← Сейтек

Бакайдын сурагы

Алты күн өткөн кездерде, Канчоро менен Чачыкени, Алып келер мезгилде, Ордо башы Сетертай, Асталай басып жетти эле, Азыркысын коргондо, Иш башкарган Керменбай, Айтып турат Сетертай: — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, Күмбөздөн мында келерде, Жумшадыңыз сиз мени, Сен ордого баргын, деп, Эси жок катын Чачыкей, От койуп кокус жиберет, Аңкаарыгын аны, деп. Буйрукту сенден алгамын, Токтобой жетип баргамын Желбегей желек жамынып, Турган экен Чачыкей, Учурап ага калгамын. Мени көрүп турбады, «Келдиби-кеткен элдер, деп, Канчоро хан канаке, Качан келет үйгө», деп, Ал кара бет сурады. Анда туруп мен айттым: — Сен Чачыкей, сурадың, Ээси келди Таластын, Арбагы колдоп Манастын. Гүлүстөндөй шер келди, Артыла тууган атадан, Сейтек сындуу эр келди, Айдай Чүрөк уз келди Өлжо башы Кутубай, Аа кошулуп бир келди. Олуйа Бакай хан келди, Каныкей энем ал келди, Алтымыш балбан дегенди, Жолборс бала Сейитек, Ана-мына дегиче, А дүйнөгө жиберди. Канчорого Гүлчоро, Канча акыл кеп берди, Ала турган жесириң, Чачыкейди ал, — деди, Алыңды айтып Сейтекке, Аман-эсен кал, деди. Гүлчоронун кебине, Канчоро эриң кирбеди. Карсылдашып жарым күн, Жер зынданга киргени, Айтып кебин болгуча, Ирмебей кирпик тиктеди, Мен басыла түшкөндө, Кабаган иттей каңк деди, Ыргып кетип элечек, Томолонуп шалк деди, Бүгүн болду төрт күнчө, Үйүнө басып кирбеди. Ит болуп үрөт арсылдап, Каткырып кетет карсыладп, Оозунан көбүк куйулуп, Буура болот шалкылдап, Жүрүп кетет жылаңач, Эки санын чапкылап, “Ит абдалдан коркот”, деп, Кеткени жок ит талап, Ар кайсы үйдүн алдына, Келип калат аш сурап, “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, Ой, Каныкей, Каныкей,” Деген кеби ушгулат. Андан башка кеп кылбайт, “Хан Канчоро кана?” деп, Көчүгүн ташка лак койуп, Алаканын шак койуп, Көктү карап каткырат, Күлүп атып томсорот, Ыйлап кетет шолоктоп, Жылаңайлак, жылаңбаш, Көйнөк–ыштан кийбеген, Карандай өзү жылаңач, Жулуп жатып жок калды, Башындагы чыккан чач. Маашанын баары чачылат. Аарынын баары чогулат, Кара чымын комоктоп, Кескелдирик, көк кене, Бөйөн, көгөн, дагы бар, Чагуучу жандын баары бар, Чачыкей жайы ушундай, Деп бүтүрдү бар кебин, Кайтарып жүргөн Сетертай. Кабар берген калкына Аттуу баштуу жалпыга, Миңден ашык эл келди, Кары-жашы тең келди, Чакыртып келди Керменбай, Кептин жайын билгендин. Каркылдап Бакай башында, Каныкей турат кашында, Эки колу бүгүлүп, Абасына жүгүнүп. Айчүрөк бар алдында, Хан Сейитек, Гүлчоро, Керменбай бар жанында, Кирип чыгып Сетертай, Бирге жүрөт Каргалдай, Андан башка кишилер, Артынан басып бара албай. Гүлчоро айтты бир кезде: — Торсолдой ага канаке? Алып келгин бул жерге. Торсолдой келип коргонго, Дарбазадан киргенде, Кабылан Бакай, Каныкей, Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, Муну көргөн Чанданбай, Кадырлуу болгон калгандар, Кара жандан түңүлүп. Торсолдойду хан Бакай, Кармап колдон жетелеп, Каныкей келет эңчеңдеп, Гүлүстөн келет жанашып, Көргөндүн баары карашып, Кызыл тилдүү Керменбай, Сетертай менен Каргалдай, Сетертайдын багы деп, Айтып жаткан дагы бар, Торсолдойду кара, деп, Суктанганы дагы бар. Торсолдой менен Сетертай, Өткөрүп койгон кызматты, Аны булар биле албай, Өзүнүн ордун тапты деп, Ажыбайдын Керменбай, Эл чуркурап айтышты. Абаң Бакай, Каныкей, Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, Торсолдой менен Кутубай, Сетертай менен Каргалдай, Оболбекти эшиктен, Чакыртып келди Керменбай, Сейитектин үстүнө, Барып кирди булар жай. Такта олтурган Сейитек, Оң жанында зор Бакай, Сол жанында Гүлүстөн, Бакайдын ары жагында, Аташканы айкөл шер, Атанган энең Каныкей, Гүлчоронун жанында, Айдай жеңең Айчүрөк, Кат жазуучу үстөлдө, Жалгыз өзү Керменбай. Бай Кутубай, Торсолдой, Сетертай менен Каргалдай, Оболбек – булар бир катар, Башын өөдө көтөрүп, Керменбай эми муну айтар: — Атадан калган алтын так, Асыл Сейтек, ээ болдуң, Ата конуш Таласка, Он күнчө болду конгонуң, Кечиктирбей элиңдин, Бардык ишин оңдогун. Элден азып сен кеттиң, Айчүрөктөн башкабыз, Баш көтөрбөй сенделдик. Олуйа Бакай төө бакты, Унаа минбей жөө бакты. Каныкей энем торпокто, Торпок эмес токмокто. Гүлүстөндүн далысы, Кечирлери кесилди, Кулгуна болуп ириңдеп, Бүткөн бойу тешилди, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Бүгүн кайра жеткизди. Болжоп жүрдүм Таласта, Айдай жеңем Айчүрөк, Сени үч жыл көтөрдү, Арамкор Кыйаз шек санап, Электен далай өткөрдү. Айаш атам Момунжан, Кашкардагы Токто сарт, Чүрөк жеңем келтирди, Бириңдин жараң бүтүрдү, Бириңди бойго жеткизди, Айла менен амалдап, Таласка кайта келтирди. Кастык кылган биздерге, Канчоро менен Чачыкей – Баштыгын кандай кыларбыз? Канчоронун тушунда, Бийдин бири Оболбек, Элди айап калам деп, Күндө жүрдү токмок жеп, Уктабай өттү кырк күнү, Күмбөздөн тосуп алууга, Ой-тоодон элди жыйам деп, Келе турган мейманга, Айлынча кызмат кылам деп. Тиги турган Сетертай, Ордонун башы болгондо, Бийик өкүм колунда, Экөө бирге турганда, Дагдаарып көөп кетпеди, Ойунда сактап бул жүрдү, Айчүрөк айткан кептерди. Эрекче мунун кызматы, Кыйаз мында келгенде, Кабарды мурун айтканы, Ырас чынын айтканда, Таластын тузун актады. Ыйлап жүрүп Торсолдой, Чечекейи акканы, Бала да болсо Каргалдай, Абам менен энемди, Алы эле келсе бакканы, Гүлүстөн мында келгенде, Үйүндө үч күн жатканы. Кутубай ага Таластан, Жети суу барып кул болду, Жакшы –жаман күндөрдө, Силер менен бир болду, Бирге барып бир келди, Бул өңдөнүп ким келди? Канчоро менен Чачыкей, Жазаны кандай беребиз, Кеңешине келели. Керменбай айтса кеңеш кеп, Бардыгы турду ырас деп. Баш көтөрүп ошондо, Хан Сейитек айтат кеп: — Керменбайдын кеңеши, Өтө сонун кеп экен, Мен билүүчү кеп болсо, Баарыңарга эп болсо, Канчорого кеп болсо, Каркылдап карап турганда, Хан абам билсе эп экен. Мени оозуна албайт, деп, Көөнүнө албас энекем, Мага берер билгини, Талашпас менден эжекем, Атанын жүзүн көрбөдүм, Чоң энем менен чоң атам, Бүгүн жүзүн мен көрдүм, Бала кезден бер жакка, Абакем Гүлүс көргөнүм, Биле албайым абамдын, Кандай кеңеш берерин. Анда Гүлүс муну айтат: — Жарым ооз кебим бар, Жалпы баарың угуңар, Ырайдан жанса Канчоро, Ага ырайым кылыңар, Жаман болбос мунуңар, Жакшы берди кеңешти, Абам Бакай билсин, деп, Хан Сейитек уулуңар, Энем менен жеңекем, Акырында ушулар. Сүйлөбөй баары токтолду, Каргылданып Каныкей, Айта турган окшонду: — Сейитектин кебине, Мен ыраазы түбүндө, Мунабу турган Бакайга, Манас билги талашпай, Берип жүргөн күнүндө. Береги Талас турмайлык, Бейжинде белдүү Коңурбай, Элчилешип келгенде, Ошону билген зор Бакай, Бакайга билги бергенге, Эми болду көөнүм жай. “Теңири бирге теңтуштун, Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, Канчоронун кылыгын, Гүлүсүм анын бири дейт. Ырайдан жанса арам ит, Көзүңөр көрүп турарсың, Жанбай койсо ырайдан, Бир чарасын кыларсың. Бейжиндеги урушта, Жоголуп Чубак кеткенде, Ыйлаган Манас деп угам, Атасы Чубак арбагы, Ыраазы болсун биздерден, Сабыр кыл, Чүрөк, деп турам. Бакай айтат ошондо: — Мен билүүчү кеп болсо, Баарыңарга эп болсо, Сейитек элдин жүрөгү, Гүлчоро элдин тиреги, Ак калпак кыргыз эл калбай, Гүлчоро келер бекен деп, Күндө тилек тиледи, Керменбайга мурунку, Семетейдин барында, Гүлчоро ордун берели. Ажыбайдын уулуна, Катчылыкты бергени, Падышалык алтын мөөр, Керменбайга тийди эми, Оболбек менен Сетертай, Таласта эки бий деди. Каргалдайды сен балам, Ордонун башы бол деди, Кутубай менен Торсолдой, Балдардын көрүп урматын, Үйүңдө жыргап жат, деди, Ушундай кеңеш кеп болсо, Ички сырды айт, — деди. Каныкей айаш, Айчүрөк, Айрылып барат кай жерге? Сейтек менен бир жүрөт. Кыңк эткен бенде болбоду, Бакай айткан болгону, Эшикке чыгып Керменбай, Элге угузуп койгону, Эки күнү той болду, Күн саны үчкө жеткенде, Канчорого ой болду. Канчоро менен Чачыкей, Алдырып келди коргонго, Элүү миң ашуун эл турду, Тегеректеп ошондо. Чачыкейди караса, Мас болгондой шалкылдап, Шилекей агып шалпылдап, Өлчүдөй көзү тиктенип, Тиштерин чайнап качырап, Жоолук салбай жылаңбаш, Чачтары түйдөк саксаңдап, Күлүп калат ырсайып, Тили чыгып бултайып, Асманды тиктеп чакчайып, Бир жакка мойну кыйшайып, Аркасын карап кылчайып, “Акыр-чикир келгин!” деп, Айкырып калат үн салып. Туруп калып шылыйып, Өзүнчө күлүп мылыйып, Көйнөгүн чечип ыргытып, Жыпжылаңач бул бетпак, Жана болду тырмалап. Анда Бакай кеп айтат: — Эрежеде экиге Сурак жок, балдар, билгиле, Жаш бала менен жиндиге. Бул каапырды талаага, Айдап муну ийгиле. Айдалып чыккан Чачыкей, Камышка барат мааналап, Көлөкө бербей камыштар, Эттерин тилет чапкылап. Шиберге келсе жүгүрүп, Тикен болуп шиберлер, Таманын тилип тепчилип, Сууга келет акактап, Тили карыш салаңдап, Суунун бетин көрсөтпөй, Күн тумандап далдаалап, Үңкүргө кирсе ачылбай, Ичине муну жаткырбай, Таштар кулап калдырап, Качып чыгат алдырап, Айылга келет жылаңач, Иттер келет такымдап, “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, Катыны элек бир эрдин, Мени карап койгун”, деп, Сүйлөп кетет какылдап. Чыга калса Айчүрөк, “Атанын кокуй наалат!” деп, Жүрүп кетет лакылдап. Жайытта уйдун богунан, Томолоктоп кургатып, Кылга тизип тагынат, Ошентип жүрүп ар кайда, Көрүнүп элге далайга, Түбү жок зандим бир жерге, Түшүп өлдү жеркуйга. Канчорону келтирип, Колу-бутун чечтирип, Ичкиниң деп аш берип, Бакай айтат бир кепти: — Кызыталак, арам ит, Атаң Чубак эр эле, Эр уулу менен тең эле, Атадан айлан, чунак ит, Эмне болдуң сен эле?! Мен билгенде сеники, Көөн оорур жериң жок эле. Семетей сага не кылды? Канчоро менен Гүлчоро, Көтөрүп жүрүп чоңойтуп, Өзүнө окшош эр кылды! Душманга барса аттанып, Сен экөөңдү бел кылды, Жети хан аргын ногойго, Сен экөөңдү хан кылды, Душманыңды кем кылды, Тууганыңа бел кылды, Семетей сага, Канчоро, Кай жеринен тайгылды?! Колуң тийип баатырга, Найза менен сайыпсың, Кыйазга балта чаптырдың, Сары мойун койондой, Бирге өстүң сен экөөң, Курдаштыкка карабай, Кечирин кесип алдырдың, Ыйыгы эле адамдын, Эбегейсиз кар кылдың! Өлгөнүн көрбөй баатырдын, Же көмгөнүн көрбөй баатырдын, Катынын кантип сен алдың?! Олутун бастың титинбей, Ордуна жаттың эчкирбей, Кай жоругуң каапыр ит, Айдай болгон Чүрөктү, Кыйазга олжо беришиң?! Не үчүн алып калбадың, Ата журту Таласка? Арбагына чет болдуң, Айкөл бааша Манаска! Эмчегин берген Каныкей, Торпокко салып кардадың, Эмип кетсе бир торпок, Какжаңдатып сабадың, Ыраспы жалган иштериң, Кантип тузаа табасың?! Төө кайтарттың мени сен, Унаа бербей баскын, деп, Жөө кайтарттың мени сен, Эмне кылган кишимин, Ой, арамкор, сага мен?! Колумдан келип турганда, Чубактан калган чунак деп, Казы кесип жегиздим, Жетимдигиң билгизип, Качан башка дегиздим?! Кызылдан кылдап кийгиздим, Желбестен жорго мингиздим, Манастын уулу деп жүрдүм, Качан башка дегиздим?! Айылың башка болголу, Алаңды качан мен алдым?! Кулаңды качан кууп алдым?! Кам орбодум буудайын, Сындырбадым куурайың, Ак куржунуң ачпадым, Ак теңге пулуң чачпадым, Жакшы-жаман экен деп, Артыңдан сени айтпадым. Айрыкча турат эсимде, Кармагының буура, деп, Чуркагының турба, деп, Чакчаңдап камчы чапканың, Өз ордума жаткырбай, Ороого айдап таштадың. Не кылгамын мен сага, Жүйөөлүү кебиң айтканың! Антип Бакай токтолду. Гүлчоро айтат мындай деп: — Шариаттын кеби бар, Тобо кылса кечет деп, Тозок оту өчөт деп, Жалганы жок ырас кеп. Көөн ооруңдун баарын айт, Жик-жигинен айрып айт, Болгон иштин дайнын айт, Көр оозунда турасың, Ушунчаңда кайра кайт! Чыныңда айтсаң жашырбай, Бул олтурган көпчүлүк, Өткөн ишке кайгырбайт. Каныкей айтат: - Канчоро, Жерге түшкөн кезиңде, Жерден алган мен элем, Эмчегим эмген сен элең. Сүт чыкпай кызыл кан чыкты, Өлтүрүп салбай ошондо, Багып жүрүп курган жан, Сенден көрдүм кардыкты! Семетей уулум эр эле, Кең пейилдүү эме эле, Кан чыккан деп кеп салсам, Койчу, энеке, деди эле, Сенден көрдү жамандык, Ырас болду дегеле! Алмамбет, Чубак – эки шер, Акылман Бакай кеменгер, Арстандан бери карата, Айтылып келген кеп эле, Алмамбет, Манас, Чубактын, Оорагы окшош тең эле. Чубактан калган сен элең, Алмамбеттен бул эле, (Гүлчорону көрсөтүп), Эмне кылган сага эле?! Мени кандай кардадың? Бакайды кандай кардадың? Гүлүстү кандай зарланттың? Намысы жок жаман ит, Айдай болгон Чүрөктү, Олжого кандай карматтың?! Олжого кеткен Чүрөгүм, Бойунда бала барлыгын, Ошондо билип жүргөмүн, Эркек тууса болду деп, Жылдарды санап күйгөмүн, Үмүтүм болуп Чүрөктөн, Ан үчүн өлбөй жүргөмүн. Оодарылып шум дүйнө, Ордуна турбайт бул дүйнө, Колума бүгүн тийгениң, Тирүүлөй этиң кескилеп, Талатып итке ийейин, Оозун жыйбай Каныкей,, Кийиз кындан кыңырак, Сууруп алды зыңгырап, Кой, энеке, койгун, деп, Кармай албай Гүлүстөн, Айт, Канчоро, айткын, деп, Шилиледи Керменбай. Унчукпай туруп алганда: — Ой Канчоро курдашым, Мен Гүлчоро сырдашың, Ишенгиниң нээтиңде, Саа жамандык кылбасым. Жашырбай айт чыныңды, Зарыктырып турбагын. Капаланып Канчоро, Акыйа тиктеп ошондо: — Кабаган канчык, дөбөттөр, Келипсиңер короого, Ийиле турган жерим жок, Ийне-жипче мен болсо. Жуукурлук кылсаң өзүң кыл, Маа сүйлөбө,Гүлчоро! Суракчы Бакай болуптур, Колдон келген чагымда, Баарыңды сойуп койбогон, Мага да куп болуптур. Зарылып мага наалыба, Жаагыңды талытпа, Иттен илгер жан болуп, Кишиден кийин кар болуп, Антип тирүү жүргөнчө, Өлүм жакшы чын мага. Куу сакал Бакай, Каныкей, Жылма катын Айчүрөк, Ой Гүлчоро, жуукур кул, Жетим бала Сейитек, Эми мени айаба! Кебиңерди албайым, Чычып койгон майакка... Деп Канчоро айтканда, Токтоно албай Керменбай, Кылычын кындан суурганда, Көкжалыңдын Сейитек: — Кылычты кындан тартышың, Кой, Керменбай кеп эмес, Мен курбалдаш киши деп, Гүлүстөн абам алдында, Айтпады беле далай кеп. Жана айтса жана кеп, Канчородон сураса, Байакы айткан ошо кеп, Элдер турат чуркурап, Атынан айтпай Бакайды, Олуйам бизге бергин, деп, Кетели деп кескилеп, Өлтүрүп ийсек экен дейт, Боор сыртка тепкилеп. Анда Бакай кеп айтат: — Акылга айбан болбоду, Айтканды алып оңбоду, Хан Сейитек жолборсту, Өз нээтиндей ойлоду, Алдын алып тосоттоп, Эр Гүлүсүм торгоду, Сүйлөр киши жок болсо, Мага бергин суракты. Токтолуп Бакай калды эле, Унчуккан киши болбоду. Темирден кадаа орнотту, Шуудурдун чылгый терисин, Эки бутка төрт жерге, Табарсык менен колтукка, Эки колдун карыга, Кокойгон ичке мойунга – Тогуз жерге салдырды, Башына каптап таңдырды. Салдырып бутка кең кишен, Кынжылатып мойнунан, Андан кийин Бакайдын, Мабу кеп чыкты оозунан: — Эл кыдырып келсин, — деп, Чыккынчы болот ушундай, Кыргыздын баары көрсүн, — деп, Бирине-бири кас болбой, Ынтымактуу жүрсүн, — деп. “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, Бузулбаса ынтымак, Дөөлөттү бузуп ким кууган? Бул Канчоро кара ниет, Өздөн чыккан жат болду, Сегиз күндө келгиле, Өзөктөн күйгөн өрт болду, Калганын кийин көрөрбүз, Бакай айтып токтолду. Оболбек менен Сетертай, Төрттөн киши койгун деп, Оргу-баргы чоголдон, Ошондой киши болсун деп, Чоголдон таап сегизди, Таманын жерге тийгизбей, Айдатып жолго киргизди. Кыдыртып элди айдады, Барбаган айлы калбады, Күнү айдап төрт бала, Түнү айдап төрт бала, Түн айдаган күн уктап, Күн айдаган түн уктап, Күнү-түнүн эсеби, Жарым ай жүрдү таскактап. Иттер келип такымдап, Жырып кетти эттерин, Караган-бута, токойлор, Жарып кетти беттерин. Таманга тери калтырбай, Калдырак кара таш тилип, Күнү-түндө бир чөйчөк, Сууну койот ичирип. Он алты күн толгунча, Ороодой көзү олойду, Конжурга сөөгү коройду, Кабыргасы саналды, Күнгө катып төө тери, Сөөгүнө барып кадалды. Көзү турат жылтырап, Чыкпаган араң жан калды, Мөөнөттүү күн бүткөндө, Кайра айдап алпарды, Айылга айдап барганда, Ойноо балдар ташка алды. Катындар мурдун чүйрүшүп, Кыңырак алып кемпирлер, Эшикке чыга жүгүрүп, Саксалаңдап абышка, Шибегеси колунда, Кескилеп кетмек бир демде, Тим койсо элдин ойуна, Алып барып байлады, Байагы темир кадаага. Бир күн туруп Канчоро, Сейитек, Бакай, Гүлчоро, Күмбөзгө кеткен ошондо. Айчүрөк менен Каныкей, Ат жетер жерден алдырып, Элди арбын жыйыптыр, Жерге төгүп алтынды, Чөккөн төөдөй кылыптыр, Ошол кезде Каныкей, Элге айтып туруптур: — Тилинен тартып өзөккө, Ич этине тийбеңер, Өлүп кетет тийсеңер. Этинен кесип келгиле, Таразага салалы, Ошончо алтын алгыла. Эркек киши болгондон, Барбады бирөө жанына, Кыңырак, канжар, кестигин, Ташка кайрап алышып, Кескилеп кирди тирүүлөй, Катындын баары талашып, Таразага салышып, Тартып алтын алышып, Өзөгү сак өлбөстөн, Канчоро турат кайышып, Кубалап чыкты аларды, Гүлчоро, Бакай, Сейитек, Талаадан келип калышып. Каныкейден кеп кетип, Тепелең деген бир келин, Чуркаган бойдон ал жетип, Көрүнүп турган өпкө-боор, Ичеги, карын, жумурун, Беш жеринен кескени, Канчоро өлүп кетти эми, Кылчайып туруп ошондо, Каныкей айткан бир кеби: — Өлүгүн таштап салбаңар, Кескилеп алган эт да бар, Иттин тиши тийбесин, Ит убалын кантебиз? Жерге сөөгү жатпасын, Жер убалын кантебиз? Көр каздырып койбоңор, Көр убалын кантебиз? Чөпкө жини түшпөсүн, Чөп убалын кантебиз? Билбей жесе айбан мал, Мал убалын кантебиз? Жалпак таштын бетине, Жалындуу отту жагыңар, Сөөгү менен эттерин, Жалпы баарын салыңар. Күлүн жерге түшүрбөй, Самаркан карай кетүүчү, Жазыктын кызыл шоруна, Отуз жолдун оозуна, Тогуз жолдун тоомуна Алпарып кумга көмгүлө, Үстүнө таштап үйгүлө. Таштын бетин метилеп, “Чыккынчынын өлүгү Канчоро жалгыз бейит” деп, Кат жазып койуп келгиле. Элден калган кеп экен, Ошол чактан ушул чак: “Канчорону каргайлы, Жалгыз бейит” дээр экен. Адашып кеткен Сейитек, Атанын тапты конушун, Аралап келди жер көрүп, Жетитөрдүн баарысын. Бир күндөрү болгондо, Көөнү эргип толгондо, Орусхан кызы Гүлнарды Ойуна алды ошондо. Жабдынып калды Сейитек, Орусханга барам, деп, Аңсаганым Гүлнарды, Алып келе калам, деп, Кайнатам Орус баласыз – Эркек уулу жок экен, Учурашып жанам, деп, Каргалдайды баш кылып, Жолдош алды үч киши, Гүлчоронун Акбала, Аны алып жанына, Аттангалы жатканда, Кабарга келди бир бала. Керменбайга жолугуп, Айтып турат ал бала: — Эр Сейитек баатырдын, Ырысы өтө чоң экен, Тосолгосу жок экен, Ачык жолу шар экен, Алган зайбы бар экен. Аркар карап, мал карап, Бир дөбөдө отурсам, Дүркүрөп чыкты бир топ жан, Арбын мал бар айдаган. Жортуулчу келген экен деп, Ашыгып калдым мен жаман, Аңгычакты болбоду, Төөлөрдү чиркеп колбутуп, Көчү чыкты аркадан. Андан бери карасам, Чатырды көрдүм талаадан, Кетейин деп жөнөсөм, Туш-тушумдан ат койуп, Адамдар чыкты аламан, Сийдигим булут айланып, Куурулуп калды заманам. Качарга айла таба албай, Туруп бердим дөбөгө, Алдыма келген жигиттер, Кийгени темир күрөөкө Токтолуп турду кеп сурап, Кайсы жер болот, деп сурап. Талас деген жер дедим, Кыргыз деген эл дедим, “Биле алдыңбы, сен бала, Сейитектин келгенин?” Аңкоосунуп ал жерде, Сейитек деген ким, дедим. “Семетейдин Сейитек, Таласка келип алам деп, Кеткен эле күйөөбүз. Улугубуз Орусхан, Кошуп берип Гүлнарды, Бизди мында жумшаган. Ай эсептеп, күн санап, Болжоп жүрүп Орусхан, Таласка келип конду, деп, Канчоро менен Кыйазды, Талкалап такыр болду, деп, Айткан эле биздерге, Гүлнарды алып көчүрүп, Келатабыз бул жерге”. Анда туруп мен айттым: — Андай болсо, агалар, Сейитек биздин ханыбыз, Жыргап калдык баарыбыз, Жашы менен карыбыз, Силер жатып тургула, Биз кабарга баралык. Андыктан келдим коргонго, Сейитек хандын алганы, Короолош коңшу болгонго. Отуз төөдө жүгү бар, Беш жүз ашуун жылкы бар, Эрди-катын жыйырма жан, Кулу менен күңү окшойт, Мен көргөнүм ушул деп, Бүттү бала айткан кеп. Ордого кирип Керменбай: — Ачкан колуң жабылды, Издеген жогуң табылды, Урумдук келип көчүрүп, Алган Гүлнар зайбыңды. Энчиге беш жүз жылкы айдап, Отуз төөгө жүк камдап, Отунчу менен казанчы, Санаты жыйырма экен, дейт, Чоңтескей келип конду, дейт, Бир бала келди кабарга, Маа айтканы ушул кеп. Сейтек угуп кабарды, Ордого түшүп жай алды, Аттанбай кайра түштү, деп, Көргөн элдер таң калды. Акылман туулган Керменбай, Алдынан улак алпар, деп Кырк баланы куптады, Келинден тандап ыктуудан, Кишиге жакын шыктуудан, Так отузду жумшады. Акбаланы бар, деди, Өзүң, жеңе, баш болуп, Алып келе кал, деди. Эркектер улак тартышып, Урумдан келген кыргыздын, Эбедени эзилип, Эт жүрөгү жетилип, Түйүндүү сыры чечилип, Жандап келип келиндер, Акбаланы көрсөтүп, Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, Башкага чылбыр карматпай, Атын алды жүгүрүп, Көчүрүп келип Гүлнарды, Коргонго алды түшүрүп, Урумдун элин узатты, Он-он беш күн күтүшүп, Кулу менен күңүнү, Калтырбады бирини, Жалгыз бала Сейитек, Бир закматы болор, деп, Айдай катын Айчүрөк, Баарын кайра кетирип, Кул-күң болуп келгендер, Көңүлү өстү жетилип. Кетпеймин деген немесин, Айылын башка кондуруп, Саанын берип тундуруп, Кулдуктан башы кутулуп, Ойноп калды туйтунуп. Муну мындай таштайлы, Төлгө кылып Каныкей, Дөө Кошойдун Тайтору Чапканынан баштайлы.