← Семетей

Үмүтөйдүн өзүнчө келип өлүшү, Семетейдин Тайбуурулду бериши

Казак калың журт экен, Кадимден бери калмакка, Аралаша турчу экен. Көкөтөй элге хан экен, Айдаркан чыгаан бай экен Айдаркандын Көкчөсү, Белге таңуу эр эле. Ал Көкчөнүн баласын, Үмүтөй төрө дээр эле. Үрбү менен Музбурчак, Өлүп кеткен кези эле. Башында казак үч төрө, Азыр баары чогулуп, Болуп калган бир төрө. Көкчөнүн уулу Үмүтөй, Баарысына хан төрө. Кымыз ичип олтуруп, Кыйал мас болгон кезинде, Шылтоо кылып токтомду. Кылыгын ойлоп Семеңдин, Керимбайдын кептери, Кете элек али эсинде. Алтымыш уруу алашка, Хан болууну ойлочу, Эртең менен кечинде. “Кызыталак канкордун, Бул эмине кылышы? Кабар кылып,сөз айтпай Элчилешип кытайга, Өзү токтом кылышты. Коңурбайды сойгонун, Мага айтпай койгону, Мунусу кандай жумушу?! Атасы жүрдү ашында, Бүткүл элди башкарып. Ээрчитип барып Бейжинге, Кыйла элди өлтүрдү. Кырк чоро — деп,-ат койуп, Кырк баатырды кутуртту. Кылым казак, кыргызга, Кылып жүрдү зордукту. Аз келгенсип ансы, Анын уулу Семетей, Мунун кандай кордугу? Бүтүн каңгай журтуна, Элчилешип келгенде, Айтпай бир ооз койушу. Кошулбады кебиме, Мени илбеди көзүнө. Алдап жүрүп ээрчитип, Атасы Манас ант ургур, Атамдын жетти түбүнө! Калмакка кармап бердиби, Каңгайдан кордук көрдүбү? Көзүн көрбөй шүк болдук, Атамдын кунун алайын, Бербеймин десе Семетей, Талкан кылып коргонун, Талаа кылып ордосун, Такыр кылып чабайын! Семетей менден эр бекен, Кайратым андан кем бекен?! Эли элимен көп бекен, Семетейге баш ийип, Унчукпай койчу мен бекем?! Кызыталак канкордон, Кылымды бузган анткордон. Атамдын кунун албасам, Адам болбой калайын, А көрөктү өлөйүн, Акыретти көрөйүн!” Намыстанып Үмүтөй, Эл эстүүсүн чыкырды, Төрт, беш бээни сойдуруп, Этти тартып койдуруп. Дасторконун жыйганда, Үйгө кирип олтуруп. Үмүтөй төрө кеп сүйлөп, Көйрөңдөнүп бек сүйлөп. Кебинен шумдук чуу чыгып, Таноосунан буу чыгып. Кара жаак чечен кул, Ууртунан суу чыгып: “Эй, ушул турган агалар, Бала төрө Үмөтөй, Кыла турган кебим бар, Айткан кепке жараңар, Барың мени караңар! Силерге айтпай агалар, Кимге айтам зарымды? Ойун күлкү сөз болсо, Келтирет экен арымды. Эсепке албай калдым мен, Алтын, күмүш, зарңды! Ущул кезде Үмүтөй, Намыс үчүн күч жыйбай, Айдама кошун кол жыйбай, Коркуп бирөө сөз кылбай, Жатып калар чагымбы? Ойлонсом кыйын ачынтат, Өткөн иштер жанымды! Ошол үчүн чакырдым, Жашы менен карыңды. Айкөл Манас башында, Кармап жүрдү бул элди. Кайда барса кой өңдүү, Айдап жүрдү бул элди. Кайраты толук шер экен, Калмактан алып кегиңди, Жерлүү кылды бул элди. Орустан барып олжо алды, Ортого аны бир салды. Кызыл кыйа бел ашты, Кытайды барып бир чапты. Кызыталак канкоруң, Ортого салган тапканды, Жалгыз ооз кеп болсо, Жашырбай элге айтканда, Жабылып ээрчип жүрчү экен, Кайда барса басканда. Эч кимдин көөнү оорубайт, Как ошондой арстанга. Манастан андай кылганы, Ортого салып тапканды, Элди алдаш кыйалы. Алданып мал, пул, сөзүнө, Өлөрүн эч ким туйбайды, Эч болбосо Семетей, Атасындай кылбады! Кишини албай теңдикке, Кишиден-киши жазганса, Артына салып ээрчитип, Атамды алып басканда. Кызыталак канкоруң, Кытайды барып чапканда. Көзөл Көкчө хан атам, Өлүп кетти ошондо. Атамдын көзүн көрбөдүм, Колум менен көмбөдүм. Урмат кылып ыйлабай, Арбагын анын сыйлабай, Токтоно албай калдым мен. Семетейден кун албай! Арага элчи салбаймын, Аскерди жыйып айдаймын. Семетей кылса итчилик, Мен, атамдын кунун албай тынбаймын! Мал албаймын мен кунга, Зар албаймын мен кунга. Кан ордуна кан алам, Алданбаймын мал, пулга! Хан атам Көкчө өлүптүр, Жан ордуна жан алам. Семетейден баш алам, Кардын жарып өт алам, Адам сынган камкордун, Атам үчүн өч алам! Эркек бала тууганда, Намыс үчүн — дейт, — экен. Аксакалдуу кишини, Калыс үчүн — дейт — экен. Карыйалар турасың, Мурункунун наркы экен. Арканча кылсак жакшылык, Кан ичме жинди Семетей, Аны билбес киши экен. Ойлоңорчу, көпчүлүк, Өзү барды Кытайга, Ушунусу эп бекен?! Кеңештен куру калганда, Үйдө жатып алганда, Ошол кыйын кеп бекен! Кангайга бирге баралбас, Кайратсыз казак эл бекен?! Хан Көкчөнүн Үмөтөй, Семетейден кем бекен?! Атасы салган бушманга, Чыгарбай Көкчө атагын. Жолдошу болуп бир жүргөн, Алмамбетти бузганда. Кийин көөнүн жайлаган, Анткен менен айкөл эр, Менин атам Көкчөнү, Хан көтөрүп шайлаган. Хандык колго тийгенде, Көөнүндө кир калбаган. Алдап жүрүп акыры, Бейжинди көздөй айдаган. Ошол Бейжин жеринде, Каптаган какан элинде, Хан атам өлдү бейарман! Канбады менин кумарым, Хан атам кунун албадым. Чыкпайт ичтен зардабым, Семетейди чаппасам. Теңсинбеген төрөнүн, Деги эдебин таппасам!” Деп, ошентип Үмү төй, Күңгүрөнүп күүлөнүп, Ачууланып сүйлөнүп, Ач арстандай түрлөнүп. Атайы беш миң кол жыйып, Ар сабында миң кылып. Найза сайар ыктуудан, Жазбай атар мыктыдан, Кылыч чабар кыйындан, Жигиттерден ылгаган. Балта кармар баатырдан, Байкасаң журтта калбаган. Беш миңге санын толтуруп, Үмүтөй кошун камдаган. Кара бойу катуу күч, Карылуу кошун дайындап, Семетейге арнаган. Семетей сени дегенде, “Кап” — деп оозун кармаган, Ачууланып, арданып, Атасын ойлоп Үмүтөй, Ант ичкендей саргарып. Бастырмак болду түгөнгүр, Кең Колду көздөй кол алып. Жоо жарагы бүткөндө, Аттанар болгон күндөрдө, Агеркеч туруп кеп айтат: “Ээ, кулунум, Үмүтөй, Акылым уккун — деп айтат. Кабылан Манас сал эле, Каардуу туулган жан эле. Ал Манасты колдогон, Кыргыз, казак эл эле, Жердеген жерим Манастын, Ырысына жараша, Кең кол, Талас дээ эле. Жер, элине кол берген, Элдин баары жол берген, Кылган иши оң келген, Аны менен басташкан, Ар качан адам кор деген. Айкөлдүн калган тукуму, Семетей сенин тууганың. Тууган эмей неткениң, Карын бөлөң эмесби?! Каныкей мага бир тууган, Семетейди ал тууган. Сени, балам, мен туугам, Ал экөөңөр бир тууган, Түп атаңар тең тууган! Орус менен баранга, Оорагы кеткен далайга, Эсиң болсо Үмүтөй, Эрегишип Семеңе, Жолу жок калба сен салба. Кангай менен калмакка, Кадыры өткөн далайга, Көрсөткөн каарын аларга. Сары арканы калмактар, Атаңдан тартып аларда, Атаңды Манас колдогон, Бажасы менен муңдашып, Ошондо атаң хан болгон. Ал Манастын тобуна, Кас санаган оңбогон! Тим болгунуң Үмүтөй, Тилимди албай сен койсоң, Каныкей менен бир тууган, Тууган энең мен болсом, Эсим болсо Үмүтөй, Аа, теңелбейт тим болсоң! Чабам — деп, — аны ойлоңсуң, Барып калсаң ал жерге, Эзелде жакшы болбойсуң. Кыйыгына сен тийсең, Бейажал өлүп сойлойсуң. Келген киши кетпеген, Үйүнө аман жетпеген. Өлгөн сайын өрчүгөн, Өткүр Манас уулу ал. Түгөнгөн сайын түтөгөн, Түптүү Манас тукуму ал, Кулагың салам Үмүтөй, Байкап уккун ушуну! Акыл айтам, Үмүтөй, Абайлап жакшы ойлосоң, А көрөктү, Үмүтөй, Тарынчы айтып, жүйө айтып, Алдына киши жиберсең. Оңдой берет олутту, Орундуу берет конушту. Узартат сенин колуңду, Кыскартат басар жолуңду. Өлгүнчөктө бек кармайт, Жанындай көрүп колуңду. Жайылдык кылсаң тил албай, Сойуп койот өзүңдү. Каргаларга чокутуп, Ойуп койот көзүңдү. Сөөгүңдү мында жибербей, Койуп койот өзүңдү! Семетей менен жарашсаң, Сага киши кол салбайт, Беттеп пенде келе албайт. Келсе дагы жеңе албайт, Семетей өзү ажыдаар, Кол салып адам бара албайт, Орустан сага жан келбейт, Оолугуп сага жан келсе, Ошондой күндө Семетей, Урушар киши менмин — дейт. Уктатпай элди тынч алган, Кайдан келген душман — дейт. Каның тартып келипсиң, Катылып көрчү, сен ким — дейт, Калмак, кангай жолобойт, Семетей экөөң бирлешсең. Этегиңдин алдына, Элдин баары корголойт. Бузукунун сөзүнө, Тегеле кулак салба — дейт. Бузулушуп бөлөңө, Кошун курап барба” — дейт. — Агеркеч туруп аны айтты, Анда туруп Үмүтөй, Агеркечке кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: “Койгун, эне, кебиңди, Албаймын сенин тилиңди. Бузуп айткан киши жок, Бузугу менен уулуңдун, Бузулушар иши жок. Семетейдин кыйалы, Ичиме салды кызыл чок! Менин атам хан Көкчө, Бардашы журттан бөлөкчө. Алдап жүрүп атамды, Атасы сойуп жоготту. Атам кылган экен — деп, Баласы качан сооротту?! Семетей бербейт конушту, Оңдоп бербейт олутту. Мени менен кеңешпей, Өзү барып калмакка, Коңурбайды сойушу, Кылган иши жолбу ушу?! Кайратым андан кем эмес, Семетей менден эр эмес. Калың казак журтум бар, Калкым андан кем эмес. Атамдын кунун кубалап, Албай койчу мен эмес! Бөлөлүктө жалган жок, Коңурбайга барганда, Бирге жүрүү — деп — айтса, Барбай койсом өзүмө, Мен жетимде арман жок! Кандуу душман Коңурдан, Сойуп кегин аларда, Куру калдым ушундан. Ошондон бери козголтуп, Жаткызбайт мени зор бушман! Койгун дейсиң, энеке, Эми казактан ылгап кол жыйсам, Барбай койсом канкорго, Намыска кантип чыдаймын? Атаңдын кунун ала албай, Тамтаңдаган төрө — деп, Тамашалап эл айтса, Ага кантип чыдаймын? Аманат жанды сактасын, Алла-таала кудайым. Жарашсам да жоолашсам, Жанбай барып көрөйүн, Жамандашып калганда, Кантип тирүү койойун, Куруу оорак камкорду, Аман койбой сойойун!” Энесинин айтканын, Эп көрбөдү Үмүтөй. Айдаркандын элинде, Алтынкан деген бар эле. Өзү узак жашаган, Ак сакалдуу кары эле. Калыс сөзүн Алтынкан, Али айтты эп эле: “Койгун, балам, желдебе, Кармашам — деп — дегдебе! Энеңдин тили албасаң, Элиңди жыйып алдасаң, Узакка сапар жол тартып, Ушундан жүрүп сен барсаң. Алып келсең жолуңдур, Алдырып койсоң шоруңдур. Албай койбойт ойлосом, Арстандын уулу ант ургур. Беттешкенин соо койбойт, Белдүү Семең кутургур. Эрсынесиң үйүңдө Теңебейсиң түгүңө. Үстүмдө темир кийимим, Эрмин дейсиң ойуңда! Эрди, балам көрбөдүң, Эрегишип эр сайып, Эр согушун көрбөдүң, Кармашып кандап, жоо сайып, Кармашы чоң көрбөдүң, Элөөрүп барсаң тил албай, Эми эле кордук көрөсүң. Эрегишсе Семетей, Эсен келбей өлөсүң. Канчоро сенден кем эмес, Ойлонуп көрчү Үмүтөй Сен Гүлчородон эр эмес, Ырасын айтсам укканың, Сен Семетейге тең эмес! Кыйыгына тийгенде, Сойбой койчу неме эмес. Тынч жатпай барып темтеңдеп, Теңдешчү душман ал эмес! Чын кожо, Толтой кол салды, Качан алар соо калды? Жети суу толгон жедигер, Кырылышып аз калды. Кытайдан Коңур козголду, Кектешип жүрүп акыры, Семетей колдуу жок болду. Коңурбайды өлтүрсө, Сенин бөлөң өлтүрдү, Атаңдын куну бүткөндүр? Койгун, балам желденбе, Куру намыс кылбасаң, Колуңдан келбейт дегеле, Арданткан сени кеп эмес, Адамзат бендеси, Арстандын уулу Семеңе, Азыркысы тең эмес. Калмактан барды калың көл, Тартып алды коргонду, Журт башкарган, жакшысы, Жумуру баш кесилди, Кул кылып алды каратып, Кудайсып келген кечилди. Беттеше келген душманды, Качан аман кетирди? Кара кыргыз,казакты, Башында Манас жеткирди. Эмкисин баш бьолуп, Семетей суудан кечирди, Дөөлөтүңө мас болуп, Кылбагын,балам,кесирди. Айткан тилди алсаңчы, Ырайыңан жансаңчы. Эмики дөөлөт аз эмес, Хандык кылып жатсаңчы!» — Деп, карылык кептерин, Алтынкан канча айтса да, Ынабады Үмүтөй. Ого бетер чыйралып, Кара боюн бекитип, Чыңап алды, үмүтөй. «Казактын колу жөнө» — деп, чубап алды, Үмүтөй. белсенип алган үмүтөй, Бекемдеп белин байлады. Беш миң кошун айдады. Арада нечен бел алып, Агыны катуу суу кечип, Араңдан зорго кыдырып, Ал Кеңколго барганы. Кеңколдун алкым ташынан, Үч-кошойдун сазынан, Бөксөнүн аяк куюштан, Кол көрөндү ушундан. Сары хан абаң кеп айтат: «Кандай шумдук болду бу, Кол көрүндү — деп айтат? Кайсы экени билинбейт Ким экенин билсекчи, Беттешип келген жоо болсо, Белсенишип көрсөчү. Бирдеше келген кол болсо, Бир сүйлөшүп көрсөкчү» — Деп, айтканда Сары хан, Макул көрдү Бакай хан Анда баатыр Гүлчоро, «Өзүм кабар алам,» — деп — Суркоен башын чулгутуп, Туяктан чаңын бургутуп, Колго кар жөнүндү, Элестетип дөбөнү. Атактуу баатыр Гүлчоро, Айылда жүрсө бир чоро, Аттанып чыкса миң чоро, Айгалышкан жоо болсо, Айбат кылар шер чоро. Кайда катуу жер болсо, Аша албаган бел болсо, Аа аттанган Гүлчоро, Атына минип дуу коюп, Караган элге чуу болуп, Тулпары тердеп суу болуп, Колтуктан чыккан буу болуп. Көк жал чоро Гүлүстөн, Жете барып алдына, Келген бойдон кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: «Жолдон азган кол болсоң, конок кылам кандайсың? Доолашып келген доо болсоң, Урушарга жоо болсоң, Урунарга тоо болсоң, Ушаласам кандайсың? Тааныбай турам элиңди, Таппай турам пейлиңди. Кайкалаган калың кол, Баарың окшош турасың, Биле албай турамын, Кайсы экенин бегиңди? Байкап сөзгө кулак сал, Өрттөгөн арча өңдөнгөн, Өңү суук, сен кимсиң? Өкүрүүчү баштанган, Түрү суук, сен кимсиң? Айдама кошуун кол жыйган. Жолу суук сен кимсиң? Суудай толкуп шарданган, Топ-топ тулпар байлаган, Тоодой баатыр сен кимсиң? Шер өңдөнүп көрүнгөн. Жүзүңөн нуруң төгүлгөн, Көмүрдөй кара көзү бар, Көркүң шердей сен кимсиң? Көпкөк темир кийинген, Көптү көрсө сүйүнгөн, Коркпогон качып өлүмдөн, Кордукту көрсө элиңден, Коржоңдогон сен кимсиң? Такыр жибек кийгениң, Такыр жорго мингениң. Тааныбаймын, билбеймин, Башыңда суусар бөркүң бар, Падышадай, сен кимсиң? Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Найзага темир аштаган, Айдама кошун баштаган, Баатырсынган сен кимсиң? Качырганды кармаган, Качпай туруп жалмаган, Көргөн киши зарлаган, Кем эмес түрү камандан, Алышканды аймаган, Албай жолго салбаган, Алп мүчөлүү, сен кимсиң? Жолоочу болсоң, жолго сал, Жоо келчү жолду самаган. Жолоочу эмес кыясың, Жоолашчудай турасың, Жообуңду азыр айта сал!» — Деп, ошентип Гүлчоро, Сөз сурады эр чоро. Кундуз ичик суусар бөрк, Кубулжуган бир манап, Салты башка адамдан. Караганды уялтат, Кепти баштап ал айтат: «Атаңдын көрү, ит Чоро, адам болбой, кет чоро, акылы жок, нес чоро, Жолоочу биздей болобу?! Сендей чоро оңобу?! Жолоочу — деп — ойлобо, Жоолочу киши биз эмес. Мен жүрөмүн жоону издеп, Урушарга душман жок, Урунарга тоо издеп! Атамдын аты Хан Көкчө, Өзүмдн атым Үмүтөй, Атамды манас өлтүрдү, Ошого келдим кун издеп! Өзүңдүн жолуң билбесең, Айткан сөздү абайлап, Кулагыңа илбесең. Сапырып ийем шаарыңды, Тартып алам малыңды, Алдыңа минген тагыңды, Башыңда таажы багыңды, Кокуйлатам карыңды, Койбой кырам баарыңды,. Куп сынаймын алыңды, Ардактаган абаңа, Айтып баргын жайымды! Семетей келсин алдыма, Керек эмес малыда, Чөк түшүп ыйлап отурсун, Кол байлап менин алдыма, Кабыл кылса кылармын, Карыя Бакай наалыса, Кечсем өтүп калармын, Каныкей эжем таарынса, Деп ошентип айтты эле, Алмамбет уулу Гүлчоро, Бели катуу бек чоро, Белдсенишкен душманга, Жалгыз эмес сан чоро, Сайраганда кеби шар, Каарданса жолу тар, Кармашчу жоону көргөндө, Ач арстандай түрү бар, Гүлчорону көргөндө, Көргөн бенде туюнар, Гүлчоро туруп кеп айтат, Үмүтөй койгун деп айтат, Эми уктум атыңды, Баян кылган арзыңды, Байкап билдим дартыңды, Көкчөгө Манас бажа экен, Биринен-бири кете албас, Курбалдаш өскөн жан экен, Ал кезекте эрлердин, Өзүнчө сыры ар экен, Арстан эрге шер Көкчө, Ар качан келип турчу дейт, Айкөл менен кеңешип, Ар кандай ишти кылчу дейт, Кайда барса кабылан, Калбай ээрчип барчу дейт, Талаадан талап олжо алса, Так ортого салчу дейт, Көзүнө көркөм мал болсо, Көмүркөйдө зар болсо, Мурун Көкчө алчу экен. Көкчөдөн калган мал-пулду, Анан хандар алчу экен, Канкор Манас тушунда, Хан Көкчө жайы бул экен, Эр Көкчө жүрсө эркинче, Жер жайнаган каңгайга, Манас кармап бербесе, Көпчүлүктүн ичинде, Жетип ажал ал өлсө, Сен алуучу кун бекен. Айкөлдөн уулу Семетей, Сен теңдешчү эр бекен, Темир хандын шаарына, Тентип барып келгени, Сендей тентек көп чыкты, Шылтоо кылп ар кайдан. Кек алабыз деп чыкты. Жекеге баатыр эр чыкты, Нечен сендей шер чыкты, Чын-чынына келгенде, Чекесинен тер чыкты, Чын ачуусу келгенде, Кыйгына тийгенде, Кызарып каны коюлду. Катылдык кайдан бекер, Как ошондо туйунду, Айтканыңды ит уксун, Үмүтөй, койгун мунуңду, Семетей экөөң бөлөсүң, Арстанды Үмүтөй, Башкалардай көрөсүң, Ачуусуна сен тийсең, Күн көрө албай өлөсүң, Азыр башың жаш экен, Бузук сөздү койгунуң, Буруп айтып барбаймын, Алдын өзүм тосойун, Арчы кишиң болойун, Бакайга кылып кеңешти, Каныкейге угузуп, Сары ханга туйгузуп, Семетейди сен үчүн, Алып келсем болобу, Экөөң карын бөлөсүң, Туугандык кылса Семетей, Урматын анын көрөсүң, Абама бара калайын, Айтып кабар салайын, Туугандык кылса Семетей, Алып келе калайын, Душмандык кылса тил албай, Анда кабар кылайын, Деп айтканда гүлчоро, Ач бөрүдөй умтулуп, Чапанын тетир кымтынып, Хан Көкчөнү эске алып, Төрө Үмүтөй үшкүрүп, Ачууланып бакырып, Алдындагы чорого, Абыдан сүйлөп бакырып, Айбан, кул, азыр жөнөгүн, Жөнөбөй койсоң тил алып, Кордукту менден көрөсүң, Жамандык менден калбасын, Семетейге барып кел, Айтып кабар салып кел, Жарашам десе семетей, Жөө ыйлатып алып кел, Ылдамыраак барып кел, Зарыктырбай бачым кел, Деп үмүтөй айкырып, Каарданып бакырып, Кабыландай капшырып, Гүлчорону жапырып, Калба салган жери ошол, Кабыл алып Гүлчоро, Кайра тарткан жери ошол, Алдындагы тулпарга, Аябай камчы урду эле, Учкан куш менен жарышып, Семетейдин алдына, Барып чоро турду эле, Кепти мындай урду эле, Келгениң арзан жоо эмес, Адам болжоор доо эмес, Карандай эмес кун экен, Келген киши Үмүтөй, Хан Көкчөнүн уулу экен, Тосуп жолун муунадым, Торгоп жолун сурадым, Ар канча кылсам далалат, Болбой койду тууганың, Баштан аяк кеп салдым, Карын бөлөң Семетей, Тартышпагын деп салдым, Өзү билип узатат, Тайышпагын деп салдым, Бүгүн конуп жаткын деп. Кегиң болсо Үмүтөй, Кеңеш кепке болбосоң, Аскериң эртең бөлгүн деп, Ошондон бери мен айттым, Ар канча акыл кеп айттым, Үмүтөй өзү бек экен, Айткан сөздөн жанбаган, Дегенин кылбай калбаган, Көк темирдей эр экен, Көгүрөөк туулган неме экен Эби келсе абаке, Тууганыңа теңелбе, Душман киши ал эмес, Тууганыңа өчөшүп, Душмандашып калганың, Семетей сага жол эмес, Аттанып алып баралы, Астына жакын калганда, Аттан түшө калалы. Саламдашып салалы, Алып келип кондуруп, Аш-тамакка тойдуруп, Кеңеш кепке кандырып, Жолжобосун кылалы. Ошентип көөнүн алалы, Туугандык сактап калалы. Салам айтып койгонго, Салтың кетпейт, абаке. Аттан түшө калганга, Арстандыктан тайбайсың, Алдын тосуп коелу, Ал өңдөнгөн айбандын» — Деп, Гулчоро айтты эле, Семетей анда кеп айтат: «Эр Гулчоро, инимсин, Иним эмей кимимсиң? Үстүңө соот кийгиниц, Астыңа тулпар мингиниң. Семетей кайсы, сен кайсы, Алдына барып келгиниң. Айтпадымбы өткөндө, Бердим сага бийлик — деп. Эр кадырын, эр билет, Сен билбесең ким билет? Үмүтөйдүн алдында, Семетей аттан тушту — деп, Дос, душман укса эл күлөт». Деп, айтканда Семетей, «Койчу, абаке, кебиңди, Жарабаган пейлиңди! Кандай дээр экен — деп, Кылып турган кебиңди? Буурулду минип өзүң бар, Балдан ширин сөзүң бар. Күлсө күлсүн душмандар, Ага жакын барганда, Буурулуңан түшө кал! Олуттуу сөздү өзүң сал, Тууган менен кектешип, Душмандан бетер жектешип, Кекенишип жүрбөйлү, Казак, кыргыз бир тууган, Чекелешип жүрбөйлү. Эр сайышчу немедей, Жекелешип жүрбөйлү. Жүргүн, аба, жүргүн — деп, Гүлчоро ага болбоду!» — Гүлчоро канча кылса да, Семетей болбой койгону: «Айланайын, Гүлчоро, Аттанып чыксаң акжолтой, Артымда жүрсөң сан колдой. Кун дегени шылтоосу, Үмүтөйдүн сыры бул, Көз көрүнөө турбайбы? Койгун, чором, барып кел, Айтканыңа тил алса, Ээрчитип аны алып кел Эрдик кылып көгөрсө, Башын кесип кайтып кел. Бастыргын, чором, бастыр» — деп, — Башын чайкап турду эле. Алдындагы Суркоен, Башын чороң бурду эле. Ак маралдай аргытып, Артынан чаңын бургутуп. Суркоенду суурултуп, Көөдөндөн терин жуурултуп. Сактап туруп калды — деп, Сабап жүрүп олтуруп, Жетип чороң барды — дейт. Чорону көрүп Үмүтөй, Ач арстандай күңгүрөп, Мас болгон нардай кеңгиреп, Айласын таппай зеңгиреп. Эзилип барат эт жүрөк, Эси оогондай делбиреп: «Коркконуңан сен чоро, Кошуун жыйнап жүрдүңбү? Кара кыргыз журтуңду, Карбаластап сүрдүңбү? Айкөлдүн уулу Семетей, Айтканыма көндүбү? Кучактоого тиземди, Алдыма менин келдиби? Кетип кайра келипсиң, Арачы киши сенсиңби? Мал, пулунду албаймын, Семетей келип тиземди, Кучактабай жанбаймын!» — Деп, Үмүтөй айтканда, Анда чоро кеп айтат: «Ой, Үмүтөй — деп айтат. Пейлиңден жангын, баатыр сен, Абакеме бардым мен. Семетей жаман кылбады, Үмүтөйдү алып кел, Өзүм жолго салам — дейт, Мен жарашып калам — дейт. Кээ бирөөлөр артынан, Ушак-айьң кылышып, Семетейди сараң. — дейт. Андай эмес абакем, Кеңчилиги кармаса, Ырайым шапкат анда бар. Көңүлү жумшак мунайым, Көп жашаган карыдай, Тарчылыгы кармаса, Тартынып ал калбаган. Чын ачуусу келгенде, Эч нерседен жанбаган. Чоң атасы Жакыпты, Жоодон бетер жайлаган. Эби келсе баралы, Жарашып биз калалы». — Деп, айтканда Гүлчоро, Ага Үмүтөй болбоду, Болбой мойнун толгоду. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып. Өткүр болот Сырнайза, Имере кармап колго алып, Күчүн күүлөп күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп. Көк дөбөдөй Үмүтөй, Күңгүрөнүп айтты дейт: «Жуукурланган жойпу кул, Көрүчү ишиң мына бул! Өзүң чоро кул болсон, Мени менен тең болсоң, Туруп берчи эр болсоң. Мурунку кезек меники, Кийинки кезек сеники. Майданга чык сен — деди, Өлбөй калсаң кутургур, Кезегиңди аларсың, Өлүп калсаң жойпу кул, Куурап көрдө жатарсың. Калбайсың өлбөй тирүү сен, Өлтүрбөй койбойм сени мен!» Деп, айтканда Үмүтөй, Кабыл алып Гүлчоро, «Менден күчтүү эр эмес, Көмө сайчу неме эмес. Күркүрөгөн Үмүтөй, Ар качан мага тең эмес». Чамасын ойлоп Гүлчоро, Турду карап чакчайып, Күжүлдөгөн Үмүтөй, Күүлөп найза колго алып. Алдындагы тулпарга, Айабай камчы бир салып. Качырып жетти чорону, Үмүтөйдүн ойунда, Эми тируу болобу? Күркүрөтүп найзасын, Уруп өттү чорого. Бүтүлүү тоодой былк этпей, Туруп калды Гүлчоро. Үмүтөй өтө бергенде: «Кезегиңди алдыңбы, Армансыз болуп калдыңбы?! Эмики кезек меники, Өкүмсүнгөн Үмүтөй, Кезекке келер жансыңбы?!» Үмүтөй ойлоп сабылып, Ажалга калды кабылып. Эрлик кылып күркүрөп, Туруп берди ал барып, Алмамбет уулу Гүлчоро, Алдындагы тулпарын, Айабай чаап жүгүрткөн. Жетип найза салды эле, Күчтүү найза жеткенде, Күркүрөгөн Үмүтөй, Учуп кетип калды эле. Аттан түшүп жыгылып, Топого башы тыгылып. Калың казак көп журту, Гүлчорого сыйынып: «Жамандык жок биздерде, Жайсыз ушул сиздерге. Казат кылып келбедик, Айдалып келдик бул жерге...» Эли мындай деди эле, Эми кандай кылам деп, Гүлчоро карап турду эле? Сары хан, Бакай, Каныкей, Чатактын болуп жатканын, Найзага кол артканын, Кабар таап укту эле. Эки тууган кишини, Эрегишке калтырбай, Айрыйлы — деп — калышты, Кеңеш кебин салышты. Аттанышып жарышып, Аскер жаткан алкымга, Салып жетип барышты. Бара жатса чоң, жолдо, Үмүтөйдү дардайтып, Жарып салган турбайбы? Кужуру күчтүү Гүлчоро, Сайып салган турбайбы? Келгени бекер болушту, Кудай муну эчакта, Уруп салган турбайбы? Хан Бакай келип кеп айтып: «Келипсиз бекер — деп айтып. Кыргыз, казак эки журт, Кекенишер бекен — деп, — Кеңешти абдан кылышты, Кечиришер бекен» — деп? «Семетейге баралы, Үмүтөйдү жакшы көөмп, Калың казак элине, Тартуу тартмак кылалы. Жараштырып эки элди, Жайлап көөнүн тыналы». — Үмүтөй сөөгүн жүктөтүп, Казактын элин чубуртуп, Кардынын канын куйултуп, Үмүтөйдү алпарды, Эл жыйылган Коргонго. Хан Бакай келип кеп айтат: «Э, кокуй, балам Семетей, Эмне болдуң — деп айтат?! Кужуру катуу Гүлчоро, Сайып салган турбайбы? Кара боорун кан кылып, Сайып аттан түшүрбөй, Жарып салган турбайбы? Жай болуп эчак Үмүтөй, Жаны чыккан турбайбы? Өпкө, жүрөк толтодон, Каны чыккан турбайбы?!» — Гүлчоро анда кеп айтат: «Абаке, уккун — деп айтат. Абамдын кебин алгамын, Айтып кеңеш салгамын. Айтканын алып абамдын, Анан кийин баргамын. Жанбай койду нээтинен, Кезектешип калгамын. Алды менен ал сайып, Артынан мен сайгамын. Кайдан билдим, абаке, Күүлүү найза жарганын. Калбады деймин ойумда, Үмүтөйдүн арманы. Ал анткени катышып, Өзү салды калбаны. Абакем баатыр Семетей, Алдына айтсам барбады. Алып кел — деп алдыма, Мени жолго салганы. Айтканга анык тил албай, Жайылдык кылса Үмүтөй, Сайып кел — деп айтканы. Ошол үчүн сайдым мен, Өпкө, боорун жардым мен». — Каныкей келип кайгырып, Кошуп ыйлап бакырып. Семетейге муну айтат, Жашын төгүп чакырып: «Ой, Семетей, чунагым, Үмүтөй сенин тууганың, Бул эмине кылганың?! Эжемдин көзү барында, Эмгекти салдың аларга. Армандуу эжем Агеркеч, Эми калды кайгыга. Үмүтөйдү өлтүрүп, Найзаңдын үчүн кан кылдың. Карыганда эжемди, Казактарга кар кылдың!» Каныкейди ээрчишип, Чуркурап баары ыйлашып, Көшөгө тартып бетине, Өлгөндүн жолун кылышты. Өкүрүп ыйлап зыйнаттап, Өлүгүн жакшы көмүштү, Кектүү кылбай бул элди, Узаталы дегенге, Баары тегиз көнүштү, Айдап калың мал жыйды, Алтын, кумуш зар жыйды. Тартуу тартмак кун малый, Так келтирип, жам кылды. Семетей өзү башкарып, Ар бир эрдин колуна, Бирден тулпар ат берди. Арттырып алтын, кумушту, Айры өркөч нар берди. Канчоро анда кеп айтат: «Кагылайын, абаке, Кебимди уккун — деп айтат. Абаке, бугун не болдун, Акылың кайда жоголдун? Жамандык күнү бир жургөн, Жакшылык күнү жай билген, Жанаша казак эл болсо, Хандык жолу, эрлиги, Сени мен ей тең болсо. Энекең сенин Каныкей, Акеркеч менен бир тууган. Арстандык кылып, абаке, Көңүлдөн кирин жуубасаң. Катын да болсо Акеркеч? Кабы толбой калбайбы? Берсең боло тартууга, Тай буурулдай бууданды!» — Деп, айтканда Канчоро, Кийинкисин ойлобой: «Ырас айтат Канчоро, Агеркеч көөнү агарсын, Тай буурулду берейин, Капасы ичтен тарасын. Талаштырбай чорону, Суркойонду минейин, Айгайлаган жоо болсо, Жан айабай тийейин». — Деп, ойлонуп Семетей, Тай буурулду берди — дейт. Калың, казак кош болуп, Кайра жанып кетти — дейт. Айрылып аттан Семетей, Акылдан жаман танды дейт. «Тай буурулдун кеткени, Арстандын уулу Семеңдин, Ажалынын жеткени», — Деп, элде макал калды — дейт. Арамзада Канчоро, Ар жоругу бар чоро, Абасын айрып Буурулдан, Анын да көөнү тынды — дейт. Муну мындай таштайлы, Кайран баатыр Семетей, Казаасынан баштайлы.