Кыйаздын өлүшү
Сейтек менен Айчүрөк, Кыйазга жете келишип, Баргандан баштап кеп салып: — Келинди алып түндүгүн, Көтөрүп койдук, — деп салып, Калдайып өзүң баш болуп, Боз кыроо айы келгенде, Көчүрүп келсек, келинди, Калың менен каадасын, Алынча кылып ырымды, Бул акыл сага жарайбы? Угалы, кана кебиңди? Жакшы-жаман бир ооз кеп, Кыйаз айтып койбоду, Ким билет ал ичинде, Эмнелерди ойлоду? Сейтек кетти жылкыга, Абакем качан келет, деп, Көзүн салып Таласка. Эр Гүлүстөн абаңыз, Эрмегин мунун караңыз. Элиртип минип сур атты, Таласка кетип баратты. Атасы Манас баатырга, Куран окуп, кол жайып, Калганда элден тил алып, Каныкей менен Бакайга, Көрүшкөлү жол кошуп, Темиртоонун сыртында, Эр Гүлүстөн баратса, Торсолдойдун Каргалдай, Үйүндө тынчып жата албай, Жайдак минип ээри жок, Калпагы жок топучан, Токтоно элек өзү шок, Жыйырмадан ашкан курамы, Мерген чыккан болуучу, Тоого койбой уларды, Кондурбай көлгө кууларды, Ойуна алып Каргалдай, Адырдан аркар ууларды, Бөксөдө кетип баратып, Эр Гүлүстөн жолборско, Жакындап калган убагы. Гүлүстөн көрүп караанды, Токтотту аттуу кадамды. Адам барбас, жан көрбөс, Бакайдын Туйукжылга деп, Темиртоонун сыртында, Бир жылгасы бар эле. Гүлүстөн келип ал жылга, Өзүңдүн көнүк жерин деп, Балдай жутуп суусунан, Күрүчтөй чөбүн жегин деп, Кийимин чечип таштады, Абдалды кийип салбырап, Келе жаткан караанга, Алдынан утур басканы. Айбандан тунук Суркойон, Кош кулагын кайчылап, Өңүм эмес, түшүм деп, Кишидей ыйлап жаныбар, Көзүнөн жашы тамчылап, Так Кеңколдун өзүн, деп, Көрдүмбү эми өзүм деп, Ээрдин малып суу татып, Оозун ачып чөп чалып, Жатып оонап, силкинди, Топосу Кеңкол жыттанып. Жөөлөп жүргөн жайдаңдай, Гүлүстү көрүп Каргалдай, Бойу эрип балкылдап, Атчан туруп ала албай, Түшө калып тайынан, Кыргыздын кылып каадасын, Эки колу боорунда, Салам айтып турганда, Алик алып Гүлчоро, Тык карабай балага, Кабагы ачык бала экен, Назар салып караса. Бала баштап кеп айтып: — Кай тараптан келесиз, Унаа минбей жөө басып? Мергенби десем, мылтык жок, Аңчыбы десем тузак жок, Келатасыз адашып, Баладан Гүлүс кеп угуп, Туруп калып буулугуп: — Айланайын чунагым, Талаада калдың жолугуп. Кийер кийим, минер ат, Бар болсо жанда жарагым, Тер куйулуп жөө басып, Жүрөр белем карагым, Азып жүргөн бир жанмын, Турушумду карагын, Эл кыдырып суу ичип, Жаткан жерден даам ичип, Талаада калып адамсыз, Ушинтип келе жатамын, Кыргыздын эли кенен деп, Кем- керчимди жамкаарып, Ошондон алып келем деп. Атың ким, балам, сеники? Атаңдын аты ким деген? Учурап калдым талаада, Угайын эми сенден кеп. Анда бала сүйлөдү, Өз жөнүнөн кеп ачып: — Мусапыр болуп, Акебай, Жүрүптүрсүз жөө басып, Өзүм кыргыз элинен, Туругум Кеңкол жеринен, Атамдын аты Торсолдой, Ыйлап жүрүп өзүнчө, Сокур болду көрө албай. Өзүмдүн атым Каргалдай, Эригип чыктым талаага, Үйдө бекер жаталбай. Жай жатакта жатабыз, Жылаңач үй, эчкинин, Сүтүн саап татабыз. Атакем ашты жетимиш, Үйгө кайта кетемин, Мен калбайын кечигип, Мени менен бир барып, Эки-үч күн жатып кетиңиз. Атам менен сүйлөшүп, Эрмектешиң чечилип, Көрбөсө да атамдын, Көөнү калсын жетилип, Аңгычакты болбоду, Көлөкө түшүп кечкирип. Келе жатса адырда, Топ аркар калды кезигип, Утур окко келгенин, Атып алды Каргалдай, Жыгылып калган аркарды, Сойуп алды Каргалдай Этин артып тайына, Жөөлөп калды Каргалдай, Мал жыйылып карарып, Үй көрүнүп дардайып, Кара коргон көзүнө, Көрүнүп калды калдайып, Эр Гүлүстөн ошондо, Тиктеп калды алайып, Эки-үч сапар тил булгап, Эрдин алды жаланып, Сергек бала Каргалдай, “Жүрөгү коркуп атабы? Алп мүчөлүү киши экен, Корко турган бейли жок, Же ой ойлонуп жатабы? Талаада жүрүп атамды, Такып эмне сурады”, Каргалдай ойлоп турганда, Тармалсаздан Гүлүстөн, Торпок багып жүгүргөн, Көрүп калып караанды: — Айланайын, жаш бала, Атыңды калдым биле албай, Көрсөтүп кой үйүңдү, Артыңан анан барайын, Бүткөн бойум тер эле, Киринип сууга алайын. Анда туруп Каргалдай: — Айланайын акебай, Сизден кары атам бар, Кумган менен кумура, Суу куйуучу жана бар. Муздак сууга киринбей, Бөлүнүп калбай бирге бар, Суу жылытып берүүгө, Менин үйдө зайыбым бар. — Мен ыраазы, Каргалдай, Мөлтүр тунук суу экен, Сенден уктум байатан, Кеңкол деген ушу экен, Арстан Манас жери экен, Атагы алаш эл экен, Чумубай кетсем дайрага, Болбой турган кеп экен, Бүгүнкү менден аккан тер, Мээнет эмес дөөлөткө, Чубуруп аккан тер экен. Калды анда Гүлүстөн, Каргалдайга ушундай, Канча айтып таттуу кеп, Көрсөтүп кетти Каргалдай, Сизди итке талатпай, Мен да карап турам, деп. Каргалдай жөнөп кеткени, Эми Гүлүс неткени? Ойунда эки кеби бар, Торпок тоскон айалды, Каныкей болуп калат деп, Ошол жактан шеги бар, Коргон салып Канчоро, Конушу башка болуптур, Которулуп конуптур, Алтын булак мазарды, Ээн таштап койуптур. Манас бутун салган суу, Семетей колун малган суу, Бакай менен Каныкей, Күнүгө чайга алган суу, Айчүрөк басып барган суу, Бир көргөн киши көрсөм деп, Көзү айран калган суу. Ичсе суусун кандырган Бал татыган кымыз суу, Кыштын күнү тоңбогон, Жайдын күнү кылайып, Жылымык тартып койбогон, Ошол суудан жутууну, Ойунда Гүлүс ойлогон. “Агын сууга жуунсам, Суусунум канып булактан, Белимди бекем буунсам, Арбагына атамдын, Андан кийин барбасам. Суусуна жуунбай Кеңколдун, Булагын ичпей Кеңколдун, Күмбөзүн көрбөй канкордун, Айылга кантип мен барам? Абалын билбей энемдин, Атын укпай абамдын, Жутунуп барып айылга, Туузаны кайдан мен табам?” Ошону ойлоп кайран шер, Асталай басып сүрүлүп, Агын сууга киринип, Бойу өсүп чыккансып, Туш-тарапка керилип, Үйрүлүп үйгө токтобой, Жашуучудай демигип, Жетип барып булакка, Токтоно албай желигип, Жата калып боортоктоп, Башын салып жиберип, Тойо жутуп булактан, Карды чыгып челейип, Мурдагы Гүлүс кептенип, Тура калды делейип. Ачып көзүн абыдан, Акыл ойлоп жаңыдан, Айланага көз салып, Торпок баккан кемпирге, Жакындады түз басып. Караса кемпир – Каныкей, Карып болгон ченебей, Үстүндө кийим калбаптыр, Үйрүп салар кенедей. Көргөндөр берсе бүтүндөп, Кийерин кийип болгон деп, Чачыке койгон бердирбей, Бутун ачпай дүрдүйүп, Түз боло албай бүкүйүп, Муштумдай кемпир болуптур, Чеңгелге толбой чүкүйүп. Чач түшүптүр суйулуп, Типтик болуп үкчүйүп, Энесин көрүп Гүлүстөн, Сыздап турат сай-сөөгү, Кызыл жалын от күйүп! “Жанына кандай барам? — деп, Көрүнөө турса денеси, Кантип көрөм энемди? Мындайын билсем бул жерге, Ала келбей жеңемди!” Кылт этип ойдон ушулар, Андан өтүп жөнөдү, Байкап сырттан көз салып, Бакай ханды көргөнү. Бурулдаган бууралар, Буркулдаган бууржундар, Кайкаңдаган каймалдар, Тайраң салып тайлактар, Керүүлөп басып кекейет, Жөө Бакайга айдатпай. Колунда тайак кекилдеп, Ылдамдай басып декилдеп, Шамал ыргап сакалы, Ийининен ашып желпилдеп, Муруттары тиктелип, Бетинен чыгып сары түк, Дегеле жаман түктөйүп, Алынбаган башта чач, Жалдуу айгырдай үксөйүп, Ийилип бели мекчейип, Эки көзү чекчейип, Жүгүрдүм дейт ойунда, Жыгылчудай сенделип, Көрүп туруп Гүлүстөн, Сай-сөөгү кетти бадырап, Ээрдин кесе тиштенип. Каныкейди көргөндө, Өзөгүнөн от жанып.