← Семетей 3/4

Чыккынчыга момундай, Кең дүйнөнү тар кылды. Боор орутпай уулуна, Чыккынчы жаман экенин, Элине баатыр таанытты, “Эми өлсөм арман жок, Өз колум менен Саткынды, Өлтөрдүм — деп — кош болуп, Азиз султан Манастын, Ата-журтун Таластын, Алдында бетим агарды, Кийинки калган урпактар, Унутпастан нуска алсын!” — Деп Жамгырчы жаңданды, Кан ичме жинди кыргыз” — деп, Калмактар коркуп таңкалды, Алп Жамгырчы, Жубатай, Маңдайлашып барышты, Кезектешкен уруш жок, Белсен ишпей туруш жок, Жаш Жукбатай түгөнгүр, Качырып найза сайышы, Карыса да Жамгырчы, Кагып ийип найзасын, Чынар менен чабышып. Чаптырбастан Жубатай, Кармап алып чынарды, Тартып алып колунан, Айландырып имерди, Алп жамгырчы баатырды, Чокуга тартып жиберди. Ачуусу келген Жубатай, Чынар менен урганда, Жерге барып чабылып, Чынарга каны чачылып, Алп Жамгырчы ошондо, Аты менен жок болду, Боз топурагы окшонду! Көрүп турган Гүлүстөн, Эми кайдан токтолду?! Сур койонго камчы уруп, “Манастап” деп ураан чакырып, Сыр найзаны сундуруп. Күүлөп Гүлүс жөнөдү, Жубатайды качырып. Гүлчоро жетип муштарда, Өлүмгө жанын кыстарда, Гүлчоронун найзасын, Кармай калып ушунда, Найзаны тартып алышка, Катуу тийип намыска. Силкип тартат Жубатай, Койо бербей колунан, Бекемдеп кармап соңунан, Бери тартат Гүлчоро. Эки баатыр тартышса, Эми кантип чыдасын? Ачуусу келип чыдабай, Сабыр кылып тура албай, Найзаны алар ташташып, Балтаны колго алды эми, Былчылдашып башка уруп, Балталашып жатканы. Бирин-бири чаптырбай, Калкаңдашып жатканы, Мизинен сынып балталар, Талкаланып жатканы. Уңгусу менен урушуп, Утурмандай турушуп, Жаш баладай бул экөө, Мүдөтү жок урушуп. Кылычты сууруп кынынан, Мыктап карман сабынан, От чагылып жаркылдайт, Болоттон чыккан жалындан Качан булар бир-бирин, Жарак менен чаптырган? Бири чапса бир уруп, Кылычка кылыч урулуп. Жалпагынан жарылып, Кылычтын баары чагылып. Үйдөй болгон чойун баш, Опколжуп келип урганда, Токто кылбай үйдө таш, Үстүртөн ылдый чапканда, Астыртан өөдө какканда, Карсылдаган үн чыгып, Көгөргөн түтүн буу чыгып, Жарактан айла болбоду, Жалаң бойдон колдору, Куралдан айла болбоду, Кургак калды колдору. Жамгырчынын чынарын, Алсам бы деп Жубатай, Санасын да ойлонду. Аңгычакты камынтпай, Гүлчоро ала койгону. Узун чынар солкулдап, Ачуудан булар толкундап. Чынар менен чабышып, Тийгизбей кармап алышып, Экөө тең окшош шамдагай, Пар келишип сайышпайт, Эч качан да эр мындай! Үстүнө кийген олпоктор, Колтугунан жарылып. Ызырынып кыйкырып, Ажыдардай ышкырып. Ачуусу келип Гүлүстөн, Айкөлдүн атын чакырып: “Арбагы азыр жолдо деп, Атакем Манас колдо — деп, Акыретик жан досуң, Алмамбет, Чубак колдосун. Силерден жардам болбосо, Ант урган чочко калмактын, Айласын кандай кылам” дейт? — Гүлчоро баатыр карданып, Балтанын алып уңгусун, Бала жолборс түгөнгүр, Мунун маңдайына ким турсун?! Алмамбет улуу Гүлчоро, Үнү күндөй күркүрөп, К өрүктүн чыккан отундай, Көзүнөн жалын шыркырап. Кыжырланып ошентип, Азуулары кычырап, Эттерине сары түк, Соотту тешип саксайып, Токойдон чыккан шер өңдүү, Сакал, мурут сапсайып, Ачып көзүн караса, Ай тийгендей чакчайып. Каарланып ал чапса, Калуучудай өңдөңдүү, Жубатай жер жазданып, Ал Жубатай кыйын жоо, Алдырып ага калган жок, Азыркысын дени соо. Атың ким — деп — сеники, — Сөзгө келди так ошол. Жубатай антип ат сурап, — Дайның ким” — деп так сурап. Имерилип толгонсо, Суу жыландай бурулат, Өңүнөн чыгып сарысы, Өткөзө кең далысы, От күйгөндөй жалыны, Көзүнөн чыгып аласы, Сойучудай өңдөндү, Соо койбостон чамасы. Гүлчоро ага кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: “Айкөл Манас атам — дейт, Сөзүмдө жок катам дейт. Семетейдин иниси, Аныктап муну бил — деди!, Өзүңдүн атың ким — деди? Эр экенсиң сен өзүң, Шер экенсиң баатыр, ай, Бул кайратка чыдаган, Тоо экенсиң баатыр, ай, Көкүрөктө деңиң сак, Соо экенсиң, баатыр ай. Сага окшогон баатырды, Көрбөгөнүм, капыр, ай! Күчүм дайра чалкар көл, Кең экенсиң, баатыр, ай. Эрмектешип алышсак, Тең экенсиң баатыр, ай. Жашырбай айтчы, билейин, Ким экенсиң, баатыр ай!” — Гүлчоро айтып калганда: “Кара калмак элимин, Ургу деген жеринен, Кытай менен аралаш, Келдим анын чегинен. Мурун кыргыз өлтүргөн, Улуу агамдын кегинен. Агамдын аты Ушаң — дейт, Ушул кең кол жериндей, Урушта өлүм туткан — дейт. Алдымда кеткен Уусанген, Ортончу бул зал экен. Өзүмдүн аты Жубатай, Бүгүн келди мында мен. Атамдын аты Уушанда. Менин атым казакча, Эжемди казак алганда, Бакка экен ушунда, Мен да сага таң болдум, Күчүңдү көрүп маң болдум, Ийилбеген чырпыктай, Жаш экенсиң, Гүлүстөн. Арстандай согушка, Маш экенсин Гүлүстөн, Бүткүл денең уйуган, Таш экенсиң Гүлүстөн. Аскары бийик залкайган, Тоо экенсиң Гүлүстөн, Адамдын көзү жетпеген, Ай талаадай кыйрысыз, Кең экенсиң, Гүлүстөн, Тулку бойу туура күч, Кара бойуң катуу күч, Эр экенсиң Гүлүстөн, Черден чыккан Кабылан, Шер экенсиң Гүлүстөн, Уйутуп койгон коргошум, Коло менен чойунда, Бек экенсиң Гүлүстөн. Теңдешсе жеңип, жоо алган, Тел экенсиң, Гүлүстөн. Серпишерге маа өзүң, Тең экенсиң, Гүлүстөн. Жалгыз келип кайактан, Кандайча мага жолуктуң, Кабар айтып койорсуң, Бул сапаркы жүрүштөн!” Гүлүстөн анда шаңк этип, Ачылып кабак жарк этип, Башын силкип көтөрсө, Айнектей көзү жалт этип: “Жубатай уккун кебиңди, Айттың ата тегиңди. Теги, жайың билбеймин, Агаңды айтып берейин, Хан Коңурбай келгенде, Как ошондой мезгилде. Улуу агаң Уушанды, Сойгон колум, мына ушул. Суу ордуна кан төгүп, Койгон колум, мына ушу. “Гүлүстөн” — деп атанып, Толгон күнүм, мына ушу! Ортончу агаң Уусаңген, Уруш кылып барганда, Сыр Коргонду алганда, Кыргынга элим калганда, Ичим оттой жанганда, Калкымды кайгы басканда, Каарым катуу ташканда, Баатырларды кыйраткан, Бакайдын жалгыз баласын, Башын кесип йлаткан, Кожожашты мээледим, Уусаңгенди жерледим, Найзага илип көтөрүп, Боорунан тепчий өткөрүп, Кара бойун күч кылдым, Колу, бутун түз кылдым. Калың калмак кошунун, Кан уруп койгулап, Күрзү ордуна иштеттим, Кара жерди тиштеттим! Тараттым калмак калкыңды, Тартып алдым зарымды. Айдап алдым малымды, Алдым канга канымды. Элге бөлүп колуңду, Энчилеп бердим баарыңды. Келе жатсам ошондон, Кез болуп сен табылдың, Жамгырчыдай карымды, Жалмап жутуп кан кылдың! Мен алдырып койчу эр эмес, Жеңилер сендей шер эмес, Калмак менен кыргыздар, Кан агызган көп эгеш. Эрдигимиди ашырган, Душманымды качырган, Өзүн жуткан, касы кылган, Өчөшкөндү пас кылган!” — Деп, Гүлүстөн айтканда, Козголуп аттын үстүнөн, Комдонуп шердей Жубатай, Бузулуп өңү сурданып: “Айтчы анык, Гүлүстөн, Коңурбай качан өлдү — дейт? Гүлүстөн анда: — Коңурбай, Өлгөнү үч ай болду — дейт. Кара нээт Коңурбай, Кас болду бизге башынан. Таласка сырттан жиберип, Уусаңгенди астыртан, Сыр Коргон алмак болгонун, Ачык билип ошондо, Алптардын санын ашырып, Жер алмак бизден болгондо, Алмамбет уулу Гүлчоро, Тилмеч болмок болгондо. Мени көрүп Коңурбай, Акылдан шашып корккондо. Эр Гүлчоро колунан, Кутулуп качмак болгондо. Гүлүстөн кууп артынан, Кармап суунун шарынан. Алып башын Коңурдун, Канын суудай агызган. Хан Коңурбай өлгөндө, Калмактар болду таш талкан!” Гүлүстөн мындай дегенде, Сел болуп жашы Жубатай, Кылычын сууруп кабынан, Гүлчоро менен айанбай, Кылычташты Жубатай.