Каныкейдин Тайторуну төлгөгө чабышы
Өттү бир жыл арадан, Келип жатат Сейтекке, Соога салам ар кайдан. Олуйа Кошой баласы, Сейтек келди, деп угуп, Атасы Кошой чоң дөөнүн, Кошко минчүү малы эле, Тайтору деген бар эле, Токсон бир асый чагы эле. Жетелетип аны алып, Он беш төөгө арттырып, Актатып күрүч дагы алып, Куржунга салып зар алып, Таластын ээси келди, деп, Токтоно албай кубанып, Төөлөрүн чиркеп чубатып, Алты киши котчу алып, Атбашыдан аттанып, Таласты карай бет алып, Жетип барды Кеңколго, Касиеттүү Сыркоргон, Манастан калган борборго. Жалгызек жолборс келет, деп, Гүлчоро угуп мындай кеп, Алдынан тосуп барыптыр, Аттуу туруп ал экөө, Кучакташып алыптыр. Жамгырдай жашы куйулуп, Жакасы ылдый чубуруп, Көрүштүк бүгүн деп ыйлап, Алла-таалам туз буйруп. Жалгызекти түшүрүп, Семетейдин Сейитек, Алдынан чыга жүгүрүп, Бакайга кабар кылышып, Баары келип жыйылып, Дасторконун жыйышып, Жалгызектин соогага, Алып келген мал-пулун, Өткөрүп алды угушуп. Тайторуну кадага, Аса байлап салышты, Сейтек Бакай, Жалгызек, Баатыр Гүлүс, Керменбай, Ордого кирип калышты. Үйдөн чыгып Каныкей, Дааратка кетип баратып, Көзү түштү тору атка, Кадаада турган жарашып. Жанынан басып барганы, Көзүнө жакшы көрүнүп, Маңдайынан сылады. Түгөнгөн жалдын учунда, Кош кулактын тушунда, Күлүктүктүн белгиси, Жоон чийдей калыптыр, Кыйамын таап байласа, Байге алыш аныктыр. Оозун ачып караса, Асыйы токсон карыптыр, Каныкей антип турганда, Гүлчоро басып барыптыр: — Ак байбиче, энеке, Тайторуга таңданып, Туруп кеттиң неге эле? Кошойдун минген малы экен, Жалгызек алып келди эле. Бетпак тоодо Карманап, Алган зайбы Кардыгач, Бай Жакыптын кызы эле, Төрөбөй жүрүп Кардыгач, Алтымыш бирде төрөгөн, Атын койгон Көбөгөн. Үч жашта тойун берер жыл, Канчоро кылып кастыкты, Таластын тарпын чыгарып, Ар кайда бөлүп таратты. Төркүндөн бирөө болбосо, Той бербейим деп жүргөн, Ушу быйыл Көбөгөн, Он сегизге кирет, деп, Сейтек келди Таласка, Төркүндөн киши келет, деп, Той берем деп Кардыгач, Кабар салган баары элге, Кийинки жылы баш оона, Тойго баары келерге. Хан Сейтек, Гүлүстөн, Абаң Бакай, Каныкей, Айчүрөк алып келинин, Барабыз деп жүрчү эле. Каныкей угуп мындай кеп, Гүлүскө айтат мындай деп: — Андай болсо, Гүлүсүм, Абам минген мал экен, Кулагынын түбүндө, Күлүктүк белги бар экен. Семетей абаң башында, Батадан бүткөн бала эле, Бейажал өлбөйт деди эле, Жыгылганын көргөн бар, Өлүгүн таап көр казып, Көмгөнү жок эч кандай. Тору атты байлап багалы, Кайнежемдин тойуна, Калбай барып чабалы, Төлгөгө чапсак Тайтору, Абаң келип калабы? Оңолуп кыргыз ишиңер, Оңунан келип алабы? Каныкей, Гүлүс кеңешип, Каныкей көрүп бермекке, Гүлчоро байлап көрмөккө, Убада кылып алышты, Ошол күндөн Гүлчоро, Тору атты байлап калышты. Таң эртеңки суусуна, Көнөк менен сүт берип, Күрмөгүн койбой тердирип, Актаган күрүч жем берип, Сүр куйруктан үч күндө, Саптуу айак менен бир берип, Карт муун болгон Тайтору, Бар денесин жумшатып, Уйкусу абдан кангыча, Килем салып жаткырып, Тайторуну жуушатып, Көлөкөгө астырып, Кындыйтып ичин тарттырып, Тойго барар ай келип, Жөнөп кетти бастырып. Эжемдин берер тойу, деп, Он беш үйдү Сейитек, Сарамжалын жам кылып, Конокко берчү чай-тамак, Он беш төөгө арттырып, Үйдү нарга жүктөдү, Нар менен айры аралаш, Санаты жүзгө бүткөнү. Жездеси өлгөн Карманап, Эжеси бар Кардыгач, Элге жарлык угузду: “Сейтек тойду башкарат” Караанын көрсө Сейтектин, Калтаарып хандар жазганат. Темир хандын Ысмайыл, Хан болуп турган чагы экен, Калың Букар көп элге, Зал болуп турган чагы экен. Cейитекке барам деп, Келе жатып Ысмайыл, Аттарды өтсө аралап, Каныкей турат чалкалап, Ийилбей бели кайкалап. Карап көрсө Каныкей, Саамайга кирген агы жок, Картайгандай чагы жок, Каныкейди көргөндө, Ысмайыл ичи жанган жок, Суракка алды эжесин, Амансыңбы дебестен, Аман-соого келбестен: — Эмне кылып жүрөсүң, Карыганың билбестен?! Кабылан жездем барында, Калкын билип башкардың, Семетейдин тушунда, Өз эркиңче иш кылып, Билгичи болдуң алаштын, Эми Сейитектин тушунда, Уулдун уулу балаңдан, Уйалбай бийлик талаштың, Саамайыңа ак салбай, Сен жүрөсүң картайбай, Жаманатты кыласың, Үйдөн чыкпай олтургун, Жасанып алып кайкайбай! Капаланып Ысмайыл, Жаман айтып салганы, Угуп туруп Каныкей, Жалгызы түшүп эсине, Көрөмбү жүзүн дебесе, Өлүп ала тас калды. Сейтек менен көрүшүп, Эсендигин билишип, Анда Ысмайыл кеп салды: — “Өгүз уйду баштаса, Өлөң-өлөң чөпкө, — деп, Инек уйду баштаса, Ийри-буйру жарга” деп, Эл ичинде макал кеп. Каныкей биздин эжебиз, Кандай айтты дебеңиз, Карыганда сүйрөп энеңиз, Неге алып келесиз? Кийимин бүтөп, жылуулап, Тойгузуп кардын даамдуулап, Эркине койбой карыны, Үйдө багыш жакшыраак. Каныкей, Чүрөк бир турса, Экөө окшош тең турат, Келе жатсам сени издеп, Атты жүрөт башкарып, Андан башка кеп эмес, Өзү билип башкарыш. Сейтек угуп бул кепти: — Хан Ысмайыл, кебиңиз, Насаат бизге бердиңиз, Семетей өлбөйт бейажал, Табылып калар бекен, деп, Тайторуну төлгөгө, Чапканы келген энебиз, Жакшылык белги иш үчүн, Аны- муну дебеңиз. Төлгө кетип оңунан, Тайтору чыкса жыйылган, Ушул элдин тобунан, Касиети энемдин, Карым казык, баш токмок, Катып сөөгүм калганча, Андай–мындай дебеймин. Убагында Тайтору, Кошой минген мал экен, Ушул бүгүн ал Тору, Токсон бир асый чагы экен. Каныкей, Бакай, Гүлүстөн – Ушул үчөө кеңешкен, Жарабайт ишиң койгун деп, Кимисине айтам мен? Азырча оозум тартайын, Ат чабылып болгондо, Чыкпай калса Тайтору, Кебим болсо айтармын. Аттанып кетти Ысмайыл, Эр Сейитек ошондо, Байгеге берчү малдарды, Айдатып келип топтотуп, Алтын, күмүш –зарларды, Капка салып токтотуп, Чубаган атты кармашып, Сейитектин наамынан, Тогуз атты санашып, Ат чабуучу балдарды. Баарын кайра кылдады, Өңү сары, тосток көз, Бети жайык балбырак, Ээрди калың шалбырак, Баланын баарын таштады. Кара сур өңү тарткандан, Кагалес, эти каткандан, Тегерек кара көздүүдөн, Машыроо тонун кийгизип, Арчындап жоолук байлатып, Токсон тогуз уруу экен, Ар уруудан бирден эр, Гүлүстөндү баш кылып, Жүз эрге атты айдатып, Он күндүк жерге ат айдап, Опсуз жаман катуу айдап, Такасы жок аттардан, Жолдо калды көп чайлап, Койо берчүү жеринен, Үч күн атты өргүтүп, Балдардын кардын тойгузуп, Баарын тегиз сийгизип, Аттарга кайра мингизип, Катар тизип желелеп, Суулукка суулук тийгизип, Оомийин деп жар салып, Кудай бетин салбасын, Катар кеткен күлүктүн, Аркасында чаң калып, Күнү- түнү болгондо, Буудандар чыкты тандалып. Эр Гүлүстөн караса, Сейитектин тогуз ат, Адашып калбай чубашып, Койо берсе Суркойон, Канат жасап учкундай, Кыл тарткандай камырдан, Аш кайнамда баары аттан, Алдына озуп чыккандай. Сейитектин Койкүрөң, Жебенин огу жетпесе, Тирүү жандар жетпестей. Ойуна алып Гүлчоро: “Аттарды койо берсемби, Суркойон менен алдыга, Бөлүнүп өзүм жүрсөмбү? Койкүрөңдү таштабай, Кошо ала кетсемби? Атаганат, бир иш бар - Төлгөгө чапкан Тайтору, Алдыга чыга барбаса, Ыраазы болбойт калгандар! Жер жүзү толгон мал-пулга, Семетей абам келер деп, Тилекти кудай берер деп, Олуйа Кошой көргөн мал, Төлгөгө чапсак белем деп, Чапкан аты Тайтору, Бөлүп таштап койгондо, Энекемдин ак сүтү, Мени уруп кетер!” деп, Тогуз атты токтотуп, Суркойон менен Күрөңдү, Оозун тартып токтотуп, Келе жаткан кезинде, Каныкей энең ошондо, Семетей барып көрүнүп, Элестеген көзүнө, Ысмайылдын сөздөрү, Чыкпай турат эсинде. Адамдын артык эне кең, Түн ортосу мезгилде, Эркекче кийип кийимди, Чачын түйүп шилиге, Башына туулга көмөрдү, Сүтбоз деген бир атты, Минтип алып жөнөдү, Таң зыркары жүргөндө, Таш мойнокко барды эле, Сүтбоздон түшүп Каныкей, Нары басып бууралып, Бери басып суналып, Таңды күтүп калды эле. Аңгычакты болбоду, Таң кашайып арылды, Тунарыктап жазылды, Күндүн мурду чачырап, Жердин бети ачылды, Койнуна колун салганы, Кыз кезинде Каныкей, Салып жүргөн дүрбүсүн, (Сакталуу жүргөн эмгиче), Сууруп колго алганы. Жети кабат көзү бар, Ак седептен тышы бар, Ичи өрттөй кызарган, Тартып койсо кынабын, Кере беш сөөм узарган, Оңдоп кармап Каныкей, Кара көзгө салды эле, Өлчөп карап калды эле. Эрбененин талаада, Ат келатат көп элге, Тарап аттар бөлүнгөн, Тайторунун дайны жок, Дегеле көзгө көрүнгөн. Алдынан атты артына, Бир, эки... деп санады, Тигилип Каныш карады, Сексен жети ат болду, Каныкейдин өзүнө, Өлүмдөн жаман дарт болду, Көзүнө жашы жык толду. Эстен кетип эндиреп, Эси оогандай сендиреп, Дүрбүнү алып колуна, Аныктап карап олтурду, Акылга муңду толтурду: “Келген ат сексен жети, — деп, Чын амалым кетти, — деп, Семетейден бул бойдон, Бөлүнүшкөн кеппи?! — деп, Ажалга себеп болду го, Ысмайылдын кеби, — деп, Уулдун уулу Сейитек, Тирүү койбойт деги, — деп, Канчородой каргыш, деп, Карыганда көптү Каныкей, Как ушундай болсун, деп, Так төбөмдөн тик жара, Теңдеп эки бөлбөйбү, Чоң жолдун эки жагына, Өлүгүмдү көмбөстөн, Таштап атып жөнөйбү? Тарпымды кажыр талайбы? Катындын баары ойлой жүр, Каныкейдей болбо, деп, Та кыйамат болгуча, Жаман атым калаарбы?! Дагы дүрбү салайын, Көрүнөөр бекен көзүмө, Гүлчоронун карааны?”. Деп Каныкей үңүлүп, Санаасы санга бөлүнүп, Самсаалап жашы төгүлүп, Саамайы тал-тал бириндеп, Этек-жеңи дирилдеп, Жан тери келип жана да, Дүрбүсүн салып караса, Чубаган аттын санаты, Нак токсонго толгондо, Сейитектин тогуз ат, Чубашып чыкты ошондо. Муну көрүп Каныкей, Буларды ойго алганы, Үмүтүнүн баарысын, Гүлүстөнгө арнады: “Гүлүсүм мага ак эле, Арыбы артык бала эле, Амалы кыйла бар эле, Жакындан жолду тапканбы? Аттарын бөлүп алганбы? Аруу жолго салганбы?” Ээрдин тиштеп, көз бардап, Энең чындап караса, Опсуз күлүк Тайтору, Ооздук тиштеп жалаңдап, Жаңы кызып алыптыр, Арышын керип калыптыр. Даңкандан чыккан топурак, Бута атым учуп асманга, Анан тобу жазылат. Тайтору көрүп Каныкей, А дүйнө кеткен эрлердин, Арбагына жалынат: — Аташканым айкөл шер, Күмөнүң менде жок эле, Ишенген үчүн бойума, Ок аттаган мен эле. Үч жерде айткан кебиң бар: “Мен ыраазы, Каныкей,” Айтканың ырас чын болсо, Бүгүн мага жардам бер, Аманат жанга күч келди, Оорлугунан көтөрүп, Араң турат кара жер. Алмамбет, Чубак-эки шер, Кайним Сыргак кеменгер, Жездем баатыр эр Көкчө, Тилдүүдөн чечен Ажыбай, Шейит кеткен арстандар, Бүгүн мага жардам бер. Алты атасы хан өткөн, Акимдин бири Музбурчак, Калмактан өлдүң, окко учуп, Кайрылып жардам кылып бак. Батасы журтту байыткан, Айтканы нуска тарыхтан, Олуйа абам, жардам бер. Атыңды кантип мен айтам, Кыргыл, Серек баштаган, Кылымдан чыккан кырк арстан, Тонуңду бердим белендеп, Атышкан жоого кийер деп, Кез ажалы кетпесе, Жарык көрүп жүрөр деп, Эстеп турам сиздерди, Эске алар деп биздерди.. Кайран энең Каныштын, Жанына жаман күч келди. “Алапайы куурулуп, Амалы кеткен кезинде, Энекемдин иши деп, Гүлүстүн калсын эсинде” Муну айтты ичинде. Эр Чубактын Ташкелте, Каныкей ала келди эле: “Алмамбеттин белеги, Ар качан тийген кереги, Чубактан калган Ташкелте, Эми керегиң сенин тийерби?” Деп Каныкей жалооруп, Көзүнүн жашын имерди. Сүтбоздун тарап кыл жалын, Сүмбөлөп ичин жышкуурлап, Артынан тартып ак кадек, Кир жукпай калган мезгилде, Өлчөлүү дары күпсөрдө, Кур дедире куйду эле, Аркасына сүмбөнү, Майлык менен урду эле. Кой башындай огу бар, Коло, чойун, коргошун, Томолотуп салды эле, Такылдатып сүмбөлөп, Окту чыңдап алды эле. Ташка арта салганы, Абалы кудай, калганда, Айкөл Манас баштаган, Арбактарга жалбарды. Ак милтеден чок жетти, Таш келтеден ок кетти. Аткан ок жерге түшкөнчө, Айкөл Манас баштаган, Арыстандын баары жетти эми, Каныкей көрдү бер жактан, Гүлчоро көрдү ал жактан, Айкөл Манас баштаган, Калбаптыр бирөө арбактан. Олуйа Кошой ошондо, Тайторуга жетти эле, Сойулгур, болдуң эмне, деп, Сооруга чаап өттү эле. Кармаганча чылбырдан, Жалгыз эмес Тайтору, Сейитектин тогуз ат, Отуз аттан өттү эле. А кудайлап Гүлчоро, Атакелеп бакырып, Оозуна кирген арбакты, Атынан айтып чакырып, Катар барат тогуз ат, Туйактан чыккан тозоңун, Жөө тумандай сапыртып. Ташкелте үнүн укканда, Гүлчоро үнү чыкканда, Баланын баары чырылдап, Манастап ураан салганда, Сарала менен Алмамбет, Тайторуну жетелеп, Чылбырынан алганда, Айкөл Манас албайып, Аккула менен далбайып, Баштап жөнөп калганда, Көзүр Чубак ошондо, Көктеке менен сүрөдү. Олуйа Кошой, Музбурчак, Телкызыл менен эр Сыргак, Көгала менен хан Көкчө, Кыргыл баштап кырк арстан, Ортого алып аттарды, Сүрөп барат бөлөкчө. Семетейдин Тайбуурул, Аккуланын артында, Тайторунун алдында, Куйругун салып сыртына, Ойноп кетип баратат. Караанын көрүп Гүлчоро, Абакем келген экен, деп, Ойлоп кетип баратат. Алдындагы токсон ат, Калды аркада талаалап, Манас деп ураан чыкканда, Баатырдын атын укканда, Эрбененин талаада, Кой кайтарган койчулар, Каныштын аты чыксын, деп, Эбедени эзилип, Эп жүрөгү жетилип, Кочкорун минип жөнөдү, Эбең-эбең теминип. Эчки бакан абышка, Текесин минип ашыгып, Тушуман өтүп кеткиче, Бир атты чаап калсам, деп, Дегеле жаман шашылып, Уй кайтарган уйчулар, Бултулдатып букасын, Бу да жөнөп алыптыр, Төө кайтарган төөчүлөр, Ар качан күлүк ушул деп. Буркулдатып буурасын, Самсаалатып чуудасын, А да жөнөп алыптыр. Суу сугарган сугатчы, Күрөгүн колго алыптыр, Орок оруп жаткандар, Орогун илип белине, Эки жеңин түрүнө, Булар да жөнөп алыптыр. Саан сааган катындар, Тилек кылып бекемдеп, Ушул ат чыкса экен, деп, Чуркурап үндү салыптыр, Туу түбүнө жакындап, Аттар жете барыптыр. Бакай көрдү баарысын. Сейтек көрүп элесин, Нак олуйа экен, деп, Эсине алды ошондо, Каныкейдей энесин. Эркекче турса биле албай, Бурулуп карап Сейитек: — Энемди таап, эжеке, Садага чаап жибер, — деп, Жумшады Чүрөк эжесин. Көргөндүн агып көз жашы, Уккандын канып суусуну, Тайтору баштап алдында, Сейитектин тогуз ат, Көтөргөн жыкты туусуну. “Арбагы колдоп Манастын, Сейтек иши оң” дешип, Көпчүлүктүн басылбайт, Көк чаңырган чуу-чуусу. Соога сурап эл келди, Ошолордун катары, Хан Ысмайыл да келди, Ысмайылды көргөндө, Кайран энең Каныкей, Кыйла сөз айтып жиберди: — Төлгөгө байлап ат чаптым, Ар түрдүү кепти сен таптың, Кетирдиң деп намысты, Кекээр кепти мага айттың, Сен намыс күткөн эр болсоң, Канчоронун тушунда, Канча жылы кар болдум, Анда, Ысмайыл не болдуң? Баламдан башка айрылдым, Тирүүдөн тирүү айрылдым, Канатым сынып кайрылдым, Кан жутуп ичтен кайгырдым, Букарда жаттым чиренип, Анда качан кайгырдың, Сейтек келди чоңойуп, (Тил жазыктуу болбосун) Таласына ээ болуп, Ат изин салган жериң жок, Төлгөгө байлап ат чапсам, Калдыбы сага кээ болуп?! Сен намыскөй экенсиң, Карахан менен Темирхан, Шаатемир-үчөө бир тууган, Түйдөк баш эжең Чачыкей, Шаатемирден туулган, Ал Канчорого тийгенде, Бул намысың кайда эле?! Олуйа Бакай кар болуп, Он эки жыл төө бакты, Унаа минбей жөө бакты, Кысыр торпок кайтартып, Мени он эки жыл какшатты, Жатындаш элек экөөбүз, Анда бул намысың кайда эле? Бүгүн Тайтору байге алганда, Жылдыз курттай жылтылдап, Эми жетип келипсиң, Соога сурап култулдап. Жүзүң менен куру! — деп, Сөзүң менен куру! — деп, Сүтбозду санга бир салып, Бура тарта бергенде, Айчүрөк дайар болду эле, Аксарбашыл уй алып, Аруудан тандап тон алып, Чаң болгон киймиң ташта, деп, Элдин көзү башка, деп, Жаман тили ташка, деп, Садагасын чаптырып, Бар кийимин таратып, Түктүү сан кылып кестирип, Сары башыл уйду талатып, Ысмайыл баштап Букарлык, Баары турду карашып. Аңгычакты болбоду, Орус хан киши жиберди, Тайторуну суратып, Уйаты жок Ысмайыл, Ичтен киши жиберип, Буда турду суратып; Тажиктердин Темирбек, А да турду суратып; Түбүбүз бирге тууган, деп, Тайтору күлүк буудан, деп, Жоодарбешим жаш баатыр, Бу да турду суратып; Капкайдан келген Каңгайдан. Аты Жаңгыр хан Калдай, Тайтору мага берсин, деп, А да турду суратып, Маңгыттарда чоң Сартбай, Сарыбай деген наамы бар, Күн батыштын элине, Күндөй тийген табы бар, Тайтору мага берсин, деп, Бербесе өзү билсин, деп, Бу да турду суратып, Багдат, Мисир бир болуп, Ак алтын санап пул койуп, Тайтору сатып берсин, деп, Булар да турду сурашып, Ошол кезде Сейтек, Абаң Бакай эр Гүлүс, Каныкей энең, Айчүрөк, Керменбай бешөөн келгин деп, Чакырып алып айтат кеп: — Чыгыш, батыш, түндүктөн, Кошулуп тажик түштүктөн, Тайторуну сурашып. Калды булар талашып. Жаңгыр Калдай, Сарыбай, Тажиктерден Темирбек, Сөздөрүндө чаары бар, Айрыкчасын Сарыбай, Бербесе өзү билсин, деп, Ачык айткан жери бар, Кимисине беришке, Тайторунун эби бар? Кеңешип туруп Тору атты, Бирөөнө бере салыңар. Калгандар калды аңкайып, Гүлүстөн турду муну айтып: — Тажик Темир, Сарыбай, Сөзүнүн заары турат деп, Коркуп берер кеп эмес, Алмамбеттин Кылжейрен, Букарлыкта калыптыр, Тайтору бериш жол эмес. Кангайдын Калдай, Жаңгыры, Ак калпак кыргыз элине, Качан да болсо бар чыры. Токсон бир асый Тайтору, Мындан кийин чуркабайт, Ушул сапар чабууда, Топтон чыкты шаңданып, Тайторуну суратып, Баары турат таңданып, Орус ханга берели, Биз келгенбиз баш алып, Түбү кыргыз Орус хан, Көчүрүп берди Гүлнарды, Баргызбай бизди Урумдан, Суратыптыр Тайтору, Минип кетсин Орус хан. Дегеле киши болгон жок, Гүлчорого унчуккан. Тайторуну сураткан, Аты айтылды бир топ хан. Тайторуну сураган, Атагы отуз хан экен, Сураган менен бербейт, деп, Сурабаган андан көп, Отуз хандын элчиге, Эр Гүлүстөн айтат кеп: — Сейитектин Тайтору, Топту бузуп байге алды, Бул аттын түбүн сурасаң. Дөө Кошойдон калганы, Сейтек такка мингенде, Алып келген соога деп, Жалгызек сындуу тууганы. Алмамбеттин Кылжейрен, Арууке энем тойунда, Букарлыкта калганы, Накай кыргыз уруудан, Урумдагы Орусхан, Карып калган убагы, Орус хан минип кетсин, деп, Эр Сейитек арнады. Дайынын угуп Тору аттын, Элчилер кайра жанганы, Уккан кептин баарысын. Хандарга айтып барганы. Маңгыттардын Сарыбайы, Маа бербейт деп бир тайды, Катуу арданып калганы. Ушундан калып кекенчи, Кийинчерээк Сарыбай, Таласка басып барганы. Жаңгыр калдай Темирбек, Кыйамың бир күн келер, деп, Ошол күнү Орусхан. Канчалык жардам берет, деп, Булардын кетти ичинде, Канчалаган жаман кеп. Тайатама берди, деп, Жоодар кетти жуу кылбай, Мисир менен Багдаттык, Булар калды унчукпай. Муну мындай таштайлы, Кайыпчыдан Семетей, Табылгандан баштайлы.