← Сомбилек

Сомбилектин Шүкүрлүү тоосуна барышы

Бири кары, бири жаш, Жанаша булар бастырат, Сомбилек чалды шаштырат: — Бачымдап, аба, басалы, Кечээ мен Таластан чыгаарда, Калдуубетти кубалап, Маңгытка сапар кылаарда, Алтын булак чынардан, Кабар болгон арстандан. Олуйа Бакай, шер күлүк, Сөзү чыккан дастандан, Алдымдан чыгып Бакдөөлөт, Канчалап айтсам туура кеп, Эрегишип эңишип, Кетип калды ааламдан. Өзүң көргөн жол менен, Өзөндүү булак тал менен, Элчиликке келбесе, Теңчилик сөзгө кирбесе, Бакдөөлөттөн бешбетер, Жекеле жалгыз мен десе, Жалаң атчан, жалгыз баш, Кайдан келдиң сен десе, Коромжуну койбойбуз, Коркутканга болбойбуз, Келтиребиз эбине, Келтиребиз болбосо, Келбей турган жерине. Үйөр аккан сел болсун, Үй токтоткус жел болсун, Азуусун айга жаныган, Ааламды бузаар эр болсун, Арбагы атам колдосо, Кара жерге тең болсун. Жер жайнаган кол келсин, Ат көтөргүс чоң келсин, Канча баатыр болсо да, Эсебин колго беремин. Желе-жорто бастырып, Топуракты чачтырып, Абыкени шаштырып, Кечинде жаткан жеринде, Тулпарларды астырып, Шүкүрлүү карай жөнөдү, Дегдеп барат жүрөгү, Тынымканды көргөлү. Бакдөөлөттүн казына, Төрт тулпарга зар артып, Жолдо кетип баратат. Артынан чаңын чубалтып, Алдынан чыкты бир киши, Кара кер атын буулантып, Абыкени көргөндө, Салам айтып, жай айтып: — Айланайын Абыке, Сен кечигип калганда, Мен келатам – деп айтып, Аз келгенсип Коромжу, Тынымканды алам, деп, Калдуубет басты корооңду. Эркектен чыкса чыккынчы, Эл айтат экен куу этек, Аны бирөө болбосо, Бирөө айтып түзөтөт. “Ургаачыдан кубакай, Элди бузат” деди эле, Эл ичинде бул макал, Айтылып келген кеп эле. Тынымканды биздерге, Журт бузарга бергенби? Алты уруктан тынчы жок, Кыйнагалы бергениби? Кимиси алып ким калат, Коромжу менен Калдуубет, Короодо жатат тең камап. Коромжу келип жатканда, Корктук эле баарыбыз, Короодо жаткан малыбыз, Калдуубет мында келгели, Ээ кылбады мал-пулга, Абыдан кетти шайыбыз, Кайнабай калды чайыбыз, Күн-түнү жок тынбастан, Кызмат кылдык барыбыз, Коромжу менен Калдуубет, Эми бир жыл камаса, Чыгымга жетпейт малыбыз, Эркектин баары кул болуп, Катын калбай күң болуп, Карынын башы муң болуп, Балдардын көзү жаш болуп, Алты урук эли кыйналдык, Кандай болот жайыбыз, Кимге жетет алыбыз? Маңгыттан чыккан Калдуубет, Карабайт экен кара нээт. Күнү-түнү жок салык деп, Алып келгин кана деп, Салык салып мал алды, Зар какшатып зар алды, Өңү сыйда кыз-келин, Үйдө бирөө калбады. Кыздын баары кыйырда, Келиндин баары керүүдө. Маңгыттар көрүп калат деп, Коросон колун сунат деп, Жатыша албайт үйүнө. Анда-санда кээ-кээде, Көз жаздырып турушуп, Келип кетет бирерде. Сен кеткели, Абыке, Адам көргүс шумдуктар, Болуп жатат биздерде, Таласка аба бардыңбы? Баатырдан тукум бар бекен, Андан кабар алдыңбы? Же Таласты издеп таба албай, Талаадан кайра жандыңбы? Сени утурлап, Абыке, Келе жаткан мен эмес, Жолду карап чакыйып, Жалжылдады нечен көз, Таласка жакын жер эмес, Жолуктуң жолдон мага кез. Чоочун бала жаныңда, Өңү темир, өрттөй көз, Соот, чопкут, кыйагы, Боло элек экен баланын, Жоого тийер убагы, Кабарчы болуп Таласка, Барат бекен будагы? Абыке күлүп шалк этип, Ителгидей барк этип, Ачык үнү шаңк этип, Ак сакалы жарк этип: — Оо, балам, учурадым мен буга, Оролмо тоодо мен жетип, Таласка качан жетем деп, Минген атым тердетип. Алдымдан чыккан бул бала, Жолуктум жолдо мен буга, Жолобой өтүп кетмекмин, Өзү салам айтпаса. Жоо бөрүсүн чунакка, Баралбадым Таласка, Күмбөзүнө сыйынып, Келе албадым Манаска. Жолугуп бала алдыман, Жол жайымды сурады, Аңгеме дүкөн курады, Айылымды абдан сурады, Андан кала бергенде, Кайсы жакка барарым, Дайнымды кошуп сурады. Аксакалдар айткандан, Үйдөн чыгып баскандан, Коромжудан корккондон, Жаныбыз чыгып шашкандан, Тынымканды жер үйгө Караңгыга каткандан, Калтырбай баарын кеп салдым. Сүйүнчү сага чунагым, Алты тулпар, олжо алдым, Жолсуз кепти салбайын, Калганын өзү кеп салсын. Анталап бала жолугуп, Абыке айткан кепти угуп, Ойуна алды Сомбилек: “Куру кеп салып талаада, Кожурап мында турамбы? Жалгыз атчан балага, Божурап мында турамбы?” — Жүр Абыке бастыргын, Калдуубет атын укканда. Токтоно албай шашылдым. Качып кеткен Калдуубет, Сулуу кызды алам, — деп, Кайтып келсе кыйын кеп, Өрттөнүп сөөгүм ич күйүп, Жалындап барат эт жүрөк! Калдуубет атын уккандан, Катыны эркек туугандай, Сүйүнүп турат Сомбилек, Калдуубетке жетсем, деп, Күйүгүп турат Сомбилек. Жүр Абыке, бастыр деп, Жүрүп кетти Сомбилек. Абыкеге жаш бала: — Мактадың тиги баланы, Кылчайып бала жөнөдү, Калдуубетке барганы. Ачык айтып барбасын, Абыке менен Байтерек, Алдымдан тосо барды, деп, Угуп алып кабарды, Калдуубет менен Коромжу, Бир балаага калбайлы, Чакырып келдиң муну, деп, Же болбосо Коромжу, Коржоңдоп бизге коборбу? Капкайдан киши чакырып, Калбаны таптың мага, деп, Кактабай канды сорорбу? Калдуубет менен Коромжу, Катыгүн тирүү койорбу! Бөлүнүп калып аркарда, Барбай койсом болобу? Ар кандай ишке арзданып, Макулдун жоктур жобобу. Барбайлы аба тил алсаң, Ээрчитип барып Сомбилек, Эпкинге кетип калбайлы? Өзүң кары, мен бир жаш, Балаага башты салбайлы, Түн ичинде баралы, Түк кишиге туйгузбай, Качуунун камын кылалы. Сен экөөбүз биригип, Кечикпестен кийлигип, Абышка-кемпир, жаш бала, Учуратпай балаага, Алып кетип калалы, Башыбыздан арылтып, Жугузбайлы жаланы. Таласка барсак канитет, Кыргыз эркин, көөнү ток, Кар болбойбуз күн кечет. Жеңдирип салса Сомбилек, Таласка барса дүбүрөп, Так ошондо шай кетет. Каңгайга барсак батпасак, Баш калкалаар маана жок, Ойлосом ичим кызыл чок. Ооганга барсак өлөбүз, Күндү кайдан көрөбүз, Бакдөөлөттүн куну деп, Кыргыз, ооган кийин кас, Ого бетер өчөшүп, Кылым жердин бетинде, Кыргызга маана калган жок. Бир күнү ойноп жыргалда, Бир күнү ойлоп кууралда, Опасыз жалган дүйнө шок! Шүкүрлүүнүн тоосуна, Адам барбас коосуна, Аралап барып жан сактап, Биз туралы ушунда. Эптеп айла таппасак, Сел каптаган мындайда, Коромжу менен Калдуубет, Катар жеңсе Сомбилек, Билмексен болуп айылга, Келип калсак болорбу? Жакшы күнү бир болуп, Жаман күнү жоголуп, Ушубу деп алыңар, Сомбилек бизди сойорбу? Жеңдирип койсо Сомбилек, Жетисууга кирип кетелик, Кара калпак, өзүбек, Тажик, түркмөн такыр, деп, Кош эмесе калдыңбы, Түбүндө болгун аман, деп, Андан башка Абыке, Маа көрүнбөй оңой кеп. Кебин угуп Абыке: — Учурап калып Байтерек, Айттың мага далай кеп, Акылдуу киши кептенип, Акыл эмес Байтерек, Түбүндө мунун кырсык кеп. Угуп турган кишиге, Ширеси таттуу кептенет, Кыжырынып келген Сомбилек, Кызыгын көрбөй баатырдын, Кетели дешиң кандай кеп? Кете берсек биз качып, Атактуу айкөл Манастын, Арбагы уруп кетпейби? Кусуру урса алты урук, Түбүбүзгө жетпейби? Алты уруктун эли элек, Шүкүрлүү сындуу жерди ээлеп, Коромжу менен Калдуубет, Баса келди тебелеп. Арты-артынан ээрчишип, Ат арыта чаптык биз, Манастан урпак бар болсо, Жеңип берер бекен деп. Карыган сенин ата-энең, Менин эки жаш балам, Айалың менен сен эки, Алганым менен мен эки, Санаты сегиз жан болдук, Неге мынча зар болдук? Коросон барып кул болуп, Кордуктан башың муң болуп, Жедигер барып уул болуп, Антип жүрсөк болорбу? Ала качып келдиң деп, Ата-эне баланы, Кудай албай койорбу? Койгун бала жүрөлү, Алдында кеткен туйгундун, Ар өнөрүн көрөлү, Атыш менен чабыштын, Ажал жетип күн бүтсө, Арасында өлөлү. Туулуп өлөт бир киши, Өмүр көрөт бир киши, Өмүрүнчө кор болбой, Доор сүрөт бир киши, Бир күнү ток, бир күн ач, Өтүп кетет бир киши. Сен экөөбүз, Байтерек, Ошонун бири болобуз, Сайып алса Сомбилек, Үйдө олжолуу болобуз, Кокус болсо окустук, Жер тайанып коборбуз, Ажалдан мурун- кийинин, Алдын кантип болжорбуз? Жок кыйалга чумубай, Жүр чунагым жөнөйлү, Болгонунча болорбуз. Абыке менен жаш бала, Күйнөлүп калып аз гана, Алаңдашып караса, Карааны көзгө илинбейт, Кай кеткени билинбейт, Элесин көрбөй элеңдеп, Эми кандай болот, деп, Бастыраар жолун биле албай, Баштагыдай катуулап, Чаң созулта жүрө албай, Жүргүн десе Байтерек, Бөлүнүп калды тил албай. Абыке атын бурбады, Айал кылып турбады, Сомбилек изин кубалап, Бастырып жөнөп калганы. Кыраакылык кылдаттык, Аңкаарып чалса изи бар, Кеткен изди кубалап, Жетер эмес ар кандай, Баатырдын аты тың экен, Кылган иши чын экен, Калдуубет эске түшкөндө, Алдында минген тулпардын, Кыл куйругун шарт түйгөн, Жеңишке салчу немедей, Көкүлүн көккө шүйдүргөн, Күүгүм жүздүү чунагың, Ат айабай жүрүптүр, Сомбилекке жетпесин, Абыке абдан билиптир, Кылчайып артын караса, Кыйалданып Байтерек, Илең-салаң келаткан: — Байтерек болбо ыргылжың, Сен айтканың ырас– чын. Түн ичинде баралы, Жаман катын, жаш бала, Абышка-кемпир калганды, Эсен-аман табалы. Түк көрүнбөй карааны, Мен-менсиген Сомбилек, Качып кетип калганбы? (Качпастыгын Абыке, Ачык билген белгилеп, Кыйалданган баланы, Ала бармак бул бир кеп) Кетти деп угуп Байтерек, Ылдамдады энтелеп, Байтерекке туйдурбай, Аттын изин кубалап, Артынан түштү Абыке. Сомбилек Манас баласы, Ашкере дайын бары элге, Аттын мойну алчактап, Аркасында жер чаңдап, Абыке менен Байтерек, Аркамдан жетет эми, деп, Мойнун толгоп кылчаңдап, Арасы алыс беш күндүк, Ушул күнү бешимде, Жетип келди жакындап. Кара калпак, түркмөндөн, Өзүбек, татар, тажиктен, Булардын күнү курусун, Башкача болуп жаткан кез. Алар көргөн зордукту, Айтып адам түгөткүс, Алты урук эли бирлешип, Коромжу менен Калдуубет, Кордугуна чыдабай, Күн-түнү жок дүрбөшүп, Уйкудан кирпик таң катып, Өңүнөн азыр жүдөшүп, Абышка арбак болуптур, Кемпирлер коппой калыптыр, Келиндин баары керсары, Уландын баары арыптыр, Жаңылап күндө түйшүктү, Эки доңуз салыптыр, Бирөө туу бээ бергин, деп, Бирөө сулуу келсин, деп, Элди салып убайга, Тынчтык бербей буларга, Алты уруу эл чогулуп, Чыдай албай азапка, Айкөл шерди эстешип, Ыйлаган экен кудайга: “Ар качан тийген пайдасы, Кысылса кыргыз мындайда”. Калдайып жаткан кошуунду, Дал бешимде Сомбилек, Барып көрдү ушуну. Жасаган кудай кыргызды, Жоокер кылып эзелтен, Карап турду Сомбилек, Ач кайкалаң кезеңден, Учурап калды бир киши, Араң басып теңселген. Кеп сурады Сомбилек: — Келатасың кайдан сен? Бардап көзүн чоң ачып: — Кеп сураган ким элең? Коромжунун колуна, Жылкы алып келгенмин. Атыңды кошуп бер, деди, Жөө калам деп бербедим, Бербеймин деген бир сөзгө, Айабай тайак мен жедим, Уруп болуп тилдеди, Бачым болгун тур, деди, Эки келин алып кел, Эртеңден калбай бол, деди. Бут шилтерге алым жок, Бүткөн бойум көлкүлдөйт, Баспай койор дарман жок. Амал канча, ал канча. Айтканын кылбай амал жок, Аты-тонуң жарагың, Алты уруктан деги эмес, Маңгыт менен коросон, Алар сендей киши эмес, Ким экениң билейин, Каалаган кишим болбосоң, Аманат жандан кечейин, Быйыл жыйырма беште элем, О дүйнөгө кетейин... Ооп туруп теңселип, Жыгылып калды шалк этип. Колу-буту суналды, Көрүп туруп Сомбилек, Бузулуп өңү сурданды. Аттан түшүп эр неме, Телегейи тең неме, Ар уруунун баарынан, Адам тапкыс дарыдан, Оозуна салып жегизип, Мурдунан куйуп дем берип, Эс алдырып тургузуп, Акылына келтирип: — Сени урган кайсы эл? Эл кыйнаган кандай эр? Каалаган кишиң ким эле, Жашырбастан айтып бер. Ат арытып тон тозуп, Алыскы жерден келемин, Алсыз начар элдерге, Айанбай жардам беремин, Сураганга жоопту, Ачык айтып бересиң. — Айланайын акебай, Кичүү болсоң үкөм, ай, Каалаган кишим болбосо, Дегеле болбойт көөнүм жай, Атым Түтөк дегенмин, Уругум шаңкай элденмин, Сойушка айдап жылкы алып, Коромжуга келгенмин, Айдап келген жылкыны, Алып барып бергенмин, Ачык-жумук камчы эти, Орто эттүү мингенмин, Атымды тартып алганы, Ат талашып мен шордуу, Элебей салдым жаңжалды, Ошол үчүн мен шордуу, Чыкпаган араң жан калды. Жашырбай айтам чынымды, Баскан экен башында, Баатыр Манас кылымды, Эки жолу маңгыт кол салып, Кыргыз колдуу тыйылды. Бадыкөл менен Мадыкөл, Ата- бала неме экен, Кара калпак алты урук, Кар кылганда тебелеп, Куткарыптыр эр Манас, Ээлеп элди туруптур, Жездеси экен Карманап. Мадыкөл кийин чоңойуп, Ат көтөргүс чоң болуп, Бадыкөл кунун кубалап, Биздин элге жоо болуп, Беттешип чыккан белдүүнүн, Далайы өлдү жоголуп, Кабар угуп Семетей, Мадыкөлдү сойуптур, Ал маңгытка жол бербей, Андан бери биздин эл, Эркин жаткан ченебей, Тынымкан деп сулуу кыз, Биздин элден чыкканы, Сулуулугун ар кимдер, Кулакташып укканы. Тынымканды алам, деп, Тынымканды бербесе, Алты уруктун элдерин, Түп көтөрө чабам, деп, Коросондон Коромжу, Колун айдап келиптир, Маңгыттардын Калдуубет, Каары катуу кыйын дейт, Бул алгалы келиптир. Алты урук алы келбеди, Ар качан көргөн пайдасын, Кыргызга кабар бергели, Арты-артынан удаалаш, Эки киши жиберди, Айкөл Манас баатырдын, Тукуму барбы, жок бекен, Андан кабар билгели, Эмгичекти кеткендер, Кайта жанып келбеди, Каалаган кишим меники, Манастын болсо тукуму, Келер киши ал, деди. Угуп болуп Сомбилек: — Абыке барып алдында, Айтып кабар бергени, Айкөл шердин тукуму, Мен боломун бил, — деди. Абыке менен Байтерек, Аркамдан келет көр, — деди. Манастын уулу келди, деп, Элге айтпагын сен, — деди. Келебиз деп көрүшүп, Агын селге капташып, Кыргын болот эл, — деди, Кайсынысы Коромжу, Кайсынысы Калдуубет, Ачык айтып бер, — деди. Түтөк бала элирип, Кеп айта албай демигип: — Берки жаткан Коромжу, Аркы жаккы Калдуубет, Эртең элди аралап, Чыккалы жатат алар деп, Кулагым укту укмуш кеп. Анда айтат Сомбилек: — Арзан эмес жумушбу? Көрүп кеткин сен Түтөк, Баш аламан урушту. Эртең элди аралап, Чыкмак болсо Калдуубет, Ал кан ичме кара нээт, Алдын ала иш кылбай, Ушуну айтып Сомбилек, Элге болот кыйын кеп. Ушуну айтып Сомбилек, Коромжунун элине, Колду мурун салыптыр, Айдап алып сүрүлтүп, Аркадан чаңын түрүлтүп, Калдуубеттин кошуунга, Каптап кирип барыптыр. Кыйарлык кылып Калдуубет: “Кызыгып мага Коромжу, Байкоосуз уруш салды, — деп, Катылышты өзүнчө, Көрүнөйүн көзүнө, Сулууну бекер алайын, Коромжунун башын жеп”. Калдуубет чыкты туу жайып, Маңгыттын көрүп желегин, Коромжу турат сумсайып: “Бул Калдуубет улукпу? Же болбосо Калдуубет, Түбү жок тартма кудукпу? Ортого койгон шарты жок, Орунсуз кылган урушпу? Элебей турат Коромжу, Эбин таба койом, деп, Калган кастык жумушбу? Калдуубеттен Коромжу, Кайратым менин кем эмес, Ачуулансам карарып, Калдуубет мага тең эмес, Агызып кетер калкытып, Агыны катуу сел эмес, Адам күчү дегендей, Аскери менден көп эмес, Өзүнө калат Калдуубет, Бул кылганы оң эмес”. Калдуубет менен Коромжу, Башка жактан шеги жок, Алда эмне болду? деп, Сөз алышкан жери жок. Бирине-бири тиштенет, Кайра тартар пейли жок. Коромжу чыкты зоңкойуп, Колунда найза койкойуп, Калдуубет чыкты камына, Кан ичме доңуз томсоруп. Аңгыча кетти күн батып, Түшүп аскер жаткан жок, Жай-жайына тынч алып. Ачуу үн чыгып акырык, Бир аскерге бир аскер, Аралашты жапырып. Коромжу менен Калдуубет, Бет келише албады, Эрегишкен аскердин. Түгөнүп дайны калбады. Кайра үйүнө жанышпай, Карсылдашып салышпай, Бой кайтарып эл четтеп, Агарган таңды сактады. Баатырдын уул Сомбилек, Аралап кирди аскерди, Калың жерин талкалап. Албарс менен кайсалап, Акырын ураан салбады, Айанып туруп албады. Антип бара жатканда, Алдында минген кара атчан, Караандуу киши капташты. Найзаларын сайдырбай, Каңкылдатып кагышты, Төрт имерип беттешип, Кара атчан киши качышы. Коромжу ушул экен, деп, Сайа түштү артынан, Карааны кетпейт үзүлүп, Караңгыда алдынан. Ай караңгы, түн бүркөк, Таанылбайт көзгө күдүңдөп, Аңгычакты болбоду, Чагылган чагып чартылдап, Жер айрылып жаркылдап, Коргоолундай тай төөнүн, Мөндүр куйду шартылдап, Сасык туман каптады, Аркырап кыйан акканы, Каксоо жерге Сомбилек, Аттан түшүп жатканы, Бешиктеги баладай, Чындап уйку басканы, Таң атканда барам, деп, Козголбостон уктады. Сомбилек уктап жатканда, Абыке менен Байтерек, Анталап келип калганы, Абыке көрдү алдында, Уктап жаткан баланы. Ойуна алды далай кеп: “Байтерек утур чыкканда, Мен мактандым баатыр, деп, Жеткизбей кетип биздерге, Бул жерде уктап жатыр, — деп. Мактаганым чын эле, Бакдөөлөт менен сайышты, Көрүп турдум такыр, — деп. Кең пейилдүү эр эле, Отуз миң аскер ооганды. Кетирип ийди жөн эле. Алты тулпар олжо алды, Бирин мага карматты, Тынымканга сөйкө, деп, Беш тулпарды айдатты, Жеткизбей кетип Сомбилек, Эрме чөл, ээн талаада, Кай себептен жай жатты? Качалы деп Байтерек, Канча катар мага айтты, Калдуубет менен Коромжу, Катар турса эки дөө, Калтаарып жүрөк баралбай, Капталга келип жатканбы?” Карап туруп Абыке, Ээрдин тиштеп баш чайкап, Карарып көздөр тумандап: — Жүр Байтерек, жүрү, — деп, Жөлөнкө тартып дүмүңдөп, Беш тулпарды жетелеп, Минген тулпар жалаңдап, Ойгонуп кетип Сомбилек, Аттарды тартып алат, деп, Маңдайда көзү алаңдап, Алды-аркасын каранып, Уурудан бетер кылчаңдап, Жылмайа түшүп Абыке, Ээрчиткени Байтерек, Желип жолго салганы, Аңгычакты болбоду, Таң сүзүлүп агарды. Намаз маалы өткөндө, Кыранга чыга калганы, Абыке менен Байтерек, Алдыңкы түздү карады. Айгайлаган ызы-чуу, Ач кыйкырык – куу сүрөөн, Ак асаба көк желек, Асман тирейт мана бу. Ким салды буга калба, деп, Мактанып жүргөн Сомбилек, Уктап жатат мында, деп, Көз айырбай карашып, Калдуубет менен Коромжу, Ошол кезде бул экөө, Бет келишти жанашып, Биринен-бири кызганып, Көрбөгөн кызды талашып, Түнкү болгон окуйа, Түбүнө жетпей сурашып, Тулпарларын чуратып, Аркадан чаңды чубалтып, Найзаларын сундуруп, Койгулашып киришти, Эрлик жолун талашып. Коромжу менен Калдуубет, Жеңишчүдөй көрүнбөйт, Бирин-бири жадатып. Кара мүртөз Калдуубет, Каары кыйла бар эле, Кабары чыгып батышка, Таанымал болгон жан эле. Коросондук Коромжу, Тоготпой турат анча эле, Маңгыт менен коросон, Талашканы Тынымкан, Кол салышып өчөшүп, Элдин башын маң кылып, Ээн талааны чаң кылып, Баатырлар жүргөн жер ушул, Калдуубет менен Коромжу, Карсылдашкан эр ошол, Тулпарларын чуратып, Артынан чаңын буратып, Бирин бири найзалап, Кеткен жок аттан кулатып, Күндү-түнгө улашып, Көргөндүн баарын муңайтып, Аскер эки бөлүнүп, Тизилип турат карашып. Уктап жатат Сомбилек, Ойгонуп койбойт көз ачып. Бабасы Манас эр кандай, Атышып жатса Бейжиндик, Уктаган экен тайманбай, Уктап жаткан Манасты, Найзалап Чубак сайгандай, Сомбилекти да бирөө, Дал ошондой кылбаса, Ойгоно турган жери жок, Уктаган баатыр чени жок. Көрүнгөн түндө кара атчан, Көрүнгөн экен Гүл абаң , Пирлери карап койгон соң, Курсагы ачпайт тамактан. Мингени кара аргымак, Койулган отко нечебак. Абыке менен Байтерек, Бастырган бойдон кете албай, Үйлөрүнө жете албай, Ар жакка кете бергенге, Калдуубет менен Коромжу, Аскеринен өтө албай, Үстү бийик зоо экен, Канаты жок уча албай, Тамагы жок наар сызбай, Ырп этерге шай калбай, Кетер жолу тордолуп, Кайраты бойдон жоголуп, Алапайы куурулуп, Айласы жок эч кандай, Ооздугун чыгарып, Ат откозуп алалбай, Калдуубет менен Коромжу, Караанын көрүп ошону, Абыке менен Байтерек, Кара таш болуп катыптыр, Ачкалыктын азабы, Ал экөөнө батыптыр. Алды жактан дем албай, Эрегишкен эки улук, Койгулашып жатыптыр, Ошол кезде Абыке, Байтерекке айтыптыр: — Мен байкап көрдүм кулунум, Айтканымды уккунуң, Уктап жаткан Сомбилек, Ашкере баатыр эр экен, Баатырлыгы билинди, Балбандыгы чын экен, Коргошун жүрөк кенебес, Козголуп койор неме эмес, Калдуубет менен Коромжу, Бучкагына теңебес, Болуп жаткан ызы-чуу, Оңой-олтоң кеп эмес, Же болбосо Сомбилек, Өлүп калган тирүү эмес. Кеткиси жок Абыке, Байтерек кандай айтат, деп, Сынап айтты нечен кеп. Анда айтат Байтерек: — Жанына басып баралы, Баатыр дедиң мактадың, Мындан кабар алалы, Өлүп калса окустан, Тонун тоноп алалы. Атына тонун бөктөрүп, Найзасын туура өңөрүп, Атагы чыккан эр эле, Калдуубетке баралы. “Жаралуу кылып Калдуубет, Жазаңды берген Сомбилек, Эбин таап талаада, Эптеп келдик муну, деп, Эрдемсиген Манастын, Эдебин бердик уулун” – деп, Сүйүнчүсүн алалы, Тирүү өлсө Сомбилек, Айтып кабар салалы. Не укпайсын мынча, деп, Талашып кызды эки дөө, Койгулашып жатат, деп. Колтуктарын көтөрүп, Чойулашып жатат, деп, Муруттары бириндеп, булкулдашып жатат, деп, Жутуп ийчү кептенип, Жулкулдашып жатат деп, Ачууланып айкырып, Айбатташып жатат, деп, Кабарын айтып баралы, Канчалык алы бар экен, Аны да көрүп калалы. Байтерек кеби акыл, деп, Абыке басты макул, деп, Аттарынын чылбыры, Кармалуу жүргөн колунда, Ойготом дейт түз барып, Байтеректин ойунда. Жакын барып караса, Эки жолборс баатырдын, Эки жаккы жанында. Башында турат Кызылкыз, Өзү жандан узун кыз, Айагында шер турат, Чоңдугу шердин байкаса, Комдолуу нарча бар турат. Жолборс шери чамына, Жетелеп атын откозуп, Жылаңайлак жаш бала, Ойготобуз деген кеп, Орду менен жок болду. Былк эте албай козголуп, Ушул жерде токтоду, Ачкалыктан Байтерек, Жан үзчүдөй окшоду. Булар ачка жүргөлү, Түнү эки, түнү үч, Санаты бешке толгону, Өбөктөдү Байтерек, Башы өөдө болбоду. Тургун деп башын жөлөдү, Жан үзүчү кептенип, Эки бети көгөрдү. Абыке анда ойлонду, Ойлогону бул болду: “Мен Таласка бардым маана издеп, Байтерек келди мени издеп, Көрбөдүм барып Таласты, Арбагы артык Манасты, Кайта келсем чала издеп, Сомбилек менен биргелеш, Араң келсем мен эптеп, Менден бетер Байтерек, Жолумдан чыкты темселеп. Жоокалатып Байтерек, Жолоочуну ээрчибей, Жолобостон кетсек, деп, Бөлүнүп калдым айрылып, Белеске чыктым бул жерде, Түз басып үйгө кетерге, Кете албай жолум тордолду, Жолдошум бала бул болду. Калдуубет менен Коромжу, Кармашын көрүп ошону, Жүрөккө уйуп кан толду. Караанын көрүп кайгырып, Кара көктү ойготуп, Баралы десек бастырып, Эки жолборс, жалдуу шер, Кыз кошулуп кайтарып, Атын бала жетелеп, Көрүнүп турат шыйкыры, Мындан кечип ким кетет? Айлабызды таба албай, Биз калыпбыз темтелеп, Былк этпей калды жөлөсөм, Байтерек өлүп бул кетет, Чылбырдан салып боолукту, Чыныгы ажал маа жетет. Караан болуп Байтерек, Кирпик ирмеп көз тиктеп, Өлбөй өөдө болорбу? Жер болбосо жан таштап, Бозала кылып койорбу? Эрлердин көрүп эрмегин, Эрмек эмес чинин да, Эл үчүн тарткан эмгегин, Көрөөр күнүм болорбу? Манастын уулу Сомбилек, Бала жолборс шер менен, Жүрөр күнүм болорбу? Калдуубет менен Коромжу, Катар сайып эрди алса, Какшатып экөөн тең алса, Мага олжо бергин, деп, Сурар күнүм болорбу? Жакасынан жармашып, Этегине эрмешип, Эренди ээрчип артынан, Анан көөнүм толорбу? Аркамда жалгыз уулум бар, Алты жашар Алтынбай, Көрөөр күнүм болорбу? Туурумду ээлер тунжурду, Тумшугу жок кургурду, Сүйөөр күнүм болорбу? Кыз сулуусу Тынымкан, Кыргыздан чыккан кырааны, Алмак болуп той болсо, Кирип –чыгып аралаш, Аларга болуп санаалаш, Жүрөр күнүм болорбу? Кийин алган кыз катын, Өзүм турган жеримде, Айылымдан чыккан өз катын, Кештелүү жууркан, ак шейшеп, Төрөр күнүм болорбу? Аман-эсен ааламда, Көргөнүмдү кеп салып, Жүрөр күнүм болорбу? Баатырдын уулу Сомбилек, Аркасы менен ыраатын, Сүрөр күнүм болорбу?” Өңү эмес, түшү эмес, Кысталганда Абыке, Далай кепти сүйлөдү. Кобурап айтып токтолду, Не дегенин билбеди, Кыйналгандан чалыңдын, Маңдайы мунун тердеди, Жөлөп турган Байтерек, Тилге кайта келгени. Абыкени бир карап: — Түшүмдө көрдүм мен, — деди, Ак сакалдуу бир киши, Саптуу айак менен бир кымыз, Экөөбүзгө бергени. Абыке мурун сен ичтиң, Сенден кийим мен ичтим. Ичип болуп эс алдым, Ачкалыктан өлмөкмүн, Өлбөй тирүү мен калдым, Мени менен тең ичип, Абыке тирүү сен калдың. Кымызды бизге бергенде. Бизге айткан кептери, Унутулбай эсимде: “Мурун ичти Абыке, Авазир болот элиңе. Кийин ичтиң, Байтерек, Бий болосун сен элге”. Тилим тийип күпүрлөп, Мен кылмышкер болупмун, Сомбилек сындуу эренге. Аркасынан жүрөлү, Манастын уулу беренге. Айтса-айтпаса Абыке, Ачкан карын ток болду, Аш кайгысы жок болду, Сомбилекти караса, Турган экен ордунан, Оңдонуп тонун кумтунуп, Кыпкызыл өңү нур толуп, Туулга башта мултуйуп, Семириптир Сомбилек, Бордогондой тултуйуп. Жолборсу жок, шери жок, Көрүнгөндүн бири жок, Абыке менен Байтерек, Калды булар кошулуп. Абыке анда кеп айтат: — Айланайын Сомбилек, Агаңдан уккун, — деп айтат, Оролмонун ач белде, Карбаластап Байтерек, Учурап калды биздерге, Элөөсүз көөмөй көмөскө, Кире берме бир жерде. Байаның айттым мен сенин, Бул бала укту бар кебим. Байкабай калган экенмин, Баатырым, сенин кеткениң, Акыл көрдүм ал кезде, Байтеректин кептерин, Кеп тыңшаймын деп туруп, Өксүп калган кездерим, Аркаңдан аттын изин кууп, Арстаным сага жетпедим. Учурап калдык белесте, Уктап жаткан жериңде, Токтобостон жөнөдүк, Ашып белди кетүүгө. Белге чыгып болдук тел, Алды жактан биз көрдүк, Кандан аккан кыйан сел, Коркунчудан көөн айнып, Суудай агып басты тер, Кулак-мээни тундуруп, Калдуубет менен Коромжу, Койгулашкан эки эр. Келер айла болбоду, Келели десек жаныңа, Тегеректеп алыптыр, Эки жолборс, жалдуу шер, Каркыралуу Кызылкыз, Карап турат башыңда, Калтаарып жүрөк энтелеп, Атыңызды бир бала, Откозуп жүрөт жетелеп, Ачкалыктан Байтерек, Чыдай албай жыгылды, Көз алдыма келтирди, Канча заман кылымды. Санаам санда көөнүм миң, Акылдан аздым жүрөк кир. Айласыз турган кезимде, Абыкең айткан сөзүм бил. Эси ооган Байтерек, Тура калды селт этип, Мени карап кылчайып, Күлүп ийип, мулт этип. Түшүмдө көрдүм бир иш, дейт, Сапты айакка толтурган, Экөөбүз кымыз ичтик, дейт. Кымыз берген айтты, дейт, Андан кийин кайтты, дейт. “Абыке болот авазир, Сен болосуң бийи” дейт. Байтерек көргөн түш үчүн, Оңунан келчү иш үчүн, Кардыбыз тойуп кампайып, Калыптырбыз аны үчүн. Бизден бетер сен дагы, Турупсуң баатыр ойгонуп, Кандай айтат акыл, деп, Биз турабыз ойлонуп. Учурадык өзүңө, Бара жатып жол кошуп. Кошулгандан бер жакка, Кош болор кепти көп айттың, Кур кептен бизге айтпадың, Көзүм көргөн иштерди, Калтырбай баатыр саа айттым. Абыке кебин укканда, Күлүмсүрөп күлбөгөн, Күлгөнүн булар көрбөгөн, Күйгүлтүктүү кара көк, (Ал кездеги кыргыздын, Өңү сары, көзү көк, Баш аламан тайны жок, Айта бербейт сөздү көп) Оттон атын алдырып, Ооздугун салдырып, Жоо жарагын жам кылып, Мингени кара кашканы, Чылбырынан алганы. Кездешкен жоого бармакка, Кесиреттүү Сомбилек, Үзөңгүгө бут салды. Кесир эмей неткени, Кекенишкен жоо турса, Күнү-түн уктап кеткени. Кара көк эмей неткени, Карсылдашкан жоо турса, Кадигине албастан, Камыкпай уктап кеткени. Коромжу менен Калдуубет, Ортого койуп кеңеш кеп: “Тамактанып алсак” — деп, Ажырашып кеткени, Жаңы аттанган Сомбилек, Ошондой жакка кез келди. Капталдап басып калкайып, Карааны тоодой залкайып, Кара кашка мингени, Кең соорусу даңкайып, Кармаса найза койкойуп, Он беште чунак болкойуп, Этек жеңин кумтунуп, Жалаңгыч сары кептенип, Ойноп турат кутуруп. Олуйасы баатырдын, Бирге жүрөт жанында, Көрүнүп койот Гүлүстөн, Кысталышкан чабышта. Жаны ачыган кези экен, Калдуубет менен Коромжу, Коркутуп экөөн барышка, Сийдиги агып бүркүрөп, Байтерек менен абышка, Барып көргөн кеп эмес, Мындан мурун чабышка, Барбайбыз деп айталбай, Кыжалат болот барышта. Кыйалын билди Сомбилек, Кыйналды коркуп экөө, деп: — Калдуубет менен Коромжу, Тамактанып келгенче, Азыгың камдап берейин, Жатып тургун экөөң деп, Беттеп басты Кадууга. Элүүчө аркар жатыптыр, Бер жагында адырда, Кулжасы курбу ташында, Куланы жатат астында, Аркар, кулжа, куландан, Ачып көздү жумгунча, Элүүсүн атты булардан, Абыке менен Байтерек, Көрүп туруп кубанган. — Байтерек менен Абыке, Жеп жаткан тамак мынаке, Эриксеңер эрмекке, Чыккыла тиги белеске, Калдуубет менен Коромжу, Катар сайып экөөнү, Мен жараймын керекке, Сен авазир болосуң, Абыке, берем белекке. Бузамын деп бирликти, Байтерек нечен кийликти, Аткарчудай кейпи бар, Колуна тийсе бийликти. Талаада берип меңсепти, Таштап койуп аларды, Бастырып баатыр эр кетти: — Барганың менен мени ээрчип, Баатырлык уруш башталат, Алай-дүлөй карсылдак, Бака-шака тарсылдак, Чака-чука барсылдак, Баралбайсың ал жерге, Баш калкалап мында жат! Бет алып басты ал жакка, Калдуубет менен Коромжу, Белдүүлөр жаткан эл жакка. Кырдан чыгып караса, Кылайган жерде адам жок, Же кыймылдаган караан жок. Жер упурап жыртылган, Чаңдаган жер топурак, Эңиш тарта бастырып, Эл жүргөн жерге келгени, Эрмек үчүн айтылат, Элден чыккан эрлери. “Калдуубет менен Коромжу, Жакырлар кайда кеткен?” –деп, Жаны ачыган Сомбилек, Жакын жерден жетсем, деп, Эңиш тартып керүүлөп, Келе жаткан эрди көр, Адам айран калуучу, Ар бир сонун ишти көр, Хандын баары калдаңдап, Мурду көөп барбаңдап, Талашып жаткан Тынымкан, Таалайы артык кызды көр. Коромжу келет дегенде, Коркуп кетип ор казган, Күйүмдүү сулуу Тынымкан, Көрсөтпөй эли сактаган. Билип баса жаткандай, Коромжу түшүп кол жаткан. Бу жерден кызды көрбөгөн, Капчыгай кууш, суусу шар, Суу ичинен жол ачкан, Өтө бийик мейкин тоо, Көрүнөт көзгө көк асман. Алдыңкы жерге көрүнөө, Кабардар кыздар бар жактан, Кыздар турган үңкүрдүн, Оозу жибек тор тарткан. Кобур-собур үн чыкпай, Кулак тынчып калганы, Үч күн болуп бараткан, Кеп баштады Тынымкан: — Курдаш кыздар мен айтам, Чоңдор кетип эл тынчып, Сел каптабай жер тынчып, Жел каптабай үйдү ыргап, Калайык калың эл жыргап, Калган чагы болгон бейм. Тордун барып түбүнө, Элдин жайын көрсөк бейм. Оң чекеде суусар бөрк, Жанында бар он беш кыз, Тынымкан мындай айтканда, Ач кыйкырык айбат жок, Жымжыртчылык басканда, Вазир кызы жөнөдү, Талаадан кабар тапканга, Не көрүнсө көзүнө, Тынымканга айтарга. Вазир кызы басканча, Уктап кетти Тынымкан. Мындай кызык уйкуда, Түшүндө көрдү бир ишти, Күлүмсүрөп муңайды, Түш көргөнүн билишти. Ойгонуп көзүн ачканда, Суу барбы алып келгин, деп, Чоросуна айтканда, Колу-жүзүн жуунуп, (Тынымкандай таза эмес, Бендеден бенде туулуп) Тактысына олтурду, Тал жибек белин буунуп. Авазир кызы Бек серек, Анчалыгы болбосо, Авазирлик не керек? — Ханыбыз биздин Тынымкан, Кабарың уккан жер бети, Калбай сизди талашкан, Карсылдашып нечен дөө, Калкандары жарылган, Канчасына капташып, Капилет өлүм табылган. Сени издеп эр келген, Кем-керчи жок камданып, Телегейи тең келген. Билеги жоон балбандан, Бири миңден алгандан, Кайкатып калың эл сурап, Жаңсанып жаагы талгандан, Андай хандан канчасы, Кызматын кылган залдардан, Калдуубет менен Коромжу, Капташып турат андайдан, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Талашып сени келет, деп, Үчөө келип жатканда, Элге кыйын болот, деп, Манастын болсо тукуму, Эрди койбой жеңет, деп, Толкуган кыйан селдерди, Токтотуп аны берет, деп, Жердин бети жайнаган, Жык толгон баатыр келсе да, Жыпжылма кылып терет, деп, Ар качан Манас урпагы, Кысталган элге керек, деп, Кыйналганын элдердин, Кулагы угуп билсе эле, Кылчаңдабай келет, деп, Ата даңкын кубалап, Башка жерге бергенче, Дал ошого берсек, деп, Абыкени биздин эл, Барып кел деп Таласка, Көрүнүп кел деп сыйынып, Арбагы азыр Манаска, Атайлап ага жиберет. Келе турган кишинин, Аты эмес кабарын, Барбы, жокпу ал жайын, Аны толук биле элек. Кечикти деп Абыке, Аркасынан чаптырды, Байтеректи дембелеп. Кымбат баа жан элең, Сыйкырың сиңдим, бар элең, Капкачандан бер жакка, Алда кандай болор деп, Кайгыңды тартып зар элең, Өзүмдү таштап унутуп, Сени эстеген жан элем. Туралбай мында желдедим, Тордон карап жер бетин, Кабар алып келмекмин, Кандай көрсөм билгеним, Сага айтып бермекмин. Келет элем эмгиче, Сен уктадың аңчыга. Ойгонуп калса кана, деп, Мында болбой уйат, деп, Басалбай карап тургамын. Бар десең барып келейин, Буйругуң эки кылбайым. Авазир кыз токтолду, Көргөн түшүн айтмакка, Тынымкан сулуу октолду. Акылда түшү жоктолуп, Сүйлөбөй кыйла токтолуп, Көзүн сүзүп, каш серпип, Айтуучудай окшонуп: — Турабыз мында он беш кыз, Ата-энебиз асырайт, Алты уруктун кызыбыз. Бириңден бириң өөдөсүп, Кете турган жериң жок, Барыңар байкап угуңуз, Жастыктанып жатпадым, Уйкунун даамын татпадым, Жумулуп кирпик кеткенде, Мен түш көрө баштадым. Көөнүмдөн менин кетпеди, Биздин элди үч жактан, Каптап кыйан кеткени, Эки сел келип кошулду, Бирөө агып жетпеди, Бир суунун бети бир башка, Айран калдым мен буга. Асмандан келди кара куш, Карааны мага болду туш, Канатын ийип куушуруп, Катуу кирди ушул куш. Канатын серпип какканда, Как кыйанды чапканда, Какшып соолуп калганы,

Каптаган кыйан ичинен, Чайандай бирди кармады, Бирин жаза кармады, Кошулбай калган кыйандан, Бир чайанды кармады. Үч чайанды көтөрүп, Кайкактап учту көкөлөп. Көтөргөнчө чайандын, Экөөн жанчып таштады, Түшүп кетти бир чайан, Издеп аны таппады. Шаңкайып асман көгөрдү, Көөнүмө кетти Тынымкан, Ошол кушту көргөлү, Менден мурун болжолу, Мени ошол куш көргөнү. Мойнун кайрып бурганы, Жердин бети жам-жайкыт, Күн чагылып турганы. Чөптүн баары көгөрдү, Жок табылып көбөйдү. Шамал чыкты аймалап, Көз уйалтып гүл чечек, Жердин бетин саймалап, Көк кашка суулар шырылдап, Көк мелжеп тоолор зымырап, Көп жаныбар кыбырап, Көптүгүнөн кымылдап, Көк асманда көп жылдыз, Күлгөндөй болуп жымыңдап, Уйалгансып кай бирөө, Үлп-үлп этип кымыңдап, Ай чыкты кырдан жаркырап, Ташка түшүп жалтырак, Айылда жүргөн бири жок, Камандын баары калтырап. Биздин турган ушул жер, Көпкөк ойдуң болуптур, Ортодо суусу шаркырап, Көл жайнап чөпкө толуптур, Аккан суунун четине, Алтындан такта койуптур. Мен ээледим тактаны, Сен ээледиң эжеке, Жанындакы бакчаны, Калган кыздар айкалып, Селкинчек тээп жатканы, Аласкатып жаныма, Мен кошподум башканы. Күн өткөндө түн өттү, Күндөр толуп отузга, Аркасынан ай өттү, Айдын аты он эки, Айтылып бирден жыл өттү. Жаркыраган жаз өттү, Жалбырак бышып күз өттү, Ачуу суук кыш өттү, Ачып көздү жумгуча, Ондон артык жыл өттү. Андай кезде бир каман, Өңү суук эң жаман, Ошол бакча жайык көл Бир эле жутуп түгөттү. Алтын так калды каңкайып, Жыгылган жок кыйшайып, Көлүм соолуп какшыды, Бакчам өңүп куурады, Бурулам деп толгондум, Чочуп кетип ойгондум. Жооруйун деп бул түштү, Авазир кыз ойлонду: — Сулуу сиңдим Тынымкан, Мен уккамын укмуштан, Азирети Жүсүп пайгамбар, Чын айтып түштү жоруган, Карылардан угушсам. Алдында келди сел дедиң, Сел каптабай неткени, Коромжу мунда келгени, Күн көрбөй жаттык жер сактап, Кыздары бизден турмайлык, Ата-эне калган журт, Так айласы кеткени. Келген селдин бирин сен, Бири киргил дегениң, Кийин келди Калдуубет, Качып жүрүп бир жерде, Намысынан келген бейм. Келе албады бир кыйан, Көргөн түштү мен, дедиң, Мен айтайын билгеним. Оогандын ханы Бакдөөлөт, Баскан окшойт бир мээнет. Келгени качан кабары, Келе албады эмгиче, Жолун тосуп ошонун, Жолугушуп жоо чыгып, Бакдөөлөт ашып кеткисиз, Ашуусу бийик тоо чыгып, Бастырбай тосуп салган бейм, Андан ашык зор чыгып, Жообун ага берген бейм. Айкын айтсам көрүнөө, Арстандан тукум бар белейим, Абыке баштап келген бейим, Асмандан келсе кара куш, Сага келип болсо туш, Алуучу күйөөң ал бейим. Ободо эргип учкан куш, Канатын сууга какты, деп, Какшып суулар жатты, деп, Барча-барат иш эмес, Ак сакалдар айткан кеп: “Падыша Манас барында, Өзү тирүү чагында, Күн чыгыштын көп эли, Корголоп үйдө жатты” – деп, Аркасында белеги, Анык экен келери, Кыйналды биздин алты урук, Тийет экен кереги. Үч чайанды алыптыр, Камалап элге күн бербей, Кайкап жаткан көп колу, Камандарды чалыптыр. Бирин жолдо жалмаса, Кечиккени ал окшойт, Жолунан чыгып каргаша. Айкын талаа бак болсо, Жер көгөрөт экен го, Күкүрттөн кыйын күч алып, Эл көгөрөт экен го, Эл менен жер жарашып, Тең көгөрөт экен го, Кутулуп жоодон болуп шат. Өңгөн дарак – көп элиң. Өзгөрүп айта дебегин, Ортосу агып суу, дедиң, Ырысым сиңдим деп билгин. Курулган анда так, дедиң, Такка чыктым мен, дедиң, Ойлоп койгун, Тынымкан, Табышар күйөөң келгенин. Ургаачы такка мингени, Таалайлуу эрге тийгени. Таалайлуу болсо алганы, Ургаачыда жок болот, Анча-мынча арманы. “Бакчада эжем сен болдуң” Айткан кебиң бул болду, Бала кезден бер жакка, Сага вазир мен болдум. Келе турган эр менен, Теңдеши жок шер менен, Келет экен бир бойдок, Ээрчип кошо чаң менен. Мен тийипмин ошого, Кармап алтын босого, Сурагын элдин тапшырып, Кетет экен ошондо. Ээ болгонум мен бакка, Эл сурап мында жатканым. Убайым тартар бир жер бар, Тынымкан кийин айтканың, Күн батыштын тарабы, Каман чыкты деп айттың, Көргөнгө башка түрү суук, Жаман чыкты деп айттың, Соолутуп сууну кургатып, Соруп жутту деп айттың. Ак калпак кыргыз алашка, Ал дүйнө кеткен зор Манас, Арбагы азыр Таласта, Моңгул, манжу эки журт, Анжу, кидан - эгиз журт, Калгандан канчоо кошулуп, Телегейи тегиз журт, Көкжалды жутуп койот бейим. Ошонун баары чогулуп, Элөөсүз жерде кайран эр, Табылып эби калат бейм. Эпсиз жоого жолугуп, Жыгылбай тагың кыйшайса. Санаага кудай туш кылса, Өзүң калсаң кара баш, Жалгыз калбайт экенсиң, Эркек бала калат да, Кармаарыңа неме жок, Талсыз калбайт экенсиң, Кыйноосун тартып көп анын, Алсыз калбайт экенсиң. Чочубастан ойгонсоң, Жүрөт элең далайга, Чочуп кетип ойгондуң, Өмүрүң кыска экенсиң, Учурайсың ажалга. Турдум эле ордуман, Чыгайын деп талаага, Бар эле башта ызы-чуу, Үн басылбай буларда, Үч күн болду үн чыкпайт, Чыкмак элем карарга. Эрксиз бенде баш ийет, Эзелде келген тагдырга, Ажалдан коркуп Тынымкан, Көп ойлонуп такшынба. Баштатан бар макалы, Айтылып келген эл журтта: “Күнүнөн калса айына, Айынан калса жылына, Жылынан өтүп кеткенде, Калат деген кылымга”. Каласыңбы ошентип, Оңолсо ишиң чынында. Авазир кыз козголду, Эшикти карай чыгууга. Акмалай байкап тешиктен, Кулагына угулбай, Мурункудай ызы-чуу, Абайласа эшиктен. Эшиктен кабар алыптыр, Тешиктен чыга калыптыр, Ошол кезде Сомбилек, Талаага жетип барыптыр. Ат-тону бөлөк не жан, деп, Абыдан байкап алыптыр. Авазир кыз көргөндө, Жүрөгү кетти кабынан, Билеги кетти сабынан, Эндиреп көзү күүгүмдөп, Абыдан кетти шайынан. Коромжубу, Калдуубет, Капташтымбы буга, деп, Байкастаса авазир, Түрү суук кептенбейт, Жүрөгү коркуп лакылдап, Авазир кыз шектенбейт, Тынымкан айткан жаңкы түш, Авазир кызга элестейт. Ачып көзүн ирмеди, Көрүнбөй туруп көкжалга, Көөмөйдөн көзүн жиберди. Тамылжып өңү кызарган, Билгенге жумуш узарган, Тал чыбыктай буралган, Айдары алтын нурданып, Мингени жорго кылтылдап, Жылдыздай көзү жылтылдап, Караанын көрүп арстандын, Авазир кыздын жүрөгү, Токтобостон зырпылдап. Авазир кыз кыйын кыз, Көзү өткүр сөзү түз: “Башына туулга көмөргөн, Басташкан жоону көргөндө, Баш тартпаган өлөрдөн, Жамынган тону баданы, Жарашыптыр баатырга. Жандашам деген кишиге, Табылбайт ага жок даба. Калканы жондо тартылуу, Алп мүчөлүү далылуу, Кылычы менен балтасы, Кемерине чатылуу. Көзү кызыл өрт болгон, Кылымда мындай жок болгон. Кебетеси келишкен, Жер майышкан жоо келсе, Коркор эмес эңиштен. Бешене ачык, бет тунук, Беттешсе көөнү тунгундай, Бул баатырга туз буйруп, Бой кошсо киши толгондой”. Авазир кыздын ойуна, Ушулар түштү урунуп, Кайра кирди авазир, Аркасына бурулуп, Олтура элек авазир, Тынымкан калды жолугуп, Көргөнүн көргөн бойунча, Авазир айтты оолугуп. — Кымбаттуу сиңдим Тынымкан, Күйгүлтүктүү кеп айтам, Көөнүңдү койуп тыңшасаң, Учурап калды бир киши, Эшикке чыга мен калсам. Ал киши мени көргөн жок, Коркуп жүрөк кан уйуп, Сүйүнүп маңдай жарылып, Авазир эжең өлгөн жок. Белимче чыгып баратсам, Бендеден көрдүм бир адам, Сын-сыпаты турушу, Бендеде жок жаралган. Коркуп кеттим көргөндө, Коромжу менен Калдуубет, Келгенби деп алардан, Бизди издеп келди деп, Кабар айтып бир адам. Козголуп араң токтолдум, Мен өзүмчө оштондум, Байкап көрдүм мен аны, Көзүм жеткен керегин, Эп келтирип Тынымкан, Кантип айтып беремин. Мингени кара кашкадан, Деги, сиңдим Тынымкан, Бул элден эмес, башкадан. Мүчөсү баатыр көрүндү, Бучкагына теңебес, Көрүнөө келген өлүмдү. Кошулса көөнү тынгындай, Ар иш кылса кылгындай. Аз болсо да, көп болсо, Узарчудай өмүрү, Өтө сонун көрүнөт, Сүттөн аппак көңүлү. Кара бойу, жарагы, Кара баштуу бендеден, Кайдан мындай жаралды? Жалгыз өзү сорчудай. Бул дүнүйө - ааламды, Талаадан өтүп кете элек, Тордон барып карайлы. Же болбосо Таластан, Бул жерге келген балабы? Түшүңдө көргөн куш болуп, Тынымкан сени алабы? Теңтушума тийсем, деп, Ургаачынын талабы, Көзүбүз менен көрөлү, Болбос бизге залалы? Деп кеңешип тигини, Көрүүнү кыздар самады. Ээрчите басып эки кыз, Элинен чыккан эркин уз, Басып чыгып талаага, Баатырга булар болду туш. Караанын көрүп Тынымкан, Эрип кетти бойу ысып. Асманды тиктеп алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Келатыптыр жаш баатыр, Келишип мүчө заңкайып. Жар түбүндө көмөскө, Жашырынды ал экөө. Көз жиберип Тынымкан, Көкжал эрди баалады: “Жалгыз кара керт башы, Миң кишиге тең экен, Жер бети калбай чогулса, Жалгыз мындан кем экен, Көрбөй угуп жүргөн кеп, Асылбача-Бекбача, Алар мындан эр бекен? Адамга сүйкүм бул өңдүү, Айдары алтын, күмүш чач, Кай тараптан келди экен?” Кыздар жал-жал карашып, Минген аты жарашып, Жал-куйругу түпөктөй, Сын-сыпаты атынын, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Эр келбети сур жолборс, Жолуккан жоосу соо болбос, Ачуусу келсе оолугуп, Ааламда такыр соо койбос. Башында сыймык-бак конгон, Канча атадан бер жакка, Ээлеген алтын так болгон, Аталары мар болгон, Жергесине эл толгон, Алышкан душман ар жерде, Ардыктан көөнү дат болгон, Он беш менен он алты, Ортосунда жаш болгон, Тынымкан сулуу болголу, Тынымкан атка конголу, Келген киши көп болгон, Баатыр келген, хан келген, Буга окшогон болбогон. — Жал-жал карап эжеке, Мелтирейсин сен болсоң, Бүткөн бойуң мемиреп, Эзилип барам мен болсом. Алганым мындай эр болсо, Алты айдан кийин өлсөм да, Арман кылбайм мен болсо. Аркандай ишке көөнү бар, Жумуру башка өлүм бар, Айры төштүү адамда, Азгаштырган көңүл бар. Эндекей жерге туш болуп, Эпсиз эрге баш кошуп, Жүз жыл өмүр көргөнчө, Муңканып жүрүп өлгөнчө, Ойдоку эрге теңдешип, Сүйүүгө бала терметип, Өлүп кетсең өмүргө, Саанасыз болуп көңүлдө, Карымын-жашмын дебестен, Кайгырбайт го өлүмгө, Жарагын көр, өзүн көр, Жалындан кызыл көзүн көр. Жамынган сооту, минген ат, Жаштардан мындай жан чыкпас, Жалбырттап өзөк өрт болуп, Жаадыма түшөт өткөн жаш, Жакындап келип калыптыр, Жаалысын жүзгө салыптыр, Жаш жолборс изди көрбөсүн, Жүр эжеке кайра бас, Шамал сылап желпилдеп, Жаагындагы саамай чач, Калдуубет менен Коромжу, Ал экөөнүн бир эмес, Касташып калса эки айбан, Кайраты буга тең эмес, Тааныбадык, билбедик, Тегин киши бул эмес, Карапайым жөнөкөй, Калктан чыккан уул эмес. Жер алдына катылып, Теңдиксиз келсе бул башка, Адамдын нуру кубулуп, Кетет экен муң басса. Эже-сиңди ээрчишип, Кайра басты үй жакка. Кыраакылык, кыйындык, Кыргыздын уулу Сомбилек, Элесин көрдү кыздардын. Капчыгай кара тоолордо, Каңгыраган зоолордо, Каркыралуу кыз турса, Ким карабайт ошого? Кармашкан жоосу Калдуубет, Кадигинде бар үчүн, Кайрылбады кыздарга. Кайраты толук эр үчүн, Кыргыздан чыккан каракөк, Абыкеден уккан кеп: “Жер алдынан ор казып, Тынымканды каттык” – деп, Ошол кыздар экен, деп, Эмгегин элдин кетирип, Эркин кылбай бекер, деп, Эсинен кетпей эрениң, Кармашкан жоону кекерлеп, Кызды карап кыйшайып, Күлүп койор бул эмес, Кара мүртөз адамдан, Намыс үчүн жан кыйнап, Мындай уул туулчу эмес. Элүүдөн төмөн жаш кезде, Эркин кыйал мас кезде, Сымбаттуу келин, сулуу кыз, Алдынан утур кез келсе, Аңгеме болбой азыраак, Адам өтүп кетчү эмес. Гүлчоро чалгын чалганда, Семетей Үркөнч барганда, Нашта кылып нар сызбай, Карап турган кайкыда, Гүлүстөн кызга барганча. Кыз кызыгы баарыдан, Кыйыныраак жаш жанга, Кыргыздан чыккан Сомбилек, Кылчайбады кыздарга, Эр намыска жаралган, Эр көкүрөк неткен жан, Эсинде бар Калдуубет, Экинчиси Коромжу, Эсинен чыкпай бараткан. Муну мындай таштайлы, Тынымканды Сомбилек, Алганына баштайлы.