Калдуубеттен угуп кеп, Солтонун көрүп өлгөнүн, Чокчо чыкты күжүлдөп. Найзасы жок Сомбилек, Келе жаткан Чокчону, Бендеби деп пейлебей, Күжүлдөгөн караанды, Бучкагына теңебейт, Качырып Чокчо жеткени, Кандуу найза кез керди, Балта менен найзасын, Каңгыта кагып жиберди, Абдан Чокчо ардыкты, Келтирем дейт башына, Сомбилекке тардыкты. Алтымыш батман чойун баш, Арта салып ийинге, “Мыктысынган Сомбилек, Эми айла табалбас”. Тап берип жетти заарданып, Сары түгү саксайып, Жан алчудай каарданып. Кагып салган найзаны, Эңип алды Сомбилек, Чокморду шилтеп чапканда, Кар жиликтин булчуңга, Найза сайды белгилеп. Каруу кылар булчуң эт, Канча талаа бөлүндү, Жан тамырдан, билектен, Өпкөнүн каны төгүлдү, Чокмору түштү шылк этип, Имере кармап найзаны, Бакалоорго муштады, Наркы кулак алдынан, Найзанын учу жылт этип, Жыгылып калды атынан, Тоңкойуп Чокчо талп этип. Чокчосу калды жыгылып, Чөкчөйүп чанга тыгылып, Үмүт үздү жанынан, Элүү миң аскер жыйылып, Айласы жок Калдуубет, Качыра чыкты кыйылып, Караанын көрүп капырдын, Кара көк турат жымыйып. Беттеше келди ал экөө, Калдуубеттин кийгени, Беш кабат темир күрөөкө, Качырып урду найзаны, Кабылан бала жүрөккө. Өткүр найза курч үчүн, Үчөөнүн өтүп кеткени, Төртүнчү темир соотту, Бузууга күчү жетпеди. Үч кабат темир күрөөкө, Быт-чыт болуп кетсе да, Оодарылып бул чочко, Ат үстүнөн кетпеди. Өтпөй найза какады, Түпөгүнөн такалды, Ачууланып Сомбилек, Ого бетер каарданды. Тартып алып найзасын, Колтуктан өйдө көтөрө. Кош колдоп муштап жиберди, Курчу жанган алдында, Күрөөкөгө кирбеди. Ойлоп көрсө Калдуубет, Такандашса Сомбилек, Тар кылчудай көрүнөт, Ушул жалган дүйнөнү. “Өжөрлөнсөм өчөшүп, Өлсөм өзүм өлөмүн, Мен өлгөн соң көрсөтөт, Калгандары өнөрүн. Камчы имерип кол булгап, Каптатып ийип аскерге, Качкан бойдон жөнөйүн”. Кара жанга күч келсе, Антип көнгөн Калдуубет, Дагы имерип Сомбилек, Качырып келип бир сайса, Тирүү калар кептенбейт. Каарданып Сомбилек, Жана келип тийерде, Кара ниет Калдуубет, Камчыны булгап ийди эле, Жайнаган аскер элөө миң, Жалпы баары кирди эле, Качат экен чочко, деп, Кабылан бала билди эле. Келген элди элебей, Бендеби деп пейлебей, Элүү миңди Сомбилек, Бучкагына теңебей, (Ал Манастын урпагы, Эр жасаган кудурет, Мына мындай ченебейт!) “Кара аскерди каралап, Канын төгөт аралап, Кай муратка жетемин? Каршылашкан Калдуубет, Караанын көздөн чыгарбай, Артынан түшсөм бекемин”. Калк аралап калыңга, Кирип кетти Калдуубет, Аркасынан Сомбилек, Сайа кууп түшөрүн, Билип кетти Калдуубет, “Жалгыз качсам калдаңдап, Талаага чыксам далдаңдап, Караанымды көрөр, деп, Каалаган жерге жеткизбей, Канымды менин төгөр, деп, Кыйрынан бузбай ээн жерде, Кыр аркамды сөгөр, деп, Шексиз качып аркага, Күн батыш көздөй жөнөйүм — деп, Көөрүктү бойлоп оң тартып, Каңгайга кетсем белем” – деп, Арамдык ойлоп кара ниет, Аркага качып алыптыр, Алдыман чыгат менин, деп, Каардуу баатыр Сомбилек, Каңгай жакты кайтарып, Көзөмөлдөп калыптыр. Өчөшүп кирген жакыр, деп, Азыраак каар көрбөсө, Көөнү суубайт такыр, деп, Кылычты суурду кынынан, Бир канчасын жоготту, Сабын бузбай кыйырынан. Ачып көздү жумганча, Ана-мына кылгынча, Алты миңче өлүптүр, Өлгөнүн көзү көрүптүр, Сары башыл калмактын, Көзүнүн жашын төгүптүр. Аламан койуп чуркурап, Аттарын түшүп жетелеп, Арызын айтып боркурап, Айбатынан баатырдын, Жаны чыгып чыркырап, Азарланып зыркырап, Кара таандай калмактар. Жардап карап турганы, Кыргыздан чыккан кырааны, Калдуубет жок ал жерде, Чыкканы жок кумары. Кылычты салды кынына, Кеп кылбады калганга, Кылчайып баатыр чынында, Жакшы-жаман дебестен, Тирүү калган тобуна, Ана-мына дебеди, Бастырып жөнөй бергени. Көрктүү талаа кенен жер, Ал талаада эркинче, Өткөн экен нечендер. Бара жатса Сомбилек, Кабарга барган Таласка, Беттибеттин баласы, Келатыптыр сендиреп. — Баатыр кайда бардың? – деп, Артыңдан жетпей мен жүрүп, Араң жаным калдым — деп. Калдуубетке талаада, Учурадым мен ага, Саа барганым билбеди, Сырын айтты ал мага: “Жөнөдүм эле Калдуубет, Чоң Таласка барарга”. Баладан баатыр кеп угуп, Бадыректи Таласка, Барат экен деп угуп, Каңгайды таштап Сомбилек, Таласты карай бурулуп, Кайра айланып алыптыр, Таласка муну жеткирбей, Талаада тапсам экен, деп, Бачымдап жолго салыптыр. Ал кара нээт Калдуубет, Алтай менен айланып, Каңгайга кетип калыптыр. Берен туулган Сомбилек, Мелжемдүү жерден из карап, Урунуштуу тумшуктан, Көз жиберип из чалат. Изи да жок, тозу жок, Кандай кеткен чочко? деп, Ат айабай баратат, Чыканак жерге салбастан, Чырым уйку албастан, Отуз бир күн жол жүрүп, Ал Таласка жанашат. Сомбилек барып караса, Таласта элде тамаша, Көөнү куунак жай жатат, Көкбөрү тартып, кунан чаап, Жаштары талаа чаңдатат, Чалкалаган төрлөрдө, Кымызга кошуп бал чайкап, Чалкайган нечен бай жатат, Кары-жашы аралаш, Хан Манастын жомогун, Ырчыларга ырдатат. Уулдан-уулга улантып, Урпакка улап чубалтып, Өткөндөрдү жоктошуп, Ыр тизмегин топтошуп, Ырдап жаткан кези экен, Сомбилекке токтотуп. Ак калпак кыргыз наркы, деп, Сомбилек ойлойт мындай кеп: “Жер бетинде кыргыздан, Түгөнбөй тукум бар турса, Өчпөйт экен Манастын, Бул дүйнөдө даңкы” –деп, Коргонго барса Сомбилек, Калдуубеттен кабар жок, Калба салып кыргызга, Калгандан бенде барган жок. Тогуз-ондо Сомбилек, Отузча сайып эр алды, Бул балада арман жок, Калдуубет кетпей ойунан, Таласта жатып алган жок. Эки айча эрөөн алыптыр, Кабыландын күмбөзгө, Калбай кыргыз барыптыр, Тобо-томук кылышып, Кайта айылга жаныптыр, Эми барып олтурса, Сомбилектин эсине, Калдуубет түшө калыптыр, Токтоо кылбай Сомбилек, Аттанып жолго салыптыр, Аташканы Тынымкан, Кош бой болуп калыптыр. Сомбилек баатыр өзү жаш, Тынымкан сулуу кара каш, Эр белгиси мына бул, Эңишкенин эске алса, Эринип үйдө жаталбас. “Үч катар качты колуман, Ээн жерде беттешип, Бир чыкпады жолуман, Коркуп качып кетти, деп, Кандай жатып мен калам? Каңгай эмес кытайга, Кайда барса Калдуубет, Кылчайбастан түз барам!” Сырдаган найза өңөрүп, Сырын айтып кыргызга, Жөнөдү баатыр көгөрүп, Жалгыз башы камына, Ээрчитпей киши жанына, Ат айабай баратат, Калдуубетке барууга. Кылчайбай жүрүп алыптыр, Көөрүктүүнүн ач белес, Көкжалың чыга калыптыр, Эми эки күн жол жүрсө, Коктукаттын шаарына, Жетери мунун аныктыр. Бекбачанын зайыбы, Намыска жарар эркек тууп, Келе жатат Сомбилек, Өчөшкөн жоодон кегин кууп, Маңгыттан чыккан Калдуубет, Кек алмакка белин бууп, Сомбилек турсун туу белде, Биз келели беркиге, Ажал чиркин жетпесе, Койот экен жараткан, Ар адамдын эркине. Арамдык менен Калдуубет, Беттебеттин уулуна, Нукура жалган айтып кеп, Алтайдын тосун айланып, Каңгайга барды темселеп, Олтурган экен чоң Ойрот, Тактасында мелтиреп, Арамзада Калдуубет, Үстүнө кирди энтеңдеп, Башы-көзү топурак, Араң басып темтеңдеп. Камыштан бетер ыргалып, Түз туралбай сенделет, Ойроттун турат ойунда, Сүйүнчүгө келди, деп, Токтоно албай чоң Ойрот, Жүрөгү ысып делбиреп. Калдуубет келип кеп айтат: — Калдайым Ойрот деп айтат, Алдыңан кеткен Калдуубет, Кайтып келип дарт айтат, Жолугуп калды Сомбилек, Таласка кетип баратсак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.