← Семетей

Гүлчоро менен Жубатайдын кармашуусу

Калмактын иши тез болгон, Алп жамгырчы баатырга, Бир бала жолдо кез болгон. “Өзүң чоочун баласың, Кайсы жакка барасың? Кабыландай жаш бала, Кабарың айта саларсың”. — Анда бала кеп айтат: “Өзүң кары аксакал, Жүрдүң кайда — деп айтат?” — “Мени койуп сен бала, Өзүңдүн айтчы кабарын, Чыныңды айтпай сен койсоң, Көмө чаап саламын!” Бурулбай бала бастырып, Бура тарта берерде, Эр жамгырчы баатырың, Шамдагай эле эң эле, Бура тарта бергинче, Этегинен кармады. Карыса да эрлик чоң, Камгактац эңип алганы. Коркконунан чыдабай, Колго түшкөн байкуш жан, Бала сөзүн баштады, Бар сырын айтып таштады: “Алдыга Саңген кеткен — деп, Алып кегин кабар — деп, — Жубатай мени жумшады. Айдама кошун кол келет, Ар жагында бул кырдын, Калмактын колу мол келет. Келип калса кыргыздан, Кимиси ага тең келет?!” — Жашырбай баарын чын айтып, Жаш бала тилин безенет. Баланы кармап ныктады, Кулагын кесип алганы, Жаагын канган чыктады. “Колуңа, бала, алгын — деп, Алп Жамгырчы кылды — деп, Жубатайдай баатырга, Жашырбай айтып баргын” — деп, — Кулагын берип колуна, Баланы салып жолуна. Алласына сыйынып, Баштагын кудай оңуна, “Мурун мындай жок эле, Жаңы чыккан эр окшойт, Жабуу болгон Жубатай, Кадайын найза бооруна”. Эки жагын каранып, Эр Жамгырчы карыйа, Ээрди-башын жаланып. Түптүү турган чынарды, Түбү менен бут бойдон, Сууруп колго аны алып. Нуру кетип бетинен, Кубат кетип белинен. Кайрат кылып чыкса да, Карылыгы билинген. Кайкалаган кайран эр, Кабыргадай ийилген. Оозунда жалгыз тиши жок, Алдыңкы ээрди келпийип. Эрликти бербей колунан, Эр Жамгырчы диңкийип. “Бала алдыга кетти — деп, Кабарды айтып жетти” — деп. Өзүнө берип кайратты, Келип калган окшонот, Кайрат кылар убакты. Такоол кылган Буурулдун, Талкалап бутун кыйратты. Ээн талаага таштады, Семетейдей чыйракты. Карып калган Бакайдын, Башын кесип уулунун, Кайгыга салып ыйлатты. Уусаңгендей баатырды, Гүлчоро сайып кулатты. Кожожаштай мергенди, Жебелеп жерге сулатты! Баарын алып ойуна, Карысаң да Жамгырчы, Эми кылгын кайратты! “Гүлчоро келер бекен — деп, Элди көрөр бекен — деп? Келип калса Коргонго, Изимди кууп келер — деп. Өлбөй калса Кожожаш, Гүлчородой чунактын, Табар бекен убактын. Гүлүстөн жерди тайанса, Тагдыр ошол, кудурет, Баарыбызды куураттың!” — Деп, ошентип Жамгырчы, Түптүү чынар өнөрүп, Эрлигин бербей колунан, Карыса да күркүрөп, Өргө келсе күрс этип, Демик алып жөтөлүп. Жөтөлгөндө күч келип, Карылык эмей неткени, Токтоло калып, дем чыгып, Антип-минтип Жамгырчы, Белге келди тер чыгып. Үч-Кошойдун алкым таш, Алды бөксө, жери саз, Жаткан экен калың кол, Жайбаракат каз канат. Кайкыдан чыгып караса. Байакы бала баратат. Барып бала буркурап, Жубатайга зыркырап: “Буйрунуңа тез болдум, Наркы каптал бөксөдө, Карыган чалга кез болдум,, Жолуккан чал кеп сурайт, Барасың кайда, — кеп сурайт. Түз жообумду бербедим, Салам айтып койбодум. Карып калган абышка, Канчалык — деп — ойлодум. Көзүмө илбей ал чалды, Кордук көрүп сойлодум! Бура тарта бергинче. Өзүмдү алып өңөрүп, Такымына басканы, Ээрге башым жаздады. Кордукту салып башыма, Кулагым кесип таштады. Кулакты берип колума, Баргын — деп, — бала жолунда, Жашырбай, бала, айтып бар, Жубатай деген чоңуна. Деп, чунак чал кутурган, Койо берди жолума. Таап келген кебим бул, Кулагыман айрылып, Алдыңа келген ишиң бул. Карыдан келип бел жакка, Көз жиберсем ал жакка. Кудай урган ал чалдын, Кылбаган иши калбады, Өнүп турган чынарды, Кармап туруп белинен, Түбүнөн жулуп алганы. Өңөрүп алып чынарды, Атын жолго салганы. Келе жатат артыман, Салам — деп — биз калбаны!” Жоонун жайын укканда, Жубатай турбайт кубанбай, Анын жайы момундай, Алп туулган Жубатай, Кытай менен калмактын, Кошулушкан жеринде, Койбой баарын жыкчу эле, Күрөш кылган кезинде, Балбанды жыгып, байге алган, Эрди сайып даңк алган. Коңурбай менен Эсен хан, Жеңилип андан таң калган. Ошол эрдигине ишенип Жоо дегенде кубанган, Жамгырчы жайын укканда, Камынбай буу да турбаган: “Кошуну жок бир чалдын, Өпкө, боорун тешейин, Көрсөтүп туруп өзүнө, Бөйрөк майын эзейин, Чоң кесеге толтуруп, Жүрөк канын ичейин, Айтканымды кылбасам, Жубатай болбой кетейин, Уусаңгендей баатырдан, Анан кабар албасам. Жебе тартса жазбаган, Кожошаш баатыр бар болсо, Уусангең менен Жубатай, Биригип экөө баш кошсо. Томкорулат Семетей, Болсо да аскар, бийик тоо!” — Деп Жубатай күүлөнүп, Ачууланып сүйлөнүп. Доолбасы кагылып, Калмактар атка жабылып. Жебе, жасын асынып, Дүрдүгүшүп калышты, Орчун колу камынып. Ал аңгыча жакындап, Карыса да Жамгырчы, Жетип барды чамынып. Жамгырчынын көргөнү, Көк чынарды өнөргөн, Эрдик артык көгөргөн. Элден башка дөө экен, Байкап көрсө Жамгырчы, Киши эмес дөө экен, Келе жатса ыраактан, Аты жок өзү жөө экен. (Өңүрүп алган чынары, Көрсөтпөй атын далдалап, Жөө сыйактуу көрүндү). Каранын аны көргөндө, Жубатай көөнү бөлүндү. Талдужал деген аты бар, Өөрчүп турган Жубатай, Жаш баладай салты бар. Бастырып чыкса түгөнгүр, Найза колдо жалтырар, Карыса да Жамгырчы, Кайдан мындан тартынар? Маңдайлашып жатканда, Кылычтап кырып калмакты, Айдап койдой кырдыртып, Алып башын сыдыртып, Гүлчоро келген чагы бар. Ошол жерде Гүлчоро, Учурашкан жайы бар. Усаанкеңдин колунан, Эр көкүрөк зорунан, Тирүү койбой сойуптур, Кишинин жеп ич майын, Ал Гүлүстөн тойуптур, Калган журттун бөлүптүр, Атпай уулу кыргызга, Малай кылып бериптир. Ошондой кылып таратып, Кенколду көздөй бет алып, Кайра жаанып бериптир, Аз күн болгон кеткени, Арада өргүп күн өтпөй, Ал кошунга жетиптир. Калмактын элин таныбай, Кайсы экенин биле албай, Карап турдуп мамындай, Кыйа тартып өткөндө, Жамгырчыны тааныды, Муну ойлоп налыды. “Уусангең сайдым эр бүктөп, Кожошаш өлдү жер жыттап, Колун айдап кыргынга, Калган колун калмактын, Кыргызга бөлүп тыңгынча. Дагы артынан калың кол, Келген экен кыргызга. Алп Жамгырчы келиптир, Караса да ал мында, Эр Семетей Жалгыз эк, Кайраттуу баатыр Канчоро, Карыйа Бакай абакем, Өлгөн белем чынында?! Калган элем ал элде, Алп Жамгырчы карыйа, Жалгыз өзү ырымга?” — Деп, ойлонуп Гүлүстөн, Уруш десе күч алып, Күүсү жанбайт бир иштен. Тамак ичсе ичпесе, Тамай отуз күн жүрсө, Карды ачканын билбеген. Кара суу келип оозунан, Өзөгү ооруп жүрбөгөн. Өткүр туулган чунагың, Өрчүй берет дембеден, Жоону көрсө Гүлчоро, Кара бойун чыйраткан, Пендеде мындай берең жок, Кайраты чыйрактан, Канжыгага калдайтып, Уусаңген башын байланган. Беттешип келген пендени, Бекер койбой жайлаган, Чынкожонун сойгон кул, Чын кан кумар болгон кул. Толтойдун ичин жарган кул, Боорунан өтүн алган кул. Уусангендей калчанын, Башын кесип келген кул, Кожожашты жайлаган, Атып көзгө кандаган, Калың колун калмактын, Жуушатып койдой жалмаган, Катылышкан ушуга, Тирүү пенде калбаган, Кайраты артык эң чыйрак, Карылуу баатыр, бир балбан. Жамгырчыны көргөндө, Жаны чыгып абыдан, Ачууланып айкырып, “Абакелеп” бакырган, Укпаганда абышка, “Жамгырчы — деп чакырган, Алдындагы Сур атка, Эңкейишти камчы уруп. Жакын жетип барганда, Жалт этип карап Жамгырчы, Гүлүстү көрө салганда Жиберди күлүп борсулдап: “Айланайын Гүлүс, ай, Билесиң кыйын жумуш, ай. Буурулудун буту сыныптыр, Семетей жаны тыныптыр, Хан Кошойдун жалгыз эк, Колу сынып карыдан, Тынды жаны абыдан! Карала атка ок тийди, Канчоронун колуну, Шакшагынан сындырып, Жаанын огу бек тийди! Өзүң барсың ал кезде, Байтайлак баатыр өлгөндө. Өзүң кирип ортого, Өткөрүп найза бооруңа, Күрзү кылып Уусанген, Аралап калмак кеткенде, Артыңан издеп келе атсам, Алды жаккы бөксөдө, Алдыман чыкты бир пенде. Атымдын башын бурадым Анын дайнын сурадым. Карыган чал дегенсип, Мага жооп кылбады, Кармап алып колума, Аны басып боорума. Кесип алып кулагын, Карматып койуп колуна, Анан сөзүн сурадым. Корконунан чын айтты, Уусангендин артынан, Келатам деп сыр айтты. Келе жатат кошун — дейт, Жубатай менин чоңум дейт. Баркына пенде чак келбес, Баарынан ашкан зорум — дейт. Койо берип баланы, Колума алдым чынарды, Арбак оңдоп ишимди, Жолуман сени чыгарды. Кагылайын, Гүлүстөн, Кабагың ачык пендеден, Белиңди салып, бекем ук, Айткан абаң кебин сен. Кой — деп, мени торгобо, Алп Жамгырчы, тирүү деп, Тегеле, балам, ойлобо! Үйдө жатып өлгөндө, Катындар олжо бөлгөндө. Жамгырчы жакшы болобу? Жараткандын өкүмү, Жашырган менен болобу? Үч ай мурун түшкөрдүм, Түшүмдө жаман иш көрдүм. Айдама кошум кол көрдүм, Алп чынар өңөрдүм. Элди козгоп сүргөмүн, Айдап колун жүргөнмүн, Как ошентип жүргөндө, Көөдөнгө найза аралап, Көкүрөктөн кызыл кан, Көп куйулган салалап, Ал аңгыча көп дөбөт, Туш тушуман камалап. Актан кийдим кийимди, Акырет жакын болуптур, Анык билдим өлүмдү, Эштектер элим болголу, Жамгырчы атка конголу, Тоодой кылдым талапты, Колума албай жаракты, Капыр менен мусулман, Кошул жерди жаратты, Кечээ кең Бейжинге барганда, Карымдан кытай жадашып, Калганга атым дайындуу. Беш сапар сайдым калмакты, Элге кылдым санатты, Бүгүн кылып турамын, Акыреттик талапты, Үйдө жатып өлбөйүн, Кордукту балам, койбойун. Өмүрүмдүн акыры, Шейит болуп өлөйүн!” — Деп, ошентип Жамгырчы, Атынын башын бурбастан, Айал кылып турбастан, Бастырып түз чыккан, Камынган калмак турбады, Кара бойун чыңдады: “Калың калмак эл өлбөй, Карагай найза өңөрбөй, Же, карыган чал, сен өлбөй, Же кан жүткүрүп мен өлбөй...” — Деп, ошентип Жубатай, Кайрат менен жөнөдү, Көп найза алыптыр, Күркүрөгөн Жубатай, Күүлөнүп жөөнөп калыптыр. Ал аңгыча алдынан, Гүлчоро жете барыптыр: “Койгунуң, аба, койгунуң, Сабырды азыр кылгының! Алдыңдагы чорого, Бата берип тургунуң, Атыңдын башын бургунуң! Ушул жерде сен өлсөң, Таштай албай сөөгүңдү, Айланып сага өкүрсөм, Жаштан өлсө Байтайлак, Карыдан, аба, сен өлсөң, Кандай болот алыбыз, Кары жашңн тең өлсөң?! Жаздыктанып жай жатып, Жакшы болот өлгөнүң. Кудай ажал бербесе, Күн жарыгың көргүнүң!” А а Жамгырчы болбоду, Жолун тосуп торгоду. Жоокер кары болбоду: “Менден бата алганда, Беш болобу бир жаның?! Он болобу бир башың, Өмүрүң узун болсун — деп, Эми да бата берейин. Өлсөм да арбагым, Жөлөк болуп жүрөрмүн, Кыйын болсо Жубатай, Кыйындыгың көрөйүн, Ажал келсе кудайдан, Акыретке жөнөйүн, Кой, балам тоспо жолумду, Шейит болуп өлөйүн! Болбой койду Жамгырчы, Күүлөп найза өңүрөп, Күркүрөгөн Жубатай, Көз жиберсе Гүлчоро, Мурун жоону көп көргөн, Сүрдүү экен Жубатай, Адамдан башка айбаты, Түрдүү экен Жубатай. Кийгени темир үч кабат, Ал тышынан кийгени, Адамдан башка жети кат, Ошонун баарын көтөргөн, Күчтүү экен Жубатай. Атасы чыккан эр эле, Ал Коңурбай баатырга, Арка болгон бел эле, Качан буга тең эле? Ажал жетип күн бүтсө, Азыркы өлүм жакында, Көрүнүп турат дегеле, Кудай өзүң колдой көр, Баргын, аба, деди эле. Караанын калмактын, Эр Гүлүстөн ошондо: «Кадыр алла кудурет, Качан түрдүү жан кылдың, Кээ бирөөнү хан кылдың, Кээ бирөөнү зар кылдың, Кай бирөөнү чоң кылдың, Кай бирөөнү кор кылдың, Бирөөнүн ишин оң кылдың, Бирөөнүн ишин сол кылдың. Өкүмүң ушул, жараткан, Бул өңдөнгөн калмакка, Менден бакыр кулуңду, Өзүң айдап туш кылдың! Жай ордуна кыш кылдың, Жаз ордуна күз кылдың, Жазында жерден өндүрүп, Күзүндө эгин бышырдың, Калмактардын элинен, Качан муну чыкырдың? Көрбөдүм, уктум укмуштан, Хан атамдын тушунда, Макил дөөнү чоң кылдың, Алмамбет менен Чубакка, Ээн талаада кор кылдың. Эркиң менен иш кылдың, Буга окшогон калмакты, Карыбыңа туш кылдың, Каары катуу күч кылдың, Аскалуу тоону түз кылдың, Элким жүргөн кулуңа, Келе сооңду туш кылдың!» Деп ошентип Гүлчоро, Жаратканга жалынып, Үстүнө олпок жабынып, Суркойон минип болкойуп, Сыр найзаны колго алып: «Абакем болсо жаралуу, Жалгызэк менен Канчоро — Буларда жатса жаралуу, Бакайдын ичи от болуп, Жүрөгү болсо жаралуу, Эр Жамгырчы абамдын, Керээз кеби бу болсо, Кеңгирип келе жатканда, Мындай жанга туш болсо». Деп ошентип Гүлчоро, Көңүлү жашып турганда, Жоону көздөй бет алып, Жамгырчы атын бурганда, Эси кетип көз жайнап, Эми чоро турганда, Өзүңчө туруп чоронун, Эт жүрөгү элжиреп, Бүткөн бойу делбиреп, Уйкусу келип жаткансып, Кетип барат мемиреп. Как ошондо жанына, Сары ала атчан бир киши, Салып жетип келди дейт, Келген киши кеп айтат: — Тааныдыңбы? — деп айтып, Тааныбайсың мени сен, Тирүүмдө мени көрбөдүң,, Күрпүлдүктө бир көрдүң., Мен Алмамбет — деп айтып, Колунан кармап Гүлүстөн, Колумдун күчүн бердим дейт. Башынан сылап Гүлүстүн, Барлык күчүн бердим дейт, Белдүү болгун, улуум — дейт Кубаттуу болсун мунуң — дейт — Ошону айтып жарк этип, Кубулу кетти жалк этип, Көз ачылып чороңдун, Күчкө толуп карк этип. Эр Гүлчоро караса, Алп Жамгырчы жетелек, Ойунда Гүлүс сүйүнүп, “Атакем колдоп кетти — деп, Менменсинген Жубатай, Жерге башы жетти — деп, Жетпегенде нетти” — деп? Белин байлап бекемдеп, Жан жагын карап элеңдеп. Жаш Гүлүс турду ошондо, Кубанып жаны эреркеп, Оолугуп алган карт баатыр, Олпогун оңдоп кийди эми, Тоодой болгон күлүккө, Токто кылып турбастан, Томукка камчы урду эми. Астындан атын мойнудап, Аксакалың койундап, Айкайлап алга кетти эми, Ана-мына дегиче, Калмакты кууп жетти эми. Алдынан утур ошондо, Бир калмак чыга келгени, Алиги келген чоң калмак, Кокусунан ошондо: “Мен Шаймамбет дегени” — Шаймамбет атын укканда, Кыжыры кармап Жамгырчы: “Жүзү кара чыккынчы, Жүзүмдү жерге караттың, Баштап келип калмакты, Өз журттуңду талаттың,! Жериңди сатып калмакка, Тууганыңды жеридиң. Ай аламдын алдында, Абийримди кетирдиң. Эл саткан сендей бузукту, Балам деген оңобу?! Сага боору оруткан, Киши жакшы болобу?! Элден безген баласы, Жамгырчы өзү өлтүргөн, Деген журтка ат калсын, Айкөл Манас баатырдын Арбагынын астында Абийрим менен акталсын!” — Деп, ошентип Жамгырчы, Чынарды булгап алганы, Шаймабетти ошондо, Жыгаа чаап салганы. Ак болотто дат калды, “Алп Жамгырчы баласын, Өз колу менен сойгон” — деп — Кылым журтка ат калды. Баламды көргө тыктым деп — Бадырек калмак чыккын” деп! Тобуна кире барганы, Токмоктоп жүрүп далайын, Чогууга чаап салганы. Чынары тийген калмактын, Чыкпаган жаны калбады. Токто кылбай топ бузуп, Абаңдын Жубатайга барганы. Жубатайга баргычы, Жоонунан чыккан калмактын, Канын суудай агызып, Колундагы чынардан, Чорголоп кан тамызып, Карасы да Жамгырчы, Калктан чыккан бузук — деп, Жалгыз улуунун нан кылды. Чыккынчыга момундай, Кең дүйнөнү тар кылды. Боор орутпай уулуна, Чыккынчы жаман экенин, Элине баатыр таанытты, “Эми өлсөм арман жок, Өз колум менен Саткынды, Өлтөрдүм — деп — кош болуп, Азиз султан Манастын, Ата-журтун Таластын, Алдында бетим агарды, Кийинки калган урпактар, Унутпастан нуска алсын!” — Деп Жамгырчы жаңданды, Кан ичме жинди кыргыз” — деп, Калмактар коркуп таңкалды, Алп Жамгырчы, Жубатай, Маңдайлашып барышты, Кезектешкен уруш жок, Белсен ишпей туруш жок, Жаш Жукбатай түгөнгүр, Качырып найза сайышы, Карыса да Жамгырчы, Кагып ийип найзасын, Чынар менен чабышып. Чаптырбастан Жубатай, Кармап алып чынарды, Тартып алып колунан, Айландырып имерди, Алп жамгырчы баатырды, Чокуга тартып жиберди. Ачуусу келген Жубатай, Чынар менен урганда, Жерге барып чабылып, Чынарга каны чачылып, Алп Жамгырчы ошондо, Аты менен жок болду, Боз топурагы окшонду! Көрүп турган Гүлүстөн, Эми кайдан токтолду?! Сур койонго камчы уруп, “Манастап” деп ураан чакырып, Сыр найзаны сундуруп. Күүлөп Гүлүс жөнөдү, Жубатайды качырып. Гүлчоро жетип муштарда, Өлүмгө жанын кыстарда, Гүлчоронун найзасын, Кармай калып ушунда, Найзаны тартып алышка, Катуу тийип намыска. Силкип тартат Жубатай, Койо бербей колунан, Бекемдеп кармап соңунан, Бери тартат Гүлчоро. Эки баатыр тартышса, Эми кантип чыдасын? Ачуусу келип чыдабай, Сабыр кылып тура албай, Найзаны алар ташташып, Балтаны колго алды эми, Былчылдашып башка уруп, Балталашып жатканы. Бирин-бири чаптырбай, Калкаңдашып жатканы, Мизинен сынып балталар, Талкаланып жатканы. Уңгусу менен урушуп, Утурмандай турушуп, Жаш баладай бул экөө, Мүдөтү жок урушуп. Кылычты сууруп кынынан, Мыктап карман сабынан, От чагылып жаркылдайт, Болоттон чыккан жалындан Качан булар бир-бирин, Жарак менен чаптырган? Бири чапса бир уруп, Кылычка кылыч урулуп. Жалпагынан жарылып, Кылычтын баары чагылып. Үйдөй болгон чойун баш, Опколжуп келип урганда, Токто кылбай үйдө таш, Үстүртөн ылдый чапканда, Астыртан өөдө какканда, Карсылдаган үн чыгып, Көгөргөн түтүн буу чыгып, Жарактан айла болбоду, Жалаң бойдон колдору, Куралдан айла болбоду, Кургак калды колдору. Жамгырчынын чынарын, Алсам бы деп Жубатай, Санасын да ойлонду. Аңгычакты камынтпай, Гүлчоро ала койгону. Узун чынар солкулдап, Ачуудан булар толкундап. Чынар менен чабышып, Тийгизбей кармап алышып, Экөө тең окшош шамдагай, Пар келишип сайышпайт, Эч качан да эр мындай! Үстүнө кийген олпоктор, Колтугунан жарылып. Ызырынып кыйкырып, Ажыдардай ышкырып. Ачуусу келип Гүлүстөн, Айкөлдүн атын чакырып: “Арбагы азыр жолдо деп, Атакем Манас колдо — деп, Акыретик жан досуң, Алмамбет, Чубак колдосун. Силерден жардам болбосо, Ант урган чочко калмактын, Айласын кандай кылам” дейт? — Гүлчоро баатыр карданып, Балтанын алып уңгусун, Бала жолборс түгөнгүр, Мунун маңдайына ким турсун?! Алмамбет улуу Гүлчоро, Үнү күндөй күркүрөп, К өрүктүн чыккан отундай, Көзүнөн жалын шыркырап. Кыжырланып ошентип, Азуулары кычырап, Эттерине сары түк, Соотту тешип саксайып, Токойдон чыккан шер өңдүү, Сакал, мурут сапсайып, Ачып көзүн караса, Ай тийгендей чакчайып. Каарланып ал чапса, Калуучудай өңдөңдүү, Жубатай жер жазданып, Ал Жубатай кыйын жоо, Алдырып ага калган жок, Азыркысын дени соо. Атың ким — деп — сеники, — Сөзгө келди так ошол. Жубатай антип ат сурап, — Дайның ким” — деп так сурап. Имерилип толгонсо, Суу жыландай бурулат, Өңүнөн чыгып сарысы, Өткөзө кең далысы, От күйгөндөй жалыны, Көзүнөн чыгып аласы, Сойучудай өңдөндү, Соо койбостон чамасы. Гүлчоро ага кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: “Айкөл Манас атам — дейт, Сөзүмдө жок катам дейт. Семетейдин иниси, Аныктап муну бил — деди!, Өзүңдүн атың ким — деди? Эр экенсиң сен өзүң, Шер экенсиң баатыр, ай, Бул кайратка чыдаган, Тоо экенсиң баатыр, ай, Көкүрөктө деңиң сак, Соо экенсиң, баатыр ай. Сага окшогон баатырды, Көрбөгөнүм, капыр, ай! Күчүм дайра чалкар көл, Кең экенсиң, баатыр, ай. Эрмектешип алышсак, Тең экенсиң баатыр, ай. Жашырбай айтчы, билейин, Ким экенсиң, баатыр ай!” — Гүлчоро айтып калганда: “Кара калмак элимин, Ургу деген жеринен, Кытай менен аралаш, Келдим анын чегинен. Мурун кыргыз өлтүргөн, Улуу агамдын кегинен. Агамдын аты Ушаң — дейт, Ушул кең кол жериндей, Урушта өлүм туткан — дейт. Алдымда кеткен Уусанген, Ортончу бул зал экен. Өзүмдүн аты Жубатай, Бүгүн келди мында мен. Атамдын аты Уушанда. Менин атым казакча, Эжемди казак алганда, Бакка экен ушунда, Мен да сага таң болдум, Күчүңдү көрүп маң болдум, Ийилбеген чырпыктай, Жаш экенсиң, Гүлүстөн. Арстандай согушка, Маш экенсин Гүлүстөн, Бүткүл денең уйуган, Таш экенсиң Гүлүстөн. Аскары бийик залкайган, Тоо экенсиң Гүлүстөн, Адамдын көзү жетпеген, Ай талаадай кыйрысыз, Кең экенсиң, Гүлүстөн, Тулку бойу туура күч, Кара бойуң катуу күч, Эр экенсиң Гүлүстөн, Черден чыккан Кабылан, Шер экенсиң Гүлүстөн, Уйутуп койгон коргошум, Коло менен чойунда, Бек экенсиң Гүлүстөн. Теңдешсе жеңип, жоо алган, Тел экенсиң, Гүлүстөн. Серпишерге маа өзүң, Тең экенсиң, Гүлүстөн. Жалгыз келип кайактан, Кандайча мага жолуктуң, Кабар айтып койорсуң, Бул сапаркы жүрүштөн!” Гүлүстөн анда шаңк этип, Ачылып кабак жарк этип, Башын силкип көтөрсө, Айнектей көзү жалт этип: “Жубатай уккун кебиңди, Айттың ата тегиңди. Теги, жайың билбеймин, Агаңды айтып берейин, Хан Коңурбай келгенде, Как ошондой мезгилде. Улуу агаң Уушанды, Сойгон колум, мына ушул. Суу ордуна кан төгүп, Койгон колум, мына ушу. “Гүлүстөн” — деп атанып, Толгон күнүм, мына ушу! Ортончу агаң Уусаңген, Уруш кылып барганда, Сыр Коргонду алганда, Кыргынга элим калганда, Ичим оттой жанганда, Калкымды кайгы басканда, Каарым катуу ташканда, Баатырларды кыйраткан, Бакайдын жалгыз баласын, Башын кесип йлаткан, Кожожашты мээледим, Уусаңгенди жерледим, Найзага илип көтөрүп, Боорунан тепчий өткөрүп, Кара бойун күч кылдым, Колу, бутун түз кылдым. Калың калмак кошунун, Кан уруп койгулап, Күрзү ордуна иштеттим, Кара жерди тиштеттим! Тараттым калмак калкыңды, Тартып алдым зарымды. Айдап алдым малымды, Алдым канга канымды. Элге бөлүп колуңду, Энчилеп бердим баарыңды. Келе жатсам ошондон, Кез болуп сен табылдың, Жамгырчыдай карымды, Жалмап жутуп кан кылдың! Мен алдырып койчу эр эмес, Жеңилер сендей шер эмес, Калмак менен кыргыздар, Кан агызган көп эгеш. Эрдигимиди ашырган, Душманымды качырган, Өзүн жуткан, касы кылган, Өчөшкөндү пас кылган!” — Деп, Гүлүстөн айтканда, Козголуп аттын үстүнөн, Комдонуп шердей Жубатай, Бузулуп өңү сурданып: “Айтчы анык, Гүлүстөн, Коңурбай качан өлдү — дейт? Гүлүстөн анда: — Коңурбай, Өлгөнү үч ай болду — дейт. Кара нээт Коңурбай, Кас болду бизге башынан. Таласка сырттан жиберип, Уусаңгенди астыртан, Сыр Коргон алмак болгонун, Ачык билип ошондо, Алптардын санын ашырып, Жер алмак бизден болгондо, Алмамбет уулу Гүлчоро, Тилмеч болмок болгондо. Мени көрүп Коңурбай, Акылдан шашып корккондо. Эр Гүлчоро колунан, Кутулуп качмак болгондо. Гүлүстөн кууп артынан, Кармап суунун шарынан. Алып башын Коңурдун, Канын суудай агызган. Хан Коңурбай өлгөндө, Калмактар болду таш талкан!” Гүлүстөн мындай дегенде, Сел болуп жашы Жубатай, Кылычын сууруп кабынан, Гүлчоро менен айанбай, Кылычташты Жубатай. Өкүргөндөн бакрып, Агалары өлгөнгө, Арданып чыдап тура албай: “Уусангеңди сойдум — деп, талкалап сөөгүн, койдум — деп, Талкалап сөөгүн койдум — деп. Кожожашты аттым — деп, Жаа тартышка машмын — деп. Мактанасың, Гүлчоро. Каарым кайнап баратат, Кара жерди сен өзүң, Жазданасың, Гүлчоро! Жан калкалап качпасаң, Кезектүү уруш баштайлы. Баш аламан урушту, Баатыр болсоң таштайлы. Кезекке келсең Гүлчоро, Алдыңкы кезек сеники, Кийинки кезек меники. Бир болбой кезек үч болсун, Кайсы баатыр, кайсы кор, Айагында күч болсун!” — Деп, жубатай айтканда, Кабыла алып Гүлчоро: “Андай болсо макул — деп, Алыстан келдиң жол тартып, Алдыңкы кезек сеники, Болсун” — деди Гүлүстөн. Ачуудан ичи өрттөнгөн, Тууганы өлүп өксөгөн. Акылы качып ачуудан, Агалары жер тиштеп, Азалуу болуп кайгырган. Кезек колго тийгенден, Калмактардын Жубатай, Өрттөнгөн арча баштанып, Баштады уруш укмуштай. Илгеркинин алптары, Кезектешип урушчу. Кезекти берген баатырлар, Майданга кирип туручу. Кезек алган баатыр ал, Ат менен келип айкырып, Жактырганы кай жарак, Ошону менен уручу. Кыймыл этпей, кыңк этпей, Беркиси карап туручу. Кезек алган Жубатай, Кезек берген Гүлчоро, Калдайып турду калт этпей, Жубатайды элебей, Бучкагына теңебей. Калканын кармап калдайып, Туулга кийип далдайып. Күмбөздөй болуп дүмпүйүп, Майданга Гүлүс турганда, Жубатайга Гүлүстөн, Көз жиберип калганы. Байкап аны караса, Бар өнөрү бар экен, Эрдигине жараша. Алеңгир жаа, сур жебе, Аны алып мойнунан, Колумсага кол салып, Огун алып койнунан, Камынып жаткан турбайбы? Илгеркинин шарты экен, Чабендес болсо эрлериң, Жаанын огун тийгизбей, Жаздырып кетчү салт экен. Аленгир жаа сур жебе, Алып колго Жубатай, Айанбастан тартты эле. Жаа темири кырсылдап, Сынучудай тырсылдап. Тартып бара жатканда, Дары салган мылтыктай, Аркасынан үн чыгат, Күүсү кыйын дүң чыгат. Ал өңдөнгөн жебеге, Тайманбай карап ким турат?! Тартканда жебе карс этти, Сүрү катуу сур жебе, Гүлүстөнгө тез жетти. Байкап көрсө келген ок, Бет маңдайга болжолдоп, Адис болгон Гүлүстөн, Ат сооруга жыгылды. Жаанын огун жаздырган, Ким көргөн мындай кыйынды? Экинчи жебе зырылдап, А дагы жетти чырылдап. Карап көрсө Гүлүстөн, Как бооруна удулдайт. Ок жетерде Гүлүстөн, Оң жагына атынын, Ооп түшө берди эле. Ээрдин кашын кыйратып, Сур жебе өтө берди эле. Камынып турган Жубатай, Таппай жаасын туралбай, Баары күчүн жыйнактап, Тартты мыктап мамындай. Тартканда жаа кыйрады. Как белинен сынганы. Зыркырап келе жаткан ок, Үнү кулак чыңдады. Карап турса Гүлүстөн, Туура сандын бети — деп, Аткан экен мелжеп бек. Адис болгон Гүлүстөн, Жаанын огу жетсин — деп, Жаанын огу жетерде, Учу кирип кетерде, Саласы менен кармады, Калмактын огу олжо — деп, Колумсага салганы. Көрүп турган Жубатай, Күңгүрөнү пмуңайды. Жеңер пенде, болбос — деп Жекелешкен буларды. Карап турбай Жубатай, Колуна балта дагы алды. Балтасынын мизи жок, Сырты калың болоттон, Күркүрөгөн Жубатай, Келе жатат күүлөнүп. Ааламды бүткүл сооручу, Ажыдардай түрдөнүп. Калганды кармап колуна, Туулгасын кийип башына. Туруп берди Гүлүстөн, Жубатайдын алдына. Бет маңдайга барганда, Беренсиген Гүлүстөн, Белсенип балта салганда, Аңтарылып калканы, Оң тескери болду анда. Жерден туман чаң чыкты, Калың калмак журтунан, “Кайдасың” деген чу чыкты. Кулагы тунуп кеңгиреп, Калган экен Гүлүстөн. Чуркуратып укканда, Чуратып чаңдан бул чыкты. Турган экен Жубатай, Балтасын оңдоп карманып. “Талкан болуп калды” деп, Гүлүстөндү карашып. Аман чыкты Гүлүстөн, Сур койон менен жарашып, Гүлүстөндү көргөндө, Эси чыгып Жубатай, Серпилип катуу зарланып, Көзү кызыл чок өңдүү, Көңүлүң кайгы, чер алып, Чокморун алып колуна, Чабайын — деп чокуга. Салайын — деп жолуна, Ийинге арта салды эми, Тулпарын минген секиртип, Качырып жетти маңдайга, Үзөнгүгө тамандап, Кабаттап ээрдин тиштеди, Калбай тирүү өлсүн — деп, Акыр эт жайын көрсүн деп, Үйдөй чойун баш менен, Опколжуп келип урду дейт, Гүлүстөндөй арстандын, Көзүнөн чаар закымдап, Чокморду тартып алганда, Бүткөн бойу калтылдап. Энесинен эмген сүт, Эми оозуна татылат, Эки киши кабышып, Ээрге көчүк чабышып, Удаа чыкты Гүлүстөн, Жубатай менен жарышып, Салмактуу чапкан чочконун, Чокмору саптан үзүлгөн, Кармай албай Жубатай, Башын жерге түшүргөн, Үч катар бирдей чабуучу, Кезектин ишин бүтүргөн. “Кезек келди мага, деп, Турууга калмак күтүнгөн, Жубатай доңуз ант ургур, Баатырлыгы башкача, Балбандыгы бир башка, Жумуру баштан кутургур, Эр Гүлүстөн баатырың, Эреңдигин көрөбүз, Атадан калган сур жебе, Жулуп алды мойнунан, Учу кырдуу өткүр миз, Оогун алды койнунан, Колтугун керип жиберип, Жааны кармап имерип, Жубатайдын бооруна, Окту болжоп жиберип, Сур жебеси дүркүрөп, Аткан октон үн чыгып, Булуттан бетер күркүрөп, Аркасынан түтүндөп, Мыкты болсо Жубатай, Эрлигин мыктап күтүнөт. Адырайган чоң доңуз, Адамдан башка чочкоңуз. Жаанын огу жеткенде, Кыйрынан жерге сулады Сур жебе огу өткөндө, Жан кишиге туйгузбай, Ат үстүндө турбайбы! Жаздырып окту тийгизбей, Жаралган пенде турбайбы, Айтпай койбойт жашырып, Өнөр артык мындайбы. Экинчи жаны бат тартып, Эми өлдүң го — деп тартып. Эр Гүлүстөн баатырың, Бар күчү менен бек тартып. Атасы баатыр Алмамбет, Ошондон калган сур жебе, Илгертен бери бар жебе. Күүлөп Гүлүс тартканда, Чыдай албай сынды эле, Сур жебе огу чыркырап Тундуруп кулак зыркырап. Калмактын ханы Жубатай, Карап турат кылтырап. Жаанын огу жеткенде, Жарып огу кетерде, Бул экөөндөй жан болбойт, Жаралган адис бул элде. Келе жаткан жебени, Кармап алды тим эле. Жаасы сынып атыш жок, Айткан сөздү кайтыш жок, Мизи жок уңгу балтасын, Алмамбет улуу эр Гүлүс, Арта салып ийнине, Майданды көздөй тартканы, Көрүп туруп Жубатай, Жазганбаган эр мындай. Калганды кармап бетине, Туулга кийип башына, Соот кийип үстүнө, Ат үстүндө турду эле. Тунжур төрө баатыр, Туш келтирип калганга, Балта менен урду эле. Чапканда калкан жарылды, Жайнап оту чачылды, Жалындай түшүп жаткан чөп, От туташып басылды. Ошондо да солк этпейт, Ким көргөн мындай баатырды?! Күчтү чапкан балтадан, Жерден чопо чачылды, Көрүнбөй чаңдын ичинде, Жубатай баатыр жашынды. “О, баатыр, кайда кеттиң” — деп, — Калың калмак бакырды?! Элдин үнүн укканда, Элеңдеп көзү ачылды, Ат ойнотуп ойкуштап, Бастырып чыгып айкырды. Жубатайды көргөндө, Эр Гүлүстөн баатырың, Карарып кары артылды. Ирмелбей көзү чачырап, Чын ачуусу келгенде, Оозунда тиши качырап, Чоң балтасы колунада, Жубатайды чакырат. Маңдайына барганда, Батакай турган балбанга, Эки үзөңгү теңейте, Тамандап тура калганда, Астынкы эрдин бет тиштеп, Бар күчү менен салганда. Калканы кетип быркырап, Туулгасы сынып чыркырап. Алдында минген тулпары, Багалчеги майышып, Үстүндөгү Жубатай, Балта тартып алганда, Жумаланды жер жакка, Этек жеңи жайылып. Балтага жуккан каны жок, Жубатай жатат жаны жок. Менменсиген чочкону, Акыретке салды түз. Элден башка бериптир, Эр Семеңе мындай күч. Калкандын дайны калбаган, Туулгасы болгон ташталган, Куткарбады Гүлчоро, Кужуру менен чапканда, Күркүрөгөн Гүлүстөн, Кара жерди жазданткан. Камыр болуп жуурулуп, Кан ичине куйулуп. Башы чыкпай соотунан, Күрөккө жыйылып. Күркүрөгөн калмактын, Ошентип жаны тынды эле. Аркасында аскери, Кул кушуруп турду эле, Кара аскерге тийген жок, Ал аскерге зыйан жок, Кубанып жүрөт эчени, Коркуп жүрөт нечени. Ичинен күйүп кан түтөп, Кайгы тартат нечени. Сүйлөшүп баатыр Гүлүстөн, Калмакты калың таратты. Семетейге кеңешпей, Мына мындай кат жазды: Тиан-Шандын Ала-Тоо, Ашпагын калмак” — деп жазды, Ошол чактан ушул чак, Кабыл болду жазган кат. Орто кылым болгунча, Калмактан киши ашкан жок, Какандын журту баскан жок. Сур койон менен болгойуп, Жамгырчынын өлөгүн, Эптеп жыйнап алыптыр, Табытка салып өңүрүп, Таласына барыптыр, Семетейдин Тай буурул, Сакайып буту калыптыр. Жалгыз эк кетти элине, Ат башы сындуу жерине, Жамгырчы менен бай тайлак, Көмүлдү туулган жерине. Муну мындай таштайлы, Семетей менен Үмүтөй, Серпишкенин баштайлы.