кылчайбастан түз барам!” Сырдаган найза өңөрүп, Сырын айтып кыргызга, Жөнөдү баатыр көгөрүп, Жалгыз башы камына, Ээрчитпей киши жанына, Ат айабай баратат, Калдуубетке барууга. Кылчайбай жүрүп алыптыр, Көөрүктүүнүн ач белес, Көкжалың чыга калыптыр, Эми эки күн жол жүрсө, Коктукаттын шаарына, Жетери мунун аныктыр. Бекбачанын зайыбы, Намыска жарар эркек тууп, Келе жатат Сомбилек, Өчөшкөн жоодон кегин кууп, Маңгыттан чыккан Калдуубет, Кек алмакка белин бууп, Сомбилек турсун туу белде, Биз келели беркиге, Ажал чиркин жетпесе, Койот экен жараткан, Ар адамдын эркине. Арамдык менен Калдуубет, Беттебеттин уулуна, Нукура жалган айтып кеп, Алтайдын тосун айланып, Каңгайга барды темселеп, Олтурган экен чоң Ойрот, Тактасында мелтиреп, Арамзада Калдуубет, Үстүнө кирди энтеңдеп, Башы-көзү топурак, Араң басып темтеңдеп. Камыштан бетер ыргалып, Түз туралбай сенделет, Ойроттун турат ойунда, Сүйүнчүгө келди, деп, Токтоно албай чоң Ойрот, Жүрөгү ысып делбиреп. Калдуубет келип кеп айтат: — Калдайым Ойрот деп айтат, Алдыңан кеткен Калдуубет, Кайтып келип дарт айтат, Жолугуп калды Сомбилек, Таласка кетип баратсак. Көөрүктүүдө жолукту, Көрүп Солто оолукту, Бир күн, бир түн болжолдо, Чоң Солтону жоготту. Кой десем Чокчо болбоду, Сомбилекти эми эле, Өлтүрөм деп ойлоду, Эки имерип сайышбай, Чокчо өлүп жоголду, Жалгыз калып ардандым, Кайраттандым, каардандым, Жылан менен чайандай, Сомбилекке заар салдым. Оолугуп бала сайганда, Оодарыла тас калдым, Камчы булгап, найза ыргап, Элүү миң колго каптаттым. Түз бассам кууп жетер, деп, Соо койбойт түбү бекер, деп, Артынан чыгып аскердин, Анан сизге келдим, — деп, Айланып Алтай тоосунан, Анан келдим өзүм, деп, Элүү миң аскер ал жерде, Сомбилекке бердим, деп. Унут калган бир кебим, Жолумдан чыккан бирөөгө, Таласка барам дегемин, Эмгиче келбейт Сомбилек, Маа жолуккан жолугуп, Таласка кетти деген бейм. Далайгача чоң Ойрот, Сүйлөбөй туруп мелтиреп, Ачууланып бакырып, Карыган койдой чакыйып, Калдуубетти жемелеп, Каар төгүп бетинен, Кандуу жаш көздөн себелеп: — Каңгайда жаткан мен элем, Азыркы жүргөн эрлердин, Кимисинен кем элем? Ээ болгонсуп маңгытка, Батышта жаткан сен элең. Батыштан келдиң бул жерге, Баш калкалап келдим, деп, Маңгыт, таңгыт, тыргоокту, Түп ата бирге элбиз, деп, Кыргыздан чыккан Сомбилек, Жүдөтө сайды бизди, деп. Кайда барсаң чуу салып, Коктукатта жөн жүрбөй, Сен өлтүрдүң, Беттибет, Абалың айтып жалооруп, Алдыңа келдик темтеңдеп, Арбын аскер, көп кошуун, Аркама салып бергин, деп, Мен Калдуубет иниңе, Арка болчу сенсиң, деп, Такандашкан Сомбилек, Эдебин колго берем деп, Эрикпестен жол басып, Таласка барып келем, деп Манастын алтын тактысын, Сага соога берем, деп. Чоң Солто менен Чокчону, Эки эрди бердим белендеп. Элүү миң аскер да бердим, Колсуз жүрбө эрмин, деп, Элүү миң аскер эки эр, Жардамдашып берсин, деп. Темтейип эми келипсиң, Солто менен Чокчону, Катар менен жеди, деп. Учураган кишиге, Таласка кетти деп кой деп, Жалган айтыш кандай кеп? Эл аралап эл билдиң, Качып жүрүп жер билдиң, Карчашып жүрүп эр билдиң, Кимдер баатыр, ким коркок, Ар тарабын тең билдиң, Кимдер жакын, кимдер кас, Ал тарабын сен билдиң, Башыңды катып мааналап, Мени менен бир жүргүн. Кеткениң тогуз ай болду, Андан бери Калдуубет, Кайда жүрдүң билдиргин. Мен барамын Таласка, Акылыңдан адашпа, Эсиң менен болгунуң, Эрдикти менден талашпа, Кең дүйнөнү тар кылам, Кеңирсип жаткан алашка. Ойрот атым меники, Буйта деген иним бар, Баатырлыгы белгилүү, Опол тоодой даң чыгып, Угулсун атым меники. Ойрот, Буйта келди, деп, Өмүр бойу коз болбой, Жай жаткан кыргыз эли, деп, Алты ата болуп кеткенче, Айагы бизге жеткенче, Ааламда киши беттешип, Келбеди шайы буга, деп, Ай ааламга ачык кеп, Эми айтып эл калсын, Манастын уулу жеңди, деп. Сен мактаган Сомбилек, Аны бүгүн эл билбейт, Көрсөм дагы, көрбөсөм, Баатырлык атка коно элек, Мени менен сайышар, Балтыр эти ката элек, Жашырбай чынын айтканда, Ойноо бала эзелек. Бол тургун! – деп камынып, Ач камдандай чамынып, Оолугуп турду бадырек. Жайын айтты Калдуубет: — Сомбилектен ажырап, Каарыңдан коркуп кире албай, Алты айдан бери шаарыңды, Көмөскө үйдө жаттым, — деп. Көңүл тынаар кеп айттың, Ойротто калдай баатыр, — деп, Жөө бассам да ат минбей, Жол баштайын такыр, деп, Күзгү коңур салкын, деп, Ырааккы жерге жол жүрүш, Бул айтканың акыл кеп. Кабар берип Буйтага, Ойрот калдай камын жеп. Чаба турган кылычын, Чарктатып баарын суугарды, Сайа турган найзанын, Бекитип сабын чырмады, Ташты сайып тештирип, Мана минтип ылгады. Балтанын сабын оңдоду, Уңгусунан кетет, деп, Колу менен тордоду. Как ыргайга саптатты, Кокус сынып кетер, деп, Пил терисин каптатты, Ат күлүгүн кармашып, Аза байлап такташты. Түркүм-түркүм кам кылды, Соотун аттын кандырды, Жаба турган жарактын, Учу менен миздерин, Баарын ууга малдырды, Жашыгып сууга кандырды, Армансыз Ойрот камынып, Бар керегин жам кылды. Таласка барат экен, деп, Жашырган жок чебердеп, Улуу инген, кичүү инген, Кара кырым каңгайга, Бүткүл моңгул бар жайга, Алда канча андайга, Алты бөлүм калдайга, Айтып элге даң кылды, Түнүндөсү уктатпай, Түн төшөккө зар кылды, Кыргызга барам дегели, Калганга күндү тар кылды, Кежирлик кылган кишини, Бастырып уруп нан кылды. Мына ушинтип чоң Ойрот, Бар кубатын жыйыптыр, Сексен миң аскер калың кол, Каңгайдан бир күн чыгыптыр. Сегиз жүз төөнү каркайып, Азык түлүк мол артып, Ок-дарысын тон артып, Катар-катар чубатып. Жаман катын, жаш бала, Иштен калган карыга, Эмгексиздин баарына, Калдуубет тилин алам, деп, Карабады алына, Бир киши деп ушунча, Элди салган азапка, Ушул кайсы кылыктыр?! Эл аттанып талаага, Калбай аскер калаада, Капташып калды балага, Бастырып чыккан арада. Бала баатыр Сомбилек, Бул дагы жетип тыныптыр. Калдуубет көрдү караанын, Капкайдан таанып бараанын: — Каары катуу чоң Ойрот, Сомбилек келди карагын, Ачууландың жемелеп, Алып келчи тигине, Абдан мыкты сен болсоң, Аттанып чыгып тебелеп. — Эмне дейсиң Калдуубет? Бак-таалайым меники, Сомбилек мында келгени, Ылат-мынат койнумда, Кубатын мага бергени. Кудайым берип салды, — деп, Кубанганда чоң Ойрот, Айдатып келип чочкодон, Оң миңди кырып салганы, Кудайына сыйынып, Корстон болуп чалганы. Өзүнчө намаз окунду, Буткананын ичинде, Отуз миң киши олтурду, Бүлбүлдөтүп жанган шам, Жүз миңге санын толтурду. — Ат арытып, тон тозуп, Азык-түлүк мүлк артып, Күндүз-түнү жол тартып, Бармак элем Таласка, Магдырап жаткан алашка. Ажал алып жакадан, Өзү мында келгени. Бол түшүргүн кошту, — деп, Чатыр тигип талаага, Чайкалтып жерди толтур, — деп, Жайкалган шибер чөп болсо, Бул аскер мынча көп болсо, Калдуубет карап сен турчу, Ойрот, Буйта тең турса, Сомбилекти мактайсың, Кантесиң сени бут урса?! Жылдыздатып от жакты, Он миң чочко сойулган, Жайнап аскер кол жатты. Жалпайтып тиккен чатырды, Көпкөк темир кийинген, Жалтанбаган баатырды, Бала балбан Сомбилек, Коркпос баатыр таш жүрөк, Ажыдаар ооз, жалын көз, Ал сексен миң аскерди, Бучкагына теңебес, Эрдин эри эмесби, Эчтемеден кенебес. Эрдиги артык ченебей, Жолдошу көп немедей, Жолго түштү жапжалгыз, Ыдыгына баатырдын, Тирүү пенде таптагыс. Алыстан келген жол басып, Уйку көрбөй түн катып, Сууп калсын дегенсип, Аса байлап кыраңга, Бууданды салып сыргакка, Таң агарган маалда, Суутка салган шамалга. Атты алып кермеден, Алыстан келген эр немең, Ооздугун чыгарып, Отко койуп кашка атты, Суулугун чыгарып, Суу каптырып кашка атты, Таң кылайып агара, Ат чалдырып талаада, Кара баштуу бендеден, Өзү жалгыз жупжудаа, Түн атасы Манастан, Урпактан урпак улантып, Кара кытай каңгайды, Канча сапар чуулдатып, Касаба тоодой жарданып, Атагы алаш дуулдашып, Келе жаткан кызыл туу, Манастан калган белек бу, Сап темирге аштады, Баатырдын уулу Сомбилек, Кыранга сайып таштады, Көп экен деп алардан, Көкжал эрен шашпады. Ойрот, Буйта дөөсү, деп, Арасында булардын, Ат көтөргүс жөөсү, деп, Коркуп койбойт деги эле, Козголуп койбойт жүрөгү, Жолдошу көп немече. Эртең менен чоң Ойрот, Байрагын көрүп көкжалдын, Тилдүүдөн бирди жумшады: — Сомбилекке сен баргын, Алыстан келди бул жерге, Абалына чактабай, Алышкалы келиптир, Жалгыз башы биздерге, Аттанып чыккан убагым, Сомбилекти издерге. Ардык алсын оолукпай, Убара болбой үч күнчө, Жолук кылып мени алдап, Жолтоо кылат дебесин, Чоочуркабай Сомбилек, Чогулган элге маа келсин, Болголдуу күнүм бүткөнчө. Кул-күңдү ага беремин, Армансыз болдум дегенде, Беремин кийин эдебин, Арып-ачып жол басып, Араң келип капташып, Алдырып койдум дебесин. Өктөсү жок болсун, деп, Ойрот баатыр айтты, деп, Барып айтып сен келгин. Жумшаган киши барыптыр, Учураша калыптыр, Тили оозуна жукпаган, Жулуңдаган неме экен, Токтоно албай кыйшактап, Кудуңдаган неме экен, Түндө чыккан жылдыздай, Жымыңдаган неме экен, Орго салган түлкүдөй, Кылыңдаган неме экен, Күлүп сүйлөп ырсактап, Мылыңдаган неме экен, Тынбай ирмеп кирпигин, Кымыңдаган неме экен, Сомбилекке айтаары, Ойроттун айткан кеби экен. Укту баатыр бар кебин, Атайлап келген неменин, Ачуусу келди ошондо, Белдүү туулган берендин, Кыл муруту көрүнүп, Келе жаткан эрендин. Ойроттун кебин укканда, Колума келип түшсүн, деп, Орунсуз кеби чыкканда, Нар буурадай эстенип, Бирин, серин көрүнгөн, Кыл муруту тиктенип, Бетинен чыгып сары түк, Каары катуу, заары күч, Кабагын бүркөп, каш серпип, Бүркөлгөн күндөй түмпөйүп, Жерге күүгүм түшкөндөй, Күн көрүнбөй чүмкөлүп: — Келген киши кайтып бар, Ойротуңа айтып бар, Калың элге чаң салып, Кара аскерден кан агып, Өлүп эрлер аз калып, Ыйлабай бала уктабай, Эл бузулуп чайкалып, Батыш менен чыгыштын, Арасында Калдуубет, Качып жүрөт тартайып. Бооруна баспай далдалап, Жиберип берсин Ойротуң, Бекерге жанын кыйнабай, Өргүтүп мени сыйлабай, Калдуубетти калкалап, Каңгайдын элин жыйнабай, Жиберер күнүн болжосун, Айтканы айткан болбосун, Өлөр жагын ойлосун! Душмандыгы болбосо, Кол жыйабы Ойротуң? Алты калдай каңгайдан, Мол жыйабы Ойротуң? Ойрот, Буйта калдайдан, Кара калмак, каңгайдан, Атайлап келип Таластан, Каңгып келип алаштан, Аласын ала качпадым, Абийирин элге ачпадым, Пул деп куржун тешпедим, Кермеден атын чечпедим. Ормонунан от койуп, Чийки орбодум буудайын, Коло менен чалмадан, Колу менен жасаган, Карабадым кудайын, Аралап малым кеткен жок, Шекер кылчу куурайын. Сыйлашар болсо, чоң Ойрот, Калдуубет берсин колума, Ошол менин мудайым. Элге күйгөн эр болсо, Эки жакка тең болсо, Өз элинде жай жатсын, Кектүү киши Калдуубет, Келтирип колго карматсын. Алтын тагын берсе да, Кереги жок башканын. Бере албаса Калдуубет, Бүгүнкүсү канымет, Аттанып чыксын чоңдоруң, Өлөр жагын баалашсын, Илгертен өчүм бар десе, Өчүгүшүп кармашсын, Жалгызмын деп Сомбилек, Башымды катып калбасмын. Жалгыз кара бир башым, Арбагына сыйынам, А дүйнө кеткен Манастын, Ураанына жөлөнөм, Ак калпак кыргыз алаштын. Урматына талапкер, Олуйа Гүлүс абамдын, Кыргыздан келген Сомбилек, Өзүм жалгыз бир жанмын, Мындан башка кебим жок, Эми сага айтаарым. Айта баргын Ойротко, Айтканымдан кайтпаймын, Мени койуп Ойротуң, Өзүнүн алын байкасын! Өчүгүшсө чоңдоруң, Жер козголуп суу толкуп, Кызыл кандар чайпалсын. Жан айаса чоңдоруң, Калдуубет берип жай жатсын! Келген киши кайтканы, Ойротко кебин айтканы, Кебин айтып болгончо, Өлүп кете жаздады, Сүйлөй албай демигип, Араңдан зорго тас калды. Ээрдин тиштеп ошондо, Ойрот башын чайкады, Шамал ыргап жаткандай, Сакалдары жайкалды, Карап турган кээ бирөө, Корккондугун байкады. — Ээ, капырай, кандай кеп, Жалгыз башым Сомбилек, Мен барабар дегени? Мунун минтип айтканы, Кемсинткени эмеспи? Менин атым билбеген, Даңкымды уккан сүрдөгөн, Атам Манас дегени, Опозо кылган бир кеби, Калдуубет кармап берсин, деп, Душманымды бербесе, Ылдамыраак келсин, деп, Ажал алып жакадан, Айткан экен бул кепти. Кантип адам тынч алат, Кулак угуп шум кепти? Бүгүн алар кезегим, Буруттагы көп кепти! Алдында өзүм барайын, Атасы Манас тирилип, Абасы Гүлүс биригип, Үчөө катар келсе да, Көмө чаап салайын, Көк шиберге көйкөлтүп, Көөдөндөн канын жайайын. Жатпагын аскер аттангын, Кара, сары, көк желек, Калкылдата аштагын, Селдей болуп түрүлүп, Калтылдатып таштагын, Бардык иш тайар болгондо, Майданды өзүм баштайын! Айтканынан жанчу эмес, Аттанбай аскер калчу эмес. Аттанып аскер болгончо, Камынып Буйта карарды, Ойлонот Буйта ичинде, Эң алдында барарды, Ойротко нөөмөт бербестен, Өзү сайып аларды: “Мен Ойроттон эрмин, деп, Отузда жашым Буйтамын, Тетиги турган Сомбилек, Кайратым андан кемби? – деп, Арканча мыкты болсо да, Эрдиги мага теңби?” – деп. Күчүн-күчкө улантып, Сайышар жерин белгилеп, Кубанып турат Калдуубет: “Ойрот, Буйта бул экөө, Сайып алса мейли, — деп, Сайдырып ийсе кокустан, Хандыгы мага келди, — деп, Кутулбас жерге Сомбилек, Тар кыйагы кирди, — деп. Сексен миң аскер кол турса, Пил көтөрбөй жөө жүргөн, Тетегедей зор турса, Ойрот, Буйта экөө өлсө, Сомбилек кайдан кутулат, Тетеге найза көтөрсө? Тетеге манжу уругу, Тегин киши бул эмес, Нескаранын тукуму”. Деп ойлонуп Калдуубет, Түк кишиге ийилбес, Бул түгөнгөн кара бет, Ойлогону арамдык, Карап турат кеңгиреп, Эчтеме менен кээри жок, Тетеге турат зеңгиреп. Каңгайлык кылат кабызет: Буйта чыкты алдыда, Сомбилекти жеди, деп, Буйта атка мингенин, Ойрот азыр биле элек, Айтып койгон кеби бар, Алдында өзүм барам, деп. Ойрот мында камына, Буйта барат алдында, Токойдон чыккан камандай, Токтобостон чамына, Көпкөк муздай көгөрүп, Үстүнө соотун жамына. Оолугуп Ойрот бакырды, Токто деп, Буйта чакырды, Кылчайып артын карабай, Ойротту улук санабай, Токтобостон эр Буйта, Сомбилекти качырды, Сомбилекке жеткинче, Артынан Ойрот жеткени, Алдындагы Буйтаны, Тоңкойтуп сайып кетти эми. Олойо тиктеп Буйтасы, Таштады Буйта уйатты, Чоң Ойротту качырды, Комдоно минип сур атты, Экөөнүн көрүп түрпөтүн, Калдуубет атын чуратты, Ойунда келет Калдуубет, Ойроттон ачуу сурашты: — Ойрот, Буйта не болду, Эки калдай окшош дөө, Эс-акыл кайда жоголду? Буйта алса кимди алат? Сага кайаша сөз айткан, Сомбилектей эрди алат, Буйта сайып түшүрсө, Ойрот сайып алды, деп, Жакшы атагы саа калат. Сенде калдай өкүмүң, Жыңзы таш бар башыңда, Мурун чыккан бул Буйта. Кызмат кылат алдыңда. Кылмак кызмат сен үчүн, Аман-эсен турса деп, Кыйбайт сени барууга. Жетип келип Калдуубет, Жандата айтып ширин кеп, Жараштыра салыптыр, Ойрот кетип ордуна, Ортодо Буйта калыптыр. Алдындагы сур атты, Камчыга Буйта бөлөдү, Терисине сыйбастан, Качырган бойдон жөнөдө. Улугунан найза жеп, Өчөшүп Буйта көгөрдү, Казандай темир туулга, Төбөсүнө көмөрдү, Түк келтирбейт ойуна, Бул түгөткүр өлөрдү, Кара ташка түйрөгөн, Көк найзасын өңөрдү. Чойун башы такымда, Чуркаганы сур аттын, Байкаганга закымда! Кылыч кында кыңгырап, Найза колдо шыңгырап, Ай балта белде шаңгырап, Кызыл мистен доолбас, Чымын тийсе заңгырап, Кош чаңырык үн чыгат, Боздогон төөдөй каңгырап. Кийгени темир чытырап, Ындыгына чыдабай, Кырчын талдар чытырап. Көөдөндө соот, чарайна, Көк дөбөдөй көрүнөт, Көз жиберип караса. Өмүлүп кетип баратат, Сомбилекке барарга, Өз ойунда буйтанын, Көмөрө сайып саларга. Кебелбей турат Сомбилек, Эч нерсе албай санаага, Козголбос жүрөк бериптир, Жаратканда аларга. Коргошун жүрөк, жел билек, Коркпой турган Сомбилек, Сүйүнгөндөн чыдабай, Эт жүрөгү элжиреп, Салкын сылап айдары, Аркасында желбиреп: “Алдында чыгам мага, деп, Чоң Ойроттон жыгылды, Ушул Буйта мени деп, Томоролду сур аттан, Дал ортодон найза жеп. Туруп берем кезекке, Арманы мунун калбасын, Оодарылса мейли” – деп, Көрмөк болду Сомбилек, Күч ортосун белгилеп. Алдында минген сур атты, Ойнотуп Буйта келатты, Туруп берген баатырды, Ирмебей кирпик качырды, Алдыңкы ээрдин кашы, деп, Табарсыктын башы деп, Каары менен бир сайды, Кайраты артып Сомбилек, Качан ээрден кыйшайды? Өтө берип эр Буйта, Томолонду аттан деп, Аркасын карап кылчайды, Карааны тоодой заңкайып, Кабылан бала турганы, Өчөшүп чыккан буйтанын, Ардыгып калган убагы, Кайра артына бурулду, Ойлоп келет ал Буйта, Как жүрөккө урууну. Сомбилектин ойу бу, Душманга кылган кордугу: “Өлчөп болдум муну, деп, Мейли дагы урсун, деп, Кимде кайрат, кимде жок, Ойрот менен Калдуубет, Алар карап турсун” – деп, Каарданып Буйтага, Кара жанга күч келди, Кайратын чыңдап мекийип, Алдыңкы ээрдин тиштенди. Как жүрөктүн тушу, деп, Найзасын муштап жиберди, Ташка сайган немедей, Найза каңгып чак деди, Ошондо да кебелбейт, Опсуз балбан Сомбилек, Оодарылып кетпеди, Уйаты жок Буйта кул, Жана найза имерди, Найзанын учу жетерде, Бала жолборс Сомбилек, Каңгыта кагып жиберди. Найза каңгып кеткенде, Токтоно албай ал Буйта, Өтө берген кездерде, Кара кашка кас тулпар, Ооздук тиштеп нидерди, Бала баатыр Сомбилек, Балта менен жиберди. Болжолсуз балта урулду, Кайра тартып алганча, Мээси жерге куйулду. Муз көчкөндөй далбайып, Сур тулпардан кулады, Чалкасынан дардайып, Сапта турган эчендер, Бузулду өңү саргарып. Ошондо айтат Тетеге: — Улугум Ойрот, туруп тур, Мен айтамын угуп тур, Өзүң тургун бул жерде, Мен жараймын керекке. Өлгөлү барган ашыгым, Өзү Буйта эмеспи! Өлдү Буйта торойуп, Мен барайын балага, Капташып калды Сомбилек, Кутулбас кара жалаага, Өзөктөн канын жайайын, Көгөрүп жаткан талаага, Улугумсуң сен Калдай, Мен Тетеге садага, Уругум манжу экенин, Бүгүн уктум жана да, Урпагы Манас дегенде, Жиним келди балага. Манастын уулун жеди, деп, Оорагым кетсин ар кайда, Манастын калган тукумун, Нескара уулу жеңди, деп, Кабар тарап ар жайга, Мен беттешип көрөйүн, Мен-менсиген андайга, Өлтүрсөм этин жеп алам, Мына өшентип кек алам. Өлүп калсам баладан, Өлүгүм алба талаадан, Бир балача болбосом, Тетеге атты неге алам? Пил көтөрбөй жөө экен, Мал миништи билбеген, Заманында дөө экен, Сегиз аршын бойу бар, Орто-карта тоо экен, Алды-аркасын караса, Жалама жалтыр зоо экен, Чынардай бойу сүлкүлдөк, Токтоно албай кара жер, Жарылчудай дүңкүлдөп, Айбаттанып сүрдөдү, Алда канча түрдөндү, Этектери далпылдап, Майданды карай жүрдү эми, Кара бойу тоо болду, Маңдайынын бырышы, Эл кыштоочу коо болду, Канатташ жүрүп аралаш, Каңгайлыктын элдери, Көрбөгөнү көп болчу, Салгаштырып экөөнү, Сомбилек эми өлдү, деп, Кажы-кужу чуу болду, Көк жаңырган үн чыгып, Жер айрылып дуу болду, Көпчүлүк айта бергенде, Көрбөй туруп укканга, Бул түгөнгүс кеп болду, Бендеден бенде туулуп, Чоңойгон мындай аз болду, Ошончо бойу бар болуп, Мал көтөргүс зал болуп, Ажымоолук өтүптүр, Андан калган адамдан, Бүгүн Тете ал болуп, Каңгайлык ойлоп турушат, Сомбилек эми калды, деп, Жер менен жексен нан болуп. Буулуккан чочко каарданды, Солкулдак чырпык талдарды, Тобу менен кармады, Бал жууран, ышкын жегендей, Кертилдетип чайнады, Өнүп чыккан андайдан, Учурап калган жандардан, Жебегени калбады, Жер бетинде бар неме, Бирин койбой жалмады. Асманды тиктеп алайып, Капкадай бойу далайып, Үстүнкү ээрди көк тиреп, Алдынкы ээрди шалайып, Сомбилекти караса, Жерди тиктеп үңкүйүп, Кабагынын суугун көр, Жер кемердей чүңкүйүп, Арам өлгөн Тетеге, Колуна жарак албаган, Ачууланса ал кимге, Оозу менен жалмаган, Ага болбой баратса, Колу менен кармаган, Кан ичкиси келгенде, Ага ини элебей, Утур келсе аймаган. Манжулар колун бошотпой, Көйзө менен кадаган, Кишендеп бутун байлаган, Ушул сапар чоң Ойрот, Өкүмүмө көнсүн, деп, Балбандары мындай көп, Сомбилек көзү көрсүн, деп, Чечтирген колун байлаган, Кутулганы жалгыз күн, Колу-буту аркандан. Алдыңкы күнү талаага, Алдырып келген болучу, Бош болучу кол-буту, Таң аткынча бул чочко, Ээси менен төөсүн да, Айгыры менен бээсин да, Айуу менен суурунда, Эрий элек нечени, Эмгиче турат жумурда. Дагы беш күн бош болсо, Ошол элди жеп болмок, Ойрот жалгыз калбаса, Андан башка жок болмок. Кара бойу катуу күч, Каарданса заары күч, Тулку бойу туура күч, Тутушуп калса кылат түз. Сакал менен муруту, Найзадан бетер сайгылап, Найзадан мурун курутчу, Каары катуу бойунда, Кара күчү колуңду, Сомбилекти барганда, Жутамын дейт ойунда, Кармаган чынар колунда. Баатырдын уулу чунагың, Тосо чыкты жолуна, Аты-жөнүн сурабайт, Айбан мүнөз доңузу, Көтөрүп келген чынарды, Кош колдоп туруп койушу. Артыла тийди баладан, Топурак учуп жер чаңдап, Жарым бута ар жактан, Чырпыктын баары чыркырап, Бадыректин чынары, Ничке башы быркырап, Өз эли көрүп жумушун, Кара бойу зыркырап, Сомбилектен өлсүн, деп, Тилек тилеп чуркурап, Түндө жеген канчасын, Какшап ыйлап буркурап. Кыргыздан келген кырааны, Кылган иши ак үчүн, Кылымга кеткен оорагы. Тоо экен деп жалтанып, Томсоруп карап турбады, Колундагы найзасы, Бул өңдөнгөн доңузун, Найзадан өлгөн канчасы. Күүлөп алды колуна, Чоңдугунан чочконун, Араң жетти бооруна. Табарсыгы ушул, деп, Таамай болжол тушу, деп, Муштап өттү найзаны, Табарсыктын тушунан, Төш жары жери жарылды, Сийдиги агып бүркүрөп, Кара санга жайылды. Сийдиги агып суу болуп, Санында агып жатса да, Тоготуп аны койбоду, Түбү менен чынардын, Төбөдөн нары койгону. Булт берип чыга бергени, Калтырады кара жер, Арстан эрге тийбеди. Күүлөп алып булгалап, Койуп калды чалкалап. Колтугун өөдө чойгондо, Мыкты бала Сомбилек, Эки колдун ортого, Кире берди ошондо. Алыс тиктеп алаңдап, Алда кайда каранат, Алдын карап көргөн жок, Кайда экенин билген жок. Арка сөөгү калың, деп, Найза кечпейт такыр, деп, Кокосуна кол жетпейт, Узун экен капыр, деп, Жука жери ушул, деп, Дал бөйрөктүн тушуна, Кабелтең найза муштады, Найзаны канга чыктады, Тартып алып баратып, Тегеретип ыкшады. Жыгылган жок далк этип, Бир жагына кыйшайды, Кыйшайды деп карабай, Жыгылат деп санабай, Бир бөйрөккө муштады. Табарсык, эки бөйрөгү, Талаа-талаа бөлүндү, Адамда тажаал, кара жүз, Мунун да каны төгүлдү. Үстөмөндөп жыгылды, Кулаган тоо шекилдүү, Томкорулуп тоо кулап, Көчкөн сыйак көрүндү. Тетеге манжу баатырдын, Кыргыздан болду өлүмү. Күүгүм кирип, күн батып, Урушкан жок түн катып, Уктабай чыкты каңгайлар, Таң атканча сүр басып. Аскер жатып жайланды, Албарстан кылыч чапчуулар, Таң атканча шайланды, Беттешип чыкчу берендер, Белгилеп найза карманды, Чабуучу кылыч, найзалар, Кара ташка кайралды. Балталарын эгеди, Канжарларын бүлөдү, Таң атканча тынч албай, Кара кошуун дүрбөдү, Бир кишиден көп аскер, Мына минтип сүрдөдү. Калдуубет, Ойрот чоңдору, Кан жутуп ичтен болжолу, Кирпик ирмеп, көз жумбай, Алда канча толгонду, Эртең кандай болор, деп, Токтободу ойлору, Ал аңгыча болбоду, Таң агарып сүрүлүп, Кыбыла карай бет алып, Жылдыздын баары дүрдүгүп, Чөптүн башы үрпөйүп, Тоо көрүнүп дүңкүйүп, Келин каш болуп агарып, Таанылып көзгө жер жарып, Жандын баары мыдырап, Жан-жаныбар кыбырап, Жер бетине жөргөлөп, Жайнап чыкты быжырап. Каз-өрдөктөр үн салып, Абалап учуп торгойлор, Нечен түрдүү күү салып, Таандар учуп кыйкылдап, Турналары чуйкулдап, Аңырлары аңкылдап, Аккуулар учуп жаркылдап, Асманда учуп бүркүттөр, Таң чабыты калкылдап, Бийиктен учуп кажырлар, Тарп карашып далпылдап, Алдында кузгун түшүптүр, Кекиртеги таркылдап, Айры куйрук кулаалы, Ар жерде жүрөт салпылдап, Чакчыгайлар чакылдап, Көргөнүн туурап такылдап, Талдан талга секирип, Сагызганы шакылдап, Желип жүрөт карышкыр, Оозун ачып акылдап, Кыргыйек учуп жем үчүн, Жар кылаалап зыпылдап, Карчыга учуп бөксөлөп, Көзгө илинбей жыпылдап. Койондор коппой колоттон, Жанынан коркуп кыпылдап, Жүрөгү оозго капташып, Баатырлар турат ыкылдап. Бар кыймылды табийат, Көз алдынан өткөрдү, Чөптүн көбү күч ала, Жанган отун өчүрдү, Күн жаркырап аңгыча, Нурдун жети көрүндү. Жердин бети ачылды, Тунарыгы жазылды. Ойрот жатат ичинде: “Түн катып кетип калды, — деп, Бала жолборс баатырды, Ар канча мыкты болсо да, Шашкандыр менден акылы, Качса дагы качпаса, Бүгүн ишин бүтүрөм, Кыргыздан чыккан жакырды”. Ойрот турсун ошентип, Эстейли бала баатырды. Ат чалдырып Сомбилек, Керүүдө атын жетелеп, Келе жатса шиберде, Эки күчүк шимеңдеп, Жойлоп жүрөт темселеп, Ачкалыктан кыңшылап, Баса алышпай ийрейет. Көз ача элек жаш күчүк, Көрүндү сонун көзүнө, Буларды багып койсом, деп, Ойлоду бала өзүнчө, Таңыркап турду кыйла аны, Жондорунан сылады, Сайган байрак жанына, Алып барды буларды, Чөптөн ойуп буларга, Атайлап жасап бир уйа, Көл азыктан айабай, Азык берди аларга, Күчүктөр тойуп жай алды. Байракты көрүп сайылуу, Бакырып Ойрот ачуулуу, Баатырларын басынып, Көп аскерин сапырып, Жалгыз бала турганга, Жаны айабай ачынып, Каарданып камыгып, Коркконунан көп аскер, Атка минди жабылып, Короодон чыккан кой окшош, Жер бетине жайылып. Асаба желек калкылдап, Найзанын учу жылтылдап, Ат куйругу былкылдап, Адамдын башы кылкылдап, Баатырлар келет көгөрүп, Башына туулга көмөрүп, Мен-менсиген нечендер, Белсенип найза өңөрүп. Күн бузулуп бүркөлүп, Булуту жок түмпөйүп, Күн көрүнбөй чүмкөлүп, Аттанып аскер чубады, Баатырың карап турабы, Кара кашка тулпарга, Камына минди бул дагы, Белдүү баатыр Сомбилек, Найзаны кармап ыргады. Калдуубет келбей караан жок, Буй кылчудай дүйнөнү, Чыккан экен чоң Ойрот. Тетеге, Буйта тең өлгөн, Чоң Ойротто караан жок, Өзү чыкпай амал жок. Кармаганы сом болот, Каарданды чоң Ойрот, Бөйөн менен чайандай, Заарданды чоң Ойрот, Кездемдин боосун чубалтып, Кескерип найза чунайтып, Минген атын камчылап, Артынан чаңын чубалтып, Жыңзы ташын тагынып, Койнунда бутка жалынып, Башын уруп табынып, Таазим кылып олтуруп, Тоңкочуктап чокунуп, Кара жанга күч келип, Каардуулары бүт өлүп, Күүлөп алып найзасын, Катуу кирди күчөнүп, Карап туруп Сомбилек, Калгандарын эске алат: “Мен кездешип далайга, Азуусун айга жаныган, Андай канча балбанга, Бакдөөлөт менен Коромжу, Өтүп кетти аларда. Чокчо менен Солто өлдү, Баатырлык сыны толуктан, Мен көрбөдүм бул өңдүү. Башкача балбан неме экен, Падыша Манас жардам бер. Бул бадырек Ойроттун, Телегейи тең экен!” Сынга алды жаш бала, Күчүн күчкө улантып, Астынан утур жөнөдү, Жаткан жерден аттана. Кыңшылап эки күчүгү, Уйасында калышты, Улуп-уңшуп үн сала. Тоо экен деп жазганбай, Чоң экен деп апкаарбай, Эр экен деп калтаарбай, Аргытып бура жөнөдү, Атынын башын түк тартпай, Бала баатыр кезенип, Бастырып утур чыкканда, Кара жалдуу чоң Ойрот, Каарданды ушунда, Чээнден чыккан жыландай, Заарданды ушунда, Сууда жүргөн жайандай, Жалаңдады ушунда, Ачуусуна чыдабай, Алаңдады ушунда. Булуттан чыккан күнчөлүк, Ысыгы бар ушунча, Ызгаары бар бетбактын, Кышкы желде суукча. Ачуудан кирип калтырак, Азуулары качырап, Ачып кирпик ирмесе, Көзүнөн жалын чачырап, Арданганы аттан чоң, Анталаган кызталак, Кордонгону койдон чоң, Коржоңдогон бул акмак. Алдымдан бала тосту, деп, Атым Ойрот болголу, Алда кандай укмуш! — деп, Алды артына карабай, Кылча жанын айабай, Кылчайбастан жөнөдү, Бул өңдүүнү ким көрдү? Баатырдан калган Сомбилек, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Кылымдан ашкан Ойроттон, Кылайып коркуп шашпады, Кылчаңдабай кыйкырып, Кыйын уруш баштады, Ойрот менен Сомбилек, Жөн сурашкан деги жок, Булгалап найза колго алган, Мындан башка кеби жок, Ушул учур чактарда, Бул экөөндөй деги жок, Ааламда адам өтпөптүр, Биринде бири деги жок, Баш аламан уруштун, Адам айтар чеги жок. Чарайна, соот калканы, Тал-талынан бөлүнүп, Чыгып жатат талканы. Такылдап найза калканга, Чакылдап балта туулгага, Кулак тунуп, мээ айнып, Бака-шака, чуу-чууга, Чыдаштык кылат балбандар, Болуп жаткан жумушка. Чок жайылып жылтылдап, Жер жарылып, суу чыгып, Жуурулуп тобо былчылдап, Алдында минген аттары, Токтобой турат ыргыштап, Өөрчүп турат талыбай, Корголой басып кылтылдап, Сууга түшкөн чычкандай, Тер куйулуп чылпылдап, Жумуру баш, айры төш, Адамзаттын ишин көр, Кандай берген буларга, Айабаган күчүн көр, Оодарылып дүнүйө, Кубулат экен аркандай, Кантип турат көргөндөр, Бул жумушка таңданбай, Эки күнү бир күнгө, Узарып кетти урушу, Бүткөнү жок экөөнүн, Салыша турган жумушу, Ойу бузук Ойроттун, Айтып турган кеби ушул, Аз калган күнүн узартып, Аласкаткан жери ушул: — Кыргыздан келген Сомбилек, Анча-мынча ойлопмун, Сен экенсиң эр жүрөк, Алдында өлгөн эрлерди, Баарын энөө ойлопмун, Мени менен эрдигиң, Тең экенсиң болжолуң, Калдуубет айтып барганда, Зээниме алып койбопмун, Арак ичип, тамак жеп, Ачкан курсак тойбопмун. Уруксат кыл жанайын, Өз айлыма барайын, Көөнүм эргип, бой сергип, Тамактанып алайын, Андан кийин башыңа, Акыр заман салайын. Кастык кылар киши жок, Мага болсун убалың, Сен да жаткын кардың ток, Аз болгондо он күндө, Араң тойот курсагым, Эригесиң жалгыз баш, Ээн талаада турбагын. Тойгуздум деп мен сага, Түбүндө милдет кылбаймын. Деп ошентип суранды, Опозо кылат дагы эле, Таштап койуп уйатты. — Барсаң, баргын сен Ойрот, Бербей койсом уруксат, Ичиңде арман муң болот, Акыреттик ашың же, Өлүм жагын көп ойлоп, Өчүгүшсөң көгөрүп, Сомбилек сени соо койбойт. Алты атамдан жети атам, Көргөн киши биз эмес, Урушта жүрүп аш ойлоп. Бастыргының кечикпей, Бекер болсун убадаң, Болжогон күнү келишке, Барып кайта келишин, Баш-айагы он беш күн, Армансыз болуп камынгын, Келбей койуп жүрбөгүн, Кейишти менден көрбөгүн. Корксоң келбей үйдө жат, Кол салып сага тийбеймин, Болбосо калгын эсен-сак, Калдуубет берсең кетемин, Кара нээт мен эмес, Катышып сага нетемин! Калтырбай айтты бар кебин, Түйүнү бар төп жерин. Калдуубет берем, дебеди, Он-беш күндө келем, деп, Бастырып жөнөй берди эми. Калкына барды кара бет, Өз-жат дебес кара нээт, Калың калмак чуулдап, Алдынан чыкты дуулдап. Таманын жерге тийгизбей, Атынан жулуп алганы, Көтөргөн бойдон чатырга, Алып кетип калганы. Кайра тартып Сомбилек, Туу жайган жерге барганы, Күчүктөрү кыңшылап, Жойлоп чыкты алдынан, Борсулдап үрүп үн салып, Ойноп чыкты алдынан, Карап көрсө күчүгү, Айбанаттар кутулуп, Кетер эмес оозунан. “Түп атам Манас баатыр, — деп, Агыткан тайган такыр, — деп, Куу тайгандай асырап, Мен багайын акыр” – деп, Куткарбай качкан жандарды, Курбудан атып кулжаны, Кошколдоп бакты буларды. Жаңылап күндө эт берет, Өлчөп бербей көп берет, Окшош эки күчүктү, Эр неме бакты эрмектеп, Сомбилекке күн өтпөйт, Ойрот качан келет, деп. Өз эркинче иш кылып, Бала баатыр талаада, Биз баралы жанагы, Ойрот деген балаага. Элине кирген кезинде, Эчтеме кирбей эсине, Аттан түшөөр ал калбай, Ырп этерге шай калбай, Кирпиги турат мыдырап, Андан башка жан калбай. Эр экен Ойрот ченебей, Эчтемени элебей, Сак жери жок кенедей, Элине эптет барыптыр, Талкаланып устукан, Күм талкан болуп калыптыр. Элдин ичи чуу болду, Илегерлер чогулду, Тегеректеп турушту, Эптеп дары куйушту, Адамдын ичин жарышты. Анын өтүн алышты, Куну деген ушу, деп, Жарасына жабышты. Катыгүн ылдам чапкын, деп, Кажырды улуп аткын, деп, Эти менен өтүнү, Калтырбастан тапкын, деп, Кажырдын өтүн куйушуп, Кызмат кылып чуркурап, Тикесинен турушуп, Айуунун майы керек, деп, Баатырга кубат берет, деп, Төр-төрдөн издеп айууну, Нечеси жүрөт темселеп, Изи барбы кара, деп, Кумду тиктеп темселеп. Суур ийинден казгын, деп, Аз болгондо жүз элүү, Семизинен тапкын, деп, Боз чаар кулан аткын, деп, Бол турбагын баскын, деп, Кулан аты болбосун, Кысырынан болсун, — деп, Кумдан кулан куудуруп, Карматып келип боз чаарын, Төрт айагын буудуруп, Куландан чыккан кысырак, Мунун этин жебесе, Кантип баатыр эс алат. Ойдогусун табарга, Чоң Ойротту багарга, Топ-топ болуп талаалап, Туш-тушка кетти самсаалап. Он бештен ашып күн өттү, Ортодо далай ай өттү, Дүрбү салып караса. Күндө калмак дүрбөнү. “Келбейт экен такыр. – деп, Караанга таштап аскерди, Качкан бейм капыр” – деп, Тулпарын минип оңдонуп, Тунжуруң басты томсоруп. Караанын көрүп баланын, Карбаластап калмактын, Ашыкканын карагын. Сүрдүгүшүп, колбушуп, Далай калмак алдынан, Тосуп чыкты топтошуп, Эстүүсүнөн эки-үчөө, Сомбилекке жолгошуп: — Качкан жок Ойрот, элдер бар, Атка минер абал жок, Бүткөн бойу жарадар, Мейлиң баргын, мейлиң кой, Бүгүнкү абал ошондой. Ээсиз жаткан элдерди, Эрк өзүңдө таласаң, Катышпассың кол салып, Убалга баатыр карасаң. Өлгөн жок Ойрот өзү бар, Эрлик кылбай өчөшсөң, Боорун жарып өтүн ал, Андан калган элдерди. Өзүң билип, өзүң ал. Калкынан угуп кабарды, Кадикке албай аларды, Хансыз элге кол салбай, Капталга кыйа жол салбай, Канчалыгың калды, деп, Чаап алып олжо албай, Кайта аркага бурулду, Кыргыздын кыраан баласы, Атадан артык туулду. Муну мындай таштайлы, Сомбилектин жаралуу, Болгонунан баштайлы.