Айабады Төтөгө, Колундагы мал-пулду, Сомбилек көөнүн ачарга, Кылар кызмат мына бу. Салтанатын арттырды, Санатын жүзгө толтуруп, Залкар күлүк чаптырды, Байгеге алтын сайдырды, Баатырдын көөнүн жай кылды, Сомбилекке туйдурбай, Карындашым Тынымкан, Түшүүчү үйгө пар кылды. Төтөгөнүн сөздөрү, Анан мындай айтылды: — Кылган ишиң, Сомбилек, Кыргыздын жолу тууралык, Алтымыш уруу ак калпак, Атабыз бирге тууганбыз, Ажырыктын тамыры, Түрк уулунан тууганбыз, Кыргыздын уулу кыраандан, Ийилбес түптүү чынардан, Алтымыш уруу алашка, Ар качан үмүт булардан. Аманат жанга күч келсе, Ай-аалам эми чогулуп, Калбай баары бүт келсе, Чынардан калган чырпыктар, Чынында айтсам кыргыздар, Капкайдан курчап жоо келсе, Жөлөнүп туруп кутулган. Кара кыргыз көп журту, Ороздон таркайт он улуу, Ошондон бери карата, Мааналап келди эл муну. Моңгул, кытай, манжулар, Анжу, шибе, солондор, Салган экен көп чууну, Эл кыйналган кездерде, Кыргыздан Манас шер туулду, Он биринде аттанып, Күн батыштан майтарып, Чыгышты карай жоо кууду. Бут-колун сунуп жатпады, Ак калпак кыргыз элим, деп, Азапты кыйла тартканы. Ошол кезде бул элди, Катардан бизди чыгарып, Таштаган деп карылар, Эмгичекти айтпады. Эмчектеш эгизин, Телегейи тегизин, Биздин элге бериптир, Ошол чактан ушул чак, Биргелешип келиптир. Чоң энебиз Кардыгач, Карыганда көргөн туйагы, Он сегиз жаш болгончо, Мырза болуп толгончо, Сыр айптай жүрүп кишиге, Башкага эмес эрине, Сейтек элин тапканда, Тойду ошондо бериптир, Ак калпак кыргыз чоңдору, Калбай башы келиптир. Жесир башы Каныкей, Жеткилең Бакай карыйа, Алмамбеттин Гүлчоро, Асманда учкан Айчүрөк, Ата журту Таласка, Ээ болгон кези Сейитек, Хан тактысын куттуктап, Кошойдун аты Тайтору, Жалгызек ага бериптир. Батасы журтту байыткан, Олуйа Кошой аты, деп, Чыккан болсо сааты, деп, Бейажал өзү өлбөгөн, Көмгөнүн киши көрбөгөн, Элине аман келерби, Эр Семетей балам, деп, Ошондо чапкан Тайтору, Ак калпак кыргыз журтуна, Алты кылым болгончо, Айтылып калар бул Тору, Асыйы токсон жетиде, Ошол кезде ал Тору. Гүлүстөн келген ат айдап, Аттын баарын катуу айдап, Чапкан экен кең түзгө, Чапкан ат келген деп айтат, Күнү-түнү үч күндө. Иш башкарган Гүлүстөн, Токсон аттык байгени, Тогуз атка сайыптыр, Сейитектин тогуз ат, Тобу менен барыптыр, Башкаларга байге жок, Баарын кыргыз алыптыр, Төп келип салган төлгөсү, Ошол жылы жазга жуук, Табылып Семей калыптыр, Жалганы жок баары чын, Уккан кебим аныктыр, Арманы жок кыргызда, Айкөл Манас арстандан, Сендей тукум калыптыр. Сенден качкан Калдуубет, Эрин сайып кан ичип, Күн батыштын элине, Бүлүк салган кара нээт. Коромжу менен Бакдөөлөт, Колуңдан өлдү экөө тең, Арстандык сының бар экен, Кара көктөй кебетең. Бүгүн түшүп канча күн, Ушул элге конуп кет, Сүйсөң сулуу кыз алып, Көөнүң бизден толуп кет, Түбүнөн жок кыргызга, Биздин элде жаман нээт, Кыдыртып айтсам укмуштан, Узакка кетет кыйла кеп. Мындан мурун маңгыттар, Келген экен үч катар, Биздин элди тебелеп, Бүгүнкүдөн бешбетер, Аккан жашы себелеп. Биринчи ирет келгенин, Айкөл Манас шер келип, Экинчи катар келгенде, Кабылан Семей эр жеңип, Үчүнчүсүн Кененим, Бардык эл билет ашкере, Эдебин колго бергенин. Төртүнчүсү хан Калдык, Эр Бекбача катырды, Калдыктын таштай тилегин, Ордуна биздин элдерди, Кондурган олут-жай берип. Аркачандан бир качан, Айлабыз таппай кыйналсак, Биз барабыз кыргызга, Абал айтып сенделип. Коромжу келип бул жерге: “Тынымкан сулуу бар сенде, Сулууну тартуу” дегенде, Үмүт күтүп кыргыздан, Жиберген кишим Абыке. Абыке келбей кечигип, Аз келгенсип Коромжу, Калдуубет кошо келгенде, Дагы артынан чаптырдым, Байтерек деген бала эле. Абыке менен Байтерек, Келбеди бүгүн эмгече, Табалбай Кеңкол, Таласты, Кеткенби башка бир жерге. Үмүт кылган кептерим, Бей үмүт кылып биздерди, Таштап, баатыр, кетпегин. Төтөгө оозун жыйганча, Абыке менен Байтерек, Жарыша чаап жеткени. Абыке кары шок эле, Эл башкарган ал жерде, Төтөгө мырза зор эле. — Жибердиң мени кыргызга, Жер майышкан кол келди, Көк дөбөдөй дөө келди, Тынымкан сулуу бир кызга. Баралбадым Таласка, Бата окуп жанбадым, Арбагы бийик Манаска. Буруунун кара талаада, Учурадым баатырга, Кошулуп келе жатканбыз, Бөлүнүп калдым арада, Бөлүнүп калыш себеби, Байтеректей балада. Көрүшкөндө бул жигит, Көкжалдын уулу мен, деди, Ишенгим менин келбеди, Бакдөөлөттү көргөндө, Жүрөгүм оозго келгени, Бакдөөлөттүн эдебин, Бат эле колго бергени. Калган элин оогандын, Бүлдүргүчө олжо албай, Өз элине жиберди. Бакдөөлөт минген бапестеп, Бар тулпары алты экен, Бирөөн мага бергени, Беш тулпар баасы беш миң тай, Беш миң жылкы элиңе, Бекеринен келгени, Байтеректин кебинен, Абыке карың киргени. Абайлабай калганга, Ашкере мага шек берди. Уктап калган Сомбилек, Жолборс көрдүк жанынан, Кара кулак шер көрдүк, Баатырдын айак жагынан. Ашкере көрдүк бир бала, Оттоп жаткан атынын, Чылбырынан кармаган. Чалкасынан жатканда, Жүзүнөн нуру балкыган, Көргөн адам таң калат, Күндөй бети жаркыган, Майыша турган эр эмес, Он бештеги жаш балбан. Коркосуң деп урушта, Койгулашкан жумушта, Сар санаа болбой тургун деп, Тамашаг тунгун, деп, Абыке менен Байтерек, Аркар атып, кулжа атып, Эчки менен теке атып, Адырга бизди таштаган. Ат өргүтүп, бой сергип, Аттанып эми келатам, Коромжу өлүп жоголуп, Калдуубет качып муң болуп, Кандыбы, мырзам тамашаң? Атыш-чабыш мүшкүл иш, Манастан бери буларга, Ак калпак элге жарашкан. Баатырга тартуу кылдыңбы? Баарынын көөнү тындыбы? Жолдош кылып койдуңбу, Жаш жолборско сулууну? Жакыптын кызы Кардыгач, Келген экен бул жерге, Ошондон тартып кыргыздар, Кара калпак, түркмөнгө, Болуп келди демилге, Тынымкан сулуу карындаш, Биз берели бул элге. Сөөк жаңылаш болбойбу, Кыргыз менен биздерге. Кудалашып кыз алмак, Кыргыздын салты башынан, Кубалашып жылкы алмак, Душмандын иши мурунтан. Калдуубет менен Коромжу, Катар кармап куруткан, Кут болсун сага Сомбилек, Кутулдурдуң сен мындан. Жар болсун атаң арбагы, Баарыга кылгын жардамды, Жашырбайбыз далдалап, Биздерде арман калбады. Көзү менен көргөнүн, Өз башынан өткөнүн, Жашырбастан Абыке, Жайып айтып салганы. Жалгаштырып бир-бирин, Жараматтап айтпады, Болгон ишти бурмалап, Бирин дагы катпады. Болду койгун кебиң, деп, Бастырып баатыр кете албай, Төтөгө мырза, Абыке, Байтерек баштап көп элди, Өтүнүп таштап кете албай, Айрыкча сулуу кызды угуп, Өзү таштап кете албай, Сомбилек түштү айылга, Кара калпак дүрбөшүп, Жардап турат алдында, Кызмат кылып кылаңдап, Келиндер турат жанында. Келин-кыздын далайы, Үй шыкаалап тиктешип, Үйдөгүлөр туйбасын, Бирин –бирин шүк дешип, Бир энеден Төтөгө, Бир энеден Тынымкан, Төтөгө мырза элге баш, Тынымкан сулуу он төрттө, Келишкен бойу керме каш. Он беште десе Сомбилек, Отурган элдер ишенбейт: — Оройу он беш эмес го, Көрбөгөнбүз, укканбыз, Чоң эмес мындан Кебез тоо, Узун эмес сүлкүлдөк, Орто бойлуу тегерек, Бараалына келгенде, Басташып муну эр жеңбес, Ушул күнү турушун, Он сегиз десе эп келет. Отурган он миң жактырып, Опсуз сулуу Тынымкан, Бермекке кандай кеп кеңеш, Абыдан кеңеш канганда, Алды үйүнө барганда, Тогуз ондон чогулуп, Топ болушуп ар кайда:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.