Каптаган кыйан ичинен, Чайандай бирди кармады, Бирин жаза кармады, Кошулбай калган кыйандан, Бир чайанды кармады. Үч чайанды көтөрүп, Кайкактап учту көкөлөп. Көтөргөнчө чайандын, Экөөн жанчып таштады, Түшүп кетти бир чайан, Издеп аны таппады. Шаңкайып асман көгөрдү, Көөнүмө кетти Тынымкан, Ошол кушту көргөлү, Менден мурун болжолу, Мени ошол куш көргөнү. Мойнун кайрып бурганы, Жердин бети жам-жайкыт, Күн чагылып турганы. Чөптүн баары көгөрдү, Жок табылып көбөйдү. Шамал чыкты аймалап, Көз уйалтып гүл чечек, Жердин бетин саймалап, Көк кашка суулар шырылдап, Көк мелжеп тоолор зымырап, Көп жаныбар кыбырап, Көптүгүнөн кымылдап, Көк асманда көп жылдыз, Күлгөндөй болуп жымыңдап, Уйалгансып кай бирөө, Үлп-үлп этип кымыңдап, Ай чыкты кырдан жаркырап, Ташка түшүп жалтырак, Айылда жүргөн бири жок, Камандын баары калтырап. Биздин турган ушул жер, Көпкөк ойдуң болуптур, Ортодо суусу шаркырап, Көл жайнап чөпкө толуптур, Аккан суунун четине, Алтындан такта койуптур. Мен ээледим тактаны, Сен ээледиң эжеке, Жанындакы бакчаны, Калган кыздар айкалып, Селкинчек тээп жатканы, Аласкатып жаныма, Мен кошподум башканы. Күн өткөндө түн өттү, Күндөр толуп отузга, Аркасынан ай өттү, Айдын аты он эки, Айтылып бирден жыл өттү. Жаркыраган жаз өттү, Жалбырак бышып күз өттү, Ачуу суук кыш өттү, Ачып көздү жумгуча, Ондон артык жыл өттү. Андай кезде бир каман, Өңү суук эң жаман, Ошол бакча жайык көл Бир эле жутуп түгөттү. Алтын так калды каңкайып, Жыгылган жок кыйшайып, Көлүм соолуп какшыды, Бакчам өңүп куурады, Бурулам деп толгондум, Чочуп кетип ойгондум. Жооруйун деп бул түштү, Авазир кыз ойлонду: — Сулуу сиңдим Тынымкан, Мен уккамын укмуштан, Азирети Жүсүп пайгамбар, Чын айтып түштү жоруган, Карылардан угушсам. Алдында келди сел дедиң, Сел каптабай неткени, Коромжу мунда келгени, Күн көрбөй жаттык жер сактап, Кыздары бизден турмайлык, Ата-эне калган журт, Так айласы кеткени. Келген селдин бирин сен, Бири киргил дегениң, Кийин келди Калдуубет, Качып жүрүп бир жерде, Намысынан келген бейм. Келе албады бир кыйан, Көргөн түштү мен, дедиң, Мен айтайын билгеним. Оогандын ханы Бакдөөлөт, Баскан окшойт бир мээнет. Келгени качан кабары, Келе албады эмгиче, Жолун тосуп ошонун, Жолугушуп жоо чыгып, Бакдөөлөт ашып кеткисиз, Ашуусу бийик тоо чыгып, Бастырбай тосуп салган бейм, Андан ашык зор чыгып, Жообун ага берген бейм. Айкын айтсам көрүнөө, Арстандан тукум бар белейим, Абыке баштап келген бейим, Асмандан келсе кара куш, Сага келип болсо туш, Алуучу күйөөң ал бейим. Ободо эргип учкан куш, Канатын сууга какты, деп, Какшып суулар жатты, деп, Барча-барат иш эмес, Ак сакалдар айткан кеп: “Падыша Манас барында, Өзү тирүү чагында, Күн чыгыштын көп эли, Корголоп үйдө жатты” – деп, Аркасында белеги, Анык экен келери, Кыйналды биздин алты урук, Тийет экен кереги. Үч чайанды алыптыр, Камалап элге күн бербей, Кайкап жаткан көп колу, Камандарды чалыптыр. Бирин жолдо жалмаса, Кечиккени ал окшойт, Жолунан чыгып каргаша. Айкын талаа бак болсо, Жер көгөрөт экен го, Күкүрттөн кыйын күч алып, Эл көгөрөт экен го, Эл менен жер жарашып, Тең көгөрөт экен го, Кутулуп жоодон болуп шат. Өңгөн дарак – көп элиң. Өзгөрүп айта дебегин, Ортосу агып суу, дедиң, Ырысым сиңдим деп билгин. Курулган анда так, дедиң, Такка чыктым мен, дедиң, Ойлоп койгун, Тынымкан, Табышар күйөөң келгенин. Ургаачы такка мингени, Таалайлуу эрге тийгени. Таалайлуу болсо алганы, Ургаачыда жок болот, Анча-мынча арманы. “Бакчада эжем сен болдуң” Айткан кебиң бул болду, Бала кезден бер жакка, Сага вазир мен болдум. Келе турган эр менен, Теңдеши жок шер менен, Келет экен бир бойдок, Ээрчип кошо чаң менен. Мен тийипмин ошого, Кармап алтын босого, Сурагын элдин тапшырып, Кетет экен ошондо. Ээ болгонум мен бакка, Эл сурап мында жатканым. Убайым тартар бир жер бар, Тынымкан кийин айтканың, Күн батыштын тарабы, Каман чыкты деп айттың, Көргөнгө башка түрү суук, Жаман чыкты деп айттың, Соолутуп сууну кургатып, Соруп жутту деп айттың. Ак калпак кыргыз алашка, Ал дүйнө кеткен зор Манас, Арбагы азыр Таласта, Моңгул, манжу эки журт, Анжу, кидан - эгиз журт, Калгандан канчоо кошулуп, Телегейи тегиз журт, Көкжалды жутуп койот бейим. Ошонун баары чогулуп, Элөөсүз жерде кайран эр, Табылып эби калат бейм. Эпсиз жоого жолугуп, Жыгылбай тагың кыйшайса. Санаага кудай туш кылса, Өзүң калсаң кара баш, Жалгыз калбайт экенсиң, Эркек бала калат да, Кармаарыңа неме жок, Талсыз калбайт экенсиң, Кыйноосун тартып көп анын, Алсыз калбайт экенсиң. Чочубастан ойгонсоң, Жүрөт элең далайга, Чочуп кетип ойгондуң, Өмүрүң кыска экенсиң, Учурайсың ажалга. Турдум эле ордуман, Чыгайын деп талаага, Бар эле башта ызы-чуу, Үн басылбай буларда, Үч күн болду үн чыкпайт, Чыкмак элем карарга. Эрксиз бенде баш ийет, Эзелде келген тагдырга, Ажалдан коркуп Тынымкан, Көп ойлонуп такшынба. Баштатан бар макалы, Айтылып келген эл журтта: “Күнүнөн калса айына, Айынан калса жылына, Жылынан өтүп кеткенде, Калат деген кылымга”. Каласыңбы ошентип, Оңолсо ишиң чынында. Авазир кыз козголду, Эшикти карай чыгууга. Акмалай байкап тешиктен, Кулагына угулбай, Мурункудай ызы-чуу, Абайласа эшиктен. Эшиктен кабар алыптыр, Тешиктен чыга калыптыр, Ошол кезде Сомбилек, Талаага жетип барыптыр. Ат-тону бөлөк не жан, деп, Абыдан байкап алыптыр. Авазир кыз көргөндө, Жүрөгү кетти кабынан, Билеги кетти сабынан, Эндиреп көзү күүгүмдөп, Абыдан кетти шайынан. Коромжубу, Калдуубет, Капташтымбы буга, деп, Байкастаса авазир, Түрү суук кептенбейт, Жүрөгү коркуп лакылдап, Авазир кыз шектенбейт, Тынымкан айткан жаңкы түш, Авазир кызга элестейт. Ачып көзүн ирмеди, Көрүнбөй туруп көкжалга, Көөмөйдөн көзүн жиберди. Тамылжып өңү кызарган, Билгенге жумуш узарган, Тал чыбыктай буралган, Айдары алтын нурданып, Мингени жорго кылтылдап, Жылдыздай көзү жылтылдап, Караанын көрүп арстандын, Авазир кыздын жүрөгү, Токтобостон зырпылдап. Авазир кыз кыйын кыз, Көзү өткүр сөзү түз: “Башына туулга көмөргөн, Басташкан жоону көргөндө, Баш тартпаган өлөрдөн, Жамынган тону баданы, Жарашыптыр баатырга. Жандашам деген кишиге, Табылбайт ага жок даба. Калканы жондо тартылуу, Алп мүчөлүү далылуу, Кылычы менен балтасы, Кемерине чатылуу. Көзү кызыл өрт болгон, Кылымда мындай жок болгон. Кебетеси келишкен, Жер майышкан жоо келсе, Коркор эмес эңиштен. Бешене ачык, бет тунук, Беттешсе көөнү тунгундай, Бул баатырга туз буйруп, Бой кошсо киши толгондой”. Авазир кыздын ойуна, Ушулар түштү урунуп, Кайра кирди авазир, Аркасына бурулуп, Олтура элек авазир, Тынымкан калды жолугуп, Көргөнүн көргөн бойунча, Авазир айтты оолугуп. — Кымбаттуу сиңдим Тынымкан, Күйгүлтүктүү кеп айтам, Көөнүңдү койуп тыңшасаң, Учурап калды бир киши, Эшикке чыга мен калсам. Ал киши мени көргөн жок, Коркуп жүрөк кан уйуп, Сүйүнүп маңдай жарылып, Авазир эжең өлгөн жок. Белимче чыгып баратсам, Бендеден көрдүм бир адам, Сын-сыпаты турушу, Бендеде жок жаралган. Коркуп кеттим көргөндө, Коромжу менен Калдуубет, Келгенби деп алардан, Бизди издеп келди деп, Кабар айтып бир адам. Козголуп араң токтолдум, Мен өзүмчө оштондум, Байкап көрдүм мен аны, Көзүм жеткен керегин, Эп келтирип Тынымкан, Кантип айтып беремин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.