← Сейтек 2/2

Сейтек менен Айчүрөк, Кыйазга жете келишип, Баргандан баштап кеп салып: — Келинди алып түндүгүн, Көтөрүп койдук, — деп салып, Калдайып өзүң баш болуп, Боз кыроо айы келгенде, Көчүрүп келсек, келинди, Калың менен каадасын, Алынча кылып ырымды, Бул акыл сага жарайбы? Угалы, кана кебиңди? Жакшы-жаман бир ооз кеп, Кыйаз айтып койбоду, Ким билет ал ичинде, Эмнелерди ойлоду? Сейтек кетти жылкыга, Абакем качан келет, деп, Көзүн салып Таласка. Эр Гүлүстөн абаңыз, Эрмегин мунун караңыз. Элиртип минип сур атты, Таласка кетип баратты. Атасы Манас баатырга, Куран окуп, кол жайып, Калганда элден тил алып, Каныкей менен Бакайга, Көрүшкөлү жол кошуп, Темиртоонун сыртында, Эр Гүлүстөн баратса, Торсолдойдун Каргалдай, Үйүндө тынчып жата албай, Жайдак минип ээри жок, Калпагы жок топучан, Токтоно элек өзү шок, Жыйырмадан ашкан курамы, Мерген чыккан болуучу, Тоого койбой уларды, Кондурбай көлгө кууларды, Ойуна алып Каргалдай, Адырдан аркар ууларды, Бөксөдө кетип баратып, Эр Гүлүстөн жолборско, Жакындап калган убагы. Гүлүстөн көрүп караанды, Токтотту аттуу кадамды. Адам барбас, жан көрбөс, Бакайдын Туйукжылга деп, Темиртоонун сыртында, Бир жылгасы бар эле. Гүлүстөн келип ал жылга, Өзүңдүн көнүк жерин деп, Балдай жутуп суусунан, Күрүчтөй чөбүн жегин деп, Кийимин чечип таштады, Абдалды кийип салбырап, Келе жаткан караанга, Алдынан утур басканы. Айбандан тунук Суркойон, Кош кулагын кайчылап, Өңүм эмес, түшүм деп, Кишидей ыйлап жаныбар, Көзүнөн жашы тамчылап, Так Кеңколдун өзүн, деп, Көрдүмбү эми өзүм деп, Ээрдин малып суу татып, Оозун ачып чөп чалып, Жатып оонап, силкинди, Топосу Кеңкол жыттанып. Жөөлөп жүргөн жайдаңдай, Гүлүстү көрүп Каргалдай, Бойу эрип балкылдап, Атчан туруп ала албай, Түшө калып тайынан, Кыргыздын кылып каадасын, Эки колу боорунда, Салам айтып турганда, Алик алып Гүлчоро, Тык карабай балага, Кабагы ачык бала экен, Назар салып караса. Бала баштап кеп айтып: — Кай тараптан келесиз, Унаа минбей жөө басып? Мергенби десем, мылтык жок, Аңчыбы десем тузак жок, Келатасыз адашып, Баладан Гүлүс кеп угуп, Туруп калып буулугуп: — Айланайын чунагым, Талаада калдың жолугуп. Кийер кийим, минер ат, Бар болсо жанда жарагым, Тер куйулуп жөө басып, Жүрөр белем карагым, Азып жүргөн бир жанмын, Турушумду карагын, Эл кыдырып суу ичип, Жаткан жерден даам ичип, Талаада калып адамсыз, Ушинтип келе жатамын, Кыргыздын эли кенен деп, Кем- керчимди жамкаарып, Ошондон алып келем деп. Атың ким, балам, сеники? Атаңдын аты ким деген? Учурап калдым талаада, Угайын эми сенден кеп. Анда бала сүйлөдү, Өз жөнүнөн кеп ачып: — Мусапыр болуп, Акебай, Жүрүптүрсүз жөө басып, Өзүм кыргыз элинен, Туругум Кеңкол жеринен, Атамдын аты Торсолдой, Ыйлап жүрүп өзүнчө, Сокур болду көрө албай. Өзүмдүн атым Каргалдай, Эригип чыктым талаага, Үйдө бекер жаталбай. Жай жатакта жатабыз, Жылаңач үй, эчкинин, Сүтүн саап татабыз. Атакем ашты жетимиш, Үйгө кайта кетемин, Мен калбайын кечигип, Мени менен бир барып, Эки-үч күн жатып кетиңиз. Атам менен сүйлөшүп, Эрмектешиң чечилип, Көрбөсө да атамдын, Көөнү калсын жетилип, Аңгычакты болбоду, Көлөкө түшүп кечкирип. Келе жатса адырда, Топ аркар калды кезигип, Утур окко келгенин, Атып алды Каргалдай, Жыгылып калган аркарды, Сойуп алды Каргалдай Этин артып тайына, Жөөлөп калды Каргалдай, Мал жыйылып карарып, Үй көрүнүп дардайып, Кара коргон көзүнө, Көрүнүп калды калдайып, Эр Гүлүстөн ошондо, Тиктеп калды алайып, Эки-үч сапар тил булгап, Эрдин алды жаланып, Сергек бала Каргалдай, “Жүрөгү коркуп атабы? Алп мүчөлүү киши экен, Корко турган бейли жок, Же ой ойлонуп жатабы? Талаада жүрүп атамды, Такып эмне сурады”, Каргалдай ойлоп турганда, Тармалсаздан Гүлүстөн, Торпок багып жүгүргөн, Көрүп калып караанды: — Айланайын, жаш бала, Атыңды калдым биле албай, Көрсөтүп кой үйүңдү, Артыңан анан барайын, Бүткөн бойум тер эле, Киринип сууга алайын. Анда туруп Каргалдай: — Айланайын акебай, Сизден кары атам бар, Кумган менен кумура, Суу куйуучу жана бар. Муздак сууга киринбей, Бөлүнүп калбай бирге бар, Суу жылытып берүүгө, Менин үйдө зайыбым бар. — Мен ыраазы, Каргалдай, Мөлтүр тунук суу экен, Сенден уктум байатан, Кеңкол деген ушу экен, Арстан Манас жери экен, Атагы алаш эл экен, Чумубай кетсем дайрага, Болбой турган кеп экен, Бүгүнкү менден аккан тер, Мээнет эмес дөөлөткө, Чубуруп аккан тер экен. Калды анда Гүлүстөн, Каргалдайга ушундай, Канча айтып таттуу кеп, Көрсөтүп кетти Каргалдай, Сизди итке талатпай, Мен да карап турам, деп. Каргалдай жөнөп кеткени, Эми Гүлүс неткени? Ойунда эки кеби бар, Торпок тоскон айалды, Каныкей болуп калат деп, Ошол жактан шеги бар, Коргон салып Канчоро, Конушу башка болуптур, Которулуп конуптур, Алтын булак мазарды, Ээн таштап койуптур. Манас бутун салган суу, Семетей колун малган суу, Бакай менен Каныкей, Күнүгө чайга алган суу, Айчүрөк басып барган суу, Бир көргөн киши көрсөм деп, Көзү айран калган суу. Ичсе суусун кандырган Бал татыган кымыз суу, Кыштын күнү тоңбогон, Жайдын күнү кылайып, Жылымык тартып койбогон, Ошол суудан жутууну, Ойунда Гүлүс ойлогон. “Агын сууга жуунсам, Суусунум канып булактан, Белимди бекем буунсам, Арбагына атамдын, Андан кийин барбасам. Суусуна жуунбай Кеңколдун, Булагын ичпей Кеңколдун, Күмбөзүн көрбөй канкордун, Айылга кантип мен барам? Абалын билбей энемдин, Атын укпай абамдын, Жутунуп барып айылга, Туузаны кайдан мен табам?” Ошону ойлоп кайран шер, Асталай басып сүрүлүп, Агын сууга киринип, Бойу өсүп чыккансып, Туш-тарапка керилип, Үйрүлүп үйгө токтобой, Жашуучудай демигип, Жетип барып булакка, Токтоно албай желигип, Жата калып боортоктоп, Башын салып жиберип, Тойо жутуп булактан, Карды чыгып челейип, Мурдагы Гүлүс кептенип, Тура калды делейип. Ачып көзүн абыдан, Акыл ойлоп жаңыдан, Айланага көз салып, Торпок баккан кемпирге, Жакындады түз басып. Караса кемпир – Каныкей, Карып болгон ченебей, Үстүндө кийим калбаптыр, Үйрүп салар кенедей. Көргөндөр берсе бүтүндөп, Кийерин кийип болгон деп, Чачыке койгон бердирбей, Бутун ачпай дүрдүйүп, Түз боло албай бүкүйүп, Муштумдай кемпир болуптур, Чеңгелге толбой чүкүйүп. Чач түшүптүр суйулуп, Типтик болуп үкчүйүп, Энесин көрүп Гүлүстөн, Сыздап турат сай-сөөгү, Кызыл жалын от күйүп! “Жанына кандай барам? — деп, Көрүнөө турса денеси, Кантип көрөм энемди? Мындайын билсем бул жерге, Ала келбей жеңемди!” Кылт этип ойдон ушулар, Андан өтүп жөнөдү, Байкап сырттан көз салып, Бакай ханды көргөнү. Бурулдаган бууралар, Буркулдаган бууржундар, Кайкаңдаган каймалдар, Тайраң салып тайлактар, Керүүлөп басып кекейет, Жөө Бакайга айдатпай. Колунда тайак кекилдеп, Ылдамдай басып декилдеп, Шамал ыргап сакалы, Ийининен ашып желпилдеп, Муруттары тиктелип, Бетинен чыгып сары түк, Дегеле жаман түктөйүп, Алынбаган башта чач, Жалдуу айгырдай үксөйүп, Ийилип бели мекчейип, Эки көзү чекчейип, Жүгүрдүм дейт ойунда, Жыгылчудай сенделип, Көрүп туруп Гүлүстөн, Сай-сөөгү кетти бадырап, Ээрдин кесе тиштенип. Каныкейди көргөндө, Өзөгүнөн от жанып. Хан Бакайды көргөндө, Жаш ордуна кан агып, Мунажат кылат теңирге: “Кудай берсе талапты, Хан абама кылдырсам, Сен экөөңө суракты!” Күн кечкирип аңгыча, Көз байланган убакты, Торсолдойдун Каргалдай, Жетелеп тайын энтелей, Үйүнө келип катынын: — Казан аскын эртелеп, Мейман келет бул үйгө, Ардык алсын эртерээк. Бол, катыным, тилим ал, Жаткырып койуп конокту, Сааның менен сүтүңдү, Майда-чүйдө ишиңди, Андан кийин кылып ал. Катындын аты Акмаңдай, Айткан сөзү ал мындай: — Ээрчитип келген кишиң жок, Ашыгасың болгун деп, Ашыкпай жатса коногуң, Атама болор жакшы кеп. Ачык болсо коногуң, Анда абдан болгонуң, Мейман келсе тээ мурун, Эчтемени элебей, Олтурчу элең дүңкүйүп, Бүгүн кантип калгансың, Алек-далек жүгүрүп? Деги мейман кана, кишиң ким? Айтып анан желгиниң, Малдан сойуп бергиниң. Калдалаңдап Каргалдай, Алкынып деги тура албай: — Алдында куурдак куура сал, Андан кийин сойулат, Ал конокко да бир мал. Келүүчү конок дубана, Кызыгап калдым мен ага, Учурап калдым капыстан, Тарашанын кырында. Кобурашып биз турсак, Аркар келди алдыма, Байлап койгон немедей, Туруп берди жаныма, Атып алып аркарды, Артып алдым тайыма, Түшүп келдик экөөбүз, Тармалсаздын жаынан. Канчоронун коргонун, Кимдики деп сурады, Мазар сууну карады, Көзү ооттой жайнады, Кыжыр менен тиштерин, Качыратып чайнады. Муунума кирип калтырак, Коркуп жаным таз калды. “Көрсөтүп кой үйүңдү, Мен барамын күүгүмдө, Жуунуп сууга аламын, Бүткөн бойум кир эле”, Деп ошентип ал киши, Калып калды ал жерде, “Атаң барбы? Атың ким?” Сурады баса берерде. Түз басып кирбей мен үйгө, Чыгып тиги дөбөгө, Ал кишини карадым, Каныкейдин жанына, Көрүп турдум барганын. Мазар сууга киринди, Соо киши эмес билдиңби? Карасуу бойлоп кыдырды, Төө тосуп жүргөн Бакайды, Карап аны көп турду. Карап турсам дөбөдө, Жакасын бурап кармады, Өзүнчө туруп каарданды, Көрүнүп турду дөбөгө, Эки көздөн от жанды, Ана бура басты бер жакка, Келерине аз калды. Акмаңдайга Каргалдай, Айтып кебин салганы, Төрдө жаткан Торсолдой, Баарын угуп алганы: — Каргалдай балам, айтканың, Ыраспы, же жалганбы? Ырас болсо айтканың, Кудай берип салганбы? Акжолтой тууган эр эле, Алмамбет уулу шер Гүлүс, Мында келип калганбы? Баштап кел, балам, бачымдап, Мен олтурайын жакындап. Анык болсо Гүлчоро, Ашканын ичсем колунан, Бир жыттасам боорунан, Кырк күндөн кийин сак болом, Айыгып сокур оорудан. Жалынамын, жалбарам, Сыркоргондун топодон, Бир чымчымды алдырам, Көзүмө сүртсөм үч бөлүп, Ошону менен айыгам, Ачылган багың турбайбы, Арстан чыгып жолуңан! Азамат Гүлүс кеткели, Келиним кеште тикпеди, Же сага нөөмөт жетпеди, Ажыбайдын айлы деп, Канчоро хан жектеди. Элге кызмат кылдырбай, Керменбайды четтетти, Чачыкей менен Канчоро, Бүткүл элге кектетти. Торсолдой айтып салганы, Аңгычакты карсылдап, Иттер үрүп калганы, Каргалдай бала жүгүрүп, Алдынан тосуп барганы, Үргөн менен дөбөттөр Камап бара албады, Каргалдай бала делдестеп, Баштап кире калганы, Эшиктен кирип Гүлүстөн, Торсолдой сунду карыга, Салам айта салганы, Алик алып абышка, Колун сунуп калганы, Колунан Гүлүс кармады. Торсолдой колду ушалай, Айткан кеби ушул ай: — Арстансыңбы, шерсиңби? Көзүм көрбөйт меники, Колуң колго жыпжылуу, Күнүм Гүлүс сенсиңби? Күндөй бетиң көрө албай, Көр болгон сокур менминби?! Жытың жыпар буркурап, Бүткөн бойдон тер агып, Кетип барам жымырап! Гүлүстөн анда кеп айтат: — Гүлүс деген ким эле? Гүлүс деген кеп укса, Канчоро хандын казабы, Катуу келет деди эле. Жай таба албай кыдырып, Жата албай жүрүп турган жан, Өлүмгө келген экенмин, Атыңыз ким карыйа? Мунтип берсең айылың, Мен жата албайт экенмин. Торсолдой кары кеп айтат: — Уулу менен келини, Ашкерелеп койот деп, Деги ойлобо кебимди. Сен Гүлчоро болбосоң, Гүлчоро сени жиберди, Жүргөнүңдөн билинди. Семетей кайып болголу, Гүлүстөн майып болголу, Айчүрөк олжо болголу, Көрбөдү көзүм уктум мен, Алтын булак мазар суу, Барган киши болбоду, Каныкейдин жанына, Өткөн киши болбоду, Кыйналганын Бакайдын, Көргөн киши болбоду. Булакка бардың кириндиң, Каныкей алын сен билдиң. Бакайдын алын байкадың, Канчоронун коргонун, Караанын көрүп укканда, Башыңды неге чайкадың? Ошолорду мен угуп, Гүлүстөн деп турамын, Жалгыз балам Каргалдай, Мен Торсолдой сокурду, Багып жатат кар кылбай, Бакайга берет аш-тамак, Калгандарга туйдурбай, Сурап турат ал жайын, Каргалар барып ар күнү, Куруп калган зор Бакай, Төө кайтарат ар күнү, Карыганда зор Бакай, Жөө кайтарат төөлөрдү, Тирүү бенде көрбөгөн, Кордукту Бакай көргөнү, Кайран киши кар болду, Кең дүйнөсү тар болду, Каныкей күнү андан тар, Жаман каардап Чачыкей, Бир жутум сууга кылат зар. Тезек терип, мал тосуп, Барып калса Каныкей, Катын менен балалар, Көрбөй калса айла жок, Көрүп угуп калса эле, Кордук салат Чачыкей, Бир үйгө башын каттырбайт, Бирөөгө кебин айттырбайт, Башкадан даам таттырбайт. Жайдын күнү болгондо, Эти күнгө күйсүн деп, Узун көйнөк кийгизбейт. Кыштын күнү болгондо, Үшүк алып молойуп, Кол-буту чолок болсун деп, Калың чапан кийгизбейт. Жай айранды чак берет, Кыш сорпону аз берет, Каныкей менен Бакайдын, Кардыгын угуп калганда, Ичимен мөжүк кан кетет! Айтып болуп Торсолдой, Эсинен танды эндиреп, Каргалдай менен акмаңдай, Куурдак кууруп жатышат, Казанына энтелеп. Куурдагын берип бышырып, Жетелеп келип козусун, Конокко бата кылдырды, Атакелеп кычырып. Ачуу ичеги ашырбай, Этин такыр салышты, Атасы менен Гүлүскө, Чоң табакка тартышты. Байкап турса Гүлүстөн, Катынан күдүңдөп, Каргалдай бала кеп айтты: — Мына бу эки жамбашты, Хан атам менен энеме, Эбин таап астыртан, Берели, катын, — деп айтты. Ушинтишип бул экөө, Алып койду эттерин, Байкап туруп Гүлүстөн, Баарын укту кептерин. Сынына Гүлүс толтурду, Жаман-жакшы иш билген, Жайы бар бала экен деп, Жатар мезгил болгондо, Каргалдай менен Акмаңдай, Короо кезүү бизде, деп, Салынарын, жабарын, Ташып чыгып аларын, Атасы менен конокко, Төрүнө салып кең төшөк, Короого чыгып кетишти, Алмак болуп кабарын. Эл айагы басылып, Баарын уйку алыптыр, Уктабай жатып ошондо, Торсолдой кебин салыптыр: — Айланайын коногум, Мени уктатпай койду, деп, Дегеле капа болбогун. Колуң менен Жытыңдан, Эр Гүлүс деп ойлойум, Кыймыл этсең жер солкуйт, Шер Гүлүс деп ойлойум, Сыр алдырсам бирөөгө, Мындан бетер оңбойун! Сен келгени бул үйгө, Жүрөгүм балкып толгону, Өзүнчө бейлим тойгону, Жанаша жатсам сен менен, Толкундап жүрөк сүйүнүп, Көз жумулбай койгону, Эр Гүлүстөн муну айтат: — Көп жашаган карыйа, Көңүлүң жетик баарыга, Азгашып жүрүп темтейип, Келип калдым айлыңа. Гүлүстөн деп ат койуп, Жакындадың сен мага, Жалганды жамап айта албай, Кыжаалат болдум мен сага. Мага бериң уруксат, Дем алыңыз сиз уктап, Арбагына айкөлдүн, Барып ыйлап келейин, Айагынан кучактап. Дубана барат мазарга, Сыркоргондун топосун, Ала келем мен сага, Дагы келип эки күн, Мен турамын ушунда, Аста туруп ордунан, Арстан жүрө берерде, Торсолдой кармап колунан: — Бир жыттаткын коногум, Төшүңдү ачып, бооруңан, Кудай урган абышка, Койбой турган болду деп. Төшүн ача берди эле, Башын салса Торсолдой, Гүлүстүн жыты кирди эле, Куруп калган абышка, Эчкирип ыйлап ийди эле: — Сүйүнчүдөй жүрөгүм, Кечетен бери турганмын, Упурагын ким тартпайт, Ушул дүйнө жалгандын! Эр Гүлүстөн муну айтат: — Кой, Торсолдой, тим болгун, Өз жайыма сен койгун. Көп кечикпей жөнөйүн, Күмбөзүнө көкжалдын. Айкөл арстан атамдын, Келер маалым болдубу, Жооп сурап көрөйүн. Барамын десе айкөлгө, Барбагын деп айта албай, Тыңшап турат тушунда, Каргалдай менен Акмаңдай, Бир-бирине күбүрөп, Кудай берген белем, деп, Бити батпай койнуна, Токтоно албай сүйүнүп, Каргалдай айтат: - Теңдешим, Кадыр Алла бергеним, Ошончодон шер Гүлүс, Биздин үйгө келгенин. Төлгөм түштө көрүнүп, Ишим оңдон экенин, Арстан Гүлүс шер келсе, Эч болбосо ордого, Башчы болот экенмин... Эрди-катын баарысы, Ушундайча сүйлөшүп, Күдүңдөшүп калышы. Акырын чыгып ал үйдөн, Асталай жүрүп Гүлүстөн, Айкөл шердин күмбөзгө, Караңгыда барыптыр, Каңгырап боздоп кайран эр, Катуу ыйлап салыптыр, Эситжанын кыйнады, Ээ дээрге калбай магдыры, Көзүнөн жашы төгүлүп, Эң эле жаман ыйлады: — Атам айкөл шер Манас, Ата конуш чоң Талас, Бирге жүргөн жаныңда, Алмамбет атам чын сырдаш, Бала кезден бирге өскөн, Өткүр Чубак курбалдаш, Эрдиги элге таанылган, Эрен Сыргак урукташ, Силерден сурап медетти, Мен турамын төгүп жаш, Эмгекти тартып Гүлчоро, Сак жеримден тешилдим, Эки далым ойдуруп, Кечирлерим кестирдим, Эмгегин элдин жеткирдим, Эңсегенин келтиргин, Кең Таластан көтөргүн, Эсирген Чоро кесирин! Батадан бүткөн абамды, Өлүп кетти дебеймин, Батасы журтту байыткан, Падыша Кошой олуйа, Оорагына жалынам, Он төрт хандын баарына: — Кар болуп турат ченемсиз, Бүгүн тирүү Бакай карыйа. Бара албай келдим Энемдин, Тик бага албай жанына, Басарына балаңа, Таластын ичи тар болсо, Койнуңда жаткан жубайың, Эбегейсиз кар болсо, Жатсаң жакын жатышкан, Акылды бирге табышкан, Адамдан чыккан даанышман, Абам Бакай зар болсо, Сейтек жетим чоңойуп, Таластын жерин ойлонуп, Жата албай күндө толгонуп, Айчүрөк жүрөт сабылып, Ак калпак элин сагынып, Айкөл атам, жооп бер, Ашкере жолум шар кылып! Деп ошентип какшанып, Эр Гүлүстөн жатты эле, Босогосун күмбөздүн, Арышын керип кучактап, Көзүнүн жашы көл болуп, Он талаа кетип бурчактап. Көшүп боору эзилип, Көшүүн тарткан кезинде, Көрүнмөк болду ошондо, Атасы султан Алмамбет, Боору ачып жетимге. Чыгыштан жарык сүзүлүп, Жылдыздын баары зыркырап, Кыбыла көздөй сүрүлүп, Шамал чыкты батыштан, Жердин бети дүркүрөп, Үнү угулду жолборстун, Жер солкутуп күркүрөп, Бууралар келет буркулдап, Оозунан көбүк буртулдап: Пил келатат томпойуп, Эр келайтат зоңкойуп: Колунда найза койкойуп, Аккула минип албайып, Аккүбө тону далбайып, Аккелте жондо жаркылдап, Ачалбарс белде жалтылдап, Сырнайза колдо зыңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе кыңгырап, Көз тайгылып Көкжал шер, Көк мейкин зоодой зымылдап, Таластын бети жарылып, Гүл ачылып чымырап, Эр Гүлүстүн денеден, Тер агып барат жыбырап, Көкала минген аты бар, Көк ырапыс тону бар, Чоң чынардай бойу бар, Бүткүл кылым бириксе, Соруучудай ойу бар, Аккүмбөздөй башы бар. Өңөргөн койдой кашы бар, Салкыны сырттын желиндей, Чыныгы сынын айтканда, Турган бойу сеңирдей, Суудай ыраң өңү саз, Бул өңдөнгөн бенде аз, Каары бетке жабылат, Жалыны көздөн шырылдап, Жай бастырып баратса, Куу угулуп зырылдап, Атактуу Чубак баратат, Анын арка жагында, Айсарала ат минген, Каралжын алтын тон кийген, Мойнуна саадак жебе илген, Бадана темир торгой көз. Кабаттап темир кийинген, Көк түпкө найза алган, Беттешкенин кайсаган, Белсенип келип ошондо Кутулуп бенде калбаган: Алтын чырай нур жүздүү, Ийриси жок, түз сөздүү, Бетинде нуру балкыган, Белинде шамшар жаркыган, Башында кийген малакай, Уйутуп койгон алтындан, Жалгыз кара бир башы, Далай жоого татыган: Жаңша арбак, Бакбурчун, Кайнап жаткан Каканчын, Алтымыш капка Чынмачын, Ушулардын баарынан, Жазганып качан тартынган? Коң төрө,Жолой, Нескара, Борончу менен кыз Сайкал, Боз кертик менен Ороңгу, Мурадил, Уушаң – буларга Коркпой туруп катышкан. Кырк күрөң минген Будаңчаң, Канын суудай агызган. Найзасын сайса мылтыктан, Сан миңдеген дөөлөрдү, Сагызгандай ыргыткан. Макилдөөнү соройткон, Борончуну жоготкон, Коңурбайды колотткон. Кудайдын сүйгөн бендеси, Денеси бүткөн болоттон, Алмамбет баатыр бараткан. Анын арка жагынан, Алп мүчөлүү шаңданган, Тогуз жаштан бер жакка, Баатырлыгы даңдалган, Бейжиндеги чайкашта, Берендиги тандалган, Оогандагы урушта, Пилден коркуп калбаган, Тордоп алып оогандар, Алып кете албаган, Телкызыл минип жарашып, Темирден кийим жарашык, Жез такалуу накери, Келишип бутта чойкойуп, Буттап темир курчанып, Бет алган жакка чуу салып, Бейжиндеги белдүүнүн, Баарысы коркуп муңканып, Бейжиндеги урушта, Жүз миң каңгай, жүз калдай, Жалгыз алган майтарып! Коркконунан Коң төрө, Алгара таштап жөө качып, Кара жанын кайтарып, Ар кандай душман кез келсе, Калаган эмес жалтайып! Сырттан Сыргак кагелес, Кылымдан чыккан чабандес, Бу да кетип бараткан, Анын арка жагында, Көкала тулпар жабылуу, Көккүбө тону кыйылуу, Денеси бар башы жок, Кылымда мындай жан болбос, Кыраан Манас баатырга, Баштатан болгон бир жолдош, Айдаркандын эр Көкчө, Ал да кетип бараткан. Толгомо саптуу камчы алган, Тоодой тору ат минген, Ал билгенди ким билген? Батасы журтту байыткан, Олуйа Кошой бараткан, Анын арка жагында, Буудайык хандын Музбурчак, Муруту келген бир кучак, Селдесин кыйгач чалынып, Үстүнө суптан жамынып, Кыпкызыл канга малынып, Минген аты боз экен, Абаң Бакай карыга, Акыреттик дос экен, Ал дагы кетип баратат. Кыргыл чалы баштаган, Кылымдан чыккан кырк арстан, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Ажыбай, Булар да кетип баратат, Бара жатып Алмамбет, Гүлүскө карап кеп айтат: — Эч канчалык иш эмес, Кыйынчылык мынчалык, Кырааның абаң жалгызга, Кайаша айтпа кылчайып. Энеңдин сүтүн актагын, Карыган Бакай төрөнүн, Алдынан кыйа баспагын. Минген атың жоорутпа, Ак калпак кыргыз-алаштын, Дегеле көөнүн оорутпа. Жеңеңдин алгын кеңешин, Таласка келгин бачымдап, Кечигип жүрө бербегин. Баштан-айак билгиниң, Бакай дөөгө бергиле, Мен билемин десеңер, Болбой калат дегеле. Олуйа Кошой баштаган, Өткөндөрдү көрдүңбү? Өчөгүшүп доңуздан, Өлгөндөрдү көрдүңбү? Айкөл Манас ай жаркын, Жол бергенин көрдүңбү? Жандай түшүп Алмамбет, Колу менен Гүлүстүн, Далысын сылап өттү эле, Колун серпип эр Гүлүс, Көрүшөйүн дегенсип, Көзү ачылып кетти эле, Түштө көргөн иш болду, Көрүнбөй көзгө жок болду, Көзүн ачып таң калып, Уктабай көргөн түшүм, деп, Оңунан экен ишим, деп, Арбагы айкөл жар болуп, Көрүндү бардык кишим, деп, Туруп калды шаңданып, Так ошондо бүт дүйнө, Өзгөрө түштү жанданып: Асмандагы жылдыздар, Семетейдин барында Жалтылдашты нур жайнай: Күн чыгыштан күн чыгып, Келаткансып жаркырап, Кеңкол менен жел жүрүп, Сыдырым шамал зырылдап, Арчанын жыты буркурап, Чечекей жайнап кулпурат, Чөптөр ыгып ыргалып, Мөлтүр суулар шырылдап, Кыз менен жигит күлгөндөй, Жалбырактар шыңгырап, Күчала гүлү жылт этип, Калдыркандар шаңк этип, Карасууда балыктар, Ойноктошуп шалп этип, Каракуназ, жогжогдор, Канаттары далп этип, Каздын баары каркылдап, Өрдөктүн баары баркылдап, Аңырдын баары аңкылдап, Илек-илек, көк кытан, Сууну бойлоп салпылдап, Балыктар көлдө кылтылдап, Кундуздар сууда жылтылдап, Молдо торгой, сандыгач, Жаагын жанып таңшанат, Түлкү менен карсагы, Секирип ойнойт булактап, Жолборстор басып суналып, Илбирстери чубалып, Шерлери турат чакчайып, Айуулар турат саксайып. Атагы айбан баарысы, Айкөлдүн көрүп арбагын, Жандардын баары кубанып, Коппой калган Куу тайган, Какшап чыкты үн салып. Каралөктүн ордуна, Куу инген оонап чамынып, Ийинде калбай кумурска, Баарысы чыкты жайылып. Кайыңдын баары түзөлүп, Чегиртке сайрап күү чертип, Күйкө бийлеп эбеңдеп, Көрдүңбү, айкөл шерди деп, Кабар берип баарына, Королу менен кашкалдак, Учуп жүрөт сепеңдеп. Кулжалар жатпай дердеңдеп, Койондор чуркап сереңдеп, Бугулар башын булгашып, Өлөңгө мойнун чулгашып, Учарлыктан тынарлык, Өздөрүнчө ырдашып, Үндөрүн баспай чуулашып, Уйдун баары мөөрөшүп, Кеңкол ата Таластын, Ээси келди көр, дешип, Жылкынын баары керилип Арыгы калбай семирип, Токтоно албай элирип, Куйругун сыртка салышып, Кулун-тайы жарышып, Төөнүн баары дардайып, Өркөчтөрү каркайып, Алдыңкы ээрди шалпайып, Алабата, кекире, Ашаган үчүн абыдан, Жин жыттанып буркурайт? Жазындагы көбүк кар, Күзүндөгү көлдөлөң – Экөө бирге келгендей, Койдун баары онтошуп, Эчкинин баары быйпылдап, Чүчкүрүгү басылбайт. Шаңшыбай бүркүт эшикте, Ыйлабай бала бешикте, Магдырап эмчек эмбеди, Энекеси эмизсе. Кызыл ээк чалдары, Кызыл муштум балдары, Кыймылдабай жай уктап Онтоо кирген оору уктап, Түшүндө көрүп нечени, Ыйлап чыкты солуктап. Канчоро менен Чачыкей, Кыйналып чыкты тер кыстап, Кара басып кыйкылдап, Азуулары кыйчылдап... Эр Гүлүстөн турбады, Айылды карай жылганы, Сыркоргонго бурулуп, Топосунан коргондун, Ак кадеге буулуп, Торсолдойдун үйүнө, Жакын келип калганы, Торсолдой уул келини, Уктабай таңды алганы, Жыла басып Гүлүстөн, Эшиктен кирип келгенде, Акмаңдай турду жүгүнүп, Сары эчкини жетелеп, Каргалдай келди жүгүрүп, Ачылып көзүм калар, деп, Торсолдой турат сүйүнүп: — Ачылып көзүм жарк этсе, Каныкей менен Бакайдын – Алардын көрсөм нур бетин, Чүрөктүн көрсөм келбетин, Гүлүстүн көрсөм сөөлөтүн, Семетейдин жалгызы – Сейитекти бир көрсөм, Сокур болдум дебесмин! Шашке болгон мезгилде, Асталай жүрүп Гүлүстөн, Канчоро ханга келди эле, Эшигин ачып акырын, Башын салып кирди эле. Тактада жаткан Канчоро, Сөөлөтү бар ошончо, Чачыкей турат жанында, Чай-тамагы алдында. Сунган бутун тартпады, Жумшаган көзүн ачпады, — Амансыңбы, ханым, — деп, Гүлчоро колун сунганы. Шүгүргө оозу келбеди, Кыйгачтап колун бергени, Өөдө өткүн дебеди, Эр жагында кийизге, Эр Гүлүстөн олтурду, Элечеги кыйшайып, Эси жок каапыр Чачыкей, Эринип турат сүйлөөдөн, Аңгычакты эшиктен, Экөө кирди күңдөрдөн, Чачыкей мындай деди эле: — Ачыган айран бар болсо, Алып келип бергиле! Ачыган айран, каткан нан, Күңдөр койду Гүлүскө, Ар ким айран калгандай, Болуп жаткан бул ишке, Куттуу Талас тушу, деп, Ичпесем кесир ушу, деп, Ээрдин малып ак татып Кол тийгизип нан татып, Козгоп сөздү сыпайы, Гүлүстөн турду муну айтып: — Амансыңбы, Канчоро? Кире албай таңды атырып, Түнөп калдым короодо, Көңүлүм тартпай кыйылып, Сенин үйүң бар туруп, Башка үйгө конорго. Бирге ойноп, бир өскөн, Бир туугандай сен барсың, Өлбөй жүргөн сандалып Өлүмчө болгон мен бармын, Алып барып атайын, Таштап койду карабай, Кыйазды кудай каргасын. Күндүзү отун, түндө ат, Бир күнүн тыным албадым, Алымды айтып Чүрөктүн, Алдына үч жол мен бардым, Элечегин кыйшайтып Ачууланып сумсайып, Укпай койду сөзүмдү, Карабай койду өзүмдү, Жедигерден тамтаңдап, Качып келдим бул жерге, Караан тутуп өзүңдү. Көрсөм деп тиктеп келгенмин, Эчки чекир көзүңдү, Алдыңа келди Гүлчоро, Укпайсыңбы сөзүмдү? Канчоро балан дегенче, Чачыкей жооп берди эле: — Бууданды минип булкунтуп, Буулумду кийип кулпунтуп, Буластайт элең бир кезде. Аккуу тапсаң талаадан, Актайлактай өңөрүп, Алпарат элең Чүрөккө, Чүрөккө кошуп бергенбиз, Не келесиң бул жерге?! Качып келип темтейип, Канчоро менен Кыйазды, Көөн оорун кыласың, Калба салып тынч элге. Курсагыңды тойгузуп Корстон болуп кутурбай, Турбай кеткин бул жерге! Торпокту кошуп бергиле, Өлбөс чоку кемпирге! Куу сакалга баргыла, Тоногон төөнүн жүнүнөн, Алып келе калгыла, Кабар бергин айылга, Калбасын катын барынча, Кол бошобойт тамак жок, Ала келсин азыгын, Айтып койгун баарына! Ушуну айтып Чачыкей, Катындын баарын жыйдырып, Керешкесин кылдырып, Жүн сабашка салыптыр. Айтып койуп келгенге, Угузуп койуп элдерге, Кайра келип Чачыкей, Канчоро экөө жатты эле. Гүлчоро анда ойлонот, Санаага батып толгонот: “Эби келди иттердин, Эдебин колго берсемби, Эрди-катын экөөнү, Катары менен жесемби? Сейтек менен Чүрөккө, Ушундай болду десемби? Ачуу – шайтан, акыл – дос, Мындай кылсам оң эмес. Каапыр Кыйаз кан ичме, Жаны-денде деги эмес, Карамдык кылсам эп келбес, Жеңеме айтпай кеп-кеңеш. Канчоронун коргону – Хандык кылчу борбору, Балбан деп жыйнап алыптыр, Тоодой бойу чоңдорду, Адамдын зорун жыйнаптыр, Чынардай бар колдору. Алтымыш экен балбаны, Арзандык менен бул иттин, Басылар эмес жаңжалы». Деп ошентип Гүлчоро, Көмүскөлөп акырын, Торсолдойдун үйүнө, Көрүнбөй жетип барганы. Гүлчоро барып киргенде, — Балдарым кайда баарыңар? Торсолдой чал сурады, Токтоо кылып буйдалбай, Каргалдай жооп кылганы: — Мен бардым Бакай абама, Келиниң барды, атаке, Чоң энемдин жанына, Адам жок абам ээн экен, Жакшы жеди тамакты. Торсолдойго Гүлүстөн: — Балаңа бер батаңды, Адырга барып Каргалдай, Кайтып келсин мен менен, Азыраак сага бир неме, Абышка, азыр мен берем, Ашырба да, кемитпе, Кырк күн сыйпа көзүңө, Айтып койуп кетейин, Күн болжолун өзүңө, Кырк күндө келет экен деп, Торсолдой билип нээтинде: “Мага берчү белеги – Сыркоргондун топосу, Ачылып көзүм кетет го, Сыйпап жүрсөм ошону” Деп буларды ойлоду. Гүлүстөнгө туйгузбай, Азык алды Каргалдай, Жан кишиге билгизбей, Катып алды Каргалдай, Өпкөсү батпай көөдөнгө, Сүйүнгөндөн жан калбай. — Үчкошойдун бөксөдөн, Көрүшөлү, Каргалдай, Аркарын карап бара бер, Мен барамын ар кандай. Ушуну айтып балага, Жаман чапан сан этек, Гүлчоро жөнөп кетиптир. Токунуп минип чоң атын. Байланып алып чаначын, Токочун алып кабаттап, Куйдуруп куймак табактап, Каймагын алып айактап, Мылтык алып колуна, Жаасын салып мойнуна, Салмоорун катып койнуна, Каргалдай кетти аң уулап, Үчкошойдун тоосуна. Каргалдай ага жеткинче, Темиртоонун Тараша, Гүлүстөн жетип караса, Суркойон уктап калыптыр, Ээсинен табыш алыптыр Дардайып кооп силкинип, Жал-куйругун жайыптыр. Маңдайын сылап Гүлүстөн, Баарын айтты көргөнүн, Айбан укпайт дебестен, Каныкей атын укканда, Каңгырады Суркойон, Бакайдын атын укканда, Аркырады Суркойон. Канчоро аты чыкканда, Калчылдады Суркойон. Чачыкейди дегенде, Топурак казып жер олуп, Чапчылады Суркойон. Арбактарды укканда, Арстан аты чыкканда, Бурчак-бурчак жаштары, Тамчылады Суркойон. Суркойон токуп оңдонуп, Баатыр Гүлүс зоңкойуп, Айланма тоого салыптыр. Ачып-көздү жумгунча, Үчкошойго барыптыр. Караанын көрүп Каргалдай, Жүрөгү коркуп чыдабай, Ар канча кылып кабызет, Кайрат кылып тура албай, Кайра качты калдаңдап, Этектери далбаңдап, Эки буту салбаңдап. Куткарабы эр Гүлүс, Эригип калган шер Гүлүс, Алдынан чыкты элиртип, Суркойонду секиртип. Коркуп кетип Каргалдай, Кайра качты бурулуп, Кутулар айла таба албай, Заманасы куурулуп. Айбандан күлүк Суркойон, Чабына батпай суурулуп, Айтканча сөздү эр Гүлүс, алдынан чыкты жулунуп: — Ой, Каргалдай, кантесиң? Качып кайда кетесиң? Эки күнү бир үйдө, Туздаш болдук, Каргалдай, Эки күндүк коногуң, Не болдуң мени тааныбай? “Атымды билип алды, — деп, Мен көрбөгөн бу киши, Кантип билет мени? – деп, Аты жок конок жөө эле, Чапаны жаман төө жабуу, Эч бир тарпы жок эле” Деп ошентип Каргалдай, Кутулуп кетер айла жок, Атынан түшүп жөө басып, Каргалдай бала келди эле. Ачылып үнү шаңк этип, Маңдай тиши жарк этип, Арстан Гүлүс күлдү эле. Каргалдай байкап караса, Түндөгү конок өзү экен. Тааныбай калган иш экен, Атасы айткан Гүлүстөн, Өзү ушул киши экен. — Каргалдай иним, жакын кел, Керменбай айлы кайсы жер? Жан кишиге туйгузбай, Ушул жерге баштап кел. Каргалдай кетти чапкылап, Алдында минген атынын. Борбуйдан тери тамчылап, Ого бетер Каргалдай, Үстү-үстүнө камчылап, Керменбай айлы бар жерге, Кой эти бышым келди эле, Салам айтып эшиктен, Каргалдай бала кирди эле, Кирген жерде Керменбай, Кеп барлыгын билди эле: “Каарына алып Канчоро, Каргалдайды жиберди, Жер алыстан угуп кабарды, Айткалы мага келгенби?” Керменбай ойдон өткөрдү, Мына ушундай дегенди. Дасторкондо Бакай бар, Табак толгон тамак бар, Каргалдайдын колуна, Суу куйдурду Керменбай, Дасторконун жыйганда, Бата-дуба кылганда, Оорукта жаткан элдерден, Каргалдай айткан кеп экен: “Тандалып далай эр келген, Үчкошойдун бөксөгө, Аң-кийиги көп экен, Биз менен бирге болсун, деп, Мени сизге жиберген, Жатып албай ал жерде, Түн бойунча кел, деген. Бастыралы, бий аке, Кийинирээк айтармын, Дагы кебим бар эле. Шашкалаңдап Каргалдай, Кооп турат олтурбай. Керменбайдын Суутөкпөс – Жоргосун бар байлалуу, Ээр-токуму шайлануу. Кементайын жамынып, Керменбай жүрдү камынып, Алдында барат Керменбай, Суутөкпөстү салдырып. Керменбайга жакындап, Каргалдай барат какылдап, Арам өлгөн Суутөкпөс, Караансыз барат закымдап. Гүлчоро жаткан жерине, Кирип келди чукулдап. Ай караңгы түн эле, Эр Гүлүстүн Суркойон, Сүттөй жүнү ак эле. Суркойон көрүп Керменбай, Атынан түшө калды эле: “Айкөл атам арбагы, Ашкере бүгүн колдодуң, Аман-эсен келдиңби, Арстан, Гүлүс жолборсум? Айрылып кайда калды экен, Айдай жеңем жолдошуң? Тулпардан калган туйактын, Тунжурдан калган чунактын, Кабарын айтып койорсуң. Сагызган ийин чап канат, Жаралдыбы чунагың? Бозумун түлөп жетилип, Тарандыбы чунагың? Мөмө бүтүп алма шак, Боло алдыбы чунагың? Бутагына куш сайрап, Коно алдыбы чунагың? Ата наркын - түп наркын, Тарта алдыбы чунагың,? Жакын менен ыраакты, Көрө алдыбы чунагың? Кимдер жакын, ким алыс, Биле алдыбы чунагың? Амалсыз көндүк ар ишке, Амири ошол кудаанын. Ашып кетти беш жылдан, Абамды көрүп бир сапар, Коргонго басып барбадым. Тармалсаздан энемдин, Караанын көрдүм, элестеп, Башымды өөдө кыла албай, Карабадым жер тиктеп. Күн бүркөлүп жааганда, Булут каптап калганда, Жеткайтка кетсек деп, Элдер айтып турганда, Коргондогу Сетертай, Жеңемдин жүктүү болгонун, Жайын айткан туйдурбай, Ээн калат Талас деп, Элди араң токтоттум, Кечигип кетип жолборсуң, Алаштын элин боздоттуң! Элдин бийи Сетертай, Хандан келген кабарды, Калайыкка угузбай, Мага барат туйгузбай, Кеп-кеңешти кылабыз, Баш калкалап күн кечип, Мына минтип турабыз”. Керменбай айтып басылды, Баатыр Гүлүс эрендин, Тамагы эми ачылды: — Таалайыңа, Керменбай, Талап кылган уулуңар, Мөр байлаган тал болду, Сууда жүргөн сал болду, Таластан азып баргандар, Жетисууда мар болду. Кылган ишим ак болду, Агаң Гүлүс сак болду, Аттанып жолго жүрүүчү, Азык камдар чак болду. Эсептеп айды кармадым, Күндү бирден санадым, Башоонанын он беши, Бейшемби күнгө карагын, Акылың бар Керменбай, Дайарлангын, турбагын, Эл аралап баргының, Эстүүгө кабар салгының, Башоона айдын он беши, Белегиң менен жеңеңди, Күмбөздөн таап алгының! Карабасын малына, Калбасын киши жанына, Бурулбастан түз өтсүн, Канчоронун айлына. Капташкан андай учурда, Кан кечүүдөн кайгырба, Каныкей энем, хан Бакай, Ал экөөнө туйдурба. Жумушуң кетсе оңуна, Тизгиниң тийсе колуңа, Катын-бала калбасын, Калбай түгөл бүт барсын, Алып келгин, Каргалдай, Чулкулдаган чаначың”, Айтып кебин эр Гүлүс, Чаначтан суусун ичишип, Үчкошойго жарашты, Гүлчоро менен Керменбай - Экөө басса ээрчишип, Гүлчоро айтты балага, Айрылар чак жетишип: “Торсолдойго салам де, Менин келип кеткеним Түк кишиге билдирбе”. Эр Гүлүстөн шаттанып, Суркойон минип аттанып, Жетисуу карай оң тартып, Керменбай менен Каргалдай, Ал экөөнө кош айтып, Туура тартып кылт берип, Ачып көздү жумгунча, Белден ашты жылт берип. Аркасында чаң калды, Айбанда күлүк сур аттай, Төрт айактуу мал барбы? Эчен артуу бел калды, Чалкак-чалкак төр калды, Будурмак кара тоо калды, Бурулган эчен коо калды, Жайылып жаткан түз калды, Жаркыраган суу калды, Чалкалаган бел калды, Токойу калың чер калды, Айланма кара тоо калды, Аңырайган коо калды, Түгөнгүс узун жол калды, Кайберен тобу мол калды, Какшыган канча чөл калды... Күмүш булак керүүгө, Арстан Гүлүс барганы, Абакем качан келет, деп, Сейтек бала саргарды. Сейитекке Гүлүстөн, Барганынан келгенин, Баарысын айтып берди дейт. Гүлүстөн менен Сейитек, Ортого койуп кеңеш кеп, Сейтекке айтты мындай деп: — Сен Кыйазга барып кел, Жеңеме кеңеш салып кел, Тооторуну Кыйаздан, Ажыратып алып кел, Башоонанын он беши, Таласта болчу күнүм, деп, Сен жеңеме айтып кел. Ашык-кем болуп калбасын, Таласта элдер козголуп, Биз кечигип жок болуп, Канчоро кырып салбасын. Сейтек кетти аттанып, Койчабдар менен жол тартып, Кыйазга барып көрүшүп, Сейтек менен Айчүрөк, Ички сырын билишип, Кыйазга айтат Сейитек: — Менде турат бир аз кеп, Орусхан кызы Гүлнарды Көчүрүп келсек канетет? Урумга барып келгели, Арадан алты ай күн өттү, Аа кошулуп түн өттү, Урумга жетип барайын, Көчүрүп келе калайын. Ээрчип келген катын, деп, Кыз-келин айтып калбасын, Сен экөөң байка айагын. Келиниң кирип ар күнү, Башын ийип жүгүнсө, Атам Кыйаз саа урмат, Келинди жумшап олтурса, Эжекеме да урмат. Айтып болуп Сейитек, Ордодон чыгып аттанат, Минип туруп атына, Сейитек жана муну айтат: — Эжеке Чүрөк, угуп кал, Келинди тосуп барганда, Тооторуну минип бар, Келинди келсең көчүрүп, Чоң улак берер иши бар. Тоотору минсе Сейитек, Алып келер жайы бар, Кыйаздын ташы чыңк өөдө Кулап турган чагы деп, Айтылып калар жайыңар, Унутуп калбай, эжеке, Бул кебимди угуп ал. Ушуларды айтып – деп, Жүрүп кетти Сейитек. Гүлчоро жүргөн камынып, Жаанын огун белендеп, Жолду карап жүрүүчү, Бүгүн-эртең келер деп. Сейтек келип кошулуп, Суусун ичип олтуруп, Кыйаздын жанын сактаган, Кара аркарды атарга, Жалгызкөз алтын булакка, Түнүнө сактап жатарга, Эки баатыр барганы, Бала жолборс Сейитек, Ошондо кебин салганы: — Айланайын абаке, Мен калайын бул жерде, Эре менен Середе, Суу ичкели келет деп, Айтты эле бу жерге, Өзүң сакта чоң жолду, Ордого кетчү туу белде. — Уктап калба, чунагым, Аттырбай кетет кара аркар, Өткөрүп ийсең убагын, Талашып сенден кантейин, Белде тосуп турайын. Сейтек калды булакта, Атын байлап ыраакка, Гүлчоро кетти бел жакка. Түштө турган Сейитек, Таттуу уйкудан кечкени, Таң агарып аткынча, Жылдызды санап жатты эми. Ободо жылдыз жылыштап, Айдагандай башбактап, Чыгыш жактан азайып, Суйулуп жылдыз баратат. Жылдыздын баары сыйлыгып, Батыш жакка жыйылып, Таң агарып көрүнүп, Келин каш болуп сүзүлүп, Күдүң болгон кези эле, Күдүңдө чуркап кара аркар, Булакта сууга жетти эле. Демеп суудан иччү эмес, Башын суудан көтөрсө, Эңиш тартып бул аркар, Чуу койгон бойдон кетчү эле. Арам өлгөн кара аркар, Сууга кирбей делейип, Ок жеткис туруп окчундап, Тиктеп тыңшайт селейип. Кайра басып тоо жакка, Кетип калчу кептенип, Аккелте кеткен абаңа, Алмабаш калган Таласта, Эр сыргактын Сырбараң, Олжого берген Канчоро, Ойрон болгон Кыйазга. Асыл Сыргак бараңы – Сырбараңды бетке алып, Машааны кармап колго алып: “Сууга келбей бул аркар, Кетип калар бекен? – деп, Тартып ийсем машааны, Жетпей калса Сырбараң, Арамзада бул аркар, Ооруктагы Кыйазга, Сызып барар бекен? – деп, Сырбараң менен атты деп, Айтып барар бекен? – деп, Атканым болор бекер?” – деп, Сабыр кылып токтолду, Имерилип кара аркар, Сууну карай октолду. Сууга башын салыптыр, Тумшугун толук малыптыр, Анткен менен түгөнгүр, Утур карап алыптыр. Сүрөө бута жер алыс, Жыдыманга илинбей, Кылдай болот карарып, Мылтыгын тартпай Сейитек, Мээлеп турат мелтиреп. Байкастаса кара аркар, Төрт айагын жыйнады, Башын өөдө кылбады, Кирет деп далда секирсе, Дайарланып калганы. Эки колун көтөрүп, Эки бутун тарткынча, Мылтыгын тартпай Сейитек, Машааны тартып калганы. Жандай тийип Сырбараң, Капталда тери салаңдап, Жолго түштү кара аркар, Эңиш тартып дардаңдап, Бараңдын үнүн эр Гүлүс, Байкап угуп алды эле, Жандата атып салды, деп, Көрүп турган немедей, Анык билип алды эле. Турнабайды колго алып, Карап турат Гүлүстөн, Келер жакка көз салып. Тиктегенин көргөн кул, Тилегенин берген кул, Тигилгенин жеңген кул, Аңсаганын алган кул, Айтканы кабыл келген кул – Алмамбет уулу Гүлчоро, Анык жайы мына бул. Карап турса калдайып, Көкойроктун урчуктан, Кара аркар чыкты дардайып, Келе жатат тарбаңдап, Капталынын териси, Жерге тийбей салбаңдап. Жебени керип керичке, Дайарланып турду эле, Келе жаткан кара аркар, Суркойон изин көргөндө, Жолун салып башкага, Башын ылдый бурду эле. “Жазгырмак болду, мени – деп, Кырчындынын бойунан, Жолун тоссом бекен, — деп, Арасы алыс тоорулуш, Кара аркарга чаппасам, Ат айабай бекемдеп, Кырчындыдан тостурбай, Өтүп кетсе балакет, Кыйазга качып жетер, — деп, Туйдурбай туруп көр Кыйаз, Чүрөктүн башын кесер, — деп, Тоотору менен закымдап, Көз ачкынча жетер” – деп, Койуп барат Гүлүстөн, Төрт айагы тийген жер, Жер очоктой казылып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Шамалда чаңы сүрүлүп, Аткан таңдай түрүлүп, Айабай жөнөп алыптыр, Урчуктан барып из чалса, Өтүп кетип калыптыр! Топуракты караса, Аш кайнамча алдында, Өткөндөй кейпи көрүнөт, Жерди болжоп караса, Маңдайдагы таш белден, Аша электей билинет. Шамалдан бетер зыркырап, Жол колоттун оозуна, Жолборс Гүлүс жеткени, Кыйа тартып токтолуп, Ташмойнокту тиктеди, Элеси көзгө илинип, Мойнокко аркар аз калды, Эки арыштап жеткели. Эки арыш алдын болжолдоп, Жебени тартып жиберди, Керичтен жебе зыр деди, Арыштаган аркардын, Колу жерге жеткени, Ооз омуртка айдардан, Жебе таарып өттү эми. Арстан Гүлүс ошондо, Атасы айкөл Манастын, Алмамбет султан көкжалдын, Көзүр Чубак, Сыргактын, Арбагына жалынып, Дагы барбы манты, деп, Куткарбайын аны деп, Сыздырып койуп баратат, Чыңк өөдөдө сур аттан, Зырылдаган куу чыгат. Аркарга жетсем экен, деп, Арстан Гүлүс көкжалың, Шашып кетип баратат, Арыштаса Суркойон, Канаттууну өксүтүп, Ашып кетип баратат. Аркарга жетсе эр Гүлүс, Аркар жатат үксүйүп, Гүлүстөн барып түшкүчө, Жылан болуп жыйрылып, Бака болуп чогулуп, Аттан түшүп болгуча, Өзгөрүп болду кара аркар, Алты түрдүү кубулуп, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Сыйкырдын сырын билчи эле, Топуракка дем салып, Үстүнө чачып койду эле, Кубула албай токтолду, Амал кылып кара аркар, Кутуларга жок болду. Түшө калып Гүлүстөн, Боорун жарып өт алды, Кардын жарып карады, Кол башындай сандыкты, Чатынан издеп таап алды. Сандыкта бар эки эшик, Кичинекей бир тешик, Эр Гүлүстөн караса, Карабашыл чымчыктан, Үчөө турат жанаша. Сарала чымчык үч экен, Кызыл чымчык бир экен, Баш-айагы жети экен, Сыйкырлап жети чымчыкка, Кара аркарга кайтартып, Амалдап жүргөн кеп экен. Сандыктын оозун бекитип, Аркарды сойуп белендеп, Гүлчоро антип турганда, Сейтек келди элеңдеп: — Айланайын абаке, Алдатып койуп аркарга, Аталбай калдым аркада, Жабыр тартып абаке, Жаман калдың жапаада. — О кулунум Сейитек, Гүлчородой абаңдын, Бүгүнкү тарткан жабыры, Эч канчалык иш эмес, Кутулуп кетсе кара аркар, Ошондо болмок мүшкүл кеп. Кутулса аркар аттырбай, Аркар айтып барганда, Айчүрөктү сойбойбу, Жарты ооз кебин айттырбай, Жанын башка которуп, Жармашпайбы биздерге, Кабар берсе Таласка, Канчоро келет бул жерге. Кагышып жүрүп канчалык, Кан төгүлүп анчалык, Каныкей менен Бакайдын, Канчоро келет болуучу, Кесип башын байланып. Абамдан мурун айрылсак, Каныкей, Бакай, Чүрөктөн, Эми бүгүн айрылсак, Ишибиз кантип оң келсин?! Сүйүнгөндөн чыдабай, Атып алып аркарды, Суу куйула тердедим, Ушул жерде туралы, Эрмек кылып азыктап, Бул кудайдын бергенин, Чукул болду келерге, Амал кылып айла таап, Тоотору минип жеңемдин. Аркарды сойуп эт кактап, Кандыра тузга көп чыктап, Жеп турушсун бул экөө, Муну койо туруңуз, Айылда калган Чүрөктөн, Алынан кабар угуңуз. Болжолдуу күнү Айчүрөк, Кыйазга карап эркелеп, Шашмалап калды эртелеп: — Ханым, Кыйаз, кебим ук, Колуктум алып келем деп, Уулуң кетти удургуп, Көчүмдө тосуп баргын деп, Айтып кетти бурулуп. Тууганды тууган алабы? Душман үчүн Орусхан, Уулуң кызын алганы, Алдынан тосуп баралы, Табалатып душманга, Уйат кылып салбайлы. Анда Кыйаз муну айтат: — Өзү барып Сейитек, Өзүнчө алган катынын, Ээрчитип үйгө келбейби, Картайганча токтонбос, Мен көрбөдүм сендейди! Токтоло калып Айчүрөк: — Арам Кыйаз, не дейсиң?! Карыганча Айчүрөк, Токтонбодуң сен дейсиң! Саа келгели санасам, Так он эки жыл болду, Жаштык кылып шалкылдап, Бир тойго барып койдумбу?! Эч болбосо эр туруп, Жакшылык менен жамандык Бирөөнө барып келгин деп, Ат токуп берип койдуңбу?! Көөнүнө алат Кыйаз деп, Аш-тойдо жүрсөм шалпактап, Көргөнгө болот уйат деп, Үйүңдө жүрдүм чыкпастан. Көз каранды болупмун, Атыңды минип нетейин, Тооторудай бир атты, Мен минбеген экенмин! Семетейдин доорунда, Кийим менен жүрөмүн, Жаңырып калсын ийни деп, Эгин алып бербедиң, Куру да болсо кубантып, Бир айтууга келбедиң, Сөөгүмөн кетпейт бүгүнкү, Мага айткан куу кебиң! Куу кебиңди айткандай, Мен айылга барам дебедим! Агасы жок алдында, Иниси жок артында, Карындаш жок, эже жок, Жалгыз болду Сейитек, Жалгыз кетти Урумга, Катын алып келем деп. Айтканга алың келбеди, Кудагый болуп калдайып, Сен алышып келгин деп! Жедигерден бир бала, Ээрчитип берген жериң жок, Же жалгыз барба, балам, — деп! Алдынан тосуп барайын, Келинди десем, сен Кыйаз, Токтолбодуң Чүрөк деп, Бул айтканың кайсы кеп?! Билгич киши сен болдуң, Билимсиз киши мен болдум, Укмамыш болуп келайтам, Суук сөзүң койбодуң! Ырас ачуум келгенде, Атадан билги талашкан, Кара мүртөз жан элем, Кыйалымды бурбасам, Кылгылыкты кылбасам, Ата-баба – кубар сан, Кыргыздан кеги кетпеген, Каңгайды карай жылбасам! Карылыкты жойбосом, Он сегиз жашта болбосом, Которуп атым койбосом, Кузгундай кылып көзүңдү Олойтуп чукуп сойбосом, Чүрөк атым курусун! Карыган Чүрөк кыз болуп, Калкылдап учуп жүргүнчө, Аккуу кебин кийбесем, Жалгызекке тийбесем, Тузуңа сенин сийбесем, Чүрөк атым курусун! Булкунуп басып Айчүрөк. Асылуу турган аккуу кеп, Колуна алды Айчүрөк. Түндүккө конгон куш болду, Билгенге кийин иш болду, Куруп калган Кыйаздын Ичине кызыл кан толду, Айткан кеби бул болду: — Андай эмес, Айчүрөк, Ысык эрди-катында, Далай болот кызык кеп. Кыйык таап кетем деп, Мунтип туруш жакшы эмес, Сен кетсең катын жок эмес, Кыйазды таштап кетти деп, Кылым эл укса уйат кеп. Токутуп минсең тору атты, Айткан жерим бар беле, Койгун, Чүрөк, минбе деп? Буулумду кийсең кулпунтуп, Короодон берсең кой сатып, Өрүштөн атты карматып, Уйдан берсең айдатып, Нардан берсең тандатып, Кой деген жерим бар беле? Сага алып мен бербей, Мага алып сен бердиң, Тигип берсең кийгемин, Бербесең кийбей жүргөмүн, Кийбесең өзүң билесиң, Аны кайдан билбейин? Урумга кетти Сейитек, Ээрчитип жолдош албады, Жаш балдардан жүрү деп, Айтканы жок же бизге, Бириң кошо баргын деп. Баргының деп айтпаса, Кантип айтам Айчүрөк, Саксаңдап кошо барам деп? Таарынып айткан болчумун, Бүгүн сени баргын деп. Тору атты мингин токутуп, Түндүккө чыгып куш болуп, Олтурбай мени коркутуп. Айтып кеткин айылга, Келин-уул кирүүчү, Үйдү турсун оңдошуп, Ээрчитип алгын катындан, Өзүң барбай кокойуп. Минерге атың жок эмес, Кийерге эгин жок эмес, Ар качандан бир качан, Ушинтишиң жакшы эмес! Былк этсе кылып кылмышкер, Сүйлөгөндө тилиң так, Жаактууга жай бербей, Теригесиң бат эле. Ачууң келип бой бербей. Келгин, Чүрөк, келгиниң, Кийимиң кийип ат минип, Бачым жолго киргиниң.. Деп айткан менен ушуну, Билип турат Айчүрөк, Кыйаздын көөнү кирлигин. Көчкөн кардай жылт этип, Үйгө Чүрөк түшкөндө, Ойногон болуп Чүрөктү, Кармап алмак ой эле: “Катын алды Сейитек, Жылкыда жүрөт Гүлчоро, Айыктыбы ким билет? Айтты Чүрөк жашырбай Тузуңа сенин сийем деп, Кармап алсам Чүрөктү, Бардык сырын билем” – деп, Оролто кармап мойундан, Эмчегин издеп койундан, Колтукка кысып аларда, Арыптуу жеңең Айчүрөк, Төгүлгөн сымап кептенип, Көйкөлө түшүп жылт этип, Үйдүн эпчи жагында, Кашкайып карап турду эле. Эки жагын каранып, Айдай жеңең Чүрөктүн, Арыбына таң калып: — Ой, Айчүрөк, турбагын, Кийимиң кий, бол камын. Муракы кул Баймедир, Алып келгин тору атты. Деп алкына Кыйаз кеп айтты. Айтып Кыйаз үксөйүп, Арпадай бети түктөйүп, Мунаранын түбүндө, Көчүк койуп олтурчу, Таштан ойуп жасаткан, Таш орунга олтурду. Алып келип Баймедир, Тоотору атты токуду. Көрүнөө алып бир баштык, Көргөзбөй алып бир баштык, Көргөзбөй алган баштыкка, Айчүрөк ишин бүтүрдү, Алтынын койбой бүт салып, Ааламды салса толбогон, Оорлошуп койбогон, Адамдын көз терисин тиктирген, Укмуштуу баштык болуучу, Адамдын көзүн билесиң, Ал дүйнөгө качан тойуучу? Алып барып баштыкты, Тооторуга байлады, Токтоо кылбай аттанып, Айчүрөк жолго салганы, Унутуп калган көр Кыйаз, Тооторудан сурабай, Эсин кудай алганы, Аттанып жөнөй бергенде, Тура тургун, Чүрөк, деп, Колун булгап чакырып, Кыйаз жөнөп калганы. Тору аттан эми сурайт, деп, Жеңекең билип алганы. Алтымыш эки дубаны. Анык билген Айчүрөк, Жетимиш эки сыйкырды, Жетик билген Айчүрөк, Миң бир дуба түйүнүн, Чечип билген Айчүрөк, Молдо болуп кат билген, “Исмазамды” жат билген, Тил байлар дуба окуду, Чачбоо менен Тору атты, Маңдайдан сылап койгону, Мурдагыдай Тору аттын, Сүйлөр тили болбоду. Кыйаз келип Чүрөккө, Тапшырган болуп тору атты, Сыр алууну тооруду, Тооторусу жалдырап, Сүйлөй албай жоошуду. Кайра Кыйаз кетиптир, Эми Чүрөк нетиптир? “Тооторуну күлүк деп, Көргөндүн баары күйүгөт, Күлүктүгүн билейин, Күмүш булак керүүгө, Бүгүндөн калбай кирейин, Сейтек менен Гүлүстөн, Бар жумушун билейин”. Бастырып жолго киргенде, Ээси Кыйаз баатырга, Үстүндөгү Чүрөктүн Жаман ниетин билгенде, Арам өлгөн тору атка, Мындай бир ой келди эле: “Чымчыктай кылып Чүрөктү, Ала качып жөнөйүн, Тоо аралап өтөйүн, Тоого таштап кетейин, Токойго кирип барайын, Токойду жүрүп аралап, Бутакка илип салайын, Бутактан чыгып болгунча, Куу кебин сыйрып алайын, Аккуу кептен айрылса, Андан кийин билейин, Айчүрөктүн амалын, Баштан-айак бар ишти, Кыйазга айтып барайын. Ага Чүрөк болбосо, Толкуган көлгө чөгөйүн, Суу көтөрүп кеткенде, Кеп тонун сыйрып жөнөйүн, Ага Чүрөк болбосо, Аскалуу тоого барайын, Аттай чуркап калайын, Коркуп кетип жыгылса, Кеп тонун чечип алайын”. Айбанда эстүү Тоотору, Акылга муну алыптыр, Башын жерге салыптыр, Арам өлгөн бул доңуз, Ала качып калыптыр. Будурмак кара тоолордо, Булуттай сызып баратат, Аркайган ала тоолордон, Аттай чуркап баратат, Катар-катар тоолорду, Каттай чуркап баратат. Эңиш тартып Тоотору, Ээ бербестен ээлигип, Ар канча тартса Айчүрөк, Колтугун чойуп керилип, Тоңкочуктап сойулгур, Кетип барат тээ бербей, Ооздук тиштеп кемирип, Тоотору кастык кылганын, Таластыктын кыйалын, Арам өлгүр туйганын, Анык билди Айчүрөк, Айлантып оозун тарттырбай, Кыйазга кайра барарын, Канык билди Айчүрөк. Кайра барса Кыйазга, Айтпаса да билет, деп, Чечтирбей кепти үстүмөн, Тээп туруп чечет, деп, Койдой башым кесет, деп, Коондой кардым жарат деп, Андан кала бергенде, Сейтек менен Гүлчоро – Алардын эбин табат, деп, Айаш атам, кайненем, Көзүн чукуп ойот, деп, Жээн-тайын кубалап, Тазалап түгөл койот деп, Алтымыш акыл, кырк санаа, Заматта келип эсине, Санаасы санга бөлүнүп, Самсаалап жашы төгүлүп, Кыйалы кыркка бөлүнүп, Кылгырып жашы төгүлүп, Кыйамат жакын көрүнүп, Оромолдон айланса, Ойрон Кыйаз көрөт, деп, Алым кантип жетет, деп, Чын шаштысы кеткенде, Чындап айла кылды эле. Айабай окуп дубаны, Айагын байлап тору атты, Эңкейе түшүп Айчүрөк, Опсуз күлүк торунун, Омуроосун сылады. Арышы аттын кыскарды, Дабыраңдап баспады, Бүктөй кармап камчыны, Орой төбө чокуга, Он-он бешти чапканы, Күч келгенде тору аттын, Тамчылап тери акканы, Айдай жеңең ошондо, Ташмойнокту кезеңден, Гүлчорону тапканы. Сейтек, Гүлүс, Айчүрөк, Калтырбай кебин айтышып, Аркардын боорун кактап жеп, Айабай тузга чыктап жеп, Катып калган кара боор, Айабастан мыктап жеп, Түзбулактын керүүдө, Айылды карай кайтканы, Айаш ата Момунжан. Кашкардан келген Токто абаң, Кайткыла деп айтканы. Үч күн алар кам кылды, Бар керегин жам кылды, Момунжан алып кетерге, Алтын-күмүш, зар кылды, Токто сарт алып кетерге, Төрт түлүктөн мал жыйды Эки миң ирик, миң асый, Баары өңдөш сур асый, Минилбеген кур асый, Комдолуу нардан кырк бешти, Кош өгүздөн кырк бешти, Колбутуп малды айдатты, Сары дөбө, Терсайрык, Чалкага барып кондуртуп, Чогулушуп жатышты. Булар жата турсун жайланып, Жол керегин камданып, Эми Жедигерде Кыйаздан, Жаңылап кабар алалы. Олободой чоң Кыйаз, Оңолбогон тоң Кыйаз, Башы ооруп, мээ какшап, Беш тырмагы тең какшап, Олтургуч ташта олтуруп, Күндү санап эсептейт, Ойуна кайгы толтуруп: “Тогуз күндө келем, деп, Болжоп кеткен Айчүрөк, Он беш күнгө созулду, Эмне үчүн меники, Мээм ооруйт бек күчөп? Нече күндөн бер жакка, Мээм ооруп какшады, Бир жылдан бери Айчүрөк, Алты ай үйдө жатпады. Тузуңа, Кыйаз, сийем, деп, Чогоол кепти айтканы. Алдап минип тору атты, Уулун алып жылкыдан, Чолок кулду ээрчитип, Чогулушуп баарысы, Жалгызек карай качканбы? Бүгүн карап жатайын, Эртеңкече келбесе, Аркасынан басайын, Кубулжуган Чүрөктүн, Канын суудай чачайын. Көрсөтөйүн өзүмү, Сейтек деген неменин, Мен ачайын көзүнү! Чолок кулду сойойун, Манастын калды-каттысын, Жыпжылма кылып койойун. Таласка киши чаптырып, Канчорону табайын, Каныкей менен Бакайдын Кестирип башын алайын. Күндүзү Чүрөк суйсалат, Түнүдөсү жатканда, Колоңсосу жыттанат, Бу сапар көрдүм арыбын, Арыбын мага салганбы? Түнүдөсү жатпай койнума, Албарсты сасык дечү эле, Катын кылып бергенби? Ушундай кылып бул Чүрөк, Мени алдап келгенби?” Ойлонуп Кыйаз жатыптыр, Таң саргарып атыптыр, Тараза жылдыз батыптыр, Кирпикке кирпик илинбей, Кыйаздан уйку качыптыр, Уйку келбей таң атып, Ан сайын Кыйаз шашыптыр. Күндүн мурду чыкпаста, Басып барып коргонго, Далай кеп түшүп акылга, Караса барып акырга, Тоотору аты жок үчүн: “Атымды берип катынга, Хан болбой куруп калайын, Калыпмын кара балаага! Учурасам кай жерде, Чүрөк, сенден кечпесем, Тирсегиңен тешпесем, Кыйаз атым курусун!” Кужурланып өзүнчө, Кобурап сүйлөп далайга, Акырда атты караса, Койкүрөң турат жанаша. Таластык талаан болгондо, Келгенде Чүрөк олжого, Койчо басып чайпалган, Ээрчип келген Күрөң бээ, Жылкыга сынчы эр эле, “Жаман болбойт түбүндө, Күрөң бээ тууса эркек тай”, Байкап Кыйаз жүрчү эле. Эркек тууп күрөң бээ, Койкүрөң атка конду эле, Асыйы алты толду эле. Койкүрөңдүн туулушу, Түбүндө мындай болду эле: Минип жүрүп жылкычы, Короодо калган колу аксап, Суркойонду агытып, Бээге кошуп койду эле, Ат айгыр болуп Суркойон, Токтоп калган Күрөң бээ. Койкүрөңдү караса, Тору атынан кем эмес, Тогуз ай минсе тындырбай, Чаалыгып калар мал эмес, Койкүрөңдү жетелеп, Коргондон чыкты энтелеп, Кулдары коркуп жүгүрүп, Ээр-токум белендеп. Жаба токуп Күрөңдү, Тоодой Кыйаз минди эми, Күмүшбулак, Түзкерүү, Он эки күндүк жол эле, Күнү-түнү жол жүрүп, Шашыкеде келди эле, Чыккан жери Ташмойнок, Түлкүлөр турат түздө ойноп, Койкүрөңдү ойнотуп, Кирип келсе өйдөлөп, От жаккан жердин орду бар, Күйүгүн кесип таштаган, Караса жаткан боору бар. Тура калып токтолуп, Ичи кызыл чок болуп, Белеске түшүп олтурду, Көчүгүн койуп зоңкойуп. Кыйаздын жашы кырк беште, Тең келер эмес түк бенде. Дүрбүсүн алды койнунан, Боосун албай мойнунан, Тегеретип имерип, Терсашуу карай жиберип, Караса Кыйаз чалкалап, Тору ат менен бир көчтө, Айчүрөк турат кайкалап, Адамдын көбүн андан көр, Каршы-терши мал айдап, Көрүнө түштү карааны, Сейитектин манаңдап: “Ойлоп жүрдүм башынан, Душмандыгын кылар деп, Ойлогонум чын келди, Элди чаап олжо алып, Качкан экен, булар, — деп, Салпаңдашып ушулар, Кутулуп кантип калар?” – деп, Оңолуп минип Күрөңгө, Күүлөнүп Кыйаз жөнөдү, “Бел ашырбай барам” — деп. Алмамбет уулу Гүлчоро, Акылы арбын ошондо, “Жеңем мында келгели, Бүгүн болду он жети, Тогуз күндө келем деп, Айтып келген эмеспи, Күнүнөн ашып кеткенде, Кокус Кыйаз келерби?” Деп ойлонуп ушуну, Алмамбеттин чоң дүрбү, Ала келген Айчүрөк, Мойнунда бар асылуу, Дүрбүнүн алып Гүлчоро, Жедигер жакка салганы, Ташмойнокто зоңкойгон, Кыйазды көрүп калганы, Көмүскө менен чуу койуп, Момунжан менен Токто абаң, Сейтек менен Айчүрөк – Ал төртөөнө барганы: — Кыйаз келди, мен көрдүм, Айаш атам Момунжан, Токто аба, турбай жөнөгүн, Тосо чыгып алдынан, Өнөрү болсо көрөйүн, Ажалы жетсе сойойун, Аман кантип койойун? Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Шумдукка тууган жумур баш, А дүйнө көздөй жөнөйүн. Алдыңдагы тору атты, Көргөзбөгүн көзүнө, Көзү көрсө торуну, Күч кирет деген өзүнө, Кулагың сал, Сейитек, Абаңдын айткан сөзүнө. Карап тургун көрүнбөй, Кайда экениң билдирбей. Кыйаздын күчүн көрөйүн, Кыйазча алым болбосо, Адам болбой өлөйүн. Бөйөн менен чайандай, Күнгөйдөгү жыландай, Заарымды төгөйүн, Салакалуу Кыйазга, Сагынып калдым майданды, Салгылашып көрөйүн. Деп ошентип айтканда, Сейитек сүйлөйт мындайча: — Акжолтой аба, кебиң чын, Кызматын көргүн уулуңдун, Ээрчитип алып жүрөсүң, Кубат болор муунуңмун. Мен барайын алдында, Алым келбей баратса, Сиз барарсыз жаныма. Деп Сейитек айтканда, Карап адам тургусуз, Гүлчоронун жанына, Түз багып адам карагыс, Жүзүнө келген каарына. Камындырбай Айчүрөк Айта салды мындай деп: — Койгун, балам Сейитек, Бул айтканың кеп эмес, Абаң чыгам дегенде, Атаң чыкчу деги эмес, Ушул келген Кыйаз дөө, Сен беттешер жоо эмес, Оңой-олтоң неме эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулар бел эмес. Муну укканда Сейитек, Айчүрөктү бир тиктеп, Гүлчорону карады, Көрбөгөн мурда мындайды, Каарына таң калды. Сурданган кайран шер Гүлүс, Алдында минген сур атты, Сандан ары бир салды. Чимирилтип сур атты, Сап менен койуп барганы, Керегеташ, Көлкечүү, Үстүндөгү талаадан, Жолун тосуп алганы, Карап туруп Кыйазды, Гүлчоро айран калганы. Тоодой болгон Кыйаздын, Күүсүнө тура албай, Кыйрап келет жыгачтар, Жарлар көчүп, таш кулап, Сел аккандай көк түтүн, Аркасынан чаң чыгат, Куусу угулса зыркырап, Көлдө жүргөн каз-өрдөк, Бакырышып чуркурап, Оозунан чыккан көк түтүн, Кол ыштыктай буркурап, Койкүрөңдүн даңканы, Казанкаптай кара таш, Ойго учуп чыркырап, Күкүм болуп чачылат, Кумдан бетер быркырап, Алдындагы Койкүрөң, Жебедей болуп зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Маштаган самын кептенип, Кыйаздын түрү бузулат. Койкүрөңдү бучкакка, Оңду-солду койгулап, Олбуй-солбуй теминип, Өрттөнгөн Кыйаз келайтат, Тирүүсүнөн өлүмү, Өзүнө жакын көрүнүп. Карап турат Гүлүстөн, Найзаны карап кымаптап, Суудан кечип чоң Кыйаз, Чыга калды кашатка, Желмогуздай чунаңдап, Кош кашатта эр Гүлүс, Өңү күмүш, көөнү сүт, Каары катуу, заары күч, Кара бойу каткан күч, Тулку бойу толгон күч, Турманынын баары күч, Качырып тийчү немедей, Карап турат шер Гүлүс, Эс-акылын бекемдеп: “Кашаттан чыга калганда, Капысынан бир сайсам, Капталдан сайып жоо алсам, Эрдигим менин бекер – деп, Көкбукачан Мадыкан, Андан мыкты эмес, — деп, Көрүнүп туруп көзүнө, Таанылып туруп өзүнө, Андан кийин салышып, Жан айабай сайышып, Алым келсе албасам, Алым келбей баратса, Бир айланы кылбасам”. Сур ат менен зоңкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Накери бутта чойкойуп, Кеңири жерге келгенде, Чыга калды шер Гүлүс. Айал-үйөл кылбады, Айалдап Кыйаз турбады, Алмамбет уулу Гүлүскө, Айанбай найза урганы, Кезегин берип эр Гүлүс, Мелтиреп карап турганы. Кыйаз урду кош колдоп, Куу найзасы кыйрады, Абага учуп зыркырап, Он эки барча сынганы, Козголбой Гүлүс турганы. Кезегин алып эр Гүлүс Күүлөп найза сунганы, Кудай урган көр Кыйаз, Кезекке чыдап турбады. Кыйаздын кагып найзасын, Баатыр Гүлүс муштады, Ушунча уруп күч чыңдап, Аңтара сайа албады. Карасаң Кыйаз кара таш, Каарын салып турганы. Өрттөнүп өлгөн көр Кыйаз, Өөрчүгөн чочко өкүрүп, Өкүрүгү таш жарып, Далай тоону көчүрүп, Койкүрөңгө камчы уруп, Эр Гүлүскө найза уруп, Кара мүртөз кан ичме, Каарын жүзгө салыптыр, Казабына чыдабай, Өнүп турган чынарды, Түбүнөн жулуп алыптыр. Чынарынын түбүндө, Короо ордундай топурак, Топурактын ичинде, Нечен үйдөй таш турат. Күркүрөп Кыйаз акырса, Күн тутулуп бузулат, Асманга учуп топурак, Жер жарылып боз чыгат. Күүлөп алып чынарды, Күчү менен бул Кыйаз, Гүлүстөндү урганы, Мындайды чандан көп көргөн, Сала берип олутун, Четке чыгып турганы. Күчтүү чынар дүп этип, Жер ойулуп түп этип, Жер айрылып суу чыгып, Агып кетти шар этип. Тарашалап чынары, Башы кетти жарылып, Топосу менен нечен таш, Баары калды кагылып, Дагы тийди Гүлүскө Каапыр Кыйаз чамынып. Сала берип олутун, Шай колдогон шер Гүлүс, Кара жерди чаптырып, Колундагы чынардан, Тайакча неме калбастан, Кыйрап кетти чачылып, Куру кол калган Кыйазга Катуу тийди Гүлүстөн, “Манастап” ураан чакырып, Арбагын баштап качырып. Айбанда күлүк Суркойон, Албан түрдүү жүгүрүп, Кош кулагын жапырып, Төрт туйактан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Ана-мына дегиче, Ачып көздү жумгуча, Арстан тууган эр неме, Алтымыш койуп өттү эле, Найза, балта аралаш, Сом темир менен кетелек, Айрылышпай чамалаш, Көз ачырбай эр Гүлүс, Уруп турат төбөлөп. Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Болотко болот тийгенде, От чачылып жалтылдап, Токтоно албай кара жер, Козголгонсуп калтылдап, Ачуусуна чыдабай, Ошондо Кыйаз каапырдын, Бойуна кирди калтылдак. Өңү кара, көзү көк, Кара чекир неме эле, От чачылып жылтылдап. Алдында минген Койкүрөң, Жорголой басып кылтылдап, Алты асый болуп толгон кез, Май соорусу былкылдап, Маңдайында ай кашка – Тумарчасы жаркылдап, Азуусу тутам аркайып, Чаты колот чалкайып, Куйушкандын кошкону, Боз секидей даңкайып, Чалкалаган чоң Кыйаз: “Тооторум болбой минген, — деп, Эрлигим менин бекер, — деп, Катынга берип атымды, Алдатып койдум, кантем? – деп, Тооторум болсо бул кулду, Томуктай кылып чыңыртып, Торго салып жетелеп, Алып кетет элем” – деп, Жазылыгы үч аршын, Сырты калың эки аршын, Балтаны алып имерип. Койо берди ойун жиберип: “Көмө чаап бу кулду, Батыраак жөнөп кетейин, Белден ашкан мал айдап, Артынан кууп жетейин, Айчүрөк менен Сейитек, Катар башын кесейин. Бурулбай барып Таласка, Каныкей менен Бакайдын, Тирсегинен тешейин, Эчтеке менен иши жок, Эндекей жатат Канчоро, Тизгиндеше кетейин, Билмексен болсо томсоруп, Достугунан кечейин, Таластагы кыргыздын, Баатырсынган немесин, Тээп тонун чечейин, Айап койуп кыргызды, Кай муратка жетемин?! Алдап мени Айчүрөк, Келин алам деп койуп, Эл кыдырган турбайбы! Жылкыга барсын жогот, — деп, Жылма муну кетирип, Айыктырган турбайбы! Түндүккө конуп куш болуп, Мага айткан кептери, Барамын деген жерлери, Жашырын күткөн эрлери, Баарысы чын турбайбы! Айранчынын бул уулу, Дүнүйөнү курутту, Эми билдим аныгын, Айчүрөк менен ушу кул, Ушундай экен турбайбы! Эркине койсом буларды, Жыпжылма түптүз кылбайбы, Чындап кудай урбайбы, Ушуну билип Канчоро, Өлтүрбөсөм болбойт деп, Оолуккан экен турбайбы. Сурап алып ал күнү, Жалгыз кара башыма, Күч кылган күнүм турбайбы! Багыштан тукум калтырбай, Түз кылган күнүм турбайбы! Сейитекти мен билдим, Семетейдин уулу экен, Күндүзү Чүрөк жылмаңдап, Күзгүдөй бети тунарат, Түнүндө жатса жанаша, Сийдымкана жыттанат, Күндүзү менин жанымда, Түндөсү жатып жүргөнбү, Гүлчоро кулдун жанында?! Арыбы көп, амал көп, Адамдан айар Айчүрөк, Албарстыны эл кылып, Аны мага тең кылып, Өзү жүргөн окшонот, Гүлчоро кулду эр кылып! Түп-жайын билдим эми мен, Кутулуп кетер жериң жок, Ар кандай кылып менден сен!” Ушуну ойлоп зор Кыйаз, Өлүмү менен иши жок, Айчүрөктөн шек кылып, Гүолчорочо Кыйазга, Бүгүн жаман киши жок, Эки санаа бир келип, Күмөн кылат Чүрөктөн, Алып алган кептенип. Жаны ачып карарып, Алдында өткөн өмүрү, Бирден-бирден саналып, Колунун учу дирилдеп, Сакалы тал-тал бириндеп, Муруту өөдө тиктелип, Төбө чачы үксүйүп, Ташбакадай дүкдүйүп, Бузулуп өңү ачынып, Сала берди Гүлүстү, Айбалта менен качырып. Алмамбет уулу Гүлчоро, Өзү шайдоот чабандес, Бүткөн бойу тарамыш, Өтө мыкты кагалес, Чаптырбастан балтаны, Чыканакка какканы. Гүлчоро каккан оңобу? Көр Кыйаздын ошондо, Балтасы учуп жоголду, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Найзаны чыңдап имерди, Тоодой болгон Кыйазды, Бөйрөккө муштап жиберди. Пери менен дос болуп. Аркарга жанын катканда, Терисине окшотуп, Курч темирден токтотуп, Терисинин сыртынан, Алты кабат катырган. Тери менен темирдин, Арасы алты жуп карыш, Кара ташты муштаса, Кайра жанбас курч найза, Кайра чыкты тайгылып, Гүлчородон ал Кыйаз, Калганы жок айбыгып, Этектен түрө кармады, Эми чындап кайрылып. Балтаны таштап жиберип, Баатыр Гүлүс этектен, Кыйаздын кармап имерип, Бура кармап этектен, Кара темир наа кылар, Каңк-куңк этип кагышып. Өргө салып элирип: Өпкөлөтө теминип, Эңишке салып зыркырап, Алдындагы ким болсо, Аркасында калганын, Сүйрөтүп кетет дыркырап. Суркойон менен Койкүрөң – Ата-бала мал экен, Абайласа Гүлчоро, Таластан келген Койкүрөң, Сейитекке ат болуп Сайышка минер мал экен, Ушу бүгүн Койкүрөң, Толуп турган чагы экен. Кулжа көөдөн, тайган төш, Быкта бакай түрс айак, Өргө салса өөрчүгөн, Эңишке салса эринген, Капталга салса камыкпас, Канчалык чапса талыкпас, Азыраак айыбы бул экен – Бир эличе сээри пас. Калбыр өпкө жез канат, Уйаң куйрук тайкы жал, Тармалданат тал-талдан, Кыздын саамай чачындай, Өтө көркөм жасалган. Гүлчоро менен зор Кыйаз, Эки күнү-эки түн, Эңишип бирин албады. Чириген бөздөй ыдырап, Бүчүлүктөр калбады, Өрттөнүп өлгөн Кыйаздын, Өжөрлүгү кармады, Түшө калып Күрөңдөн, Эр Гүлстөн жолборсту, Жакасынан алганы. Оодарылып шер Гүлүс, Бура булкуп кармады, Ойунда бар Кыйаздын, Булкуп-силкип имериш, Тебетейдей Гүлүстү, Ыргытып аны жибериш. Каарланып кармады, Таманын жерге тийгизбей, Так көтөрүп алганы. Түндүк бойу тик жардан, Ыргытып ийип Гүлүстү, Кыйаз туруп калганы. Өнөрдүн билген бардыгын, Эр Гүлүстөй жан барбы, Далысы жерге тийбеген, Чаң болгонду билбеген? Эки айактап тик түшүп, Дагы жетти Кыйазга, Көк жардан чыга жүгүрүп, Көрүп туруп караанын, Айчүрөк менен Сейитек, Гүлчородон түңүлүп, Гүлчорону көргөндө, Токтоно албайт сүйүнүп. Ошондо калды эр Кыйаз, Арты кандай заман, — деп, Алмамбет уулу бу кулдун, Айласы өтө жаман, — деп. Ар канча мыкты болсоң да, Азыркысын башыңа, Акыр заман салам, деп, Ар канча калса кечигип, Жеткендир сага ажал, — деп, Ээрдин кесе тиштенип, Белинен мыктап кармады, Анткени менен Гүлүстү, Көтөрө жерден албады. Салмагын салып катыптыр, Белинен жерге батыптыр, Жерден үзүп ала албай, Эки колу шал болуп, Бүткөн бойу дал болуп, Эрегишсе, күрөшүп, Калуучудай кар болуп, “Ат үстүндө болойун”, Ойлогону ал болуп, Мындай деди Гүлүскө, Айткан кеби бул болуп: — Оодарыштык эки күн, Жөө күрөштүк күнү-түн, Үч күн болду бүп бүтүн, Тилимди алсаң Гүлчоро, Атка минип алалы, Салгылашып багалы, Сени сайып албасам, Кыйаз атым калабы?! Ойунда Гүлүс муну ойлойт: “Кожойун болор чагың жок, Мурдагыдай коржоңдоп, Күнүң бүтүп аз калды, Эмеле сени жер сорот. Эркиңче болуп алгын, — деп, Эрегишип кантесиң?, Эбиңди тапчу бармын” – деп, Чонойлук кылып салыптыр, Эрен Гүлүс макул деп. Анда Кыйаз муну ойлоп: “Эмне десем макул деп, Амалы кеткен экен”, — деп, Койкүрөң минип дардайып, Кирген суудай күпүлдөп, Коркутам деп дүпүлдөп, Колундагы найзасын, Он эки кулач сүлкүлдөп, Куу найза сынып кыйраган, Табылды найза боо кайдан, Агасы Толтой барында, Ойурма ашып жол тапкан, Орусту барып он чапкан, Ошондо олжо алып найзаны, Көкойроктун урчукка, Катып муну таштаган. Анык билген бул Кыйаз, Найзаны алды баратып, Насыйа катын Чүрөктөн, Кордук көрүп жаны ачып, Жана кирди Гүлүскө, Эрегишип жарашып, Капкачандан бер жакка, Намысын бүгүн талашып, Кактырбай сайып Гүлүстү, Кыйаз турду жадатып. Көзүнүн жашы он талаа, Айдай жеңең Чүрөктүн, Гүлчорону караса, Ашырып Кыйаз санатты, Бурултпай күлүк Сур атты, Карматтырбай Гүлүскө, Мурункудай адатты, Тегеретпей камады, Дегеле кыйын сабады. Жаны менде бу доңуз, Жандашып турат мага, деп, Айкөл Манас арстандан, Алдында өткөн хандардан, Жалбарып жардам сурады. Өчүгүшкөн Кыйаздын Эми келди кайраты, Түркүм-түркүм кубулуп, Түр көрсөткөн айбаты. Аңгычакты болбоду, Талас жаккы белестен, Сары артуу жер чаңдады. Айкөл Манас баштаган, Өлгөндөр өтүп баратты, Кыйазды карап ошондо, Эр Гүлүстөн муну айтты: — Кан ичме Кыйаз, кантесиң? Мени менен кагышып, Кай муратка жетесиң? Калбай келди көрдүңбү, Качып кайда кетесиң? Айкөл Манас шер келет, Олуйа Кошой зор келет, Алмамбет, Чубак тең келет, Айтылуу Сыргак эр келет, Кырк чоросу тең келет, Эрегишпе тил алсаң, Эми кетет тебелеп! Гүлчорону ошондо, Кыйаз турду жемелеп: — Сыйкырың сенин, айранчы, Айласын мунун карачы, Келе алган эмес Манасың, Сен турмайлык азыркы, Чабылганда байагы Семетейдей баласы. Мент кылар сыйкыр билипсиң, Амалың кеткен күндөрдө, Айла кылып көрсөтүп, Элди алдап жүрүпсүң. Көрсөтүп туруп атаңа, Сени көмө чабайын, Тиги жүргөндөрүңдүн, Өлбөгөнү бар болсо, Анын да эбин табайын! Деп күпүлдөп чоң Кыйаз, Бузулган самын беттенип, Жутуп ийчүү кептенип, Кырданып калды Гүлүскө, Жаалысы чыгып тап берип. Телкызыл менен эр Сыргак, Жетип келип ошондо, Кыл мурутун сеңселтип: — Эмне кылып турасың, Коң каргадай Кыйазды, Теңтуш киши кептетип? Султандан белек береним, Бекер келген эмесмин, Карачкыдай Кыйазды, Каңтара сайып жибергин! Чыгардыңбы эсиңден, Таластагы күмбөздө, Султан атаң Алмамбет, Аркаңды сылап кеткенин? Мындан кийин чунагым, Далыңдан жерге тийбейсиң. Таласта кыргыз заары урат, Баарысы турат саа карап, Болжогон кырк күн аз калды, Эсиңе, балам, алгының, Каныкей жеңем, Бакай хан, Жолуңду карап саргарат... Ат үстүндө Гүлүстөн, Уктаганы билинбейт, Алаңдап Гүлүс караса, Абасы Сыргак көрүнбөйт, Карааны жок үн чыгат, Арстан Гүлүс көр Кыйаз, Ачык угуп бир турат. Суркойон Күрөң атасы, Атасы тартты миң азап, Койкүрөңдү карасаң, Мунтип какшап ал жатат: “Мен Таластан экенмин, Билбестиктен Кыйазга, Жан талаштым бекерин. Суркойон буудан чаалыкса, Султан Гүлүс талыкса, Кыйын күндө калыпмын, Кылым кыргыз каргаса!” Койкүрөң антип турганда, Тоодой Кыйаз кеп айтат: — Айранчы кулдун чологу, Өлтүртүп койбой сураган, Бүгүн мага куп болду! Тиригиң тургай өлгөнүң, Темтеңдеп баарың жыйылдың, Бириңди аман койомбу?! Кызыл кан кечпей, баш кеспей, Семетейди селейтип, Олжого алдым катынын, Чолок кылып чолтойтуп, Шоруңду сенин катырдым. Жетим кылып томсортуп, Бакайга балаа баштаттым, - Төө кайтартып таштаттым, Унаа бербей бөкчөйтүп, Жөө кайтартып таштадым. Каныкейди какшаттым, Көрүнгөнгө сабаттым, Кысыр торпок бактырдым, Курмушунун үстүнө, Жуурканы жок жаткырдым, Катарга албай жүрчү элең, Канчорону хан кылдым, Дардаңдаган далайды, Жашоорутуп зар кылдым. Сулуу келин, сулуу кыз, Алдырып келдим Таластан, Канаке мага жамандык, Жеткени айкөл Манастан?! Айбатымдан жазганып, Бастырып бирөө келген жок, Намысыңды талашкан. Аз болуптур аларың, Эми бүгүн калганды, Кытай, орус, каңгайга, Үймө-үйлөп таратам, Кызыңды эрге тийгизбей, Уулуңа катын алдырбай, Тукум-курут кылбасам, Барып туруп Таласка, Көрсөтүп туруп Манаска, Ороздунун он уулун, Бүт калтырбай жыйбасам, Төрткөл деген көлүңө, Мелтилдеп каны толгуча, Кылычтатып кырбасам, Канчорону көчүрүп, Жетисуу көздөй жылбасам, Кыйаз атым курусун, Айтканымды кылбасам! Бүткүл кыргыз элине, Тиймек болду, чолок кул, Жалгыз сенин каргашаң! Кубулуп учкан Чүрөктүн, Желке чачын кыркпасам, Мойнун толгоп үзбөсөм, Сейтек деген неменин, Жүрөк канын чайкатып, Кымызга кошуп ичпесем! Деп күпүлдөп зор Кыйаз, Айтпаганы калбады, Кыжырланып алганы. Угуп туруп мелтиреп, Гүлүстөн кебин салганы: — “Эл өлүмүн тилебей, Өз өмүрүң тиле” деп, Өткөндөр айткан кеп экен, Ар кимдин сөзү өзүнө, Айтышынча эп экен, Ороздунун он уулу, Тукумун үзөм дегениң, Акылга сыйбас кеп экен, Канчородой бардык жан, Сийдик ичкен кеп бекен?! Арам корго кошулуп, Алактайсың, сен Кыйаз, Ааламды соруп иччүдөй, Тарактайсың сен Кыйаз, Алты саның ар башка, Шалактайсың сен, Кыйаз, Айчүрөк олжо алдым, деп, Далактайсың сен, Кыйаз! Сен алганың – албарсты, Айчүрөк кайда саа, Кыйаз?! Арыбын көрдүм жеңемин, Төрөп берди Айчүрөк, Арстандан калган белегин, Атадан кегин аларга, Башыңа балаа саларга, Аттанып чыкты Сейитек, Оолугасың байатан, Оозкуңа келген бокту жеп, Арбагы азиз арстандар, Келип-кетти байатан, Пейилиңден сени жансын деп. Атаң Багыш эр экен, Арстан атам Манаска, Жакын жүргөн кеп экен, Агаң Толтой эр эле, Кайраты толук неме эле, Чынкожо кулга алданып, Өлүп кеткен кеп эле! Тоодой Кыйаз сен өзүң, Канчорого алдандың, Таласты талап олжо алдың, Атыңды айтып көрбөйбүз, Пейлиңен жанып сен калгын, Жакшылык менен жамандык, Эки жакка тең эле, Олуйа Бакай абама, Бурулбай бирге баралы, Болгон кепти салалы, Угуп кепке түшүнсө, Болбой туруп аларбы? Ээ болгунуң жериңе, Жедигер сындуу элиңе, Пейлиңен жансаң болгону, Жамандык жок дегеле. Канчоро менен Чачыкей, Азгырды сени ченебей, Алды-артыңды ойлобой, Сен азып калдың элебей. Кырылышып кыргыздар, Кылымга шылдың болбойлу, Кыла турган иш болсо, Алды-артын терең ойлойлу, Пейлиңен жансаң саа Кыйаз, Уйат болор кеп эмес, Арстан тууган абама, Баш ийген Коңур, сен эмес. Казакты баштап Медетбек, Жапалдагы Кызылдөө, Көкбукачан Мадыкан, Чакырып келди калмактан, Бизге жөлөк болот деп, Чычканга кебек алдырбай, Алашты абам кайтарган, Зордугуна карабай, Дөөлөрдүн мизин майтарган. Алдында кылдың жамандык, Ал пейлиңди түзөтсөң, Тилейбиз сага амандык. Жангандык сырың билдирсең, Тооторуң токуп сен минсең, Азиз олуйа Таласка, Кыз олуйа Кеңколго, Мени менен бир кирсең, Алдына барып абамдын, Ачуусун сурап алабыз, Ак сүтүн берген Каныкей, Капасын сурап калабыз, Канчоро менен Чачыкей, Шуудур – арабча төө деген сөз. Катар сурап калабыз, Күмбөзүн тайып айкөлдүн, Апуу сурап барарбыз. Акырет кеткен арстандар, Капасын сурап жанарбыз. Деп Гүлүстөн айтканда, Ант урган Кыйаз ормоңдоп, Котур төөдөй коржоңжоп: — Кой, Гүлчоро, кебиңди, Билип койгун, Гүлчоро, Жанбай турган пейлимди! Аны айтып алдайсың, Муну айтып алдайсың, Жалбарган менен ар канча, Менден аман калбайсың! Жадыкөйлүк кыласың, Айкөл Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, келди деп, Көрсө кандай турасың? Катары менен чыгарам, Калгандардын жыласын! Кепке салып чубут кул, Алдаганын карагын! Деп ошентип коржоңдоп, Коло саптуу чоң найза, Булгап колго имерип, Алдындагы Күрөңдү, такымга тартып жиберип, Каарын жыйып жүзүнө, Карамүртөз чочконун, Адам бакпай түсүнө, Күчүн күчкө улатып, Артынан чаңын буратып, Айкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Албарс учтуу найзадан, Жалтылдаган от жанып, Оңолбогон Кыйаздын, Пейли жок калар жалтанып. Каарын көрүп Кыйаздын, Арстан сындуу Гүлчоро, Андан бетер сурданып, Суркойонду теминип, Бул дагы кирди кырданып, “Манастап” ураан чакырып, Сундуруп найза качырып, Кайраты тоону калтарган, Кандуу найза Кыйаздан, Гүлчорого жетерде, Илинсе учу найзанын, Көмө койуп кетерде, Алмамбет уулу Гүлчоро, Карап турбайт бекерге. Кыйазды мурда сайдырбай, Чыканактан какты эле, Көр Кыйаздын найзасы, Каңгып кетти сайылбай. Ээрчите сунуп найзаны, Кызталак Кыйазды, Кый сүбөөдөн сайганы, Чочконун батпай этине, Ташка тийген немедей, Кайта артына жанганы. Каапыр Кыйаз ошондо, Каңгып кеткен найзасын, Оңдоп кармап бекемдеп, Ойрон Гүлүс көкжалды, Оморо сайып кетем, деп, Эки этеги салаңдап, Эки көзү алаңдап, Каары менен көр Кыйаз, Кабылан шерди бир сайды. Күч менен сайган бул найза, Он эки барча кыйрады. Тал-тал болуп талаалап, Капкайда кетти абалап. Кездемдин боосун ыргытып, Койкүрөңдү зыргытып, Балтасын кармап оңдонуп, Мас болгон нардай доңдойуп, Жана кирди качырып, Адамдан башка Гүлүстөн, Ага калбайт шашылып, Найзасын оңдоп имерди, Шак-шакка болжоп найзаны, (Андай нечен ыкымдуу, Эрден алган канчаны), Найзасын кармап тыкыстап, Карап турат ыкыстап. Таластан келген Койкүрөң, Ботодой тиктеп көз жайнап, Кулжадай болуп тиш чайнап, Тоңурчуктап кыйгачтап, Кыйазга балта чаптырбай, Өтө берди кайран ат, Кыйамына келгенде, Шер Гүлүс кайдан айанат? Оң колтуктун көбүккө, Найза менен муштады, Көбүккө найза жетиптир, Көр Кыйаздын балтасы, Колунан түшүп кетиптир. Сайган найза батпады, Денеси таштан Кыйаз, деп, Эңкейе түшүп Гүлчоро, Салаңдаган этектен, Шапа-шупа кармады, Үзөңгү боого салганы, Сүйрөтүп жөнөп калганы. Ээси Гүлүс эр сүйрөп, Суркойон барат тоо сүйрөп, Ар канча кылып аракет, Арам өлгөн ит Кыйаз, Турарга айла таппады. Какырга салып таш тилип, Тикенге салып бет тилип, Алып барды тээ топко, Өргө салып суналтып, Эңишке салып чубалтып, Жеңеси менен инисин, Көргөндүн баарын кубантып. Сатыке менен Алыке, Кутудан турду сурашып: — Сүйрөлгөн ким улактай? Сүйрөгөн ким букадай, Алыке менен Сатыке, Кутубайдан сурады, Жооп берип Кутубай, Айтып турган убагы: — Сүйрөлгөн чырга Кыйазың, Сүйрөткөн Гүлүс арстаным: Далбаа болгон Кыйазың, Далба кылган арстаным, Алыке менен Сатыке, Дагы барбы айтарың? Келер иштин соңкусун, Акылың болсо байкагын! Алыке менен Сатыке, Оозуңа кирбей эчтеме, Оодарылды бу заман, Оң-тескери бир демде. Таласка Кыйаз барганда, Алактадың, Алыке, Шалактадың, Сатыке! Таластан элди көчүрүп, Алып келип бергенде, Далактадың көпкүнгө, Келинге казан жуудурдуң, Кызга сууну куйдурдуң, Уланга отун жардырдың, Көчкөндө жүгүң жүктөтүп, Көп кишини кар кылдың, Кыштын күнү болгондо, Үйүңө отун алдырдың! Кылбаганың калбады, Таластан келген кыргызды, Ого эле жаман кардадың, Ойлонгончо тургула, Болуучу иштин ар жагын! Эр Гүлүстөн муунуман, Экөөңдү сурап албасам, Ийне-жипче ашырбай, Кылгандарың кылдырып, Өз ишиме салбасам, Кутубай атым курусун, Айтканымды кылбасам! Уул болсоң уруш сал, Кыйазыңды айрып ал, Балбан болсоң басып бар, Гүлчорону басып кал! Көрүнбөй калган Гүлүстүн, Эми чыкты карааны, Туу бөксөдө артуудан, Калдыраган кырчакка, Каңшар ташка салыптыр, Койкүрөңдү жетелеп, Аа сүйрөтүп алыптыр, Денеси келет Кыйаздын, Териси тетир сойулуп, Эти калбай жойулуп, Бүткөн бойу тартайып, Кабыргасы каркайып, Тарамыш жиптей таралып, Мүчөсү бирден саналып, Чыккан чөптөр буралып, Алып келип таштады, Тулку бойу суналып. Бир мезгилде кызталак, Кызыл чие кан бойдон, Кыйкырыгы таш жарып, Жана кирди жармашып. Ыргып аттан Гүлүстөн, Аткый кармап билектен, Кайраты толкуп жүрөктөн, Айландырып имерди, Салынып келген тумшук таш, Ага чаап жиберди. Жыл өтүп таш көөнөргөн, Үстүнөн ысык күн жеген, Жик-жигинен суу кирген, Калдырап кулап таш калды, Шалдырап сөөгү саналды. Шай колдогон эр Гүлүс, Айран-азыр калганы. Аш кайнам жатып тартайып, Башын өөдө көтөрдү, Күрс дегиче жөтөлдү, Гүлчорону бет алып, Тартайган сөөк жөнөдү, Эринбей Гүлүс кармады, Барлык күчүн арнады, Айландырып булгалап, Жана ташка салганы. Таштын көбү кум болуп, Талкаланып жоголуп, Кирип келди ошондо, Сейтек менен Айчүрөк, Гүлүстөнгө чуу койуп, Айчүрөк турду кашкайып, Алмадай бети тастайып: — Айланайын уул ай, Ак калпак кыргыз элине, Арка-тирек муун ай, Азап тартып ат кыйнап, Атып алган кара аркар, Кардын жарып таап алган, Чымчыктарың канаке? Мынчалык эмне кыйналдың, Убара болуп бул итке? Унутуп калган Гүлүстүн, Эсине сандык түшкөнү, Бешөөнүн башын үзгөнү, Экөөнө чама жетпеди, Тооторуга жеткени, Экөө эки мурундан, Ичине кирип кеткени. Кишинесе Тоотору, Кишен менен жер чапчып, Жатып калган суналып, Кыйаз копту жармашып. Гүлчоро менен кармашып, Ташка чапса, таш талкан, Өлбөй Кыйаз карасаң, Жармашып калды Гүлүскө, Колун тартпай жакадан. Тоотору турса кишинеп, Сак болду Кыйаз бир демде, Кумтулап соотун бүчүлөп. Тоңурчуктап Тоотору, Барган сайын күчөдү, Сооту тургай Кыйаздын, Эти толуп бүтөлдү. Байлап койгон Тоотору, Чылбырын сүйрөп бош кетип, Кишени бутта жок кетип, Арам өлгөн сойулгур, Кыйазга келди түз жетип, Тоодой болгон зор Кыйаз, Эми турду күчөнүп, Гүлчоро айтат мындай кеп: — Таластан келген өз малың, Койкүрөң менен Сейитек, Сен катышпа бул итке, Абакеңден кайгы жеп, Ойноо бала жаш чакта, Сен койгонсуң ата деп, Суркойон менен Гүлчоро, Кездеше чыкты дүркүрөп, Гүлчорого чоң Кыйаз, Айтып турду күркүрөп: — Кезегим бергин, Гүлчоро, Кезектешип алалы, Кимибиз ээрден кыйшайсак, Армансыз өлүп калалык. Кезегин берди алгын, деп, Армансыз өлүп калгын, — деп. Күүлөнүп келип ал Кыйаз, Кабылан эрди бар сайды, Чоңополдой солк этпей Зоңкойуп Гүлүс турганы, Кыйаздын сайган найзасы, Кырк алты бөлөк кыйрады, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Акбоз атты түйүлтүп, Апкаарытып Кыйазды, Аманат жандан түңүлтүп, Кезегин алып бир сайды, Күркүрөгөн чоң Кыйаз, Теректей болуп сүлкүлдөп, Тоо көчкөндөй дүңкүлдөп, Томорулуп кулады. Арстан Гүлүс сайганда, Кандай адам чыдайды? Чымчыктар бойдо жүргөндө, Өзү жүрүп көтөрүп, Анда кайдан жыга алды? Томорулган Кыйазды, Найзага илип дагы алды, Эми өлүп жаткын деп, Урчук башка бир салды. Таштын баары дыбырап, Жер солкулдап тоо кулап, Талкаланып кетти эле, Жуурулуп канга топурак. Арам өлгүр Тоотору ат, Куйрук чачып, жал жайып. Суналып жана бой жазып, Аркырап үнүн салды эле, Сан-сан болгон чоң Кыйаз, Чогулуп тура калды, эле, Алты жолу эр Гүлүс, Бул дүйнөдөн өткөрдү, Өлгөн бойдон өлбөстөн, Тирилгенин көз көрдү, Жал-куйругун тору аттын, Жапырт кыркып алганы, Тирилген менен ал Кыйаз, Соотсуз өзү калганы, Амалсыздан акыры, Тору атты сойуп салганы. Тору аттын каны шарк кетти, Кыйаз жерге шалк этти. Башын кесип Кыйаздын, Койкүрөңгө байлады, Үч күндөн калбай келсин, деп, Жетисууда жети хан, Жеткилең кабар салганы. Күн-түнү жок жүрүшүп, Жедигер келип калганы, Чоң Кыйаздын ордуна, Кутубайдын Карадөө, Хандыкка аны шайлады. Тулку бойу бир дөбө, Хан болуп калды Карадөө. Камын кылып алышты, Арстан Гүлүс, Сейитек, Айчүрөк – үчөө жөнөөргө, Атактуу Талас, Кеңколдун, Барып жерин көрөргө, Ак калпак кыргыз алаштын, Элинин жүзүн көрөргө, Абаң Бакай, Каныкей – Карынын жүзүн көрөргө. Муну мындай таштайлы, Таласка барып Сейитек Хан болгондон баштайлы.