← Сомбилек 7/7

Качырганга жараша, Аңтара сайып алалбай, Колундагы найзасын, Сомбилекке жулдуруп, Жулуп алган найзанын, Жол бойуна ыргытты, Өз найзасын өзүнө, Карчытка сайбай мылгытып, Кастарлуу баатыр Сомбилек, Күчүн билмек белгилеп. Арбайтып чеңгел салганы, Кемеринен кармады, Кармаган менен Сомбилек, Оодара тарта албады. Сомбилек менен Калдуубет, Тамандашып турушту, Кылга байлап, жан таштап, Кыйын болду урушу, Барган сайын күч алып, Узарып барат жумушу. Соотторун жулушту, Олпокторун булушту, Өлүмдөн качпай ошондо, Опсуз жаман урушту. Күлкүсү чыгып Сомбилек, Ээрдин кесе тиштенип, Атасы өткөн Манасты, Ойунда бала эстенип, Калдуубетти качырды, Күүлөп найза кезгерип. Оо дүйнө кеткен шерлердин, Арбагы азыр жолдо, деп, Тирүү кайып болгондор, Кыйналып турам колдо, деп, Манастап ураан чакырды, Айбаттанып бакырды, Канча күндөн бер жакка, Кармашып жүргөн Калдуубет, Түрүн көрүп баатырдын, Жүрөгү коркуп шашылды. Жалгыз эмес Сомбилек, Жандай чуркап күркүрөп, Эки жолборс көрүнөт, Калдуубеттин найзасын, Кагып ийип Сомбилек, Качырып найза урганы, Каары катуу Калдуубет, Ат үстүнөн кулады, Чаң көрбөгөн кайран жан, Топуракка буланды. Кызталак маңгыт көп экен, Кыйкырып баары ат салды, Айта-буйта кылдырбай, Арасына алганы. Кетирдим колдон беттешкен, Кекенишкен эрди, деп, Алтымыш миң кара аскер, Ачуулансам теңби? деп, Имерип тийди жаандай, Ителги тепкен таандай, Этектери делбиреп, Эсин таппай маңгыттар, Качып жүрөт кеңгиреп, Каракашка ат күлүк, Карарган маңгыт көп колу, Кара жандан түңүлүп: “Баарыбызды жок кылып, Жалындаган от кылып, Тирүү жан койбой бүт кырып, Кырк кабырга сөгүлүп, Кызыл кан агып төгүлүп, Этегибиз ачылып, Жинибиз жерге чачылып, Кирип кетер тешик жок, Баш калкалап жашынып”. Белдүү баатыр Сомбилек, Беттеп кирген кезинде, Элүү, кырктан немесин, Ээ дедирбей капшырып, Эсинен жанын тапшырып, Ойротто жок эр неме, Өлүп калган немесин, Бир баш кылып жаткырып: “Карасын кырып не пайда? Ханы кайда, эр кайда? Калкалап жаның келе албай, Калыптыр бүгүн маңдайга”. Көпчүлүгү жоголуп, Калдуубетке жабылган, Сомбилек минген Кара аттын, Жал-куйругу жайылган, Караанын көргөн маңгытка, Карышкырдай таанылган. Качырып кирди жаш арстан, «Манастап» ураан чакырып, Алтымыш миң көп элди, Жалгыз киши жапырып, Баатырдын үнүн укканда, Жараатынан кайгы жеп, Калдуубет калды шашылып, Алып кетти беш баатыр, Көрсөптөй аны качырып, Билдирген жок кишиге, Кара аскерди калтырып, Камалган эриң элден, деп, Кадемиң катсын менден, деп, Аралап кирди акырып, Арстан Манас баатырдын, Атынан айтып бакырып, Баатырлыгын маңгытка, Көрүнтүп кетип баратат, Аккан суудай кызыл кан, Төгүлтүп кетип баратат, Аркасынан чыккан чаң, Сөгүлтүп кетип баратат, Кабат-кабат кесирим, Аттанып кетип баратат, Жанаша түшкөн немесин, Жастантып кетип баратат, Кылычтын канын чубултуп, Кырып кетип баратат, Каскактын учун кан кылып, Сайып кетип баратат, Эки этегин бош таштап, Жайып кетип баратат. Алтымыш миңде акыл жок, Аскердин ичи жалын чок, Жалгыз жүрүп аралап, Жалтанбас мындай баатыр жок. Жеринен бирге маңгытка, Жергелешип келгенден, Алдында өлгөн эрлерден, Үчөө калган бул эрде, Жол талашып батышпайт, Кимиси мурун кирерге. Үнү күндөй күркүрөп, Кирген суудай күрпүлдөп, Көрсөтөм деп күпүлдөп, Күүлөнүптүр дүпүлдөп, Кара бойу өтө чоң, Чыкты бирөө сүлкүлдөп. Ак жыландай толгонот, Сомбилек баатыр ойлонот: “Аламан кыргын чуу болсо, Аралаштым мен болсо, Тоготпой жүрө берейин, Тосуп келсин эр болсо”. Аламанга киргени, Аны көзгө илбеди. Ат арытпас жаш бала, Эр арытып көрө элек, Азыр кыйын, мас бала, Аңдып душман сайары, Акылына кирбептир. Кызыгып жүргөн баланы, Кыйырынан чыгып качырды, Каз таман найза жеткени, Каары катуу Сомбилек, Аңтарылып кеткени. Өтө берди чоң маңгыт, Оңшодум деп элөөрүп, Машы чыккан Сомбилек, Атка минди оңолуп, Бурулуп кайра тартканча, Сайып өткөн маңгытка, Жетти баатыр чуу койуп, Найза сайган маңгыттын, Бели узун, аты сүлкүлдөк, Кучактап жерди жыгылды, Жаныбар бөйрөк бүлкүлдөп, Койуп өттү чокуга, Жата тур деп Сомбилек, Айкөл Манас уланы, Анчалык айбат көргөндө, Жаны ачыбай турбады. “Аскериң жүрдүм аралап, Баатырын билдим чамалап, Эми шылдың болбойун, Жыгылдың деп маңгыттар, Калбасын мени табалап”. Элиңдеки эки эри, Эми жетти сабалап, Түпөктүү найза кармады, Түртүшсө табат айланы, Кутулбады баатырдан, Коржоңдошуп барганы. Экөөнү катар тең сайып, Өзөктөн канын жайганы, Кара аскердин ичинде, Караандуу киши калбады, Атка минбей жөө түшүп, Ыйлап турду калганы, Беш миңчелик бар окшойт, Байкап көрсө сийгагы. Күнү-түн жүргөн аралап, Беш миңчени кырганы. Калдуубет болду жаралуу, Маңгыттар болду санаалуу, Жаңы аттанган Сомбилек, Жандан тойгон жакырдан, Он сегизди бир алды, Чымырканса баатырдын, Кылаары ошол турбайбы. Маңгыттын колун жыйнады, Жамандык ага кылбады, Кайдан келсең кеткин, деп, Жөөлөтүп жолго салганы, Элүү төрт миң ат экен, Таласты карай айдады. Оролмону айланды, Он алты күн ат айдап, Таласка жетип калганы, Көз салып бала карады, Оро-пара маңдайды. Түп атасы айкөлдүн, Бээ байлоочу чынарга, Жетип калган убагы, Үч жылдан бери карата, Куураган өнбөй бул чынар, Карылар ойлоп жүрүүчү, “Кайдан бизге жоо чыгар?”. Чынарга жетти жакындап, Чымыроондой чакылдап? Тунарыктай закымдап, Кирип келди көк дөбөт, Минген атты такымдап, Калдуубеттен качпаган, Алтымыш миң аскерден, Апкаарып андан шашпаган, Карсылдак үнүн укканда, Тик качырып чыкканда, Ал эмине иштер, деп, Карап калды жаш арстан, Жалгыз жүрүп жыйырманы, Жылмалаган жаш бала, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Алаңдаган кезинде, Жана сонун болуптур. Кудай берген жетимге, Миңгени айдай Кыланбоз, Салынганы байандоз, Залкар тоодой карыйа, Минген аты Койонбоз, Бар кийими өтө кооз, Жана бирөө жанында, Карыйанын сакалы, Куу жүнүндөй сеңселет, Койонбоз минген адамзат, Пери уулундай теңселет. Ар экөөнүн карааны, Айбаты артык адамы, Темир тоочо көрүндү, Көрөр көзгө барааны. Өз ойунда Сомбилек: “Аттары окшош боз экен, Кийимдери кооз экен, Угушумча айкөлгө, Акыреттик дос экен, Айдай сакал жаркылдайт, Абам Бакай ушу экен, Жанындагы адамзат, Беттешип кимдер жанашат, Караанын көргөн калтаарып, Кантип намыс талашат. Алмамбет шердин баласы, Гүлчоро абам белем” – деп, Атынан түшүп, жүгүнүп, Эркелеп турат көк дөбөт, Тегерете жүгүрүп. Койонбоз минген кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Сурабай билдиң сен бизди, Султандан урпак азамат, Кайраттан калбай тайгылып, Атага келет жаман ат, Оо, балам, мурас, жетимдик, Өчүңдү ал жоодон жетилип, Жаманатты болбогун, Намысты колдон кетирип, Эркиндик бербе душманга, Күнөөсүн өтпө кечирип, Сен кечирсең, ал кечпейт, Башың кетет кесилип, Касташкан жоо жатчу эмес, Жатак болбой кечигип. Жатак киши жан бакпайт, Жан бакса да эл бакпайт. Эл бакпаган эр жигит, Атадан туулуп не пайда, Жесир катын жан сактайт... Айтканы ушул кеп болду, Кай кеткени белгисиз, Карааны көздөн жок болду. Акыл уккан Сомбилек, Санаага түшүп далай кеп: “Таласка келди көп жылкы, Жайыттан таап алар, — деп, Аксакалдар айтты го, Чатак болбо, балам, деп, Кетти деп качып Калдуубет, Кантип элге барам, — деп, Асманга чыкса көкөлөп, Тамандан тартып алам, — деп, Жерге кирсе көмүлүп, Кулактан тартып чыгам, — деп, Таласка кетсе элге жай, Калдуубет жатып жай албайт, Дагы чатак табар, — деп, Жоо айаган жаралуу, Катыны калат каралуу, Карылар айткан макал кеп, Жалганы жок ырас кеп. Арзандык менен Калдуубет, Жемирилип бербейт, — деп, Жонунун жоору бүтө элек, Чогулуп үйгө түшө элек, Жолоочу жүргөн кезинде, Жолугуп ага жетейин, Жоболоңдуу Калдуубет Жолукса башын кесейин, Бадана тонун чечейин, Тулпарын алып олжого, Минер атка жетейин”. Ойлонуп баатыр ошол чак, Турганы жок кылчактап, Кара кашка минген ат, Алты асыйда бар экен, Алтайга минсе арыбас, Толуп турган чагы экен, Жашырбай чынын айтканда, Канкор көчтө миничү, Аргымакча бар экен. Аттан тынык санаасы, Алактаган баланын, Ашыкканын карачы, Душман десе турабы, Бекбачанын баласы. Кырк алты күндүк жол калды, Талас менен маңгыттын, Орто жери арасы, Муну мындай таштайлы, Кара жолдо бутташкан, Бакдөөлөттүн өкүмсүп, Өлгөнүнөн баштайлы.