Сомбилек менен Тынымкандын тойу
Талаанын аркы четинен, Тамагын жеп тойушуп, Талкалашып урушар, Болжолдуу чагы болушуп, Калдуубет менен Коромжу, Калдайып келе жатышкан, Кара лөктөй чамынып, Дардайып келе жатышкан. Сомбилекти көргөндө, Санаасын санга бөлгөндө, Тартынган жок Калдуубет, Башынан өткөн бар ишти, Коромжуга айтыштан: — Көргөнүмдү мен айтам, Көөнүңдү койуп сен уксаң. Мен Калдуубет болголу, Сен Коромжу болголу, Сен экөөбүз беттештик, Далай күн болду болжолу. Талаштык Тыным сулууну, Көңүлгө алдык ушуну, Келип калган турбайбы, Манастын калдык тукуму, Мен Калдуубет болгондо, Аскер жыйнап, кол бактым, Баш көтөрбөй батышты, Таманыма мен бастым. Таласты талкан кылам, деп, Төрт атамды эске алып, Акылымдан адаштым, Отуз миң аскер эр менен, Таласты карай бараттым, Оролмо деген бир жерде, Тээ келе жаткан балага, Ээн талаада капташтым, Далай күн жүрдүм чабышып, Сурап атын билбедим, Ким экенин таанышып. Арып-чарчап болгондо, Ата тегин сурадым, Айлам кеткен болжолдо. Аргам менин түгөндү, Ата теги ким экен, Андан кылдым күмөндү. Сурасам атын катпады, Токтоо кылбай айтканы: “Түп атам Манас шер, — деди, Түгөткөн кылым эрлерди, Бучкагына теңебей, Жок кылган нечен эрлерди”. Дал өзүнө келгенче, Кыдыртып айтып бергени: “Өзүмдүн атам Бекбача, Ошондон болгом, — деди. Өзүмдүн атым Сомбилек, Унутуп калбай жүр” – деди. Манастын атын укканда, Маңдайым менин тердеди, Ошондо билдим Коромжу, Башыма балаа келгени. Күнү-түнү саны алты, Талыкпастан салыштым, Жетпеди көзүм балага, Эңкейтип муну алышым, Кетип калды байкасам, Колумдан менин намысым, Шайым кетип, муун бошоп, Сайдырып найза балага, Жарадар болуп калышым. Мен жарадар кам кезде, Кыр аркамдан куйулган, Кызыл каным бар кезде, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Келип калды ал кезде. Кара калпак бул элде, Тынымкан алмак Бакдөөлөт, Андан кийин Таласты, Талап алмак Бакдөөлөт, Менден бетер Таласка, Ал да бармак Бакдөөлөт. Бакдөөлөт кебин укканы, Сомбилек уруш баштады, Алты күнү сайышып, Канына найза чыктады. Карап туруп өлгөнүн, Как көзүм менен көргөмүн, Каптаган караан урушту, Караңгыда калдаңдап, Мен качкан бойдон жөнөдүм. Элиме келип жай алдым, Эсимден чыгып жок болду, Сомбилекке барарым, Кокустан келип калар деп, Күндө жолду карадым. Мурун кабар укпадым, Тынымкан сулуу кыз, деди, Ошондон кийин уккамын. Аскер жыйдым жаңыдан, Отуз миң саны баары улан. Төрт уруу биздин элибиз, Сулуу кыз алып кетмекке, Ушул үчүн келдик биз. Коросондон сен келип, Сен жатыпсың Коромжу, Келе жатат Сомбилек, Жан албай бизден койорбу? Талашпайлы биз кызды, Жанаша туруп баш кошуп, Баштайлы буга урушту, Улуш сапар сак кетсе, Кулагы угуп көз көргөн, Оңой эмес жумушпу. Экөөбүзгө тең уйат, Уккандар наалат кеп кылат. Башынан өткөн бар ишти, Калдуубет айтып угузду. Бар кепти угуп Коромжу, Ачууланып оолукту: — Ат арытып, тон тозуп, Аларым сулуу кыз болуп, Мен келгемин бул жерге. Жонуңда жараң бүтө элек, Кыз талашып сен менден, Не келесин бу элге?! Жарадар болдум мен, дедиң, Бакдөөлөт өлдү бил, дедиң, Биригели экөөбүз, Биргелешип бер, дедиң, Жарадар болсоң сен мейлиң, Бакдөөлөт өлсө не кээрим? Аларым менин Тынымкан, Жат кишиге бербеймин! Кара бойдо каруум бар, Карап турган Калдуубет, Сомбилектик алым бар, Андан кийин Калдуубет, Сага кылам зордугум, Кылар ишим дагы бар, Көрсөтөмүн чоңдугум! Талаайым менин бар болуп, Бастырып үйдөн чыкканда, Көзала кудай жол берип, Барлык ишим оң келип, Беттешип көрсөм дечү элем, Темтеңдеп өзүң сен келип. Дабытай менен Мырзакмат, Өлгөн экен кыргыздан, Койгулашып теңдешип, Айдап келип бергенин, Көзала кудай алдыма, Кыргыздын уулун сенделтип. Кектүүнүн баары жыйылып, Келиптирсиң кыйырга, Карап тур корксоң Калдуубет, Беттешейин кыйынга! Келе жаткан Сомбилек, Он бештерде жаш бала, Теңдеш киши кептентип, Теңебеймин бучкакка, Сомбилекти сойгон соң, Ачылсын кебим сен жакка. Коркутуптур Сомбилек, Жагайын анын берейин, Өлгөнүн көргөн Калдуубет, Сага тийсин керегим, Андан кийин Калдуубет, Тирүү калам дебегин! Мен укканмын кулактап, Күн батыштын тарабын, Калдуубет сүрдүү дегенин. Алты ата кубар сан, Үзөнгүдөн бут тайбай, Келе жаткан кыргыздын, Андан кала бергенде, Тынч жаткан элге чуу салган, Калдуубет менен Сомбилек, Койбоймун түбү мен аман! Деп күүлөнүп Коромжу, Абал айткан Калдуубет, Коркута сүйлөп ошону, Көрсөтөм дейт өнөрүн, Кан аралаш жошону. Калдуубет калды талаада, Бөлүнүп акыл санаада, Коромжу чыкты кезенип, Келе жаткан баатырга. Коросондук Коромжу, Коркпос баатыр эр болчу, Коросон, иран, иракта, Индистан,ооган, испанда, Коромжуга теңдеш жок, Кол салышкан бул жакта. Эр көкүрөк Сомбилек, Эрдемсиген Коромжу, Теминип кирди балага, Туш болгонун билбеди, Кутулбас кара жалаага, Капташып калды Коромжу, Жан алуучу балага. Он бештеги Сомбилек, Жаш жүрөктүү жел билек, Оозуна алып Манасты, Артынан чаңын бургутуп, Алдынан тосо баратты, Көрүнүп көргө элестеп, Колдоочусу Сомбилек, Коромжуну жадатты, Карматмак болду Сомбилек, Бакдөөлөттөй баатырды, Сайып алчу адатты. Оро-пара туш келди, Ойротто жок Коромжу, Кара жанга күч келди. Бекемдеп найза карманып, Коромжу катуу каарданып, Бөйөн менен чайандай, Уусун чачып заар салып, Узартып найза салыптыр, Коромжунун найзасын, Сайдырбастан кагыптыр. Күүлөп найза сайышып, Сайдырбастан кагышып, Тоо жаңырган чака – чак, Балакеттер сайышып. Найзалар сынып быркырап, Сыныктары зыркырап, Кулак мээни тундуруп, Асманда учат чыркырап. Балталашып чабышып, Бар кайратын салышып, Өкүргөндөн бакырып, Өз аттарын чакырып, Сайышып жүргөн жеринде, Топуракты сапырып, Кылычташып урушуп, Кыйындык менен турушуп, Оодарышып жулушуп, Кийимдерди булушуп, Күнү-түнү уланып, Күндө күчөп дууланып, Жебесин жаага керишип, Жаздыра огун беришип, Тамандашып тебишип, Билектешип тартышып, Биринен-бири кем эмес, Коромжу менен Сомбилек, Алты ай жүрсө урушуп, Нойуп калар деги эмес. Кара жанга күч келди, Коросондук Коромжу, Койбоймун тирүү, деп келди, Күүлүү найза колунда, Сомбилекке тап берди. Карап турат Сомбилек, Кандай сырын эл билет. Коромжунун найзасын, Балта менен какканда, Балта тийген бул найза, Кырк барча болуп жатканда, Алы келбей Коромжу, Аттын оозун тартканга, Найзасы жок куру кол, Капташа түштү баатырга. Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып Сомбилек, Коромжу кайран эр, Төбөгө тартып жиберет, Кара кашка тулпары, Оздук тиштеп нидерет. Балтанын үнү чак этип, Жайылып аттан жыгылды, Коромжу доңуз жалп этип. Күчтүү чапкан Сомбилек, Балтанын сырты жарылып, Туулганын дайны жок, Таруудай кеткен чачылып, Кара жерге капшырып, Катуу чапкан жапшырып, Азирейил периште, Жанын ага тапшырып. Карап турган Калдуубет, Калтырак кирди шашылып. Найзасын кармап колуна, Качырмак болду ойунда, Тура калып Сомбилек: — Оо, тура турчу, Калдуубет, Атка минип, тон кийип, Атагым бар эрмин, деп, Сен өңдөнүп ким жүрөт? Жеңилип калсаң качасың, Эс алганча жатасың, Унуткарып күн өтсө, Аттанып кайра басасың, Мурасыңа алдыңбы, Атаң Калдык адатын? Ар-намыстан неме жок, Минтип жүрүп, Калдуубет, Кантип элге батасың? Хан болдум деп жүрүпсүң, Билбейсиң хандын каадасын, Ойуңа алып койбойсуң, Мурункунун санатын. Өткөндөрдөн салт калган, Хандан ханга нарк калган, Хандардын башы кошулса, Бири сайып жоо алса, Олжосун экөө тең алган. Бакдөөлөт сайып мен алдым, Качып жүрүп калдаңдап, Ал олжодон кур калдың. Анда качып сен кеттиң, Тынымканды алам, деп, Эми мында не келдиң? Келген жерде казабың, Элге салган азабың, Бутуңду тартып, кол жыйбай, Козголбостон жатасың. Кесириң күч өзгөчө, Кез болуп калдың бул жерде, Эми кайда качасың? Жумулган көзүң ачамын, Түбүңдөн ылдый басамын, Өчөштүм сага көгөрүп, Өзөктөн каның чачасым! Көзүңдү чукуп ойомун, Бооруңдан жиреп сойомун, Сен колдуу болгон жумушту, Таштын бетин ойдуруп, Кат жасатып койомун. Атам Манас айкөлгө, Айтканымды кылбасам, Кантип тукум боломун?! Айла кылып сен качсаң, Тээ ак булутка жанашсаң, Таманыңдан тартамын, Жерге кирип жоголсоң, Көкүлүңдөн тартамын. Антип элден чыгарам, Күн батыштын зардабын! Элиңди айдап көчүрөм, Өлбөй тирүү калганын, Ушул жерде алты урук, Тыңшап тургун сен угуп. Маңгыт, таңгыт, тыргоотту, Каңгайды карай айдаймын, Калтырбай мындай чууртуп. Сен маңгыттан калган Калбуудет, Билесиңби ушуну? Ээ болдуң келип буйакка, Тынч элге салдың көп жапаа, Мойушуп калар жерим жок, Мен Сомбилек сен жакка. Жалынсаң да, жалбарсаң, Такыр кечсең эл-жандан, Тартууга берсең жер-малдан, Каныңдан кечер жерим жок, Билип койгун сен мындан! Жашырбай айтат Сомбилек, Өтүрүк эмес бул кеби, Бүгүнкүң сага канимет, Беттешер болсоң кел бери, Кеги бар деп кыргыздын, Ат бастырып келдиби?! Айтарга сөзү калбады, Арамзада Калдуубет, Ачынып найза кармады, Коромжу өлүп кеткенде, Калдуубет менен Сомбилек, Беттешип калган кездерде, Жер алдында келин-кыз. Калбай чыгып жардады. Кобурлуу кыргыз кыздары, Коромжу менен Бакдөөлөт, Коржоңдогон Калдуубет, Козгоп дартын ырдады: — Оогандан келген Бакдөөлөт, Оодара сайды каракөк, Коромжу келди бул жерге, Тынымканды алам, деп, Ойлогон эмес нээтинде, Өлүп куру калам деп. Атыңдан түшүп Калдуубет, Арыстандын бутун кучакта, Кызыл канга бойолбой, Таза өлөсүң ал чакта. Эркек-айал, кары-жаш, Күн батыштын тарабы, Эсебин сенден албаса, Канабы анын мудаасы? Алты урук биздин элибиз, Айылга басып келдиң сен, Жер алдына каттырып, Кыз-келиндин эдебин, Өз колуна бердиң сен. Такоолуң өлдү Коромжу, Калбай баары жоголду, Бул Манастын тукуму, Кагышып пенде оңобу? Оо, Калдуубет каранээт, Кыз-келинди бир кара, Көргөнгө көзүң тойобу? Кемпирдин көзү күүгүмдөн, Басалбай чалдар бүжүрөп, Жаш балдар калды үлдүрөп, Катындар калды сөлдүрөп, Кайгырдыңбы, Калдуубет, Не үчүн мында келдим, деп? Жаны тирүү алты урук, Арстанга кубат бергин, деп, Ушул болот биздин нээт. Кылчайып артын карабайт, Кыргыздан чыккан кырааны, Намыс үчүн күйүнөт, Кара кашка тынары, Калдуубет жандан түңүлөт, Кыздардан угуп кабарды, Кара жандан кечти эми, Кармап найза безеди, Каары катуу, заары күч, Качырган бойдон жетти эми, Өчөгүшкөн капырга, Эр Сомбилек бет келди. Андан мурун Калдуубет, Айталаада алты күн, Армансыз болуп салышкан, Күчүн күчкө улашып, Күркүрөшүп жабышкан, Айласыз кирген Калдуубет, Чыдай албай намыстан. Жетик баатыр Сомбилек, Жеткизбеди нээтине, Тоңкойто сайып түшүрдү, Топурактын үстүнө. Калкынын болгон санаты, Баатыры аттан жыгылса, Баары каптап кетүүчү, Башынан берки адаты. Калдайдын уулу хан Коңур, Ошондон калган амалы, Калдуубетти өлтүртпөй, Куткарып калды карагы. Калдуубет колдон кутулуп, Кирген нардай Сомбилек, Оңдоп тонун кумтунуп, Эки жагын каранып, Ачып көзүн алайып, Каскактын учун кан кылып, Чамбыл ала чаң кылып, Аралап кирди аскерди, Адамдын башын шаң кылып. Калың жерге барганда, Албарс менен кайсалап, Беттешип чыккан беренин, Балта менен талкалап, Бура тартып качканын, Тоңкойто сайып баратат. Көз байлаган бүрүлдө, Көрүнбөс киши күүгүмдө, Күдүрөңдөп маңгыттар, Отуз миң аскер эл качты. «Качан жоону кууганда, Катын алат» деген бар, Кара калпак, түркмөндөн, Айгайлаган чуу чыкты. Салыкка келген самсаалап, Жалгыздан бээсин жетелеп, Жакшы-жаман кеп кылбай, Малымды алар бекендеп, Кочкору менен соолугун, Чаририк менен боругун, Шаа мүйүздөн эркечин, Эки тиште серкесин, Койу жогу токтусун, Кошо ээрчитип козусун, Нык семирген инегин, Сүттүүсү менен сүрөгүн, Кысыр эмген тай торпок, Мындай малдан калган жок, Тай, кунан, бышты, бууржунду, Толтуруп нанга куржунду, Карача каймал, ингенди, Алып келген байкуш эл, Колуна кайсы тийгенди. Тандалган жорго, күлүгүн, Айабай тарткан алты урук, Калдуубет менен Коромжу, Капырлардын түйшүгүн. Комдолуу төөнү колбутуп, Отун жүктөп топтотуп, Аш-тамак артып атына, Капырлардын дартында, Келген киши үч миңге, Коромжуга Калдуубет, Арыз-абал айткан кездерде, Алман-салык бергели, Келген элдер бул жерге, Коромжунун өлгөнүн, Көзү менен көрүшкөн, Калдуубет аттан жыгылып, Аскер каптап кеткенин, Ачык булар билишкен, Бүрүлдө аскер качканда, Айгайлап баары киришкен. Качкандын жолун тоскону, Алманга келген ашарчы, Акылдан азып качканга, Баарысы жолборс окшонду, Аралашкан кыргында, Далай өлүп жок болду. Караңгыда калдаңдап, Эки буту салбаңдап, Этектери далбаңдап, Калдуубет качып кутулду, Коромжу менен Калдуубет, Аскерлери тутулду. Калдуубет менен Коромжу, Карсылдашкан түндөрдө, Он миңден ашык өлүптүр, Коромжунун адамы, Жыйырма беш миң чамалуу, Улугунан айрылып, Жүрөктөрү жаралуу. Тегеректеп чогулуп, Көздүн жашы суу болуп, Келип турду арстанга. Калдуубеттин элинде, Абал айтып келерге, Караандуу киши калбады. Карапайым аскерди, Кара калпак, түркмөндүк, Өзүбек, тажик, калчалар, Кулданып кетти аларды. Коромжунун кошуунун, Коросондун элдерин, Түшүрүп алып аттарын, Өлбөй тирүү барларын, Өз элине айдады. — Өз элиңе бар, — деди, Эбин таап жан сактап, Катын, балаң бак, — деди, Мен барбадым ал жерге, Келдиңер силер бул жерге, Зордук менен келгенсиң, Коромжу өлдү баш болгон, Кеңчилдик кылдым силерге, Кекенсе келсин чоңдоруң, Өзү барып өлдү, деп, Ойлобосо зорлоруң, Келиш-кетиш мезгилиң, Эки жыл болсун болжолуң, Келбесе мейли тим болсун, Болорун иштин болжосун. Келгенде сайып алдым, деп, Кемсинтип басып барбаймын, Тынч жаткан элге бүлүктү, Тим кишиге салбаймын, Тийишип келсе кол салып, Каражаным калкалап, Башымды ката албаймын, Коросонду кетирди, Жашырбай айтып бар жайын. Калдуубеттен калганды, Калтырбай элге бөлүптүр, Кара калпак элине, Аттарын айдап чубатып, Калыңдын башы болор, деп, Олжосуна бериптир. Коромжу өлүп жоголуп, Калдуубет качып кор болуп, Кыйноодо жаткан бул элге, Калың олжо мал болуп. Өлтүрүп бирин житирген, Качырып бирөөн кетирген, Кабарын эрдин угушуп, Бирине бири угузуп, Кара калпак, түркмөндөн, Өзүбек, тажик элдерден, Арадан канча кошулуп, Он миң киши баш кошуп, Ошол жерге чогулуп, Карманаптын калдыгы, Аты мунун Төтөгө, Эл башкарган залы бу. Тынымкан катып ор казып, Кыз-келинди көп катып, Басымчылык ишинен, Келин-кызды кутказып, Карыларын уктатып, Абыке менен Байтерек, Арты-артынан жумшатып, Кабар кылган киши бу. Коросон чубап кеткенде, Сомбилек калган кездерде, Көкбөрү тартып, кулан чаап, Кылар иштин ыгын таап, Төтөгө мырза жеткени, Сары улагын таптырып, Залкардан калган туйак, деп, Садагасын кактырып, Кербээни кармап келтирип, Кербенден калган туйак, деп, Түктүү сан кылып кестирип, Ак сарбашыл кой тапты, Аз таппады мол тапты, Түлөө кыл деп баарысын, Ошол келген элге айтты. Айабады Төтөгө, Колундагы мал-пулду, Сомбилек көөнүн ачарга, Кылар кызмат мына бу. Салтанатын арттырды, Санатын жүзгө толтуруп, Залкар күлүк чаптырды, Байгеге алтын сайдырды, Баатырдын көөнүн жай кылды, Сомбилекке туйдурбай, Карындашым Тынымкан, Түшүүчү үйгө пар кылды. Төтөгөнүн сөздөрү, Анан мындай айтылды: — Кылган ишиң, Сомбилек, Кыргыздын жолу тууралык, Алтымыш уруу ак калпак, Атабыз бирге тууганбыз, Ажырыктын тамыры, Түрк уулунан тууганбыз, Кыргыздын уулу кыраандан, Ийилбес түптүү чынардан, Алтымыш уруу алашка, Ар качан үмүт булардан. Аманат жанга күч келсе, Ай-аалам эми чогулуп, Калбай баары бүт келсе, Чынардан калган чырпыктар, Чынында айтсам кыргыздар, Капкайдан курчап жоо келсе, Жөлөнүп туруп кутулган. Кара кыргыз көп журту, Ороздон таркайт он улуу, Ошондон бери карата, Мааналап келди эл муну. Моңгул, кытай, манжулар, Анжу, шибе, солондор, Салган экен көп чууну, Эл кыйналган кездерде, Кыргыздан Манас шер туулду, Он биринде аттанып, Күн батыштан майтарып, Чыгышты карай жоо кууду. Бут-колун сунуп жатпады, Ак калпак кыргыз элим, деп, Азапты кыйла тартканы. Ошол кезде бул элди, Катардан бизди чыгарып, Таштаган деп карылар, Эмгичекти айтпады. Эмчектеш эгизин, Телегейи тегизин, Биздин элге бериптир, Ошол чактан ушул чак, Биргелешип келиптир. Чоң энебиз Кардыгач, Карыганда көргөн туйагы, Он сегиз жаш болгончо, Мырза болуп толгончо, Сыр айптай жүрүп кишиге, Башкага эмес эрине, Сейтек элин тапканда, Тойду ошондо бериптир, Ак калпак кыргыз чоңдору, Калбай башы келиптир. Жесир башы Каныкей, Жеткилең Бакай карыйа, Алмамбеттин Гүлчоро, Асманда учкан Айчүрөк, Ата журту Таласка, Ээ болгон кези Сейитек, Хан тактысын куттуктап, Кошойдун аты Тайтору, Жалгызек ага бериптир. Батасы журтту байыткан, Олуйа Кошой аты, деп, Чыккан болсо сааты, деп, Бейажал өзү өлбөгөн, Көмгөнүн киши көрбөгөн, Элине аман келерби, Эр Семетей балам, деп, Ошондо чапкан Тайтору, Ак калпак кыргыз журтуна, Алты кылым болгончо, Айтылып калар бул Тору, Асыйы токсон жетиде, Ошол кезде ал Тору. Гүлүстөн келген ат айдап, Аттын баарын катуу айдап, Чапкан экен кең түзгө, Чапкан ат келген деп айтат, Күнү-түнү үч күндө. Иш башкарган Гүлүстөн, Токсон аттык байгени, Тогуз атка сайыптыр, Сейитектин тогуз ат, Тобу менен барыптыр, Башкаларга байге жок, Баарын кыргыз алыптыр, Төп келип салган төлгөсү, Ошол жылы жазга жуук, Табылып Семей калыптыр, Жалганы жок баары чын, Уккан кебим аныктыр, Арманы жок кыргызда, Айкөл Манас арстандан, Сендей тукум калыптыр. Сенден качкан Калдуубет, Эрин сайып кан ичип, Күн батыштын элине, Бүлүк салган кара нээт. Коромжу менен Бакдөөлөт, Колуңдан өлдү экөө тең, Арстандык сының бар экен, Кара көктөй кебетең. Бүгүн түшүп канча күн, Ушул элге конуп кет, Сүйсөң сулуу кыз алып, Көөнүң бизден толуп кет, Түбүнөн жок кыргызга, Биздин элде жаман нээт, Кыдыртып айтсам укмуштан, Узакка кетет кыйла кеп. Мындан мурун маңгыттар, Келген экен үч катар, Биздин элди тебелеп, Бүгүнкүдөн бешбетер, Аккан жашы себелеп. Биринчи ирет келгенин, Айкөл Манас шер келип, Экинчи катар келгенде, Кабылан Семей эр жеңип, Үчүнчүсүн Кененим, Бардык эл билет ашкере, Эдебин колго бергенин. Төртүнчүсү хан Калдык, Эр Бекбача катырды, Калдыктын таштай тилегин, Ордуна биздин элдерди, Кондурган олут-жай берип. Аркачандан бир качан, Айлабыз таппай кыйналсак, Биз барабыз кыргызга, Абал айтып сенделип. Коромжу келип бул жерге: “Тынымкан сулуу бар сенде, Сулууну тартуу” дегенде, Үмүт күтүп кыргыздан, Жиберген кишим Абыке. Абыке келбей кечигип, Аз келгенсип Коромжу, Калдуубет кошо келгенде, Дагы артынан чаптырдым, Байтерек деген бала эле. Абыке менен Байтерек, Келбеди бүгүн эмгече, Табалбай Кеңкол, Таласты, Кеткенби башка бир жерге. Үмүт кылган кептерим, Бей үмүт кылып биздерди, Таштап, баатыр, кетпегин. Төтөгө оозун жыйганча, Абыке менен Байтерек, Жарыша чаап жеткени. Абыке кары шок эле, Эл башкарган ал жерде, Төтөгө мырза зор эле. — Жибердиң мени кыргызга, Жер майышкан кол келди, Көк дөбөдөй дөө келди, Тынымкан сулуу бир кызга. Баралбадым Таласка, Бата окуп жанбадым, Арбагы бийик Манаска. Буруунун кара талаада, Учурадым баатырга, Кошулуп келе жатканбыз, Бөлүнүп калдым арада, Бөлүнүп калыш себеби, Байтеректей балада. Көрүшкөндө бул жигит, Көкжалдын уулу мен, деди, Ишенгим менин келбеди, Бакдөөлөттү көргөндө, Жүрөгүм оозго келгени, Бакдөөлөттүн эдебин, Бат эле колго бергени. Калган элин оогандын, Бүлдүргүчө олжо албай, Өз элине жиберди. Бакдөөлөт минген бапестеп, Бар тулпары алты экен, Бирөөн мага бергени, Беш тулпар баасы беш миң тай, Беш миң жылкы элиңе, Бекеринен келгени, Байтеректин кебинен, Абыке карың киргени. Абайлабай калганга, Ашкере мага шек берди. Уктап калган Сомбилек, Жолборс көрдүк жанынан, Кара кулак шер көрдүк, Баатырдын айак жагынан. Ашкере көрдүк бир бала, Оттоп жаткан атынын, Чылбырынан кармаган. Чалкасынан жатканда, Жүзүнөн нуру балкыган, Көргөн адам таң калат, Күндөй бети жаркыган, Майыша турган эр эмес, Он бештеги жаш балбан. Коркосуң деп урушта, Койгулашкан жумушта, Сар санаа болбой тургун деп, Тамашаг тунгун, деп, Абыке менен Байтерек, Аркар атып, кулжа атып, Эчки менен теке атып, Адырга бизди таштаган. Ат өргүтүп, бой сергип, Аттанып эми келатам, Коромжу өлүп жоголуп, Калдуубет качып муң болуп, Кандыбы, мырзам тамашаң? Атыш-чабыш мүшкүл иш, Манастан бери буларга, Ак калпак элге жарашкан. Баатырга тартуу кылдыңбы? Баарынын көөнү тындыбы? Жолдош кылып койдуңбу, Жаш жолборско сулууну? Жакыптын кызы Кардыгач, Келген экен бул жерге, Ошондон тартып кыргыздар, Кара калпак, түркмөнгө, Болуп келди демилге, Тынымкан сулуу карындаш, Биз берели бул элге. Сөөк жаңылаш болбойбу, Кыргыз менен биздерге. Кудалашып кыз алмак, Кыргыздын салты башынан, Кубалашып жылкы алмак, Душмандын иши мурунтан. Калдуубет менен Коромжу, Катар кармап куруткан, Кут болсун сага Сомбилек, Кутулдурдуң сен мындан. Жар болсун атаң арбагы, Баарыга кылгын жардамды, Жашырбайбыз далдалап, Биздерде арман калбады. Көзү менен көргөнүн, Өз башынан өткөнүн, Жашырбастан Абыке, Жайып айтып салганы. Жалгаштырып бир-бирин, Жараматтап айтпады, Болгон ишти бурмалап, Бирин дагы катпады. Болду койгун кебиң, деп, Бастырып баатыр кете албай, Төтөгө мырза, Абыке, Байтерек баштап көп элди, Өтүнүп таштап кете албай, Айрыкча сулуу кызды угуп, Өзү таштап кете албай, Сомбилек түштү айылга, Кара калпак дүрбөшүп, Жардап турат алдында, Кызмат кылып кылаңдап, Келиндер турат жанында. Келин-кыздын далайы, Үй шыкаалап тиктешип, Үйдөгүлөр туйбасын, Бирин –бирин шүк дешип, Бир энеден Төтөгө, Бир энеден Тынымкан, Төтөгө мырза элге баш, Тынымкан сулуу он төрттө, Келишкен бойу керме каш. Он беште десе Сомбилек, Отурган элдер ишенбейт: — Оройу он беш эмес го, Көрбөгөнбүз, укканбыз, Чоң эмес мындан Кебез тоо, Узун эмес сүлкүлдөк, Орто бойлуу тегерек, Бараалына келгенде, Басташып муну эр жеңбес, Ушул күнү турушун, Он сегиз десе эп келет. Отурган он миң жактырып, Опсуз сулуу Тынымкан, Бермекке кандай кеп кеңеш, Абыдан кеңеш канганда, Алды үйүнө барганда, Тогуз ондон чогулуп, Топ болушуп ар кайда: — Төтө мырза биздин чоң, Жалгыз келген адам, деп, Карындашы Тынымкан, Жалаң кошуп береби? Же болбосо Төтөгө, Арстандын уулу Сомбилек, Калың бергин дээрби? Санат токсон миң болду, Сомбилек олжо алганат, Шай күлүк сайга жык толду, Же калганга бербей олжо, деп, Болду мага дээрби? — Кудайды карар Төтөгө, Көп болбосо ырымдап, Жеген калың олжо, деп, Жоодон түшкөн олжону, Ата уулу кылып бөлөрбү? Көңүлүн бөлөр, — деп айтып, Эл күлүшүп күдүңдөп, Кеп кылып эли жатканда, Келе жатып Төтөгө, Учурап калды андайга, Топ-топ болуп жыйналган, Ар кайсы жерде көп жанга. Төтөгөнү көргөндө, Тура калды баарысы, Алдырады дүрбөшүп, Жашы менен карысы, Бет-бетине түз басып, Жайыла басып калышты. Баарын уккан Төтөгө, Сурабады бир кимден, Билмексен болуп бурулбай, Өтүп кетти ал жерден. Билсе дагы билбеди, Билгизбей үйгө киргени: — Эл башкарган билгичтен, Жасоол болуп жүргөндөн, Эки жүз чоң кел, — деди, Эртеңки күнү кечкече, Бүрсүгүнү түшкөчө, Ой-тоодогу элдерге, Баарына кабар бер, — деди. Жашы менен карысы, Үй башына бирден жан, Калбай келсин баарысы, Эри кары, бала жаш, Үйгө болгон өзү баш, Айалдар калып калбасын, Көп келсе мейли бир үйдөн, Келбей киши калбасын. Үйүм ыраак жерде, деп, Кабар укпай калдым, деп, Кулагым кийин чалбасын. Жасоолдор, барган жериңден, Мен укпадым деп келсе, Башыңды албай калбаймын! Жасоолдору аттанып, Кулакка буйрук сөз алып, Жасанып кийип шаттанып, Чапкыла жүрүп кыдырып, Барлык элге жар салып, Ырчысы ырдап угузуп, Болжогон күнү маалында, Келди элди чогултуп. Кара калпак, өзүбек, Тажик, түркмөн, калча деп, Каркап толгон кези экен, Кишиси менен түтүнү, Токсон миң үйлүү көп экен. Казан асып, кар салган, Отун алып, от жаккан, Тулганын боору карарган, Түтүнгө келди бирден жан. Күн төбөдөн кыйшайып, Эл чогулуп болгондо, Жыйылган топко айтат кеп, Төтөгө мырза ошондо: — Чогулттум элим сиздерди, Түйшүгү жок өткөнбүз, Түртүшкөн душман издерди. Элине салып көп түйшүк, Душмандан үчөө издеди, Тынымкан үчүн биздерди. Ырысыңа турган эл, Арстандын уулу табылды, Атайлап келген эрлердин, Өзөктөн каны жайылды. Сомбилек сайып үчтү алды, Бири тирүү, экөө өлдү, Укмуштан укпай көз көрдү, Айкөлдөн калган тукуму, Атанын салтын көргөздү. Токсон миң тулпар ат калды, Ээси жок баары бош калды, Түтүнгө бирден бөлөлү, Тең алалы олжону, Тең берели баланы. Тынымкан мага карындаш, Берели дедиң баатырга, Бул олтурган аралаш, Айал-эркек, кары-жаш. Кыргыздын кылып каадасын, Узаталы Тынымкан, Калбай баарың каралаш, Беш уруктун элибиз, Башынан келдик аралаш. Төтөгөдөн кеп угуп, Беш урук келген чогулуп, Болот мырзам, болот деп, Жабыла сүйлөп чуу туруп. Эл карысы Абыке, Кабарга барып баатырды, Алып келген бул жерге, Ар кандай жерде чогууда, Ал жароочу керекке. Жанындакы Байтерек, Байтеректи жетелеп, Кобо калды энтелеп: — Бул олтурган чогулуп, Берели деп чуулдап, Бул айтканың кайсы кеп? Болот мырзам, болот деп, Болжолдоп атын угузбай, Кур айтканың кайсы кеп? Чаптырып ийип душманга, Ичиң толуп бушманга, Малың кетип талаага, Ээ болбой катын-балаңа, Чачылмак элең ар кайда, Бирден атка ээ болдуң, Аралаш өттүң баарыңар, Эсеби түтүн санатка. Тойду берчү өзүбүз, Тойду жечү өзүбүз, Болбосо жалган сөзүбүз. Кыз берүүчү көпчүлүк, Кыз алуучу Сомбилек, Кыргыздан келген күйөөбүз. Эси жоктой иш кылып, Кийин калсак шылдыңга. Аны кимден көрөбүз? Көөнүн бөлсүн көпчүлүк, Көөнүңүз менен угуңуз, Төтөгө мырза төрөбүз, Тегин киши деги эмес, Кыз алуучу күйөөңүз. Кара калпак үй тиксин, Калк чогулуп бир түшсүн. Кара калпак кыз ээси, Көпчүлүктү таңдантып, Олжого бөлгөн мал ээси, Он беш күн ойун тамаша, Кыз-күйөө болсун жанаша, Эр сайышыш, жөө күрөш, Ойун болсун бир канча, Оодарышып, теңге эңсин, Билегинде күчү бар, Куру калдым дебесин, Көпчүлүк көрүп турасын, Бүгүн жок сага каргаша, Күлүктөн ылгап чабалы, Мейкин түздү чаңдата. Маңгыт, таңгыт, тыргоотко, Кылалы кабар аларга, Каратып койуп жардата. Көркү болсун душманга, Чогултуп тойго келтирип, Чоңдору менен бүтүшүп, Күн чыгыш карай сүрөлү, Арты-артынан чубата, Алдында тойго чакырып, Жакшы айтып кубанта. Арабыз жакын жер, — деди, Айтып кабар бер, — деди, Отуз киши котчу алып, Байтерек өзүң баш болуп, Тогуз күндө кел, — деди. Болжодук элди тогуз күн, Угуп турган калың эл, Унутуп калбай күн санап, Болжогон күнү кел, — деди. Кара калпак үй тигип, Камыңды кылгын бол, — деди. Калган биздин төрт урук, Конок кылчуу малыңды, Кызга ылайык барыңды. Жардам кыл деп айтпайбыз, Кара калпак уруусу, Бул Тынымкан кыз үчүн, Барыбызды катпайбыз, Арбагы үчүн Кардыгач, Башыбызды тартпайбыз, Төрт урук берсең сооганы, Албайбыз деп айтпайбыз, Куйрук жечү карыңды, Абышка-кемпир чалыңды, Уулуң менен кызыңды, Келин менен жеңенди, Калтырбагын үйүңө, Мен барамын дегенди. Душманга болсун күйүнчү, Тынымкандын тойлугу, Кыз бериш эмес сүйүнчү, Арзан эмес той ушу, Ачыгы кептин мана ушу. Оогандан келген Бакдөөлөт, Коросондон Коромжу, Ойлоп көрчү олорду. Үч уруунун Калдуубет, Уучуна кирсең кара нээт, Ойнотуп сени койобу? Акылы бар ойлосом, Күң болуп кетчү келин-кыз, Сомбилектин аркасы, Кең дүйнөгө болдуң туш, Шорлуу күн түштү башыңа, Алдынкы күнү арылгыс, Эми келди жыргалың, Түшүмдө көрүп табылгыс. Муң басычуу кемпир-чал, Кул болуучу боз улан, Курчалышып бул жерде, Кол кармашып ойношуп, Тойго койдук чакырып, Көрүп туруп көркүңдү, Бузуктун көөнү кир болсун, Аксакалы Абыке, Айтты кеби бар элге. Байтерек баштап отузу, Бастырып жолго түшүштү, Барып кабар берерге. Күндө басып ат чалбай, Түндө чырым уйку албай, Жан айабай басыптыр, Бетбактын белин ашыптыр. Маңгыт, таңгыт, тыргоотту, Жердеп турган жерине, Эки түнү, үч күндө, Жете барып жатыптыр, Булар азыр биле элек, Үч урук эли качыптыр. Эрте туруп Байтерек, (Анчалыгы болбосо, Байтерек аты не керек? Жаш курамы Байтерек, Он сегизден өйдө эмес) Турнабай алды колуна, Карады маңгыт тобуна. Үй-үлкүмөт, мал-пулдан, Анча мынча көрүнөт, Жумуру баш, айры төш, Адамдан бирөө көрүнбөйт, — Атыңар чалып болдубу, Жүргүн балдар, жүргүн, — дейт. Чакчелекей будуң-чаң, Аттанды балдар баары жаш, Жарышкан бойдон жөнөдү, Чаң-топурак аралаш. Ачып көздү жумганча, Айта-буйта кылганча, Айалдабай тез келди, Бактысы бар жаш балдар, Хан ордого кез келди, Талкаланып сынгандан, Тепсенди болуп нечени, Чачылып жаткан андайдан. Салынган сарай там калган, Сайылган чынар бак калган, Улугу чыгып олтурчу, Ортосунда так калган. Тигилүү бойдон үй калган, Тымтыракай чачылып, Жыйылбаган мүлк калган. Оозу ачык аптыра, Аппак күмүш-алтын бар, Ичи толгон жык бир зар, Ачык бойдон калган бар. Оозуна килит салалбай, Жайылган бойдон мал калган, Таштаган экен айдабай, Короонун оозу бекилүү, Эчки-улак, кой-козу, Сололуу бойдон мал калган, Бышылдап жаткан күнөстө, Жуушаган бойдон уй калган, Комдолуу бойдон нар калган, Кокжойуп оттоп төө калган, Төрт туйагы тегерек, Чабуулга минсе жараган, Жылкыдан неме калбаган. Жылкыны алып үч урук, Качыптыр конуш ордунан, Баш аламан чачылып, Бар дүйнөнүн жатканы. Жандуусунан жансызга, Катуусунан жумшакка, Чачылып жатат ар кайда. Байтерек карап олтуруп, Тил алдырып кеп айтат, Калгандарын чогултуп: — Бизден качып ушул эл, Кабакка кирип алганбы? Же болбосо жер соңгуп, Каңгайга кетип калганбы? Бөлөт бизди кыргыз, деп, Бөксө жолго салганбы? Оролдон өтүп нарылап, Же күн батышка барганбы? Көрбөй калар бекен, деп, Тоо аралап мааналап, Же төр-төргө чыгып алганбы? Оролго кетсе изин кууп, Убара болуп барбайлы, Күн чыгышка бет алып, Каңгайга кетсе алыстап, Абыдан изин карайлы, Аныктап туруп кеткенин, Элге айтып баралы. Сомбилек менен Төтөгө, Калгандарга айтпастан, Айталы барып экөөнө, Адыр, бөксө тоолорун, Адам көрбөс коолорун, Аркайган бийик зоолорун, Калтырбай карап көрөлү, Табылбаса эч бир жан, Андан кийин жөнөйлү. Бирден-бирден бөлүнүп, Тоо бөксөлөп эл издеп, Мааналап калган барбы, деп, Кокту-колот жер издеп, Өөнү менен тоосунда, Орто бөксө коосунда. Салаа-салаа сайында, Заңкайып турган зоосунда, Койбой баарын тең издеп, Болжогон түнү чогулуп, Хан ордого келишет. Жаштар күлүп барышты, Көргөндөрүн айтышты: — Тоо бөксөдө, коолордо, Казанына асылган, Бышкан бойдон аш калган, Туурап болгон жебеген, Чыктаган бойдон эт калган, Бычып койуп тикпеген, Чапан-көйнөк тон калган. Өтө ашыгыш ушул эл, Качкан экен бизден, деп, Айтып барды көргөндөр. Байтерек кебин баштады, Калгандары тыңшады: — Эл чакырып келгин, деп, Абыке айтты карыбыз, Кабыл алып макул, деп, Чогулуп келди баарыбыз. “Баштык ичпейт, баш ичет, Үйүң толгон аш болсо”, Темсил айтат карыңыз, Тилимди алсаң келгендер, Бүлдүргөчө бир неме, Олжо деп мындан албаңыз, Болот, болот, болот, деп, Бажылдап сүйлөп жөнөштү, Ат атына жабылат, Тогуз күндө бара албай, Он бир күндө барыптыр, Той бере албай үй тигип, Эл чакырдык келет, деп, Эки күн туруп калыптыр. Жете барып Байтерек, Сомбилек менен Төтөгө, Кабар айтты экөөнө, Айта бер деп көрүнөө, Жооп берди Төтөгө. Элге келип Байтерек, Барганын келгенин, Элге айтты бар кебин, Напси деген кызталак, Тирүү жанды азгырат, Алактатып дегдетип, Тыным бербей шаштырат, Шириндиги дүнүйө, Ошенетип жок кылат. Атаңды көрү шум дүйнө, Беш кубулат бир күндө, Маңгыттан калган мал-пулдан, Алтын, күмүш-зарынан, Торгун, тубар, буулумдан, Сүлөөсүн, суусар, булгундан, Ар бир сонун буруудан, Токтобой көзгө кубулган, Олжо алсак экен, деп, Опколжуп калды келген эл, Аркасынан көрүнбөй, Мурун барып алам, деп, Кетип жатат нечендер, Кур калдым деп олжодон, Убайым тартты кеселдер, Алды артына карабай, Чапкылашып жөнөдү, Башы-көзү эсендер. Кеткенин көрүп көп элдин, Ачуусу келди күркүрөп, Төтө мырза дегендин, — Абыке менен Байтерек, Бачымдата жөнөгүн, Түшкүнүнчө камчынын, Бир кишиге алдырбай, Жүктөтүп алып келгиниң. Калдуубетти качырып, Тапкан киши Сомбилек, Сомбилектен качпасы, Маңгыттар кара суу бербейт. Маңгыттан жыйып келгендин, Ылайыктуу керегин, Тынымкандын жүгү, деп, Мен жүктөтүп берейин. Пейлиң бузук беш урук, Бекер олжо мал десе, Баары кетти чубуруп, Келгендер алса канетмек, Ээ кылбай малын чогултуп. Букулдатып буурчунун, Боздотуп муңдуу тайлагын, Азынатып айгырын, Чыркыратып кулунун, Озондотуп уйларын, Топоңдотуп торпогун, Чуркуратып койлорун, Карартып таштап короосун, Куржунга салып пулдарын, Комо менен нарларын, Артылды колум айга, деп, Асылдан жыйнап алганын, Алдырып ийсе нетмекчи. Учук, жибин алдырбай, Сен экөөңөр жыйнатып, Алдырып келгин арттырып, Чабарман кылып биздерди, Кыйнап жатат, дебеңер, Ичимде айтар кеңешим, Калбасын менде жемеңер, Санааңды басып бара бер, Абыкедей тартынбай, Билген болсоң кеңеш бер. Аркандай жерде бөлүнбөй, Кеңешти бирге кылалы, Жакшы-жаман бар иште, Жан айашпай туралы, Ойунду ойноп күлөлү, Бөлүнүшпөй жүрөлү, Ажал жетип өлгөнчө, Дооранды бирге сүрөлү. Улуктук берем силерге, Урматымды билгиле, Мырза болсом Төтөгө, Сен авазир, Абыке, Байтерек, өзүң жаш, — деди, Сүйлөсөң тилиң так, — деди, Бий көтөрдүм сени мен, Билерман болуп жак, — деди, Өзүң бойдок баласың, Качанда болсо, Байтерек, Бир сулууну аласың, Сулуу кызың барбы? деп, Кыз издеп кайда чабасың? Тынымканга авазир, Кымбат деген бир кыз бар, Ошол кызды, Байтерек, Колукту кылып аласың. Авазир болду Абыке, Бий болуп калды Байтерек, Иши оңолсо адамзат, Барарына жер таппай, Бак келет өзү темселеп. Жаңы болгон эки улук, Камынышты жөнөргө, Алдырып келип дүнүйөнү, Айылга келип бөлөргө, Аттанып жолго салыптыр, Алар жетип барганча, Алдыда барган шылуундар, Чогултушуп калыптыр. Абыке турду муну айтып, Чогулган элге кеп айтып: — Чогоол болбо, — деп айтып, Мен авазир билип ал, Байтерек бийиң көрүп ал, Жакшы экен деп сонуркап, Жалгыз кыл олжо албастан, Алдырбайт окшойт бизге, деп, Үмүтсүз болуп калбастан, Нарларга жүктөп арта сал, Бузбай-чачпай барысын, Төтөгөгө алып бар. Чачылбасын талаада, Алтын, күмүш, өлүү мал. Ача туйак кара мал, Акырын айдап арытпай, Аркабыздан жолго сал, Айдап чыга бергенче, Байтерек, малдын санын ал, Эсиңден чыгып кетпесин, Эсебин малдын катка сал, Бекер эмес ушул мал, Эр Сомбилек ээси ал. Ал айкөлдүн тукуму, Айдап кетип калабы? Өлүүнү нарга жүктөтүп, Артып кетип калабы? Кең пейили кармаса, Олжого бердим алгын, деп, Бизге берип салабы? Унчукпай койсо Сомбилек, Мал меники болду, деп, Төтөгө жыйнап алабы? Кереге-уугун үйлөрдүн, Журтуна таштап салыңар, Тийбей ташта тактасын, Жибектен кылган бактасын, От кетпесин туташып, Абдан кара бакчасын, Сомбилек менен Төтөгө, Өздөрү билип башкарсын. Абыке айткан сөздөрү, Кулакка суук угулуп, Алактап барган элдердин, Алалбай олжо деми сууп, Алып келди мал-пулду, Андан-мындан чогултуп. Артып келди өлүүсүн, Айдап келди тирүүсүн, Жыйнап келди кең жерге, Сомбилек баатыр Төтөгө, Чогулуп келип эл көрсүн. Бүтүрүп келди Абыке, Байтерек менен биригип, Төтөгө мырза жумушун, Тили тактын бири экен, Абыкеңер курусун, Сомбилек менен Төтөгө, Буларга айтып турушун: — Той беребиз келгин, — деп, Маңгыттын элин чакырдык, Чабарман барган адамдар, Таппай келди кур кайтып, Баары көргөн билгенин, Жашырбай келди элге айтып, Сомбилек баатыр билбедиң, Билгизбедик сизге айтып. Калдуубетке караштуу, Калбай журту качыптыр, Өлүү менен тирүүсү, Ээ болгудай киши жок, Өрүшүндө жатыптыр. Алдырып келдиң төөгө артып, Алтын-күмүш аруусун, Айдатып келдик колбутуп, Айактуунун баарысын, Тагына баатыр, тийбедик, Ичине басып кирбедик, Төтөгө менен кеңешип, Кандай кылсаң андай кыл: Тегерек туйак малдан жок, Андан башка немесин, Биздин элден алган жок, Көрүп келдим өз көзүм, Айткан кепте жалган жок. Абайлап укту Сомбилек, Абыкенин бар кебин. — Төтөгө мырза кулак сал, Сага айтар кеңешим, Атагы түркмөн болгондо, Калдуубеттин ордуна, Чамбыл белге жибергин, Түрк барып жерди ээлесин, Түркмөн көчүп келди, деп, Бүткүл дүйнө эл билсин, Тагын таштап талаага, Качып кеткен үч урук, Ал жерге кайта келбесин. Бадакшанды башында, Башкарып келген үч урук, Калчанын көөнү жай болсун, Калчына барып кошулуп, Кара калпак, өзүбек, Тартар, тажик төрт урук, Он эки шаар жер калды, Ордо кылып казанды, Олтургула чогулуп. Сомбилек кеби бүткөнчө, Төтөгө турду чулуйуп, Тил-оозу жок немедей, Зообон сүрбөй кулуйуп: — Акылына көк жалдын, Көндүңөрбү, көпчүлүк? Келер ишти ойлогон, Көрдүңөрбү, көпчүлүк? Акыр заман кез болуп, Ээн калганча ай аалам, Ээ болгун, түркмөн ал жерге, Айтканын кылып, калча кет, Өзүңдүн элиң бар жерге, Он эки шаар калыптыр, Үч урук, бизде бул жерде, Үч бөлүп элге беремин, Өз ойуңча кийинче. Бириңе-бириң карандаш, Кадырлашып жүргүлө, Жакшы санаа ой үчүн, Жалпы баарың чогулдуң, Кыздын тойун бергиле. Чачылып кетет аңгыча, Күн кетет кайра жыйгынча, Айдап келген айактоо, Маңгыттан келген мал канча, Көөмөй жерге кирбесин, Көргөзбөй алган билбесин, Көп нарга жүктөп арттырган, Өлүк канча көргөзгүн. Тирүү менен өлүүсүн, Калтырбады бирисин, Ушул турган көп дүйнө, Турган эл сенин ырысың, Алты уруктун элине, Аз көбүнө жараша, Бөлүп берди Төтөгө. Сомбилек мында келбесе, Олжо албай турмайлык, Кетет элең олжого, Кыргыздын салтын кемитпей, Тынымканды узаткын, Жеткире берип болжолго. Өзү жалгыз эр экен, Ээ болду бүгүн Таласка, Эминеси кем экен? Атадан жалгыз Сомбилек, Энеден жалгыз Тынымкан, Кылчалык көөнүн оорутпай, Жай кылып көөнүн узатсаң, Кул-күң деп киши кошпогун, Элим, угуп тил алсаң. Бок дүйнөнү айабай, Ойлогон ойго жеткиргин, Көөнү ачылсын жетимдин, Кишиден бербей кызматкер, Эркек жалгыз, кыз жалгыз, Тартпасын анын кесирин. Аз болгондо үч жүз мал, Жүгүн жүктөп кетиргин, Беш жүз киши мал айдап, Таласына жеткиргин. Төтөгө кебин бүтүрдү, Уккандар ачык түшүндү, Эл башкарган Абыке, Акыл ойлоп күтүндү, Абыкенин бир кеби: Өкүмүң колдо Байтерек, Барлыкка кабар бер, – деди, Калбай бүткүл кел, — деди. Кара калпак камынды, Каадалап тойду бергели, Өзү берип, өзү жейт, Өзгөдөн киши келбеди, Он шаар эл экен, Дүрбөп баары келгени. Ошол кезде алты урук, Болуп калган кези экен, Алты жүз миң түтүнгө, Толуп калган кези экен, Алты жүз үйдү заңкайтып, Тигип салган кези экен. Айал-эркек аралаш, Элүүдөн жашы ашканда, Бир жактайлуу түшүрдү, Отуз беш менен элүүнүн, Ортосунда элдердин, Бир тарапка түшүрдү, Он сегиз менен отуз беш, Ортосунда бир жерде, Талабына ылайык, Табак тартты элдерге, Бээ семизин сойдурган, Карчыга менен учага, Карыларды тойдурган. Канчалап козу сойулуп, Кемпирлер албай куйрукту, Эрингенсип чойулуп, Орто жашта элдерге, Жамбаш баштап, эт тартып, Отуздан төмөн жаштарга, Сары куйка баш тартып, Барлык элге берерге, Кымыздан арак тарттырып, Көөкөрлөргө куйдуруп, Күбү менен тургузуп, Куурдак менен май берип, Сапты айак менен чай берип, Тиши бүтүн балдарга, Буудай майлап жай берип. Капакка салган бал берип, Каймакка бышкан нан берип, Экчеме жарма ачкылдан. Айабастан көп берип, Ээрчип келген балдардын, Баштыктары май болуп, Мүлжүрүнгө бай болуп, Тос улакты деген жок, Эркин ойноп жай болуп. Келин-кыз басып жанашып, Эки-экиден пар болуп, Толгон экен ал кезде, Жардысы жок бай болуп, Төрт түлүгү шай болуп. Буйрук болду аларга, Кермеге кийит саларга, Айланасы бир күндүк, Аркан тартты талаага, Ар асылды салдырды, Арнаган Тыным балага, “Алты күнү эл көрсүн, Алынбасын кийит” –деп, Жар салдырды жана да, Беш үй катар тигилген, Бир жагына караса, Эр оодарыш, жөө күрөш, Болуп жаткан тамаша. Балбандар найза салышып, Санаксыз байге алышып, Теке тырмыш, көл бука, Аркандарын тартышып, Теңге эңишип жаштары, Селкинчек тээп кыздары, Бөлүнүп алып боз улан, Көкбөрү тартып, кунан чаап, Көөнүнчө ойноп жатканы. Карылары бир башка, Сакалдары бакчайып, Семизинен басалбай, Курсагын сылап чардайып, Кең сабадай кемпирлер, Элечеги заңкайып, Жубандары суйкайып, Келиндер басса суйсалып, Кыздар басса кылаңдап, Кызыл шай көйнөк буластан, Кыздын түрү бир башка, Куйругундай кыргоолдун, Саамайы чыгып чубалат, Кыл кыйак, комуз, боортап, Миң сандап үнү кубалат; Ырчылар ырдап жүрүшөт, Боз торгойдой быжырап. Залкайган нечен азамат, Күмүштөн кемер курчанып, Катар турса салтанат, Караанын көрүп кыз-келин, Сугу түшүп тамшанат. Кылга байлап жамбы атып, Мергендин баары казканат, Дүпүлдөтүп мылтыгын, Зыркыратып жаа тартат, Аңгычакты болбоду, Чаабууга атты чубата.: Күлүктөн күлүк таңдады, Сынга толбой кээ күлүк, Кермесинде калганы, Чапкан атты санады, Ат айдоочу жасоолу, Тогуз жүз атты айдады. Байгеге арбын мал сайып, Баш байгесин угузуп, Санаты толук миң сайып, Оонабасы жүз болду, Укканга укмуш иш болду, Келер күнү чапкан ат, Чогулуп элдер турган чак, Тогуз жүз аттан озуптур, Сомбилектин аргымак. Арбагы Манас колдо, деп, Айгайлашып эл чуулап, Байгеге сайган миң малды, Санап туруп бир алды, Жээн болуп, тай болуп, Байламтасы бар болуп, Ак калпак кыргыз элинен, Жергелеш болгон ал элге, Кыргыздан кыйла бар болуп, Жаңы бийи Байтерек, Кыргыздын уулу ал болуп, Калбай кыргыз кел деди, Ошол жерге шай болуп, Тогуз жүз ашуун бар экен, Келип калды жам болуп, Соогатка кыргыз алгын деп, Айдатып берди колбутуп, Баш-айагы ошол той, Кырк беш күнү болгону, Толуп калган убагы, Кыз көчүрчү болжолу, Тутууларын бүктөтүп, Үйлөрүн нарга жүктөтүп. Катарлап төөсүн чиркетип, Энчиге берген жылкыны, Ай-айлап айдап дүрбүтүп, Көч болгон соң айак оор, Отуз алты күн болду, Таласка келди көч жетип, Кеңеш берип башында, Кетип калган кыргыздар, Келип калды Сомбилек, Ошол элге туйгузбай. Муну мындай таштайлы, Сомбилектин ойротту, Колоткондон баштайлы.