Семетейдин жалгыз көздүү Мадыкөлдү сайышы
Бетпак тоону жердеген, Түркмөн деген эл деген. Ал туркмөндү башкарган, Жалгыз көз деген эр экен. Маңдайында жалгыз көз, Бендеден башка шумдукту. Бир бөлөкчө жаралган, Теңдешип бенде жеңбеген. Өзү балбан адамдан, Ар канча балбан болсо да, Башка жакка барбаган. Шукурлуунун тоосунда, Карагайлуу коосунда, Карманап деген бар эле, Кара дөө деген иниси, Ага-ини жан эле. Карманаптын алгапы, Эр Манастын эжеси, Кардыгач дегеп кыз эле. Жакып хандын тун кызы, Манас менен киндиктеш, Карманаптын колунда. Далай малы бар болуп, Коломтолуу бай болуп, Козголбой жатчу неме эле. Түркмөндөгү Жалгызкөз, Үйүндө жатып ойлонуп, Тегеренип толгонуп: «Күчүм болсо ушундай, Орустан киши катылбай, Баатырлыгым ушундай. Бараңдан киши катылбай, Букар менен Шам шаарын, Чаап алсам болбойбу? Карманаптын жылкысын, Айдап алсам болбойбу? Жакыптын кызы Кардыгач, Карманаптын алганы. Айалдан сулуу сонун — дейт, Тартып алсам болбойбу?» Канча жылдан бер жакка, Козголбогон түгөнгүр. Өзүнүн аты Мадыкөл, Кошумчасы Жалгыз көз, Өлүм айдап, кан тартып, Өзү үйүндө жата албай, Карманапка жөнөдү. Элинен тандап кол жыйнап, Аз жыйнабай мол жыйнап, Беш миң киши нак ылгап. Аш-тамагын көп алып, Арбын кошун кол айдап. Бетпактыдан аттанып, Шүкүрлүү көздөй жол тартып, Карманап көздөй оң тартып. Келе жатат Мадыкөл, Керней, сурнай чуулатып. Арада нече конуптур, Алда канча жол басып, Шүкүрлүү жетип болуптур. Шүкүрлүүнүн жери жай, Карманаптын калкы бай. Улуу, кичүү дебестен, Элинин баары жалпы бай. Өзү тажик мусулман, Мунун журту илгертен, Чачылган эмес, бузулган, Жылкы алам — деп, — Жалгызкөз, Кол салып келди ушундан. Арага киши жиберип: «Карманап мага келсин — деп, Үзөнгүмдөн кучактап, Таманымды өпсүн — деп, Эли, журтун башкарып, Кан болуп жата берсин — деп, Каалаганым Кардыгач, Катынын тартып кетем» — деп. Келген киши кеп айтып, Калтырбай кепти деги айтып. Карманап өтө бузулуп, Каарданып тутулуп: «Кара дөө иним кайда — деп, Кайрат кыл, белин байла Дөө деген сенин атагың, Бастырып үйдөн чыкпайсың, Ушунуңа капамын! Жайы, кышы тап жылбай, Жалгыз үйдө жатасың. Бересиңби түгөнгүр, Жалгызкөздүн жазасын!» «Айланайын, акебай, Айтасың сөздү ар кандай. Жалгыз көзү бар болсо, Сокур эмес сак болсо, Желмогуз болуп жүрбөсүн? Каныбызды сорбосун? Калтырбай сойуп койбосун?! Адамдын этин жейт дечү, Төкпөйт деген сорпосун. Кара дөө атым болголу, Ат бастырып чыкпадым Же сайышып душман жыкпадым, Кардыгачты бер десе, Анча неге сыздадың? Бербейсиңби катынды, Албайсыңбы малыңды, Хандыгың башта бар болсо, Дагы аласың катынды!» «Бокту жеген акмак — деп, Болбогон кепти кылат — деп, Катынын тартуу кылганда, Калган эл укса уйат кеп! Мен өзүм да баатырмын, Жалгыз көз кандай кылат» — деп Эл чогултуп, туу сайып, Азыраак кошун куралып, Астынан чыгып, жол тосуп, Жалгыз көзгө жол кошуп, Ак асаба желегин, Асманды көздөй аштатып. Атыш, чабыш кылбастан, Сайышар жерин басташып. Күтүп турду Карманап, Жалгызкөздү сакташып. Жалгызкөз жайы ушундай, Жаандан ашкан кыйын ай. Чын ачуусу кармаса, Чийки жеп койот, адамды ай. Жылында киши берүүчү, Урумдун эли чыдабай! Орустан алман алуучу, Кыздан салык салуучу. Кебеп кылып адамды, Жеп бүтүрүп жануучу. Адамды көрсө түк койбойт, Айбаты катуу эр ушу! Мурунунун үстүндө, Муштумдай болгон жалгыз көз, Адамзатка окшобойт. Кан куйгандай кызыл көз, Орто бойлуу тууралжын, Угуп турсаң, кызык сөз! Кыздан алман алучу, Койнуна анын жатучу. Башканы эмес катынын, Жеп алчу канкор капырың, Жылбас чабдар аты бар, Минип алган баатырың: «Карманап деген сенби — деп, Кардыгач кызык көрүнсө, Кармашар болсоң келгин» — деп. Бу да мыкты бек айбат, Тартынган жок тайгактап. Жалгыз көздү тургузбай, Артынан өлүм айдактап. Беттешип кире барганда, Карманап сайып калганда, Карманаптын найзасын, Кармап алды жазганбай. Кара дөө жетти артынан, Агасын карап туралбай. «Ага-ини келет — деп, Намыс кылып уйалбай. Мендей баатыр болобу, Экөөнү каттап бир албай?!» Кара дөөнүн найзасын, Мадыкөл дагы кармады. Карманап менен Кара дөө, Тарттырып ийип найзасын, Куру кол болуп калганы. «Көзүң көрүп турчу — деп, Куп кылар ишим ушу — деп, — Өз элинин ичинен, Кызыл тору жигитти, Кычырды — бери келгин» — деп. Чыкырып алып жигитти, Ким билет мунун жумушун? Жанындагы жигитти, Жалдырап карап турушу. Колунан анын кармады, Канжарлап кардын жарганы. Көрсөтүп туруп майданда, Чыркыратып жалмады. Көрүп турган капырды, Коркпой бенде калбады Кара дөөнү шилиден, Сол колу менен кармады. Карманап болсо оң колдо, Кар кылышы болжолго, Жакып хандын Кардыгач, Качырып жетти ошондо. Өзү катын карыган, Мүчөсү эркек далыдан. Кара дөө менен эр Манап, Кардыгачка жалынган. Сууруп алып найзасын, Кетирди мунун айласын. Кутказды кайын инисин, Кутказды Карманабын. Жедирбестен жырткычка, Ажыратып экөөн тең, Бура тартып, дуу койуп, Издемек болду Кардыгач, Семетей сындуу инисин. Таппай калды дөөлөрдү, Ташка чыгып аралап, Качып кеткен жөөлөрдү. Элин койбой көчүрдү, Жылкысын койбой жылдырып, Баарын айдап кетирди. «Дагы элден калды» — деп, Аралап жүрөт тоолорду, Антарып жүрөт коолорду. Тогуз күндүн ичинде, Алты жигит, беш кызды, Он бирин сойуп жеп болду. Жата турсун Жалгызкөз, Жарма ордуна кан ичип. Ойной турсун Жалгыз көз, Нан ордуна киши жеп. Жан айабай Кардыгач, Семетейге кетти издеп. Өзү көргөн жол менен, Кең Ташкендин ой менен. Наманген басып аралап, Айагы өөдө Таластын, Күмбөзүн көрдү талаадан, А дүйнө кеткен Манастын. Куран окуп Манаска, Кудайына сыйынып, Элечек жок башында, Эркекче кийим кийинип. Эр Семеңдин үйүнө, Барып түштү Кардыгач. Тааныган жок Семетей, «Кайдан келген киши» — деп? Ал аңгыча болбоду, Ак сакалы жарк этип, Күн нурундай жалт этип, Хан Бакай кирди эшиктен. Карап калып кабылан, Карындашы Кардыгач, Көргөн жерден тааныган. Жолун кууп Манастын, Эже дээчү мурунтан: «Эжеке, аман жүрдүңбү? Эрмекке бала сүйдүңбү? Эркекче кийим кийинип, Кыйынчылык көрдүңбү? Өзүң, басып келипсиң, Кыргынчылык көрдүңбү?» Кабылан сурап калганы, Көзүнүн жашы бурчактап, Кардыгач кебин салгааны: «Бетпак тоону жердеген, Баары түркмөн эл деген, Ал түркмөндү башкарган, Жалгыз көздүү эр деген, Адамдын этин чийки жейт. Орустун элин жадатты, Урумдун элин каратты. Мени соогат берсин — деп, Карманапка кат жазды. Бербеймин — деп, Карманап, Кошуун курап, кол жайкап, Намысына талашты. Карманап күчтүү эр эле, Мени менен бир тууган, Манасымдай шер эле. Кайын иним эле Кара дөө, А дагы кимден кем эле? Экөө катар качырса, Сууруп алып найзасын, Куру кол койду жөн эле. Намысым үчүн эркекче, Кийинип алып мен бардым. Ажыратып дөөлөрдү, Ажалынан кутказдым. Алдыңа келдим мен мында, Өзүң билгин калганын!» Семетей угуп туруптур, Сөзгө көңүл буруптур. Эженин жүзүн көрбөгөн, Ким экенин билбеген. Эми билди Семетей, Чоролорду чакырбай, Бастырып кетти жапжалгыз, Чоң экен — деп кенебей. Адамдын этин жей турган, Жалгыз көздөй жырткычты, Бучкагына теңебей. Бастырганда Кардыгач Баса минди атына. Кирип алды ал ээрчип, Семетейдин артына. Күйүп ичи жалын чок, Курган малдын дартында. Айабады жалгыз — деп, Семетейдей жакырды, Ал өңдөнгөн капырга. Намангенден өткөндө, Ташкенди басып кеткенде. Шүкүрлүүнүн тоосуна, Ошого жакын жеткенде. Эки жагы бийик тоо, Орто жери терең коо. Кырында кайкы белес жол, Адам ашчу жери ошол. Жалгыз кыйа аттанган, Кадымтен бери бел ошол. Семетей чыкты койгулап, Буурул менен деги ошол. Эжесин карап көрбөдү, Өзү жалгыз кудайдын, Өкүмүнө көнгөнү. Дүрбүнү алып койнунан, Көзүнө салып көргөнү. Шүкүрлүү бетин караса, Адырмак жери түз талаа, Айдап жылкы келатат, Желмогуздай чоң балаа. Карап көрсөң капырды, Адам жээчү жакырды, Кабагы салык, өңү саз, Узун эмес бойу пас. Туурасы келет төрт кучак, Булчуңу бука санындай, Муну көргөн тирүү жан, Калар эмес наалыбай. Бышыгы менен кери жок, Чийкиси менен иши жок. Кандай нерсе жесе да, Карды оорубай аш болот. Колуна алган бир кыз бар, Катуу кыйын жумуш бар, Байкап уккун кыргыздар. Баатыр Семең, эрлигин, Айкөлдүн уулу жалгыздын, Айбыкпаган шерлигин. Ошол үчүн ал алган, Чынкожо менен Толтойдон, Атышып жүрүп теңдигин. Көрө салды Семетей, Келе жаткан немеңди. Көрсө дагы жалгыз көз, Кишиби деп кенебей. Байлап алган кызы бар, Чыктап жээчү тузу бар. Калтадан тузду алганы, Эңкейип кызды кармады. Канжарды алып колуна, Жарганы кызды калганы! Жапаасын көрүп канкордун, Семетей туруп албады. «Манастап» ураан чакырып, Качырып жетип барганы. Жалгызкөз ачык угалбай, Кара дөө окшойт — деп ойлоп, Кычырып жатат агасын, Кызыгып мага ал келсе, Кетирейин чамасын. Эч нерсе менден кери жок, Кыздын кылып айласын, Эр Семетей баатырдын, Көп элдер көргөн пайдасын. Муштаганда таш тешкен, Белинин сынып кетпеген, Ак болоттун кыймасын, Төкөр уста эптеген, Атадан калган Сырнайза, Сундуруп алды колуна, Жалгызкөздөй баатырдын, Сайып өттү сооруга. Селт этип бойу дүркүрөп, Чочуп кетти ушунда. Жети кабат темир тон, Кийген экен үстүнө. Отурайып тиктесе, Тик бакпай бенде жүзүнө. Кызды таштап жиберип, Жылбастын башын имерип: «Кайдан келдиң, бала — дейт, Каның тартып мага» — дейт?! Өзүң толук баласың, Бүткүл этиң май го» — дейт?! «Сен билбесең менмин — дейт, Манастын уулу Семетей, Сени издеп келдим» — дейт. Көкжал Манас дегенде, Күүгүмдөп көзү тунарды. Манастын атын укканда, Нур кетип бети кубарды. Айбаты бар арстанын, Айкөл Манас мамындай, Атын уккан бенделер, Акылынан шашканы: «Андай болсо Семетей, Арып-чарчып келипсиң, Кылар ишиң баштагын, Кийгеним темир тон — деди, Кылыч кеспейт, ок өтпөйт, Денем таштан бил — деди. Мени сайып эңкейтчү, Туула элек бир — деди! Алдыма келген жаш бала, — Сен кезегиң ал — деди. Жеринен арбак колдогон, Беттешкен бенде оңбогон. Бала жолборс Семетей: «Баштагы кезек сенден» — деп, Башын чайкап болбогон. «Болбосоң, бала, мейлиң — деп, Канын, тарткан экен — деп, Капшырайын жерге — деп. Кызыталак Семетей, Көрсөтөйүн көзүңө, Эрдемсиген түгөнгүр, Энеңдин тойун өзүңө! Кандай чыксаң ошондой, Чыккан жердин тешигин, Көрсөтөйүн сага мен, Кире турган эшигин. Катырайын кадамың, Жегизейин кешигиң!» — Деп, Мадыкөл жалгыз көз, Күүлөнүп найза алды эми. Күркүрөтө сунду эми, Найзаны таштап жиберип, Он эки канат ордодой, Оң жагыда чойун баш, Ошону колго алды эми. Жылбас атты чуратып, Жылмаңдап өңүн тер басып. Күңгүрөнгөн түгөнгүр, Кош колдоп келип урду эми. Калканы бар далыда, Туулгасы бар башында, Эр Семетей кебелбей, Карап турат алдында. Чойун баш келип тийгенде, Калкандын баары калдырап, Туулга бүтүн быркырап. Жон сөөгү ооруп зыркырап, Кете жазды асыл жан, О дүйнө көздөй чыркырап. «Эр кезеги бир — деди, Эр Семетей баатырың, Мен урамын тур» — деди! Атасы Манас баатырдын, Чойун башы жок эле. Иштетер болсо чойун баш, Айбалтанын сырты эле. Мизи, сырты балтанын, Уйуткан болот курч эле. Качан да болсо канкоруң, Сырты менен урчу эле. Каары менен чапканда, Ташты талкан кылчу эле. Буурул атты секиртип, Бурулуп чыгып желигип. Жанаша түштү Семетей, Алдында атын теминип. Чаап өттү Семетей, Орой төбө чокуга, Карап көрсөң Жалгыз көз, Калканы жок далыда, Туулга жок башында. Кийгени тери тебетей, Кебелбей турат ушунда. Мына ошону көргөндө, Таң калды Семең ушуга «Кандай кылсам экен — деп, Кабылан Манас атамдын, Арбагы колдор бекен» — деп? Балталарын ташташып, Колго найза кармашып. Качырышып сайышып, Карсылдашып салышып. Бирин бири жеңе албай, Эки күн турду тайышып. Жаракта жалгыз бүтүн жок, Баарысы сынган быркырап. Жалгыз гана Сырнайза, Колунда турат зыңгырап. Желмогуз Жалгыз көзүңдүн, Деги жаны аманат. Ал Семетей баатырды, Арбактар сакта саламат. Семетейди карасаң, Серпишкен жоосу аламат. «Арбагың азыр жолдо — деп, Атакем, мени колдо — деп, Калганга кылбай жаманат!» Эр Семетей баатырың, Атасы өткөн Манастын, Арбагына сыйынат. Орто белден алышып, Оодарышып калышып. Аттын баарын чарчатып, Аслы айла болбоду, Жерге түшүп бул экөө, Чечип салды тондорду. Арбайтып сунуп колдорун, Көрсөтмөк болду болжолу. Өөде-төмөн сүрүшүп, Күрөкөлөр жыртылып, Чынжырлары кырчылып, Жердин бети жыртылып. Кургак жерден суу чыгып, Чуңкур жерлер дөң болду, Дөңсөө жерлер көл болду. Кармашканы экөөнө, Бүгүн жети күн болду. Жалгыз көз да кошуун көп, Семетейде жөлөк жок. Ошондо да чунагың, Коркуп калбайт дегеле, Анткени баатыр жүрөк ток. Жалгыз көз туруп кеп айтат, «Шер экенсиң — деп айтат. Чыныңды айтчы сен кимсиң, Эр экенсиң мен билдим?» Семетей анда муну айтат: «Жашырбаймын, шерменде, Атамдын аты алп Манас, Өзүмдүн атым Семетей, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, Элибиз кыргыз көп алаш!» «Андай болсо, Семетей, Атка минип алалы, Кезектеше калалы. Сенин каның ичпесем, Жалгыз көз атым курусун. Айкөл Манас баатырдын, Тукумун бүгүн үзбөсөм! Белиңди байла абыдан, Үмүтүң үзгүн жаныңдан Издегеним сен элең, Өзүң келип калыпсың, Таалайыма табылган. Өлтүрбөй мен койомбу, Өзүң келип кабылсаң?!» Колуна алды кылычын, Капырдын көрчү жумушун. Каршы маңдай жагында, Кара сеңир тоо келди. Кылычын кармап колуна, Качырып тоого дап берди. Талкан кылып тоо-ташты, Эр Семетей баатырды, Коркутамын — деп келди. Кылычты тартып алганда, Кара ташка салганда, Каары менен чапканда, Как жарылып кара таш, Талкаланып туз болду. Кайраттанып ошондо, Жалгызкөздөй баатырдын, Жүрөгүнө күч толду: «Койсоңчу, бала Семетей, Көрдүңбү деди ушуну?!» «Кара ташка чапкыча, Канкор мага чапкының. Такандашчу Семетей, Күчүң, болсо ачкының, Эрдигинен жазганбай, Семетей айтты ушундай. «Дагы күчүм көрсүн — деп, Жүрөгү чыгып өлсүн» — деп, Жанаша турган боз дөбө, Колундагы чойун баш, Чаап тартып алганда, Томурулуп тоодой таш, Асманды көздөй зыркырап, Учуп чыкты кара таш. «Эрдемсиген, Семетей, Өрөпкүбөй көзүңдү ач!» Аны Семең, элебей, Эрдик менен кенебей, Жалгызкөздөй көкжалды, Бучкагына теңебей. Үстүнө келди бастырып, Тай буурул менен тебелей. Чийкилей адам этин жеп, Ал Жалгыз көз кутургур, Ууртунан кан куйултуп. Карышкырдай ант ургур, Семетейди карады. Эми ойлоп санады: «Кабыландай эр экен, Кара кашка шер экен. Бала да болсо Семетей, Азыр мага тең экен. Семетей турса залкайып, Тай буурул менен чайпалып. Аккула менен болкойуп, Арстан Манас зоңкойуп. Уй куймулчак Сарала, Уйулгутуп Алмамбет. Көктеке менен болкойуп, Көзөл Чубак келатат. Буларды көрүп Семетей, Кайраттанды ченебей. Жалгыз көз катуу өкүрүп, Жаалысы менен түкүрүп. Чойун башты колго алып, Жылбас атты айабай, Камчы менен бир салып. Эр Семетей баатырды, Чапмак болду каарданып. Арбагы айкөл Манастын, Арка болуп Семеңе, Артында турат калкайып. Жалгыз көздүн көп кошун, Карманаптын калың, эл, Карап турат жардашып. Жалгыз көз капыр кутургур, Жан айабай ант ургур, Жаман чапты кырданып, Жаачу күндөй сүрдөнүп. Чойун баш менен урганда, Жылбастын башын бурганда, Жыгылды — деп Семетей, Жылмайып карап турганда. Чаңдан чыкты Семетей, Камчы уруп бууданга. Арман кылды Жалгыз көз, Жаза чапкан экемин, «Аттиң» деп бушманда. «Манастап» Семең, бакырды, Жалгыз көздү чакырды. Семетей үнүн укканда, Колуна балта курч алып, Алдыдан ал да качырды. Ажыдаардай өңдөнүп, Түрүн көрсөң, капырды, Маңдайга келип түз туруп. Семетейди башка уруп. Майдандын ичин чаң, алып, Чаңда Семең көрүнбөй, Жакасын элдер карманып. Жагалданган Семетей, Жалтанбай да, кенебей, Камчы берип Буурулга, Чаңдан чыкты эрендей. Эки кезек өткөрүп, Элди аман көз көрүп. Башын өөдө көтөрүп, Эр Семетей жөтөлүп, Жагалдап Семең, чыкканда, Жалгыз көз жана бушманды, Бүтүлүү тоо болсо да, Кадайын — деп бооруна, Чоң найзаны колго алып, Жүргөн жерге чуу салып, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп чочко күч алып. Качырып найза муштады, Ал кумардан чыкпады. Найзасы сынды белинен, Үзүлүп орто жеринен. Күүгүмдөп көзү тунарып, Кулагы укпай чуу алып. Көзүн бардап Семетей, Жана кайта эс алып. Тай буурулду чууратып, Чандан чыгып буралып: «Жалгыз көз баатыр, кел — деди, Кезегимди бер — деди! Кезек менен иши жок, Ант ургурду карасаң, Айткан сөздө бүтүн жок. Жан айабас жалгыз көз, Кылычын алып колуна, Кызталак кызып баратат. Жылбас аты кайыктай, Сызып кетип баратат. Эр Семетей баатырын, Кызып кетип баратат. Арстандан калган Сырнайза, Аны карман колуна, Атасы тушуп ойуна, Кадамак болуп бооруна. Кыйамына келгенде, Кыйкырып барып тийгенде. Кыйгактуу найза, көк түпөк, Төш жаргыча киргенде, Найзаны сайып мылгытып, Тезектен бетер ыргытып. Кайра айланып сайды эле, Өтө берип имерип. Чарайнасы чатырап, Чыдай албай быркырап, Темир сооттор жыртылып. Тепчип найза өттү эле, Арстандын уулу чунагың, Мына ошондой күчтүү эле. Найзага сайып көтөрүп, Жалгыз көздүн өзүнө, Айтты баатыр эр немең, Далай кепти өткөрүп: «Талоон койуп тынч элди, Талайсыңбы, Жалгызкөз?! Бекерче эле бирөөнүн, Ак никелүү катынын, Каалайсыңбы, Жалгыз көз? Алман алып кыздардан, Жалмайсыңбы, Жалгыз көз?! Тирүүлөй адам этин жеп, Кандайсыңбы, Жалгыз көз?! Кылычтын мизин кан кылып, Жалайсыңбы, Жалгыз көз?! Айдап малын олжолоп, Кордойсуңбу, Жалгыз көз?! Урушка олжо алганда, Өлүм акыр болот — деп, Ойлойт белең, Жалгыз көз?! Урумдан алман кыз алып, Ойлойт белең, Жалгыз көз?! Эми күчүңдү элге күч кылып, Көйрөңдөнүп ташты чаап, Көрбөйсүңбү, Жалгыз көз?! Боз дөбөнү тоз кылып, Болжолу жок сөз кылып, Бөлбөйсүңбү, Жалгыз көз?! Бараңдын элин аралап, Башка журтту талап чаап, Жойлойсуңбу, Жалгыз көз?! Кайда кетти ал күчүң, Бучкагыңа теңебей, Койбойсуңбу, Жалгыз көз?! Сонунду бүгүн көрдүңбү, Сойлодуңбу, Жалгыз көз?! Семетей мени сойот — деп, Ойлодуңбу, Жалгыз көз?! Жети кабат темир тон, Кийесиңби, Жалгыз көз?! Деги ажал болот — деп, Билесиңби, Жалгыз көз?! Жарлаган жерге жан койбой, Кырасыңбы, Жалгыз көз?! Бүтүн кылым калкына, Турасыңбы, Жалгыз көз?! Шыйрактанпкармап Семетей, Урасыңбы, Жалгыз көз?! Капташып ажал өлүмгө, Каласыңбы, Жалгыз көз? Тирилип кайра жериңе, Барасыңбы, Жалгыз көз?! Семиз болсо сойуп жеп, Өзүң окшош адамга, Зулум, закмат отуңду, Жайасыңбы, Жалгыз көз?! Калың түркмөн элиңди, Айдайыңбы, Жалгыз көз?! Жарадар кылып жөн койбой, Жалмайынбы, Жалгыз көз?! Өзүң кары менен жашмын, Жайлайынбы, Жалгыз көз?! Жалпы жандын көп өчүн, Алайынбы, Жалгыз көз?! Кара эшектей кардынды, Жарайынбы, Жалгыз көз?!» Жалгыз көзгө кеп айтып, Өткөзүп ага бек айтып, Как ошондо Семетей, Найзаны оңдоп имерди, Оро-пара тумшукка, Ташка уруп жиберди. Шаркырап каны чачылды, Сөпөттөй сөөгү жанчылды. Жалгыз көзгө Семетей, Билбейсиң, — деп алыңды, Кара калпак түркмөнгө, Ажал өлүм табылды. Көзү көрүп өлгөнүн, Өлбөйлү туруп берип — деп, Кол салып бала жолборско, Кошундун баары жабылды. Телегейи тең экен, Баары тегиз эл экен. Кишилери зор экен, Бойу бийик чоң экен. Аскердин түбү ал элден, Адылерден дээр экен. Кара болот зулпукор. Кармап сууруп кынынан, Качырып кирди Семетей, Жабылган элдин кыйрынан. Кылычын шилтеп тарткандай, Мизинен каны чуурган. Кылкандай найза, көк желек, Кылкылдаган аскерге, Кыйын болду бул дүбөк. Арылган боздой турултуп, Аткан тандай суурултуп. Жалгыз көздүн аскерин, Айдап Семең, үркүтүп. Таш кыйа, татаал капчыгай Тайгак, тарма жолу бар, Айдап кирди аскерди, Бала жолборс айанбай. «Тирүү койсом болбойт — деп, — Баатыры өлгөн кошуну, Жабылып мага жолойт — деп. — Тирүү калса булардан, Жазасын элдин берет» — деп, Күчү менен кери жок, Куп байлады белин ал, Кубалап кырды элди ал. Чындап бузду пейлин ал, Чың байлады белин ал. Бирин койбой талкандап Түптүз кылды элди ал. Жалгыз киши калбады, Жан качырбай жайлады. Катылышып түркмөндүн, Казат кылган бул элден, Үйүнө киши жанбады. Өчөшкөндөн Семетей, Кара калпак түркмөнгө, Бетпак тоого барганы. Жалгыз көздөй зулумду, Өлтүрүп андан өчтү алды, Өчөшкөн калың көптү алды. Жалгыз көздү жалманган, «Укмуштан угуп, өлдү — деп, Урумдун эли кубанды. Семетейди көрсөк» — деп, Эли, журт калбай чубады Тообо, назыр кылышып, Урумдун эли жыйылып, Укмуштан угуп Семеңди, Уламалап мактады. «Буту менен бир тепсе, Тоолор учуп асманга, Периштелер качкандай. Бир үйлөсө күү менен, Дарыйа толкуп чайпалып, Сабасынан ташкындай. Бир жылмайса күн күлүп, Кабагынан ай күлүп, Көзүнөн жылдыз чачкандай. Жалгыз көз жырткыч өлбөсө, Кетет элек кырылып, Калат элек баарыбыз, Караңгы көргө тыгылып. Бир жылда он беш кыз алган, Баарын койбой жеп алган, Кемип калса кыз чыкпай, Айдап кетип малды алган. Он жылдан бери карата, Ошондой кордук бул салган. Сен өлтүрдүң капырды, Теңдешпеген эч балбан». Жалгыз көздөн кутулуп, Элдин көөнү шат болду. Элдер жана чуркурайт: «Бул Жалгыз көз капырдын, Кылганы бизге дарт болду, Көкөйдөн чыккыс дат болду. Бойкат анын катыны, Сак туулса ал бала, Жана салат чоң жаңжал. Кабыл кылсаң тилекти, Жарып аны сен салсаң». Катынды издеп табарда, Кардын анын жарарда. Эжекеси Кардыгач, Болбой койду так анда: «Өзүң дагы жалгызсың, Өчөшүп сен чочкого, Аскерди койбой бут кырдың Курсакта жаткан бул бала, Чоңойуп сага не кылсын?!» Кардыгач сөзүн алганы, Жарылбай катын калганы. Жалгыз көздүн катыны, Эркек бала ал тууду. Атын анын Сарт койду, Акыры жүрүп ал Сарттан, Кыргызга бүлүк чоң болду. Бура тартып Семетей, Таласты көздөй оролду. Кол кармашып Семетей, Кара дөө менен достошту. Кетемин — деп элине, Эжекеси Кардыгач, Эли менен коштошту. Урумдан келген көп элден, Улуу, кичүү дебестен, Акыл, насаат көп укту. Арбын алды олжону, Ар бир ишке жолукту. Атасы айкөл Манастын, Арбагына сыйынып, Аттанып эли алашка, Эчен күнү жол басып, Жетип келди Таласка. Муну мындай таштайлы Чыгымдан коркуп Коңурбай, Өлгөнүнөн баштайлы.