← Сомбилек 4/6

— Төтө мырза биздин чоң, Жалгыз келген адам, деп, Карындашы Тынымкан, Жалаң кошуп береби? Же болбосо Төтөгө, Арстандын уулу Сомбилек, Калың бергин дээрби? Санат токсон миң болду, Сомбилек олжо алганат, Шай күлүк сайга жык толду, Же калганга бербей олжо, деп, Болду мага дээрби? — Кудайды карар Төтөгө, Көп болбосо ырымдап, Жеген калың олжо, деп, Жоодон түшкөн олжону, Ата уулу кылып бөлөрбү? Көңүлүн бөлөр, — деп айтып, Эл күлүшүп күдүңдөп, Кеп кылып эли жатканда, Келе жатып Төтөгө, Учурап калды андайга, Топ-топ болуп жыйналган, Ар кайсы жерде көп жанга. Төтөгөнү көргөндө, Тура калды баарысы, Алдырады дүрбөшүп, Жашы менен карысы, Бет-бетине түз басып, Жайыла басып калышты. Баарын уккан Төтөгө, Сурабады бир кимден, Билмексен болуп бурулбай, Өтүп кетти ал жерден. Билсе дагы билбеди, Билгизбей үйгө киргени: — Эл башкарган билгичтен, Жасоол болуп жүргөндөн, Эки жүз чоң кел, — деди, Эртеңки күнү кечкече, Бүрсүгүнү түшкөчө, Ой-тоодогу элдерге, Баарына кабар бер, — деди. Жашы менен карысы, Үй башына бирден жан, Калбай келсин баарысы, Эри кары, бала жаш, Үйгө болгон өзү баш, Айалдар калып калбасын, Көп келсе мейли бир үйдөн, Келбей киши калбасын. Үйүм ыраак жерде, деп, Кабар укпай калдым, деп, Кулагым кийин чалбасын. Жасоолдор, барган жериңден, Мен укпадым деп келсе, Башыңды албай калбаймын! Жасоолдору аттанып, Кулакка буйрук сөз алып, Жасанып кийип шаттанып, Чапкыла жүрүп кыдырып, Барлык элге жар салып, Ырчысы ырдап угузуп, Болжогон күнү маалында, Келди элди чогултуп. Кара калпак, өзүбек, Тажик, түркмөн, калча деп, Каркап толгон кези экен, Кишиси менен түтүнү, Токсон миң үйлүү көп экен. Казан асып, кар салган, Отун алып, от жаккан, Тулганын боору карарган, Түтүнгө келди бирден жан. Күн төбөдөн кыйшайып, Эл чогулуп болгондо, Жыйылган топко айтат кеп, Төтөгө мырза ошондо: — Чогулттум элим сиздерди, Түйшүгү жок өткөнбүз, Түртүшкөн душман издерди. Элине салып көп түйшүк, Душмандан үчөө издеди, Тынымкан үчүн биздерди. Ырысыңа турган эл, Арстандын уулу табылды, Атайлап келген эрлердин, Өзөктөн каны жайылды. Сомбилек сайып үчтү алды, Бири тирүү, экөө өлдү, Укмуштан укпай көз көрдү, Айкөлдөн калган тукуму, Атанын салтын көргөздү. Токсон миң тулпар ат калды, Ээси жок баары бош калды, Түтүнгө бирден бөлөлү, Тең алалы олжону, Тең берели баланы. Тынымкан мага карындаш, Берели дедиң баатырга, Бул олтурган аралаш, Айал-эркек, кары-жаш. Кыргыздын кылып каадасын, Узаталы Тынымкан, Калбай баарың каралаш, Беш уруктун элибиз, Башынан келдик аралаш. Төтөгөдөн кеп угуп, Беш урук келген чогулуп, Болот мырзам, болот деп, Жабыла сүйлөп чуу туруп. Эл карысы Абыке, Кабарга барып баатырды, Алып келген бул жерге, Ар кандай жерде чогууда, Ал жароочу керекке. Жанындакы Байтерек, Байтеректи жетелеп, Кобо калды энтелеп: — Бул олтурган чогулуп, Берели деп чуулдап, Бул айтканың кайсы кеп? Болот мырзам, болот деп, Болжолдоп атын угузбай, Кур айтканың кайсы кеп? Чаптырып ийип душманга, Ичиң толуп бушманга, Малың кетип талаага, Ээ болбой катын-балаңа, Чачылмак элең ар кайда, Бирден атка ээ болдуң, Аралаш өттүң баарыңар, Эсеби түтүн санатка. Тойду берчү өзүбүз, Тойду жечү өзүбүз, Болбосо жалган сөзүбүз. Кыз берүүчү көпчүлүк, Кыз алуучу Сомбилек, Кыргыздан келген күйөөбүз. Эси жоктой иш кылып, Кийин калсак шылдыңга. Аны кимден көрөбүз? Көөнүн бөлсүн көпчүлүк, Көөнүңүз менен угуңуз, Төтөгө мырза төрөбүз, Тегин киши деги эмес, Кыз алуучу күйөөңүз. Кара калпак үй тиксин, Калк чогулуп бир түшсүн. Кара калпак кыз ээси, Көпчүлүктү таңдантып, Олжого бөлгөн мал ээси, Он беш күн ойун тамаша, Кыз-күйөө болсун жанаша, Эр сайышыш, жөө күрөш, Ойун болсун бир канча, Оодарышып, теңге эңсин, Билегинде күчү бар, Куру калдым дебесин, Көпчүлүк көрүп турасын, Бүгүн жок сага каргаша, Күлүктөн ылгап чабалы, Мейкин түздү чаңдата. Маңгыт, таңгыт, тыргоотко, Кылалы кабар аларга, Каратып койуп жардата. Көркү болсун душманга, Чогултуп тойго келтирип, Чоңдору менен бүтүшүп, Күн чыгыш карай сүрөлү, Арты-артынан чубата, Алдында тойго чакырып, Жакшы айтып кубанта. Арабыз жакын жер, — деди, Айтып кабар бер, — деди, Отуз киши котчу алып, Байтерек өзүң баш болуп, Тогуз күндө кел, — деди. Болжодук элди тогуз күн, Угуп турган калың эл, Унутуп калбай күн санап, Болжогон күнү кел, — деди. Кара калпак үй тигип, Камыңды кылгын бол, — деди. Калган биздин төрт урук, Конок кылчуу малыңды, Кызга ылайык барыңды. Жардам кыл деп айтпайбыз, Кара калпак уруусу, Бул Тынымкан кыз үчүн, Барыбызды катпайбыз, Арбагы үчүн Кардыгач, Башыбызды тартпайбыз, Төрт урук берсең сооганы, Албайбыз деп айтпайбыз, Куйрук жечү карыңды, Абышка-кемпир чалыңды, Уулуң менен кызыңды, Келин менен жеңенди, Калтырбагын үйүңө, Мен барамын дегенди. Душманга болсун күйүнчү, Тынымкандын тойлугу, Кыз бериш эмес сүйүнчү, Арзан эмес той ушу, Ачыгы кептин мана ушу. Оогандан келген Бакдөөлөт, Коросондон Коромжу, Ойлоп көрчү олорду. Үч уруунун Калдуубет, Уучуна кирсең кара нээт, Ойнотуп сени койобу? Акылы бар ойлосом, Күң болуп кетчү келин-кыз, Сомбилектин аркасы, Кең дүйнөгө болдуң туш, Шорлуу күн түштү башыңа, Алдынкы күнү арылгыс, Эми келди жыргалың, Түшүмдө көрүп табылгыс. Муң басычуу кемпир-чал, Кул болуучу боз улан, Курчалышып бул жерде, Кол кармашып ойношуп, Тойго койдук чакырып, Көрүп туруп көркүңдү, Бузуктун көөнү кир болсун, Аксакалы Абыке, Айтты кеби бар элге. Байтерек баштап отузу, Бастырып жолго түшүштү, Барып кабар берерге. Күндө басып ат чалбай, Түндө чырым уйку албай, Жан айабай басыптыр, Бетбактын белин ашыптыр. Маңгыт, таңгыт, тыргоотту, Жердеп турган жерине, Эки түнү, үч күндө, Жете барып жатыптыр, Булар азыр биле элек, Үч урук эли качыптыр. Эрте туруп Байтерек, (Анчалыгы болбосо, Байтерек аты не керек? Жаш курамы Байтерек, Он сегизден өйдө эмес) Турнабай алды колуна, Карады маңгыт тобуна. Үй-үлкүмөт, мал-пулдан, Анча мынча көрүнөт, Жумуру баш, айры төш, Адамдан бирөө көрүнбөйт, — Атыңар чалып болдубу, Жүргүн балдар, жүргүн, — дейт. Чакчелекей будуң-чаң, Аттанды балдар баары жаш, Жарышкан бойдон жөнөдү, Чаң-топурак аралаш. Ачып көздү жумганча, Айта-буйта кылганча, Айалдабай тез келди, Бактысы бар жаш балдар, Хан ордого кез келди, Талкаланып сынгандан, Тепсенди болуп нечени, Чачылып жаткан андайдан. Салынган сарай там калган, Сайылган чынар бак калган, Улугу чыгып олтурчу, Ортосунда так калган. Тигилүү бойдон үй калган, Тымтыракай чачылып, Жыйылбаган мүлк калган. Оозу ачык аптыра, Аппак күмүш-алтын бар, Ичи толгон жык бир зар, Ачык бойдон калган бар. Оозуна килит салалбай, Жайылган бойдон мал калган, Таштаган экен айдабай, Короонун оозу бекилүү, Эчки-улак, кой-козу, Сололуу бойдон мал калган, Бышылдап жаткан күнөстө, Жуушаган бойдон уй калган, Комдолуу бойдон нар калган, Кокжойуп оттоп төө калган, Төрт туйагы тегерек, Чабуулга минсе жараган, Жылкыдан неме калбаган. Жылкыны алып үч урук, Качыптыр конуш ордунан, Баш аламан чачылып, Бар дүйнөнүн жатканы. Жандуусунан жансызга, Катуусунан жумшакка, Чачылып жатат ар кайда. Байтерек карап олтуруп, Тил алдырып кеп айтат, Калгандарын чогултуп: