← Сомбилек 2/6

Өткөндөрдөн салт калган, Хандан ханга нарк калган, Хандардын башы кошулса, Бири сайып жоо алса, Олжосун экөө тең алган. Бакдөөлөт сайып мен алдым, Качып жүрүп калдаңдап, Ал олжодон кур калдың. Анда качып сен кеттиң, Тынымканды алам, деп, Эми мында не келдиң? Келген жерде казабың, Элге салган азабың, Бутуңду тартып, кол жыйбай, Козголбостон жатасың. Кесириң күч өзгөчө, Кез болуп калдың бул жерде, Эми кайда качасың? Жумулган көзүң ачамын, Түбүңдөн ылдый басамын, Өчөштүм сага көгөрүп, Өзөктөн каның чачасым! Көзүңдү чукуп ойомун, Бооруңдан жиреп сойомун, Сен колдуу болгон жумушту, Таштын бетин ойдуруп, Кат жасатып койомун. Атам Манас айкөлгө, Айтканымды кылбасам, Кантип тукум боломун?! Айла кылып сен качсаң, Тээ ак булутка жанашсаң, Таманыңдан тартамын, Жерге кирип жоголсоң, Көкүлүңдөн тартамын. Антип элден чыгарам, Күн батыштын зардабын! Элиңди айдап көчүрөм, Өлбөй тирүү калганын, Ушул жерде алты урук, Тыңшап тургун сен угуп. Маңгыт, таңгыт, тыргоотту, Каңгайды карай айдаймын, Калтырбай мындай чууртуп. Сен маңгыттан калган Калбуудет, Билесиңби ушуну? Ээ болдуң келип буйакка, Тынч элге салдың көп жапаа, Мойушуп калар жерим жок, Мен Сомбилек сен жакка. Жалынсаң да, жалбарсаң, Такыр кечсең эл-жандан, Тартууга берсең жер-малдан, Каныңдан кечер жерим жок, Билип койгун сен мындан! Жашырбай айтат Сомбилек, Өтүрүк эмес бул кеби, Бүгүнкүң сага канимет, Беттешер болсоң кел бери, Кеги бар деп кыргыздын, Ат бастырып келдиби?! Айтарга сөзү калбады, Арамзада Калдуубет, Ачынып найза кармады, Коромжу өлүп кеткенде, Калдуубет менен Сомбилек, Беттешип калган кездерде, Жер алдында келин-кыз. Калбай чыгып жардады. Кобурлуу кыргыз кыздары, Коромжу менен Бакдөөлөт, Коржоңдогон Калдуубет, Козгоп дартын ырдады: — Оогандан келген Бакдөөлөт, Оодара сайды каракөк, Коромжу келди бул жерге, Тынымканды алам, деп, Ойлогон эмес нээтинде, Өлүп куру калам деп. Атыңдан түшүп Калдуубет, Арыстандын бутун кучакта, Кызыл канга бойолбой, Таза өлөсүң ал чакта. Эркек-айал, кары-жаш, Күн батыштын тарабы, Эсебин сенден албаса, Канабы анын мудаасы? Алты урук биздин элибиз, Айылга басып келдиң сен, Жер алдына каттырып, Кыз-келиндин эдебин, Өз колуна бердиң сен. Такоолуң өлдү Коромжу, Калбай баары жоголду, Бул Манастын тукуму, Кагышып пенде оңобу? Оо, Калдуубет каранээт, Кыз-келинди бир кара, Көргөнгө көзүң тойобу? Кемпирдин көзү күүгүмдөн, Басалбай чалдар бүжүрөп, Жаш балдар калды үлдүрөп, Катындар калды сөлдүрөп, Кайгырдыңбы, Калдуубет, Не үчүн мында келдим, деп? Жаны тирүү алты урук, Арстанга кубат бергин, деп, Ушул болот биздин нээт. Кылчайып артын карабайт, Кыргыздан чыккан кырааны, Намыс үчүн күйүнөт, Кара кашка тынары, Калдуубет жандан түңүлөт, Кыздардан угуп кабарды, Кара жандан кечти эми, Кармап найза безеди, Каары катуу, заары күч, Качырган бойдон жетти эми, Өчөгүшкөн капырга, Эр Сомбилек бет келди. Андан мурун Калдуубет, Айталаада алты күн, Армансыз болуп салышкан, Күчүн күчкө улашып, Күркүрөшүп жабышкан, Айласыз кирген Калдуубет, Чыдай албай намыстан. Жетик баатыр Сомбилек, Жеткизбеди нээтине, Тоңкойто сайып түшүрдү, Топурактын үстүнө. Калкынын болгон санаты, Баатыры аттан жыгылса, Баары каптап кетүүчү, Башынан берки адаты. Калдайдын уулу хан Коңур, Ошондон калган амалы, Калдуубетти өлтүртпөй, Куткарып калды карагы. Калдуубет колдон кутулуп, Кирген нардай Сомбилек, Оңдоп тонун кумтунуп, Эки жагын каранып, Ачып көзүн алайып, Каскактын учун кан кылып, Чамбыл ала чаң кылып, Аралап кирди аскерди, Адамдын башын шаң кылып. Калың жерге барганда, Албарс менен кайсалап, Беттешип чыккан беренин, Балта менен талкалап, Бура тартып качканын, Тоңкойто сайып баратат. Көз байлаган бүрүлдө, Көрүнбөс киши күүгүмдө, Күдүрөңдөп маңгыттар, Отуз миң аскер эл качты. «Качан жоону кууганда, Катын алат» деген бар, Кара калпак, түркмөндөн, Айгайлаган чуу чыкты. Салыкка келген самсаалап, Жалгыздан бээсин жетелеп, Жакшы-жаман кеп кылбай, Малымды алар бекендеп, Кочкору менен соолугун, Чаририк менен боругун, Шаа мүйүздөн эркечин, Эки тиште серкесин, Койу жогу токтусун, Кошо ээрчитип козусун, Нык семирген инегин, Сүттүүсү менен сүрөгүн, Кысыр эмген тай торпок, Мындай малдан калган жок, Тай, кунан, бышты, бууржунду, Толтуруп нанга куржунду, Карача каймал, ингенди, Алып келген байкуш эл, Колуна кайсы тийгенди. Тандалган жорго, күлүгүн, Айабай тарткан алты урук, Калдуубет менен Коромжу, Капырлардын түйшүгүн. Комдолуу төөнү колбутуп, Отун жүктөп топтотуп, Аш-тамак артып атына, Капырлардын дартында, Келген киши үч миңге, Коромжуга Калдуубет, Арыз-абал айткан кездерде, Алман-салык бергели, Келген элдер бул жерге, Коромжунун өлгөнүн, Көзү менен көрүшкөн, Калдуубет аттан жыгылып, Аскер каптап кеткенин, Ачык булар билишкен, Бүрүлдө аскер качканда, Айгайлап баары киришкен. Качкандын жолун тоскону, Алманга келген ашарчы, Акылдан азып качканга, Баарысы жолборс окшонду, Аралашкан кыргында, Далай өлүп жок болду. Караңгыда калдаңдап, Эки буту салбаңдап, Этектери далбаңдап, Калдуубет качып кутулду, Коромжу менен Калдуубет, Аскерлери тутулду. Калдуубет менен Коромжу, Карсылдашкан түндөрдө, Он миңден ашык өлүптүр, Коромжунун адамы, Жыйырма беш миң чамалуу, Улугунан айрылып, Жүрөктөрү жаралуу. Тегеректеп чогулуп, Көздүн жашы суу болуп, Келип турду арстанга. Калдуубеттин элинде, Абал айтып келерге, Караандуу киши калбады. Карапайым аскерди, Кара калпак, түркмөндүк, Өзүбек, тажик, калчалар, Кулданып кетти аларды. Коромжунун кошуунун, Коросондун элдерин, Түшүрүп алып аттарын, Өлбөй тирүү барларын, Өз элине айдады. — Өз элиңе бар, — деди, Эбин таап жан сактап, Катын, балаң бак, — деди, Мен барбадым ал жерге, Келдиңер силер бул жерге, Зордук менен келгенсиң, Коромжу өлдү баш болгон, Кеңчилдик кылдым силерге, Кекенсе келсин чоңдоруң, Өзү барып өлдү, деп, Ойлобосо зорлоруң, Келиш-кетиш мезгилиң, Эки жыл болсун болжолуң, Келбесе мейли тим болсун, Болорун иштин болжосун. Келгенде сайып алдым, деп, Кемсинтип басып барбаймын, Тынч жаткан элге бүлүктү, Тим кишиге салбаймын, Тийишип келсе кол салып, Каражаным калкалап, Башымды ката албаймын, Коросонду кетирди, Жашырбай айтып бар жайын. Калдуубеттен калганды, Калтырбай элге бөлүптүр, Кара калпак элине, Аттарын айдап чубатып, Калыңдын башы болор, деп, Олжосуна бериптир. Коромжу өлүп жоголуп, Калдуубет качып кор болуп, Кыйноодо жаткан бул элге, Калың олжо мал болуп. Өлтүрүп бирин житирген, Качырып бирөөн кетирген, Кабарын эрдин угушуп, Бирине бири угузуп, Кара калпак, түркмөндөн, Өзүбек, тажик элдерден, Арадан канча кошулуп, Он миң киши баш кошуп, Ошол жерге чогулуп, Карманаптын калдыгы, Аты мунун Төтөгө, Эл башкарган залы бу. Тынымкан катып ор казып, Кыз-келинди көп катып, Басымчылык ишинен, Келин-кызды кутказып, Карыларын уктатып, Абыке менен Байтерек, Арты-артынан жумшатып, Кабар кылган киши бу. Коросон чубап кеткенде, Сомбилек калган кездерде, Көкбөрү тартып, кулан чаап, Кылар иштин ыгын таап, Төтөгө мырза жеткени, Сары улагын таптырып, Залкардан калган туйак, деп, Садагасын кактырып, Кербээни кармап келтирип, Кербенден калган туйак, деп, Түктүү сан кылып кестирип, Ак сарбашыл кой тапты, Аз таппады мол тапты, Түлөө кыл деп баарысын, Ошол келген элге айтты.