← Сомбилек 6/7

Чын кыйналсам көрүнүп, Келер бекен Гүлүс шер? Мындан кийин келгенин, Колума жарак албастан, Жоготпосом иш бекер. Колдогун Гүлүс олуйа, Кол күчүң бергин сен мага!” Кылгыртып көзгө жаш алып, Жал-жал тиктеп жаш бала, Ойлонгону ошол кеп, Кайраты толук өтө тез. Аңгычакты Бөтөмө, Кирип келди тебелеп. Колтугун өөдө көтөрүп, Корс дегенче жөтөлүп. Чойун башын булгады, Чаап болсун дегенсип, Сомбилек карап турабы? Көтөргөн колдун чыканак, Жудурук менен бир салды, Баатырдан тийген жудурук, Балакет маңгыт чочконун, Колун кетти сындырып. Бир колу жок чолойду, Жарадар болсо кетсин деп, Жанын айап койобу? Кайталап жана бир койду, Оозунан аккан кан болду, Жудуруктан бири өлдү, Маңгыттын башы маң болду. Тил албастан төртөө бар, Төртөө катар ат койду, Канкордун калган белеги, Ак калпак кыргыз журтуна, Арка болгон медери. Ал төртөөнү көргөндө, Апкаарып да жалтанып, Ашыгып койбойт бир жери. “Бирден болсо найза, — деп, Бирөө эмес төрт болсо, Айткан экен түп атам, Албарс менен кайса” – деп. Кылычын кындан сууруду, Бир кишиге төрт киши, Кыйын жумуш мана бу? Ач кыйкырык куу сүрөөн, Айбан коркот үнүнөн, Токтоно албай таш кулап, Төрт наадандын түрүнөн, Көрүп туруп маңгыттар, Баатырларын макташып, Бабырашып сүйүнгөн. Баладан баары түңүлгөн, Баатырдан калган жаш туйак, Башкалар үчүн күйүндү, Кара кашка тулпары, Кайберендей түйүлдү, Аралашып өткөндө, Экөөнү жерге түшүрдү. Жыгылганды карасам, Биринин жаны денде жок, Чапканын жерге жастаган, Жаш чунактай пенде жок. Калтырбай баарын жалмады, Качырып келген төртөөнүн, Карааны көздө калбады, Көрбөгөн маңгыт элдери, Бул түрдөнгөн балбанды. Балта, чокмор кармаган, Мен баатыр деп дардайган, Үмүт үзүп жанынан, Өңүнөн азып саргайган, Тирүү туруп дени өлгөн, Канчасы бар далдайган. Күн кеч кирип аңгыча, Келбеди киши маңдайга, Баатырдын уулу Сомбилек, Чыканак жерге салбастан, Таң агарды майданда, Кастык кылып келгенден, Атканын жазбас мергенден, Жаага чебер кергенден, Чапканын жазбас андестен, Найзага чабар ыктуудан, Балтага кыйын шыктуудан, Кылычка кыйын кылдаттан, Тайганы бар жетекте, Уламдан-улам жаңылап, Алты маңгыт, төрт тайган, Эки моңгул береки, Бар санаты он эки, Буларда турду кезекте, Аңдып жүрүп ушулар, Катышар айла таба албай, Аларда таңды аткарды, Кайра кетип кала албай. Бекбачанын туйагы, Жашы он беште болсо да, Толуп калган убагы, Кирпик кагып ирмебей, Агарган таңды чыгарды. Таң агарган маалда, Таң зыркаары шамалда, Элге кызмат кылуучу, Эрендер турбайт мындайда, Эрен бала Сомбилек, Келип турду маңдайга. Уктатпай таңды атказды, Калдуубет капыр андайда. “Беш атамдан бер жакка, Келиптирбиз элди деп, Беттешип келген бендеден, Белдүүдөн далай эрди жеп, Түгөткөн экен кыргыздар, Түп атамдан төрттү жеп, Атасынын бир көрү, Өлсөм бүгүн мейли” – деп, Жердин бети ачыла, Күндүн нуру чачыла, Түн тунарып жазыла, Туулга кийип башына, Тулпарды минип туйлатып, Калдуубет чыкты качыра. Кастап келген Калдуубет, Кан ичме өзү, кара нээт, Күн батыштын жагынан, Көктүк кылып бул чочко, Келген далай эрди жеп, Кара калпак, түркмөндөн, Карсылдашып келгенден, Өзүбек, тажик, калчадан, Андай нечен канчадан, Оройу суук чочкого, Беттеше албай бир балбан, Карсылдашып хан келген, Чыга албаган эч бир жан. Баарысын малдай жыйдырган, Баш көтөргөн немени, Жер жастантып буй кылган, Астырттан кыйа каратпай, Башын боолуу кул кылган, Маңгыт, таңгыт, моңгулдан, Ал үчөөнөн башкасын, Кабагын карыш муң кылган, Кастап эрин өлтүрүп, Катынын каран тул кылган, Аны менен жөн койбой, Үйгө дедек – күң кылган, Кол салышкан коросон, Кордук көрүп калышкан, Колунан келбей ушундан. Оогандан келген бел байлап, Ортого чыккан баатыры, Өлүп жаткан жер майлап. Испан, иран элинен, Бул Калдуубет чочкодон, Канчоо өлгөн белдүүдөн. Баашасы келген баш болуп, Багдаттык келген топтошуп, Келген менен жоголгон, Башкаларга окшошуп. Жан жүрбөс чөлгө чуу салган, Жай койбой кайып, арстандан, Неченин кармап олжо алган. Күн батыштын тарабы, Кутулган эмес адамы, Адамы эмес айбаны, Кордук көрбөй калбады, Каарданып чыккан Калдуубет, Маңгыттан чыккан балбаны, Эрегишкен эчен жан, Чыгып кеткен далдалы, Эл башкарган канча хан, Ичинде кеткен арманы. Торопойун тоздурган, Толкунушкан жерлерин, Топурак учуп боз кылган, Катылышкан хан болсо, Кайраттуу канча жан болсо, Калтырбай баарын жок кылган. Жалынганга болбогон, Ичип канга тойбогон, Тартууга олжо албаган, Бир күндө жүздү өлтүрсө, Эринбей канын жалаган, Опсуз жаман кара нээт, Мындай жаман, бул наадан. Камандык түрү кармады, Сомбилекке каарданды, Заарын жүзгө салганы, Күүгүмдөгү устадай, Күлгүн тартып ыраңы, Токтобой жетип барганы, Кармап алып кетем, деп, Кабылан туулган баланы, Капкайдан бери чуу салган, Кан ичмеси Калдуубет, Как ошол жерде кармады. Тиктесе көзү алайып, Ээрдин шимип жаланып, Караса көзү алайып, Жыланча эрдин жаланып, Ачылып көзү жумулуп, Туулгасында кыргак жок, Чочкодон бетер мулуйуп, Кылычын ууга сугарган, Каарданып чапканда, Кутулбаган эч бир жан. Көп өнөрү бар экен, Көргөнгө дүйнө тар экен, Найза, кылыч, чокморду, Кетелек, балта ошону, Сом темирин бирге алып, Кимиси менен чабарын, Билбейт адам таңданып. Жаасы катуу түгөнгүр, Күүлөнүп кирди качырып, Эндекей көрөт баланы, Кетмекчи жерге жапшырып, Ак калпак кыргыз алаштын, Ашкере шорун катырып, Талаада калган немедей, Та-талап капыр бакырып. Та-таласа жер солкуп, Чайпалып жаткан көл толкуп, Тоо козголуп таш кулап, Топурак басып, чөп куурап, Минген аты Калдуубет, Өкүм күлүк сом туйак, Уктабай турган баланы, Ушаламак ушул чак. Кирген нардай буркулдап, Жетти бетбак жакындап, Сомбилекти ошондо, Карасаң сонун ошого, Ээги ээгине тийбестен, Ачуудан тиши шакылдап. Баланын жайы ал экен, Чын ачуусу келгенде, Күлкүсү чыкчу жан экен. Шакылдак ээрдин көргөндө, Шашты менден деп келди, Шаштырдым деп баланы, Шайдоот капыр бет келди, Сомбилек карап турабы, Теминип атын тап берди. Оролушуп беттешти, Өлүчү жагын чиктешти, Чукул кирип келгенде, Олойушуп тиктешти. Олойгон көзү ородой, Оройу бузук чочконун, Эки беттин ортосу, Кой жатуучу короодой, Оройу суук пендеден, Качкындай адам жолобой. Тиктеди бала көз ачып, Тигилди буга жанашып, Кими сайып, ким калат, Эрдиктин жолун талашып, Кыргыздын кыраан баласы, Намыска койгон жаратып. Алты имерип сайышып, Калдуубетти жадатып, Каарданды Калдуубет, Кадимки салтын карматып, Кыргызды сайып таратмак, Ар кайда элди сандалтып. Өчөшүп кирди балага, Өлтүрүш бар санаада, Сомбилекти өлтүрсө, Кыргыздын элин таларга, Көөдөнгө найза такылдап, Күркүрөп булар бакырат, Балтага балта тийгенде, От учкундап чачылат. Күн уйага киргенде, Көрүнбөй көзгө жылтырап, Опсуз баатыр экен, деп, Маңгыттар калды жалдырап. Калтырак кирди калкына, Калкы маңгыт жалпыга, Кайраттанды ошондо, Кабылан сындуу жаш бала. Өткөндөрдү эске алды, Оолугуп баатыр чыңдалды, Оро-пара чочкого, Оролушуп курчалды. Эрегишип сайышты, Эрдиктин жолун табышты, Жүдөттү баатыр Сомбилек, Мен-менсиген маңгытты. Кара жандан тойгузду, Кан ичме жинди капырды, Кээде өңү татарып, Кээде бети кызарып, Айбаттанып качырса, Колунда найза узарып, Сайып алам деп келген, Бастырган бойдон түз барып, Козголуп бала былк этпей, Ичине кайгы муң салып, Эс ала түшүп удургуп, Эбине келди алам, деп, Эпсиз кирди жулунуп.