Өкүргөндөн бакрып, Агалары өлгөнгө, Арданып чыдап тура албай: “Уусангеңди сойдум — деп, талкалап сөөгүн, койдум — деп, Талкалап сөөгүн койдум — деп. Кожожашты аттым — деп, Жаа тартышка машмын — деп. Мактанасың, Гүлчоро. Каарым кайнап баратат, Кара жерди сен өзүң, Жазданасың, Гүлчоро! Жан калкалап качпасаң, Кезектүү уруш баштайлы. Баш аламан урушту, Баатыр болсоң таштайлы. Кезекке келсең Гүлчоро, Алдыңкы кезек сеники, Кийинки кезек меники. Бир болбой кезек үч болсун, Кайсы баатыр, кайсы кор, Айагында күч болсун!” — Деп, жубатай айтканда, Кабыла алып Гүлчоро: “Андай болсо макул — деп, Алыстан келдиң жол тартып, Алдыңкы кезек сеники, Болсун” — деди Гүлүстөн. Ачуудан ичи өрттөнгөн, Тууганы өлүп өксөгөн. Акылы качып ачуудан, Агалары жер тиштеп, Азалуу болуп кайгырган. Кезек колго тийгенден, Калмактардын Жубатай, Өрттөнгөн арча баштанып, Баштады уруш укмуштай. Илгеркинин алптары, Кезектешип урушчу. Кезекти берген баатырлар, Майданга кирип туручу. Кезек алган баатыр ал, Ат менен келип айкырып, Жактырганы кай жарак, Ошону менен уручу. Кыймыл этпей, кыңк этпей, Беркиси карап туручу. Кезек алган Жубатай, Кезек берген Гүлчоро, Калдайып турду калт этпей, Жубатайды элебей, Бучкагына теңебей. Калканын кармап калдайып, Туулга кийип далдайып. Күмбөздөй болуп дүмпүйүп, Майданга Гүлүс турганда, Жубатайга Гүлүстөн, Көз жиберип калганы. Байкап аны караса, Бар өнөрү бар экен, Эрдигине жараша. Алеңгир жаа, сур жебе, Аны алып мойнунан, Колумсага кол салып, Огун алып койнунан, Камынып жаткан турбайбы? Илгеркинин шарты экен, Чабендес болсо эрлериң, Жаанын огун тийгизбей, Жаздырып кетчү салт экен. Аленгир жаа сур жебе, Алып колго Жубатай, Айанбастан тартты эле. Жаа темири кырсылдап, Сынучудай тырсылдап. Тартып бара жатканда, Дары салган мылтыктай, Аркасынан үн чыгат, Күүсү кыйын дүң чыгат. Ал өңдөнгөн жебеге, Тайманбай карап ким турат?! Тартканда жебе карс этти, Сүрү катуу сур жебе, Гүлүстөнгө тез жетти. Байкап көрсө келген ок, Бет маңдайга болжолдоп, Адис болгон Гүлүстөн, Ат сооруга жыгылды. Жаанын огун жаздырган, Ким көргөн мындай кыйынды? Экинчи жебе зырылдап, А дагы жетти чырылдап. Карап көрсө Гүлүстөн, Как бооруна удулдайт. Ок жетерде Гүлүстөн, Оң жагына атынын, Ооп түшө берди эле. Ээрдин кашын кыйратып, Сур жебе өтө берди эле. Камынып турган Жубатай, Таппай жаасын туралбай, Баары күчүн жыйнактап, Тартты мыктап мамындай. Тартканда жаа кыйрады. Как белинен сынганы. Зыркырап келе жаткан ок, Үнү кулак чыңдады. Карап турса Гүлүстөн, Туура сандын бети — деп, Аткан экен мелжеп бек. Адис болгон Гүлүстөн, Жаанын огу жетсин — деп, Жаанын огу жетерде, Учу кирип кетерде, Саласы менен кармады, Калмактын огу олжо — деп, Колумсага салганы. Көрүп турган Жубатай, Күңгүрөнү пмуңайды. Жеңер пенде, болбос — деп Жекелешкен буларды. Карап турбай Жубатай, Колуна балта дагы алды. Балтасынын мизи жок, Сырты калың болоттон, Күркүрөгөн Жубатай, Келе жатат күүлөнүп. Ааламды бүткүл сооручу, Ажыдардай түрдөнүп. Калганды кармап колуна, Туулгасын кийип башына. Туруп берди Гүлүстөн, Жубатайдын алдына. Бет маңдайга барганда, Беренсиген Гүлүстөн, Белсенип балта салганда, Аңтарылып калканы, Оң тескери болду анда. Жерден туман чаң чыкты, Калың калмак журтунан, “Кайдасың” деген чу чыкты. Кулагы тунуп кеңгиреп, Калган экен Гүлүстөн. Чуркуратып укканда, Чуратып чаңдан бул чыкты. Турган экен Жубатай, Балтасын оңдоп карманып. “Талкан болуп калды” деп, Гүлүстөндү карашып. Аман чыкты Гүлүстөн, Сур койон менен жарашып, Гүлүстөндү көргөндө, Эси чыгып Жубатай, Серпилип катуу зарланып, Көзү кызыл чок өңдүү, Көңүлүң кайгы, чер алып, Чокморун алып колуна, Чабайын — деп чокуга. Салайын — деп жолуна, Ийинге арта салды эми, Тулпарын минген секиртип, Качырып жетти маңдайга, Үзөнгүгө тамандап, Кабаттап ээрдин тиштеди, Калбай тирүү өлсүн — деп, Акыр эт жайын көрсүн деп, Үйдөй чойун баш менен, Опколжуп келип урду дейт, Гүлүстөндөй арстандын, Көзүнөн чаар закымдап, Чокморду тартып алганда, Бүткөн бойу калтылдап. Энесинен эмген сүт, Эми оозуна татылат, Эки киши кабышып, Ээрге көчүк чабышып, Удаа чыкты Гүлүстөн, Жубатай менен жарышып, Салмактуу чапкан чочконун, Чокмору саптан үзүлгөн, Кармай албай Жубатай, Башын жерге түшүргөн, Үч катар бирдей чабуучу, Кезектин ишин бүтүргөн. “Кезек келди мага, деп, Турууга калмак күтүнгөн, Жубатай доңуз ант ургур, Баатырлыгы башкача, Балбандыгы бир башка, Жумуру баштан кутургур, Эр Гүлүстөн баатырың, Эреңдигин көрөбүз, Атадан калган сур жебе, Жулуп алды мойнунан, Учу кырдуу өткүр миз, Оогун алды койнунан, Колтугун керип жиберип, Жааны кармап имерип, Жубатайдын бооруна, Окту болжоп жиберип, Сур жебеси дүркүрөп, Аткан октон үн чыгып, Булуттан бетер күркүрөп, Аркасынан түтүндөп, Мыкты болсо Жубатай, Эрлигин мыктап күтүнөт. Адырайган чоң доңуз, Адамдан башка чочкоңуз. Жаанын огу жеткенде, Кыйрынан жерге сулады Сур жебе огу өткөндө, Жан кишиге туйгузбай, Ат үстүндө турбайбы! Жаздырып окту тийгизбей, Жаралган пенде турбайбы, Айтпай койбойт жашырып, Өнөр артык мындайбы. Экинчи жаны бат тартып, Эми өлдүң го — деп тартып. Эр Гүлүстөн баатырың, Бар күчү менен бек тартып. Атасы баатыр Алмамбет, Ошондон калган сур жебе, Илгертен бери бар жебе. Күүлөп Гүлүс тартканда, Чыдай албай сынды эле, Сур жебе огу чыркырап Тундуруп кулак зыркырап. Калмактын ханы Жубатай, Карап турат кылтырап. Жаанын огу жеткенде, Жарып огу кетерде, Бул экөөндөй жан болбойт, Жаралган адис бул элде. Келе жаткан жебени, Кармап алды тим эле. Жаасы сынып атыш жок, Айткан сөздү кайтыш жок, Мизи жок уңгу балтасын, Алмамбет улуу эр Гүлүс, Арта салып ийнине, Майданды көздөй тартканы, Көрүп туруп Жубатай, Жазганбаган эр мындай. Калганды кармап бетине, Туулга кийип башына, Соот кийип үстүнө, Ат үстүндө турду эле. Тунжур төрө баатыр, Туш келтирип калганга, Балта менен урду эле. Чапканда калкан жарылды, Жайнап оту чачылды, Жалындай түшүп жаткан чөп, От туташып басылды. Ошондо да солк этпейт, Ким көргөн мындай баатырды?! Күчтү чапкан балтадан, Жерден чопо чачылды, Көрүнбөй чаңдын ичинде, Жубатай баатыр жашынды. “О, баатыр, кайда кеттиң” — деп, — Калың калмак бакырды?! Элдин үнүн укканда, Элеңдеп көзү ачылды, Ат ойнотуп ойкуштап, Бастырып чыгып айкырды. Жубатайды көргөндө, Эр Гүлүстөн баатырың, Карарып кары артылды. Ирмелбей көзү чачырап, Чын ачуусу келгенде, Оозунда тиши качырап, Чоң балтасы колунада, Жубатайды чакырат. Маңдайына барганда, Батакай турган балбанга, Эки үзөңгү теңейте, Тамандап тура калганда, Астынкы эрдин бет тиштеп, Бар күчү менен салганда. Калканы кетип быркырап, Туулгасы сынып чыркырап. Алдында минген тулпары, Багалчеги майышып, Үстүндөгү Жубатай, Балта тартып алганда, Жумаланды жер жакка, Этек жеңи жайылып. Балтага жуккан каны жок, Жубатай жатат жаны жок. Менменсиген чочкону, Акыретке салды түз. Элден башка бериптир, Эр Семеңе мындай күч. Калкандын дайны калбаган, Туулгасы болгон ташталган, Куткарбады Гүлчоро, Кужуру менен чапканда, Күркүрөгөн Гүлүстөн, Кара жерди жазданткан. Камыр болуп жуурулуп, Кан ичине куйулуп. Башы чыкпай соотунан, Күрөккө жыйылып. Күркүрөгөн калмактын, Ошентип жаны тынды эле. Аркасында аскери, Кул кушуруп турду эле, Кара аскерге тийген жок, Ал аскерге зыйан жок, Кубанып жүрөт эчени, Коркуп жүрөт нечени. Ичинен күйүп кан түтөп, Кайгы тартат нечени. Сүйлөшүп баатыр Гүлүстөн, Калмакты калың таратты. Семетейге кеңешпей, Мына мындай кат жазды: Тиан-Шандын Ала-Тоо, Ашпагын калмак” — деп жазды, Ошол чактан ушул чак, Кабыл болду жазган кат. Орто кылым болгунча, Калмактан киши ашкан жок, Какандын журту баскан жок. Сур койон менен болгойуп, Жамгырчынын өлөгүн, Эптеп жыйнап алыптыр, Табытка салып өңүрүп, Таласына барыптыр, Семетейдин Тай буурул, Сакайып буту калыптыр. Жалгыз эк кетти элине, Ат башы сындуу жерине, Жамгырчы менен бай тайлак, Көмүлдү туулган жерине. Муну мындай таштайлы, Семетей менен Үмүтөй, Серпишкенин баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.