Сомбилек минген байагы, Кара кашка аргымак, Ооздук тиштеп баш чайкап, Жалындап көздөн от жайнап, Төрт буту ташка урунуп, Чакмак таштай жылтылдап, Айбандан башка шаңданып, Жорголой басып кылтылдап. Үч жылдан бери жол баспай, Калган экен зеригип, Байлоодо турган аргымак, Сүмбөдөй болуп семирип, Басарга жерди табалбай, Алоолонуп желигип, Каба-кабат бел менен, Капчыгай кара коо менен, Каркайган кара тоо менен, Калдырак таштуу зоо менен, Калың токой жер менен, Толкуну катуу сел менен, Токойу калың жер менен, Томуктай жерде кара жок, Аппак карлуу бел менен, Чалкак-чалкак төр менен, Чалкып жаткан көл менен, Жакшына тулаң жер менен, Жайнаган нечен гүл менен, Кашташтай суу сагынып, Чаңкап турган чөл менен, Түн түшүнө кирбеген, Түлкү жортпос нечен түр, Кулак угуп көз көргүс, Мына ошондой шор менен, Он тогуз күн жол тартып, Калдуубет түшүп ойуна, Ат чалдырып албастан, Каңгайды карай оң тартып, Учурап калды көп элге, Коктукат көздөй баратып, Келаткан экен Калдуубет, Көп аскерди чубатып. Азизхандын Алмамбет, Эсен ханга таарынып, Аз келгенсип анысы, Атасынан көөнү ооруп, Айдаркандын Көкчөгө, Калган жери болучу, Ошол жерде кабылып. Көөрүктүүнүн ойу дейт. Көк жаңгактын бойу дейт, Чыга калса белестен, Таш мойнок деген элестен, Жердин бети сойулуп, Орто жери ойулуп, Жер көрүнбөй дүбүрөп, Жаткан экен көп черүү, Талаага түшүп жайылып, Көргөндө билди Сомбилек, Калдуубеттин колу экен, Байрагынан таанылып. Эки сапар беттешкен, Күч ортосун чектешкен, Байрагын сайып тиктешкен. “Белгимди көрүп Сомбилек, Туйунуп калсын Калдуубет, Сомбилек келген экен деп”. Байрагын сайды белеске, Көрүндү көзгө делбиреп, Белеске сайып таштады, Баатырдын уулу чунагың, Айчыгы алтын желекте, Баатырдын көрүп байрагын, Мен-мендеген Калдуубет, Маңдайынан тер кетти. Чокчо, Солто дегенди, Кошуп берген чоң Ойрот: “Бул экөөндөй пендеде, Дегеле баатыр болбойт, — деп, Сомбилек эмес Бекбача, Өлбөй тирүү болсо да, Ушул экөө койбойт” – деп. Өрүүн болуп Калдуубет, Түшүп жаткан кез экен, Чокчо деген неменин, Кайраты өтө тез экен, Калдуубетке барыптыр, Минтип сурап калыптыр: — Кайкыда байрак желбирейт, Жанында аскер көрүнбөйт, Бул эмне шумдук? – дейт. Анда айтат Калдуубет: Уккун Чокчо мындай кеп. Жети ата кубар сан болуп, Ойлосо ичке дарт толуп, Кыргыз менен маңгыттар, Өмүрлүккө кас болуп, Кор болуп келе жатабыз, Бак-таалай андан пас болуп. Баралы деп кыргызга, Мен келатам баш болуп. Байрак турса аскер жок, Келген экен Сомбилек, Эрибес көөнү таш болуп. Байрагын сайып белгиге: “Мен жалгызмын сен көпсүң, Мыкты болсоң келгиле” Кыраңдагы кызыл туу, Кыргыздардын белги эле. Калдуубеттин айтканын, Угуп Чокчо алыптыр, Өзү менен курбалдаш, Солтого айтып салыптыр. Кабарын угуп чоң Солто, Каарданды ошондо: — Калдуубет, Чокчо жерге кир, Катар экөөң көргө кир! Айтып келет уйалбай, Кыргыздын атын укканда, Менин көөнүм болду кир. Карап туруп көргүлө, Качырышып көрөйүн, Кандай экен камбылдык, Кайратымды билгиле! Угуп алып оолугуп, Одураңдап түгөнгүр: Барабанды ургун, — деп, Бар аскер атка мингин, — деп, Баш болгон бизге Калдуубет, Менин баатырдыгым билсин! – деп, Эрдемсиген Сомбилек, Караанымды көргөндө, Ыштанына сийсин! – деп. Солтонун сөзүн бурчу эмес, Карап каңгай турчу эмес, Барабын уруп баң тартып, Керней менен сурнайын, Баш аламан чуулатып, Так элүү миң аскерин, Аттандырды чубатып. Сап-сап болуп түр менен, Аскерлер жүрдү чубашып, Таталаган моңгулдар, Айгайлашып дуулашып, Айнектей талаа түз жерге, Келди аскер чогулуп, Боз топурак чаң болуп, Жердин бети жойулуп, Урушар майдан жерине, Келди булар чубуруп. Күн шашке мезгилде, Калдуубет, Чокчо калыптыр, Чатырында бастырбай, Оолуккан бойдон тура албай, Өлүмдөн мойнун бура албай, Элүү миң аскер кол менен, Солто жете барыптыр, Алдында минген тулпарын, Айабай санга салыптыр. Мингени буудан секирип, Мелжелдүү баатыр чоң Солто, Качырып кирди мекийип, Ирмебей кирпик тиктеген, Ач бөрүдөй чекийип, Түрө тиктеп астырттан, Бет келгенде бул Солто, Мент кылып келген баштатан. Карагай найза өңөрдү, Каарданып жөнөдү, Тик качырган моңгулду, Сомбилек баатыр көргөнү. Калдуубет чыкпайт ойунан, Көрүнбөйт эрдин көзүнө, Андан башка бөлөгү. Кара кашка күлүктү, Кара жерди каңтарып, Камчыга бөлөп жүгүрттү. Сомбилек баатыр чоң Солто, Бетмаңдай келди ошондо. Байкаса баатыр Сомбилек, Башкача көзгө көрүнөт, Моңгулдан чыккан баатырдын, Бадырек Солто каапырдын, Маңдайынын бырышы, Кол арыктай жиги бар, Эки көздүн жээгинде, Муштумдайдан ириң бар, Жуубаган жүзүн кара бет, Эки беттин ортодо, Төрт элидей кири бар, Сакал менен мурутка, Дык тийгизип көрбөгөн, Саксаңдаган каапыр, ай, Жүдөп кандай өлбөгөн? — Эрдемсиген Сомбилек, Калдуубетке күн бербейт, Качырган баатыр сенби? – деп, Кеткен жокпу ойуңа, Солто тирүү бардыр, — деп? Козголбой жаткан пенде элем, Атыңды угуп Сомбилек, Ошол үчүн келдим, — деп. Ажалың айдап бул жерге, Ашыңа келген экенсиң, Жарыгын көрбөй күндүн, — деп, Уландуу көрбөй түндү, — деп, Шашыла келген экенсиң! Элүү миң аскер кылгылдап, Аркамда арбын колум бар, Жалгыз келген Сомбилек, Маңдайыңда шоруң бар! Өчөшүп келген адамдын, Боорун жарып өт алган, Мурунтан ушул колум бар! Кыйла сөз айтып жиберди, Кыргыздан чыккан Сомбилек, Муну кулагына илбеди, Мактанып жаткан Солтону, Кумурскача билбеди. Кара бойун безеди, Качырып бала кирди эми, Ак жолборстой чамынып, Капталынан тийди эми. Кара тоодой чоң Солто, Кабаттап темир тон менен, Канчаны сойуп жин болгон, Кадимки кандуу кол менен, Дал ошондой кылам, деп, Качырды ошол ой менен. Болотко болот кагылды, Жылдыздап оттор чагылды, Байкады бала Сомбилек: “Далайынан эр экен, Манабу Солто бадырек”. Оң-тескери койушуп, Баш аламан урушуп, Бака-шака үн чыгып, Далай соотту жулушуп, Биринин үнүн бири угуп, Куйкалары курушуп, Түр салышып кырданып, Ыңай карап турушуп, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Жарык дүйнө жалганды, Кылчайып карай албады. Күнү менен түнүндө, Дем албастан кагышып, Күчөп-күчөп салышып, Жеңише албай бул экөө, Күн айланды экиге, Күн төбөдөн кыйшайып, Болжолу болгон бешимде, Сомбилектей чунактын, Абасы түштү эсине, Абасы баатыр эр Гүлүс, Арбагына сыйыныш, Атагына жөлөнүп, Ак калпак кыргыз журтуна, Абайласаң кыйын иш. Абасын алып эсине, Күч тапкансып нээтенде, Бала жолборс качырды, Бешим болгон кезинде. Токойдон чыккан ак жолборс, Жолуккан пенде соо болбос, Кезенип кирген Сомбилек, Мен-менсиген Солтону, Баш көтөртүп коборбос. Капыр Солто камынып, Үстүнө сары жамынып. Бет алган жерде балага, Бекемдеп найза сайылып, Сайды Солто күркүрөп, Сол этип койбойт Сомбилек, Карап турат мелтиреп, Темир өзөк, таш жүрөк, Солтонун сайган найзасы, Кыйрап кетти кырк бөлөк. Кыйындын иши ал кандай, Мурунку өткөн заманда, Болгон иштер ар кандай. Куру кол Солто калыптыр, Өжөрлөнүп Сомбилек, Өчөшүп найза салыптыр. Кыйгай кармап найзаны, Кий сүбөгө бир сайды, Найзанын учу тийгенде, Ээрден көчүк кыйшайды, Үзөнгүдөн бут тайды. Оодарылып түшкөндө, Сомбилектин найзасы, Ортосунан сынганы. Найзасы сынды эр өлдү, Найзасы менен баатырдын, Опсуз Солто дагы өлдү. Кезектеше калганда, Айтып турган Калдуубет, Жанында Чокчо балбанга: — Калтырбас бекен Сомбилек, Тоодой болгон Солтону, Каран дүйнө жалганда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.