← Сомбилек

Эсирген Бакдөөлөттүн жер кабышы

Өткөндөр өкүм берди, деп, Жетимдиктен кутулдум, Оролума келдим, деп, Батышты карай жөнөдү, Басташар жоосун белгилеп, Арада эчен конуптур, Таалайы артык жетимге, Дагы жумуш болуптур Жумуштун жайын угуптур. Өзү кары аксакал, Учурады бир адам, Салам айтып кол бербей, Ким болосуң дебей, Айалдабай Сомбилек, Катуу барат ченебей. Жолуккан кары кеп айтат: Тура тур балам, — деп, айтат, Ат сурашып кеп угуп, Андан кийин кетели, Жолубузга бөлүнүп, Ичеги-бооруң эзилет, Ажарлуу жүзүң көрүнүп. Кайсы жактан келесин? Кайсы жакка барасың? Билесиңби кабарын, Айкөл Манас жердеген, Айтылуу жери Таласын? Карыйадан кеп угуп, Таластын аты чыкканда, Тура калды бурулуп: — Ассалама алейкум, Жолуңуз болсун карыйа, Не жумуштан барасыз, Сурумжалдап Таласка? Жердээр деп жүрөм Таласты, Оорагын билем башынан, О дүйнө кеткен Манасты. Таластан келдим бул жерге, Бармакчы болуп жөнөдүм, Батышта маңгыт элдерге. Сомбилек мындай дегенде, Алсыраган аксакал, Алдырап кебин баштаган: — Алейкум салам, жаш бала, Тура турчу аз гана, Желе-жорто келайтам, Жетем деп качан Таласка, Көрбөгөмүн Таласты, Көп укканмын элдерден, Ээлеген ээси Манасты. Мен карыны сурасаң, Кара калпак элинен, Шүкүрлүүнүн тоосунан, Мында араң келдим мен. Шүкүрлүү бизге жер эле, Алты уруу эл эле, Кара калпак, түркмөндүк, Тажик, калча дээр эле, Жүржүт менен жуда бар, Алты уруусу ал эле, Алты урууну башкарган, Карманап менен Карадөө, Ага-ини неме эле, Карадөөдөн тукум жок, Орунсуз экен дүйнө шок, Карманаптын алганы, Хан Жакыптын Кардыгач, Ал Манаска эже эле, Кардыгач менен хан Манас, Жатындаш тууган деди эле, Түшчү, балам, бул жерге, Айалдагын бир демге. Ат чалдырып алалы, Айтышып кепке каналы, Суусун ичип алалы, Сурашып кепке каналы. Аттан түшө калышты, Отко койо салышты. Калдалаңдап карыйаң, Чаначын чечип жанынан, Жан айагы бар экен, Кошо кармап сабынан, Чаначынан кымызын, Баса койуп абыдан, “Тамак берсең кишиге, Өзүң ичип бер” деген, Өткөндөрдүн кеби экен, Бул айтканы эп экен, Сапты айактап кымызын, Каргыта жутуп жиберип, Чаначтын оозун имерип, Мелтилдете толтуруп, Ичкин, балам, ичкин, деп, Дембелеп бешти ичирип, Курсактын ишин бүтүрүп, Кардын сылап абышка, Улутунуп үшкүрүп: — Эми, балам, менден ук, Менден уксаң бейлеп ук, Карманаптын урпагы, Үзүлбөй келди бар дагы, Шай колдогон Манастын, Колдогон белем арбагы. Бүгүн бар уулдун алы жок, Кызы сулуу Тынымкан, Бендеден андай деги жок. Отуз кызга баш эле, Он төрттө өзү жаш эле. Башынан калган нарк экен, Сулууга ар ким кас экен. “Коросондон келдим, — дейт, Коромжу атым билгин, — дейт Алты уруктун айлы сен, Тынымканды бергин, — дейт, Бербес болсоң Тынымкан, Беттешер жерге келгин” – дейт. Тартууга берсең мал албайт, Алтын берсең зар албайт, Суйкайган эчен кыз бердик, Тынымкан дейт, аны албайт, Күндө бирден жаңылап, Салык алып эл кыйнайт. “Коросонго бергенче, Мени өлтүрүп койгун” –деп, Тынымкандай кыз ыйлайт, Коромжудан кысталдык, Кол сунганын бере албай, Эл чогулуп кеңешти, Кеңеш болду ар кандай. Ар жерде кары элдер бар, Акыл тапты олтуруп, Ак сакалдуу карылар: “Ак калпак кыргыз алашка, Аттанып бириң барыңар, Айкөлдөн урпак бар болсо, Башына сыймык бак консо, Алып келе калыңар, Кыргыздан айла болбосо, Келбес бекен алыңар, Таласка барып келгенче, Коромжуга жок жерден, Бир шылтоону табыңар”. Акылды антип эл тапты, Айтылуу Талас жер тапты. Абыке барып келгин, деп, Шайлап мени атказды. Улуу-кичүү – баарыдан, Учураган адамдан, Сурамжалдап келатам, Калтырбай кепти мен айтам. Таластан келдим мен дедиң, Ачык айтып маа бергин, Таластын чоңу ким болот? Дайынын анык билейин, Баш кишисин айтып бер, Жооптошуп келейин. Басташар барбы душманга, Барганыма жараса? Убара болуп атайын, Белдүү баатыр эр болсо, Баштап алып кайтайын. Абышка айтып токтолду, Коромжу атын укканда, Кайран бала шоктонду, Тынымкан сулуу, дегенде, Жүрөгү жалын чок болду, Баатырдын уулу Сомбилек, Сөзүн баштап козголду: — Чоң атабыз карыйа, Жолугуштук талаада, Бар сырың айткын жашырбай, Мендей жүргөн балага. Чокчоңдогон Коромжу, Сомбилек бала мен бармын, Чукуп көзүн аларга. Түп атабыз эр Манас, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, Калдуубет барды маңгыттан, Алмакчы болуп эл талап, Беттешип чыктым мен ага, Бейпайды салдым аларга, Келгенине кайгырып, Уктабай калды бушманда. Беттештик алты күнчөлүк, Алты күндүк сайышыш, Калдуубетке күч келип, Качып кетти элине, Кайта кетти жерине, Аркасынан баратам, Азабын колго берүүгө, Атамдын аты Бекбача, Таласка тепсеп келгенге, Мен боломун чоң капа, Угуп алып Абыке, Күлгөн болуп калп эле: — Бардыбы сага Калдуубет? Калдуубет качты дегениң, Жарабаган бул бир кеп. Күн батыштын тарабын, Күндө уулаган Калдуубет, Күндө тыным алдырбай, Түндө уулаган Калдуубет, Иран, Багдат биригип, Алы келбей кан сийип, Эл чуулдаган Калдуубет, Жан жүрбөстүн кумунда, Шер койбогон Калдуубет, Түштүк менен батышка, Эр койбогон Калдуубет, Менден качты дегениң, Киши угаар кеп эмес, Жумуру баш айры төш, Адам уулу тең келбес. Кең далылуу Калдуубет, Жылда келет биздерге, Келбейт өзү дегеле, Жылкычы, койчу кем таалай, Келет биздин элдерге, Алдырайбыз делдеңдеп, Айанбай мал-пул берерге. Кантип аны качырдың, Муштумдай бала сен эле, Алдындагы кеңеште, Коромжуга бербеске, Калдуубетке бармакбыз, Коромжуну өлтүртүп, Кутулуп андан калмакбыз. Пейли бузук Калдуубет, Ал кишинин этин жейт, Айбан мүнөз чочкого, Тынымканды кыйалбай, Таласка бастык паана издеп, Угуп жүргөн кеп үчүн, Калдуубет качты дегенге, Ишенбеди Абыке. Абыкеден кеп угуп, Тынымкан сулуу, деп угуп, “Коромжу келип коркутуп, Койуптур элди куурултуп, Калдуубет качты дегенге, Ишенбеди Абыке” Сомбилек айтат ошондо: — Кебимди уккун Абыке, Ат арытып тон тозуп, Атайын келдиң бул жерге, Дайнымды абдан угуп ал, Андан кийин жолго сал. Түп атам Манас зор өткөн, Беттешкен пенде жок өткөн, Бей ажал өлбөс Семетей, Белдүү туулуп чоң өткөн. Семетей уулу Сейитек, Ат көтөргүс дөө өткөн, Жыйырма бештен ашканда, Ат мине албай жөө өткөн, Сейитектен Кененим, Жалаңгыч сарык дегениң, Эр Кененим зор өткөн. Кененимден Сейити, Кекенишкен душманга, Салып келген кейишти. Кең керкитте Сулайман, Жети дөө уулу биригип, Калбаган жанын соогалап. Кармашкан жоого башында, Окко учуп өлүптүр, Жыйырма эки жашында, Сейитиден эгиз уул, Асылбача, Бекбача, Алысбача өлүптүр, Жыйырма беште жашында. Иниси калып Бекбача, Душманга салган көп жапа. Ат изин адам салбаган, Ата конуш Таласка, Уккан айран калгандай, Бекбачанын ишине, Барып келген деп айтат, Дөө, перинин ичинде, Жеңилбептир өлгөнчө, Жер жүзүндө кишиге, Акыл менен иш кылган, Кырк төрттүн ашын берем, деп, Ай-ааламды бүт жыйган, Кабар уккан барлык жан, Калбай келген ар кайдан, Кыргызды талап алсак, деп, Ойунда кастык балардан. Келген элди жаткырып, Майга чылап бактырып, Байгеге атты чаптырып, Токсон бешти бир сойгон, Мырзабекти баш кылып, Кыйа карап койгондун, Эки көзүн жаш кылып, Жараткан экен кудурет, Эрибес боорун таш кылып, Өлүп кеткен уу ичип, Койнунда катын кас кылып. Кыз катындан мен туулдум, Атымды уксаң Сомбилек. Бекбачанын уулумун, Он бештемин ушул кез. Томсортуп талап алам, деп, Токтобой келген Калдуубет, Кубарсан жети атабыз, Айткан эмес жалган кеп, Оролмонун сеңирде, Жалбардым арбак шерлерге, Он жети күн уруштум, Ороолошуп туруштум, Он сегиз эри бар экен, Улутуп баарын куруттум. Калдуубеттин кыр арка, Кылкандай болгон кабырга, Катары менен кыйрады, Кан жыттанган доңуздун, Кайран жаны кыйналды, Кадимкидей боло албай, Качырып найза уралбай, Калдайып карап туралбай, Караңгынын чапанын, Калкалап чүмкөй жамынып, Качып кетти уйалбай. Аркасында аскерин, Куткардым кара баштарын, Түшүрүп алдым аттарын, Айдап барып Таласка, Жайытка салып таштадым. Артынан сайа кубалап, Келе жаткан убагын, Бар жайымды мен айттым, Абыке аба сурадың, Тон ылгап кийип жаратып, Ат арытып жадатып, Таалайым болсо меники, Табылат душман жолумдан, Кутулаар жери калган жок, Качып эми колумдан. Сомбилек айтып болгончо, Опколжуп турат Абыке, Ашып-шашып кеп айтат, Ойлонгонун деги айтат: — Атың болсо Сомбилек, Мен сураймын да бир кеп. Түп атам Манас баатыр, деп, Беттешпеди такыр, деп Мактандыңбы сен бала, Билбеген киши мени деп? Өткөндөрдүн аттарын, Жаттадыңбы сен бала? Калдуубеттей баатырдан, Качпадыңбы сен бала? Маңгыттан чыккан он сегиз, Жастадыңбы сен бала? Найзага темир он бешти, Аштадыңбы сен бала? Калдуубет качып жоголсо, Кара жаның кыйнабай, Жатпадыңбы сен бала? Качкан жоо кайра келеби? Келген менен жериңе, Кекенип сени жеңеби? Кыр аркасын кыйратып, Кызыл канын чубатып, Кубалапсың кошуунун, Өз жерине чубатып, Качкан жоону куубастан, Кылычты канга жуубастан, Чын болсоң Манас тукуму, Коржоңдотпой ушуну, Коросондон куткарып, Коромжудан кек алсаң, Кыйындыгын көрсөтүп, Кылымдан чыккан кызды алсаң, Жез оймоктон узду алсаң. Тынымкан алсаң делбиреп, Коромжуну жеңди, деп, Баатырлыгың эл билет, Аркаңдан чубайт чуркурап, Алты уруу калбай бүт кирет. Сулуу кыз турса моймолжуп, Суук колдон сулууну, Сууруп албай соо койуп, Качан душман күч келсе, Куткарып келген бүт элди, Кыргыздар келип туу болуп. Карманаптын барында, Улуулар айткан кабарда, Арстан Манас куткарган, Мадыкөлдүн каарынан, Семетейдин тушунда, Бадыкөл салган кордукту, Биздин элге өткөргөн, Жанга баткан зордукту, Семетей келип куткарды, Башы боолуу кулдарды. Маңгыт менен таңгыттын, Кыз-келинин ийлатты, Шаңкай менен бараңды, Эркин кылып жыргатты, Кутургурду Таласта, Кыз Куйалы кыйратты, Сейитектин тушунда, Саламат болду акылдаш, Кененимдин тушунда, Моңгулдарга кошулуп, Кыргыздарга болду кас. Саламатты Кененим, Ачык сырын билгенде, Жоготуп койду уйпалап. Саламатка башында, Коросон, ооган кошулган, Баш көтөрсө маңгыттар, Биздерди карай кол сунган, Сейитинин тушунда, Былк эткен маңгыт болбоду, Бекбачанын тушунда, Саламаттын хан Калдык, Баш көтөрдү ушунда. Алтын берип алдады, Малын берип жалдады, Коросон, ооган, испанды, Кошуп алды буларды. Моңгул, манжу элдерин, Алдап келди эрлерин, Мал менен пулга алданган, Баары келди чогулуп, Бекбачанын колунан, Түгөнүштү жоголуп. Баарысы өтүп дүйнөдөн, Басташар киши жок болуп, Канча жылы жам-жайкыт, Жаттык эле токтолуп, Өлүмдөн башка бары неме, Акылга келбей токтолуп. Маңгыттан чыккан Калдуубет, Жалындап күйгөн от болуп, Кастык кылып кыргызга, Кастарып тигип бул журтка, Жез барабан зыңк этти, Качырдым деп Калдуубет, Айткан болсоң чын кепти, Коросондук Коромжу, Коркутту келип бул дагы, Коромжуга Тынымкан, Биз бербеске туралы, Манастын уулу чын болсоң, Чыгаргын ичтен мудааны, Ак бата кызыл каны бар, Жакып менен Карманап, Унутпасаң куданы, Жашырынбай Сомбилек, Мени менен кошо бар, Коросонду чуулатып, Коромжу сайып кулатып, Тынымкандай сулууну ал. Эркек бала туулганда, Эл асыраш наркта бар, Эрегишип кыз алмак, Илгертен берки салтта бар. Биз жөнөйлү Сомбилек, Ээн талаада биз турбай, Сен жаш бала мен кары, Жутуп алчу талаада, Суусун кымыз мындагы. Капшыра кармап Абыке, Алып келди чаначты: — Өз колу менен Тынымкан, Куйуп берген мага, — деп, Кудай буйруп койуптур, Бул кымызды сага, — деп, Жолукпасаң сен бүгүн, Көрөт эле талаа, — деп, Баса жуткун, Сомбилек, Көз толтура кана, — деп. Анда айтат, Сомбилек: — Айткан кебиң, Абыке, Акылга сыйбас бу бир кеп. Тынымкан куйган бул кымыз, Суусун кана жуткун, деп, Кыз куйган кымыз экен, — деп, Кыйналып түркмөн эл турса, Кырда ичич кайсы кеп? Суусап калган баланы, Кымыздан ичсе түтөбү? Касташкан душман барында, Баш кесип кандан ичели, Коромжу келип кол салса, Койчудан бетер кыр-кырда, Сомбилек суусун кандырса, Кош колдоп баатыр арбагы, Мени төмөлөтүп бир урса. Кусуру урса оңомбу? Куу тумшук бала кобомбу? Кесири урса кобомбу? Мен жетим жакшы боломбу? Суусасаң ичкин, Абыке, Жүр, турбайлы, коболу. Кыйналган элди эске алып, Кымыз ичпей койгону, Аттарын алды чалуудан, Баса минип абыдан, Бала жолборс, Абыке, Жарышып кетип бараткан. Балтыктын үстү Бозжарда, Бир топ жан чыкты алдынан, Топ ичинде бирөө бар, Караанын көргөн адамга Баатырлыгы таанылган, Көргөн жерде Абыке, Бурултпастан тааныган, Үч жылы барып ооганга, Элинде жүргөн Абыке, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Каарына калган жан, Кан кусуп жатып үйдө өлөт, Айныбай билди Абыке, Оогандан келген Бакдөөлөт, Тынымкандын айынан, Кара калпак, түркмөндүк, Кызын берсе алам, деп, Кыз бербесе бул элди, Кыймылдатпай чабам, деп, Опсуз баатыр Бакдөөлөт, Өз ойунча камынган, Отуз менен отуз бир, Ортосунда жашы бар, Ашык айтты дебесең, Төрт тиши койдой башы бар, Ачыгы жок арасы, Туташып калган кашы бар, Жаагы толук, көз тунук, Калың ооган элине, Жалгыз өзү бир урук. Тынымкан чыгаан сулуу, деп, Келген экен кеп угуп, Алдында минген сур аты, Токтобой турат удургуп, Артында колу чубаган, Алдыда жүрүп Бакдөөлөт, Адырдан кийик уулаган, Канча кийик капташса, Кутулбай бири сулаган, Адам менен айбандан, Кыймылдаган бар жандан. Кастап калса Бакдөөлөт, Качан бирөө кутулган, Караанын көрүп Абыке, Үмүт үздү жанынан, Тепеңдеген чалыңдын, Билеги кетти сабынан, Жүрөгү чыкты кабынан, Кайдан келдим мында, деп, Жүрөгү чыгып кайгырган. “Үйдө жатсам тынч эле, Катын менен баламдын, Өлбөйт белем колунда, Жолобойт элем чабуулга, Жергелеш айып тобунда», Эсине келип Абыке: “Жүрөгүм менин не тайкы, Манастын уулу Сомбилек, Жанымда турса не кайгы? Караан кылып баланы, Үй кылып жаткан талааны, Келбедим беле ээрчитип, Коромжуга баргалы. Куу тумшуктун багыбы? Коромжуга жеткирбей, Бакдөөлөт чыгып калганы, Баатыр үчөө, кыз жалгыз, Буйургандыр жараткан, Кимисине алгалы? Манасты алып эсине, Кайраттанып калганы, Оңдонуп минип атына, Айбаттанып калганы, Сомбилек кетип баратат, Түз бастырып баргалы, Бакдөөлөт көрүп байкады, Келаткан эки караанды, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Кыйын сынчы өткүр көз: Утур чыккан адамдын, Бири кары, бири жаш, Карбаластап келатат, Ашыгыш иши бар чыгат”. Бири кары чалына, Көз жиберди балага, Байкаса карап Бакдөөлөт, Тотугуп өңү оңо элек, Тор этине толо элек, Аттанаар чагы боло элек, Балапан жүнү бата элек, Балтыр эти ката элек, Байкап турат Бакдөөлөт: “Ойноо бала эселек, Бараалына келгенде, Баш жутуучу кептенет, Ким экенин билем” –деп, Бакдөөлөт анда кеп берет, Алдында минген сур аты, Кетүчүдөй тебелеп, Жамгыр жаап жаткандай, Аттын тери себелеп, Анчалыгы болбосо, Бакдөөлөттүн не керек! — Бириң кары, бириң жаш, Келесиң кайдан эки баш? Арыган кары экенсиң, Шашылып барып бир жакка, Кайткан кары белемсиң. Самаган жерге жете албай, Күнү-түнү бир тынчып, Ат өргүтүп эс албай, Жүргөн киши экенсиң, Кай тарапка барасың? Карыйам, кебиң саласың. Карышкыр жүрөт ээрчитип, Башыктырып баласын, Дайынын айткын угайын, Кыргыз жери Таластын, Кыйноосун тарткан экенбиз, Кыйамында Манастын. Оогандын Кабыл шаарынан, Мен Бакдөөлөт келатам, Түркмөндөн барып кыз алам, Тынымкандай уз алам, Кабарын угуп сулуунун, Алсамбы деп баратам, Ооганды карай кетерде, Таластан барып өч алам, Кызыталак кыргыздын, Бооз катынын жарбасам, Чытырап кооз кийинген, Кыздарын олжо кылбасам, Сүттүүсү менен сүрөгүн, Сүрүп малын айдатам. Угушумча нечен жыл, Козголбой кыргыз келаткан, Кылымдан бешөө артынан, Өтүп кетип бараткан, Баарыбыз адам баласы, Манасты кандай жараткан? Чыныңды айткын жашырбай, Чын сурадым, абышкам, Жайыңды айтып билдиргин. Жаныңдакы жаш балаң, Эр көкүрөк, сом далы, Балбан болчу бала экен, Кызыгышса кан иччү, Жакыр болчу жан экен, Басканында жер чаңдап, Такыр болчу бала экен. Кененимди кармаса, Кебез тоочо бар экен, Каарына алса бул бала, Так Үргөнчтөй шар экен. Кабарын толук айткының, Кайсы элдин жашы экен? Ачык айта кеткиниң, Атасы мунун ким экен? Бирге турган Сомбилек, Абыкеге кеп бербейт, Таласты чабам дегени, Сомбилекке эп келбейт. Ойунда турат Сомбилек, Ажалы мунун жеткен, дейт. Ошондо айтат Сомбилек: — Белдүүсүнүп, Бакдөөлөт, Мен оогандан келдим, деп, Аларым сулуу кыз, дедиң, Таласты неге издедиң? Талаарым түркмөн журт, дедиң? Манасты неге эстедиң? Бараарың түркмөн журт болсо, Аларың сулуу кыз болсо, Душманым качып колумдан, Кууп келем мен болсо. Кабарга барган жан экен, Абышка жайы ал экен, Айтсам сага түп жайым, Мен Манастан калган бала экем. Кеп сураган карыйаң, Абыке деген чал экен, Сен алычу Тынымкан, Алуучу эри бар экен. Коросондо Коромжу, Сулууну берсең алам, деп, Тынымканды бербесең, Түп көтөрө чабам, деп, Коркутуптур бул журтту, Алычу эри ал экен. Коромжунун кабарын, Мага барып айтмакка, Абыке кетип бараткан, Жолугуп калды талаада, Калдуубетти качырып, Артынан кууп келатсам. Таласка барбай жаткын, деп, Издеп барчууң менмин, деп, Кайта алып келатам, Жерим Талас дегенде, Элим алаш дегенде, Кабарга барган Абыке, Алып келдим дегенде, Элебей турган Бакдөөлөт: — Токтой турчу, бала, — деп, Токтоло калып мындай дейт, Каарымды көрбөй апкаарып, Кайып кетип жатасың... — Атамдын аты Бекбача, Өзүмдүн атым Сомбилек, Оозуңа келип тыгылып, Укканыңды унутуп, Апкаарыпсың эт жүрөк, Түп атам Манас айкөл шер, Сен унутар киши эмес. Айтканың билбей унутуп, Эсиң чыгып, уу жутуп, Анталаган экенсиң, Тайны жок айткан кебиңдин, Тамталаган экенсиң, Оогандын элин билем, деп, Далбаңдаган экенсиң, Кара күчкө калп эле, Калдаңдаган экенсиң, Кайсы экениң белгисиз, Дардаңдаган экенсиң, Кыз алам, деп ашыгып, Салбаңдаган экенсиң, Камыш эмес жекенсиң, Кыз алам, деп ашыгып, Бекер келген экенсиң, Кыз алам деп оогандан, Аттаныпсың анталап. Менин да бар ойумда, Тынымкандай сулуу алмак, Өткөн өчүң бар беле, Таласка барып чуу салмак? Барамын деп Таласка, Чет келип иши Манаска, Калдуубет качып жоголуп, Менин ойума бармак, Абыке айтты бүт баарын, Жолумдан мага учурап, Коромжу келип жатыптыр, Коркутуп элди ал камап. Биз үчөөбүз, кыз жалгыз, Бак-таалайга салышып, Бирөөбүз кызды аларбыз, Тынч жаткан элди коркутуп, Кара калпак элине, Эминеге барабыз? Айтып барсын кабарды, Абыке биздин агабыз, Коромжу келсин бул жерге, Ким жеңилет, ким жеңет, Андан кийин барарбыз. Үчөөбүздүн үч башка, Ээрчишпеген санаабыз, Кимге багы жар болсо, Кызды ошол аларбыз, Кабарын уккан сулууну, Сүйүп моокум канарбыз. Коромжу барсаң канетет, Абыке калыс ага сиз? Камынып келсин Коромжу, Бейкам келдим дебесин, Коромжу менен Бакдөөлөт, Кошулуп экөө бириксин, Жалгыздан жүрүп алдырып, Арманда калдык дебесин. Чамасы келип чарк жетпей, Чамыккансып баратса, Калдуубетти келсин деп, Айттырып киши жиберсин. Сулуу кыз тапкан элиңер, Эл башкарган ханыңар, Кызыксаңар урушка, Тамашага келиңер. Келбесе калсын башкасы, Абыке аба, өзүң кел. Кабарга келген абамсың, Бакдөөлөт менен Коромжу, Кол кармашып бириксин. Арбагы Манас жар болсо, Коркпой туруп алармын, Олжоңду каалап аларсың, Элиңе барган кезиңде, Менин атым Сомбилек, Манастын уулу келди, деп, Элиңе айта барарсың, Тынымкан уксун атымды, Чыгарсын ичтен дартыны. Койбоймун тирүү эл билсин, Коркутуп элди жан баккан, Коржоңдогон Коромжу, Эл бүлүнткөн жакырды. Коромжу өлсө жан тынбайт, Койгулашып салышпай, Бакдөөлөт карап бул турбайт, Кабар укса Калдуубет, Мен алам, деп бел байлайт, Корптой туруп үчөөнү, Сомбилек уулуң тең жайлайт. Ошончолук болбосом, Укпай туруп түркмөндүк, Эмне үчүн бел байлайт? Кара калпак, өзүбек, Кабарымды уккан жок, Коромжу келип коржоңдоп, Элге бүлүк салды чок. Тажик, калча элдери, Манастан урпак бардыгы, Булар такыр билбеди, Күч келгенде жанына, Көзү менен көрбөгөн, Кулагы угуп билбеген, Жок ишке сизди жиберди, Бар болуп Манас тукуму, Жок болду элдин күмөнү. Ишенгени чын болсо, Бак-таалайым бар болсо, Арбагы Манас колдосо, Коромжу менен Бакдөөлөт, Колдору отуз миңден бар, Коркуп кетип Сомбилек, Кол сурады дебесең, Колбутуп айдап олжоңду ал. Мактаныптыр дебесин, Көзү менен көрүшсүн, Тийер болсо керегим, Кызга сөйкө салгамын, Алтымыш миң ат болсун, Ошол болсун бергеним. Керт башыңа Абыке, Авазирлик сыймыкты, Дал өзүңө беремин, Тийер болсо Тынымкан, Ала келгин белегин. Бакдөөлөт менен Коромжу, Жеңип алсам бул экөөн, Тынымкандын ойунда, Эч болбосун жок күмөн, Тийбес болсо Тынымкан, Душманыңдан куткардым, Зордоп тийгин дебеймин. Айдай жаркын нур бетин, Өмүрлөшүп кошулсам, Тынымкандын көрөйүн, Айтканымды кылбасам, Адам болбой өлөйүн. Көп кечикпей күн өтүп, Калдуубеттин каарынан, Бараң менен шаңкайды, Андай эчен канчаны, Кулданып алган калчаны, Ажыратып алайын, Атамдын кылып нускасын, Улайын учу кыскасын, Кемтигине курайын, Кеп билгенден сурайын, Кейишти тарткан ким болсо, Керегине жарайын, Буларды салып жолуна, Көп кечикпей барайын. Башка иши жок болуп, Оогандан келсе Бакдөөлөт, Кыз үчүн келсең козголуп, Талашпай сага кыз берип, Жакшылашып калайын. Бар болсо кегиң Манаста, Бармакчы болсоң Таласка, Кебиңди айтчы, Бакдөөлөт, Түп сырыңды угайын. Бакдөөлөт турду оолугуп, Күрсүлдөп сүйлөп буулугуп: — Манастын уулу Сомбилек, Байатан айткан кебиңден, Коркуп кетчү мен эмес. Ооганга барып кол салбай, Орто жерге жол салбай, Манасың бекер жүрчү эмес, Түп атамды алыптыр, Түйшүктү Манас салыптыр, Аз келгенсип анысы, Оогандан жалгыз кыз чыкса, Айчүрөктөй уз чыкса, Чынкожо менен Толтойдон, Семетей тартып алыптыр, Жашырып жабар жериң жок, Барлык элге аныктыр. Тынымкан сулуу чыкты, деп, Кулагым укту ыраактан, Ал үчүн келдим түркмөнгө, Аты чыккан кызды алам, Атайын барам Таласка, Атамдан берки өчтү алам. Күң кыламын кыздарын, Кул кыламын уланын, Колбутуп айдап жөнөйүн, Корооңо койбой бар малың. Чабалы болсо таштаймын, Айткандан кайра тартпаймын, Кемпир менен чалдарың, Кесип башын таштаймын. Келини менен жубаның, Кейишке башың саламын. Май жебейт ити деп угам, Эл кыдырып кыргызга, Күндүк тамак суратам, Моңгул, кытай, манжуга, Кабар салып мен айтам, Кектүүлөр келсе соога деп, Куру кетпей мына деп, Кыргызды бөлүп таратам, Жаным тирүү турганда, Жалпы алашты каратам, Жагалданып мактанып, Жабырадың сен, балам. Катарда киши кептентип, Кармашып жеңдиң муну, деп, Калган элге уйалбай, Кай бетим менен мен айтам? Сен эмес, бала, тетиги, Коросондук Коромжу, Кошуп аны дагы алам, Укпагамын мурунтан, Мактадыңар байатан, Калдуубетти мен угам. Калкка кара санаган, Кара нээт неме окшойт, Калтырбай аны дагы алам, Манжу, моңгул, кытайга, Кучакташып кол артам, Аралашпыз кашкарга, Карабайбыз башкага, Кыр кез деген кезегиң, Келтирейин башыңа, Жаныңдан тойгон экенсиң, Он төрт - он беш жашыңда! Айтып болуп Бакдөөлөт, Кан ичме жинди кара нээт, Опколжуп кирди качыра, Беттештирбей алам, дейт, Өпкөгө найза батыра, Бакдөөлөттүн жөлөгү, Жайнаган отуз миң аскер. Сомбилектин жанында, Аксакалдуу Абыке, Сомбилек менен Бакдөөлөт, Баштап кетти урушту, Ойлоп көргөн кишиге, Оңой эмес жумуш бу. Оодарылып кетчүдөй, Каран калган курган жер, Айран кылат аптыгып, Көзү муну көргөн эл. Бакдөөлөттүн аскери, Баатырына ишенет, Жалгыз караан бир четте, Абыкеге күч келет, Оңдоп кармап камчысын, Улам ээрдин тиштенет: Тирүү эмесмин өлдүм, — дейт, Жолу каткан балага, Жолугуп кайдан келдим? – дейт. Баргын деген Таласка, Кара калпак элдерин, Калгандын баарын жемелейт, Талаада тилдейт Абыке, Анын тилдегенин эл билбейт, Одураңдап Бакдөөлөт, Оройу суук бул дөбөт, Өжөр бала Сомбилек, Ого бетер көгөрөт, Бакдөөлөт менен Сомбилек – Баатырлар найза өңөрөт, Басташкан баатыр эки дөө, Баары аскер аттан түшкөн жөө, Баш аламан сайышып, Бакырышат бул экөө, Отуз жашта Бакдөөлөт, Он бештен жашы аша элек, Ойротто жок Сомбилек, Көрүп турган көпчүлүк, Баатырлыгын белгилеп: “Көрбөгөн киши укканбыз, Бекбачадан кем эмес, Бели катуу бала экен, Берен болчу жан экен. Бараалына келгенде, Басташып келсе бар бенде, Беш тараптан жоо сайса, Беш катарлап кол сайса, Козголуп койбос кара таш, Салмагы тоодой бар экен.” Карап турган оогандык, Ойлонгону ал экен, Жанагы келген Абыке, Бекбачаны сайышта, Бир катар көргөн жан экен. “Айткан эле Сомбилек, Бекбача менин атам, деп, Калп аралаш кеп айтпай, Айткан экен чынды” — деп, Күлүп ийет кээ-кээде, Көзүн ирмеп жымыңдап, Баракелде бали деп, “Манастын уулу Сомбилек, Сайышып көрдүм болду, — деп, Өлсөм мейли карганда, Баатырдын көрбөй сайышын, Өлгөнчөктү арманда. Арбагың Манас жардам кыл, Сомбилектей балаңа. Бакдөөлөттү жеңди деп, Коржоңдогон Коромжу, Кыр көрсөтүп барарга, Барлык киши талашкан, Тынымкандай сулууга, Баланы мактап барайын, Кара калпак элиме, Бар кебимди салайын”. Эрдигин таанып Абыке, Эрбеңдеген баланын, Айтар кебин тизмектеп, Ойлонуп турат Абыке, Элине айтар саламын. Чактап болду Сомбилек, Бакдөөлөттүн абалын, Бири отузда, бири он беш, Ошол экөөн карагын. Тоодой болгон Бакдөөлөт, Томуктай бала Сомбилек, Койгулаша келгенде, Окшош экөө тең жүрөт, Карсылдаша кеткенде, Найзадан жалын от күйөт, Кимиси баатыр ким коркок, Карап турган эл билет. Ондон ура сайышып, Өжөрлөнүп тайышып, Өчөшүп турат бул экөө, Бир-бирине кайышып. Өтпөй найза калганда, Балта менен чабышып, Сомдогон темир балта курч, Байкап турат калган журт, Куйкалары куйушуп, Чындап ачуу келгенде, Маңдай тери бырышып, Күн-түнү жок бир тынбай, Келе жатат жулушуп, Бадана томдор жыртылып, Байкаганга бир шумдук. Темир кылбай чыдаштык, Темирден болуп катураак, Чылгый эттер чыдашып, Чойундар кылбай чыдаштык, Чойундан сөөктөр катураак, Тоготпой булар чыдашып, Барган сайын чыңдалып, Тарамышы чыйралып, Бакырыгы баш жарып, Кыйкырыгы таш жарып, Жердин бети солкулдап, Оодарыла тас калып, Оруп жыйып алчудай, Оодара сайып салчудай, Одураңдап Бакдөөлөт, Айабай ачуу келгенде, Анын бетин ким көрөт. Кайратына карк толуп, Согончок менен теминип, Каарданып кирди ат койуп. Кармаган найза ак түпөк, Орто тоодой зоңкойуп, Оогандын ханы Бакдөөлөт, Бу белгиси келүчү, Бул белгиси келгенде, Билиндирбей миң колду, Бир демде кырып ийчү. Найзасын сайса караташ, Как жарылып кетүүчү, Дөбөдөй болгон неченди, Илип алып найзага, Бастырган бойдон келичү, Канча сапар эр сайган, Калкы муну билүүчү. Оогандар турат белгилеп: “Бакдөөлөттүн кадимки, Каары-күчү келди, — деп, Сомбилек эми жок болот, Кара жерди кучактап, Бул жалгандан кетти” – деп. Жаны ачыган Сомбилек, Жарак албай колуна, (Жаш беренди ким билет, Эмине бар ойунда), Тиктеп турат баатырың, Тиштенип ээрдин бекемдеп. Ойунда келет Бакдөөлөт, Омкоро сайып өтөм, деп. Найзанын учу жеткени, Ирмебей тиктеп кирпигин, Улай кармап алды эми, Сабын кармап Бакдөөлөт, Учун кармап Сомбилек, Байыркы өткөн эрлердин, Баатырлыгын ким билет, Ушундай жерде көрөбүз, Эрдигин анын белгилеп. Көргөндөр айткан кеп экен, Үзүлүп найза кетти, деп. Найзасы сынып кол чолок, Бакдөөлөт калды томолок, Сомбилек минген кара аты, Алчактай басып жорголоп, Эңкейип баатыр Сомбилек, Түп этектен алганы, Көкбөрү тартчу улактай, Үзөңгү боого салганы Ошол өңдүү иши болсо, Бакдөөлөт туруп алабы? Бул этектен алыптыр, Үзөңгү боого салыптыр, Капталда калды кабышып, Кандырга атты салышып, Буттарында үзөңгү, Карсылдашып кагышып Чымдуу жерди аңтарып, Дөмөр башты каңтарып, Ойулуп кетчү немедей, Саз солкулдап аз калып, Тизгин колдо бош эмес, Жүрөргө атты башкарып, Жыгылды баатыр Бакдөөлөт, Эңиш карай баштанып, Үзүлүп кетти этеги, Бакдөөлөттүн сур аты, Ойноп качып кеткени, Атты кармап алам, деп, Сомбилек кууп жетпеди, Кылчайып артын караса, Бакдөөлөт кооп кеткени. Оогандан ону келиптир, Токулуу тулпар бериптир, Эрдемсиген Бакдөөлөт, Жер тайанып жыгылып, Ичинен жалын от күйөт, Арданганы аттан чоң, Айабай ачуу келиптир, Кордонгону койдон чоң, Куп ачуусу келиптир, Туулгасын кийип тултуйуп, Туурасы жоон култуйуп, Каарданып Бакдөөлөт, Карманып балта көгөрүп, Кунан уйдай балтасын, Алдына туура өңөрүп, Оңой эмес Бакдөөлөт, Өзүңдөй нечен эр өлүп, Уйалгандан Бакдөөлөт, Чыдамы кетип жаладан, Тоңкойуп аттан жыгылып, Томуктай болгон баладан, Өңөрүп алган балтасын, Колтугун чойуп көтөрүп, Күч келгенде жанына, Күрс дегенче жөтөлүп, Үзөңгүгө тамандап, Кобо калып Бакдөөлөт, Балтасын шилтеп калганы, Баатыр бала Сомбилек Балтасын башка тийгизбей, Кар жиликтин булчуңга, Качырып найза сайганы, Булчуң эти булунуп Жаткан иттей булчуң эт, Ыргып кетти чулуйуп, Колундакы балтасы, Жерге түшүп дулуйуп, Буудан бала Сомбилек, Чаңдан чыкты суурулуп, Томолотту атынан, Тоодой болгон чочкону, Найза менен бир уруп. Бакдөөлөт ишин бүтүрдү, Көмөрүп аттан түшүрдү, Ойлоно калды Сомбилек, Көрсүн деп ооган күчүмдү, Далыдан ары муштады, Айбалкайдын сөөгүнөн, Найзанын учу кылтайды. Илип алып найзага, Майдандан кайта басканы, Карап турган оогандык, Калбай баары качканы. — Качпаган ооган калкы, — деп, Кырыласың жалпы, — деп, Мен Сомбилек жаш бала, Жаңы чыккан баатыр, — деп, Түп атамдан мага нарк – Өчөшкөндөн кан ичмек. Барганым жок ооганга, Душман бар деп мен издеп, Кара калпак элине, Келипсиңер кыз издеп, Угуп турдуң баарыңар, Ханыңа айттым жакшы кеп. Тил албады Бакдөөлөт, Баланын алы канча, деп, Ханыңды сайып кулаттым, Калганыңа катылып, Мен эмесмин кара нээт, Найзаңды кармап колуңа, Мылтыгын асып жонуңа, Кылычың байлап жаныңа, Тонуңду чечпей кийе кет, Кеңдигимди биле кет, Кек издеп, аскер келбеди, Айдап келген Бакдөөлөт, Аттарыңды мине кет, Барлык нерсең өзүңкү, Кереги жок биздерге. Жолдоку элге катышпа, Кеңчилдик ошол сиздерге. Бүгүндөн баштап оогандан, Уламадан улайым, Укмуштуудан сурайым, Ушул турган силерден, Укмуш укса кулагым. Бүт баарыңды кырамын! Бакдөөлөттүн урушка, Кийген тону бул экен, Минген аты канча эле, Жашырбай да, жаптай да, Алып келгин бул жерге, (Бакдөөлөттүн ардактап, Минген алты тулпарын, Жоо кийими, жарагын, Калтырбай алды бүт баарын) — Эми турбай, оогандык, Элиңди карай чубагын, Менин айткан кебимди, Унутпай уксун кулагың, Абыкеге Сомбилек, Мынабу алты тулпарды, Ар биринин бир миңден, Жылкычалык баасы бар, Тандап туруп Абыке, Жаратып туруп бирин ал, Шалпылдатпай атыңды, Жагалдантып минип ал, Ала барып бешөөнү, Кара калпак болсоң да, Тынымканга сөйкө сал. Бакдөөлөттүн кийимин, Олжосуна алышты, Артып алып атына, Бастырып кетип калышты. — Чапчаңдата бастырып, Кийликпей жолго салалык, Коромжудан кегиңди, Алып берет балаңыз, Карындашың Тынымкан, Эми тапкан олжону, Калыңына алыңыз. Карап турат көзүңүз, Айтып келген өзүңүз. Коромжу колу отуз миң, Бакдөөлөттүн ат-тонун, Көрүп көөнү болсун кир. Жүр, абаке, жүргүн, — деп, Жүрүп кетти Сомбилек. Суурулган Сурча тулпарды, Минип кетти Сомбилек, Муну мындай таштайлы, Сомбилектин Шүкүрлүү, Барганынан баштайлы.