Мингени кара кашкадан, Деги, сиңдим Тынымкан, Бул элден эмес, башкадан. Мүчөсү баатыр көрүндү, Бучкагына теңебес, Көрүнөө келген өлүмдү. Кошулса көөнү тынгындай, Ар иш кылса кылгындай. Аз болсо да, көп болсо, Узарчудай өмүрү, Өтө сонун көрүнөт, Сүттөн аппак көңүлү. Кара бойу, жарагы, Кара баштуу бендеден, Кайдан мындай жаралды? Жалгыз өзү сорчудай. Бул дүнүйө - ааламды, Талаадан өтүп кете элек, Тордон барып карайлы. Же болбосо Таластан, Бул жерге келген балабы? Түшүңдө көргөн куш болуп, Тынымкан сени алабы? Теңтушума тийсем, деп, Ургаачынын талабы, Көзүбүз менен көрөлү, Болбос бизге залалы? Деп кеңешип тигини, Көрүүнү кыздар самады. Ээрчите басып эки кыз, Элинен чыккан эркин уз, Басып чыгып талаага, Баатырга булар болду туш. Караанын көрүп Тынымкан, Эрип кетти бойу ысып. Асманды тиктеп алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Келатыптыр жаш баатыр, Келишип мүчө заңкайып. Жар түбүндө көмөскө, Жашырынды ал экөө. Көз жиберип Тынымкан, Көкжал эрди баалады: “Жалгыз кара керт башы, Миң кишиге тең экен, Жер бети калбай чогулса, Жалгыз мындан кем экен, Көрбөй угуп жүргөн кеп, Асылбача-Бекбача, Алар мындан эр бекен? Адамга сүйкүм бул өңдүү, Айдары алтын, күмүш чач, Кай тараптан келди экен?” Кыздар жал-жал карашып, Минген аты жарашып, Жал-куйругу түпөктөй, Сын-сыпаты атынын, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Эр келбети сур жолборс, Жолуккан жоосу соо болбос, Ачуусу келсе оолугуп, Ааламда такыр соо койбос. Башында сыймык-бак конгон, Канча атадан бер жакка, Ээлеген алтын так болгон, Аталары мар болгон, Жергесине эл толгон, Алышкан душман ар жерде, Ардыктан көөнү дат болгон, Он беш менен он алты, Ортосунда жаш болгон, Тынымкан сулуу болголу, Тынымкан атка конголу, Келген киши көп болгон, Баатыр келген, хан келген, Буга окшогон болбогон. — Жал-жал карап эжеке, Мелтирейсин сен болсоң, Бүткөн бойуң мемиреп, Эзилип барам мен болсом. Алганым мындай эр болсо, Алты айдан кийин өлсөм да, Арман кылбайм мен болсо. Аркандай ишке көөнү бар, Жумуру башка өлүм бар, Айры төштүү адамда, Азгаштырган көңүл бар. Эндекей жерге туш болуп, Эпсиз эрге баш кошуп, Жүз жыл өмүр көргөнчө, Муңканып жүрүп өлгөнчө, Ойдоку эрге теңдешип, Сүйүүгө бала терметип, Өлүп кетсең өмүргө, Саанасыз болуп көңүлдө, Карымын-жашмын дебестен, Кайгырбайт го өлүмгө, Жарагын көр, өзүн көр, Жалындан кызыл көзүн көр. Жамынган сооту, минген ат, Жаштардан мындай жан чыкпас, Жалбырттап өзөк өрт болуп, Жаадыма түшөт өткөн жаш, Жакындап келип калыптыр, Жаалысын жүзгө салыптыр, Жаш жолборс изди көрбөсүн, Жүр эжеке кайра бас, Шамал сылап желпилдеп, Жаагындагы саамай чач, Калдуубет менен Коромжу, Ал экөөнүн бир эмес, Касташып калса эки айбан, Кайраты буга тең эмес, Тааныбадык, билбедик, Тегин киши бул эмес, Карапайым жөнөкөй, Калктан чыккан уул эмес. Жер алдына катылып, Теңдиксиз келсе бул башка, Адамдын нуру кубулуп, Кетет экен муң басса. Эже-сиңди ээрчишип, Кайра басты үй жакка. Кыраакылык, кыйындык, Кыргыздын уулу Сомбилек, Элесин көрдү кыздардын. Капчыгай кара тоолордо, Каңгыраган зоолордо, Каркыралуу кыз турса, Ким карабайт ошого? Кармашкан жоосу Калдуубет, Кадигинде бар үчүн, Кайрылбады кыздарга. Кайраты толук эр үчүн, Кыргыздан чыккан каракөк, Абыкеден уккан кеп: “Жер алдынан ор казып, Тынымканды каттык” – деп, Ошол кыздар экен, деп, Эмгегин элдин кетирип, Эркин кылбай бекер, деп, Эсинен кетпей эрениң, Кармашкан жоону кекерлеп, Кызды карап кыйшайып, Күлүп койор бул эмес, Кара мүртөз адамдан, Намыс үчүн жан кыйнап, Мындай уул туулчу эмес. Элүүдөн төмөн жаш кезде, Эркин кыйал мас кезде, Сымбаттуу келин, сулуу кыз, Алдынан утур кез келсе, Аңгеме болбой азыраак, Адам өтүп кетчү эмес. Гүлчоро чалгын чалганда, Семетей Үркөнч барганда, Нашта кылып нар сызбай, Карап турган кайкыда, Гүлүстөн кызга барганча. Кыз кызыгы баарыдан, Кыйыныраак жаш жанга, Кыргыздан чыккан Сомбилек, Кылчайбады кыздарга, Эр намыска жаралган, Эр көкүрөк неткен жан, Эсинде бар Калдуубет, Экинчиси Коромжу, Эсинен чыкпай бараткан. Муну мындай таштайлы, Тынымканды Сомбилек, Алганына баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.