Канчоронун кастыгы, Семетейдин кайып болушу
Семетейдин катыны, Шаатемир кызы Чачыкей, Эрке катын атанып, Жүргөндө жанды элебей, Айчүрөк келип пас болду, Семетейге кас болду. Суйук айак шерменде, Сур жыландай сойлоду. Канчорону кара нээт, Кашына тартып ойноду. Шыңкылдап күлүп, наз кылып, Айлантып башын, мас кылып, Канчорону туз урган, Кастыкка аны маш кылып. Бир кишиге билгизбей, Шыбырашып кеңешип, Хандыкты тартып алууга, Кайрап азуу эгешип. Семетейди өлтүрүп, Айчурөктү күн, кылып, Канчоро менен Чачыкей, Хан, ханышай болууга, Атак, даңкын дүң кылып. Арамдык менен астыртан, Айла, амал, чара издеп, Кайда болсо жамандык, Калтырбастан кана издеп. Жибермек болуп Кыйазга, Жылмасынан жана издеп. Чачыкейге Канчоро, «Толтойдун уулу хан Кыйаз, Толкундаган эр — деген. Тобокел кылса бел байлап, Тоону бузар шер — деген. Биз жедигерди алганда, Жезкемпирдин жети уулун, Хан көтөрүп жанганда, Угуп көрсөм укмуштан, Жети ханга ээ кылбай, Тизгинди Кыйаз алыптыр. Жедигерлик Кыйазды, Хан көтөрүп салыптыр. Кат жазайын, жеңеке, Хан Кыйаздын өзүнө. Атасынын күнү үчүн, Намысы болсо кирер, дейм, Менин айткан сөзүмө. Жедигердин жети уулун, Жалматайын ал жерде, Калың колун каптатып, Айдатайын бул жерге. Алдынан тосуп барайын, Болжол кылган күнүндө. Айла кылып азгырып, Семетейди Буурулдан, Айрылттым мен бул күндө. Кызыталак кан ичме, Калды кыйын оор күндө. Семетейди жайласам, Гүлчорону кармасам, Арманым жок дүйнөдө!» — Деп, ошентип Канчоро, Чачыкей менен сүйлөшүп, Өзүнө жакын кишиден, Элөөсүз жүргөн кишини, Хан Кыйазга атказды, Мына мындай кат жазды: «Уч атаңдан бер жакка, Хандыгың, киши албаган, Карлыкка сени салбаган. Дүйнөнү бузган зор Манас» Зардабы сага тийбеген. Кан ичме жинди Семетей, Хан кадырын билбеген. Атаңды сенин өлтүрүп, Кутурган кулу чорого, Армандуу элиң. жердеген! Койгун десем ошондо, Тилимди менин алган жок, Кичинесиң сен анда, Каруу кылар дарман жок. Жезкемпирдин жети уулун, Хан көтөрдү элиңе. Кар кылды сени Семетей, Ээ кылбастан жериңе. Эр Толтой үчүн өч алыш, Барбы, Кыйаз, нээтиңде? Аккан каны атаңдын, Сактадыңбы эсиңде? Эрдин уулу сен болсоң, Кулак салгын кебиме. Мен жактырам, хан Кыйаз, Эрлигиңди пейлимде. Жезкемпирдин жети уулун, Эбин тапкын жериңде. Кат жазып киши жибердим, Хандыкты алгын колуңа. Канкордун жакын жолдошун, Баарын салгын жолуна. Ажыраттым азгырып, Тайбурул жок колунда. Тартынбагын, сен Кыйаз, Намысың болсо ойунда! Бүгүнкү билсең билги иш, Баары менин колумда. Кор болдуң, бала чагыңда, Хан атаңдын жогунда. Эл жайлоодон кайтканда, Айак оона айында, Болорсуң менин жолумда. Ошондо сага кездешем, Тирүү болсом, өлбөсөм, Ташкен менен Наманген, Ортосунда ойдуңда. Айтканымда жалган жок, Сен керекке жарасаң, Канчородо арман жок! Жалганы болсо сөзүмдүн, Көрбөйүн калган өмүрүм, Аккелтенин огу урсун! Ак милтенин чогу урсун! Атаң Толтой баатырдын, Арбагы мени дагы урсун! Айткан сөзгө көнбөсөң Асилим Кыйаз сени урсун! Төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Олуйа заада пир урсун! Машайык мазар дагы урсун! Кайнаган кара шор урсун! Көктө тийген күн урсун! Ай караңгы түн урсун! Караңгыны жарыткан, Асмандагы ай урсун!» — Деп, ошентип кат жазып, Ишентип шексиз бат жазып, Ичине кепти көп жазып. Жолоочуга төп айтып, Токтотпостон атказып: «Хан Кыйазга барарсың, Катты бере саларсың. Канчалык тартсаң машакат, Кийин жыргал табарсың, Кызмат акың аларсың, Берип келсең катымды, Айтып келсең дартымды, Өчүрбөймүн өлгүнчө, Өзүңдүн, баатыр, атыңды! Баргының, баатыр, жол болсун, Жол болгондо мол болсун. Кас санаган кишиңиз, Таманыңда кор болсун! Арбагың өрчүп чоң болуп, Оорагың журттан зор болуп. Бачымыраак барып кел, Ар кайда жүрбөй чор болуп. Көп кечикпей, кайтып кел, Кат жазса Кыйаз, алып кел. Көрсөтпөй жанга, катып кел, Күндүз келбей, түндө кел. Көрүнбөй башка кишиге, Билесиң, үйүм, мага кел! Жоболоң салбай темтеңдеп, Жолдоку элден, сурап кел. Канчоро барбы үйдө — деп, Канык кабар, угуп кел! Сырыңды жанга айтпагын, Барбай жолдон кайтпагын. Билесиң го, баатыр, ай, Айткандан кайра тартпагын», — Деп, ошентип Канчоро, Жансызды жолго атказды. Жансыз катты алды, дейт, Хан Кыйазга барды, дейт. Канчоронун каттарын, Жайып, ачып салды, дейт. Хан Кыйаз түркөй киши экен, Кат билбеген эр экен. Катты окуучу молдосун, Жанындагы жолдошун, Ээрчитип чыгып ээнге, Бекинип барып олтуруп, Улам-улам окутуп, Абдан катка канганда, Канчоро кебин укканда, Кат жаздырып молдого, Кат алпарган жансызды, Кайта салды тез жолго. «А, баракелде, Канчоро, Кайраты толук,эр чоро. Айткандын баарын сен кылсан., Мен ыраазы ошондо! Айткан сөзүн, алтындай, Айак оона айында, Болжогон жерге барамын, Кошун алып тартынбай. Он беш күнү күтөмүн, Он беш күндө келбесең, Кайра жанып келемин. Кылсаң, кызмат биз үчүн, Кылча мойнум сиз үчүн Эсирген канкор төрөдөн, Эми алам өчүмдү. Ишенген кишим сен болсоң, Кунун алам атамдын, Жарпын жазам капамдын! Алдына салды кат жазып. Хан Кыйаз канча ант жазып. Анттарынын түрү көп, Айткан сөздүн сүрү көп. — «Сен ишенгин, Канчоро, Мен дайармын, сөзүм төп! Болжогон күнү барбасам, Жетисуунун жери урсун! Жел жетпеген пери урсун! Жедигердин эли урсун! Аккан суунун сели урсун! Коргошундун кени урсун! Чойун баштын деми урсун! Ак болоттун мизи урсун! Агар алтын, зар урсун! Ак кагаздын каты урсун! Ат башындай ак куран, Айабастан дагы урсун! Хан атам Толтой каны урсун! Сууга буткөн сал урсун! Кез жетпеген чөл урсун! Куу жетпеген көл урсун! Кайберендин пири урсун! Олуйа деп атанган, Чоң Ополдо чал урсун! Сайып өнгөн бак урсун! Салып чыккан там урсун! Курт-кумурска, бөй-чайан, Жан-жаныбар баары урсун! Көрбөй туруп достошкон, Ортого койгон ант урсун! Калың, кара көп журттун, Каары менен каны урсун! Көрүстөндө көп арбак, Оройлору дагы урсун! Улуу жолдун чаңы урсун! Унутсам сенин сөзүңдү, Улуу атаңдын даңы урсун! Берген антым ушундай, Айткан жерде тосорсуң,!» — Деп, ошентип хан Кыйаз, Антын берип кат жазып, Калган экен үйүндө. Кебин уккан чоронун, Алыска барган кабарчы, Айлына келди түнүндө. Карбаластап Канчоро, Катты алып ашыгып, Окуганча шашылып. Айагына чыкканда, Таң аткынча уктабай, Жүрөгү толкуп атылып. Сүрүп чыкты таң анда, Эртең менен болгондо, Элдин баары турганда, Баса минип бууданын, Хан Гүлчоро айлына, Канчоро барып кеп айтат: «Ой, Гүлчоро — деп айтат. Чырпык бүрдөп, бүр байлап, Жер чымырап, көк чайлап. Үн алышып боз торгой, Көкөлөп учуп, көп сайрап. Кызыл-тазыл гүл ачып, Чыгып келет, чөп жайнап. Жаканын жалаң бойуна, Жанашып айыл, бээ байлап. Элдин баары ойдогу, Жай мезгили болгон го? Үйдө жатып нетебиз, Не мураска жетебиз? Аттангын, баатыр, Гүлчоро, Киши алалы жумушкер, Жайлоого барып, жер чалып, Тоолордон кулжа, теке атып, Тамаша кылып келели. Арбын атсак текени, Карылардын алдына, Шыралга — деп — берели!» Канчоро келип кеп айтты, Гүлчоро — «макул» — деп айтты. Тулпарын алып токунуп, Азыгын жанга байланып, Ок, дарысын мол алып, Алты киши котчу алып, Айылдан чыкты аттанып. Кеңкөл өөдө жүрдү, дейт, Кеңкөдун төркү башына, Адырмак аска ташына, Алар чыгып келди, дейт. Тулаңы өнүп буралып, Чырпыгы жерде чубалып. Чөптүн баары чыгыптыр, Жыпардай жыты жыттанып. Жерди көрүп макташып, Тоосунан кулжа, теке атып. Жер күлгүндөй көрүнүп, Көк ала жашыл саймадай, Чөптүн гүлү бөлүнүп. Сайма сайып койгондой, Сай бойунда чечекей, Азыркысын Кеңколго, Чыккан экен ченебей. Суусамырды сапташып, Ат кулугун тапташып, Тоонун баарын сакташып. Тегеренип айланып, Он күнү жүрүп жер чалып. Өнгөн жери кайсы экен, Өнбөгөн жери кайсы экен? Көрөлү баарын — деп чалып, Кара кылкан буудай баш, Жел тийсе кылкып ыргалып. Бетеге менен туланы, Белден чыгып буралып. Өтөктүн чөбү калкылдап, Көк ала сайма түрүндөй. Шамал тийсе жалтылдап. Жайкалып ыраң чөп чыгып, Калбай баары көп чыгып. Жылгадан суулар жыбылжып, Күлгөндөй гүлү жыбырап, Кеңколдун өйүз-бүйүзү, Караса көзгө жымылдап. Чымын, чиркей тулаңда, Көрүнбөй көзгө кымылдап. Көпөлөк учуп, гүл жайнап, Булбул сайрап, тил безеп, Жан-жаныбар кыбырап. Жашарып жайлоо толуптур, Эл келер кези болуптур. «Көчүрөлүк элди» — деп, Кара нээт Канчоро, Ортого кеңеш койуптур. Кайра тартып калкылдап, Күлүктөрү алкылдап. Бар шайманы күмүштөн, Кун чагылып жалтылдап. Кеңколдо жаткан көп элге, Салып кирип келди, дейт. Эл, журтуна кеп айтып, «Жайлоого көчкүн — деп — айтып», Көчүрүп элди чубатып. Элдин баары жайлоодо, Күлүктүн баары байлоодо. Бээни байлап салышып, Кысырак тандап сойушуп. Шернени баштап койушуп, Кыз, келинди чогултуп, Комузчу, ырчы кубулжуп, Кызыкка булар толушуп. Күндө тандап тай сойуп, Ага кошуп кой сойуп. Жыргалдуу эли кыргыздын, Ар кайсы жерде той болуп. Балдары майга карабай, Келиндер каймак жалабай. Кийгени кызыл шайыдай, Кыңгыранган уулдар, Каз, өрдөктөй катарлаш, Керилген келин, сулуу кыз, Салтанат сайран курушуп, Шапар тээп тунушуп. Абышка, кемпир бөлүнүп, Айылдын чыгып четине, Сакалдарын жайкашып, Кымызга балды чайкашып. Жыргалга баткан кыргыздар, Айылчылап сыйлашып. Жайында чыккан жайлоого, Жай өтүп, жакын күз жетип Кызыл-тазыл гүл бүткөн, Кыйартып өңүң өзгөртүп. Мал семирип, нык болуп, Эл семирип, бук болуп. Аш, той берчү чак болуп, Канчоронун көөнүнө, Хан Кыйаз кеби жат болуп. Болжол кылган күндөрү, Жетип келген чак болуп. Эр Гүлчоро үйүнө, Канчоро келип бир күнү: «Кагылайын, Гүлүстөн, Кабарың, барбы бир иштен? Ат семирип, бук болду Эр семирип, нык болду Аш, той берер чак болду, Көптөн бери карата, Барбай койдук эч жакка. Суркойон берчи минейин, Буулумуң берчи кийейин, Бул жолумду билейин. Буркуратып олтуруп, Ташкендин үстү улуу тоо, Самаркандын чеги ошо, Салган бойдон барайын, Дүрбү салып карайын, Айактан кабар алайын. Ал жактын жолу аруудур, Эзелде бизге калган жок, Атышам — деп, — белин буур. Айакта киши жок болсо, Ал учун көөнүм ток болсо. Намангендин астына, Кең Кокондун үстүнө, Таш чокунун башына, Жана айланып барайын, Дүрбү салып карайын. Испан менен Ирандан, Кокон менен Кашкардан, Келбесин кокус кас душман. Аруулап жолун чалайын, Адырда жүргөн эл болсо, Айттырып сөзгө канайын. Алыстан келген жоо болсо, Айгайлап найза салайын. Атабыз Манас болгон соң, Айанып кантип калайын? Жол аманын билейин, Жообун айтып келейин!” — Деп, ошентип Канчоро, Гүлчорого айтты кеп. Аны угуп Гүлчоро, Канчорого «бали» — деп, Баары болду кош убак. Камданып чоро аттанып, Суркойондой атты алып. Жанына азык байланып, Жагалмайдай зыпылдап, Ташкенди көздөй айланып. Самаркандын чегинен, Ташкендин үстү белинен, Ошондо барды жол чалып. Дүрбүсүн колго алыптыр, Туш-тушка көзүн салыптыр. Көрүнгөн жок эч караан, «Келбей калган окшойт» — деп, Кыйазга айран калыптыр. Мындан айла болбоду, Маң, болуп башы ойлонду. Суркойонду аргытып, Наманген менен Коконго, Барайын — деп, — толгонду. Суркойонду чуу койуп, Тер агып, тулпар суу болуп. Канчоро келет ичинде, Семетейге жуу болуп. Намангендин астында, Кең Кокондун үстүндө, Чокунун чыгып башына, Көчүгүн койуп олтуруп, Көмүрдөй кара ташына. Дүрбүнү алды колуна, Салгын — деп, — кудай оңуна. Дүрбү салып карады, Туш-туштан келчү жолуна. Көрүнбөдү эч нерсе, Капаланды Канчоро, Хан Кыйаздын жогуна. «Келбей калган экен» — деп, — Эми алып ойуна. «Кетсемби» — деп олтурса, Капаланып ордунда. Мылтыктын үнү тарс этип, Аңгыча зоонун боорунда. Жаңырып катуу угулду, Чоронун өңү кубулду. Суркойон менен койгулап, Ойдуңду көздөй чумулду. Барып түштү адырга, Адамдын саны өтө көп, Баштаган калың, колунда. Тоодой болгон түгөнгүр, Хан Кыйаз турат тобунда. Келген экен жол алып, «Канчоро келип калат» — деп, Мылтык атып, үн салып. Жүргөн экен хан Кыйаз, Аң уулаган баштанып, Канчорону көргөндө, Хан Кыйаз кетти кубанып. Алдына келип ат алып, Канчоро менен көрүшүп, Сагынышкан немедей, Кучакташып өбүшүп. Дасторконун жайышып, Тамактанып алышып. Муңдуу кебин салышып, Муңдашып булар канышып. Ортого антын койушуп, Кудайлык дос болушуп. «Семетейди сойсок — деп, Эркибизче болсок» — деп, — Ээн талаада сүйлөшүп, Өздөрүнчө күүлдөшүп. Сийгели эшикке чыкса да, Бирин бири жүр — дешип. Калган журт турат булардын, Айбатынан сүрдөшүп. «Жансыз киши жиберип, Хан Кыйаз, сени бел кылдым. Жазган катың барыптыр, Көргөндө аны дем кылдым. Болжолдуу күндөн калбайт — деп, Жолуңду тосуп мен келдим. Жолдон кабар алам — деп, Жоодон чалгын чалам — деп, Тулпарын сурап, мен алдым, Туралбай жолго мен салдым. Ачылган экен чоң багым, Сага окшогон туйгунду, Жолдон таап, мен алдым. Жолборс Кыйаз аман бол, Жоого бүлүк салгын — деп, Абайлап туруп анык ук, Ажырап сенден кетпеске, Сага берген антым — деп. Карабасаң сен мага, Арамдык кылсам, мен сага, Алла таалам өзү урсун! Ак курандын сөзү урсун! Айрышалык, бөз урсун! Жерден чыккан чөп урсун! Алышып койгон кол урсун! Айтып койгон сөз урсун! Ажалдуу дажаал огу урсун! Ак милтенин чогу урсун! Айанбагын, хан Кыйаз, Көрдүм сени көөнүм ток, Мындан башка кебим жок. Кайта жолго салайын, Жайлоодо жаткан көп элге, Жол аруу — деп, — барайын. Семетейди сездирбей, Гүлчорону туйгузбай, Айла кылып аздырып, Атасынын көрүнө, Алып келе калайын. Айга он беш күн болсун, Болжолубуз бул болсун! Алып келем аздырып, Как ошол күнү, хан Кыйаз, Сен Таласта болорсуң! Болгун аман, сен — деди, Бастырайын мен» — деди. — Кубанып айткан кебине, Таңуу болгон белине, Таарынган элде бегине, Анда Кыйаз муну айтат: «Кагылайын, Канчоро, Кайратың артык, эр чоро. Кабыландай, сен чоро, Семетейди сездирбей, Алып келсең, болжолго, Мен дайармын ошондо. Үч күнү сени күтөмүн, Үч күнгөчө келбесең, Үйүмө жанып кетермин. Кол салар менде айла жок, Өз айлыма жетермин. Ойлонсом, ичим болот чок, Семетей мага салган от. Чынкожону жалмады, Хан Толтойду кайсады. Калган журтту арбады, Хан башымды кар кылды. Жезкемпирдин жети уулун, Жедигерге хан кылды! Аз келгенсип анысы, Алым, салык көп алды. Жыл сайын айдап, мал алды, Ар качан салып түйшүктү! Хан атам Толтой эр экен, Кара кулак шер экен. Эрдик аты болбосо, Акылы анын кем экен. Мингени болсо Суркоен, Чынкожо болсо жолдошу, Учуп жүрүп асманда, Алдырып ийип өлүптүр, Жерде жүргөн арстанга. Артыкча ичим бек ооруйт, Гүлчоро башын алганга! Минген атьың ушубу?!» — Суркойонду көргөндө, Кыйаздын көөнү бузулду. Көзүнөн анын кандуу жаш, Дайра болуп куйулду. Суркойондой күлүктүн, Соорусунан сылады, Көзүнүн жашын тыйбады, Как какшап жана ыйлады. «Кагылайын, Суркойон, Минерге күнүм болорбу? Семетейден кутулуп, Жүрөр күнүн, болорбу? Жедигердин жети хан, Билер күнүм, болорбу? Гүлчорону өлтүрүп, Күлөр күнүм, болорбу? Тууруна атамдын, Конор күнүм, болорбу?» — Күңгүрөнүп хан Кыйаз, Көңүлү жашып турганда, Канчоро анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: «Кабылан Кыйаз, эр десем, Карапайым, сен белең? Канкордон сени куткарбай, Кантип мында мен келем. Төрө Кыйаз, сен десем, Төбөңдөн урган, сен белең? Төрөдөн сени куткарбай, Түгөнгөн мен не келем?! Тартып берем атыңды, Алып берем дартыңды. Тийгиземин багыңды, Мингиземин тагыңды! Бекем байла белиңди, Бышык кылгын кебиңди. Болжолдуу күнү барбасаң, Бузуп, чабам элиңди! Кош, аман бол» — деп айтты; — Суркойон минип аттанды. Хан Кыйаз менен бирлешип, Канчоро көөнү шаттанды. Күнү-түнү дем албай, Күндөп, түндөп жол журуп, Сууп калган тулпарды, Айабастан жол жүрүп, Түк кишиге көрүнбөй, Жан адамга билинбей, Түн ичинде келди эми. Атын байлап алыска, Ары жок туулган түгөнгүр, Жарагансып намыска, Чачыкейдин үйүнө, Басып келди бул эми. Жанына барып, жай алып, Анда жатып жайланып, Барып келген жолунан, Баштан айак кеп салып: «Он беши күнү бул айдын, Падышаң сенин Семеңди, Кең Таласка күмбөзгө, Алып барамын — деп — салып. Унутуп калбай Чачыкей, Жүргүнүң сен камданып. Катыгүн, болуп калбайлы, Катындык кылып, кеп салып!” — Таңга жакын болгондо, Чыгып кетти, Канчоро. Айылына жолобой, Жүрүп кетти, Канчоро. Күн козу түш болгондо, Суркойон менен шалкылдап, Кирип келди, Канчоро. Кара күчкө каткырып, Күлүп келди, Канчоро. Арамдыкты көөнүнө, Түйүп келди, Канчоро. Ак жери жок кылайган, Арамзада, ал чоро. Карыган Бакай, Сары хан, «Жакшы кызмат кылды» — деп — Ыраазы болду ошого. Бара калып кеп салып: «Бардым чекке жол чалып. Самаркандын чегинен, Кең Ташкендин белинен, Дүрбү салып жол чалдым. Адам эмес айбан жок, Жериң ээн калыптыр, Ошол ишке таң калдым. Намангендин астында, Кең Кокондун үстүндө, Таш чокуга мен бардым, Кашкар жаккы белдерге, Калмак, кытай элдерге, Дүрбү салып карасам, Каргасы учуп келбеген, Калбаган экен бизге дейм, Каш кайтарар бендеден. Каркып жайлоо толуптур, Камданып журтуң, болуптур. Той берүчү, аш берчү, Маалы элдин болуптур. Саргарып эгин бышыптыр, Алманын шагы ийилип, Кыргыек учар табы экен. Шашылып калат күн өтсө, Эл камыңар чагы экен. Эп келсе, аба, өзүнө, Кулак сал менин сөзүмө. Жаз жаркырап келгели, Күзгө жакын болголу, Тайыбадык күмбөздү. Он беши жакын болуптур, Ортосу айдын толуптур. Сайрап жатып, так чарчап, Күкүктөрү солуптур. Күмбөздү тайыр мезгили, Байкасам анык болуптур. Ак боз бээни алалы, Атакемдин ак үйгө, Биздер жетип баралы. Ай тамактап чалалы, Куран окуп жаналы. Эки, үч күндө барбасак, Капташабыз аш, тойго. Мийзам учуп, кыш түшүп, Окубай куран калабыз, Эл кыштоого конгончо». Деп, ошентип Канчоро, Семетейге айтты эле, Канчоро кебин укту, дейт, Кубаттап аны тутту, дейт. «Ак боз бээни тапкын — деп, Ырас экен ушул кеп. Элебепмин мурун» — деп, Камынып Семең барарда, Каныкей кабар алды эми. Семетейдин айлына, Серпилип басып келди эми. Семетейге карата, Каныкейдин дегени: «Койгун, балам, тил алгын, Сөзгө кулак сен салгын. Жайлоонун көрүп ыраатын, Күзгөчө балам тынч алгын! Түшүмдө көрдүм шумдукту, Үйүңдөн чыкчу күн эмес, Талаада калды токумуң. Суркойон атың токулбай, Ак кураның, үйүңдө, Ачылбай калды окулбай. Аккелте ичи дат болду, Сырнайзаң сынып бүктөлдү. Ак күбө тонуң чечилди, Айбалтаң мизи кетилди. Алыстан келип көп душман» Кармап алды түшүмдө, Сага окшогон жетимди! Күмбөзгө барар кез эмес, Көргөнүм төгүн түш эмес. Кой, кулунум, барба — деп, Каныкей турду кан какшап!» Кандуу жаш көздөн чубуруп, Өңүрү ылдый куйулуп. Ал аңгыча Айчүрөк, Басып чыкты эшикке: «Кулак сал, деп кекешке. Энекем тилин алгының Бул пейлиңен жангының Он, он беш күндө эл көчөт, Эл күздөөгө түшкөндө, Элге кабар салгының Түлөө чырак өткөзүп, Көпчүлүк менен баргының. Баарыбыз тегиз баралы, Атакемдин арбагын, Баарыбыз сыйлап жаналы». Деп, ошентип айтты эле, Барбас болуп күмбөзгө, Семетей көөнү кайтты эле. Канчоро анда кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат: «Кагылайын, абаке, Аттанып кайра жанганың. Айынкуштап калганың, Башынан бери калбады, Эркектин кылган ишине, Айчүрөк кирип алганың. Айагансып тосоттоп, Абакемдин бир малын. Өзүң билип эл бийлеп, Аз эмес сенин жыргалың. Жүрү, абаке, бастыргын, Катынга карап калбагын!» — Деп, ошентип Канчоро, Атын сайга салды эле, Бура тартып алды эле. Атка минген Семетей, Кайра түшүп калалбай, Бастырмак болуп калды эле. Каныкей туруп кеп айтат: «Кулунум, уккун — деп айтат. Катындын тилин албадың, Кайрылып кайра жанбадың, Эми энеңдин сөзүн танбагын! Оолуккан чунак баласың, Көп кечикпей жакында, Кеңколго көчүп барасың, Эмне мынча шашасың?! Ак боз бээни баш кылып, Көбүрөөк кылсаң түлөөнү, Кечирет кудай күнөөнү. Алдында айттым өзүңө, Ишенбедиң түшүмө. Үйдөн чыкчу жакшы эмес, Алсаң, балам, тилимди. Бүгүн жылдыз каршы экен, Сенин атаң Манастан, Калган, балам, шарт экен. Ай менен күндү эсептеп, Жылдызга каршы күндөрдө, Серпилип атка минчү эмес, Үйдөн карыш жылчу эмес. Ата кылбас иш кылса, Бала жакшы болчу эмес! Аттанар болсо бир жакка, Төлгө ташка барчу эле. Аккула менен далбайып, Арыштап чуркап калчу эле. Көнөктөй кара төлгө таш, Көтөрүп көрчү ошону. Алмадай алып ыргытса, Айылга келбей кетүүчү, Ала салбай таш койсо, Аста келип жатуучу. Атаңдан калган иш ушул, Эч болбосо чунагым, Төлгө ташка баргының! Төлгө ташты алып көр, Төлгөңдү жакшы салып көр. Төлгө таштан сыр көрсөң, Кайта үйүңө жана көр! Ажал жакын адамга, Каш, кабактын арасы, Алды-артына карачы!» Канчоро анда күүлөнүп, Каныкейге сүйлөнүп: «Карыганча какжаңдап, Калбады сенин дүмөгүң! Ажал келип турганын, Ачык аны көрдүңбү? Жебирейип келгенин, Же көрдүңбү, билдиңби? Гүлчоро турса жанында, Канчоро турса артында. Кадамы катат эмеспи, Кандай адам катылса? Бастырбай тосуп алдыңар, Бүгүн абам аттанса! Карып калган окшойсуң, Кайсоолойсуң көп сүйлөп. Карылыгың эмеспи, Ажал турат — деп сүйлөп. Эми, энеке, ылгагын, Сүтүңдү берип сен баксан, Күчүн берген, абакем. Жакшы, жаман күн болсо, Жан айабай кошулуп, Ээрчиген чоро биз элек. Күмөн албас кеп кылып, Абакемди тостуңар. Каныкей менен Айчүрөк, Бул кебиңди ит уксун! Ит укпаса ким уксуң?! Козголбостон көтөргөн, Тепсеген кара жер уксун! Жүрү, абаке, бастырчы, Буларды карап ким турсун!» — Деп, айтканда Канчоро, Каныкей айтат ошондо: «Айланайын, балам, — деп, Айтайын сөзүм саган — деп, Кан чыккан эмчек, сүт чыкпай, Саа салганда, балам, — деп. Ошондо бойум чыйрыккан, Кастык кылат белем — деп. Бастыргын — деп, — шаштырып, Тынч жаткалы койбодуң, Бул эмине кастыгың? Бир жакты көздөй бастырсаң, Тил албоочу шаштыгың,!» — Каныкей андай дегенде, Ачуусу келип Канчоро, Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн, Бели катуу эр чоро: «Буурул атты минбедим, Буулум тоңду кийбедим, Ар качандан бир качан, Абам менен Каныкей, Гулчорочо көрбөдүң! Тайуучу арбак сеники, Арбак тайып келгенге, Эмне мынча тергедиң?! Ачасы чыгып кебиңдин, Гүлчорочо болбодум, Өмүрүмчө теги мен! Ойума түштү атакем, Барбасаңар мейлиңер, Өзүм барып келемин!” Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып. Катуу сүйлөп бакырып, Капаланып чачылып. Канчоро жөңөй бергенде, Арча тору буурулга, Семетей турбай камчы уруп, Баатыр Гүлүс көкжалың, Артынан ээрчип бастырып. Карап калды Каныкей, Ээрчип карап баласын, Эки көзүн жаш кылып! Ээрчитип чыкты айылдан, Эр Семетей баатырды, Ант урган чоро аздырып! «Каныкей тилин албадык, Бастырып чыктык айылдан, Төлгө ташка баралык». — Деп, ойлонуп Семетей, Төлгө таштын астына, Жетип келди бастырып, Ушу жаккы белеске, Салып чыгып келди дейт. Арча тору буудандай, Секирип түшүп Семетей, Эрлиги артык түгөнгүр, Кара ташты көнөктөй, Көзүнө илбей кенедей, Аткый карман батмандап, Кара ташты көтөрдү, Көтөрүлбөй кара таш, Күч келгенде жөтөлдү! Намыс кылды чорого, Күчүм жетпей ошого, Деп, артына кайтарга, Чапанын чечип ыргытып, Кайрат кылып ошондо. Дагы ташты кармады, Көтөрө албай калганы. Үзүлө турган өңдөнүп, Козголбой жерде таш калды Бар кайратын күч кылган, Күч кылбаса не кылган? Бөлөк-бөлөк кызыл кан, Мурдунан жерге тамганы. Артык туулган Гүлчоро, Муну көрө калганы: «Мен көтөрөм, аба», — деп, Атынан түшүп чурады. Кыймылдап кылча былк этпей, Гүлчоро туруп калганы. Кайта-кайта күч алып, Кара ташка кол салып. Ар канча кайрат кылса да, Жерден үзө албады! «Болбодуңар, силер» — деп, Канчоро басып барганы! Эки колун тең салбай, Бир колу менен кармады. Алмадай болуп, кара таш, Ыраакка учуп барганы... «Төлгө, аба, келди — деп, Ээрчиген кишиң менмин — деп, Сен албасаң мен алдым, Мага болгон жакшылык, Меники эмес сеники. Өзүмө келген жакшылык, Мага эле эмес Гүлүскө, Жүргүлө, баатырлар, Жетели эрте күмбөзгө!» — Деп, ошентип Канчоро, Буйдалбай атка минди эле. «Барбаймын» — деп айта албай, Баланын көөнүн кайтарбай, Бастырып кетти Семетей: «Ылдамыраак желели, Атага арнап, мал мууздап, Эртерээк кайта келели». — Деп, ошентип Семетей, Атка камчы басты, дейт, Алдыңдагы белестен, Эңишти карай ашты, дейт. Буудандын баарын чуратып, Артынан чанын чубалтып. Күмбөзгө барды шамалдай, Арнап алган малы бар, Ак боз бээси дагы бар. «Турбагыла,чоролор, Ылдамыраак чалыңар! Күн кеч кирип баратат, Үйгө эрте барыңар. Талаага жатпай келгин — деп, Каныкей айткан кеби бар». — Деп, ошентип балдарга, Ашыктырды Семетей. Ак боз бээсин алышып, Айтамактап чалышып. Атасынын күмбөзгө, Куран окуп калышып. Кемегесин каздырып, Көмкөрмөлүү казанын, Алып келип астырып. Арам өлгөн Канчоро, Алдап жүрүп, кас кылып. Отту чындап жактырып, Отту чындап жакканда, Ошондо казан кайнады, Бала жолборс Семетей, Кайнаганын байкады. Капкара болуп келбети, Тешиги жок түбүндө, Ал чүпүрөк калтадай, Аңтарылып кеткени. Анда Семең кеп айтат: «Аскан мобу казанга, Байкаганым айтамын. Капкара болуп кайнады, Аңтарылып бу казан, Ичинде неме калбады. Мындай түлөө курусун, Жүргүлө, балдар, кайталы!» Кобо албай Семең эндиреп, Опкоолжуп жүрөк делбиреп. Атасынын күмбөзгө, Куран окуп дембелеп. Канчоро турат туйгузбай, От жаккан болуп энтелеп. «Кудай урган, куу Кыйаз, Келбей калган белем» — деп? Ал аңгыча болбоду, Асмандан мунар буу чыкты, Үч-Кошойдун бөксөдөн, Көк жаңырган чуу чыкты. Айдама кошун, калың кол, Жабалактап дуу чыкты. Ал кошунду көргөндө, Күнгүрөнүп Семетей, «Каныкей айткан сөз келди, Ажал,өлүм тез келди, Көрдүңөрбү» — деди эле? — Кайгырган болуп Канчоро, Кастыгы бар, ит чоро. «Булкунтуп тулпар минели, Урушпай жүргөн жоо беле, Сапырып, кырып иели? Жолоочубу, болбосо, Жообун алып билели!» «Жакын экен болжолу, Таанымал турат колдору. Жедигердин эли — деп, Хан Кыйаз мында келди» — деп, Гүлүстөн айтып жиберди. «Атты алгыла, балдар, — деп, Бачымыраак болгула, Атыңарга мингиле! Алдынан тосуп баргыла, Айанбай уруш салгыла!» — Гүлчоро шашып жүгүрүп, Суркойонду кармады. Кармаса да Гүлчоро, Үмүт үзүп жанынан, Өзү чочуп калганы. Аңгычакты Канчоро, Камынтпай айта салганы: «Канчалык айтты Каныкей, Карынын кебин албадык. Келип калды кошун — деп, Кейип неге зарладык? Төлгө ташка биз бардык, Ажыдаардай абакем, Гүлүстөн төрө Гүлчоро, Көтөрө албай калдыңар Төлгө ташты көтөрсөм, Өзүңөр карап калдыңар. Кылбагыла күмөндү, Мен саламын дүмөктү. Мындан мурун көп жүрдүк, Дабан аштык, суу кечтик, Суу ордуна кан ичтик. Кошун кырдык, кол кырдык, Ок аткан жоо болбосо, Койбой баарын биз кырдык. Бүгүн беш күн боло элек, Мен чалгынга баргалы. Бул башкача бир шумдук! Мындан мурун, абаке, Буурул атты бербедиң, Булкунтуп бир күн минбедим. Мингизбей жүрүп атыңды, Үмүтөйдүн кунуна, Тайежеңе бергенин! Буурул аттын барында. Мен буулантып жоого кирбедим. Каралат өлдү, ок тийип, Ошондон бери жөө жүрөм, Гүлчорочо көрбөдүң. Гүлчоро атын көп минди, Буулумуңду бул кийди. Буруштуу нечен душманга, Муңдуу күн салып бул тийди. Бүгүн кезек келген, бейм, Багым менин билдиңби? Төлгө ташты мен алдым, Көтөрө албай сен калдың. Байкабай жүрдүң, абаке, Бир кишиче балбанмын! Суркойонду бергиниң, Суурултуп жоого тийейин. Сырнайзаңды бергиниң, Сундурун колго илейин. Аккелтеңди бере кой, Асынып аны көрөйүн, Ак албарсын байланып, Алышуучу жоо болсо, Айдап койдой бөлөйүн! Ишим ондой тургансыйт, Кырбай кантип тынайын? Көрүп тургун, абаке, Бүгүн кайрат кылайын! Жоону сайсам мен сайсам, Оорагы калат өзүңө, Кулак сал менин сөзүмө. Бала кезден бер жакка, Алпештеп жүрүп сен бактын, Кыйындык кылып ар жайда, Кызматы менен Гүлчоро, Кыйалы менен бул жакты. Жакшыраак кызмат кылалбай Жабыгып келем бул кезге. Жайы болду ушундай, Бүгүн берчи кезекти, Мен кылайын кызматты!» — Деп, ошентип Канчоро, Абасына муну айтты. «Минсең, чором, ат мына, Арман кылба, сен анча. Бүгүн ишиң оң турат, Алсаң мына Сырнайза. Айбалтанды чың карма, Сен да өзүнчө баатырсың, Айалуу жаның капырсың. Ат, тонуң баары тел болду, Асты айанып тартынба!» Семетей кезек бергенде, Кезек колго тийгенде, Суркойонго мингенде, Сырнайзаны илгенде, Чоң балтаны колго алып, Ак албарсты байланып, «Кош! Эмесе, аба» — деп, — Бура тарта бергенде, Бурула тартып кеп айтат, Анык ички сырды айтат: «Эми жеттим, Семетей, Суркойон сындуу бууданга. Кошулуп кетем, Семетей, Эми хан Кыйаздай тууганга! Жансыз киши жиберип, Жайынан муну чакырдым. Жайлоодон кайра жанарда, Чалгынчы болуп мен бардым. Как ошондо достошуп, Кучакташып жангамын. Күмбөздөн кармап берем — деп, Коп убада кылгамын. Антымды эми актадым, Аркалап жүрүп Семетей, Сенин эч айыңды таппадым. Кабыл кылбай сен койдун, Каныкейдин айтканын. Ажалың сенин жеттиби, Эми амалың кеттиби?! Азыркы нөөмөт меники, Арка кылган Гүлчоро, Болгонуң каруу көрөйүн, Көрүнөө башын кесейин, Мурадыма жетейин. Хандык такка минейин, Алтын таажы кийейин. Калың кара кыргызды. Хан болуп мен билейин! Чачыкейди албасам, Бооз катының Айчүрөк, Канжарлап кардын жарбасам. Сары ханды жайласам, Бакайды малчы кылбасам. Каныкейди куң кылып, Канчоро болбой калайын, Куйутту минтип салбасам!» — Деп, ошентип Канчоро, Бастырып жөнөй берди ошо! «Ант урган, чоро, мейлиң — деп, Айтканыңды кылгын — деп! Каралыгың сеники, Кадимтен бери бардыр — деп! Буруп, бузук кеп кылып, Буурул аттан айырдын. Суркойонду дагы алдың, Жоо жарагым дагы алдың. Жайсыз жерде жайладын, Капарда жок алдадың, Жазылбай калды арманым! Кызыталак ант ургур, Каныкейдин сүтү ургур! Калың ногой тузу ургур! Кандай кастык кыласьң, Кара нээт Канчоро, Эмчектешкен эгизиң, Тууганың турса Гулчоро?! Чачыкей албай куруп кал, Кара жүз сени көрбөйүн, Кара жолдо улуп кал!» — Деп, ошентип эңдекей, Туруп калды Семетей. Желип кетти Канчоро, Суркойон алда шалкылдап, Сырнайза колдо жаркылдап, Аккелте жондо жалтылдап. Ашпай турат жедигер, Ач кайкыдан жол чубап. Хан Кыйаздын алдынан, Канчоро желип дал чыгат: «Кабылан Кыйаз, барсыңбы, Калк башкарган хансыңбы? Кулак салып угуп тур, Өзүңө кылган арзымды. Өгүнгү кылган убада, Ошол сөздө барсыңбы? Айтканымды мен кылдым, Азелде кайрат сен кылдың. Мен ыраазы, хан Кыйаз, Белиме туура бел кылдым, Ажыратып ат, тондон, Семетей менен чоросун, Баары жактан кем кылдым! Семетей калды эндекей, Олпоктон башка кийни жок, Ок атарга келте жок. Оңдоп чабар балта жок, Сундуруп кирер найза жок. Суудай каны төгүлүп, Акпай турган айла жок. Аты менен жарагын, Алдап алдым каруу жок!» Канчоро айтса мындай кеп, Канчоро айтса мындай кеп, Хан Кыйаз анда мындай дейт: “Эр Канчоро, жолборсум, Ишиңди кудай оңдосун. Кыйыгына тийбейли, Кыраан Семең жолборстун. Беттешип теги кирбейли, Белсенишип жүрбөйлү, Атасы айкөл Манастын Арбагына калбайлы, Тил алсаң баатыр барбайлы Биз астына баралы, Жайа салып, кеп айтып, Жарашып алып, жаналы! Атасы Манас шер эле, Ага кишикатылса, Жакшы болбойт — деди эле Жиберип киши кат жаздың, Сенин сөзүң кыйалбай, Айдап кошун, мен тарттым Убара болсом мен болдум, Кой Канчоро жолборсум! Өэү өткүр неме эле, Кашкайа туулган эр эле Кара кыргыз, казакка, Кайда болсо бел эле Калың элге катышпай, Семетейден корккондон, Калмактар жүрчү кеп эле. Аркасында Семеңдин, Жыргап жаткан эл эле! Туулган адам өлбөйбү, Акыретти көрбөйбү? Ар кандай ажал жазылса, Как ошондой өлбөйбү? Атам Толтой үйдө өлбөй, Арстангакатышып, Өлсө, чоро өлгөндүр. Бешэнеде бүткөнүн, Өз кезинде көргөндүр Барбайлы, баатыр, тил алсаң, Жакшы сыйлап, сөз кылып, Жарашалы кеп уксаң. Биз тууган болуп Семеңе, Баатыр туулган немеңе. Жанышалы тил алсаң, Мен барбаймын дегеле, Мейлиң, баатыр, сен барсаң! Кылычты кармап чаппаймын, Кыраан баатыр Семетей, Атасы айкел Манастын, Арбагынан жазгандым! Бакай абам карыбыз, Ал кишиге балабыз, Ушу турган баарыбыз! Сары хан сардар карыйа, Калыстык кылды баарыга. Ал абалды айталы, Жашырбастан аларга. Же болбосо Канчоро, Сунуп барган мойунду, Сууруган кылыч кесчү эмес. Өзүбүз түшүп баралы, Өткүр эрдин алдына!» Кыйаздын кебин укканда, Жедигер эли чуркурап: «Баракелди, баатырга, Бек куралган акылга. Бели катуу эр эле, Бизге тийген капырга. Чын айтасың, хан Кыйаз, Семетейге катылба! Көпчүлүк болуп баралы, Көөнүн анын алалы! Канчоро ката кылды — деп, Хан Семетей баатырдан, Канын сурап алалы! Баракелди, хан Кыйаз, Баатыр, кебин жарады. Барбайлы», — деп баарысы, — Бата кылып ийишке, Кол көтөрүп калышты. Каарданып Канчоро, Ошондо кетип намысы: «Атаңдын көрү, ит Кыйаз, Адам болбой, кет Кыйаз! Бул кебиңди, ит уксун, Ит укпаса, ким уксун?! Карарган кара түн уксун, Кайнаган кек, ант урсун. Семетейди көргөндө, Айбатынан коркупсуң! Мындай келбейт кыйамы, Башынан тартып Семетей, Баарыга салган зыйанды! Тартынбастан баралы, Кылычтап башын алалы! Канына анын агылган, Кара жерди жуурултуп, Канып кумар жаналы! Өлүп калган Манастын, Арбагынан коркосуң. Азыр турган жаныңда, Менден кандай коркпойсуң?! Хан Кыйаз, сени баш кылып, Жедигерди кырбасын. Жетисуу толгон элиңди, Кырып салып тынбасын. Өзүң алгын антыңды, Ок өбүшкөн шартыңды!» — Деп, ошентип Канчоро, Ачууланып айкырып, Ызырынып, шашылып. Ирмеп көзү ачылып, Ичи куйуп ачынып. Кылычын кармап жалаңдап, Кырмакчы болду качырып: «Кырып ийип, баарыңды, Суудай төгүп каныңды. Мойнуңдан байлап барбасам. Ойногон экен мени — деп, Ойлонтуп аны салбасам, Адам болбой кетейин, Айтканыма жетейин! А көрөкту, хан Кыйаз, Айдап колуң баштагын. Абданыраак акыл го, Семетейди жастагын! Кайратың качып не болдуң Намысың кайда жоготтуң?! Хан болдуң араң бир жылы, Касиет конуп оңолдуң!” — Деп, ошентип күркүрөп, Канчорону көргөндө, Жедигер эли дүркүрөп. Кылычтап баарьн айдады, Хан Кыйаз болуп жардамчы. Белестен ашып алганы, Берен туулган Семеңдин, Үстүнө басып барганы. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып. Ичи ачынып Семетей, Арча тору бууданга, Ыргып минип албайып. Камчысы бар колунда, Жарагы жок бойунда. Жараксыз өзү турса да, Жалтаныш жок ойунда. Качырып барып Канчоро, Капталга найза салганы. Канкоруң кармап калаарда Кайра тартып алганы. Жандап өтө берерде, Этегинен кармарда. Колу жетпей калганы, Арча тору бууданы, Баспай туруп алганы. Кыйа тартып өтөрдө, Камчы менен бир салды. Кара нээт Канчоро, Суркойондон жыгылып, Түшүп кала тас калды. Ал аңгыча эр Кыйаз, Айбалтаны бек кармап, Качырып барып Семеңди Каңк эттире бир салды. Илгери карай теминсе, Баспай турат бууданы. Аттын жайын көргөндө, Семетей арман кылганы: «Аргымак жыйдым, ат жыйдым, Арча тору, сендейди, Анык тулпар — деп — жыйдым, Тай буурулча болбодуң. Азамат жыйдым, эр жыйдым, Ар кайдан жигит, мен жыйдым, Гулчорочо болбодуң! Башка ажал жеткенби, Сыймыгым камып кеткенби? Ээн талаада өлүгүм, Кала турган кептенди! Кар болбогон кайран баш, Канчорого тепселдим. Канчоронун айынан, Тай буурулду мен бердим. Суркойонду алдагы, Түшүп бүгүн нээ бердим?! Сурады — деп, — саткынга, Калтырбай жарак бут бердим. Кем-керчи жок бут кылып, Канчорого куч бердим. Куп болду бул иш мага — деп, Өз башыма мейли эле, Мени — деп, — жүрүп бул өлсө, Гүлчорого убал» — деп. — Өзүн койуп Семетей, Гүлүстөнгө кайгы жеп. Күңгүрөнүп турганда, Күүлөнүп алган Канчоро, Күжүлдөп дагы ал келет. Эси оогандай эндиреп, Алмамбет уулу Гүлчоро, Сөзүн таппай темтиреп: «Э, кагылайын, Канчоро, Кайраты толук, эр чоро, Экөөбүз бирге тууштук, Жылкыны бирге кууштук. Жакшы, жаман ар иште, Белди бекем бууштук. Чалгынды чалсак, бир чалдык, Чалышкан жоого бир бардык. Адалды жесек, бир жедик, Арамды жесек, тек жедик. Семетейдин артынан, Бала кезден сенделдик. Семетей багып, алпештеп, Сен экөөбүз эр жеттик. Жакшылык менен жамандык, Баарысына тең жеттик. Куру калган жериң жок, Катардан калып Канчоро, Хан болуп элге тең келдик!» — Гүлчоро турат кеп сүйлөп, Башаламан кеп сүйлөп. Айтарын билбей темтиреп, «Баарыбызда тең, жазык, Мен байкушта не жазык? Биз, тууган элек бирге өскөн Жетимдикте тең өскөн. Сен экөөбүз өңдөнүп, Жерде барбы бир өскөн?! Өзүңдү өзүң зордобо, Өз сөөгүңдү кордобо. Семетейге теңелтип, Койбогун мени сенделтип. Жат душманга теделтип, Таштап мени тепселтип. Кар кылбагын, Канчоро, Калган элге эңкейтип!» — Деп, ошентип Гүлчоро, Сөөнүп сөзүн айтканда, Ачуусу келип Канчоро: «Укпаймын, Гүлүс, сөзүңдү, Көрбөймүн сенин жүзүңдү. Сойомун сенин өзүңдү, Сойомун сенин көзүңдү! Кандай кылсам эрким бар, Бүгүн бийлик өзүмкү!» — Бура тарта бергенде, «Ант ургур айтсам болбодуң, Жарагым жок, атым жок, Капилет өлүп сойлодум! Качантан бери туйгузбай, Кар кылууну болжодуң?! Асили сени, тугөнгүр, Аман тирүү койбоймун! Кадыр алла кудайдын, Жазганына көнөрмүн. Жаным тирүү болгондо, Жазаңды сенин берермин! Талашып эмдик башында, Каныкейдин эмчегин. Качантан бери күтүнүп, Кан ичүүгө эңседиңн,?! Өлбөй тирүү болгондо, Жазанды сенин берермин. Семетейдей беренди, Гүлүстөндөй эренди, Сойо алсаң мөрөйүң! Кайра айланса кезегиң, Капталган сенин шорундур. Тушуп берип ат, тонду, Таап алган шорум бул! Кандай кылсаң, андай кыл, Өлгүчө сени колдогон, Хан Кыйаз болсо жөлөгүң!» — Деп, ошентип Гүлчоро, Күүгүмдөп козу тунарып, Каарланып Канчоро, Күчү күчкө уланып. Найзасын алып колуна, Жамандык жайлап бойуна. Кылар ишин болжолдоп, Ал Манастын тобуна, Качырып кайра жетерде, Хан Семетей баатырды, Капталга койуп кетерде, Кайгырбай да камыкпай, Карап турат Семетей, Калт этип коркуп элебей, Көкжал туулган түгөнгүр, Көрүнөө келген ажалды, Бучкагына теңебей! Качырып кирип келгенде: «Кандай кылсаң, мейлиң — деп, Канчоро, сенин жүзүңдү, Мен көрбөйүн эми» — деп, — Бура каран турду эле. Уруп найза муштады, Найзага канды чыктады. Кайран баатыр Семеңдин, Өпкө, боорун аралап, Өтүп найза чыкпады. Найзасын тартып алгыча, Толтойдун уулу чоң Кыйаз, Токтотпой бойун күүлөдү, Уңгусу менен балтанын, Айкөлдүн уулу Семеңди, Чыкыйга тартып жиберди. Кара оозунан кан кетип, Кабылан кайран Семетей, Кара жерге жалп этти! Кара мүртөз Канчоро, Айланып кайра жетерде, Ач албарсты колго алып, Арстандын башын кесерде, Хан Кыйаз келип кармады: «Койгун башын кеспегин. Өлтурдук акыр канкорду, Денинен башын айрыбай, Башы менин койолу. Бузбайлы мунун көркүн — деп, Албайлы бойдун бөркүн» — деп, Хан Кыйаз айтып болгунча, Көйкөлө түшүп Семетей, Коргошундай жылт этип, Кайып болуп жоголду. Караса көзгө көрүнбөй Өлгөндүгү билинбей. Семетейдин өлүгү, Кай кеткенин биле албай, Казып көргө көмө албай, Кан ичме жинди утургур, Канчоро калды туралбай. Кылычын кармап колуна, Гүлчорого жүгүрдү, «Өлтүрөм» — деп уйалбай! Тоодой болгон хан Кыйаз, Чылбырынан кармады «Койгун, баатыр, болду — деп, — Эр Кыйаз айтып калганы. — Семетей өлдү бейажал, Теңдешкени жок кылдың, Эми сенде не арман?! Гүлчородо жазык жок, Өлтүрүп муну нетебиз? Жөн койбой канкор арбагы, Өзүбүз өлүп кетебиз. Мен сурадым бергин — деп, Ошол үчүн алдыңдан, Өзүм тосуп келдим» — деп, Хан Кыйаз айтып ийди эле. «Болбогон, Кыйаз, ишиңди, Укпаймын сенин кебиңди. Калкалайсын канат жаап, Каныңды төкчү кишиңди! Кабылан өзү сойбогон, Хан Толтойду баш кылып, Эрибес боорун таш кылып, Өз колу менен Гүлчоро, Ошонун баарын оңдогон. Муну тирүү койгондо, Оң, болбойсуң түбүндө. Тойгузат сени акыры, Тирүүлүктө бул күнгө! Сойбой болбойт муну»-дөө, Сундуруп найза жулкунуп Өлтүрөм деп булкунуп. Өрттөнгөн арча өңдөнүп, Кара мүртөз Канчоро, Карарып өңү бузулуп. Шайы кетип Гүлчоро, Кара тер бойдон сызылып. Хан Кыйаз анда кеп айтат: «Ой, Канчоро, — деп айтат! Сураганым бир киши, Айтканын, кылдым ар күнү. Албай койсоң тилимди, Көңүлүм ооруйт бир күнү! Гүлчорону сойгуча, Мени сойсоң болбойбу? Теги жайын терип ук, Келечегин ойлойлу. Сурасам бербей койгонуң Кошулуп сага нетемин, Бербегениң, бир киши, Кош, эмесе кетемин! Тирүү киши бендеси, Колу барар киши эмес. Караса көзү жадырап, Нур куйулуп өңүнөн Ажары анын албырат. Мунун көргөн ыраңын, Суктанбастан тура албайт, Бербей койсоң мага сен, Кылдың анда чоң уйат! Өлтүргүчө буга биз, Көрүнө кордук салалы Кечирин кесип алалы, Куу далы кылып салалы, Деп, ошентип хан Кыйаз, Туруп алды, айла жок, Гүлчоронун Канчоро, Башын кесер чама жок. Жедигердин көп эли, Тегеректеп келишти. Тебелешип калышты, Гүлчоронун күч менен, Колун байлап алышты. Акыл кетип, эс кетип, Кара бойдон шай кетип, Оозу менен мурдунан, Бөлөк-бөлөк кан кетип. Кыймылдарга чама жок, Тирүү, өлүүсү билинбей, Түлкү бойдон жан кетип. Кыймыл этпей, солк этпей, Гүлчоро жатты былк этпей. «Кокуй», — деп, айтып койгон жок, Кылымда мындай болгон жок, Терисин тилип сойушту, Далысын алар ойушту. Көнөктөй этин кескилеп, Карга, кузгун тойушту. Далысынын кечирин, Таарып кесип алыптыр. Шайы кетип шалдырап, Гулчоро жатып калыптыр. Гүлүстөндү караса, Далысынын үстүндө, Казандай кара калы бар. Аркасында укмуштуу, Айдар кара жалы бар. Соорусунда карасаң, Сонун иши дагы бар. Теңдешип бенде чыкпайт — деп, Тирүү арбак, машайык, Колдоочусу Алмамбет, Белги кылып сылаган, Беш колунун тагы бар. Бала жолборс Гүлүстөн, Билсең, жайы мамындай. Кечири кемик кесилип, Жонунан аккан каны бар. Көөдөндөн чыгып, кеткен жок, Мыдырап кирпик жаны бар. Хан Кыйазы баш болуп, Канчоронун ант урган, Эрибей боору таш болуп. Тузу урат ко бир күнү, Тууганына кас болуп. Алмамбет уулу Гүлчоро, Калды белем ушунда, Канчородон пас болуп! Жедигер эли камынып, Атына минип жабылып. Хан Кыйаз анда кеп айтат: «Эй, Канчоро — деп айтат! Айкөл Манас тукумун, Канын ичип тойдук — деп. Киши кылбас иш кылып, Семетейдин кайратын, Өз башына күч кылып, Теңдик менен сойбодук. Алдап алдык ат, тойун, Амал менен оңдодук. Козголбой турбайт, эт жүрөк, Түбү жакшы болбодук! Өлүгүн жерден ала албай, Ак кепиндеп, аруу жууп, Өкүрүп ыйлап, кеме албай, Табалбай аны биз койдук. Өлгөн жерге баралы, Өлүгүн издеп табалы. Табылып калса өлүгү, Ногойду такыр жыйалы. Көрүн терең каздырып, Сый-зыйнатын кылалы. Өлүгүн мунун кектебей, Ошентип көөмп тыналы!» — Деп, ошентип хан Кыйаз, Баштап алып барганы Баарысы барып караса, Канчоро, Кыйаз жанаша, Өлүк тургай каны жок, Басып кеткен изи жок. Кайда анын кеткенин, Билип калган киши жок. Тирилип басып жургөнүн, Көрүп турган киши жок! Акылы айран турушту, Аттын башын бурушту. Алдына тартып, чуу койуп Белести ашып, дуу койуп, Бастырып жөнөй берерде, Гүлчоро башын көтөрдү. Бүткөн бойдо дарман жок, Кыймыл этер айла жок. Тура калды айактап, Шилтесе колу ирмелбей, Эки колу шалактап. «Тирүү койбой сойбой» — деп. Канчоро турат далактап. Күңгүрөнүп Гүлчоро, Канчорого кеп айтат: «Ант урган, чоро кордодуң, Кордобой эмне койгонуң. Семетей абам өлгөн жок, Өлгөнүн бенде көргөн жок. Кайыберен, кырк чилтен, Алып кетти окшонот, Ичкен тузга кас кылдың, Как ушул мендей болорсуң, Өлбөй жаным болгондо, Акыры бир күн оңдормун. Сен өңдүү мен иш кылбаймын, Бастыргын ары, түгөнгүр, Артты кудай оңдосун!» — Деп, ошентип айтканда, Ачуусу келип Канчоро, Алы жок турган немени, Жалпагы менен балтанын, Далыдан ары чапканда, Үстөмөндөп жыгылып, Мурдуна топо тыгылып, Оозунан каны куйулуп. Коргонду көздөп, кол тартып, Жедигер эли чубуруп. Жазгы келген келгиндей, Коргонду көздөй күйүлүп Канчоро менен хан Кыйаз, Кара шаар калаасын, Калдайтып басып өттү эле. Эл чогулган коргонун, Кара кыргыз борборун, Жалпайта басып өттү эле. Сары хан көрүп шашты эле, Акылды кайгы басты эле. Атаңдын көрү дүйнө бок, Куп турган колум жок. Жайлоодо калды калың журт, Жыйнап алар жолум жок! Алыскы жерде эл калды, Армандуу биздей эл барбы?! Күжүрмөн туулган Гүлчоро, Көрүнөө жаздым болгон, бейим? Ант урган капыр Канчоро, Канын ичип тойгон, бейим? Арстандан калган жалгызды, Ай баткандай кылган, бейим? Ант урган ит Канчоро, Аны жайлап тынган, бейим? Эркине койбой айдактап, Нээтинде ишин кылган, бейим?! Не кыларын биле албай, Казып жерге кире албай, Басып элге бара албай, Же чапкылап элин жыйа албай, Кайрат кылып Сары хан, Качырып кирди тура албай. «Атаңдын көрү, Канчоро, Адам болбой, кет, чоро, Алдыңкы жерге, жет, чоро! Чымын элең, дөө болдуң, Чын дөөлөрдү өлтүрүп, Хан Кыйазга бел болдуң! Өзөктөн чыккан өрт болдуң, Өздөн чыккан жат болдуң, Канчоро бүгүн хан болдуң, Кан ичип жолуң шар болдуң.! Карансыз дүйнө шум жалган, Башым жерге киргенче, Тизем жерге тийгенче, Тим эле кантип берем — деп, Канкор Манас баатырдын, Катын, бала бүлөөсүн, Кармап турсам керээз — деп!» — Сырнайзасын колго алып, Сызып келет, Сары хан. Кыйрын бузбай сулатып, Кызып келет, Сары хан. Антип-минтип турушуп, Мылтык атып, чабышып, Удаа он күн урушуп, Өрүшүнө Коңдурбай, Өрүүн берип Коңдурбай, Далай салды кыргынды, Беттешкенин соо кылбай. Чыркыраган чоронун, Чын айласы кетти эле. Чапкан бойдон Канчоро, Эр Кыйазга кетерде, Сары хан туруп кеп айтат: «Шашпагын, салбар — деп айтат. Баатыр болсоң, Канчоро, Бастырып чыккын жекеге. Карыганда абаңды, Семетейдин артынан, Узатып ийгин Мекеге! Кыйын болсоң, Канчоро, Бөлүнүп чыккын жекеге, Чогуудан чыккын чекеге. Адамсынган ант ургур, Татыймын өзүм жеке эле!» — Деп, ошентип Сары хан, Жан тура албай каарынан. Качырып барып жетти эле, Найзанын учу жетерде, Капталга койуп кетерде, Кыйын экен Суркойон, Кыйа тартып жалт берип, Коктудагы койондой, Аркасынан кылт берип, Уйалбастан Канчоро, Өкүргөндөн бакырып, Хан Кыйаздап чакырып, Кыйазга жетип барды эле: «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, Сары хан, элди оңдоду. Сабын бузбай кыйратып, Санаты жок сулатып, Сойо жазды өзүмдү, Сайа жазды кулатып. Араң жеттим мен сага, Алдымда атым чуратып! Суркойон күлүк болбосо, Сойуп койо жаздады. Беттешкен менен соо койбойт, Башкача уруш баштайлы. Келе турган жолуна, Ор каздырып таштайлы. Ошол ордун ичине, Өзүм кирип жатсам, бейим? Атактуу мылтык Аккелте, Как башына атсам, бейим Сары дөөнү өлтүрүп, Зардаптуу жүрөк бассам, бейим?!» Ары жок чоро ант ургур, Каныкейдин сүтү ургур, Намысы жок кутургур. Майданга орду каздырып. Сарпоштоп устун жаптырып. Аккелтеге ок салып, Жолду тосуп жатты, бейим! Ачуусу келип Сары дөө, Каарланган бой менен, Калтылдап кара жол менен. «Канчоро менен Кыйазды, Калың колдун ичинен, Карман альт чыксам — деп, Кардын жарып кылычтап, Канжарлап башын алсам» Бек ачуусу келиптир, Бетинде орду көрбөстөн, Салып кирип келиптир. Сары хан келди жакындап, Салып уруп закымдап. Каздырган орду Канчоро, Жаңыдан ойлоп акыл таап. Билгизбей койгон Канчоро, Антип-минтип устун жаап. Аккелтеге ок салып, Мелжеп карап жатыптыр. Карыган Сары абаңды, Как башына атыптыр! Айактай бол гон коргошун, Айабай башка мылк этип, Жыгылды жерге Сары хан, Минген аттан жалп этип. Башынан агып кан кетип, Боло албай өөдө шай кетип, Бүдөөгө келбей жан кетип. Сары ханды жайлады, Антип-минтип ант ургур, Айла менен алганы! Сары абаң сапар кеткенде, Салтанаттуу бул элдин, Түбүнө чоро жеткенде. Кабар кылар киши жок, Тоодо жаткан элдерге. Ордо баккан эрлерди, Оорукта жаткан элдерди. Хан Кыйаз менен Канчоро, Бастырбай тосуп салыптыр, Тушалып буту калыптыр. Кайгынын кара булуту, Канаттуу тулпар миниптир, Кара нээт Канчоро, Канжарлап элди кириптир. Үч берен майып болгонун Калган журт эми билиптир. Кайгыга салып калганды, Тишин чагып чанданды. Көзүн ойуп ташташты, Күнөөсүз нечен жандарды! Кирип алды Коргонго, Ээ болду алтын ордого. «Каран тун башка тушту — деп, Кара кыргыз калкынан, Таалайдын кушу учту — деп Бул арам өлөгөн Канчоро, Арстандан калган бууданды, Эмчектеш болгон тууганды, Салылуу коргон дубалды, Залкар тоодой буларды, Салбар чоро кулатты! Салтантаттуу эреңдер, Сарасы эле адамдын, Сардары эле балбандын. Сакасы эле чүкөнүн, Аркар тил эле бүлөөнүн. Өткүрү эле экөөнүн, Оорутпас көөнүн бирөөнүн Көркөмү эле тулпардын, Кумпайы эле шумкардын Бушманы эле душмандын, Медери эле туугандын. Азуулуу жолборс эр эле, Куткарбаган кууганын! Алп кара куш каары бар, Беттешкен жоого ажыдаар Бели катуу эрлерди, Кайда алпарып сойгондур? Канчоро капыр ант ургур, Каныкейдин сүтү ургур, Ата кыргыз тузу ургур! Ач албарс жанга идиптир, Сырнайза колго алыптыр. Жедигердин Кыйазын, Баштап келип капкайдан, Сыр коргонго киргизди, Арамдыгын билгизди! Семетейден айрылдык, Учарга чалгын бизде жок, Канат сынып кайрылдык. Мына минтип кайран журт, Каадасыз итке зарылдык! Бүрдөгөн терек эл элек, Шагыбыз бүгүн кубарды. Ырысты жедик кыргыздар, Тамыр түптөн кыркылды! Арстандардан ажырап, Калама арык кулады, Суу акпай какшып куурады! Көпүрөө сынып бүктөлдү, Чымын жанга күч келди. Кеттиңби, Талас, өрттөнүп, Арстан Семей баатырдан, Айрылдык арман шум жалган Касиеттүү хан Бакай, Адамдын эле асылы, Жок жерден тапкан акылды. Канкордун эле ардагы, Артык эле арбагы, Кыргыздын эле чарбагы. Арам өлгөн бул доңуз, Арбактуу эрге катышпай, Аман койо турарбы? Өлбөй турса хан Бакай, Бир арга элге кыларбы? Каракан кызы Каныкей, Катындан чыккан уз эле, Камка тондун тышы эле, Ак калпак элге эне эле, Ак олпок тонго жең эле, Түркүктөй элге бел эле, Акылдын чыккан кени эле, Сүт урган көркоо Канчоро, Эмчегин эмген дээр эле, Кадырын суттун кыларбы? Канышты койое турарбы?! Асманда учса куу эле, Адамдан чыккан сулуу эле, Ак шумкардын тууру эле, Алп Семетей жубу эле, Адамзаттын нуру эле. Кудайдын сүйгөн бендеси, Акун хандын эркеси, Аламын деп айта албас, Ал Канчоро эмес теңдеши. Көрүп жүрсөң эрте-кеч, Көркү эле кыргыздын, Чүрөктү койо турарбы? Же айланып учуп Айчүрөк, Бир айла элге кыларбы? Же тууган балам болбосо, Карап жүрөм кимге — деп, Калган кыргыз мейли — деп, Акун хандын шаарына, Учуп кетип тынарбы?! Бул түгөнгөн Канчоро, Каары катуу зор Кыйаз, Хан Бакайдай карыга, Кастарлуу Гүлүс эренге, Каныкейдей энеге, Кадырлуу Чүрөк жеңеге, Короолош коңшу болгонду, Кырып салып тынарбы? Ак калпак кыргыз бул элди, Мындай кудай урарбы?! Ээси жок калып чоң Талас, Томсоруп топо турарбы?! Ушунчалык көп элдин, Төбөңдөн тийген чорого, Бир куну жетер убалы!» орукта калган элдердин, Ушул болду убайы. Өңүндө кызыл каны жок, Оорубай туруп мунайды Кең Таласын ошондо, Кейпи кетип кубарды! Сары абамдын байбиче, Уулбийке энеге, Өлүп калды журтунда, Көрө салып Канчоро, Жарып салды журтуна! Кестирип кечир кокустан, Майып болгон окустан, Арманда калган Гүлчоро, Далыдан ысык каны акты. Карды тойбой кара жер, Шимирип соруп бул жатты. Кансырап кайран кабылан, Көөдөндөн чыкпай жан жатты. Заркырап улуп тоо жели, Саткынды каргап каар чачты. Коңур күз болбой жалбырак, Сабалып түшүп жер жапты! Гүлчоро башын көтөрдү, Курс дедире жөтөлдү. Жаралуу болгон жолборсту, Кара жер араң көтөрдү. Коргонго көзүн салса да, Козголор шайы жетпеди. Муңканып карап турганда, Канчоронун иттери, Капыстан чыга келгени, Байлап алып кеткени. Эт жүрөктү эзгени, Түпкө такыр жеткени Муну мындай таштайлы, Семетейдин тукуму, Сейтектен кепти баштайлы.