← Сомбилек

Сомбилектин маңгытка каршы аттанышы

Кыйын иш болду кылчайгыс, Кылым толгон кыргызга, Маңгыт, моңгул башынан, Жоо болуп келген бул журтка. Маңгыттардын элинен, Туулган экен бир бала, Маңгыттан туулган балага, Калдуубет деп ат койду. Кара ниет Калдуубет, Кан ичме болуп чоңойду. Калдуубеттин угушта, Беш атасы баары хан, Эл башкарган баары зал, Басташып жүрүп мурунтан, Баарысы өлгөн кыргыздан, Алы келбей ич күйүп, Жүрүшүптүр мурунтан. Бекбача өлдү деп угуп, Баралы деп кыргызга, Чогулуп маңгыт дем уруп, Маңгытка таңгыт кошулуп, Баскан жагы бет алып, Кызыл кан агып, жошулуп, Калдуубет бала чоң болуп, Кара бойу тоо болуп, Аттанып чыкты Калдуубет, Калк кыргызга жоо болуп. Бекбача өлгөн убайда, Белдүү киши калган жок, Ак калпак кыргыз буларда. Тайатасы алп Бозой, Төрөп кызы өлгөндө, Алып кеткен Сомбилек, Он бешке чыккан бул чакта. Ламдын бийик белинде, Кыйба кыргыз элинде, Сомбилек бала чоңойду, Алп Бозойдун үйүндө. Бозойдун алып батасын, Арбагына барам деп, Түп атасы Манастын, Атын угуп сагынып, Ата журту Таластын. Алп Бозойдон ат минип, Анча-мынча тон кийип, Алдындагы атынын, Куйругун ача шарт түйүп, “Сурай-сурай Меккеге, Барат” деген чын экен, Келе жатат Сомбилек, Кубулжуп түркүн бастырып. Алп Бозой абдан карыган, Акылы качып арыган, Жолун сурап Таластын, Сомбилек алган каты жок, Күрөөкө кийип кулпунтуп, Бууданды минип булкунтуп, Антип келген чагы жок. Кимдер жыргап, ким куурайт, Каран калган жалганда, Дүйнө шекер түбү жок, Калдуубет бар баатыры, Маңгыттардын көөнү ток, Мурункулар айтканы, Баары чындык, жалган жок, Баш киши жок кыргызда, Амал кылар дарман жок. Качалы деп кыргыздар, Кабар угуп маңгыттан, Ар кайсы жерге болду топ. “Эки-үч күндүн ичинде, Калдуубет мында келер, — деп, Бүтүн койбой бүлдүрүп, Чабат элди эми, — деп, Манастан бери баш бербей, Биз келгенбиз элге, — деп, Кыргыздын эли чачылып, Кетерге келген эби, — деп, Шекер жалган бул дүйнө, Кетсең эми канттик, — деп, Жети ата кубар сан болуп, Келдик кыргыз жерди ээлеп.» Тогуз-ондон топ болуп, Тирүүлүк өйдө жүк болуп, Жоо келет деген кеп менен, Качмакчы кыргыз козголуп. Нойгуттун эли жөнөдү, Күнтоону карай шарт койуп. Эштек, ногой калыптыр, Буларда көчмөк аркайда, Камынганы аныктыр, Эл чогулган жерине, Көк шибер жайык керүүгө, Сомбилек бала барыптыр. Калгандар ага кеп кылбайт, “Канкордон калган тукум” – деп, Ал баладан шек кылбайт. Ойноо бала жаштар бар, Оодарышып бир жүргөн, Торпок минип, тай минип, Көйнөкчөн болуп жылаңач, Сууну бойлоп жүгүргөн. Тамаша көрүп таңыркап, “Тигиндей тарт, мындай чап” Башкарып турган биринен, Жыйырмаларда жашы бар, Сөөлөтсүнүп керилген, Бирөөнөн бала сурады: — Сымбаттуу сонун агамсың, Мен жолоочу келген баламын, Талаасы топ-топ чогулуш, Көз кайкаган Таластын, Кайсы экенин биле албай, Аң-таң болуп турамын. Деп сурады Сомбилек, Сураганда турбады, Сөздүн майын чыгарды: — Билгеним айтып берейин, Башынан айта келейин. Кыргызга маңгыт жоо экен, Калдуубет ага чоң экен: Маңгыттан чыккан Калдуубет, Келет экен мында, деп, Качмакчы болду биздин эл. Нойгуттун эли көчтү, деп, Күн тоону бойлой кетти, деп, Кыйба деген бир урук, Алды Үргөнчкө жетти, деп, Басмырлап душман келатат, Бекбача өлүп кетти, деп. Алп Бозойго жеткен жок, Угулуп кабар ушул кеп, Не сурайсың, жаш бала, Бул эмне кептир, деп? Бекбачанын баласын, Алп Бозой алып кетти эле, Ал жактан жок эч бир шек. Ушунчалык болгон бейим, Ажырашып Таластан, Айрыла турган биздин чек. Угуп болуп Сомбилек, Он бештеги ойронго, Опол тоодой күч келет. Үйөр аккан сел келсе, Үй токтоткус жел келсе, Азуусун айга бүлөгөн, Алачыктай эр келсе, Кетеби деп көзгө илбейт, Мен жетимди тебелеп. Толук уккан Сомбилек, Токтолбоду талаада, Кеп кылбастан калганга, Бастырып барды бурулбай, Сыр коргондун калаага. Камынып жаткан кези экен, Элдин баары качкалы, Катарына жер таппай, Көр дүйнөсү батпады, Айласы кеткен кыргыздын, Коргонду ачык таштады, Мурункудай коргондун, Кастарлап оозун бакпады, Барасың кайда, кимсиң? деп, Дегеле киши айтпады. Жалганы жок чын экен, Элдин айткан макалы: “Улугу жок эл жаман, Упурак болот ар качан. Жакасы жок тон жаман, Жонуңа турбайт жамынсаң”, Коргондун кирди ичине, Кудай өзүң кубат бер, Жетимдердин ишине, Калдуубет атын уккалы, Кайгысы батпайт ичине. Алп Бозойдун ар сонун, Кеп угуучу Сомбилек, Түбүнөн туруп маңгытты, Көп угуучу Сомбилек. Башында маңгыт элинде, Баш көтөргөн Бадыкөл, Баласы анын Мадыкөл, Мадыкөлдөн Сарыбай, Кутургур деп атанган, Жер бетине таанымал, Угушумча Сомбилек, Өлгөн экен баарысы, Маңгыт менен кыргыздар. Кун кубалап келаткан. “Баатыр атам өткөлү, Он беш жыл болду болжолу, Толкуган кыргыз көп алаш, Тоодой толкун сел келсе, Тогуз күн тоскоол болбоду. Түп атамдын күмбөзү, Бузулбай турса Таласта, Манаска наалат жетпейби, Ээ болбосом алашка. Көөнүмдү бурбай элиме, Көмүктө жатсам болобу? Көкжал шердин арбагы, Көрүнө урса кобомбу? Баатыр Манас өткөлү, Үч кылымга толо элек, Кыргыздын эли чачылып, Мындан башка кача элек, Мен жатып алсам былк этпей, Сомбилек атым не керек? Бекбачадан мен туруп, Душмандын аты басабы, Таластын бетин тебелеп? Алдынан тосо барбасам, Калдуубет келсе бул жерге, Кетпейби элди тебелеп. Айкөл атам күмбөзү, Мен басуучу жолдо, — деп, Карыйа Бакай, хан Семей, Эр Гүлүстөн кайыптар, Ар качан элди колдо, — деп, Ак элечек айалдан, Атактуу артык энекем, Ал Каныкей жөлөр, — деп, Айчүрөк энем асманда, Ар качан мени көрөр, — деп, Ат-тонумду белендеп, Кечикпестен жөнөйм” деп, Коргонго кирип ат издеп, Айалдабай бат издеп, Үй-үйгө кирип тон издеп, Үшкүрүгү таш жарып, Саадак менен ок издеп, Кылыч издеп, балта издеп, Найза барбы деп издеп, Баш аламан жарактан, Байкап туруп Сомбилек, Бир канчасын жараткан, Бадана кийип темирден, Бар мүчөсү келишкен. Бадана темир кийгенде, Бар жаракты илгенде, Байкап көрсө кем эмес, Басалек тоонун сеңирден. Калкан тартып далыга, Найзаны илип карыга, Көмөрүп туулга башына, Он беш менен он алты, Ортосунда жашында, Чарайнасы көөдөндө, Чак келген тоону көргөнгө, Камыныптыр Сомбилек, Калдайган жоого жөнөөргө. Буйурбаган башкага, Минер атын бирөөгө, Сарайда турган байлалуу, Тумары бар күрөөдө, Маңдайы кашка, бой кара. Маралдай сыны бар бенде, Байлоодо турган аргымак, Көзгө сүйкүм көрүндү, Сомбилектей балага. Атка минди камына, Бадана тонун жамына, Көргөндүн баары таңданды, Суктанышып балага. Капташа түштү алдынан, Кеп сураган талаада: — Суу бойунда көргөнүм, Көөнүмдү анда бөлбөдүм, Көрүнүп турат өрнөгүң, Көрөр көзгө башкача, Заматта башка кубулдуң, Ким болосуң сен бала? Өзүнүн атын каткан жок, Атанын атын саткан жок: — Атамдын аты Бекбача, Өзүмдүн атым Сомбилек, Ламдан келген баламын. Таластын жерин көрсөм деп, Ак калпак кыргыз, көп алаш - Элимдин жүзүн көрсөм деп, А дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагына сыйынып, Эл ичинде жүрсөм деп, Кут болбой келген мен жетим, Жут болупмун карасам. “Жериң Талас сеники, Элиң кыргыз сеники” Алп Бозой айткан тайатам, Ар кайсы жерде топ көрдүм, Кең Таласты карасам, Качкалы жатат кыргыз деп, Айтып бердиң сурасам. Калдуубет келип басат деп, Ата конуш журтуңдан, Качып жүрсөң уйат, — деп. Нойгут менен кыйбанын, Эли качып кетиптир. Ылам менен Күнтоого, Болжогон жерге жеткендир, Козголбогун калганың, Качты кыргыз бизден, деп, Жаман атка калбагын. Маңгыт тургай каңкайлык, Калбай баары келсе да, Жазганбай тийчү мен бармын. Кол салып келген Калдуубет, Кардын жайа сайамын, Кыйгылың ичип жата бер, Кызыл кан агып жошулчу, Кысталышка барамын, Кырк миң колу болсо да, Кыргын салбай калбаймын, Ал Калдыктын Калдуубет, Бучкагыма албаймын! Деп Сомбилек айтканда, Көрүп турган көпчүлүк: — Мындайын билсек башында, Тулпардан калган туйакты, Биз албайбызбы санаага, Мурун көрүп билишсек, Күнтоого жеткен нойгуттар, Кетпейт эле алар да. Деп суктанып карашат, Сугу түшүп балага. Күдүңдөшүп аркада: — Келерин болжоп күн санап, Келгенче бала туралы. Жеңдирип койсо Сомбилек, Калдуубеттей караанга, Катын менен баланы, Алыбыз келсе аларбыз, Алыбыз келбей баратса, «Бала белде калат, — деп Катын жолдо калат» — деп, Эл макалы ушу го, Биз кетербиз ар кайда. Жеңип келсе Сомбилек, Айкөл Манас баатырын, Күмбөзүнө баралы, Арбагын эбеп-жөлө, деп, Түлөө кылып алалы, Алакан жайып кол ачып, Куран окуп жаналы, Ак калпак кыргыз көп алаш, Айал-эркек дебестен, Калбай такыр баралы, Биз ошентип басалы, Көөдөндөгү санааны, Ойлонуп эми маминтип, Бастырып кетти Сомбилек, Кара кашка ат минип. Аттанган жерин баланын, Байкап уккун байанын, Коргонунан жөнөдү, Баатыр Манас бабаңын, Өз колу менен сайган бак. Карыйа Бакай абаңын. Касиеттүү Алмамбет, Каалап коргон салдырган, Жактырган жери ал экен, Айкөл шердин коргону, Айтканынча бар экен. Кылымдар бойу аты өчпөй, Айтылып келген кеп экен, Башчысы өлсө бир элдин, Калгандарга жем экен, Ээрчип баскан пенде жок, Эрбеңдеген Сомбилек, Жалгыз кеткен кеп экен. Жөлөңкөнү бастырып, Бото мойнок бел экен, Караанын көрүп баланын, Жактырып турган жер экен, Кайкайып Талас жык толуп, Карап турган эл экен, Кыжы-кыйма кыжылдап, Кыз-келиндин кени экен, Кара кашка мингени, Кай тулпардан кем экен. Казан каптай кара чым, Каңтарылып калыптыр, Эшик эндүү эчен таш, Аңтарылып келиптир. Топурак учуп жер чаңдап, Карааны толук баатыр деп, Карап турат эл чардап, Көзү көрбөй уккандар, Оорагын айтып көп даңктап, Алмалуу булак, шумкар таш, Ашып түшүп ыкчамдап. Көкжал шердин күмбөзгө, Кирип барды жакындап, Көрбөсө да Сомбилек, Көрүп жүргөн кишидей. Билбесе да Сомбилек, Билип жүргөн кишидей, Тай чабымча калганда, Карап турган киши жок, Каран дүйнө жалганда, Аттан түшүп акырын, Атакелеп бакырып, Айкөл төрө Манастын, Атынан айтпай чакырып, Жетим өскөн чунактын, Сыйрылып ичи ачынып, Алдында өткөн нечендер, Ат-атынан айтылып: — Алмамбет, Чубак - эки шер, Эмгектүү кыргыз эл үчүн, Мен жетимге жардам бер. Арстан Сыргак, Ажыбай, Арбагың тирүү азыр бар, Азаптуу болдум жаш кезде, Алсызыңа көзүң сал. Олуйа Кошой, Музбурчак, Армандуу мендей жетимге, Жардамыңды кылып бак. Тениң калып башың жок, Айдаркандын эр Көкчө, Сендей өлүм болгон жок, Өткөндөр сени санасам, Ачкан курсак болот ток, Кыргыз баштап кырк арстан, Кыргыздан чыккан кыйын шок, Кызыл жолборс барында, Кылымдын алы келген жок - Адамдан ашкан илгер, Айтылуу Бакай кеменгер, Аркаңда бүгүн мен жалгыз, Амалыңдан мага бер. Байыркылар кеп айткан, Батадан бүткөн деп айткан, Ак калпак элдин аркасы, Аскар тоодой Семетей, Кыргызга келип кыйын иш, Кыйналып турам ченебей. Ак ниет Гүлүс абамды, Унутам кантип аларды? Билесиңер абалын, Сомбилектей балаңын, Өзү билет жараткан, Пайда менен залалын. Жетимдиктин айынан, Ата-энемдин жогунан, Ымыркай кезде айрылдым, Ак калпак кыргыз тобунан. Киндик кесип кир жууган, Чоңойбодум Таласта, Ээрчитип элди барбадым, Арбагын тайып Манаска: Карасы ким, агы ким? Элдин жайын билбедим. Азып жүрүп ылам да, Кечээ болду келгеним. Кайгысын көрүп элимдин, Капалуу көңүл зилдедим, Ата-энем өткөн жер, Ой-тоосун такыр көрбөдүм, Кеңколго эки коно албай, Келген жоого жөнөдүм, Маңдайга бүткөн шор болсо, Баш тартпастан көрөйүн, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Ажалым жетсе өлөйүн. Айалдан чыккан акылман, Ааламга дайын таанылган, Ак олпок өңдөп кийгизген, Камдагай иштеп тиккизген, Кылым дүйнө бетине, Кыйындыгын билгизген, Чыныгы Манас арстанга, Чыгышты карай басканда, Белек берип жандарга, Калпак берип калганга, Ай-ааламга даң кылып, Ак калпак кыргыз дегизген, Атайын кылам көп үмүт, Ал Каныкей энемден. Асманда учса канаттуу, Ар кандай иште санаттуу, Жашы кыркка чыккынча, Семетей сактап олтурган, Арбагын сыйлап Манастын, Жерим деген Таласты, Элим деген алашты, Чынкожо, Толтой барганда, Намысына талашты, Семетей издеп учуптур, Айга кагып канатты, Адашканым табам деп, Ашкере кылып талапты, Семетейди алпарып, Касташкан жоосун каратты, Он эки түмөн кол экен, Жай-жайына таратты, Эрдемсиген душманга, Ар санааны санатты, Жетисуу толгон жедигер, Кыргыздын көзүн каратты, Чынкожо менен Толтойдон, Чыркырап укмуш кан акты. Чыккынчы болуп Канчоро, Кыйаз душман чыкканда, Далысынан кестирип, Күлчоро майып болгондо, Айбалта тийип башына, Көмгөнүн көрбөй тирүү жан, Семетей кайып болгондо, Айдай энем Чүрөктү, Кыйаз олжо алганда, Акылынан азбаган, Арыпты арбын баштаган, Курсактагы баласын, Туубай үч жыл сактаган, Гүлчорону сакайткан, Сейитекти чоңойткон, Арамзада Кыйазды, Алдап жүрүп торойткон, Канчорону какшаткан, Чачыкейди боздоткон, Эркиндикке чыгарган, Каныкей менен Бакайды, Карыларды окшошкон. Өчүгүшкөн кишини, Өлтүрбөстөн койбогон, Айчүрөктөй энемди, Жатсам-копсом ойлоном, Кыйналып кыргыз эл турат, Жаш чырпыктай толгоном. Шер Сейитек Кененим, Кыйналсам Медет береним, Ойротто жок Сейитим, Опсуз жаман кысталып, Ыйлап турат жетимиң. Асыл атам эр экен, Эр турмайлык шер экен, Кыргызыңа кызмат кыл, Урпагым менин дээр бекен. Атамдын аты Бекбача, Ааламды каптап сел келсе, Айбыкпаган көп анча, Көзүрлүгүң көрсөткөн, Өчүгүшкөн көп ханга. Тийишпесе тийбеген, Өзү келип тийгенге, Тартынышты билбеген, Түп атабыз Манастан, Бизге калган нарк экен, Жетим калып Семетей, Андан кийин калганда, Азыркысы биздерге, Ата мурас салт экен. Ак калпак кыргыз элде жок, Айтылуу Талас жерде жок, Азып жүрүп мен келсем, Кыргызымда жыргал жок, Өзөгүмдөн өрт болуп, Боорум кызыл болду чок. Уруксат кылып жол берсең, Хан калдыктын Калдуубет, Тартынып калар жерим жок! Деп Сомбилек муңканып, Көзүнүн жашын ыргылтып, Төгүп турган кезинде, Нишан болду күмбөздөн, Таалайы артык жетимге, Күңгүрөнгөн үн чыкты, Күн бешимге жеткенде. Көзүнүн жашы сан талаа, Ыйлап турган жаш бала, Көөнү толуп аттанды, Сүйүнгөндөн шаттана. Өрөпкүгөн от жүрөк, Эрен бала Сомбилек, Батыш жакты бетке алып, Басташкан жоону эске алып, Качканын көрүп кыргыздын, Көзүнөн жалын от жанып, Уйкусу качты баатырдын, Жумулбай көзү чакчайып, Көөдөнү кургап тил катып, Ээрдин жалап тамшанып, Каарын салып кумсарып, Кабагын ачпай сумсайып, Эки жагын каранып, Эр жүрөк артык жаралып, Алп Бозойдон укканы, Көз алдында саналып, Кетип барат жол менен, Адырмак кара тоо менен, Артуу-артуу бел менен, Агыны терең коо менен, Акактап жаткан шор менен, Заңгыраган зоо менен, Чаңкап жаткан чөл менен, Арбытып он күн жол жүрдү, Кара кашка ат менен, Бара жатат Сомбилек, Залкар санаа ой менен. Алдынан чыкты Калдуубет, Алтымыш миң кол менен, Ошол колдун ичинде, Он сегиз балбан зор менен. Келе жаткан кези экен, Оролуп кара тоо менен, Кыргызды талап алам, деп Ширин кыйал ой менен. Көгөнүн теңдеп арттырып, Комдолуу нарча төө менен, Ээрчитип кулун бээ минген, Унаасы жок жөө жүргөн, Тайагы бар жөө менен, Уй айдамак, кой алмак, Жөлөнбөй боорго өөн менен, Жылкы айдамак канчасы, Четинден алган укурук, Кыргызды чаап алгандай, Кынына баптай кутуруп, Калдуубет биздин баатыр, деп, Катышкан өлүп жатыр, деп, Шилекейи чубуруп, Ач көз маңгыт элин көр, Сары суу ооздон куйулуп, Алдасташып келатыр, Ач бөрүдөй жутунуп, Чапаны жок жупуну, Жылаңач келген нечени, Кыргыздан алып кийем, деп, Этегин тетир кумтунуп. Тебетей жок жылаңбаш, Кулагы үшүп барсайып, Келе жатат канча жан, Кем-керчи бүтөп алам, деп Кеңири жаткан кыргыздан. Аттанаарда Калдуубет, Элине айтып угузган. — Абайлап ук калың журт, Аттанамын мен мындан, Дүйнөсү көп кыргызда, Чачылбай келген мурунтан. Манасы тирүү барында, Он төрт хан эли жанында, Бейжинге беттеп кол салган, Беш ашуу менен жол салган, Кыз баштаган, алтын-зар, Алгандыгы угулган. Семетей элде барында, Кыргызга ээлик чагында, Мадыкөл менин түп атам, Тактасынан кулаткан, Кыз-келинин ыйлаткан, Бараң менен шаңкайга, Бар дүйнөсүн тараткан, Кара малды көзгө илбей, Тулпардан кыркты жыйнаткан, Олжо деп багыш сураса, Тобун бузбай ага айткан. Кыргыздын кылган иштерин, Укмуштан сурап келатам. Өз кылганын аа кылам, Таластын тарпын чыгарам. Адырдан малын жыйдырам, Ак калпак кыргыз эл кайда, Ат айабай кыдырам. Талан кылам Таласын, Талкалатам күмбөзүн, Таалайлуу деген Манастын. Кеңколдун атын өчүрөм, Келберсиген кыргызды, Тым-тыракай көчүрөм, Кылган ишин башына, Кыймылдатпай жеткирем, Кылчайып карап кыңк этсе, Бирин койбой өлтүрөм. Кырк уруу кыргыз эл деген, Кылымдан атын өчүрөм, Жердин бетин чаңдатам, Уккан элге даңдатам, Айтканымдай кылбасам, Жексен болсун жер менен, Угулбай элге даңазам. Кыргыздын элин таратсам, Кылым элге угулсун, Кыргызга кылган тамашам. Үйүмдө жатып моңгулга, Кабар айтпай кытайга, Калгандар менен жарашам, Манжу, моңгул болгон журт, Коросон, испан, оогандык – Баары уксун кош болуп, Чалкалап басам мен анда, Жагалданып оштонуп. Ат минбей жүргөн өзү жөө, Жору куйрук кызыл алп, Жети дөө ага кошулуп, Кененимдин колунан, Күн батыштын чоңдору, Каны агыптыр жошулуп, Жети дөөнүн балдары, Атасынын кегин кууп, Кабаттап кийген соотторун, Темир менен белин бууп, Сейитимге беттешкен, Кызыл кумда чогулуп, Баарысын кырган Сейитим, Кылычтын канын куйултуп, Айдап ийген калганын, Жер-жерине чубуртуп, Көөнү ачылсын чайыттай, Баары кабар угушуп. Таласты талап алганда, Талкан кылып күмбөзүн, Талкалатып салганда, Батыш, чыгыш, түштүктөн, Калбай келет чогулуп, Кошоматка кой сойот, Кол куушуруп олтуруп, Корооңо кайкап кой толот, Аралап адам өтө албайт, Төрт түлүк малың котолоп. Сандыгыңа пул толот, Кийгендери шай болот, Ичкениң кара чаң болот. Кемтигиң жок колуңда, Керектүү нерсең бар болот. Кушумду салган кутуруп, Ойноп алгын эл-журтум, Көбүң маңгыт элисиң, Ичиңде таңгыт уруу бар, Моңгул, маңгыт, таңгыт деп, Атагың элге угулар. Калдуубет аман турганда, Эминеден кемиң бар, Кыргызда киши калган жок, Беттешип менден кек алар, Калдуубет атка конгондо, Он тогузда аттандым, Чамбыл менен Ташкендин, Арасында чуу салдым, Кара калпак, түркмөндү, Катары менен колго алдым, Багдат менен Мисирди, Майтардым анын мизини, Эч кимиси бузалбай, Башкаргамын ишимди, Испан менен иранды, Айдадым койдой буларды. Беттешип бирөө чыккан жок, Мен-мен деген булардан, Бүгүн барып алардан, Кегимди алсам кыргыздан, Калдуубет менин алдыма, Келбөөчүлөр жок чыгар, Байкасам ушул ааламдан, Баш бербесе кытайга, Кошуун курап мен барам, Караанымды көргөндө, Жүрөгү чыгып өлөрдө, Кара кытай калдаңдап, Жүгүрөт манжу дардаңдап, Сүйүнөт моңгул барбаңдап, Шибе, солон, казактар, Калкалайт башын мааналап, Баш койот уккан баарысы, Кыргызды алсам мен талап. Тетиги кыргыз Таласта, Өлүп кеткен Манасча, Мурункудай кыргыздар, Намыстын жолун талашса, Саадагын асып соот кийип, Самсалап мага жанашса, Бооз катынын жарамын, Бойдок кылам уланын, Боздотомун жубанын, Порумун бузам булардын. Боз уланын кул кылам, Боздотуп кызын күң кылам, Абышка менен кемпирге, Ай тийбеген түн кылам! Деп айтып элге угузуп, Аттанган экен айлынан, Оролмо тоодо келатса, Сомбилек чыкты алдынан. Калдуубет маңгыт армансыз, Алты жылы камынган, Отуз беште чамасы, Чыккан жашы бул наадан, Алды жагын караса, Көзүн ачып бул каман, Жарым күндүк аскердин, Алдында жалгыз келаткан, Алоолонгон чаң көрүп, Келаткан жалгыз жан көрүп, Санаасын санга миң бөлүп, Тура калып токтолот, «Алдымдан кыргыз жиберген, Элчиби», деп ойлобойт, Кайгуулга келген жол тосуп, Чейчиби деп ойлонуп, Калдуубет антип турганда, Калкында канча шылуун бар, Качырганын куткарбас, Каманчы деген тыңы бар, Каманчынын кадымтен, Арылбаган чыры бар, Калдуубетке Каманчы, Карап туруп алчу эмес, Шектүү күмөн иш болсо, Каманчынын алдында, Башка киши барчу эмес, Каманчы элден бөлүнүп, Караанду толук көрүнүп, Келе жаткан балага, Салуучудай чоң түпшүк. Мингени тору Тобурчак, Тополоңдоп жер чаңдап, Токтоо кылбай келатат, Уй букадай дардаңдап. Кара ниет Каманчы, Хан салты менен кээри жок, Каршылашкан ким болсо, Ат сураган жери жок. Өз бойуна ишенет, Өлүп кетсем мейли дейт, Калдуубет бар көөнү ток, Көмө сайган далайды, Өзү күчтүү колу шок, Куу найза алды колуна, Салычу бүлүк далайга, Карааны тоодой көрүнүп, Ак койуп келет талаада, Караанын көрүп Сомбилек, Кара көздөн от күйөт, Ачуусуна чыдабай, Кара бойу титиреп, Жалт-жалт карап тиктенип, Аманат жанга күч келип, Колунда бар чоң найза, Качырып кирди күүлөнүп, Ат сурабайт Каманчы, Жамандыгын карачы. Мындайды мурун көрө элек, Сурабайт атын Сомбилек, Барган сайын жалындап, Өрчүп барат эт жүрөк, Жаш балапан чунакты, Жагында түгү саксайып, Ачууланган арстаның, Ирмебей кирпик чакчайып, Андан мурун көрө элек, Жоо качырып эр Сейит. Найзасын кагып ийе албайт, Каманчы менен тең сайып, “Мен сайган тирүү калбайт” деп, Каманчы карайт кылчайып. “Мени шылдың кылды” деп, Сомбилек кирди чыңданып, Кимиси баатыр, кими шер? Билинмек болду ылганып. Каарданган Сомбилек, Капталга найза батырды, Каманчы шорун катырды, Мен-менсиген чочкону, Кара жерге капшырды, Канын суудай агызып, Ал дүйнөгө тапшырды. Каманчы өлдү эл көрдү, Кайраты андан канча өөдө, Калкатай деген жөнөдү. Минген аты Каракөк, Мындан мурун сайышта, Өлтүргөнү өтө көп, Же Ашырбай чынын айтканда, Калдуубеттен калгандан, Кабыз эти өөдөрөк. Качырган балбан Калкатай, Сомбилек көзгө камгактай, Маңгыттар байкап караса, Каршылашкан Сомбилек, Басуучу жолу тайгактай, Жаш бала өлүп кетер, деп Көзү ачык кетет бекер, деп Каманчы кунун кубам, деп Калкатай кирди кекерлеп. Күчтүү найза сомдуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү кулак тундуруп, Тоголотом деп келет, Томуктай болгон баланы, Найза менен бир уруп. Алдында келген эрди алып, Эрдемсип калган Сомбилек, Туралбайт эми айанып, Кара тоодой Калкатай, Качырып кирди Сомбилек, Чоң экен деп жазганбай, Келе жаткан чоң маңгыт, Өзү амалкөй неме экен, Алдап көнгөн жоо алып, Эрчиткени төрт тайган, Иттери атты такымдап, Алаксытып эр сайган. Иттери камап жөнөдү, Калкатайдын амалын, Сомбилек ачык көргөнү. Айлакер экен адам, деп, Амалын өзүм табам, деп, Калдайган канча киши, деп, Карааны тайган ити, деп, Иттерин албай алдында, Өзүн сайыш бу бир кеп. Найзаны таштап жиберип, Камчыны кармап имерип, Калкатайга сайдырбай, Жандап өтүп бурулуп, Ажылдаган төрт итти, Катар шилтеп жиберди. Сомбилек чапкан булдурсун, Иттерди кайдан оңдурсун, Экөө жерге бүктөлүп, Экөө качып жөнөдү, Кара жанга күч келип. Камчыны койуп ордуна, Найзасын кармап колуна, Кадайын деп найзаны, Калкатайдын бооруна, Калкатай жаман ачынып, Иттеринин жогуна, Беттешкен далай эрди алган, Бет алган жакка чуу салган, Белдүүнүн бири Калкатай, Жалтанып койбойт баладан, Жалмайын деп баланы, Кыргызды чапсам деп ойлойт, Калган болсо чаласы. Тура калып Калкатай, Баланын дайнын сурады: — Адырдан чыккан суу жаман, Элөөсүз келген жоо жаман, Эңдирип жоого сайдырбай, Мен келемин көп заман, Кайдан келген чунаксың, Муштумдай болуп сен, балам? Менин иним эмес баламдан, Жашың кичи көрүнөт, Жалтайбай мага катышсаң, Жаш чакта каның төгүлөт. Дайныңды айтчы жашырбай, Жумарбек, сени ким билет? Жалтанбай келдиң сен мага, Баатырдык жолун белгилеп. Каргадай бала кездешсе, Жалындап күйөт эт жүрөк. Токтоно калып Сомбилек: — Сөзгө келбей башында, Сурданып кирдиң кеңгиреп, Иттериңден айрылып, Калдыңбы эми эндиреп? Каадалуу киши кептенип, Кеп сурайсын сен ким деп, Атамды айтсам жашырбай, Бүткүл дүйнө эл билет. Түп атам Манас шер экен, Беттешкен пенде кем экен, Угушумча Бейжинге, Пенде барбас жер экен, Манжуга барып кол салып, Бейжинди алган дейт экен. Шердин уулу Семетей, Атасынан кем бекен? Нечен баатыр кекейип, Келип көргөн жеңбеген, Жеңилбеген Семетей, Жер жүзүндө пендеден, Семетейден Сейитек, Он экиде эр жеңген, Жетисуунун элинде, Болгон эмес пенде тең, Канчоро менен Кыязды, Катары менен сойлоткон, Кан ичме чыккан пендеден. Сейтектен Кененим, Тирүү киши бүт билет, Жалаңгыч Сарык дегенин. Тогузунда жоо жеңген, Күн батышта жети дөө, Жерге сыйбай мен деген, Кара деңиз суу кечкен, Жөйрөндү сойуп тил жеген, Өз-жатыңды билбеген, Кимге-кимдер чоң чыкса, Куйкалап аны жиберген, Кененимден Сейитим, Күн батыш тарткан кейишин. Керкиттин ханы Сулаймат, Карадөөнүн кенжеси, Барча дөөлөр биригип, Кармашып алы келбеди. Шукшурма менен Суктанма, Акым, Шакым балдары, Карала аттуу калча бар, Андай дөөдөн калча бар, Кызыл кумда беттешип, Кыйамат кетти канча хан, Сан-санаксыз кырылып, Түгөнүп кетти канча жан. Кызыл кумда баш кести, Кызыл дайра кан кечти. Сулаймат баштап жети дөө, Баары өлүп түгөндү. Сулууну алды Кылжыке, Алып келди элине, Армансыз болбой жан өтпөйт, Алдамчы жалган дүйнөдө. Өлүп кетти Сейитим, Жыйырма эки жашында. Бойунда калды Кылжыке, Эркек эгиз төрөптүр, Ак калпак кыргыз элинде, Асылбача, Бекбача, Канча түмөн кол келсе, Кайгырбаган эч канча. Асыл абам тукумсуз, Бекбача атам өлүптүр, Мен Сомбилек туулуп. Бекбачанын уулумун, Ак калпак кыргыз муунумун. Беттешкен жоого муң салам, Кектесем кесип баш алам, Айкөл шер Манас түп атам, Өзүмдүн атам Бекбача, Ата-бабам салты ошол, Калкатай өзүң сен канча? Шамалга учкан телпектеп, Мен ойлоймун камгакча, Жетим болуп Семетей, Мурас болду биздерге, Ошондон бери карата, Калдуубетиң баш болуп, Кыргызга келсең кас болуп, Бөлмөкчү болуп кыргызды, Чар тарапка тарата. Калдаңдаган Каманчы, Көрдүңбү көзүң жаманды? Кайыл болуп келдиңби, Кара башка ажалды? Өлүгүн алган адам жок, Тоңкойуп жатат карачы, Өрөпкүтпөй өпкөңдү, Мен басайын санааңды. Байкап угуп түп жайын: “Он бештеги баланын, Кесип башын алайын, Толкундаган бейитти, Тос топурак кылайын”. Кетенчиктеп акырын, Атын күүлөп качырды, Арамзада капырың, Үнү ачуу, өңү заар, Тулку бойго толуп каар, Булгады чындап найзасын, Алпазын мунун байкагын. Бу белгиси келгенде, Мен-мен деген бендени, Томолотуп өтүүчү, Тоодой болгон канчасын. Киргин суудай сүрдөндү, Борошо жаандай түрдөндү, Манастын уулу дегенде, Жан айабай тийди эле, Ылдамдата теминип, Калдаңдап өпкө демигип, Кайра тартпас каар менен, Чагуучу жылан заар менен, Укканына теригип, Качырып кирди желигип, Маңгыттардын Калкатай, Өлүмдөн качып баш тартпай, Найзасын ыргап имерди, Оро-пара чунакты, Бөйрөккө муштап жиберди. Анык билгин ушуну, Ал Манастын тукуму, Найзанын учу жетээрде, Кийген темир күрөөкө, Көзөп өтүп кетерде, Он бештеги ойулгур, Ойноп турбайт бекерге, Жанына аса байлаган, Найза кагар балтаны, Камынып колго кармаган, Найзасын кагып жиберип, Ылачындай кайран жаш, Чоң балтаны имерип, Найзасы каңгып кеткенде, Калдалаңдап Калкатай, Жандап өтөөр кездерде, Оро-пара кез келди, Ойрон болгон Сомбилек, Мас болгон нардай эстенди. Кобо калды Сомбилек, Үзөңгүгө тамандап, Колтугун өөдө чойуптур, Тоодой болгон маңгытты, Төбөдөн ары койуптур, Томуктай болгон баладан, Калганы жок жан аман. Төбөсү менен тик түшүп, Топурак тиштеп бүк түшүп, Жер кучактап жан берди, Он сегизден экөө өлдү, Бири жана келгени, Калдуубеттей улугу, Барабанын кактырып, Урушпай кайра кел, деди. Калдайып аскер эл жатты, Калдуубет баштап эр жатты, Баатырдын уулу Сомбилек, Жалын көздүү таш жүрөк, Отко койуп кара атты, Чырым албай таң атты, Аргымагын чалдырып, Жоо жарагын шай кылып: “Үч күнгө жоону жеткирбей, Түгөтөйүн жам кылып, Өчөшүп келген маңгыттын, Кошо келген таңгыттын, Өрөпкүгөн жүрөгүн, Өрт өчкөндөй басайын, Тынч жаткан элге чуу салган, Колуна берип сазайын, Бутун сунуп жатканын, Уйкусун мунун ачайын.” Таң агарган мезгилде, Ойлонгону эсинде, Кабаттап темир тон кийип, Кара кашка ат минип, Калдайта калкан ат минип, Арбагың мени колдо, деп, Айкөл шерге жалынып, Шаңдан чыгып көрүндү, Кирген нардай чамынып, Караанын көрдү Калдуубет, Кайкаңда турат Сомбилек, Уйадан ушчу бүркүттөй, Эргип турат ошол кез, Келбети сонун көрүмдүү, Бекбачадан кем эмес, Сомбилекти көргөндө, Кан болуп жүрөк эзилет, Ойроттун баары бириксе, Оморулар бел эмес. “Карылардан калгандан, Көп жашаган жандардан, Угуп жүргөн укмуш кеп, Өлгөн сайын өрчүгөн, Өткүр Манас уулу деп, Түгөгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас уулу, деп, Жалганы жок чын экен, Мен укканым ушул кеп, Эркине элди жөн койуп, Эрден экөө бүктөлдү, Айласын таппай болобу, Аманат жанга күч келди. Жабылалы ат койуп, Аламандап бат койуп, Эбине келсе Сомбилек, Эренин кармап алалы, Ээсиз калат кыргыздар, Эбин анан табалы, Карматпаса Сомбилек, Калкына чабуул койолу, Бир кишиден жалтанып, Кайра кетсем болобу? Кетсе кетсин мейли деп, Сомбилек бала ойлойбу?” Элине айтат Калдуубет: — Эрдемсинбе баатыр, деп, Тайгак кыйа тар жолдо, Татаалда калдык такыр, — деп, Жан кайтарып бой салбай, Четтеп берсе Сомбилек, Көптү көрүп калтаарып, Коркуп калса эт жүрөк, Туш-тушунан кирели, Баатырлыгын билели, Кармап алып бу кулду Кара боорун тилели. Шилисинен тешели, Ичегисин эшели. Кара аскер калсын бул жерде, Он алты баатыр мен баштап, Төрт бөлүнүп тийели. Бирден-бирден жиберип, Өлтүртүп койуп силерди, Карап турсам түнөрүп, Жалгыз калсам маа кийин, Калдуубет айтып болгондо, Он алты эрдин тогузу, Ороолонуп күүлөндү: — Айабагын Калдуубет, Бирден жибер биздерди, Көрүп туруп байкадык, Каманчы менен Калкатай, Элөөсүз өлгөн иттерди, Ар качандан бир качан, Бел кыласың аларды, Көзүңө илбей жүрөсүң, Бизге окшогон балбанды. Түпсүз дүйнө экенин, Көрсөтөлү көзүнө, Сомбилектей баланын, Эркибизге жөн койгун, Бирден-бирден баралы. Жибербей сен койгондо, Эрдик атты өчүрүп, Жоготосуң чак алы. Тобубуз менен киргизип, Карматып алып сен аны, Кыйалыңда ал экен, Балбандык атты алгалы. Арасында бири бар, Аты Мөндүр билип ал, Жалганы бар, чыны бар, Өз элинде жүргөндө, Ойноп-күлгөн күндөрдө, Каманчы менен Калкатай, Коркутуп келген жини бар, Курт өлтүрө сүйлөгөн, Жыландан заар тили бар, — Ушул күчүм барында, Сомбилек мага тең эмес, Каманчы менен Калкатай, Сулаткамын экөөнү, Сомбилек андан эр эмес, Айтып болуп мөндүрү, Ойуна албайт өлүмдү, Чөмөрүп туулга томпойуп, Туурасы жоон, бойу пас, Оройу суук култуйуп, Сакалы жок ээгинде, Караса башка мултуйуп, Түк чыкпаган дегеле, Эки бети тултуйуп, Аркасын карай бурулуп, Баш бербеди жулунуп. Бөлүндү элден маңдайга, Жалгыздан чыкты майданга, Карап турбай Сомбилек, Жолборс жүрөк мындайда. Кара кашка ат менен, Каадалуу баатыр салт менен, Бастырганы бөлөкчө, Байкаса эрдик нарк менен, Ойноо бала чунагың, Ойнотуп минген тулпарын, Отуз эки ат машы, Орто жерде көрсөттү, Кыйындыгын кызматын, Көргөндөргө өткөздү. Маңгыттан чыккан балбанда, Өнөрү жок андайда, Элкиндеп келген Мөндүрдүн, Кортоңдогон өлгүрдүн, Көмө сайам, деп келген, Баланын көрдү өнөрүн, Ойлобой Мөндүр өлөрүн, Камчылап атын чу койду, Тартынбай Мөндүр түз барып, Күчү менен сурданып, Колуна кылыч курчту алып, Буттап темир курчанып: “Кылыч менен чабам, деп, Кыргыздан келген баланын, Кыйамын эми табам деп, Жаш баланы жеңбесем, Боломун качан адам, — деп, Колумда болот жарагым, Куткарбайым аны” — деп, Жалтылдаган кылычы, Жалаңгычтай Мөндүрдүн, Жан айабай чабышы. Мөндүр менен Сомбилек, Айкын түздө табышты, Күлүктөрүн чуратып, Күчүн-күчкө улашып, Карап турган көпчүлүк, Басылбай үнү чуулашып, Эрикпестен сайышты, Эки күнү салышты, Ала алган жок бир-бирин, Аңтарып аттап сулатып, “Мөндүрүм мыкты экен” — деп, Калдуубет турат кубанып, Эки күнү урушуп, Жан айабай жулушуп, Каны качып Сомбилек, Кайгыдан өңү кубарып, Кыргыздан келген Кара көк, Камыгып ичтен муңайып: “Эңшере сайып жеңе албай, Эки күн жүрүш кайсы кеп? Элимди кантип багамын? Кегимди кантип аламын?» Бир кишиге эки күн, Беттешкенге кайгы жеп, Өрт жалындап жүрөгү, Эрте өлгөн жанмын, деп, Өчөшүп кирди мейли, деп, Кызыгып турат чоң Мөндүр, “Кыйамына келер, деп Сайдырбайын найза жеп, Мен сайайын аны, деп, Өткөрө берип алдыма, Өрттөнгүрдү сайсам” – деп, Аны ойлоп Мөндүр алыптыр, Шум кыйалы Мөндүрдүн, Сомбилек билип калыптыр. Кабызет Мөндүр кылган кеп, Качырып жетти Сомбилек, Кыйалына Мөндүрдүн, Кыргыздын уулу койобу, Кыйамына келтирип, Кый сүбөөгө бир койду. Баатырдан найза жеткени, Жетпегенде неткени, Карааны капка чоң Мөндүр, Камгактай учуп кетти эми. Буудан туулган чунагың, Мунун башын кести эми. Кылчайып артын карабай, Кылычын майлап жайма-жай, Маңгыттын жолу байланды, Бастырып бирөө бара албай. Мөндүргө жакын жамгыры, Бар кайратын жам кылды, Узун бойлуу кең далы, Тоодой чочко бастырды. — Сайар болсоң болгун, деп, Сайбас болсоң койгун, — деп, Калдуубет муну шаштырды. — Барбагын десем тил албай, Тогузуң мойнуң толгодуң, Барган менен Мөндүрдүн, Сомбилек алды томпойун. Тилимди алсаң сен барба, Өлүм ачык барганда. Тил албасаң, бара бер, Барыңарды батырат, Боору жазы кара жер, Ээленбей, Жамгыр, жөн тургун, Бул нөөмөттү мага бер, Калдуубет элге каранмын, Кардын жарып от алып, Жара сайып келейин, Мен-менсинген баланын! Угуп Жамгыр көгөрдү, Оолугуп чочко жөнөдү, Ойуна албайт арамдар, Оодарылса өлөрдү. Бала баатыр кекенди, Алп Манастын тукуму, Ойлоп көрчү бекерби? Кайратын бала жам кыла, Акыл ойлоп кам кыла, Оолуктурбай Жамгырды, Ортодо башын кесерди, Оолугуп Жамгыр жеткени, Оодара сайыш ой менен, Ортодо турган беренди. “Найза сайды өлгөндөр, Сайдырбай бала койду, — деп Найзанын иши болду, — деп, Баарысын бала сойду деп, Байкадым баарын мен Жамгыр, Өлгөндөрдөн мен баатыр” Эшик эңдүү балтаны, Эптей кармап алганы, Эбин эми табам деп, Эмгектен нары салганы, Тийгизбестен балтаны, Жалтайбаган Сомбилек, Мизинен улай кармады, Кармады балта темирин, Күч берген кубат теңирим, Сууруп алды колунан, Жамгыр өңдүү сеңирдин. Чоңдугу анын сеңирдей, Баатырдын уулу жаш арстан, Тартып алды илинбей, Сабынан оңдоп кармады, Кайратын колго жыйнады, Жамгыр карап турбады, Колуна алды найзаны. Камынып найза сайганча, Өзүңдүн чапкан балтаң, деп, Чокудан ары бир салды. Баатырдан балта жеткени, Тилсиз темир, өткүр курч, Өзүмдүн ээм дебеди, Балакет Жамгыр бул маңгыт, Байкоосуз өлүп кетти эми. Калдуубет тилин албады, Өлүмдөн коркуп баш тартып, Калгандар карап турбады, Бөтөмө деген бар экен, Бөлөкчө башка жан экен, Ханынан качан суранды, Бөлүнүп элден дууланды, Асманды тиктеп алайып, Чаначтан бетер чанайып, Асман-жердин арасын, Оп тартчудай ооз ачып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Бетинде түгү бириндеп, Бузулуп өңү карарып, Уйуткан чойун чокморду, Колуна кармап сурданып, Аты кула кара жал, Айбаттанып бараткан, Адам коркот чочкодон, Алдынан утур караштан, Сомбилек эми өлдү — деп, Маңгыттар мындай санашкан. Жан алуучу жапанда, Ач карышкыр түрдөнүп, Бузулуп өңү Бөтөнө, Албан-албан сүрдөнүп, Жыгачтар коркуп дирилдеп, Кашы менен кирпиги, Тал-тал болуп бириндеп: — Келдым мен сага Бөтөмө, Сомбилек эми өлдүң, — деп, Сенин атың Сомбилек, Менин баатырлыгым эл билет, Үч-төрттү жеңип алганда, Кеңкийесиң зеңгиреп, Коркуп өңүң бузулду, Бөтөмө мага келди, деп. Карачы мени Сомбилек, Эрдигимди белгилеп. А, дүйнөгө барасың, Ашыгып турган баласың, Алдында өлгөн төртөөнүн, Эсебин сенден аламын, Сени менен жөн болбой, Кыргызыңа барамын. Жыласыңды чыгарып, Жыпжылма кылам Таласың. Кылымдар бойу бузулбай, Кыргыздын эли келди, деп Бүткүл дүйнө жер бетин, Бөлүндү кылдың санаасын, Атын элдин өчүрөм, Айтылып келген Манасың. Өзүм кандай, ат кандай, Абайлап мени карагын! Колуна алды айтканча, Чабуучу чокмор тайагын. Манастын уулу чунагың, Бабыраган маңгыттан, Баш тартып кайдан айансын. Көп кишинин бири деп, Ойлойсуңбу маңгыттар? Улам бириң мактанып, Жалганды жаман айтканга, Тойбойсуңбу маңгыттар? Кыйган жыгач кептенип, Кыйырыңды бузбай төш-төштө, Сойлойсуңбу маңгыттар? Алдыңдакы өлгөнчө, Өлбөй тирүү турганың, Мактанучу кебиңди, Ойлойсуңбу, маңгыттар? Бириң эмес миңиң кел, Атам Манас болгон соң, Коркпоймун сенден жалгызмын. Ааламда далай эр өткөн, Үрүстөм дастан деги өткөн, Бүт дүйнөнү таңдантып, Атын уккан адамды, Апкаарытып жадатып, Атам Манас өңдөнүп, Ойлочу, кандай пенде өткөн? Бирден эмес бештен кел, Бириңе бириң жеткирбей, Көмөлөтүп түгөтөм! Чокморуң күүлөп болбойсуң, Чоку талаш бир койсом, Томолонуп жаш бала, Жок болот деп ойлойсуң, Алдыңда өлдү төрт маңгыт, Катарында сойлойсуң! Сомбилектен кеп угуп, Ат көтөргүс жеме угуп, Өлтүрө чапсам экен, деп, Бөтөмө кирди дем уруп. Күүлөгөн колдо чойун баш, Жаның барда Сомбилек, Дүйнө менен амандаш! Деп ошентип Бөтөмө, Качырып кетип баратат. Сомбилек анда ойлонду: “Атам Манас баатырды, Мактадым далай болжолду, Ушуну менен чокчоңдоп, Чабышып жүрсөм болорбу? Арбагың менен жардам бер, Жаныма менин ким келээр? Чын кыйналсам көрүнүп, Келер бекен Гүлүс шер? Мындан кийин келгенин, Колума жарак албастан, Жоготпосом иш бекер. Колдогун Гүлүс олуйа, Кол күчүң бергин сен мага!” Кылгыртып көзгө жаш алып, Жал-жал тиктеп жаш бала, Ойлонгону ошол кеп, Кайраты толук өтө тез. Аңгычакты Бөтөмө, Кирип келди тебелеп. Колтугун өөдө көтөрүп, Корс дегенче жөтөлүп. Чойун башын булгады, Чаап болсун дегенсип, Сомбилек карап турабы? Көтөргөн колдун чыканак, Жудурук менен бир салды, Баатырдан тийген жудурук, Балакет маңгыт чочконун, Колун кетти сындырып. Бир колу жок чолойду, Жарадар болсо кетсин деп, Жанын айап койобу? Кайталап жана бир койду, Оозунан аккан кан болду, Жудуруктан бири өлдү, Маңгыттын башы маң болду. Тил албастан төртөө бар, Төртөө катар ат койду, Канкордун калган белеги, Ак калпак кыргыз журтуна, Арка болгон медери. Ал төртөөнү көргөндө, Апкаарып да жалтанып, Ашыгып койбойт бир жери. “Бирден болсо найза, — деп, Бирөө эмес төрт болсо, Айткан экен түп атам, Албарс менен кайса” – деп. Кылычын кындан сууруду, Бир кишиге төрт киши, Кыйын жумуш мана бу? Ач кыйкырык куу сүрөөн, Айбан коркот үнүнөн, Токтоно албай таш кулап, Төрт наадандын түрүнөн, Көрүп туруп маңгыттар, Баатырларын макташып, Бабырашып сүйүнгөн. Баладан баары түңүлгөн, Баатырдан калган жаш туйак, Башкалар үчүн күйүндү, Кара кашка тулпары, Кайберендей түйүлдү, Аралашып өткөндө, Экөөнү жерге түшүрдү. Жыгылганды карасам, Биринин жаны денде жок, Чапканын жерге жастаган, Жаш чунактай пенде жок. Калтырбай баарын жалмады, Качырып келген төртөөнүн, Карааны көздө калбады, Көрбөгөн маңгыт элдери, Бул түрдөнгөн балбанды. Балта, чокмор кармаган, Мен баатыр деп дардайган, Үмүт үзүп жанынан, Өңүнөн азып саргайган, Тирүү туруп дени өлгөн, Канчасы бар далдайган. Күн кеч кирип аңгыча, Келбеди киши маңдайга, Баатырдын уулу Сомбилек, Чыканак жерге салбастан, Таң агарды майданда, Кастык кылып келгенден, Атканын жазбас мергенден, Жаага чебер кергенден, Чапканын жазбас андестен, Найзага чабар ыктуудан, Балтага кыйын шыктуудан, Кылычка кыйын кылдаттан, Тайганы бар жетекте, Уламдан-улам жаңылап, Алты маңгыт, төрт тайган, Эки моңгул береки, Бар санаты он эки, Буларда турду кезекте, Аңдып жүрүп ушулар, Катышар айла таба албай, Аларда таңды аткарды, Кайра кетип кала албай. Бекбачанын туйагы, Жашы он беште болсо да, Толуп калган убагы, Кирпик кагып ирмебей, Агарган таңды чыгарды. Таң агарган маалда, Таң зыркаары шамалда, Элге кызмат кылуучу, Эрендер турбайт мындайда, Эрен бала Сомбилек, Келип турду маңдайга. Уктатпай таңды атказды, Калдуубет капыр андайда. “Беш атамдан бер жакка, Келиптирбиз элди деп, Беттешип келген бендеден, Белдүүдөн далай эрди жеп, Түгөткөн экен кыргыздар, Түп атамдан төрттү жеп, Атасынын бир көрү, Өлсөм бүгүн мейли” – деп, Жердин бети ачыла, Күндүн нуру чачыла, Түн тунарып жазыла, Туулга кийип башына, Тулпарды минип туйлатып, Калдуубет чыкты качыра. Кастап келген Калдуубет, Кан ичме өзү, кара нээт, Күн батыштын жагынан, Көктүк кылып бул чочко, Келген далай эрди жеп, Кара калпак, түркмөндөн, Карсылдашып келгенден, Өзүбек, тажик, калчадан, Андай нечен канчадан, Оройу суук чочкого, Беттеше албай бир балбан, Карсылдашып хан келген, Чыга албаган эч бир жан. Баарысын малдай жыйдырган, Баш көтөргөн немени, Жер жастантып буй кылган, Астырттан кыйа каратпай, Башын боолуу кул кылган, Маңгыт, таңгыт, моңгулдан, Ал үчөөнөн башкасын, Кабагын карыш муң кылган, Кастап эрин өлтүрүп, Катынын каран тул кылган, Аны менен жөн койбой, Үйгө дедек – күң кылган, Кол салышкан коросон, Кордук көрүп калышкан, Колунан келбей ушундан. Оогандан келген бел байлап, Ортого чыккан баатыры, Өлүп жаткан жер майлап. Испан, иран элинен, Бул Калдуубет чочкодон, Канчоо өлгөн белдүүдөн. Баашасы келген баш болуп, Багдаттык келген топтошуп, Келген менен жоголгон, Башкаларга окшошуп. Жан жүрбөс чөлгө чуу салган, Жай койбой кайып, арстандан, Неченин кармап олжо алган. Күн батыштын тарабы, Кутулган эмес адамы, Адамы эмес айбаны, Кордук көрбөй калбады, Каарданып чыккан Калдуубет, Маңгыттан чыккан балбаны, Эрегишкен эчен жан, Чыгып кеткен далдалы, Эл башкарган канча хан, Ичинде кеткен арманы. Торопойун тоздурган, Толкунушкан жерлерин, Топурак учуп боз кылган, Катылышкан хан болсо, Кайраттуу канча жан болсо, Калтырбай баарын жок кылган. Жалынганга болбогон, Ичип канга тойбогон, Тартууга олжо албаган, Бир күндө жүздү өлтүрсө, Эринбей канын жалаган, Опсуз жаман кара нээт, Мындай жаман, бул наадан. Камандык түрү кармады, Сомбилекке каарданды, Заарын жүзгө салганы, Күүгүмдөгү устадай, Күлгүн тартып ыраңы, Токтобой жетип барганы, Кармап алып кетем, деп, Кабылан туулган баланы, Капкайдан бери чуу салган, Кан ичмеси Калдуубет, Как ошол жерде кармады. Тиктесе көзү алайып, Ээрдин шимип жаланып, Караса көзү алайып, Жыланча эрдин жаланып, Ачылып көзү жумулуп, Туулгасында кыргак жок, Чочкодон бетер мулуйуп, Кылычын ууга сугарган, Каарданып чапканда, Кутулбаган эч бир жан. Көп өнөрү бар экен, Көргөнгө дүйнө тар экен, Найза, кылыч, чокморду, Кетелек, балта ошону, Сом темирин бирге алып, Кимиси менен чабарын, Билбейт адам таңданып. Жаасы катуу түгөнгүр, Күүлөнүп кирди качырып, Эндекей көрөт баланы, Кетмекчи жерге жапшырып, Ак калпак кыргыз алаштын, Ашкере шорун катырып, Талаада калган немедей, Та-талап капыр бакырып. Та-таласа жер солкуп, Чайпалып жаткан көл толкуп, Тоо козголуп таш кулап, Топурак басып, чөп куурап, Минген аты Калдуубет, Өкүм күлүк сом туйак, Уктабай турган баланы, Ушаламак ушул чак. Кирген нардай буркулдап, Жетти бетбак жакындап, Сомбилекти ошондо, Карасаң сонун ошого, Ээги ээгине тийбестен, Ачуудан тиши шакылдап. Баланын жайы ал экен, Чын ачуусу келгенде, Күлкүсү чыкчу жан экен. Шакылдак ээрдин көргөндө, Шашты менден деп келди, Шаштырдым деп баланы, Шайдоот капыр бет келди, Сомбилек карап турабы, Теминип атын тап берди. Оролушуп беттешти, Өлүчү жагын чиктешти, Чукул кирип келгенде, Олойушуп тиктешти. Олойгон көзү ородой, Оройу бузук чочконун, Эки беттин ортосу, Кой жатуучу короодой, Оройу суук пендеден, Качкындай адам жолобой. Тиктеди бала көз ачып, Тигилди буга жанашып, Кими сайып, ким калат, Эрдиктин жолун талашып, Кыргыздын кыраан баласы, Намыска койгон жаратып. Алты имерип сайышып, Калдуубетти жадатып, Каарданды Калдуубет, Кадимки салтын карматып, Кыргызды сайып таратмак, Ар кайда элди сандалтып. Өчөшүп кирди балага, Өлтүрүш бар санаада, Сомбилекти өлтүрсө, Кыргыздын элин таларга, Көөдөнгө найза такылдап, Күркүрөп булар бакырат, Балтага балта тийгенде, От учкундап чачылат. Күн уйага киргенде, Көрүнбөй көзгө жылтырап, Опсуз баатыр экен, деп, Маңгыттар калды жалдырап. Калтырак кирди калкына, Калкы маңгыт жалпыга, Кайраттанды ошондо, Кабылан сындуу жаш бала. Өткөндөрдү эске алды, Оолугуп баатыр чыңдалды, Оро-пара чочкого, Оролушуп курчалды. Эрегишип сайышты, Эрдиктин жолун табышты, Жүдөттү баатыр Сомбилек, Мен-менсиген маңгытты. Кара жандан тойгузду, Кан ичме жинди капырды, Кээде өңү татарып, Кээде бети кызарып, Айбаттанып качырса, Колунда найза узарып, Сайып алам деп келген, Бастырган бойдон түз барып, Козголуп бала былк этпей, Ичине кайгы муң салып, Эс ала түшүп удургуп, Эбине келди алам, деп, Эпсиз кирди жулунуп. Качырганга жараша, Аңтара сайып алалбай, Колундагы найзасын, Сомбилекке жулдуруп, Жулуп алган найзанын, Жол бойуна ыргытты, Өз найзасын өзүнө, Карчытка сайбай мылгытып, Кастарлуу баатыр Сомбилек, Күчүн билмек белгилеп. Арбайтып чеңгел салганы, Кемеринен кармады, Кармаган менен Сомбилек, Оодара тарта албады. Сомбилек менен Калдуубет, Тамандашып турушту, Кылга байлап, жан таштап, Кыйын болду урушу, Барган сайын күч алып, Узарып барат жумушу. Соотторун жулушту, Олпокторун булушту, Өлүмдөн качпай ошондо, Опсуз жаман урушту. Күлкүсү чыгып Сомбилек, Ээрдин кесе тиштенип, Атасы өткөн Манасты, Ойунда бала эстенип, Калдуубетти качырды, Күүлөп найза кезгерип. Оо дүйнө кеткен шерлердин, Арбагы азыр жолдо, деп, Тирүү кайып болгондор, Кыйналып турам колдо, деп, Манастап ураан чакырды, Айбаттанып бакырды, Канча күндөн бер жакка, Кармашып жүргөн Калдуубет, Түрүн көрүп баатырдын, Жүрөгү коркуп шашылды. Жалгыз эмес Сомбилек, Жандай чуркап күркүрөп, Эки жолборс көрүнөт, Калдуубеттин найзасын, Кагып ийип Сомбилек, Качырып найза урганы, Каары катуу Калдуубет, Ат үстүнөн кулады, Чаң көрбөгөн кайран жан, Топуракка буланды. Кызталак маңгыт көп экен, Кыйкырып баары ат салды, Айта-буйта кылдырбай, Арасына алганы. Кетирдим колдон беттешкен, Кекенишкен эрди, деп, Алтымыш миң кара аскер, Ачуулансам теңби? деп, Имерип тийди жаандай, Ителги тепкен таандай, Этектери делбиреп, Эсин таппай маңгыттар, Качып жүрөт кеңгиреп, Каракашка ат күлүк, Карарган маңгыт көп колу, Кара жандан түңүлүп: “Баарыбызды жок кылып, Жалындаган от кылып, Тирүү жан койбой бүт кырып, Кырк кабырга сөгүлүп, Кызыл кан агып төгүлүп, Этегибиз ачылып, Жинибиз жерге чачылып, Кирип кетер тешик жок, Баш калкалап жашынып”. Белдүү баатыр Сомбилек, Беттеп кирген кезинде, Элүү, кырктан немесин, Ээ дедирбей капшырып, Эсинен жанын тапшырып, Ойротто жок эр неме, Өлүп калган немесин, Бир баш кылып жаткырып: “Карасын кырып не пайда? Ханы кайда, эр кайда? Калкалап жаның келе албай, Калыптыр бүгүн маңдайга”. Көпчүлүгү жоголуп, Калдуубетке жабылган, Сомбилек минген Кара аттын, Жал-куйругу жайылган, Караанын көргөн маңгытка, Карышкырдай таанылган. Качырып кирди жаш арстан, «Манастап» ураан чакырып, Алтымыш миң көп элди, Жалгыз киши жапырып, Баатырдын үнүн укканда, Жараатынан кайгы жеп, Калдуубет калды шашылып, Алып кетти беш баатыр, Көрсөптөй аны качырып, Билдирген жок кишиге, Кара аскерди калтырып, Камалган эриң элден, деп, Кадемиң катсын менден, деп, Аралап кирди акырып, Арстан Манас баатырдын, Атынан айтып бакырып, Баатырлыгын маңгытка, Көрүнтүп кетип баратат, Аккан суудай кызыл кан, Төгүлтүп кетип баратат, Аркасынан чыккан чаң, Сөгүлтүп кетип баратат, Кабат-кабат кесирим, Аттанып кетип баратат, Жанаша түшкөн немесин, Жастантып кетип баратат, Кылычтын канын чубултуп, Кырып кетип баратат, Каскактын учун кан кылып, Сайып кетип баратат, Эки этегин бош таштап, Жайып кетип баратат. Алтымыш миңде акыл жок, Аскердин ичи жалын чок, Жалгыз жүрүп аралап, Жалтанбас мындай баатыр жок. Жеринен бирге маңгытка, Жергелешип келгенден, Алдында өлгөн эрлерден, Үчөө калган бул эрде, Жол талашып батышпайт, Кимиси мурун кирерге. Үнү күндөй күркүрөп, Кирген суудай күрпүлдөп, Көрсөтөм деп күпүлдөп, Күүлөнүптүр дүпүлдөп, Кара бойу өтө чоң, Чыкты бирөө сүлкүлдөп. Ак жыландай толгонот, Сомбилек баатыр ойлонот: “Аламан кыргын чуу болсо, Аралаштым мен болсо, Тоготпой жүрө берейин, Тосуп келсин эр болсо”. Аламанга киргени, Аны көзгө илбеди. Ат арытпас жаш бала, Эр арытып көрө элек, Азыр кыйын, мас бала, Аңдып душман сайары, Акылына кирбептир. Кызыгып жүргөн баланы, Кыйырынан чыгып качырды, Каз таман найза жеткени, Каары катуу Сомбилек, Аңтарылып кеткени. Өтө берди чоң маңгыт, Оңшодум деп элөөрүп, Машы чыккан Сомбилек, Атка минди оңолуп, Бурулуп кайра тартканча, Сайып өткөн маңгытка, Жетти баатыр чуу койуп, Найза сайган маңгыттын, Бели узун, аты сүлкүлдөк, Кучактап жерди жыгылды, Жаныбар бөйрөк бүлкүлдөп, Койуп өттү чокуга, Жата тур деп Сомбилек, Айкөл Манас уланы, Анчалык айбат көргөндө, Жаны ачыбай турбады. “Аскериң жүрдүм аралап, Баатырын билдим чамалап, Эми шылдың болбойун, Жыгылдың деп маңгыттар, Калбасын мени табалап”. Элиңдеки эки эри, Эми жетти сабалап, Түпөктүү найза кармады, Түртүшсө табат айланы, Кутулбады баатырдан, Коржоңдошуп барганы. Экөөнү катар тең сайып, Өзөктөн канын жайганы, Кара аскердин ичинде, Караандуу киши калбады, Атка минбей жөө түшүп, Ыйлап турду калганы, Беш миңчелик бар окшойт, Байкап көрсө сийгагы. Күнү-түн жүргөн аралап, Беш миңчени кырганы. Калдуубет болду жаралуу, Маңгыттар болду санаалуу, Жаңы аттанган Сомбилек, Жандан тойгон жакырдан, Он сегизди бир алды, Чымырканса баатырдын, Кылаары ошол турбайбы. Маңгыттын колун жыйнады, Жамандык ага кылбады, Кайдан келсең кеткин, деп, Жөөлөтүп жолго салганы, Элүү төрт миң ат экен, Таласты карай айдады. Оролмону айланды, Он алты күн ат айдап, Таласка жетип калганы, Көз салып бала карады, Оро-пара маңдайды. Түп атасы айкөлдүн, Бээ байлоочу чынарга, Жетип калган убагы, Үч жылдан бери карата, Куураган өнбөй бул чынар, Карылар ойлоп жүрүүчү, “Кайдан бизге жоо чыгар?”. Чынарга жетти жакындап, Чымыроондой чакылдап? Тунарыктай закымдап, Кирип келди көк дөбөт, Минген атты такымдап, Калдуубеттен качпаган, Алтымыш миң аскерден, Апкаарып андан шашпаган, Карсылдак үнүн укканда, Тик качырып чыкканда, Ал эмине иштер, деп, Карап калды жаш арстан, Жалгыз жүрүп жыйырманы, Жылмалаган жаш бала, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Алаңдаган кезинде, Жана сонун болуптур. Кудай берген жетимге, Миңгени айдай Кыланбоз, Салынганы байандоз, Залкар тоодой карыйа, Минген аты Койонбоз, Бар кийими өтө кооз, Жана бирөө жанында, Карыйанын сакалы, Куу жүнүндөй сеңселет, Койонбоз минген адамзат, Пери уулундай теңселет. Ар экөөнүн карааны, Айбаты артык адамы, Темир тоочо көрүндү, Көрөр көзгө барааны. Өз ойунда Сомбилек: “Аттары окшош боз экен, Кийимдери кооз экен, Угушумча айкөлгө, Акыреттик дос экен, Айдай сакал жаркылдайт, Абам Бакай ушу экен, Жанындагы адамзат, Беттешип кимдер жанашат, Караанын көргөн калтаарып, Кантип намыс талашат. Алмамбет шердин баласы, Гүлчоро абам белем” – деп, Атынан түшүп, жүгүнүп, Эркелеп турат көк дөбөт, Тегерете жүгүрүп. Койонбоз минген кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Сурабай билдиң сен бизди, Султандан урпак азамат, Кайраттан калбай тайгылып, Атага келет жаман ат, Оо, балам, мурас, жетимдик, Өчүңдү ал жоодон жетилип, Жаманатты болбогун, Намысты колдон кетирип, Эркиндик бербе душманга, Күнөөсүн өтпө кечирип, Сен кечирсең, ал кечпейт, Башың кетет кесилип, Касташкан жоо жатчу эмес, Жатак болбой кечигип. Жатак киши жан бакпайт, Жан бакса да эл бакпайт. Эл бакпаган эр жигит, Атадан туулуп не пайда, Жесир катын жан сактайт... Айтканы ушул кеп болду, Кай кеткени белгисиз, Карааны көздөн жок болду. Акыл уккан Сомбилек, Санаага түшүп далай кеп: “Таласка келди көп жылкы, Жайыттан таап алар, — деп, Аксакалдар айтты го, Чатак болбо, балам, деп, Кетти деп качып Калдуубет, Кантип элге барам, — деп, Асманга чыкса көкөлөп, Тамандан тартып алам, — деп, Жерге кирсе көмүлүп, Кулактан тартып чыгам, — деп, Таласка кетсе элге жай, Калдуубет жатып жай албайт, Дагы чатак табар, — деп, Жоо айаган жаралуу, Катыны калат каралуу, Карылар айткан макал кеп, Жалганы жок ырас кеп. Арзандык менен Калдуубет, Жемирилип бербейт, — деп, Жонунун жоору бүтө элек, Чогулуп үйгө түшө элек, Жолоочу жүргөн кезинде, Жолугуп ага жетейин, Жоболоңдуу Калдуубет Жолукса башын кесейин, Бадана тонун чечейин, Тулпарын алып олжого, Минер атка жетейин”. Ойлонуп баатыр ошол чак, Турганы жок кылчактап, Кара кашка минген ат, Алты асыйда бар экен, Алтайга минсе арыбас, Толуп турган чагы экен, Жашырбай чынын айтканда, Канкор көчтө миничү, Аргымакча бар экен. Аттан тынык санаасы, Алактаган баланын, Ашыкканын карачы, Душман десе турабы, Бекбачанын баласы. Кырк алты күндүк жол калды, Талас менен маңгыттын, Орто жери арасы, Муну мындай таштайлы, Кара жолдо бутташкан, Бакдөөлөттүн өкүмсүп, Өлгөнүнөн баштайлы.