Сейтектин Таласка келип хан болушу
Түн бойунча жөнөдү, Ай төбөгө келгенде, Айчүрөк, Гүлүс, Сейтек, Кутубайды кошо алып, Жети суудан аттанып, Керменбай менен болжошкон, Колунда кагаз катталып, Таласты бетке алышып, Түзөнгө келсе жарышып, Жүрөктөрү жарылып, Мээрин жутуп абанын, Бүткөн бойу балкышып, Темир тоонун кырына, Тарашанын сыртына, Салып чыгып барышып, Турнабай алып колуна, Кең колду көздөй салышып, Көрүнгөн жерин карынын, Сейтекке танытып, Көздөрүнөн жаш кетип, Тамшанып ыйлап наалышып, Бөксөдө жолго салыптыр, Бармак болуп күмбөзгө, Булар жөнөп калыптыр, Сары бөксө дегенде, Арыгынан Куу тайган, Козголбой жатып алыптыр. Тайганды таанып эр Гүлүс, Сур аттан ыргый туйүлүп, Аңгычакты Айчүрөк, Ал дагы түшүп жүгүрүп, Башын жөлөп караса, Көзүнүн жеги ириңдеп, Тиштери чыгып ырсайып, Тумшугу менен жер сайып, Комдонуп жаткан бойунча, Кобо албай жаткан чагы экен, Семетейди сагынып, Он эки жыл зарыгып, Эмне үчүн келбейт, деп, Жаткан экен тарынып, Эски жүнүн түшүрбөй, Каш кулак басып суур жебей, Айбан да болсо жаны бар, Жабырды тартып ченебей. Айчүрөк келип тайганды, Жазганбастан кармады, Ала жүргөн жанына, Чыгарып алган каргыны, Мойнуна тага калганы. — Ээң келди, жаны бар, Эми кандай арман бар? Деп кебин айта салганы. Эси оганга эс берген, Шай кеткенге дем берген, Эбептеген немеден, Эптүү жеңен Айчүрөк, Эки талды жедирген, Шилисин тартып сун алып, Куу тайган көзү тунарып, Эсине келип көз ачса, Айчүрөк турган бур алып, Чүрөктү көрүп кыңшылап, Куйругун шыйпап кылчактап, Аңгыча көрүп Гүлүстү, Кишиден бетер кучактап, Көзүнүн жашы он талаа, Токтобостон бурчактап, Тиши тишке шакылдап, Эки-үч үнүн чыгарып, Үрүп ийди арсылдап, Чө бөрү менен көк бөрү, Үнүн угуп калганы, Эси чыкты калтылдап. Сейтекке ошондо, Айчүрөк кебин салганы: — Ушул турган Куу тайган, Атаңдын салган тайганы, Адамы тургай Таластын, Кор болуптур айбаны! Асталай басып Сейтек, Атамдан калган тайган, деп, Желкесинен алганы, Тайгандын жүнүн сылады, Канча жылдык эски жүн, Дегеле неме калбады. Сейтекти бир тиктеп, Семетей келген экен, деп, Улуганда заңгырап, Тоо кабышып зыңгырап, Тарашанын тоосунан, Таш кулады кылдырап. Эки буттун ортодон, Эки айланып өткөнү, Ала салып нары оонап, Аңтарылып бери оонап, Ар жагында кашаттан, Кире берди кыңшылап, Кудай бетин салбасын, Ээмдин көөнүн ачам, деп, Кетип барат жымылдап. Кең колоттун курбусу, Кулжа жатчу жер эле, Ачып көздү жумгуча, Куу тайган салып келди эле, Кулжадан бөлүп айдады, Алдына бешти салганы, Сейтек салган бөктөргө, Кууп келе калганы, Атка кирип келгенде, Бирөөн тиштеп жарганы, Ай, жаныбар, болду, деп, Гүлчоро барып кармады. Мойнуна каргы илгенде, Үчөөнүн колу тийгенде, Эркелеп ойноп кайкаңдап, Кадимкидей акактап, Семирип тайган толуптур, Семетей бардай болуптур, Куу тайган жарган кулжаны, Эр Гүлүстөн сойуптур, Кулжа эки-кой эти, Төртөө мыктап тойуптур. Аттанып жөнөп алышты, Куйушуна Чаткалдын, Күн бата жетип барышты, Аттары Кеңкол чөбүн жеп Өздөрү көнүк сууну ичип, Ал жерге конуп калышты. Жатардан тартып бир неме, Кар-кар этип кар этет, Суу төккөндөй шар этет, Кайсы экен билинбей, Бир немеси кириндейт. Таң агарып атканда, Атактуу Талас жерим, деп. Ак калпак кыргыз элим деп, Тура калып Сейтек, Өөдөлөй басып караса, Сымбаты төөдөй кейпи бар, Онтоп жатат бир жандар. Жанына келип караса, Сөөгү турат эти жок, Көзү көрбөй кал басып, Эки өркөчү шылпыйып, Төрт айагы тарбайып, Өтө арык тартайып. Карап туруп жанында, Ойуна алды Сейтек: “Эжекем айтып жүрчү эле, Куу ингени атаңдын, Алдыңан, балам, тосот деп” Ургаачыбы, эркекпи, Абдан байкап караса, Өзү иңген төө экен. Куу иңген ошо экен, деп Жаш Сейтек кезенди, Айбанды мындай кардаган, Канчоро кулду жесем, деп. Жаны барым куу иңген, Агытып Чүрөк ийгели, Кайыпчынын ойунда, Жан жүрбөс кумда жүрүчү, Ар качандан бир качан, Түшүнө Чүрөк кирүчү. Үч күн удаа түш көрүп, Жолго чыккан куу иңген, Келе жатып буу чөлдө, Жолдон азган бул иңген, Так токсон күн жол таппай, Жер издеген бул иңген. Эки күндүн алдында, Таң ата келген бу жерге, Барайын деп төрт көлгө. Чөккөн бойдон кобо албай, Өзөгү ооруп зыркырап, Кызыл өңгөч каркырап, Жел тартып керней шаркырап, Кокосу кээде кор этип, Жатып калган кези экен. Карап турат Сейтек, Айра таанып биле албай, Же таштап кете бере албай, Аркасынан Гүлчоро, Басып келди тура албай. Гүлчоро жыты киргенде, Каңгырап боздоп ийди эле, Куу иңген үнүн укканда, Айчүрөк чуркап келди эле, Дартка дарман медеттен, Иңгенге бешти берди эле. Көзү ачылып жарк этип, Айчүрөктү көргөндө, Боздоп ийди каңк этип, Кобойун десе өркөчү, Эки кат тери шалп этип, Эки буттун коборуп, Эки колу кобо албай, Жыгылып калды талп этип. Эр Гүлүстөн, Сейтек, Бүлдүргөн деген чөп терип, Алып келип бергени, Айчүрөк, Гүлүс экенин, Анык иңген билди эми. Сейтекти жалдырап, Карап калат бул иңген, Ким экенин биле албай, Тилсиз айбан канетсиз, Сурап деги ала албай, Тумшугу менен Гүлүстү, Колтуктан ары бир түртүп, Сейтекти карады, Тааныбай сурап жатат, деп, Гүлчоро билип калганы: — Жаныбарым Куу иңген, Он эки жыл болуптур, Бөлүнгөнү сен менен, Көрүшбөй азыр кеткени, Таластагы эр менен. Тиги Чүрөк, мен Гүлүс, Сага жүктөгөн ак күмүш. Бүгүн коппой калыпсың, Кара жанга күч келип, Семейтеден Сейтек, Бой тартып калды серейип, Сейтекти туу кылып, Таласка келдиң сенделип. Гүлүстөн угуп Куу иңген, Олуйа энең Каныкей, Тойго минген бул иңген, Сейтекти бет алып, Жылып жөнөп алыптыр, Кыйналбай деп жаныбар, Сейтек жетип барыптыр. Мойнун созуп Куу иңген, Сейтекти бир жыттап, Гүлчорону бир жыттап, Айчүрөктү жалт карап, Токтобой мойну кылжыңдап, Ээси берген көктү жеп, Бүлдүргөн деген чөптү жеп, Аш кайнамдын ичинде, Каркайып иңген семирет. Куу тайган келип иңдендин, Алдынан өттү арсылдап, Куу тайган менен Куу иңген – Экөө ойноп кылтыңдап, Секирип тайган кыңшылап, Койкоңдойт иңген буркулдап. Муну койо туралы, Ажыбайдын Керменбай, Ошондон сөздү угалы. Арстан Гүлүс кеткени, Ажыбайдын Керменбай, Эл аралап кеткени, Торсолдойдун каргалдай, Как өзүнө жеткени. Жеткен жерде шашырбай, Как ушундай кеп деди: — Оозуңду бас кеп кылбай, Ордо баккан элдерди, Сен байкагын туйдурбай. Сейтекти эңсеген, Сагынганы бар бекен? Жоголсун келбей бизге, деп, Күбүр кылган бар бекен? Аз күндө келет эр Гүлүс, Ал күнү болот көп жумуш. Карасы ак болбосун, Агы кара болбосун, Ак кишилер жоголуп, Каралардан калбасын.- Деп тапшырып Керменбай, Үйүнө барып жай албай, Ай аркандап, Күн күрмөп, Келер күндү болжолдоп, Жети төрдө элдерге, Айылбашы эрлерге, Атайлап өзү келди эле. Эминеге, келген, деп, Таңдаңганы дагы бар, Кебин уксак экен, деп, Зарланганы дагы бар. Аксакалдын баарысы, Акыл – эстүү карысы: Бекер келбейт Керменбай, Бир жумушу, бар дешип, Керменбайдын ордуна, Бий болгон кишим Сетертай: — Керменбай ага, келгин, деп, Тору тай менен түн катып, Кабар бергин менмин, деп, Бекер минтип жүрбөйсүз, Бир жумушка келдиң, деп, Бойунда Чүрөк кетти деп, Мен айттым эле күмөн кеп, Эл бузулуп качарда, Сиз токтотуп койгон кеп. Алыска кеткен арстандан, Атайлап кабар болдубу? Ачылып көөнүң толдубу, Уккан кабар менде бар, Кулак түрүш элде бар. Торсолдойдун каргалдай, Чакырып кетти сизди деп, Уккан кебим жана бар, Жашырбай айт абаке, Абалтан бери карата, Менде жакшы санаа бар. Төрт күндөн бери таңды алдым, Жүрөгүм балкып уктабай, Эр Гүлүстөн, Айчүрөк, Санамдан койду түк чыкпай. Каныкей энем, Бакай хан – Алардын көрүп азабын, Ордого барбай мен качам, Келип кетпей неттиң, деп, Канчородон тил угам, Керменбай анда кеп айтат: — Эки бий Талас элисиң, Сетертай, бийдин бирисиң, (Сары хандын ордуна Чоң ордого кирипсиң), Акылы жетик чунагым, Менин келгенимди билипсиң., Кеткендер келер бекен, деп, Сен да эңсеп жүрүпсүң. Саламат келсе Сейтек, Ал күнү чыгат далай кеп. Гүлүстөн келди, көрүштүм, Колдун учун өбүштүм. Кырк күндү болжоп кетти эле, Как ошондо келем, деп, Көкжал Семей төрөнү, Оодарган тактан Канчоро, Нак жазасын берем, деп. Ак калпак кыргыз бүт калбай, Күмбөзгө барсын такыр, деп, Мен укканым ушул кеп. Оболбек бийдин үйүнө, Мен барайын, Сетертай, Өз элине ээ болуп, Дайарлангын унутпай. Сетертайдын үйүнөн, Кысыртады жеп алып, Бал чайкаган кымыздан, Кол чаначка байланып, Керменбай кетти аттанып, Күн болжолун жатка алып. Башка жакка бурулбай, Оболбек бийди үйүнө, Барып түштү Керменбай, Эсиң менен болгун, деп, Эки катар айтты эле, Оболбекке Сетертай, Канчородон Оболбек, Алты сапар тайак жеп, Көөнү калган жайы бар, Керменбай келип түшкөндө, Жетине албай Оболбек: — Керменбай келип калыптыр, Мындан чыгаар далай кеп, - Малайларын шаштырып, - Кысыртай болсо карма, — деп, Кысырак таңдап сойдуруп, Байандозду чойдуруп, Сулуу келин Суксурга, Кымыз арак куйдуруп, Тура калып Оболбек, Кош колдоп сунуп турду эле, Алдына келген аракты, Жандырбай чечен урду эле. Керменбай уктап жай жатып, Оболбекке Керменбай, Койгон жок бир ооз кеп айтып. Бийлик кылчу үйүнө, Барып кирди Оболбек, Керменбайды жанына, Алып кирди Оболбек. — Керменбай ага сен элең, Аркаңда иниң мен элем, Дасторконду туз насип, Бирге болсом дээр элем. Баш коштум бүгүн сиз менен, Сырга келиң биз менен, Кармашып жүрүп картайдым, Канчоро деген ит менен. Кандай келип калдыңыз, Он эки жылдан бер жака, Эл аралап келбеген? Жашырбай айткын, кермеке, Эби келсе менден сен. Ойлобоймун артымды, Оргу-баргы жашымды, Канчоро алты токмоктоп, Бойоду ханга башымды. Далай күн түшсө башыма, Ошондо бирөө келген жок, Не болдуң деп кашыма. Кадырым качты калкымда. Баркым калбай башкага, Бий болгон киши сен элең, Семетей мында барында, Ойноо бала мен элем, Короолош жүрдүм айлыңда, Жаман кептин кыйыгы, Тийгени жок эч сага, Жаман кеп жанды секиртип, Ачылбай көөнүм мен капа, Керменбайга Оболбек, Сырын айтты барынча, Арамдык ойу билинбейт, Керменбай агаң байкаса. Кеп баштады кеменбай: — Оболбек, болсун көөнүң жай, Элиңди ичтен туйунтуп, Балан күнү бейшемби, Күмбөзгө баргын сен турбай. Кары менен жашынан, Эркеги менен катындан, Анда жакшы болбойсуң Бир кишини калтырсаң. Эр Гүлүстөн, Айчүрөк, Көкжалдан калган Сейтек, Кантип таштап жиберсин, Алдынан тосуп сен барсаң. Кыскасын айтам жашырбай, Менден кепти сурасаң, Бөрү жесе малды жейт, Канчоро жесе жанды жейт. “Ачкан курсак тойунат, Жыртылган кийим бүтөлөт, Мундуу эрдин6 башынан, Бузуку заман куулсун”- Деп, байыркылар айткан кеп. Сетертай менен сүйлөштүм, Баш оонанын он беши, Барлык элиң дүрбөсүңн Каадалуу киши кептентип, Канчоронун айылына, Бирөө барып жүрбөсүн. Керменбай айтып жаныптыр, Сетертай менен Оболбек, Элине кабар айтыптыр. Бийлеринен кеп угуп, Эр Сейтеңк, Гүлүстөн, Айчүрөк келет, деп угуп, Болжолдуу күнү жан калбай, Баары жүрдү чубуруп. Кулунга ноктоо салбады, Музоону кошо таштады, Козуу-улакты агытып, Аттуусу өтүп бээченден, Тайлуусу өтүп төөчөндөн, Ала бука – уй минип, Унаасы жогу жөө жүрүп, Тирүү бенде жан калбай, Сапырылып жөнөдү, Бешикте бала ыйлабай, Кулундуу бээлер туйлабай, Кетип барат эл мындай. Бозулан барат жарышып, Тамашасын салышып, Абышка келет саксаңдап, Мас болгон келет чакчаңдап, Бели эңкейип бөкчөйүп, Кемпир келет жөтөлүп, Жөө келет нечен катындар, Бешигин жонго көтөрүп. Алек-далек жүгүрүп, Чарчаган менен иши жок, Эмне минтип келдим, деп, Кейиген бир да киши жок, Сейтек, Гүлүс, Чүрөктү, Көрсөк экен дегенде, Ичи жалын боору чок. Кызыл жалын өрт болсо, Жайнаган кызыл чок болсо, Алдынан чыгып жоо келип, Мылтык менен октосо, Бура тартар пейли жок, Сапырылып жер чандап, Чакчелекей – будуң чаң, Такыр жөнөп алыптыр, Каранын көрүп бул элдин, Канчоронун жигиттен, Бир канчасы барыптыр: — Барасыңар кайда, деп, Алардан сурай салыптыр. Булар менен иши жок, Жооп берген киши жок, Далайга жолун торгоду, Тосорго айла болбоду, Кайта келип баргандар, Канчорого жолгошту: — Башка жактан киши жок, Бардыгы биздин эл экен, Барасыңар кайда деп, Кеп сурасак, кылчайып, Жооп берген киши жок; Байларың жүрөт чардаңдап, Көөдөктөр жүрөт дардаңтап, Ары–бери чапкылап, Чаңданы жүрөт салбаңдап. Кемпири жүрөт какчайып, Абышка жүрөт саксайып, Мырзалар жүрөт керилип, Келиндер кетип баратат, Кеп сүйлөөдөн эринип. Катындар бешик көтөрүп, Кеселдери жөтөлүп, Өпкө оорусу көгөрүп Опсуз жөнөп алыптыр, Өлүүчүдөй көшөрүп. Жабырап айтып барыптыр, Жалдырап туруп Канчоро, Буларды айтып калыптыр: — Эки – үчөөң бачымдап, Элге жете баргыла, Четинен кармап иттерден, Толук кабар алгыла, Кечикпей келе калгыла! Беш киши кетти кеп угуп, Канчоро хандын алдына, Артынан чаңы бурулгуп, Бара жаткан топ элге, Булар калды жолугуп. Барасыңар кайда, деп, Кеп сурашты олугуп, Унчукпай эл басканда, Кармап алды бир киши, Бешөө туруп чогулуп. Кармалган киши кеп айтты, Кеп айтканда бек айты: — Айкөл Манас баатырдын, Күмбөзүнө барабыз, Тобо-томук кылабыз, Ачкалык келди Таласка, Арыкчылык бар малда, Атайлап бара жатабыз, Арстанга абал айтканга. Канча жылдан бер жакка, Айкөл Манас баатырга, Тобо-томук кылбадык, Арбакка арнап берүүгө, Бир кенжени кыйбадык. Күмбөзгө барбай койгону, Кыш жерге токоч болбоду, Жайдын күнү болгондо, Акка карын тойбоду. Ан үчүн бара жатабыз, Алакан жайып, кол ачып, Күмбөзгө барып кайтабыз! Жөрөгөлөк деген бар эле, Чогоол өскөн жан эле, Жаңкы айткан кишиге, Мына мындай деди эле: — Алакан жайып кол ачсаң, Катып калган Манасың, Кара жердин түбүнө, Батып калган Манасың, Каптап токоч береби?! Чөп чыгабы жериңе? Сүт толобу желинге? Канчоро жанга баргын! – деп, Төбөдөн ары салды эле. Аңгычакты ал жерге, Каргалдай келип калды эле: — Ой, Жөргөлөк, Жөргөлөк! Канча жетер күчүң бар, Кой кенедей жөрмөлөп?! Салганды менден көрүп ал, Андай эмес мындай! – деп, Жөргөлөктү Каргалдай, Тогуз-он койуп жиберет, Өлтүрөбү муну, деп, Төртө кирди тебелеп, Бердек менен Каргалдай, Канчоронун беш кулу, Салышып кирди айанбай. Бердек белдүү тың экен, Белүү катуу уул экен, Жөргөлөк баштап бешөөнү, Беш жерге жыгып таштады, Аттарын алып жетелеп, Күмбөздү карай басканы, Жөөлөп бешөө демигип, Канчорого айтканы. Чачыкей бар жанында, Куурдак, чайы алдында, Анталаңдап беш дөбөт, Көргөнүн айтып барганда: — Алтымыш балбан эрлерим, Тие турган кезеги, Бүгүн болду керегиң. Бачымдап экөөң баргыла, Бейбаштык кылган ким болсо, Байлап келе калгыла, Андан башка калганын, Айдап жолго салгыла! Деп айтканда Канчоро, Чачекей айтат ал мындай: — Алтымыш эриң бүт алып, Өзүң баргын Канчоро, Оболбек менен Сетертай, Ошол жерде бар болсо, Башын алгын кулдардын, Кутуруп кеткен турбайбы, Кур семирип кулдарың! Гүлчоро кул чолоңдоп, Келип кеткен эмеспи, Тантыгандар айткандыр, Кыйнап жатат бизди деп, Ошол кул айткан кеп үчүн, Күмбөздү тайып ыйла деп, Ошого дарбып жаткандыр, Айыл башы болгондор, Азабын чындап таркандыр. “Миң чапкыча балкачы, Бир чапканы барскандын” Калгандар балка, сен барскан, Басылабы чуулган, Ханым, өзүң барбасаң? Кыйкач көзгө көзүң сал, Илмектүү сөздү эсиңе ал. Чачыкейден кеп угуп, Кара кашка жай калды, — Алып келип току! — деп, Тонун кийбей жамынып, Ачуусу келсе Канчоро, Чыга калчуу эшикке, Башына сары чалынып. Кылычын байлап белине, Балтасын илип эрине, Мылтыгын асып жонуна, Найзасын кармап колуна, Бастырып жөнөп калыптыр, Алдыңда кеткен калың эл, Күмбөзгө жете барыптыр. Каңгара какшап зар ыйлап, Карыйанын бары ыйлап, Катын-эркек бүт ыйлап, Арбагың мени колдо, деп, Күнгүрөнүп бүткүл эл, Эчкирип ыйлап турганда, Канчоро келди жакындап. Эл караса көзүнө, Келүүчүлөр жок турат. Карыбыз калбай кырылдык, Жашыбыз калбай өлдүк, деп, Эл дүңгүрөп ыйласа, Жер токтобойт дүңүлдөп, Көзүнө түштү төрт киши, Боз мойноктон күдүкдөп. Айчүрөк менен Сейтек, Эр Гүлчоро, Кутубай, Куу иңгендин жанында, Буйдалып калып бир далай, Алар жетип келгиче, Калың эл жетип барды эле, Керменбай менен Каргалдай, Оболбек менен Сетертай: — Качан болсо биздерге, Канга жуулуп өлүш бар, Биз баралы алдында, Ал Канчоро капырга. Ал – жайды жасап айталы, Коржоңдосо аа болбой, Жаздана аны жаталы. Мышыкча турса дүктүйүп, Бизди айап койобу? Ушул турган көп элдин, Убалы бизге болбойбу! Аңгычакты чурулдап, Боз мойноктон төрт киши, Ат койуп келе жатат, деп Калың журт дарбашып. Кире берсе батуу бар, Чыга калмак кош кашат, Аттан түшүп Айчүрөк: “Кайнатамдын арбагы, Карылардын калганы – Баары турат жардашып, Аттуу кантип барам” деп, Камчысын салып мойнуна, Чылбырын кармап колуна, Жөөлөп жөнөп алыптыр. Сур койон менен Гүлчоро, Кой күрөң минип Сейтек, Желбес менен Кутубай, Жакыын кирип келгенде, Сейтекти эл көргөндө: — Семетей келди, көргүлө, Каркыттаган Тай буруул, Болуптур күрөң бурулуп, Арстан Семей өзү экен, Кеткен экен кубулуп. Ушуну айтып калың эл, Канчорого карабай, Келгендердин алдынан, Барын кетти чубуруп, Айласы кетти Канчоро, Заманасы курулуп. Аңгычакты күмбөздөн, Шамал чыгат куулдап, Жез барабан кагылып, Кернейдин үнү угулат, Ак калпак кыргыз элдерден, «А кудайлап» үн чыгат. Күмбөздөн белги болгондо. Жетип келип Айчүрөк, Кутубайды жүрү деп. — Карылары баралы, Калкалап аны калалы, Акылы жок айбандар, Аралга кастык кылалы? Айдай Чүрөк, Кутубай, Камышты бойлоп кетиптир. Алар менен иши жок, Аны көргөн киши жок, Сейтекти көпчүлүк, Тегеректен алыптыр, Түлөө кылып кээ бирөө, Мууздап атын салыптыр. Ага чейин Канчоро, Алтымыш балбан кулуна: — Төртөөнү байлап келгин! — деп, Же болбосо ал төртөө, Атынан түшүп жетелеп, Жөөлөп салам берсин! — деп, Катуу кылып буйрукту, Жана айтты мындай кеп: — Алтымыш балбан атантып, Канчадан бери сактадым, Арамдык кылбай, кулдарым, Ичкен тузуң актагын! Андай-мындай иш кылса, Унутуп калба мен бармын! Гүлүстөн менен Сейтектен, Силерди мурда жалмаймын! Мен Канчоро ханыңмын, Айтканың кылбай калбаймын! Алтымыш балбан ат койуп, Канчоролоп бакырып, Доолбасты карс койуп, Качырып жөнөп калыптыр, Карап туруп ошондо, Гүлчоро кебин салыптыр: — Кагылайын Сейтек, Келе жаткан алтымыш, Эч канчалык киши эмес, Канчорого барайын, Унаса кебим салайын, Алын байкап багайын. Акмак катын чачакей, Аташканы абамдын, Атаңдын басып төшөгүн, Сен ошого барбагын. Айтып муну Гүлчоро, Канчоро карай жөнөдү, Алтымыш балбан келе атат, Карачкыча көрбөдү. Тулпардан калган туйагы, Сейтек тунжур чунагы, Алтымышты тосоттой, Алдынан утур барганы, Алактаган алтымыш, Айаланып калбады. Ачуусу келген Сейтек, Оң–тескери кылычты, Тегеретип имерди, Алтымышты Сейтек, А дүйнөгө жиберди. Бирөө тирүү калбады, Берен бала жалмады, Тегерктеп көпчүлүк, Сейтекти кучактап, Ортосуна алганы. Алагар көзү чолпондой, Ай кулагы калгандай, Семетейдин өзү экен, Баш терисин балага, Сойуп каптап салгандай. Кыл муруту кылгандай, Көзү кара көмүрдөй, Өңү болот темирдей, Бойу дөбө сеңирдей, Салкыны сыртын желиндей, Саадагы өгүз белиндей, Сан миңдеген жоо болсо, Сапарып кырып ийгидей, Салышар душман кезиксе, Сап тартып жалгыз кийгендей. Толкуну көлдүн шаарындай, Чоңдугу төөнүн нарындай, Кең көкүрөк, кууш айак, Алп мүчөсү анда бар, Жер бетинде бул өңдүү, Бендеден ашкан чанда бар, Отузга жашы жеткенде, Ат калгындай тарта албай. Аңсаган байкуш кара журт, Алдынан чыгып карашып, Артынан чыгып карашып, Каңырыш жүрөт кебири, Сейтекти биле албай, Семетей деп талашып. Канчорого Гүлүстөн, Жетип барды жанашып: — Сен Канчоро, мен Гүлүс, Балалык күндү өткөрдүк, Сен экөөбүз тең жүрүп, Жарышып ойноп жүрчү элек, Жылаңайлак жүгүрүп. Пейлиңден жаңгын Канчоро, Алдыңа келдим бүгүлүп, Сейтектин каары күч, Аның менен сүлөшсөң, Каласың жандан түңүлүп. Чачыкейди алганча ал, Ала турган жесириң, Кежирине тийбегин, Жаалысы катуу жетимдин, Өзүң билгин калганын, Мен алдыңа келипмин, Медет болор белиң жок, Сен кыйаздан түңүлгүн. Канчоро капыр карарып, Муруту бирден саналып, Көзүнөн кызыл от жанып: — Какылдаган чунак кул, Сүйлөбөгүн какшанып, Мен калуучу киши эмес, Көл сөзүңө алданып, Гүлчоро кул сен тургай, Семетейден калбадым, Кайра тартып жалтанып! Акыл айтып уйалбай, Келгенин кара мантайып, Ар качандан бир качан, Сен жүрөсүң сенделип, Көрүнгөн жерде тамтайып! Калжырабай, Гүлчоро, Атымды току жөн барып! Ат токусаң болгонуң, Көөнүң сергип толгонуң, Элди бузуп чуу салдың, Эгерде эки болбойсуң, Гүлчоро анда кеп айтат: — Ой, Канчоро, — деп айтат, Алдыңа келдим ант актап, Бала чактан бирге өскөн, Курдаштык жолун мен сактап! Ат токутсаң токуймун, Токуп жүргөн колум бул. Абам Семей барындап, Аттанып турган чагымда, Мен да бактым аттарды, Сен да бактың аттарды, Сенин атың мен токуп, Менин атым сен токуп, Сен экөөбүз тургайлык, Абакем Семей эр токуп, Жүргөн ошол чактарың, Эсиңен сенин чыкса да, Мен калбаймын унутуп! Актыгы жок кебиңдин, Сен алдайсың калп айтып, Мен келипмин алдыңа, Жашырбастан чынды айтып, Жамандыкка кыйа албай, Жаныңда турам мен кайтып! Ачууланып Канчоро: — Кирбеймин сениң кебиңе, Мал жайып карап турасың, Бузукту салып элиме! Канчоро капыр камынып, Калжолонуп чамынып, Найзаны колго алды эле, Гүлчоро минтип калды эле: — Ойунуң бу, чының бы? Чының болсо, Канчоро, Кагайынбы жиниңди?! Алдыңа келдим ак айтып, Арамдыгың билинди! — Актыгым жок, карамын, Айранчынын баласы, Айбыккансып сенден мен, Баш калкалап калбаймын! Кыр аша албайт кыркындуу, Сен кыркындуу, мен сакмын! Деп ушинтип Канчоро, Күркүрөтүп найзаны, Гүлчорого сундуруп, Качырып сала бергенде, Ордун салып жазгырып, Салакалуу эр неме, Сайдырбады найзасын, Кадасынча мант кылып. Кара кашка жайкалга, Камчы басты Канчоро, Жедигерди кыргандай, Белгиси келип ошондо, Аманат жанга күч келип, Жан кирди Канчоро. Күүлөп найза кескерип, Мас болгон нардай Канчоро, Оозун ачып эстенип. Байкап көрсө Гүлчоро, Кайра тартар жери жок, Каралыкта Канчоро. Суркойонду элиртип, Гүлчоро кирди ошондо, Канчородон найзасын, Кагып ийип сайдырбай, Камындырбай Гүлүстү, Каары катуу Канчоро, Капталдан нары бир сайды, Сур койондун Гүлүстөн, Оодарыла тас калды, Ырас чынын айтканда, Арбактар муну сактады. Алмамбеттин эр Гүлүс, Эми жаман арданып, Бөйөн менен чайандай, Канчорого зар салды. Бирин-бир сайа албай, Аманат жанды айабай, Алды-артына карабай, Кыйын уруш баштады, Чымынчалык бир жанды, Кылга байлап таштады. Көөдөндө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Жарактан жарак чачылып, Кызыл жалын жалтырап, Чокмордун күүсү күркүрөп, Менменсиген далайдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Ат дабырты дүрпбүлдөп, Канчоро менен Гүлчоро, Кагышып экөө күпүлдөп, Эси чыгып далайдын, Ат үстүндө бүлкүлдөп, Жер айрылып чаң чыгып, Сапарылып топурак, Жөө тумандай күүгүмдөп, Көлдөр толкуп чайкалып, Көргөн адам таң калып, Алмамбет улуу шер неме, Айабай ачуу келди эле, Найзаны кармап имерип, Канчоронун найзасын, Карыдан карып жиберип, Кайра тарта бергиче, Камбыл тууган Гүлчоро, Ана-мына дегиче, Алтыны койуп ийди эле. Гүчородон Канчоро, Удаа алты чокмор жеп, Көз ачалбай токмок жеп: “Туруп берсем Гүлчоро, Жанымды койбойт кул чоро, Бура тартып кетейин, Мен коргонго жетейин, Жаңылап жарак алайын, Жана чыгып салышып, Аман кылып багайын”. Ойлонгону бу болуп, Бура тартты Канчоро, Кайра качып шуйт койуп, Эңкейе түшүп эр Гүлүс, Этектен түрө кармады, Канчорону калдайтып, Оодара тартып салганы, Кайаша айтар кылчайып, Айласы эми калбады. — Мин атыңа, болгун, — деп, Бол бастыргын, жүргүн, — деп. Сейтек көрсө сойот, — деп, Айчүрөк көрсө көзүңдү, Тирүүлөй чукуп ойот, — деп, Хан Бакай билсе нетет? – деп Каныкей билсе этиңди. Каңырак менен кесет, — деп Акыл ойлоп тапкын, — деп, Абам Бакай, Каныкей, Ак кебиңди айттым, — деп, Сейтек менен Чүрөккө, Аксакал айтсын, — деп, Сен кечкенсиң Канчоро, Мен кечпеймин сени, — деп Өзү билет Гүлчоро, Бөтөн киши билбеген, Аты менен алпарып, Жер үйгө койду киргизип, Ак ниетин билгизип. Суркойон менен желиптир, Салып жетип келиптир, Ак калпак кыргыз чогулуп, Тегеректеп баланы, Чуркурашып жүрүптүр. Гүлчорону көргөндө, Баарысы чуркап жүгүрүп, Тизелери бүгүлүп, Катын-эркек, кары-жаш, Селдей жашы төгүлүп, Жаш баладай ошондо, Торсолдой келди түйүлүп, — Касиеттүү шерим, — деп, Касиеттиң билдиң, — деп, Сокур болуп канча жыл, Көргүлүктү көрдүм, — деп, Келип кетсең Таласка, Чолпондой көзүм ачылып, Эми чуркап келдим, — деп. Ажыбайдын Керменбай, Элге айтат момундай: — Кулагың төшп кебим ук, Куру ыйлабай, кыргыздар, Эр Сейтек Гүлүстү, Бу талаага тургузбай, Себеп кылып күмбөзгө, Ушул жерге келдиңер, Канчорого туйгузбай. Айдай жеңем элде жок, Урматтуу энем Каныкей, Ошого кеткен окшонот. Шер Гүлүстөн, Сейтек, Аттаналы, баатырлар, Ат айабай чабалы, Аксакал Бакай, Каныкей, Аларга биздер баралы, Желбестен жорго жетелеп, Алып келе калалы, Айкөл шерге сыйынып, Андан кийин жаналы, Коргонго анан баралы. Ушул турган көпчүлүк, Канчоронун ордого, Бириң жетип барбаңар, Бүлдүргөчө олжо деп, Бир немесин албаңар. Эси жок катын Чачыкей, От койбосун үйүнө, Арамдык толуп көөнүнө. Сетертай, ордо бегисиң, Сен баргының ал жерге, Каргалдай менен Оболбек, Карап тургун бул жерде. Алты жүз бала аттанып, Орто бөксө кыркуудан, Элүү миң койду кечкече, Айдап келгин бул жерге, Түлөө кылып күмбөзгө, Эт беребиз бул элге. Керменбайдан кеп угуп, Аркайда кетти бөлүнүп, Шер Гүлчоро, Сейтек, Желбестен эки ат чиркеп, Керменбай бар жаныңда, Булар келип калышты, Абаң Бакай карыга. Төө тосуп жүргөн Бакайдын, Көрүшкөнүн айтайын, Угуп турган баарыңа. Үч бутача барганда, Аттан түшүп алышты, Жөөлөп жетип барышты. Жеткен жерде Гүлчоро, Айагына жыгылып, Абакелеп кыйкырып: — Айланайын абаке Алдыңа келдим мен сизге, Адам билбейт турбайбы, Башка келер баланы, Өмүр бойу ким алат, Зыйаны жок пайданы? Кыскартып айтсам сөзүмдү, Эрчитип келдим алдыңа, Сейтектей балаңды. Сейтек келди жер издеп, Ак калпак кыргыз эл издеп, Коргонго барбай түз келдик, Абаке Бакай сени издеп. Уруксат алып барам дейт, Каныкейдей эне издеп... Эр Бакайдын кулагы, Дүңгүрөп кээде бүтөлүп, Кыйкырып айтса уга алат, Урушчудай күчөнүп. Гүлчоро менен Сейтек, Угуза албай Бакайга, Турушканда күч келип, Кылт этти Гүлүс эсине, Мына мындай иш келип: Тарашанын кырында, Гүлчорого Айчүрөк: “Сен абама барарсың, Кар болуп калды карганда, Кулагы укпай калгандыр, Анда кандай кыларсың? Укпай койсо сөзүңдү, Кулагына куйарсың” Айтып муну Айчүрөк, Жети жүз өлүү кошмо бар, Агын суунун шарынан, Бөлүп берген болуучу, Медет деген дарыдан. Эсине алып Гүлүстөн, Медетти алып Бакайдын, Кулагына куйду эле, Эки көздүн жээгине, Сыйпап–сыйпап койду эле. Кулакка куйган суу дары, Мээге агып жеткенде, Сыйпаган дары көзүнүн, Этине сиңип кеткенде, Көз ачылып жарк этип, Кулагы угуп шаңк этип, Бир колунда Гүлчоро, Бир колунда Сейтек, Жыгылып кетти шалк этип. Көчүгүн жерге тийгизбей, Көтөрүп ала куйушту, Кызыл гүлдөн жыттатып, Ашка кайнамда абакем, Баш көтөрдү эс алып: — Сен Гүлүстөн окшойсуң, Канчородон айбыкпай, Мени кандай жоктойсуң? Жанында турган кайсы адам? Семетейдей көзү бар, Тааный албай болдум таң, Ал Семетей болгондо, Карыган абаң Бакайды, Садага кылып чаба сал! Анда Гүлүс кеп айтат: — Сакалыңан садага, Мен кетейин, абаке! Айтканың чын, сөзүң ак, Акылдын кеби береке, Кайра келдик Таласка, Семетейдин жалгызы – Сейтек жарап керекке! Көзүн көзгө окшотсоң, Семетейдин баласы, Сейтек аты, абаке. Мен Гүлчоро улуңмун, Бул кишини сурасаң, Ажыбайдын уулу бул. Каргылданып зор Бакай, Көзүнүн жашын тыйа албай, Сейтек менен иши жок, Гүлчорону кучактап, Жамгырдай жашы бурчактап: — Капкайдан келип чунагым, Мени таап сен алдың, Айлабызды түгөтүп, Канчоро көрүп калбасын, Азапты башка салбасын, Араң турган кезимде, Теримди сойуп албасын... Гүлчоро ыйлап бакырып: — Сакалың ак, сөзүң ак, Мен садага, абаке, Канчоро, Кыйаз жоголбой, Биз келбедик бул жерге. Семетей кайып кеткенде, Башынан аккан кан менен, Жаны майып кеткенде, Мен шордууну тебелеп, Кечиримди кескенде, Айчүрөктү Кыйазга, Тартуу кылып бергенде, Бойунда барган, абаке, Атын койдук Сейитек, Төрөгөн бала мынакей. Атасындай эр болуп, Кыйаз менен Канчоро, Кара жерге тең болуп, Биздер келдик бул жерге, Жам болушуп элдерге. Бакай хан мындай кеп угуп, Семетей уулу деп угуп, Сеймтекти кучактап: — Төшүңдү аччы, жалгызым, Башымды салып көрөйүн, Жыты барбы жалгыздын? Ажыздык кылып Айчүрөк, Алданган болсо кокустан, Жыты сенден жок чыгат. Төшүн ачып баланын, Башын салып Бакайдын, Шур тартканын карагын. Шур-шур тартып жыт алып, Семетей жыты келгенде, Баштагыдай күч алып, Бөкчөйгөн бели түзөлүп: — Мени алып баргыла, Кайда экендир тапкыла, Каныкейди көрөлүк, Таап алып Канышты, Айкөлүмдүн күмбөзүн, Анан барып көрөлүк, Айчүрөк кана, көргөзгүн. Ушуну айтып карт Бакай, Кетти мындан жөнөлүп. Кутубай менен Айчүрөк, Кара суу бойлоп желиптир, Тармалсаз жете келиптир. Сүрөтү адам кара баш, Кийими жок жылаңач, Эңкейсе тизе бүгүлүп, Кызарып эти бөлүнүп, Өөдө болуп түзөлсө, Курсагы турат көрүнүп. Чуркап жетип Айчөрүк, Баш уруп турду жүгүнүп, Башка кеп келбей оозуна, Байкуш энең Каныкей: “Эмизбедим торпок “ деп, Колун башка калкалап, Кетенчиктейт бүгүлүп. Айдай жеңең ошондо, Эки бутун кучактап, Уулуң эмген эмчек, деп, Шур-шур тартып он жыттап: — Торпогуң менен тозуп кал, Кагылайын энеке, Айтканыма кулак сал. Мен Айчүрөк келиниң, Сени издеп келгенмин, Жашырган менен болобу, Жараткандын бергенин? Эркек туудум, энеке, Уулуңан калган жалгызың- Сейтек келди, мен келдим, Гүлүстөн уулуң ал келди, Мына менин жанымда, Кутубайың да келди. Деп Айчүрөк айтканда, Каныкей айтат солк улдап: — Сейтек деген ким эле? Айчүрөк деген ким эле? Гүлчоро деген ким эле? Кутубай деген ким эле? Канчоро бизге хан эле, Чачыкей ичи заар эле, Жөөлүтпөчү сен зайып, Кайдан келдиң бул жерге, Токмок жеймин кечинде, Торпок эмсе, — деди эле. Эси оогандай эндирейт, Токтоно албай сендирейт, Арыбы күчтүү Айчүрөк, Апы менен сапыдан, Эбеп менен себептен, Ичирсе кубат кылуучу, Эл табалбас медеттен, Тузу бар ага татыткан, Сүтү бар кошуп катырган, Жети жүз сексен уруудан, Момунжан өзү жасаган, Каныкей, Бакай ичсин, деп, Айчүрөккө тапшырган. Санаты жети томолок, Экини катар ичирсе, Муундун баары ажырап, Шалдыр сөөк болуп жоголот. Бир томолок жарымын, Дагы эки бөлүптүр, Оозуна сала бериптир, Каныкей аны билген жок, Алкымында эриптир, Аш кайнамда Каныкей, Акылына келиптир. Байкап туруп Айчүрөк: — Ак байбиче, энеке, Алдыңа келсем, мен Чүрөк, Укпай койдуң сөзүмдү, Торпок эмсе кантем, деп, Күлчоро менен Сейтек, Алар да келди сени издеп, Ата конуш - чоң Талас, Атактуу Кеңкол жер издеп, Жиберген болчу уулдарың, Энеме кийим кийгиз деп. Айчүрөктөн Каныкей, Түш көргөндөй кеп угуп, Үнү чыкпай буулугуп: — Үнүң Чүрөк кептенет, Көрүнбөйсүң көзүмө, Кебиңди айтсаң болбойбу. Көрүнүп койуп өзүмө, Сейтек деген ким болот? Бойуңда кеткен Чүрөгүм, Ойлонсом санаам миң болот, Айчүрөк болсоң ырас-чын, Тилиң менен жалап көр, Эки көзүм ачылсын. Көздөрүн жалап Айчүрөк, Чылпактарын кетирди, Байагы берген дарысы, Күч-кубатын келтирди, Чүрөктү көрүп энеңиз, Э дей албай эси ооп, А дей албай ал кетип, Өңүмбү,түшүм кандай, деп, Тил байланып шай кетип, Оозунан агып шалдары, Кирпиктери тиктелип, Абдан эси жыйылды, Бүткөн бойго күч келип. Эсин жыйып энеңиз, Эми айтты бар кебин: — Канчоро каман, Чачыкей, Күн береби Айчүрөк? Мында, балам, не келдиң? Элимди Кыйаз чапканда, Бойумда бар дегенсиң, Бойумда бар дебесең, Ошол күн жаным жемекмин. Он эки жыл күй дедиң, Так он эки жыл эмес, Эки жүз жыл өттү бейим. Эркекпи,кыз тууганың, Эмне болду, Айчүрөк? Айчүрөк анда мындай деп, Айтып өттү далай кеп: — Ырысыңа, энеке, Эркек бала төрөдүм, Ат жалын тартып мингинче, Далай кордук мен көрдүм. Уулуңдун аты Сейитек, Он экиге чыкканда, Күлчоро экөө биригип, Мында келди, энеке, Ак калпак кыргыз элди деп, Жылгындуу Кеңкол жерди издеп, Абакем менен сени издеп. — Гүлүсүм кайда, көрөйүн, Ак сүтүм берген баламдын, Алкымын жыттап өлөйүн, Сейтек кайда, медерим? Тунжурдан калган белегим, Ак калпак кыргыз элине, Тийиптир бүгүн керегиң, Баштап бар балам, мени сен, Бакайга айтып берейин, - Кутубайды бир карап, — Мынабу турган кишиң ким? Мунун дайнын билейин. — Мурун Талас эли экен, Жетисууну жердеген. Кутубай деген киши экен, Гүлчоро менен Сейтекке, Көп жакшылык келтирген, Көр Кыйазды Гүлүстөн, Көп ичинде сойгону, Кутубай уулу Карадөө, Жез кемпирдин жети уулу, Жетисуунун элине, Аны баштык койгону. Алдында келип Күлчоро, Бүгүнкү күнү кыргызды, Атакемдин күмбөзгө, Ошол жерге болжоду. Канчоронун алтымыш, Сейитегиң сойлоттту, Канчоро менен Гүлүсүң, Кармашып жатат не болду? Иши оңолгон Гүлүсүн, Канчорону койобу? Каныкейди Айчүрөк, Атыр менен жакшы жууп, Кулпунтуп кийим кийгизип, Кырмызы менен белин бууп, Желбеске баса мингизип, Бакайды карай жөнөдү, Чыга калып батуудан, Абаң Бакай, Сейитек, Шер Гүлүс менен Керменбай, Бир турганын көргөнү. Бакайды көрүп Айчүрөк, Ак саамай болгон кезинде, Баш урунган келинчек. Күлчоро айтып жиберди: — Каныкей энем келет, — деп, Энекемди жетелеп, Жеңем бирге жүрөт, — деп. Арыштап Гүлүс түйүлүп, Аа кошулуп Сейитек, Алдынан утур жүгүрүп, Желбести мыктап жетелеп, Айчүрөк келет жүгүнүп, Кундактай бели бүгүлүп. Караанын көрүп Бакайдын, Күлчоро менен Сейитек, Үнүн угуп балдардын, Тил байланып балдырап, Каныкей тиктеп жалдырап, Эмчеги тээп зыркырап, Сүт куйулат балбырап, Күлчоро менен Сейитек, Чуркап жетти алдырап. Кудайдын көргөн кубатын, Каныкейдин ак сүтү, Экөөнү тең кандырат, Дарбыздай эмчек тоголок, Эми калды салбырап. Сейитек менен Гүлчоро, Суусуну канып магдырап, Андан кийин Каныкей, Оролто кармап мойундан, Ар экөөнү шур жыттап, Сейитекти жыттаса, Семетейдин жыты бар, Каныкей аңсап буркурап, Аңгычакты зор Бакай, Келип калды чукулдап. Бакай менен Каныкей, Кучакташып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Баш кошуп жетөө турган жер, Талдар чырпык байлады, Булбулдар муңдуу сайрады, Бачымдап турбай аттанып, Сарайга жетип барганы, Абаң Бакай акырып, Акыреттик досум, деп, Манасты айтып бакырып, Бакайдын үнүн укканда, Баатыр Манас күмбөзү, Каалгасы кетти ачылып. Абаң Бакай ошондо, Түшө чуркап атынан, Жаш баладай шашылып, Кирип кетип күмбөзгө, Гүлчоро менен Сейтекти, - Экөөнү алды чакырып. Үчөө кире бергенде, Сарайдын оозу жабылып, Көрүп турган көпчүлүк, Айкөл шерге жалынып, Айдатып келген койлордон, Түлөөгө бирден чалынып, Бир мезгилде үн чыгып, Жер титиреп сүр чыгып, Күмбөздүн оозу ачылды, Айдай жаркып нур чыгып. Сейтек менен Гүлүстү, Ээрчитип Бакай зор чыгып, Жердин бети мемиреп, Гүлдөр жайнап мелтиреп, Көпөлөк учуп делдеңдеп, Жан-жаныбар калбастан, Таластын ээси келди, деп, Жайылып чыкты сербеңдеп, Көз илешпей нечеси, Жүгүрүп жүрөт эрбеңдеп. Керилип талдай бой жасап, Чырпыгы кыздын чачындай, Жерди карап салаңдап, Караанын көрсөк дегенсип, Бүркүттөр учуп калдаңдап, Кыргыйек учуп кыпылдап, Карчыга учуп зыпылдап. Кажырлар учуп салпылдап, Канаттуу калбай чогулуп, Күн жүзүн бербей калкылдап, Адам эмес канаттуу, Бойу эрип балкылдап. Бугулар чыгып төш-төшкө, Маралдар чыгып өрдөшкө, Аркарлар жатпай адырда, Кулжалар чыгып кайкыга, Эчкилер чыгып кыйыкка, Текелер чыгып бийикке, Сүйүнчү келди Кеңколдо, Талаада жүргөн кийикке. Токойдо жолборс суналып, Тоолордо илбирс чубалып, Түлкүлөр ойноп секирип, Канча түрдүү жүн алып, Мен да көрдүм дегенсип, Каркылдап каздар үн салып, Өрдөк-чүрөк, сонолор, Каракуназ, жогжоктор, Аккуу баштап түр салып: Сууда жүргөн ушулар – Балык менен кумурчак, Бака менен чөмүчбаш, Суунун чыгып үстүнө, Мойнун созуп карашат, Ээси келип чоң Талас, Эбегейсиз жарашат. Мурункудай сагызган, Үн сала албай шоктонуп, Кузгун учпай жок болуп, Баса албай бөрү токтолуп, Жыландар жылбай жыйрылып, Жырткычтын баары тыйылып, Келарыс менен чөөбөрү, Кемерден чыкпай кылыйып, Кас кылчунун баарысы, Калды түгөл тыйылып. Каркыра-турна сап болуп, Желе тартып асманда, Адамдар чыдап тура албай, Тегеренип үн салса, Кара суудан үн чыгып, Өркөчтөнүп шарылдап, Мааналайт жардын бетине. Далдаланып жарканат. Бөйөн-чайан, көк кене, Көрүнбөйт көзгө дегеле, Суусар менен сүлөөсүн, Караанын мунуну ким көрсүн, Көрүнө басып суйсалып, Ээрчише басып жүргөнүн? Азууларын аркайтып, Өркөчтөрүн каркайтып, Төөлөр келип топ болду, Өрөөндө жүргөн уй калбай, Мөөрөп келип токтолду. Койлор маарап корулдап, Козулары чурулдап, Өзү келип чогулду, Айдаган жок эл жыйнап. Быйт чүчкүрүп эчкилер, Так секирип улактар, Агаласайдын ташындай, Адырга келип топ болду, Ташка ойноп чунактар. Азынап айгыр аркырап, Бээ кишенеп, каңшылап, Кулундары чыркырап, Куйругун салып сыртына. Кунан, тай, бышты дыркырап, Сүйкүмдүү согуп аркадан, Шамал чыкты зыркырап. Өтө сүйкүм не сонун, Башоонанын он беши? Тер аккан жок чыпылдап, Молдо торгой, сандыгач, Жагымдуу сайрап быжырап, Күкүктөр таңшыйт үн салып, Зейнепти таап алгансып. Чөптүн баары баш алып, Агы кайсы, көк кайсы, Сары, кызыл кошулуп, Сан-санаксыз чечекей, Кызгалдак түрү башкача, Тумшукка килем жайгандай, Кайыңы көккө созулуп, Жыгачтын баары шаңданып, Карагайдай бой созуп, Арчанын жыты буркурап. Өрөөн менен жел согуп, Сыдырым шамал салкында, Чөп деңиздей калкылдап, Дүкдүйө түшүп түрүлүп, Көк жашыл болуп жалтылдап, Үн салып булак шырылдап, Чегирткелер чырылдап, Жалбырактар дырылдап, Көлдө сүзүп субайлар, Мурундары бырылдап, Мышыктар жатат бүкүйүп, Кекиртеги кырылдап. Талаанын бары жымыңдап, Тоонун баары зымылдап. Күн токтолуп ордунда, Аркасын карап кыбыңдап, Саамайын сылап кыз балдар, Келиндер бойун жасанып, Боз улан, жигит керилип, Комдоно түшүп тап берип, Улакты карай теминип, Аттын баатыр токтобой, Алоолонуп элирип, Сүмбөдөй болуп күлүктөр, Сыртына тартып семирип, Уйдун баары саздарда, Кемирчек казып кемирип, Чириген ачкыл жыттанат. Төөнүн баары “Пап” дешип. Кымыздык менен бээ эмчек, Башын ыргап теңселет, Жоогазын менен мандалак, Төгүлүп жерге самсаалап, Козукулак, кемирчек, Толуп жатат канчалап. Ышкын менен балжууран, Боткоктору койкойуп, Бүлдүргөн бышып төгүлүп, Карагат турат мойтойуп, Айуулар төрдө саксаңдап, Токойдо шерлер чакчаңдап, Кызыл ээк чал ойноп, Жаш баладай шылкылдап, Кызыл муштум жаш балдар, Жүгүрүп ойноп чандаңдап, Нечени жүрөт жөрмөлөп, Бакадан бетер тарбаңдап. Бетеге менен айуу чач, Көөдө менен кой шыбак, Кара кыйак буудай баш, Түлкү мурун, жылтыркан, Күн чагылып кулпунган. Жер пийаз, согон жыттанып, Көк чечекей, гүлепше, Күндү карап ыктанып, Аркар оту, бозунач, Сасыгансып жыттанып, Жапа жай менен мамыры, Жыты адамды аңсатып, Уй шилекей мөлтүлдөп, Оозуна салсаң бал татып, Кеңкол ата чоң Талас, Көрүктөнүп чалкайып, Алатоо турду көрүнүп, Асман тиреп заңкайып. Сейтек турат жарашып, Ак калпак кыргыз курган эл, Көзү тойбой карашып, Айчүрөк менен Каныкей – Кайнене, келин жанашып, Таластын жери түр алды, Бүгүн кайра бак ачып. Гүлүстөндү көргөндө, Көпчүлүк калды көөн ачып, Аскар тоодой Бакайга, Ай аалам баары таң калды. Ажыбайдын Керменбай, Оозун ачты тамшанып, Кыздын узу шуруну, Жипке канат тизгендей, Уккандар турду таңданып, Оозуна набат салгандай, Суктанып кепке тамшанып: — Бүгүнкү келген калайык, Түпкүлүгүн карайлык, Сейтек биздин төрөбүз, Амирине көнөбүз, Шер Гүлүстү ар качан, Аскар тоодой көрөбүз. Семетейден айрылып, Гүлүстөн элден кеткенде, Көрбөгөндү көргөнбүз, Ар жорукка көнгөнбүз. Асманда учуп куу болгон, Кашыкка куйуп суу болгон, Он эки түрдүү кубулган, Бул өңдүү болбойт чуулган, Ырысыңа турган эл, Сейитек мындан туулган. Каныкей энем акылман, Кызмат кылып айкөлгө, Кылым жерге таанылган. Көкөтөйдүн ашында, Кошойдон бата алганда, Жер бетине угулган, Жинди болуп бок жесин, Чачыкей муну урдурган, Оорагы бийик зор Бакай, Көзүң көрдүң баарыңар, Өлгөн киши үн салып, Күмбөздө туруп чакырган. Дегеле бенде көктөбөйт, Каргыш алган Бакайдан, Канчоро кантип оңолсун, Зор Бакайды кардаган?! Атадан калган Сыркоргон, Калбай такыр баралы, Эртең күнгө жума экен. Эби келсе баарыңа, Каныкей, Бакай – карыңа, Эр Гүлүстөн залыма, Тулпардан калган туйакты, Тунжурдан калган чунакты, Хан көтөрүп алалы, “Иштин башы ишемби”, Үйгө кетип калалы. Баатырдын кандай кеби бар, Ошол күнү угалы. Каныкей менен Бакайдан, Катар бата алалы, Тоо менен таштын баарына, Жайылып жүгөн малыңа, Эзелки ээң келди, деп, Сүйүнчү айтып салалы. Кусадар болгон ээси үчүн, Жер-суу менен жайыт, мал, Кубанталы аларды. Керменден мындай кеп келип, Келген элге эп келип, Элдин баары камынып, Ат атына жабылып, Унаасы жок келгенге, Дайар наапа табылып, Коргонго жөнөп калышты, Көөдөндөрү жайылып. Чечекейи чечкейип, Жүрөктөрү жарылып, Түнөргөн күнү ачылып, Муңу журттун жазылып, Аксакалы жаркылдап, Алдына Бакай бастырып. Суркойонду элиртип, Султан Гүлүс келайтат, Туйагы тийген жерлерин, Жер очоктой каздырып. Айбатынан Сейтектин, Алдында киши бара албай, Жүрөгү чыгып аптыгып, Алдында келип Гүлүстөн, Коргондун оозун ачтырып, Баштап Бакай киргенде, Көлдөкү суулар чайпалып, Бой жасап коргон чалкайып, Өз колу менен өндүргөн, Бактын баары жайкалып, Мурун коргон туруучу, Суу бузган жардай жалпайып. Мөмөлөрү саргайып, Ээси келип киргенде, Өнүп чыкты бүр алып. Олуйа Бакай, Каныкей, Айдай сулуу Айчүрөк, Шер Гүлүстөн, Сейитек, Колун сунар бекен, деп, Мөмөлөр турат тастайып, Томолонуп жете албай, Жаны жоктон тас калып, Сүйлөсө коргон жаңырып, Таластын чери жазылды, Өзүнүн ээси табылып. Кара ниет кээ бири Акылынан жаңылып, Калп эле күлөт ыржайып, Ичинде турат кайгырып. Эл кеңешип чогулуп, Уй мүйүз тартып олтуруп, Бакайды урмат кылышты, Хан болуп сурап турушту. Карыйа Бакай кеп айтат: — Андай болсо, калайык, Сейитек жаш боз бала, Алмабет уулу Гүлүстү, Хан көтөрүп алалык. Кабылан Манас баарында, Барлык ишин мен билдим, Семетейдин тушунда, Бүткүл ишин да билдим, Мен ыраазы силерге, Бүгүн да берип жатасың,, Ак калпак алаш билгисин. Гүлчоро балам баш болсо, Качанда болсо тайармын, Бир четинде мен болсо... Камындырбай Гүлчоро, Карбалас салып ошондо: — Эмчектеш болгон агамдын, Эр Семетей абамдын, Ордуна кантип олтурам? Тактагы чыгып хан болсом, Өөдө төмөн мен болсом, Канчородон кай баркым? Кана килем алып кел, Карап турган сен калкым! “Атасы өлсө уулу бар, Орду жерде калбайт” – деп, Карылардан калган кеп. Кел, Сейитек, келгин, — деп, Гилемге салып көтөрүп, Эр Сейитек баатырды, Хан тактага мингизди, Эл кеңештен өткөрүп. Жыйылып кыргыз келдик, деп, Семизден тандап сойдуруп, Казы-карта, жайаны, Аралаша койдуруп, Чалдар уча көтөрүп, Кемпирлер куйрук кесишип, Чала-була жөтөлүп, Жегени аппак май болуп, Кымызга чайкап кошкону, Сапсары таза бал болуп, Элдин көөнү жай болуп, Ишенби күнү таң менен, Эл чубады шар койуп. Муну мындай таштайлы, Канчорого Бакайдын, Сурагынан баштайлы.