Коңурбайдын өлүшү, Уусаңгендин дүмөгү
Семетей жатты жоо жайлап, Теңдешпей бенде бел байлап. Жыл он эки ай күн өттү, Мөөрлөшкөн калмактан, Алман алар күн жетти. Алыскы жерге баргызбай, Айланып кара кыш жетти. Жамбы издеп барган жок, Жай алып жатып, кыш өттү. Ойлонуп куу Коңурбай: «Мындан айла издейин, Алдында бир кур берейин, Андан кийин арстанга, Элчи салып көрөйүн». — Деп, ошентип түгөнгүр, Айла менен пул жасап, Жезден алтын ал жасап, Калайдан күмүш мол жасап, Семетейге жиберди. Жыйырма чейрек «алтынга», Баскан экен ал мөөрүн. Ар жыл сайын беришке Жалганы пулдун чыкканча, Жарамак болду бир ишке. Бир жылкысын бергенде, Кийинкисин токтотуп, Эки жылы сүйрөшкө. Камданууну ал ойлоп, Бир беттешип көрүшкө. Амалын таппай кыйналып, Чыдабады ал ишке. Бул Коңурбай чоң калча, Айла тапты бир башка. Бейжинде жатып тактада, Кабарчыны чаптырып, Эсен ханды алдырып, Далай чоңду чакыртып, Сөзгө элди кандырып: «Адам уулу жаралып, Жер жүзүнө келгени, Бейжин аты койулуп, Шаар түрүнө келгели, Кытай аты койулуп, Эл түрүнө келгели, Тепсетип ушул Бейжинди, Эч бир адам келбеди. Келсе дагы адамдар, Алып шаарын жеңбеди. Түрк уулунун Манасы, Алып кетти ал — деди. Атайлап сапар жол тартып, Алыска бардым мен — деди. Сойдуруп келдим ошондо, Нескара баштап эрлерди! Семетейге жеңдирдим, Мен карыгандыгым билдирдим. Жадаса хандар билбейсиң, Душманың ким, досуң ким, Көңүлүңө илбейсиң! Семетейге жол бердим, Жыйырма чейрек алтынды, Бир жыл жүктөп мол бердим. Нак алтын бербей ошого, Сары жез менен калайдан, «Сап алтын» кылып мен бердим; Баштагысы бекер го, Эми билгин, хандарым, Семетейдин жеңгенин. Ар жыл алман сен кылып, Алтын, күмүш бергениң! Үйдө жатсаң, улуктар, Элиңдин пайда, зыйанын, Эч качан да билбейсиң. Эби келсе сиздерге, Эр Семетей баатырга, Элчи салсак, мен деймин. Аларда эки жол койсок, Ал бирөөнө жөн койсок. Кара аскерди эсепсиз, Дептерден жыртып таштасак, Алптарды алып эсепке, Ашык болсо кун берсек, Ашып кетсе күн алсак. Алтынды койуп, хандарым, Ашып кетсе биздин алп, Тамгалатып жер алсак. Ушу менин акылым, Ойлонгула, улуктар, Түпкүлүгүн акырын! Адам адам болгону, Алтын такта Бейжиндин, Алтын, күмүш теңгесин, Алым салып ким алды? Манас келип жол салды, Эки сапар кол салды. Албай койуп жериңди, Кайсынысы кур калды? Бергиле кеңеш кебиң» — деп, — Айтып сөзүн муңкайды. Кулак салып Эсен хан, Угуп туруп далай хан, Кеңеш кылып олтуруп: «Билгини сага бердик — деп, Өзүң билип кылгын — деп, Четтен келген жоо болсо, Эрлик кылган сенсиң» — деп. Алп Коңурбай баатырга, Алар берди бирлигин, Өлүм менен тирлигин. Колуна бийлик алганда, Козголуп жатпай зор калча, Эки киши жиберди, Элчи кылып чабарга. «Амердун улуу суусунда, Кызыл кыйа бели бар, Тулаңы калың жери бар, Ушуга келсең Семетей, Жарашсак деген кебим бар. Сенин менде кегиң, бар, Менин да сенде кегим бар. Үстөмдүктүү сен алып, Алым алган жериң бар. Малды, пулду таштайлы, Кара баштан баштайлы. Кара баштуу адамдан, Кара аскерди эч качан, Сан эсепке албайлы, Алптарды санайлы. Ашык болсо кимдики, Күн беришип тарайлы. Артык, кемдик барк болсо, Жер тарабын карайлы. Же Манастын көзү барында, Менин толук чагымда, Же менин көзүм барында, Сенин толук чагыңда. Бешикте бала уктабай, Белдерде жылкы жуушабай. Кармашып келе жатабыз, Көп жылдан бери тынч албай. Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы. Өзүң ойло, Семетей, Жаңы эрге кекти калтырып, Калганга убай кылбайлы. Өзүмчө акыл ойлонуп, Туура көрдүм буларды». Жазган каты ал экен, Коңурбай сөзү бул экен. Окутуп катты Семетей, Ойлонгону бул экен. «Алпты эсепке салсам — деп, Артык чыгат биздин эл, Күйрөктүүнүн сырт жагын, Бери тартып алсам — деп. Акимсинген Коңурбай, Алдыма менин -келмекби?! Алпым менин көп чыкса, Айрып жерин-бермекби?! Мындай сонун эсепти, Таба албай мен турам. Болжогон күнү ал келсин, Ошого жете мен барам». — Деп, сурданып Семетей, Атайлап ага кат жазбай, Элчини сыйлап атказбай, Айтып сөзүн жиберди. Алыска барган элчилер, Антип, минтип журушуп, Араңдан зорго келишти. Семетейдин сөздөрүн, Бир бирден айтып беришти, Келем деген кебине, Кесирлүү бул чоң калча, Өтө кыйын кош болду Айласын көрчү түгөнгүр, Ок жыландай октолду. Алымга берип жүрүүчү, Алтын, күмүш теңгени, Бербей турган окшонду. Кыш өттүү да жай келди, Болжол кылган жерине, Ал Коңурбай чоң келди, Айдама кошун кол келди. Кара тоодой хан Коңур, Канчаны жеген оңбогур. Эки тизгин, бир чылбыр, Өз колуна тийгенде, Уй түгүндөй кол менен, Уйпалачу ой менен, Амурду көздөй жол алды, Айдама кошун кол алды. Шайтандын тилин билгенден, Жыландан камчы илгенден. Шумдуктун кара тулпарын, Ажалдын кара бүркүтүн, Томогосуз көтөрүп, Тоо омкоруп жүргөндөн. От жалынын бүрккөндөн, Үрөйү элдин үрккөндөн. Адам тилин билбеген, Аркан чач нечен дөөлөрдөн. Жанына котчу алыптыр, Жабыла жөнөп калыптыр. Чыр чыгарса Семетей, Кыймылдатып кебелтпей, Жылдырбай байлап алам — деп, Жөргөмүш торун жайыптыр. Амурдун кызыл кыйага, Айкырып жатып алыптыр. Ошол кезде карасаң, Арстан туулган эр Семең, Айласы арбын эр немен, Чоролор менен кеңешип, Кандай күндөр болот — деп, Айбалта, кылыч өгөшүп, Казактардын көп колун, Буктурма кылып салыптыр. Калчанын күчүн көрөм — деп, Ашыга жөнөп калыптыр. Айта-буйта дегинче, Тулпарларын чуратып, Төбөдөн тозон чубалтып, Салып кирип келиптир. Хан каадасы болгонча, Коңурбайдын ойунча, Кабылан Семей, хан Коңур, Такка чыгып олтурду. Көп кечигип турбады, Бүтүн кебин урганы, Бүтүшкөн шарт бойунча, Алпты эсепке алганы. Каңгай жактан өлгөн алп, Артык чыгып калганы. «Мөөр бас» — деп Коңурбай, Ормон окуу салганы. «Алды менен Манаска, Алты жүз миң калмакты, Айыбына бересиң», — Деп, Семетей айтканы! «Бул эмине кылык — деп, Бул кайдан келген кычык кеп?!» Алп Коңурбай чоң калча, Ачууланып калганы. Ангычакты Гүлчоро «Атаңдын көрү чуржут кул, Айткан сөздү угуп тур. Алмамбет, Чубак, Музбурчак, Ажыбай, Көкчө, эр Сыргака. Алп Серек калган эрлердин, Булардын баарын жеп койдуң! Аз келгенсип ал ишиң, Таласка барып өрт койдуң! Андан кепти ачпасак, Күн берем — деп, — калмакка, Абакем мөөрдү не басат?! Алманга берчү алтынды, Убагыңда бербейсиң. Алтын — деп, — сары жезиңди, Күмүш — деп, — калай, темирди, Алдаган кептен сен калча, Ал эмнеге келбейсиң?! Күн бергин — деп, — Коңурбай Калжырап бокту не жейсиң?! Сен албайсың, бересиң, Мойнуңду бурсаң, сен калча, Азыр менден өлөсүң!» Арстандын түрүн көргөндө, Санаасын санга бөлгөндө. Ашыккандан Коңурбай, Алдыртан кирпик ирмеди. Шайтандын тилин билгендер, Шашылып атка минди эми. Эки жактан калың, кол, Ат койушуп калды эми. Канаттуу жетпес талаада, Кангайдан келген балаага, Канкорлор уруш кылышты, Канчасын аттан жыгышты. Кызыл кыйа талаада, Кызыл бороон жел болду. Кыйкырып үнү басылбай, Кыжылдаган эл толду. Токтобой кошун толкуду, Аккан селдей толкуну. Алдары арбын күчтүүлөр, Найзасы албарс учтуулар, Ылганып алга чыгышты. Уч кабылан буларды, Антара сайып жыгышты. Кылычы кызыл -курчтуулар, Кытайдан чыккан мыктылар. Желеги желге- жалпылдап, Жез барабан- карсылдап. Айбалта көккө жаркылдап, Ат койуп катар келишти. Өлүмдөн туура шек кылбай Ойлорунда баарысы, Кыргызды байлап кетишти. Кызыл желек, Сырнайза, Тоо томкоргон бир сайса. Гүлчоро менен Канчоро, Ар сонуну бар чоро. Бучкакка камчы салганы, Суркоен менен Каралат, Булуттай сызып калганы, Кайрып мизин салганы. Каптап келген селдерди, Кайнаган калмак элдерди. Калкан жапкан элдерди, Бооруна найза мылгытты, Оозунан канын кулгутту. Бадана кийген баатырдын, Башын кесип туйлатты, Дардайтып аттан кулатты. Амурдун бойу чаң болду, Талаанын баары кан болду. Ат көтөргүс дөөлөрдүн, Башы айланып маң болду. Оп тартып ийчү дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү, Омкорулуп жыгылды, Орого башы тыгылды. Эки жактын өлүгү, Эттен бүткөн тоо болду, Ат өлүгү зоо болду. Өлгөндөрдүн кунун кууп, Кайрашкан кыйын жоо болду. Укумунан тукуму, Унутулгус доо болду. Түн кулпусу бекиди, Жыйылгыла, аскер — деп, Эки жагын жекиди. Эр Семетей баатырың, Кол эсебин алганы: «Бердике тилмеч берен жок, Илгедей менен Талдыбай, Өчөбап, Мөнгү эрен жок. Оодарылып кетеби, Опасыз жалган дүйнө шок!» — Деп, эр Семең кейиди. Ушу кезде карасаң, Кара жалдуу чоң калча, Арыбы анын бир канча. Өлбөй калган аскерин, Топко бөлдү миң барча: «Таң атып кетсе буруттар, Тамтыгыңды койбойт — деп, Талаада такыр оңдойт — деп. Жатып алыш болбойт — деп, Тегеректеп бурутту, Очогор менен окто — деп, Күйүп өлсүн чокто» — деп! — Караңгыны жамынып, Бастырып кирип барганы, Барсылдакка алганы. Койчагыр үнү чаңырды, Жылдыздай учуп аткан ок, Тоо бузулуп жаңырды. Ошол кезде үч берен, Чукул кеңеш салышып, Чүңкүлдөшүп алышып. Аккелтеге ок салып, Астынан Семең атышып. Арстан туулган чоролор, Аркага чыга калышып. Эки жаккы бөйрөктөн, «Манастап» ураан салышып. Сапырып жөнөп алганы, Салгылашкан кыргызда, Буларда арман калбады. Таңга жуук болгондо, Айдап барып калмакты, Музга камап алганы. Тайгалантып калмакты, Талпакта жундөй сабады. Ошол кезде байкасан, Балыктар күлүп карашты. Кундуздар чачын тарашты, Үч беренди жаратты. Ал аңгыча болбоду, Ааламдын бети ачылды, Көк асмандын төшүнө, Алтындан чен асылды. Кыйар кески Коңурбай, Олутунда тура албай, Ойрон болуп көп колу, Алгара тулпар миниптир, Карысына ал чочко, Кандуу найза илиптир. Алкынтып өзү чыгыптыр, Айгайлап кебин уруптур: «Өзүм чыктым мен — деди, Кызыталак Семетей, Жекеге чыккын сен — деди! Жыгылбасан корунуп, Кунду азыр бер — деди!» Токтоно албай Гүлүстөн: «Жагалданган дөбөттүн, Жандан сөзү көп өттү, Абаке, мага бер — деди. Калың алаш журтуңа, Караан болгун сен» — деди. Алышкан жоодон кайтпаган, Айыгышкан дөөлөрдү, Ар качан жерге жаздаган, Алмамбет уулу ач арстан. Абасы баргын дегенде, Бетинен сары түк чыкты, Берендин көөнүн жеп болгон, Пейили бузук калчага, Тартынбастан түз чыкты. Суркойон тулпар чуратып, Тозоңун алыс чубалтып. Оттой жанып эки көз, Опурулуп жетти тез. Келе жаткан Гүлүстү, Каңгайлар көрүп таң калды: «Пери бекен, жин бекен? Же бендеден чыккан пил бекен? Азыр келе жатышы, Айбаты суук чилде экен! Көкө теңир колдо — деп, Бурутту, Коңур оңдо» — деп, — Койнунан буркан суурушту, Кужурап калмак турушту. Кылым кыргыз караса, Билеги жоон, таш жүрөк, Пилден күчтүү бадырек, Айбаты артык таш жүрөк, Алптарды женген бадырек. Кызталак калдай камынып, Ок өтпөс тонун жамынып. Алдыга чыга калганда, Ачка калган жолборстой, Карап көрсөң, түрүнө, Алышкан аман болбостой. Куйундай жерди сапырып, Кызыл бороон жел келет. Кыйкырыгы таш жарат, Буга кандай киши тең келет? «Арбагы Манас колдо» — деп, Айтып турду дембелеп. Ал аңгыча болбоду, Эки ажыдаар беттешип, Арбашып калган окшонду. Салмагынан алардын, Кара жер араң токтолду. Жаракка жарак кагышып, Жер жайнаган чок болду. Арстандай алышты, Арманы жок салышты. Ары-бери сүргөндө, Аалашып жургөндө. Жер чайпалып басылды, Туман тушуп ачылды. Ал экөөнүн башынан, Буркураган буу чыкты, Бучкагынан тулпардын, Булактап кара суу чыкты. Бирин бири ала албай, Жүржүт калча Коңурбай, Элөөсүздөн чорону, Түп этектен алганы. Алтын ээр калмакча, Башынан орой чалганы, Алдыга жөнөп калганы, Өрү калган Алгара, Өзү карган Алгара, Опол тоодой баатырды, Үзүп кете албады. Тоңкочуктап Суркойон, Мүдүрүлө жаздады, Ок жылаандай айланып, Гүлүс айдардан ороп кармады. Кайрып Гүлүс алганда, Кайта жөнөп калганда, «Бадырек бурун жетти — деп, Байлап алып кетти — деп, — Манжулардын Маңгуш алп, Куткарып алып калам» — деп, Куйундап ылдам жеткенде, Капталынан качырып, Аны Канчоро сайып кеткени. Кажыман жетип удаалаш, Башын кесип өткөнү. Ал аңгыча болбоду, Анжулардың Аңгуш алп, Айгайлап бу да жетти эми. Канчоро менен Кажыманды, Катар сайып өттү эми. Эсенбай жетип аңгыча, Ат куйругун карматып, Канчоро менен Кажыман, Аман алып кеткени. Ошол кезде байкасаң, Коңурбайдын Алгара, Тонкочуктап калыптыр. Гүлүстөндүн Суркойон, Толорсуктан алыптыр, Албаганда неткени, Коңурбайдын айдары, Колдон чыгып кеткени. Атына камчы салганы, Артына качып калганы Ошол кезде жаш арстан, Куткарып ийсем бекер — деп, Кайра качкан калчанын, Этегинен эрмелеп, Ат куйругун сермелеп, Тик качырган бүркүтөй, Көтүнөн кууп алганы. Калмактардын калың кол, Корголошуп калганы. Оттой күйгөн эки көз, Ошондо ого бетер кызарды. Кындан чыккан ак шамшар, Кырк сегиз кулач узарды. Эңкейе түшүп Гүлүстөн, Эбегейсиз күч менен, Кылычты шилтеп калганда, Туура чаппай кыйгай чаап, Калчапын минген Кара атын, Толорсугун кыйа чаап. Өзүн таамай чаба албай, Арманда Гүлүс калганы! Күч менен кеткен Жойболот, Карагай, кайың, чынардан, Кыйып кетти бир колот. Шилтеген кылыч күүсүнөн, Тоолор тоого урунуп, Топурак көккө бургуду. Жердин бети көрүнбөй, Туман тушуп уйуду. Алты күнү ачылбай, Ааламдын бети куруду. Адашып калып Гүлчоро, Амалы жаман куурулду. Аккан терге мандайдан, Астында жер жуурулду. Армандуу калган Гүлүстөн, «Манастап» катуу айкырды. Айкырыктан апкаарып, Көйкаптын тоосу жарылды. Камоодо жаткан шамалдар, Жер бетине жайылды. Алты күндөн бер жакка, Ааламды баскан топурак, Шамал айдап арылды. Таштар учуп калдырап, Тил киргенсип тим эле, Сүйлөп жатат балдырап Кабышып тоолор күркүрөп, Ааламды шамал учурду. Астын-устун кылат — деп, Адамдын баары диркиреп. Албарсты, шайтан, азыткы, Жүндөй учуп жүрүшөт. Томорулуп кетчүдөй, Тоо түбүнөн солкулдап. Кыштын күнкү буурадай, Үшүгөн элдер калчылдап. Топурак учуп чачыла, Жердин бети ачыла, Коңурбайды көрсөм — деп, Гүлүстөн жүрөт шашыла. Токсонго жашы толголу, Тоодой болгон калчага, Мындай кордук болбоду. Эрдигинен ажырап, Эмгектүү болот убайда. Кете берген бир жакка, Жер көрүнбөс туманда. Эңишке келсе калчанын, Толорсугу кыркылган, Алгарасы очоңдоп, Өргө тартса Кара атты, Көчүктөн жөлөп чочоңдоп. Чаңдан чыгып эр Гүлүс, Чар тарабын карады. Амерден берки жээгинде, Көрүңдү Коңур карааны, Аткан октой зыркырап, Урган таштай дыркырап, Арстан чоро барганы. Аксак атчан Коңурбай, Качан жанын айады? Амерден бойу суук жер, Жайдын күнү муз тоңуп, Эки чети жар болуп, Орто жери шар болуп. Шыргалаңдап буу чыгып, Кээ бир жерде жарыктан, Оргуштаган суу чыгып. Үйөр агып түрүлүп, Үзүктөй болгон чоң муздар, Суу үстүндө сүрүлүп. Суу айланып кулкулдап, Үнү угулуп чулкулдап, Эри өлгөнсүп жулкулдап. Салаа-салаа тешиктен, Атырылып шуртулдап. Орто жери ойулуп, Тегеренип бургуйлап. Жан айабай Коңурбай, Сууга кирди койгулап. Сууга Коңур киргенде, Алты найза бойу муз, Токтоо кылбай ойулуп, Суу үстүндө калкылдап, Салдар агып баратат. Шыр-шыр этип үн чыгып, Карлар агып баратат. Жарга урулуп токтолуп, Коңурбай башы кодоңдоп, Бир көрүнүп жок болот. Анда-санда найзанын, Учу чыгат сороктоп. Кээ бир жерде туулгасы, Көрүнүп калат короктоп. Акылга чебер Гүлүстөн, Алтымыш эки уруудан, Окшобогон буруудан, Аралаша эштирген. Алмамбеттнн чалмасын, Көрөмүн — деп, — пайдасын, Туруп кармап турганы. Тезектей калкып Коңурбай, Бир тешикте көрүндү. Көргөн жерде Гүлүстөн, Чалма салып ат кармап, Азоо минип, жылкы айдап, Машыгып чыккан Гүлчоро, Чалмасын шилтеп калганы. Салып көнгөн Гүлчоро, Чалманы жазбай салганы. Эки колун капшыра, Как эмчектен түшүптүр. Мойнуна чалма түшкөндө, Калчанын иши бүтүптүр. Гүлчоро чалма тартканда, Өзү калып чалмада, Алгара сууга акканда, Амалы кетип зор калча, Бүт эле тоодой бир барча. Кыйрынан музга ыктады, Оңойлук менен тартканга, Муз үстүнө чыкпады. Үзөңгү боого Гүлүстөн, Чапма салып басыптыр. «Манастап» баатыр бакырып, Бар кайратын ашырып, Коңурбайды тартыптыр. Күчү ашкан беренге, Күркүрөгөн эренге, Муз туруштук кыла албай, Баш-айагы жүз бута, Калыңдыгы каткан муз, Тогуз аркан бойу бар, Каңтарылыл кеткени. Коңурбай болуп копурук, Аңтарылып кеткени. Короо ордунда көпкөк муз, Асманга учту чыркырап. Он күндүк жерге барыптыр, Сынган муздар зыркырап. Чыргадай сүйрөп Коңурду, Тоодой кылып томурду, Көрсөтүп ага сонунду. Семетейге барам — деп, Гүлүстөн жөнөп калганы, Асман тиреп каркайган, Бойун жасап заңкайган. Зымылдаган капчыгай, Бир кептешке келгенде, Такашып Коңур калганы. Күч келтирип тартканда, Үзүлүп кетти арканы. Күү менен келе жаткан ат, Суркойен тулпар мүргүдү. Кайра тартты Гүлүстөн, Ак шамшар кармап колуна, Эки жеңин түрүнгөн. Чаап салат экен — деп, Карап туруп Коңурду, Чаптырып ийип бекер — деп, Жер жайнаган көп калмак, Чөп катары тирүү арбак. Аламан койуп келе атат, Куткарсак — деп — Коңурду, Атып мылтык баратат. Аккан селдей түрүлүп, Коңурбай үчүн күйүгүп. Как ошондой учурда, Каары катуу эр Семең. Кандуу кылыч, жалдуу шер. Кайраты артык Канчоро, Кара кытай, манжуну, Кайнаган калмак, анжуну, Гүлчорого жеткизбей, Кайра тосту ошону, Көргөнгө укмуш жумуш бу. Гүлчорого Семетей: «Жабыр салып тулпарга, Тоодой болгон калчаны, Башы керек эмеспи, Башын чаап таштагын! Абасынан укканда, Ачылып көөнү Гүлчоро, Булгап чапкан шамшардын, Учу айга такалды, Кесип өтүп Коңурду, Жерге кирип кадалды. Сабы колдо болбосо, Көк өгүздүн мүйүзүн, Кесип кете жаздады. Ханы өлүп, туусу жыгылды, Кара кытай, көп калмак, Каңгайды көздөй сыйлыкты. Азынап аттар мөңкүдү, Айылын көздөй жөңкүдү. Амудун улуу суусуна, Канча калмак калкыды. Жеңишин көрүп кыргыздын, Күкүктөр чоор тартышты. Акыйнек куштар айтышты, Кутулдук деп өлүмдөн, Суурлар анкуш салышты. Асман кулду карсылдап, Урмат топ атты тарсылдап. Жер бийледи кылтылдап, Ырдады Амур зыңкылдап. Жанаша туруп шаңданып, Кун менен ай кулундөп, Айкөл шерди баш кылып, Өлгөндүн кунун алышты, Такымга атты салышты, Таласка жөнөп калышты. Таласка барып эсен сак, Каныкей менен Бакайдан, Амандык сурап калышты, Анан үй-үйнө жанышты. Түгөнүп калган хан Коңур Түйшүктүү туулган оңбогур. Көзү тирүү чагында, Колунда өкүм барында, Атагы калмак уруудан, Уушаңдын эле иниси, Уусаңгенди баш кылган. «Семетейди кычырдым, Элебей келет быйакка, Сен баргынын Таласка», — Деп, жиберген алашка. Жиберилген Уусаңген, Ара сырттап, жол тартып, Айдама кошун кол тартып. Аруулугун, сактыгын, Алдынан чалып, жол тартып Адамы жок жер менен, Алатоону кылаалап, Түк казакка туйгузбай, Эч бир жанга билгизбей, Барып жетти бир кезде, Самаркандын сыртында, Жайлоосу Белсаз, Кырчында, Каныкей, Бакай, Жамгырчы, Жаткан кезде ушунда. Калкылдатып туу жайып, Аскердин чыкты карааны. «Кайдан келген адам» — деп, Айран таң, болуп калышты. Ойлоп калды кыргыздар, Мындан кабар алышты. Кошуну элге барса да, Бир бөлүгү калмактын, Чон коргонго барышты. Айчүрөк кеткен Үргөнчүкө, Акун ханды көрөм — деп. Кошунду калың көргөндө, Калктын баары эңдиреп, Башкарган аны баатыр жок, Айласын таппай сендиреп. Атка минер киши жок, Аны менен иши жок. Коркутуп элди чуу кылып, Атып мылтык, жаа тартып, Кайрат кылып бара албай, Жигиттер чуулап ыйлашып. «Чоң, коргонду ачкын — деп, Төрөңдүн барбы дүйнөсү, Аны тезден тапкын» — деп? Сыркоргонго түшкөнү, Калдайа басып ордону, Элөөсүздөн жоо алган, Кандай десе көп болор, Калмактан келген ушуну. Кыра кыргыз ичинде, Калмак эли көп эле. Уусаңгендин кошунга, Калбай баары кошулду. Калмактын ханы Уусаңген, Хан тактага олтурду. Ээн жаткан жерди алды, Эндекей жаткан элди алды. Албаганда неткени, Сыркоргон колдон кеткени. Алыста жүрсө күн доолап, Арка болчу бектери, Талабына калмактар, Такыр бүгүн жеткени. Талап-булап кыйратып, Катын, кызын ыйлагып, Алтын, зарын жүктөтүп, Камкасын кайра бүктөтүп, Качырына жүктөтүп. Тубарларын бүктөтүп, Тулпарыпа жүктөтүп. Зар койбоду шаарына, Салган кийиз калтырбай, Мейманкана, сарайга, Талап алды баарын да. Коргонго келген булардан, Кол салып келген олжо алган. Айылга барган сырт жактан, Эми ошондон кабар алалы. Жамгырчы, Бакай, Каныкей Келген жоону карады. Кеңколдо жаткан төрөнү, Кум жам кылып келген, бейм?» Деп, ошентип санады. Ачуудан ичи ачышып, Коркуш жок мындан жашынып. Жаңы баатыр Байтайлак, Минерге аты жок болуп, Айласы кетип токтолуп. Жамгырчынын Уларбоз, Карып калган мал эле. Карыса да Уларбоз, Бир жылкыча бар эле. Уларбоз минип алкылдап, Чарайна, сооту жаркылдап, Баса минип үстүнө, Бакайдын уулу Байтайлак, Баатыры жок үстүндө, Орого бузук калмактын, Айдама кошун колду айдап, Алыска барчу элди алды, Калмактан кабар сөздү алды, Семетейдин алыска, Элчилешип кеткени, Ал элден билип бул калды. «Кеткени, абам, жалганбы, Кеткени, абам, чын болсо, Коргонду талап алганбы? Таланган болсо Сыркоргон, Кыргыздын журту сандалды. Айдап алып аскерди, Ал Кеңколго барганбы?» Жата албады үйүнө, Жамгырчы, Бакай аттанды, Көзү көрдү келишип, Кең коргонду басканды. Койбой талап малды алган, Коргонго койгон такты алган. Кара кыргыз журтунун, Үстүндөгү бакты алган. Уусаңген калып коргондо, Дүнүйөнү узаткан. Уусаңген элге муну айткан: «Ара сырттап басканда, Алаштар туйуп калбайбы? Дүйнөнү тартып албайбы? Кашкардын жолун айланып, Каңгайга кетсек жакшыраак. Ара сырт бизге жакын жол, Жакын да болсо ыраак жол. Кашкар бизге ыраак жол, Ыраак да болсо жакын жол. Ыраак — деп, — андан эринбей, Таластан алган олжону, Кутказар жагын карагын». Бастырмак болду кубалап, Бакайдын уулу Байтайлак Бала жолборс чоң балбан, Кошойдун уулу Жалгызек, Ошого киши жиберип: «Алдынан тосуп чыккын — деп, Ара сыртты карасын, Карап мен да келем — деп. Кашкар жакты карагын, Кашкарга кирип кетпесе, Артынан кууп жетем — деп. Башын кесип келбесем, Байтайлак атым бекер — деп! Ажыратып мал, пулдун, Баарын алып келем» — деп! — Атасынын атынан, Жазып катты жиберип. Баш кишиге карабай, Малдын кетти артынан. Чоң жолдордон из чалып, Бара жатат Байтайлак. Эки жагын каранып, Келе жатат Байтайлак. Эркечтамды бет алып, Калмактар келди чубалып. Дүнүйөнү мол алып, Кашкарды көздөй жол алып. Кашкарга кирип кеткенде, Кетмекчи болду калмактар, Дүнүйөнү кутказып. Талабына жетпеди, Артынан кууп Байтайлак, Бала арстан жеткени. Байтайлак барып, жол кошуп, Астынан чыгып, жол тосуп. Сайышар мыкты жок экен, Сапырып элин чапканы. Кайра айдашып мал, пулун, Кең колду көздөй баштады. Келе жатат, Байтайлак, Таланга кеткен малды айдап. Кең колду көздөй жол алып, Алтын, күмүш мол алып. Кыргыздан жалгыз бирөө жок, Кара калмак колду алып. Күндүз ага кошулбай, Кошулуп бирге олтурбай. Түндөсү өзү күзөтүп, Келе жатат бала арстан, Алтын, зарды жүктөтүп. «Өлбөй тирүү болгондо, Кеңколго жетип барам — деп, Кудайсыган Уусаңген, Куп жайыңды табам — деп. — Кужуру кайнап курушуп, Кыжыры кайнап кырданып. Ууруча шаарды чабат — деп, — Калмактарга сурданып. Тирүү киши кетирбей, Кырайын — деп — чуу салып. Издеп келсе калмактар, Эрдигин анын көрөйүн, Эрегишкен калмактын, Бейжинин талап келейин. Адам кылар иш эмес, Мунун жазасын колго берейин!» — Деп, ошентип Байтайлак, Жаш балапан, ой кыска, Жакын келип Кең колго, Жетип келди жол кыска. Келе берсин аралап, Кошойдун уулу Жалгызек, Ошондон кабар ким алат? Бакайдан кабар барганда, Катты колго алганда. Жаткан экен Жалгызек, Мазардын тоосу жайлоодо. Семетейге таарынып, Ачууланып чачылып: «Кошой сандан калбаса, Кошойдун берген желегин, Өлгүчө Манас кармаса. Кошойдун уулу мен болсом, Семетей теңине албаса. Барбай койсом белем — деп, Талап алса мейли — деп. Кара чоктуу калмакка, Калка болгон, чоң төрө, Кызыл чоктуу кытайга, Кызмат кылган, чоң төрө, Кызыталак Семетей, Элчилешип келем — деп, Өзү келсе жеке эле, Барбай койсом белем — деп. Ойуна алып эми эле, Өчөшпөйүн арстанга, Кайраты журтту басканга. Ашыккан окшойт хан Бакай, Калмак каптап жатканга. Калмактын канын суу кылып, Көк жаңыртып, чуу кылып. Кыйратайын аны — деп, Кылым кыргыз журтуна, Кылайын кызмат дагы — деп. Дагы эле бизге иш бар го, Кыраан султан Семетей. Таарынчы айтып көрсөм — деп. Талатып койуп көп элди, Тарттырып койуп Коргонду, Жата берсем болбойт» — деп, — Намысына толгонду. «Аркамдан кыргыз кол келсин. Аз келбесин мол келсин! Аттанып өзүм жөнөйүн, Арбактар мага жол берсин!» — Деп, ошентил Жалгызек, Жалманбозду токунуп, Кеңколдо жаткан Уусаңген, Үйүндө жатып коркутуп. Сыртынан тилдеп Семеңди, Ала көөдөк эренди. Кошойдун уулу Жалгызек, Койбоочудай күүлөндү, Ат арытып,жол жүрүп, Айабастан мол жүрүп. Ажыбай барган беш күндө, Ал эки күндө келгени. Түндүк жаккы чек экен, Ашып түштү Жалгызек, Төө жайлоо деген бир белди. Алды жагын караса. Жүк жүктөгөн нары бар, Үстүндө жүгү бир тоодой, Олжо алган чагы бар. Ким экенин биле албай, Карап белде тура албай. Кайраты толук эренин, Өз кайратын тыйа албай. Ылдый тартып далактап, Эки этеги салактап. Кирип келди ал элге, Эки көзү алактап. Жүктөгөнү зар экен, Айдаган калмак сал экен. Кууп жетип Байтайлак, Кайтарып келген кези экен. Ушул сапар келгени, Такыр калмак эл экен. Калмактын тилин так билген, Жалгызек жайы ал экен. Калмак менен сүйлөшүп, Кажы-кужу үндөшүп. Уларбоз менен солкулдап, Байтайлак келди бир кезде. Эки баатыр көрүшүп, Колдун учун өбүшүп. Эсен-соосун сурашьш, Амандашып турушту. Эл үчүн кылып намысты, Эр жигит кылат жумушту. Жалгызек баштап сөз сүйлөп: «Байтайлак баатыр, — деп сүйлөп. Абакебиз хан Бакай, Аман бүгүн турат — деп, Тарттырып ийсек Коргонду, Уккан элге уйат кеп! Семетей кылган кандай иш, Элчилешип бир жумуш, Элге кыйын мүшкүл иш. Барган жокпу, абакем? Кең колдо жаткан берендер, Айтпадыңар биздерге, Ошондуктан көбүрөөк, Таарынгым келет сиздерге». Байтайлак күлүп жарк этип, Ителгидей барк этип. Кужурлуу туулган балакет. Мойну кетип шылк этип: «Анык курбум, Жалгызек, Кудайга душман мен болуп, Айта албаймын жалган кеп. Өрттөнүп өлгөн канкордун, Өзү жалгыз кеткенин, Гүлчоро менен Канчоро, Ээрчитип алып экөөнү, Желип кайда житкенин, Айтсак такыр билбедик. Айдама кошун кол келди, Ошондо гана биз уктук, Коңурбайга кеткен — деп, Калмактан кабар алганбыз, Эстүү баатыр, Жалгызек, Таарынчы айтар кез эмес. Ээн талаада биз айтсак, Жер укпаса, ким угат? Таарынчы кепти айтышчу, Семетей мында жок турат. Айкөл Манас баатырдын, Арбагы учун кылалы, Айанбастан кызматты. Аксакал ата, хан Бакай, Ардактуу эне Каныкей, Урматы үчүн кылалы, Ушул сапар кызматты. Андан кала бергенде, Калың кыргыз эл үчүн, Кылалы, баатыр, кызматты. Семетей менен беттешсек, Айтарбыз кийин таарынчы. Тарттырып койбой Коргонду, Бүгүн жетип баралы. Уусаңген деген зору бар, Падышалык тактага Минип алган чоңу бар. Бала Семей жолборстун, Аркасында жөлөкбүз. Менин кебим мына ушу, Жалгызек курбум угуп ал!» Акылы дайра, ойу көл, Атасындай эр экен, Падыша улуу Бакайдай, Баштаган жолу эп экен. Жалгызек анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: «Семетейге өчөшүп Сенделтпейли бул элди. Талантып каран калмакка, Таратпайлы бул элди! Тоо тоого чилдей бул элди, Тоздуруп ийсек болобу? А дүйнө кеткен Манастын, Арбагы бизди койобу?!» — Эки баатыр кошулуп, Булардын жүргөн жеринен, Кан агат кийин жошулуп. Бакайдын уулу жолборстун, Он тогузда жашы бар. Калмак, каңгай, кытайды, Ойрон кылар иши бар. Өзү бала, шер кайрат, Өчөшкөнүн талкандайт. Жаңыдан атка мингенде, Алоокенин кенжеси, Алтымыш жайсаң инисин, Ороккырды жалмаган. Ал Кеңколго тургузбай, Калмак менен каңгайды, Аралап кирип айдаган. Жаңыдан чыгып кыргыздан, Таанылып келе жаткан ал. Жалгызек өзү эң мыкты, Сөз айтканга өтө ыктуу. Сөзү ширин нагыздуу, Кимге болсо жагыштуу. Жыйырма экиде жашы бар, Хан Кошойдун уулу ушу. Жалгызек менен Байтайлак, «Ал Кеңколго барам — деп, Коргонду сактап калам» — деп, Ал экөө келген алдынан, Калмактын салган дартынан. Эр Семетей, Гүлчоро, Бели катуу Канчоро Жете келип артыңан, Жүктүү нарды көрүштү, Илгери карай жүрүштү. Шартылдата бастырып, Жетүүгө тез күйүктү. Жолдо бара жатканда, Гүлчоро айтат бул ишти: «Алыстан келген бул душман, Коргонду басып алган, бейм, Кордукту журтка салган, бейм. Кор кылып элди койгон, бейм, Жамгырчы, Бакай, Каныкей, Катары менен сойгон, бейм. Байтайлак өлүп калганбы? Каш кайтарар киши жок, Калмактар кирип алганбы? Абаке, сенин эрдигиң, Адамдан кыйын шердигиң, Асли жакшы болбойт ко, Колуңдан кетет теңдигиң! Элдин баарын кем дедиң, Эр кадырын билбедиң, Кыргыз менен калмактың, Ортосунда чоң ишти, Жалгыз өзүң бийледиң Карыйа Кошой абамдын, Сыйлабадың арбагын. Карап турса Төштүк хан, Бучкагына албадың! Жолдо турса Үмүтөй, Карын бөлө тууганың. Учурашып жок десе, Тайежеңе барбадың. Чыгарасың, абаке, Кандай кылып кирин жууп» Ушулардын зардабын?!» Гүлчоронун кебинен, Улай кармап Канчоро, Күйүттүү кепти башынан, Баштап калды ал чоро: «Абакемдин башынан, Киши менен иши жок. Алыстагы киши эмес, Короосунда кой баккан, Киши менен иши жок. Башканы койдум, кантейин, Бала кезден бирге өскөн, Мени менен иши жок! Бул сапаркы жумушта, Эл билгендин баарысын, Ичине салды кызыл чок! Арбагын, сенин чоң болду, Айласыз элиң, токтолду. Гүлчоро күйүп айткандай, Күлдү журттун баарысы, Тарап кетет окшонду!» — Деп, ошентип сөз кылып, Канчоро айтып токтолду. Күлүмсүрөп Семетей, Мыйыгында күлдү эле. Кылган иши жолу жок, Как ошондо билди эле, «Айланайын балдар, ай Белиме тануу жандар, ай. Кеңеш салбай калыпмын, Акылыман таныпмын. Сандалып бүгүн турамын, Эч айламды таба албай! Кармашта барсын, Канчоро, Кайрат кылар, эр чоро. Таарынышса Гүлүстөн, Ар кандай ишке жүрүшкөн. Өзүң билип жайларсың, Таарынттырбай хандарды, Табарсыңар, жаш балдар, Айбанардын айласын! Эки бала иш кылсаң, Эми кантип бурамын? Калгандарды бөлүнтпөй, Элди күтүп алгыла. Бийликти бердим силерге, Билип кылсан ишиңди, Деги кордук болуптур, Туйунуп эми олтурам. Кетирбей карма, жаш балдар, Абалтан берки кишиңди. Катышпайын, билбейин, Гүлчоро менен Канчоро, Өзүң башкар ишиңди». — Деп, ошентип Семетей, Агынан сүйлөп турганда, Мойун толгор айла жок, Ишин берип турганда. Ич күптүүсү басылып, Жүрөктөн зардап арылып. Таарынчысы жазылып, Жанындагы чоролор, Жаркылдады жалганда, Атадан калган Коргондун, Жанына жакын барганда. Ак асаба, көк желек, Алы келсе калмактар, Жамгырчы менен Бакайды, Эчак мууздап таштамак. Жалгызек менен Байтайлак, Калган элди баштаган. Семетейге жолукту, Төө жайлоо, Айрык башынан Семетейди көргөндө, Серпилбеген Жалгызек, Зерек баатыр Байтайлак, Кабактарын бүркөшүп, Кабаттап тонун чүмкөшүп. Салам айтса, кол бербей, Бастырышты жүр дешип. Калмактан баатыр Уусаңген, Алар менен иши жок. Бел байлады Кожожаш, Азыркысы көөнү ток. Семетей менен Гүлчоро, Кайраттуу баатыр Канчоро, Жоо бөрүсү Жалгызек, Жолборс баатыр эр жүрөк, Бала баатыр Байтайлак, Келгенин көрүп Уусаңген, Каалгасы бийик чоң Коргон, Каалгасын бекем бекитип, Калкалап жанын бекинип. Карап жатты калдайып, Коргонду берип калмакка, Каңкоруң, турат далбайып. Карап турар айла жок, Уруш кылбай камданып. Ошол кезде Айчүрөк, Асман менен айланып, Шамал менен жарышып, Шарпылдап учуп жетти эле. Коргонду калмак колго алган, Койбостон түктү олжо алган. Оодарылып токтобос, Оруну жок бул жалган. Кимиси баатыр, ким коркок, Ошондойдо ылганган! Элчи кирер эшик жок, Кылайган шоола тешик жок. Байрак тиктеп, туу жайса, Серпилип калмак чыккан жок. Чын айласы кеткенде, Тактада калмак жатканда, Гүлчоро турбай камданып, Эркечтенип шаңданып. Эрлик менен аттанып, Эбин таап кирсем — деп, Урма ташта жез ноого, Бурап тартма жерине, Чыгарып алма тээгине. Чын эле келип ошого, Колун салып ошондо. Туткасынан кармады, Тартып сууруп алганы. Ноого түшүп зыпылдап, Коргонго кирип алганы. Колуна кылгыч кармады, Коркпой кыргын салганы. Коргондун ичин кандады, Душман кирди дегенде, Турбай калмак камданды. Жай кылбайт экен бизге — деп, Жайнап чыкты талаага. Калың, калмак кошунун, Айдап чыкты талаага. Талаага чыгып Уусаңген, Сандагап калмак кол менен, Асаба таштап, туу тигип, Эр майданын күзөттү. Эрлик кылып Канчоро, Желигип чыкты майданга. Эл үчүн кызмат кылам — деп, Белин чындап байларга. Калмак баатыр Уусаңген, Каруу жарак асынып, Майданга чыкты камынып. Эр Канчоро, Уусанген, Беттешип эми барганда, Балталашып жетерде, Башка чаап кетерде. Зыркырап доош угулуп, Канчоро өңү кубулуп. Кандай шумдук болду — деп, Аркасын карал бурулуп. Шыпшайдер уулу Кожожаш, Шыпшыган жааны тартыптыр. Зыркыраган жаа огу, Канчорого жетиптир. Үч кабат темир калканын, Ок өтпөгөн олпогун, Такыр тешип кетиптир. Учу этке жеткенде, Кармай алды сабынан, Канчородон башка адам, Жаа огун кармап албаган. Кабылан туулган түгөнгүр, «Эми атса сойот — деп, Кантип тирүү койот» — деп — Калмак Саңген баатырдын, Каршы алдына тура албай, Кайра качып калганы. Бура тарта бергенде, Бурултпай найза сайганы. Канчоро калды жыгылып, Топого башы тыгылып. Коркконунан эңтендеп, Жыгылып, кооп темтеңдеп, Бура тартты Уусаңген, Башын кесип кетсем — деп. Ашыгып калды Байтайлак, Батыраак ага жетсем — деп. Өлүм менен кери жок, Өлүмдөн коркор эби жок. Эрдигинин чени жок, Чендешер бенде теги жок. Алыстан келип шаар алган, Ал калмакта кеги көп. Качырып жетти Байтайлак, Камандай тиши качырап. Маңдайда көзү чачырап, Канчорого жеткенче, Сайып калмак Саңгенден, Шаштырды бала найзалап. Кооп кетти ордунан, Эр Канчоро анталап. Коркуп калган түгөнгүр, Басалбай турат тамтаңдап. Алдындагы Карала ат, Эми кармап минерде, Шыпшайдар уулу Кожожаш, Жааны тартып ийгенде. Теминөөргө туш келип, Темирге огу тийгенде. Темирди тешип кыйратып, Каралатты сулатып. Аттан өтүп аткан ок, Канчоронун шакшагын, Көзөп кетти кыйратып. Аны көрүп Байтайлак, Аргытып атын чуратып. Кабылан туулган чорону, Ат куйругун карматып. Алып кетти чогуудан, Армандуу болбой Канчоро, Кутулду душман колунан. Карап турбай Кожожаш, Жебе тартып соңунан. Бакайдын уулу Байтайлак, Он мөрүгө ок тийип, Балтасы тушту колунан. Балта жерге тушкөндө, Эр тиреги сом билек, Колдун иши бүткөнө. Калмактын ханы Уусаңген, Кайрап кылыч жетти эле. Гулчоро чаап жеткиче, Куйгулуктуу чунактын, Көрүнөө башын кести эле! Гулчоро байкуш канетсин, Түшүрбей башты топого, Эңип илип кетти эле. Уусаңгенди Гүлчоро, Көмө сайып кеткени. Калмактын калың кошуну, Каптап селдей жеткени. Гүлчорону жеткирбей, Уусаңген башын кестирбей, Кутказып алый кеткени. «Өлүгүн алып кетет — деп, Абакем сөөгүн көрсүн — деп, Жалгызынан айрылды, Көңүлү сууп калсын» — деп, — Белине бекем камынып, Жынжырдан кемер курчанган, Аткый кармап Гүлчоро, Сур аттын артып жалына, Камчы берип санына, Калмактардан, чогуудан, Алып чыкты Гулчоро. Кайра жанды калмактар, Мындай уруш болгондо, Кан төгүлмөк наркта бар. Эрегиштен эр өлөт, Экөө жалгыз дебестен, Эңишке кирсе бары өлөт Өзү өктөм кудайдын, Өкүмүнө ким көнбөйт. Ушинтип келет Гүлчоро, Кошуп ыйлап күңгүрөп. Кошунга жакын барганда, Башы башка Байтайлак, Тулку бойу бир башка, Гулчоро тура калганда. Карыган Бакай абаңдын, Көзү көрүп баласын, Көрүнөө калмак чыгарса, Чечекейдин карасын Карып калган хан Бакай, Канткенде буга чыдасын?! Кызыл кандуу жөтөлүп Бузулуп өңү көгөрүп: «Семетей, төрө, болбой кал, Кордукту мындай, кылбай кал! Бала жолборс атанып, Журт башкарып, жүрбөй кал! Атактуу баатыр Коңурга, Антта турбас донузга, Бир кишиге туйгузбай, Билинбей кетип ушуга. Канчоро чалгын чалды — деп, Гулчоро кабар алды — деп. Жыргап жаткан кыргызда, Кайдан болсун кайгы — деп. Камынбай жүрөт алдынан, Карыганда хан Бакай. Күнүм каран калдым — деп, Өзу берген жалгызды, Өзү кудай алды — деп! Тунжуруман айрылып, Акырет кетер чагымда, Күнүм каран калдым — деп! Өңөргөн колдо найзамды, Кара ташка мен уруп, Жеп салдым жалгыз баламды Жыласын тартып куурадым, Жаш менен көзүм буладым! Кылычым канга бойодум, Кылымды далай жойлодум. Кыргыйыман айрылып, Кыйноого калган окшодум! Мылтыгым сынды белинен, Бузулган ишим жеринен! Буркурап ыйлап олтурсам, Боор ачыр бенде ким экен?! Карыганда Бакайдын, Көзүнүн жашы сел экен! Тартылып түндүк, от өчүп, Түгөнүп калган кеп экен!» Уусаңген калмак баш кесип, Сакалы ылдый жаш кетип. Кайгырып Бакай кабылан, Кайгыдан бойдон ал кетип. Шалдырап мууну бошошуп, Шалпыйып Бакай шай кетип. Ыйлап турат карыйа, Кара көздөн күйгөндөн, Кан аралаш жаш кетип: «Тулпарым калды минилбей, Тунжурум калды салынбай. Күкүгүм калды таңшыбай, Күлүгүм калды чабылбай. Көмүлгөн көргө калмактар, Күйгүзүп мени наалытты, ай!» Жамгырдай жашы төгүлүп, Сакалы ылдый агылат. Көрүп туруп Бакайды, Көргөн журттун баары ыйлап. Карыган Бакай хан ыйлап, Калбай журту баары ыйлап. Кайгысына Бакайдын Караган ыйлап, тал ыйлап, Өчпөскө бүткөн күн ыйлап, Өсүп чыккан гул ыйлап. Ай караңгы түн ыйлап, Өз, жат дебей баары ыйлап. Токтоно албай тоо ыйлап, Топурак, таштын баары ыйлап. Адыр ыйлап, жер ыйлап, Адам калбай жалпы ыйлап. Карыган Бакай тура албай, Какшап турат жан кыйнап. Аккан тунук суу ыйлап, Айдыңкөлдө куу ыйлап. Алты сан кара көп ногой, Катын, эркек, кан ыйлап. Салынган коргон там ыйлап, Сайылган терек бак ыйлап. Сакалы ылдый жаш кетип, Сакалдуу Бакай хан ыйлап. Элдин баары чуркурап, Эси кетип буркурап. Тура албады Семетей, Журөгу күйүп бек туйлап. Чыдай албай Семетей, Чылбырын бекем курчанып: «Калмактан көрдүм кордук — деп! — Кабылан төрөң муңканып. Бакайдын айткан сөздөрүн, Мойнуна кабыл парыз алып. Айтса айтпаса, абакем, Айтары мага эп экен. Гулчоро менен Канчоро, Бузулат калкың дегени, Ал айтканы чын экен! Мени кудай урчубу, Мындай кордук болчубу? Алдын тосуп албасам, Жалгызек мойун бурчубу? Калкымдын баары бөлүнсө, Карыганда Бакайдын, Көзүнөн жашы төгүлсө Он тогузда Байтайлак, Бөөдө өлүп көмүлсө. Эрдигим менин бекер — деп, Эл бузулуп кетер — деп. Энөөлүк кылып мен жүрсөм,, Эли-журттан айрылып, Эми айлам нетер — деп. Эрдик кылып жоо сайсам, Элим көрөт пайдасын. Кантип элди унутам, Кошун курап, кол жайган?! Коңурбайга айдадым, Кетенчиктеп тартынбай, Зор душманга барганын. Тайанып элдин күчүнө, Ал душманды алгамын. Жалгыз жүрүп жоо алып, Жалгыз көздү сойдум — деп, Көтөрүлүп көңүлүм, Көйрөңдөнүп алганым, Эл-журттан чыгып калганым, Анык болду бүгүн эң!» — Деп, Семетей ачынып, Хан Бакайга карабай, Караганга жарабай: «Айланайын, Гулчоро, Өзүң билгин калганды, Баланы таза жууп кой, Аруу менен бууп кой. Абамды капа кылбагын, Азыр кызмат кылайын. Айтканы ката кетпеген, Касиеттүү эр эле, Каргап мени салбасын». Гүлчорого тапшырып, Жүрүп кетти Семетей. Бастырып кете берерде, Гүлчоро туруп муну айтат: «Күлгүнүм, абам — деп айтат. Жан айабас эр эмес, Жалгыз жарым барганда, Тирүү келчу жер эмес. Келген окшойт Кожожаш, Ал Шыпшайдардан кем эмес! Аткан октон ал жазбайт, Мылтык атып, жаа тартса, Тиктегенин жер жаздайт! Огу өтпөй калбайт — деп, Олпогуң тоскоол болбойт — деп, Койгун, аба, койгун — деп, Айчүрөк жеңем, кайдасың, Аккуу кебиң кийгин — деп! Жайдын тилин билчү элең, Күндү жайлап учкун — деп. Байкап көрчү асмандан, Жыйылган калмак калктардан. Чогулушкан топ барбы? Сейрек турган эл барбы? Жалгыз турган жан барбы? Кемеге казып, от жагып, Түтүн салган хан барбы? Байкап көргүн жеңе» — деп, Гүлчоро айтып салганы! «Бийликти бердим сага» — деп, Эми эле айткан Семетей, Бастыра албай калганы. Бакайдын турбай жанына, Канчорого барганы. Ал Канчоро баатырдын, Колу сынып кокуйлап, Колтуктап колун олтурат. Семетейди көргөндө, Тетири артын ал карайт. «Арбагым качкан белем» — деп, Жалгызекке барды эле, Жаалысы катуу Жалгызек, Бура тартып кетти эле. Шашылып калды канкоруң, Журт жайкаган анткоруң. «Сары абам көөнү жай бекен, Көрбөгөлү көп болду, Сагынып мага зар бекен?» Буурул менен булкуйуп, Сары ханга барды эле. Салам айтса алик жок, Сагынмак турсун Семеңе, Сары хан көзүн салган жок. Сары ханга кеп кылбай, Салпыйып Семең шылпыйып. Алдымдагы Буурулду, Бастырганда кындыйтып, «Хандардын баары таарынып, Калган экен мага» — деп. Гүлчоро сөзүн унтуптур. «Мен кирейин, аба — деп, Күч кылайын мында» — деп. — Буурулдун башын буруптур, Кылычын кындан сууруптур. Чымындай жанын айабай, Өлөмүн деп санабай, Кайнаган калың калмакка, Кара бойун уруптур. Урганда жакшы болгон жок, Калмактын ханы Уусаңген, Найзасын күүлөп булгалап, Семетейди качырды. Уусаңген үнүн укканда, Өзү бала Кожожаш, Көрөгөн көздүү кара көз, Жааны кармап, ок тиштеп, Семетейди атты эле. Жаанын огу жетти эле, Ок өтпөс буулум Аколпок, Дал болуп тешип өттү эле. Учу этке жетерде, Тепчий өтүп кетерде, Шай колдогон түгөнгүр, (Айткан сөзүм күмөндүр) Колдобосо неткени, Колдоочусу баабедин, Кызыл бала жылаңач, Шашылып буга жеткени. Кирип жаткан окту ал, Бойунан кармап кеткени. Жанып жерге ок түштү, Жаанын огу бош түштү. Жолугушар киши эмес, Жоонун жайы эң күчтүү! Баабедин менен иши жок, Коруп турган киши жок. «Ок өтпөйт экен буга» — деп, Кезеген огун имерип, Тай буурулга Кожожаш, Тайсалдап туруп атты ок. Семеңдин жаны тыныптыр, Буурулдун буту сыныптыр. Шыйрагынан үзүлүп, Тарамышы кыркылбай, Тай буурул калды тим жылбай. Кеткенин билип Гүлчоро, «Бул кошулуп өлөт — деп, Анан кимди көмөм — деп, Байтайлакты элдерге, Муну алсаңар белем» — деп. — Кечикпей Гүлүс бат жетип, Атадан калган сур жебе, Ага кездеп ок салып, Атайын деп калмакты, Эр Гүлчоро бел байлап. «Көрүнөр бекен Чурөк» — деп, Көктү тиктейт көз жайнап. Көктү чолуп Айчурөк, Баарын көрүп туруптур. Булутту сөгүп бөлүнттү, Гүлүстөнгө караанын, Өзү Чурөк көрүнтту. Элдир-селдир чогууда, Тизилип турса сабында, Жаман чапан бир киши, Элдин арка жагында, Кемегеси жанында. Болжолдоп Чүрөк желегин, Ошо жакка ыргады. Семетей менен кери жок, Эр Гүлүстөн чоронун, Билбей турган кеби жок. Билгени немей неткени, Адырды көздөй бет алып, Салып чоро кеткени. «Канкорум кордук көрдү» — деп, Кошойдун уулу Жалгызек, Салган бойдон жеткени, Туугандан кечкен кызталак, Кандуу калпак кийсе да, Кысылганда чын карайт. Асили кыргыз уругу, Ал карабай ким карайт? Калмак Саңген капырды, Кан ичме жинди чакырды. Кайра тарта бергинче, Семетейге келгинче, Сайып өтө берди эле, Бура тартып алгыча, Бурулуп найза салгыча, Уусаңгендин Жалгызек, Башын кесип алгыча, Жаанын огу жеткени. Оң карыга ок тийип, Сооту жок жерге нак тийип. Күүлөнгөн огу шак тийип, Колу сынып жок болду, Качырып жоого сак кирип. Ошо кезде Гүлчоро, Көрүп калды караанды. Бер жагында уч саптан, Кезеген жаадан ок тартты. Пар келтирип тушуна, Баатыр Гүлүс шок тартты. Бура тарта бергинче, Кожожаштай мергенди, Тоңкойтуп жерге кулатты. Бир атпады үч атты, Айагында күч атты. Калмактын мерген беренин, Кара жерге сулатты. Калка болгон калмакка, Кожожашты кулатты. Күчү тоодой күркүрөп, Күрдөлүү туулган түгөнгүр, Кара бойун чыйратты. Алдындагы Сур атты, Камчы берип кырдантты. Гүлүстөндүн камчысы, Күүсү менен тийгенде, Учуп кетти Суркойон. Учпаганда неткени, Ортодо турган Жалгызек, Жөө калганы Семетей, Жаралуу болгон эрлерге, Көз ачкынча жеткени. Жалгызек колу сынганда, Буурулдун буту сынганда, Жалгызек менен Семетей, Өлүмдү алып мойнуна,. Жалынып акка турганда. «Экөөнүн башын тең кесип, Алып кетсем белем» — деп, Баатыр калча Уусаңген, Атынын башын бурганда. Учкан куштан Гүлчоро, Утур келди ушуга. Найза карма чыңдаган, Сайганын жыкпай калбаган. Кылыч кармап кырдаган, Балта кармап кезгерген, Кеткен эмес илгертен, Кез келгеп адам тук эсен. Күйгүлтүктүү Гүлүстөн, Күлүгүн мыктап жүгүрткөн. Көкүлүн көккө шүйүлткөн, Куйругун бекем түйүлткөн. Тилин өлчөп сөз алган, Асманда жүргөн күңүрттөп, Мөкүбалдуу найзасын, Булгап колго алганы. Бура тарта бергиче, «Чарайнанын чети — деп, Алтын ээр кашы — деп, Табарсыктын башы — деп, Кулдун, өлөр жери ушу» Как бооруна муштады. Муштаганда өткөнү, Аркасынан коройуп, Найза чыга түшкөнү. Күүлүү найза жетиптир, Эки кабат темир тон, Талкалап өтүп кетиптир. Кужурлуу туулган Гүлчоро, Күүсү менен күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Сийдиги агып бүркүрөп, Калмактар качып сыйлыкты, Бир четинен дүркүрөп. Астына салып калмакты, Айдап кетип баратат. Күрзү кылып Саңгенди, Жайлап кетип баратат. Эр чырагы эки көз, Маңдайында жалтылдап, Жайнап кетип баратат. Уусаңген онтоп жалынып, Сайрап кетип баратат. Буурулу аксак жетелеп, Семетей басып энтелеп. Колу сынып Жалгызек, Мине албай атка сендиреп. Жаралуу болгон Канчоро, Карап турат эндиреп. Катып турат хан Бакай, «Жалгыз уулум өлдү — деп Ажыдаардай бул душман, Элге кайдан келди» — деп. Сүрдүгө эли бергенде, Буурулдуи буту сынганын, Анда Бакай көрдү дейт. «Аттын буту сыныптыр, Арстандын жаны тыныптыр Өлсө өлгөндүр Байтайлак, Арстандын алы кандай» — деп? — Байтайлакты унутуп, Семетейге кайгы жеп. «Караан болбой калкында, Канчоро жатып алды — деп, Жалманбоз турат майданда Жалгызек кайда кеткен» — деп. — Белине таңуу бектерди, Эми Бакай хан эстеп. Ырысына жараткан, Илгеркинин карысын. Намыс учун жараткан, Жаш уландын баарысын. Байтайлакка карабай, Майдандагы чорого, Салып Бакай баратат. Бозжорго менен алкылдап, Семетейге хан Бакай, Кирип келди жакындап. Ачуусу келген Бакай хан, Кандуу найза салат, бейм. Өлтүрбөсө да бул абам, Өзүмдү жара кылат, бейм? Семетей турат муну ойлоп, Жалгызек дагы аны ойлоп. Бирок жетти Бакай хан, Жаңыдан акыл кеп ойлоп: «Канкорум, шайык нетти — деп, Тай буурул аксак көрүнөт, Не калба болуп кетти — деп? Арстаным, шайың нетти — деп, Атың аксак көрүнөт, Азап күн кайдан жетти — деп? — Жалгызекти имерип, Каңкорго айткан сөздөрүн, Талаага таштап жиберип. — Кулак сал, бала, сөзүмө, Не калба болду өзүнө? Шалпайыңкы көрүнүп, Калыптырсың, көзүмө. Өлсө жалгыз, ким өлдү, Кабылан арстан Жалгызек, Ким көргөн мындай күндөрдү? Каптап калмак кетпесин, Куткаргыла көп элди! Калың элден айрылсак, Калганга кыйын иш болот! Жалгызынан айрылган, Карып калган Бакайга, Калдайган кара кыш болот! Эркин өткөн жыргалда, Элдин баары кор болот. Башканын көзүн карашып, Балдардын баары зар болот. Басарга жолу тар болот, Байланып колу шал болот! Таарынчыны койуңар, Таарынбаймын мен Бакай! Бузук кыйал болбосун, Күнүмдүгүн карабай, Түбөлүгөн ойлосун! Айдалып кетсе байкуш эл, Көзүнөн агып кандуу сел, Оодарылып жата албас, Айкөл Манас баатыр шер! Манастан тукум бар туруп, Карыган Бакай мен туруп, Алп Жамгырчы хан туруп, Жалгызек баатыр, сен туруп, Эки чоро шер туруп, Элди эстебей балам — деп, Бышактап ыйлап мен туруп. Чаптырып ийсек Таласты, Айдатып ийсек алашты. Кара кыргыз уругу, Кабылан Кошой ханымдын, Алмамбет, Чубак залымдын, Ажыбай, Сыргак баатырдын, Арбагына чет болуп, Кантип бетин көрөбүз? Мындай наам алгыча, Салышып жатып өлөбүз! Көргүлүктү көрөлүк, Урушуп жатып өлөлүк. Өлсө өлгөндүр Байтайлак, Эл тынчытып көмөлүк! Сырдаган Коргон кур калса, Зыркырап эмчек сыздаса, Чыркырап бала ыйласа, Мөкчөйүуп чалдар муңканса, Туулбай туна чөккүн — деп, Тукум болбой өлгүн — деп, Арстандын калып артында, Мындай кордук көрдүк — деп. Ак чачтуу кемпир каргаса, Ак калпак кыргыз элим — деп, Ак шумкар шаңшып үн салса. Алашым кайда кеттиң — деп, Кош жаңырык үн салса. Ала-Тоо какшап муңканса, Сабалаган эркиндеп, Залкайган кыргыз элим — деп, Асманда булут сумсайса. Караңгыда нур чачкан, Баскан кыргыз жол тапкан. Кайран журт кайда кеткен — деп, Каалгып ай чыкпаса. Кубат берген баарыга, Кубанткан жанды жарыкка. Курдашым Манас баатырдын, Кураган эли кайда — деп, Орноткон тагы кана — деп, Күн көшөгө тартынса. Куу инген кетсе букулдап, Көлдөкү куулар кукулдап. Куу тайган кетсе кыңшылап, Тулпарым кетсе азынап, Ушулардын убалы, Канткенде бизди соо кылмак?! Эл ичинен эр туулат, Элин сактайт туу кармап. Эли үчүн эр өлөт, Эбегейсиз шер өлөт. Эр өлбөсө, эл өлөт, Эри өлсө, эл көмөт, Эл болбосо ким кемет?! Кайраты толук азамат, Ушундайда көрүнөт. Чырпыгы сынса, чынардын, Жаз менен жана көгөрөт. Буурулдун бутун таңгыла, Калмакты сайып кыйратып, Калганды сактап калгыла!» — Жалгызынан айрылып, Кан түтөп ичтен кайгырып. Хан Бакай турса муну айтып, Жалгызек ойлоп муңайып: «Кагылайын, абаке, Карагын менин өзүмө. Калмак Саңген баатырды, Көмө сайар кезимде, Учурадым кесирге. Калмактап мерген жеткенби, Аткан огу туш келип, Каруумду үзүп кеткенби? Унутпаймын, абаке, Сенин карылык сөзүң эстелди!» Каары кайнап кулбөгөн, Өрттөнгөн токой түрдөнгөн, Канкордун уулу түгөнгүр, Күнгүрөнө сүйлөнгөн: «Айланайын, абаке, Буурул атка ок тийди. Болбоду шайым тим эле, Аттан мурун маа тийди. Аколпок тешип өтпөдү, Тешүүгө күчү жетпеди. Жаанын огу жарылып, Жерге түштү кептенди». Канкордун кебин укканда: «Катыгүн, балам, не дейсиң, Тепчип кеткен ок жанып, Билбей калган белемсиң?! Ачуулуу келип, мас болуп, Жаралуу калган кезиңде, Акылыңа, Жалгызек, Илбей калган белемсиң?! Кайсы жерге тийди эле, Ок тийген жерди көрөйүн?!» — Олпокту барып караса, Ок өтүптүр ушунда.. Темир соот күрөкө, Так өтүптүр ушуга. Бакайга даана көрүнүп, Олуйа келди алдына, Жылаңач бала дубана. «Арстан эрге кайгы жеп, Аткан ок тепчип жетерде, Ашыгып араң жеттим — деи, Тасмасынан чың, кармап, Тартып салып кеттим» — деп. Кобурап бала суйлөдү, Семетей менен Жалгызек, Үнүн укту баланын, Көрө албады караанын. Сергек туулган Жалгызек: «Абаке, жакшы билгин — деп, Кужурлуу туулган Гүлчоро, Куткарып калды бизди — деп. Уусаңгендей баатырды, Кан ичме жинди капырды, Найзага илип кетти — деп. Көтөрүп алып капырды, Чокмор кылып жакырды. Калмактын калың кошунун, Аралап кирип кетти — деп. Бизге тийген жебени, Ага да атты бекен — деп? Эми айласы нетти — деп, Колу сынып Канчоро, Жарадар болуп кеткен — деп. Арстанга жардам кыларга, Калган эмес бектен» — деп. Анда айтат хан Бакай: «Баарыбызды кыйраткан, Бел коргондо Шыпшайдар, Калмакча аты Шыпшайдар. Эл койгон аты Жойкара, Ошонун уулу Кожожаш, Келгени, бейм, ант ургур. Эреңдерди кыйратып, Сойгону, бейм, мант ургур. Эми билдим баатырлар, Башын кесип кетуучу, Баатыр эмес Уусаңген. Аткан экен Кожожаш, Азапты салып бул башка. Гүлүстөн кетсе алыска, Гүлүстөндөн айрылсак, Ким жарайт эми намыска? Жарар бекен Айчурөк, Аркасынан барышка?» Бакай абаң муну айтып, Эки эренге жай айтып. Берендерди ээрчитип, Коргонго барып кирди эми. Өзү Бакай табыпкер, Жалгызек менен Канчоро, Шыпа кылып колуна, Салгын деп кудай оңуна. Тай буурулдун шыйрагын, Буулум менен чырмады. «Чиритпей өзү сактайт» — деп, Алтындан шакшак кылганы. Каде менен оротуп, Хан Бакайдын таңганы. Алдырып келди талаадан, Арстан Тайлак баланы. Айчүрөк учуп асмандап, Гүлчоро кеткен кол айдап, Андан кабар ким алат? Барарга киши жок болуп, Баралбай кыргыз токтолуп. Жүз отузда бул кезде, Барууга турду камданып, Эр Жамгырчы козголуп. Ал Жамгырчы баатырдын, Минген аты Уларбоз, Салынганы байандоз. Саадагын алып байланбай, Колуна кармап найза албай. Кайда терек, тал болсо, Жулуп алчу тайманбай. Ошону менен жоо алган, Илгертен берки адаты. Карылык менен кери жок, Ойуна түшүп санаты. Уларбоз менен аргытып, Алчактап кетип баратты. Муну мындай таштайлы, Жубатай менен Гүлчоро, Жоругунан баштайлы.