← Сомбилек 1/6

Сомбилек менен Тынымкандын тойу

Талаанын аркы четинен, Тамагын жеп тойушуп, Талкалашып урушар, Болжолдуу чагы болушуп, Калдуубет менен Коромжу, Калдайып келе жатышкан, Кара лөктөй чамынып, Дардайып келе жатышкан. Сомбилекти көргөндө, Санаасын санга бөлгөндө, Тартынган жок Калдуубет, Башынан өткөн бар ишти, Коромжуга айтыштан: — Көргөнүмдү мен айтам, Көөнүңдү койуп сен уксаң. Мен Калдуубет болголу, Сен Коромжу болголу, Сен экөөбүз беттештик, Далай күн болду болжолу. Талаштык Тыным сулууну, Көңүлгө алдык ушуну, Келип калган турбайбы, Манастын калдык тукуму, Мен Калдуубет болгондо, Аскер жыйнап, кол бактым, Баш көтөрбөй батышты, Таманыма мен бастым. Таласты талкан кылам, деп, Төрт атамды эске алып, Акылымдан адаштым, Отуз миң аскер эр менен, Таласты карай бараттым, Оролмо деген бир жерде, Тээ келе жаткан балага, Ээн талаада капташтым, Далай күн жүрдүм чабышып, Сурап атын билбедим, Ким экенин таанышып. Арып-чарчап болгондо, Ата тегин сурадым, Айлам кеткен болжолдо. Аргам менин түгөндү, Ата теги ким экен, Андан кылдым күмөндү. Сурасам атын катпады, Токтоо кылбай айтканы: “Түп атам Манас шер, — деди, Түгөткөн кылым эрлерди, Бучкагына теңебей, Жок кылган нечен эрлерди”. Дал өзүнө келгенче, Кыдыртып айтып бергени: “Өзүмдүн атам Бекбача, Ошондон болгом, — деди. Өзүмдүн атым Сомбилек, Унутуп калбай жүр” – деди. Манастын атын укканда, Маңдайым менин тердеди, Ошондо билдим Коромжу, Башыма балаа келгени. Күнү-түнү саны алты, Талыкпастан салыштым, Жетпеди көзүм балага, Эңкейтип муну алышым, Кетип калды байкасам, Колумдан менин намысым, Шайым кетип, муун бошоп, Сайдырып найза балага, Жарадар болуп калышым. Мен жарадар кам кезде, Кыр аркамдан куйулган, Кызыл каным бар кезде, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Келип калды ал кезде. Кара калпак бул элде, Тынымкан алмак Бакдөөлөт, Андан кийин Таласты, Талап алмак Бакдөөлөт, Менден бетер Таласка, Ал да бармак Бакдөөлөт. Бакдөөлөт кебин укканы, Сомбилек уруш баштады, Алты күнү сайышып, Канына найза чыктады. Карап туруп өлгөнүн, Как көзүм менен көргөмүн, Каптаган караан урушту, Караңгыда калдаңдап, Мен качкан бойдон жөнөдүм. Элиме келип жай алдым, Эсимден чыгып жок болду, Сомбилекке барарым, Кокустан келип калар деп, Күндө жолду карадым. Мурун кабар укпадым, Тынымкан сулуу кыз, деди, Ошондон кийин уккамын. Аскер жыйдым жаңыдан, Отуз миң саны баары улан. Төрт уруу биздин элибиз, Сулуу кыз алып кетмекке, Ушул үчүн келдик биз. Коросондон сен келип, Сен жатыпсың Коромжу, Келе жатат Сомбилек, Жан албай бизден койорбу? Талашпайлы биз кызды, Жанаша туруп баш кошуп, Баштайлы буга урушту, Улуш сапар сак кетсе, Кулагы угуп көз көргөн, Оңой эмес жумушпу. Экөөбүзгө тең уйат, Уккандар наалат кеп кылат. Башынан өткөн бар ишти, Калдуубет айтып угузду. Бар кепти угуп Коромжу, Ачууланып оолукту: — Ат арытып, тон тозуп, Аларым сулуу кыз болуп, Мен келгемин бул жерге. Жонуңда жараң бүтө элек, Кыз талашып сен менден, Не келесин бу элге?! Жарадар болдум мен, дедиң, Бакдөөлөт өлдү бил, дедиң, Биригели экөөбүз, Биргелешип бер, дедиң, Жарадар болсоң сен мейлиң, Бакдөөлөт өлсө не кээрим? Аларым менин Тынымкан, Жат кишиге бербеймин! Кара бойдо каруум бар, Карап турган Калдуубет, Сомбилектик алым бар, Андан кийин Калдуубет, Сага кылам зордугум, Кылар ишим дагы бар, Көрсөтөмүн чоңдугум! Талаайым менин бар болуп, Бастырып үйдөн чыкканда, Көзала кудай жол берип, Барлык ишим оң келип, Беттешип көрсөм дечү элем, Темтеңдеп өзүң сен келип. Дабытай менен Мырзакмат, Өлгөн экен кыргыздан, Койгулашып теңдешип, Айдап келип бергенин, Көзала кудай алдыма, Кыргыздын уулун сенделтип. Кектүүнүн баары жыйылып, Келиптирсиң кыйырга, Карап тур корксоң Калдуубет, Беттешейин кыйынга! Келе жаткан Сомбилек, Он бештерде жаш бала, Теңдеш киши кептентип, Теңебеймин бучкакка, Сомбилекти сойгон соң, Ачылсын кебим сен жакка. Коркутуптур Сомбилек, Жагайын анын берейин, Өлгөнүн көргөн Калдуубет, Сага тийсин керегим, Андан кийин Калдуубет, Тирүү калам дебегин! Мен укканмын кулактап, Күн батыштын тарабын, Калдуубет сүрдүү дегенин. Алты ата кубар сан, Үзөнгүдөн бут тайбай, Келе жаткан кыргыздын, Андан кала бергенде, Тынч жаткан элге чуу салган, Калдуубет менен Сомбилек, Койбоймун түбү мен аман! Деп күүлөнүп Коромжу, Абал айткан Калдуубет, Коркута сүйлөп ошону, Көрсөтөм дейт өнөрүн, Кан аралаш жошону. Калдуубет калды талаада, Бөлүнүп акыл санаада, Коромжу чыкты кезенип, Келе жаткан баатырга. Коросондук Коромжу, Коркпос баатыр эр болчу, Коросон, иран, иракта, Индистан,ооган, испанда, Коромжуга теңдеш жок, Кол салышкан бул жакта. Эр көкүрөк Сомбилек, Эрдемсиген Коромжу, Теминип кирди балага, Туш болгонун билбеди, Кутулбас кара жалаага, Капташып калды Коромжу, Жан алуучу балага. Он бештеги Сомбилек, Жаш жүрөктүү жел билек, Оозуна алып Манасты, Артынан чаңын бургутуп, Алдынан тосо баратты, Көрүнүп көргө элестеп, Колдоочусу Сомбилек, Коромжуну жадатты, Карматмак болду Сомбилек, Бакдөөлөттөй баатырды, Сайып алчу адатты. Оро-пара туш келди, Ойротто жок Коромжу, Кара жанга күч келди. Бекемдеп найза карманып, Коромжу катуу каарданып, Бөйөн менен чайандай, Уусун чачып заар салып, Узартып найза салыптыр, Коромжунун найзасын, Сайдырбастан кагыптыр. Күүлөп найза сайышып, Сайдырбастан кагышып, Тоо жаңырган чака – чак, Балакеттер сайышып. Найзалар сынып быркырап, Сыныктары зыркырап, Кулак мээни тундуруп, Асманда учат чыркырап. Балталашып чабышып, Бар кайратын салышып, Өкүргөндөн бакырып, Өз аттарын чакырып, Сайышып жүргөн жеринде, Топуракты сапырып, Кылычташып урушуп, Кыйындык менен турушуп, Оодарышып жулушуп, Кийимдерди булушуп, Күнү-түнү уланып, Күндө күчөп дууланып, Жебесин жаага керишип, Жаздыра огун беришип, Тамандашып тебишип, Билектешип тартышып, Биринен-бири кем эмес, Коромжу менен Сомбилек, Алты ай жүрсө урушуп, Нойуп калар деги эмес. Кара жанга күч келди, Коросондук Коромжу, Койбоймун тирүү, деп келди, Күүлүү найза колунда, Сомбилекке тап берди. Карап турат Сомбилек, Кандай сырын эл билет. Коромжунун найзасын, Балта менен какканда, Балта тийген бул найза, Кырк барча болуп жатканда, Алы келбей Коромжу, Аттын оозун тартканга, Найзасы жок куру кол, Капташа түштү баатырга. Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып Сомбилек, Коромжу кайран эр, Төбөгө тартып жиберет, Кара кашка тулпары, Оздук тиштеп нидерет. Балтанын үнү чак этип, Жайылып аттан жыгылды, Коромжу доңуз жалп этип. Күчтүү чапкан Сомбилек, Балтанын сырты жарылып, Туулганын дайны жок, Таруудай кеткен чачылып, Кара жерге капшырып, Катуу чапкан жапшырып, Азирейил периште, Жанын ага тапшырып. Карап турган Калдуубет, Калтырак кирди шашылып. Найзасын кармап колуна, Качырмак болду ойунда, Тура калып Сомбилек: — Оо, тура турчу, Калдуубет, Атка минип, тон кийип, Атагым бар эрмин, деп, Сен өңдөнүп ким жүрөт? Жеңилип калсаң качасың, Эс алганча жатасың, Унуткарып күн өтсө, Аттанып кайра басасың, Мурасыңа алдыңбы, Атаң Калдык адатын? Ар-намыстан неме жок, Минтип жүрүп, Калдуубет, Кантип элге батасың? Хан болдум деп жүрүпсүң, Билбейсиң хандын каадасын, Ойуңа алып койбойсуң, Мурункунун санатын.