← Сейтек

Сейтектин Гүлнарга куда болушу

Айтылып келген мурдатан, Кыйаздын аты Тоотору, Тил сүйлөөчү мал эле, Андан башка жана бир, Кыйаздын жаны талаада,- Ак аркада дечү эле. Андан мурда Сейтек, Келип кеткен үч жолу, Үч айда бирден болжолу, Талаага койбой кайыптан, Алып келген болуучу, Күбүнө батпай күмүшү, Кыйаздын көөнү толуучу. Аңчылыкта Сейитек, Калбады кайып албаган, Бирок арка, кулжа барбаган, Төртүнчү сапар барганда, Кыйаз минтип сураган: — Айтканың кылдың, Сейтек, Ит агытып, куш салып, Мылтык атып, жаа тартып, Адырга айбан койбодуң, Аркар менен кулжаны, Айап аны не койдуң? Аркар эти кой эти, Окшош күчтүү эмеспи. Ормойо калып Сейитек: — Алып келбес жерим бар, Эсиме салдың атаке, Унутуп калган кебим бар, Талаада муну айтпайын, Жүрү, атаке, үйгө, — деп, Баштап алып Сейитек, Кыйазга салды кейиш кеп,- Талаадан кармап кайыпты, Алып келдим атаке. Аркар, кулжа, ак кийик, Атканым жок дегеле, Карылар мага кеп айтты: “Сенин атаң Кыйаздын, Аркарда жаны” деп айтты. Аркарды атсам кокустан, Атамдын жаны аркарда, Тузааны кайдан табам деп, Атпаганым бул эле, Өзүңдөн сурап бул ишти, Жалгыз уулуң мен дагы, Жанымды кошо салсам деп, Өлбөс болуп алсам деп, Ушуну ойлоп жүргөмүн, Жаның кайда атаке? Мен жанымды кошойун, Айтып койчу, — деди эле. Кепти угуп зор Кыйаз, Кейпи кетип кубарып. Кеп сүйлөбөй муңайып: — Кандай кебиң, Сейтек, Сен жүрөсүң мени аңдып, Кошулар чагың боло элек, Жашың толгон кездерде, Кошпой Кыйаз койчу эмес, Ойунуңду ойноп, күлкү күл, Жок кепти айтпай бокту жеп! Кым дей түштү Айчүрөк, Кутулгус жерин таптым деп: — Койгун, балам Сейтек, Жаныңа жаным кошкун деп, Бул айтканың кайсы кеп? Жаныңды кошмок турмайлык, Сенден жүрсө күмөндөп, Жашырсам атаң болбоду, Айттырбай бүгүн койбоду, Атаңа тийип үч жылда, Араң сени төрөсөм, Семетейден калды деп, Күмөнү сенде болгону, Айагы ушул бул кептин, Көрдүңбү сен атаңды, Болбой мойнун толгоду! Сейтек анда кеп айтат: — Кой, эжеке, — деп айтат, Айтса атам айткандыр, Кээкер кепти сен койгун, Башканы койуп сен,ата, Кебиме жооп бер мага. Сейтек мындай дегенде, Ошондо Кыйаз солк этип, Айтсам кандай болоор? — деп, Боконо сөөгү болк этип: — Сурадың, балам сен менден, Жашырбаймын мен сенден, Кекери кетпей энеңдин, Ушул үйгө келгенден, Күмүшбулак, Түзкерүү, Бүткүл аркар жергеси, Күн чалбас Күмүшбулакта, Карды салык кара аркар, Жалгыз жүрөт кумда оттоп, Ага барбайт башка аркар, Кол башындай сандыкка, Салып койуп сактаткан, Жети чымчык жаным бар, Минип жүргөн Тоотору, Ишенимдүү малым бар, Тору атта менин демим бар, Он экиге чыга элек, Сениң он эки жылдык кимиң бар, Эмгичекти сага айтпай. Кылчаңдап жүргөн жерим бар. Карсылдап күлүп Сейтек: — Уктуңбу эже атама, Эми кайсы кебиң бар? Ыраазы болуп кудайга, Уйалгансып Айчүрөк: — “Чачы узун ургаачы, Акылы кыска” деген бар, Сырын тартып болду эми, Көр Кыйазга туйдурбай. Айчүрөккө Сейтек, Анда мындай айтат кеп: — Жаман эмес абакем, Жакшы болду семирип, Өтө сулуу нурлуу бет, Жайнап чыкты керилип, Жер баспай турат Суркойон, Мурдагыдай элирип, Сыр алсамбы Таластан, Абамдын өзүн жиберип? Айаш атам Момунжан: “Сөөктөй сөөгү болду, — дейт, Эти эттей толду — дейт, Так бир жылы турбаса, Эрегишкен урушта, Эт созулуп кетет, — дейт, Эмгегим бекер болот ”дейт. — Андай болсо, Сейтек, Айтканың акыл, ырас кеп. Абаңа барып кеңешкин, Кесип айтпа баргын деп, Кесип айтып ар ишти, Сен жумшоочу киши эмес. Сейтек кабыл алыптыр, Хан Кыйазга барыптыр, Мындайча айтып калыптыр: — Жылкыга барып келемин, Кайыпчынын өрөөндө, Кайыбы кеңир деп угам, Биздин жерде кайыптан, Он эки айры бугу бар, Кайыпчыга баргандар, Алтымыш айры бугуну, Атып алган жайы бар. Алтымыш айры бугудан, Атайлап бирин атпасам, Мүйүзүнүн маалында, Алып сага чаппасам, Зеригип калат жалгызың, Ошентип көңүл ачпасам. Анда Кыйаз кеп айтат: — Сейтек уккун — деп айтат, Кайыпчы барба тил алсаң, Кайыпчынын сыры бар, Сейтек уулум угуп ал. Кырк бир жолдун кошкон деп, Айагында бир жер бар, Ошол жерге барбагын, Жыргап жаткан кезимде, Бир балаага салбагын. Кырк бир жолдун кошкондо, Кырка-кырка сарай бар, Караса көздү уйалтып, Жылтырап турат сарайлар, Моймолжуган кыздар бар, Мөлтүр кашка суулар бар, Аскан сүрөт жаны жок, Кызды көрүп азаарсың, Ошону табам деп жүрүп, Мээнеттүү жолду басарсың. Ал Кыйаздын ойунда: “Сулууну көрүп азбайбы, Ошону улам деп барып, Муну меңдер баспайбы, Куурап өлүп жатпайбы, Эркин жатып жай уктап, Менин көөнүм тынбайбы.”- Барсаң баргын, балам, — деп, Эки айда бирден келбесең, Сапырылат санаам, — деп, Кыйаз айтты жана да, Жуукурланган далай кеп. Анда туруп Сейтек: — Акылды айтуу уулуңа, Сенин эркиң эмеспи, Эрте келсем, кеч келсем, Менин эрким эмеспи, Ушуну айтып каткырып, Койчапдар минип аттанып, Жалгыз өзү Сейтек, Жүз кишидей шаттанып,: “Абакем Гүлүс сак болду, Көөнүм өсүп карк толду, Жүрөгүм курчуп от болду, Билегиме күч толду”, Муну ойлоп жаш бала, Таласка барып эми эле, Ээ болгондой аргынга, Тынчып көөнү жай болду. “Алдында барып абамдын, Кеңеш кебин алайын, Таластан кабар табайын. Момунжан айткан бир жылда, Жоокалап эптеп турайын. Ай узарып өтпөсө, Күн узарып бүтпөсө. Кайыпчыга барайын. Кыйаз айткан кыздардан, Тандап бирди алайын, Көңүлгө жаккан кыз болсо, Кайда болсо табайын” Көңүлдө муну элестеп, Абасы Гүлүс эрди эстеп, Атактуу Талас жерди эстеп, Андан кала бергенде, Бойго жеткен солкулдап, Буралган талдай кызды эстеп, Так бүркүттөй кылчаңдап, Койчапдар менен ыкчамдап, Кутубайдын айылына, Барып жетти балчаңдап, Барып кайта келгенче, Абасына кеп салып: — Абаке, бирге баралы, Таластан кабар алалы, Канчоро кулду чабалы, Анын эбин табалы, Таластан бери кайтканда, Кара аркарды аталы, Аркардын этин таталы, Кыйаздын башын кесели, Өзүңдүн кылган ишиң деп, Элин чаап кетели. Анда туруп Гүлчоро: — Ашыкпагын, шашпагын, Кыш айы кирди кылтырап, Таласка барар чак эмес, Кыйазды албай кыйратып, Канчорого барганда, Туйунбаса бир неме, Туйуп калса жамандык, Болот кыргыз элиңе. Мен минер атка болжолум, Бир жыл деди Момунжан, Эптеп муну толтуруп, Күчтөнсүп майып курган жан. Кайыпчыга барып кел, Мен көргөнмүн бир чакта, Кырым менен Урумдун, Ортосунда Таалымал, Элден сулуу кыз чыкса, Сүрөтүн аскан жери бар, Ошого баргын Сейтек, Жараткан кызың бар болсо, Мен таппайын аны издеп. Олжого кетип Айчүрөк, Кайра барса Таласка, Келин алып, уул үйлөп, Аныбыз жаман кеп эмес, Эртең менен эр Гүлүс, Элиртип минип Суратты, Койчапдарга мингизип, Ээрчитип келип чунакты, Кайыпчыга бет алып, Канча төөнү чубатты. Кырк бир жолдун оозуна, Жан жүрбөстүн четинде, Булар барып алыптыр, Сүрөттү карай калыптыр, Орус хан кызы Гүлнарды, Сүрөттөн көрө салыптыр. Көрө койуп Сейтек, Ирмебей көзүн бек тиктейт, Пендеби башка эмине, Мен көргөнүм? — деп тиктейт. Билмемиш болуп баланы, Байкап турса Гүлүстөн, Кой эти бышып токтолду, Козголуп бир да койбоду. Басып барса эр Гүлүс, Козголбой бала термелип, Гүлүстөн менен иши жок, Тиктеп турат делейип, Аңтарып Гүлүс караса, Ким көрсө тиктеп тургандай, Көңүлүн ага бургандай, Жалынга, окко, дайрага, Жалтанбай өзүн ургандай. Чырымынан серп салып, Чындап Гүлүс карады: “Кайсы жактын эли? — деп, Ханбы, байбы, жардыбы, Дайынын кошо билем, деп, Өңү сары, көзү көк, Орус хандын элиби? Ошол кыргыз тегиби? Түштүктүн эли деги эмес, Атасы бай жарды эмес, Сүрөттө турган сымбаты, Хан баласы сыйагы. Кандай чыккан ушу? — деп, Эр Төштүктүн Кенжеке, Эки сапар көргөмүн, Кенжекеге түспөлдөш, Мында турат бир элес. Угушумча Орус хан, Он эки кызы бар деген, Кичүүсү Гүлнар дегени, Ошол эмей кандай?” деп, Эр Гүлүстүн билгени. — Жүрү, Сейтек кетели, Чыкканы далай күн болду, Элге кайта жетели, Ошондо туруп Сейтек: — Макул, аба, кетели, Кырк бир жолдун оозуна, Он күндө бирден келели, Мынабу турган кыздардын, Ким экенин билели, Гүлчоро анда кеп айтат: — Атаа, Сейтек, — деп айтат, Кырк бир жолдун оозуна, Он күндө бирден келсек, деп, Бул айтканың кандай кеп? Эр убалын кантебиз, Кыз издесек кеңгиреп, Кары убалын кантебиз, Жар издесек зеңгиреп, Эл убалын кантебиз, Жүрө берсек деңгиреп? - Бастырып кетти Гүлүстөн, - Жүрү, Сейтек, жүрү, — деп, Кайыпчынын ичинен, Канча түрдүү айбандан, Ошол жерде бар жандан, Бук болуп калган жаа тартпай, Учурап калган немесин, Баарын атты куткарбай. Кулжасын атып кулатып, Текесин атып сулатып, Илбирс менен чөө атып, Жолборс менен шер атып, Түлкү менен бөрү атып, Марал менен бугу атып, Көлүнөн өрдөк-куу атып, Сексен төөгө жүк артып, Төөлөрдү чиркеп чубатып, Колуна бербей кат жазып, Жуурда көрсүн жеңем, деп, Жакасына бек катып, Барып келгин үйгө, деп, Сейтекти атказып: — Ылдам келгин Сейтек, Сен келгенде түз мындан, Таласка барам элди издеп,- Деп Гүлчоро калыптыр, Төөлөрдү алып колбутуп, Сейтек үйгө барыптыр. Көрүп Кыйаз көз тойуп. Өзүнчө басып оштонуп, Бара жатып токтолуп: “Бул Сейтек жашынан, Келе жатат от болуп, Алда кандай болоор?” деп, Кыйаз калды кайгыда, Нечен акыл ойлонуп. Кирдеп келди балам, деп, Көйнөгүн алып Айчүрөк, Чылап сууга салам деп, Жакасын Чүрөк кармады, Тигиши колго башкача, Эмне деп шек алды, Аңтара кармап Айчүрөк, Жазган катты таап алды: “Акылман жеңем Айчүрөк, Гүлчородон уксаң кеп, Сейтек келип жөнөдү, Кырк бир жолдун оозуна - Капчыгайга барам, деп. Мен да бардым темтиреп, Сансыз кыздын сүрөтү, Асылыптыр мелтиреп. Абайласам Сейтек, Бир кызды калды көп тиктеп, Элди айтып, жерди айтып, Алып келди жүрү деп. Сүрөттү байкап карасам, Кенжекеге түспөлдөш, (Карапайым кыз эмес) Таласты таштап унутуп, Сейтек кетип жүрбөсүн, Мелтиреген кызды издеп. Өз ойумда баа бердим, Урумдуктун кызы деп. Менин бир уккан кебим бар: Орус хан кызы он эки, Эң кичүүсү Гүлнар деп, Ошол жакта шегим бар, Сейтек кайтан келгенче, Кенжекеден кабар ал, Ошол болсо айткандай, Куш тилинче кабар сал. Ачык болсо кабары, Кызды мурда алалы, Кийин Талас баралы. Кимдердин келбейт башына, Кош кыйал кылбай баланы,” Катты окуп алыптыр, Купуйа учуп Айчүрөк, Кенжекеге барыптыр, Эмне үчүн келгенин, Кебин айта салыптыр, Акылман катын Кенжеке, Мына мындай деди эле: — Мен ыраазы болгомун, Мурун келип кеткенде, Туйдурбай туруп жоодарга, Жардам берип өткөндө, Биз он эки атадан, Бир эркек жок карасаң, Акылдан танып баратат, Карылыктан Орус хан. Кичи сиңдим Гүлнардын, Дал он үчтө жашы бар, Сүрөтү менде тартылуу, Эп келсе, Чүрөк, алып бар. Көрсөтүп көр балаңа, Көргөн кызы Сейтектин, Ушул болсо непаада, Кат жазып берем колуңа, Мен баралбайм Урумга, Өзүмдөй катым иш кылат, Чүрөк, ишен сен ага. Өлүгүнө өк болгон, Тиригине тик турган, Эр Төштүк айкөл Манаска. Семетей келип эки жол, Жесир менен жетимден, Жеткире алым сурады. Колумдан келген иш болсо, Айансам кудай урбайбы. Сейтек Гүлнар кааласа, Бара бергин Урумга, Орус хан менин өз атам, Мен жазган катты алпбарсаң,, Эми карып калдым деп, Энчисине кызынын, Элин кошуп береби, Кудай билет хан атам, Же жерин кошуп береби, Батыш, чыгыш кыргызы, Биргелешип кетеби. Кенжеке менен коштошуп, Айчүрөк кайра кеткени, Сейтек муну билбеди, Көп тургузбай Айчүрөк, Сейтекти жиберди, Абаңа алып баргын, деп, Тигип көйнөк бергени. Ачса көйнөк Гүлчоро, Арасында сүрөт бар, Сүрөткө кошкон каты бар, Айчүрөктүн аты бар, Баарын көрүп Гүлүстөн, Сейтек жаткан бир үйгө, Таштап койуп сүрөттү, Билмексен болуп Гүлчоро, Байкап тыштан күзөттү. Көзүн ачып ойгонуп, Имерилип толгонуп, Сүрөттү көрүп Сейтек, Тиктеп калды ормойуп. Карап туруп жалдырап, Кырк бир жолдон көргөмүн, Кайдан келип калды? — деп, Ала койду алдырап. Сүйгөнү ушул экен, деп, Ойуна алып Гүлүстөн, Жарым ай туруп токтолуп, Мунун айтты Сейтекке, Куткармак болуп күйүттөн: — Кыйазга барып айткын кеп, Кабарын уктум алыстан, Орус хан кызы Гүлнарды, Мага алып бергин, деп, Урумга Кыйаз бара албайт, Урумдун жолун биле албайт, Менден бөлөк билер жок, Ырас-чынын айтканда, Баштап сени жүрөр жок, Барбасаң, ата, калгын, де, Чолок колду кошуп бер, Баштап мени барсын, де, Айчүрөктү ала бар, Тооторуну мине бар, Тоотору мине барбасаң, Кылган иште чала бар. Алып келем дебегин, Кудалашып келем, де, Бербес болсо Орус хан, Сенин уулуң болгон соң, Бекер кантип келейин, Жудаалашып келем, де. Гүлүстөндөн кеп угуп, Канык болуп акылга, Жана келсе айылга, Эминеге келди? — деп, Кыйаз калды кайгыга. Кутубай эле жолдошу, Салам айтып киришти, Эсендикти билишти. Анда Кыйаз кеп айтат: — Кечээ кетип Сейтек, Келипсиң бүгүн энтелеп, Кеткен күнүң бир айга, Азыр таамай толо элек, Кыйаздан угуп бул кепти, Чыга берди Сейтек. Кутубай анда кеп айтат: — Ханым Кыйаз, — деп айтат, Өткөндөгү сапарда, Кайыпчыга барганда, Кырк бир жолдун оозунан, Көзү түшүп сүрөткө, Көңүлү түшкөн бир кызга. Унутуп калбай Сейтек, Уламалап сураса, Урумдан чыккан узу дейт, Орус хандын кызы дейт, Гүлнар деген ушу дейт. Ошол кызды алам, дейт, Атам Кыйаз барында, Албай кантип калам, дейт. Жүр, Кутубай, баргын, дейт, Кантип айтам атама, Сен барып кабар салгын, дейт, Кечээ кетип Сейитек, Бүгүн келиш ушул кеп. Ошол үчүн келгемин, Айтканыңды жашырбай, Уулуңа айтып беремин. Тиктеп Кыйаз алайып, Эки жагын каранып, Бузулуп өңү карарып: — Сүйлөшүп келет Урумга, Ушундан ага ким барып? Сейтек аны не кылат, Быштактай сары кызды алып? Угуп жүргөн кабар да, Ногойбайдын эки уулу, Көчкөн экен айрыла, Энчиге малын бөлгөндө, Бирине бири таарына. Ногойбайдын чоң уулу, Карасур жигит ал экен, Кичи уулу Ногойдун, Өңү сары көзү көк, Бири андай бала экен, Өз аттары айтылбай, Кара, сары ногой деп, Айтылган кеби ал экен. Ортоктун көчүп тоосунан, Кара ногой бөлүнүп, Энесайга келиптир, Сары ногой самсаалап, Урумга көчүп кириптир. “Эки ногой айрылыш”, Эмгичекти унутпай, Комузчулар чертиптир, Сары ногой Орусхан, Бул дагы кыргыз уруудан, Убара болуп ушундан. Урумга кайдан мен барам?! Жолун билген бар болсо, Кутубай ага жумшасаң, Береби кызын, бербейби, Орусхандан угушсаң... Аңгычакты эшиктен, Тамак дайар болду деп, Айтып кирди бир шыгай, Айчүрөктүн үйүнө, Басып келип калышты, Кыйаз менен Кутубай. Басып турат Сейитек, Тизе бүгүп олтурбай. Дасторкону ачылды, Жайнатты Чүрөк асылды. Күркүрөп Кыйаз кеп айтат: — Ой, Сейитек! – деп айтат, Орусхан кызы Гүлнарды, Алабыз депсиң ар кимге, Көргөн адам болбосо, Ким барат экен ал жерге?! Береби кызын Орусхан, Калыңы жок бекерге?! Көрбөгөн кызды алам деп, Күйүгөсүң сен эмне?! Сейтек анда кеп айтат: — Атаке Кыйаз, — деп айтат, Урумдан уулуң кыз алса, Атагы сизге жарашат, Жедигер сындуу элиң бар, Сенин эминеден кемиң бар? Канчоро баатыр досуң бар, Каралды болот ушулар, Албай койбойт Гүлнарды, Аман болсо уулуңар. Төгөрөктүн төрт бурчун, Баарын койбой кыдырган, Гүлчородой кулуң бар, Асмандап учкан канаттуу, Айчүрөктөй апам бар, Албай кантип каламын, Оорактуу Кыйаз атам бар, Тоотору минем токунуп, Отуз күндө барамын, Угуп жүргөн Урумга, Эрикпей жүрүп олтуруп, Атадан калат балага, Аркасында мал-мүлүк. Бир кулун Сейитек жүгүрттү, Алып келип току, деп, Тоотору сындуу күлүктү. Тоотору аты чыкканда, Аңтарылып жер асман, Борошо болуп ызылдап, Жамгыр куйуп жаткандай, Сасык туман көргөзбөй, Каптап жерди баскандай, Коморулуп дүңгүрөп, Алатоо кулап аткандай, Шамал чыгып дүрүлдөп, Жыгачтын баары күрүлдөп. Бороон болгон немедей, Көр Кыйаздын көзүнө, Токсон канча кубулду, Ошол кезде ченебей, Аңгычакты Айчүрөк: — Ай, ай, балам Сейитек, Менден уккун акыл кеп, Атаң Кыйаз ат бербейт, Ат берсе да бат бербейт. Атаң туруп Сейитек, Армандуу жетим сен болдуң, Алганым Кыйаз бар туруп, Туу келген жесир мен болдум. Артыңда жок такоолуң, Койгун десем Гүлнарды, Аламын деп болбодуң. Койчабдар минип жолго сал, Кол куржунга азык ал, Таластан келген мурагың - Чолок кулду кошуп ал. Кызын берсе Орусхан, Жетисуу келип нетесиң? Атаңдын кейпи бул болсо, Кай муратка жетесиң? Ошол жерде туруп кал! Атынын күчүн бербеген, Калыңга малын береби? Мен казанчы болойун, Сен болуп ага күч күйөө, Калыңын төлөп келели, Дене кул кылып Оруска, Күлчоро кулду берели. Семетейдин барында, Суркойон минип элирип, Гүлчоро жүргөн чагында, Урумга барып кол салып, Өткөргөн ыдык аларга, Көөнү ачылат Орусхан, Гүлчоро кулду алганда, Бура тартып Айчүрөк, Бузулуп өңү кумсарып, Ачуусу келип сумсайып, Аккуу кебин колго алып, Аптырага кол салып: — Күдөөрүң үзбө, сен Кыйаз, Көрбөймүн деп сен калба, Өлбөй тирүү болгондо, Үч жылда келем мен мында. Ошо кезде Кыйазды, Карап турса Кутубай, Кара жанга күч келип, Тер тамчылап тыпылдап, Сүйлөйүн десе тил келбей, Ыйлачудай кыңкылдап, Айчүрөк учуп кетет деп, Токтоно албай кыпылдап: — Ой, Кутубай курбалдаш, Калыссың, айтчы, сөздү ылгап. Тооторуну минбе деп, Айткан жерим болдубу? Ачууланып оолугуп, Айдай Чүрөк не болду? Мен өлсөм калат уулума, Тооторуну Сейтек, Арнап минсе болгону, Кулакка сөйкө келинге Жай кеңешип олтуруп, Алып барсаң болбойбу, Адашып жолдон каласың, Күлчоро кулду артыңа, Салып барсаң болбойбу, Кебез байлап башына, Төөчү минчү Көктокол, Алып барсаң болбойбу, Куру алпарбай көк атты, Кол куржунга алтынды, Артып барсаң болбойбу, Туудан тандап кырк жылкы, Айдап барсаң болбойбу, Кутубайды баш кылып, Аз болгондо алтымыш, Жардап барсаң болбойбу?! Сейтек анда муну айтат: — Өзүн көрбөй Гүлнардын, Сүрөтүнө жолуктум, Сүрөттөн сулуу кыз көрүп, Аламын деп оолуктум. Орусхандын кызыбы, Же башка элдин кызыбы? Береби Орус, бербейби, Тийеби кыз, тийбейби? Билип келип түп-жайын, Анан барсак болбойбу? Алтын алып, ат алып, Кыз бергиниң мага деп, Кимге барам жалбарып?! Кыз жараса көңүлгө, Дайнымды айтып барармын, Атам менин Кыйаз деп, Жедигер менин элим деп. Айлымды айтып барамын. Сүйлөшүп сулуу аламын, Бербей мин деген ким болсо, Шаарын бузуп чабамын, Казынасын чачамын, Абийирин антип ачамын. Төрө Кыйаз деп айткан, Сенин барда атагың, Башымды кантип катамын? Алтын ал деп, ат ал деп, Айтканыңа капамын? Тур, Кутубай, атка мин, Бүгүндөн калбай басамын, Ушуну айтып Сейтек, Тоотору минип болкойуп, Бастырып кетти карабай, Айласы түгөп көр Кыйаз, Туруп калды томсоруп, Кирин жууп канымдын, Эртең жете барам, деп, Кирпигин карап Кыйаздын, Айчүрөк жатат оштонуп. Албарстыга Айчүрөк: — Сөзгө көңүл бур, — деди, Чайчы болуп Кыйазга, Кызмат кылып тур, — деди. Күндүзү көөнүн кирдеткин, Түнкүсүн катуу уктаткын, Так ушундай баккын, — деп, Бара албай жылкыга, Накайыл болуп жатсын, — деп, Болжолдуу күнү Айчүрөк, Канаты күнгө жаркылдап, Учуп кетти калкылдап, Сейтек менен Гүлчоро, Кетип барат балкылдап, Тоотору менен Суркойон, Алоолонуп алкылдап, Отуз күнү жол жүрүп, Урумдуктун шаарына, Кирип келди жакындап. Күзөтчүсү Урумдун, Орусханга барыптыр, Минтип кебин салыптыр: — Асмандап учкан бирөө бар, Бири тору бири боз, Атчан киши экөө бар, Келип калды үч адам. Сен Орусхан болголу, Кароолго мени койголу, Бул өңдөнгөн адамды, Көргөнүм жок бир жолу. Асмандап учуп алган Ал бир нурдан тамганбы? Өзү ургаачы кийими, Адамзат эмес, өр кызы, Адашып жолдон калганбы? Тору атчаны бала экен, Он үч-он төрт чагы экен, Кара баштуу бендеден, Адамдан сулуу ал экен. Жанында боз атчаны, Кырктан ашкан чамасы, Болсо болор анчалык, Адамзаттын баласы. Бенде эмес бардыгы, Периште келип калганбы? Кароолчу айтып барганы, Орусхан угуп алганы. Узун кулак Орусхан, Укмуштан улап кеп уккан: Кастык кылып Канчоро, Эр Семетей төрөнү Кыйаз жеңди деп уккан. Айчүрөктү олжого, Кыйаз алып кетти, деп, Гүлчоронун кечирин, Кесип салды деп, уккан, Айчүрөктүн бойунда, Бала калды деп уккан. “Эр Семетей уулу чоңойуп, Мүчөлүнө жеткенби, Таласты кайра тапсам деп, Гүлчоро менен Чүрөктү, Ээрчитип качып келгенби? Боз атчаны Гүлчоро, Торуну минген бала го, Учканы анын Айчүрөк, Чүрөктөн башка бендеден, Учуштун жайын ким билет? Келген бейм бул жерге, Бизге жардам бергин, деп. Жалгыз көз дөө Мадыкөл, Жандын баарын соргондо, Семетей келип сойгондо, Бараңдын элин куткарып, Башы ачык кылып койгондо, Урумдун элин урматтап, Орусханга баргын, деп, Бир узарткан колумду, Эркин кылып жолумду. Кызылкыйа сабаада, Коңурбайды алганда, Каңгайга калба салганда, Арстан тууган Гүлчоро, Катышпа кыргыз элине, Батышта кыргыз эли бар, Орусхан деген шери бар, Деп атагын чыгарып, Айткан экен ар кайда”, Муну ойлоп Орусхан: — Тору атчан боз атчан, Ат минбеген бир адам, Түшүрүп алып келгин, — деп, Асыл наапа жиберет. Аа вазири барыптыр, Олтургузуп Чүрөктү, Алып келе калыптыр. Хан сарайда көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соосун сурашып, Олтуруп калды дуулашып. Үч күн болгон Гүлнарга, Уйку көрбөй жаткалы, Укмуш кулак кабарда, Ушундай экен айтканы: — Кер эсептер санаса, Сейтек сүрөт көргөн күн, Түш көргөн Гүлнар башында, Түн ичинде түш көрсө, Сейтек жүргөн кашында. Түшүндө көргөн бир элес, Гүлнар менен Сейтек, Үч айлык кылган кеп-кеңеш. Ойгонуп кетип Гүлнар кыз, Ошондон бери карата Болуп калган сүйлөбөс. Энеси кирсе Зулпуке, Гүлнар кооп калыптыр, (Мурун жатчу сулк эле), — Айланайын кулунум, Баш көтөрүп тургунуң, Үстүңө кире албаймын, Камын кылам коноктун. Үйгө келди үч киши – Эки эркек, бир катын, Кыйын көрдүм катындын, Ургаачыдан сымбатын, Аттары ким укпадым. Он үч-он төрт жаштарда, Арасында бир бала, Бардасы бар башында, Кебетеси-кепшири, Көп кишиден башкача. Баштан акыр бар кепти, Гүлнар турган байкастап, Башында барда дегенде, Токтобой акты көздөн жаш. Түшүндө башы бардалуу, Ашкере ага көрүнгөн, Сейтек аты аталып, Орун алган көңүлдөн. Кызынын күлүп ийгенин, Туйуп калды Зулпуке: “Ким экен кайта барайын, Атын угуп алайын, Шек алдырбай кызымдын, Сырын тартып алайын”,- Деген мындай ой менен, Кайта басып Зулпуке, Олтуруп калды үйүндө, Каадасынча хан менен. Келгендерден Орусхан, Жайын сурап кирди эле: — Бириң бала, бириң чоң, Бириң катын экенсиң, Кайсы жактан келесиң, “Кеп чынынан бузулбайт”, Жериң менен элиңди, Эл башкарган кишиңди, Баарын айткын ишиңди. Азаматың карасам, Арстандык түрүң бар, Ач жолборстой сүрүң бар, Жаш баланы карасам, Падышанын уулундай, Баласы болсо ар кимдин, Болду го деймин ушундай. Мынабу турган жубанды, Сөйкөгө таккан жүрөкпү,? Көрбөгөнмүн укканмын, Акундун кызы Чүрөкпү? Чүрөк болсо бул жерге, Кыйаз кантип жиберди? Мен уккамын кабарды: “Кулалы эргип куу алды, Семетейдин олутун, Канчоро деген кул алды, Талаадан душман кол салды, Жедигердин Кыйазы, Айчүрөктү олжо алды, Алмамбет уулу Гүлчоро, Эки колу сөгүлдү, Керекке келгис болду, деп, Көз өткөнчө өмүрү. Семетейдин чоң зайбы, Канчорого тийди, деп, Шаатемирдин кызы эле, Атактуу кыргыз көп элдин, Атагына сийди” деп. Укканмын кабар кулактап, Айчүрөктүн бойунда, Күмөн курсак кетти, деп, Кыйаз тойго чакырган, Айчүрөктү алам, деп, Мен да мындан жөнөгөм, Ошол тойго барам, деп. Тогуз жолдун тоомунда, Чылпылдактын сазында, Барбайлы деп ал тойго, Таркатып ийген Жалгызек, Ошол тойдон укканмын, Мына ушул айткан кеп, Күмөндөнүп турамын, Келгендер кандай мейман деп. Орусхан айтып токтолду, Эр Гүлүстөн шаңк этип, Каалгадай тиши жарк этип, Ителгидей барк этип, Манастан кепти баштады, Жакшылык менен жамандык, Кылайтып бирөөн катпады, Орусхандын үйүнө, Сөз айагын таштады: — Баш калкалап алыстан, Бир келбедиң, Орусхан, Кайыпчынын тоосунда, Кырк бир жолдун оозунда, Сүрөтүн асып койуптур, Сүрөттө көргөн бир кызга, Сейтектин көзү тойуптур. Сүрөттөн сүрөт карадык, Ар кайдан издеп сурадык. Улуу кызың Кенжеке, Андан дайнын укканбыз, Ошол кызбы, башкабы, Аны сурап басканбыз. Сиздин бала он эки, Биз издеген Гүлнар кыз Он экинин кенжеси, Аллам сүйүп жараткан, Бир кудайдын бендеси. Кыз менен уул көрүштү, Жүрөктөрү сүйүшсө, Жана кепти айтарбыз, Андан кийин биз сизге. Орусхан айтат: - Оо, балдар, Көрүшсө алар жарашар, Сейтектей баладан, Кандай кыз шекшип баш тартар? Гүлнарды көрсө Сейтек, Акылынан чын шашар, Жаратып калса бир бирин, Кенжеке келбей бул жерге, Гүлнарды ким узатар? Гүлнарды берген Кенжеке, Өзүң бил деп, энчиге, Али алжый элекмин, Убада сөздү унутар. Айчүрөк кебин баштады, Өзү кылган иштерди, Баарысын койбой айтканы, Кенжеке жазган кагазды, Орусхандын алдына, Айтып болуп таштады. Орусхан ачып кагазды, Окуду мындай ал катты: “Убара кылып хан ата, Жумшаба киши сен мага, Көзүң ачык киши элең,, Сейтек толсо сыныңа, Элиң менен шаарыңды, Энчисине кызыңдын, Кошуп бергин баарыңды – Айабагын малыңды, Алтын, күмүш, зарыңды, Торгун, тубар, дуудунду, Суусар, булгун, буулумду, Сүлөөсүн менен кундузду, Колуңан келсе кошуп бер, Асмандагы жылдызды, Айкөл шердин тукуму, Айабагын бир кызды”. Кенжекеден Орусхан, Көрбөй туруп кеп угуп, Көп кеңешти ал угуп, Зулпукеге шыбырайт: — Балдар кандай көрүшөт? Таанышып кандай билишет? Абышка, кемпир шыбырын, Айчүрөк туйуп алыптыр: — Жүр, байбиче экөөбүз, Талаага чыгып кирели, Деп Айчүрөк кемпирди, Талааны көздөй салыптыр, Ашкана үйгө баратып, Гүлнарды көрө калыптыр. Момунжандан келатып, Көргөн кызы ал экен, Гүлчоро берип көрсөткөн, Сүрөттө кыз дагы экен, Жөтөлүп койду Айчүрөк, Гүлнар өтө сак экен, Баш көтөрүп Гүлнар кыз, Чүрөктүн көрүп караанын, Эсине алды ошондо, Бакчадан көрүп калганын. Шашыла туруп ордунан, Басып келип жанына, Тура калды алдына. Колунан кармап Айчүрөк, — Аксаргыл болгон алтын кыз, Айдай бети жаркын кыз, Кимдин кызы болосуз? Муну угуп Гүлнар кыз, Жооп берди токтоосуз: — Бир жылдын алды жагында, Атамдын сайган багында, Сейилдеп ойноп жүргөнмүн, Ошондо сизди көргөнмүн, Акунхандын кызы деп, Ошол күнү билгемин. Туз буйуруп мында келипсиз, Эжеке, кимде кебиңиз? Ат арытып алыстан, Не жумуштап келдиңиз? Атам Орусхан эле, Адам менен кээри жок, Кара мүртөз жан эле, Үч киши келди деп уктук, Элпең-желпең жүгүрүп, Кызмат кылат сиздерге, Караанды болуп мынчалык, кантип калды бул кезде? Айтыңыз, эже, не укмуш? — Атым ырас, Айчүрөк, Сүрөттөн көрүп кыз издеп, Тентек чыкты Сейитек, Көргөн кыз сага түспөлдөш, Ан үчүн келдик сени издеп. Муну угуп Гүлнар ойлонот, Санаага батып толгонот: “Түшүмдө көргөн Сейитек Келген болсо мени издеп, Жүзүн көрсөм тынч алып, Калар беле эт-жүрөк? Жерди туман каптаса, Караңгылашат тийген күн, Айы четтен кашкайса, Жарык болот кара түн. Жар издеген жаш жигит, Жанашып келип көрүнсө, Түшүмдө көргөн Сейитек, Өз көзүмө көрүнсө, Караңгы түндө жарк этип, Ай тийгендей көрөрмүн, Ай тургай ага кошулуп, Күн тийгендей көрөрмүн, Күн менен айга биригип, Шам күйгөндөй көрөрмүн: Сейтек эмес жат болсо, Же түштөгүмөн пас болсо, Туман каптап баскандай, Түнөрүп асман жаткандай, Жүрөгүмө кан уйуп, Жүрбөй калып өлөрмүн!” Токтоно албай Сейитек, Эшикке чыгып элбиреп, Сүрөттө кызды көрсөм деп, Эт жүрөгү элжиреп, Зулпуке, Чүрөк, Гулнарга, Жакын келди темтиреп, Зулпуке, Чүрөк көрүштү, Бура басып кылт берип, Буруу үйгө киришти, Гүлнардын ойго түшкөнүн, Зулпуке менен Айчүрөк – Кыраакылар билишти. Кеткенин Гүлнар билбеди, Сейитек басып киргени, Гүлнарды көрдү Сейитек, Көңүлдө болбой эч бир шек, “Кырк бир жолдун оозунда, Көргөн сүрөт ушул”, деп, Туруп калды бек тиктеп, Ойго батып Гүлнар кыз, Зулпуке менен Айчүрөк – Ал экөөнү карады, Зулпуке менен Чүрөк жок, Көрүнө түштү көзүнө, Жаш Сейитек карааны, “Түшүмдө көргөн баланы, Өңүмдө кандай ай көрдүм?” Жалдырап-жайнап карады, Айчүрөк менен Зулпуке, Байкап турат аларды. Байагы сүрөт ой менен, Бетин сылап көрөм, деп, Колун сунуп Сейитек, Саамай чачтан кармады, Өңүм деп кетпей ойунда, Дагы көргөн түшүм, деп, Кулачын жайып Гүлнар кыз, Арта салды оң колун, Сейитектин мойнуна, Кырк бир жолдун оозу дейт, Сейитектин ойунда, Анткен менен саамай чач, Кармалуу бар колунда: Түндө көргөн түшүм, дейт, Гүлнар кыздын ойунда, Анткен менен оң колу, Сейитектин мойнунда. Таң сүрөө мезгил болгону, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй таралып, Ойгонгондой түшүнөн, Кирпик ирмеп Гүлнар кыз, Жан-жагына каранып, Өңүм болуп калды, деп, Өз түшүнө таң калып, Имерилип Гүлнар кыз, Кыры менен жанашып, Күн чыккандай жарк этип, Жел жүргөндөй шаңк этип, Кирпикке кирпик жетишип, Эми чындап Сейитек, Саамайды кармайт бекитип, Дагы сүрөт - кур кагаз Болуп калат дегенсип, Шамал чыгып куулдап, Жыгачтын баары шуулдап, Кут болсун тойуң, дегенсип, Түнөөдөгү канаттуу, Үн салышып чуулдап, Корооздун баары чакырып, Булбулдар сайрап такшынып, Көлдөгү суулар чайпалып, Шамдай күйүп жылдыздар, Жердин бети жапжарык, Эчтеме менен кээри жок, Тим жүргөндөр ар кайда, Айланып башы маң болду, Кубулушка таң калып. Орусханга Зулпуке, Баарын айтты түз барып, Угуп турат Айчүрөк, Маңдайында суйккайып, Сакалын кармап Орусхан, Олтуруп кетти сумсайып. Орусханга Зулпуке: — Сен, боз улан жаш чакта, Мен беш көкүл кыз чакта, Мен баскан изди сен көрсөң, Турчусуң тиктеп күнү-түн, Сен ойногон жыгачты, Тамак ичпей, наар сызбай, Кучактагам үч күн-түн, Өзүңдөй көр ар ишти, Эч ким тосуп койо албайт, Оңой эле бул ишти. Сейтек – айкөл тукуму, Бозала кылба ушуну. Жетимдик баскан шилисин, Айкөлдүн мууну Сейитек, Сүрөтүн көрүп өзү эмес, Келиши мында кыз издеп, Ойлочу, арзан иш эмес. Акундун кызы Чүрөк деп, Айтылуу пери кызы экен, Тиги олтурган азамат – Алмамбет уулу Гүлүстөн, Атактуу эрдин бири экен. Өнөгү кетип колунан, Өзүнүн азып тобунан, Өздөрү келген кез экен. Кенжекеге эп келип, Өзүңүзгө кат берип, Анан келген турбайбы. Бар жумушуң бүткөрүп, Санаасын тындыр буларды, Самаган ойго жеткирип, Кызың ээрчип кетпесин, Сен ойлоно берип кечкирип. Зулпукеден кеп угуп, Сурданып турган Орусхан, Бошоду белем эми алда: — Андай болсо, Зулпуке, Күйөө-кызга үй камда, Келин камда, жеңелик, Кыз дайарда балдызга, Кабар салып угузгун, Урумдагы бар журтка! Орусхандын бул кебин, Аңдап турган Гүлчоро, Кулдук ура калганы, Гүлнар кыздын жанына, Айчүрөк басып барганы, Кулакка иймек салганы. Он күн Орус той берип, Айанбастан мол берип, Келген элге эт берип, Абышка уча кармашып, Кемпирлер куйрук чайнашып, Жар көрүшмөй ойношуп, Жаштардын көөнү жай болуп, Бет алган жери Сейтектин, Ачык жолу шар болуп, Тилеги болду ижабат, А дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы ага жар болуп. Орусхандын алдында, Он вазир менен отуз бай, Алтымыш бий, кырк балбан – Бүткүл Урум элинин, Жакшылары сыйланган: Сексен адам дагы бар, Жакшы чыгып келаткан, Жаңы өспүрүм жаштардан: Эки кары бар эле, Жүз отуздан жашаган: Аларды кошо алдырып, Дасторконун жайдырып, Аш-тамагын жам кылып, Сейтек менен Гүлнарды, Ошол үйгө алдырып, Капшытына Орусхан, Көшөгөсүн тарттырып, Угуп турсун кызым, деп, Көшөгөгө киргизип, Бере турган дүйнөсүн, Элине айтты билгизип: — Мен Орусхан Урумда, Бере турган энчим бар, Бул Сейитек уулума. Он эки кыз менде бар, Баарың көрүп жүрөсүң, Эркек балам кайда бар? Улуусу кыздын Кенжеке, Эр Төштүктүн зайбы эле, Эң кичүүсү бул эле. А дүйнө кеткен Манастын, Тукумуна туш болду, Бактысы артык баламдын, Ойдогудай иш болду. Баш көтөрүп Бадыкөл, Алты урукту басканда, Коркунчу анда бир болду, Алты урукту айкөл шер, Куткарып Манас койгону, Орусхан-Кыргыз теги, деп, Баш көтөрбөй мааналап, Баары мышык болгону. Айкөлдүн көзү өткөндө, Бадыкөлдүн Мадыкүл, Алты урукту чогултуп, Баш көтөртпөй торгоду, Өлөрүн качан ойлоду? Карманаптын катыны, Мага бер деп зордоду. Семетейге Кардыгач, Кабар кылып койгону, Кабыландын баласы, Катуу салып Ойронду, Касташып чыккан душмандын, Каргадай башын толгоду, Карманапты куткарып, Бараң, шаңкай элдердин, Эркин кылып койгону, Ирандыктын ойунда, Кастык кылуу бар болчу, Ошондон кийин ирандык, Көтүн кысып тим болду, Мен Орусхан болголу, Мынаке сексен алты жыл толду, Менин мындай жүрүшүм, Манас, Төштүк, Семетей – Ошолордон болгону. Келиптир бүгүн Сейитек, Жетим калган бала деп, Кыз бербесем болобу? А дүйнө кеткен Манастын, Арбагы мени койобу?! Наамы кыргыз болгонду, Баатыр Манас коргоду, Кызылкыйа сагаада, Коңурбай алдап чакырып, Семетей кетип калганда, Кайнап жаткан Каңгайга, Эр Семетей, Гүлчоро, Канчоро – үчөө барганда, Алдап туруп Коңурбай, Кунга баалап жер алып, Семетейден мөөр алып, Алгара менен качканда, Тегеректеп калмактар, Барабанын какканда, Түтүн кылып майданды, Токтобой мылтык атканда, Аккелтеге тайанып, Семетей жалгыз жатканда, Мына бу турган Гүлчоро, Айбандан күлүк сур атка, Катыр камчы чапканда, Коңурбай калча калтаңдап, Сууга кире качканда, Боолук салып Гүлчоро, Аты менен кармаган, Эки күндүк арттагы, Эр Семенин алдына, Сүйрөткөн бойдон алпарган, Жооп алып баатырдан, Башын кесип таштаган, Бүгүн да бар каңгайда, Башы жок денин каңгайлык, Кудай кылып сактаган. Ошондо айткан Гүлчоро: “Батыштан бар Орусхан, Бу да кыргыз уруудан, Ким катышса мен барам!” Бүткүл угуп күн батыш, Ошол жаткан ушул чак, Киши келе албаган. Эп келеби эл-журтум, Эңкейип кетип баратам, Ээңди таанып алсаңар, Сейитекке карматсам? Элим менен жеримди, Тагым менен шаарымды, Бердим сага баарымды, Кудай айтсын багыңды! Эки ногой айрылып, Ырчыларга ыр болгон, Комузчуга күү болгон, Кыргыздын ногой уруусу, Эми кара бир болсоң, Баарын бердим мен болсом, Жашырбай айткын, жакшылар, Көөнүңөрдө кир болсо, Орусхан айтып токтолду, Аш кайнамча ал жерде, Кыңк эткен киши жок болду. Таталбек деген бар эле, Жүз отузда кары эле, — Ханым сага эп келсе, Калган элдин кеби жок, Айтат эле жабырап, Көңүлүндө кири жок. Семетей өлбөй тирүү бар, Өлтүрдү Кыйаз дейсиңер, Ишенбейим көөнүм ток. Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Акылман туулган Каныкей, Алагар көзү чолпондой, Ай кулагы калкандай, Батасы журтту байыткан, Батасын алган Кошойдун. Олуйзаада Кошойдун, Батасынан бүттү эле, Мусулманга теңелип, Каапыр колун көтөрүп, Катасынан бүттү эле, Айкөл Манас баатырдай, Атасынан бүттү эле Үйдө угам мен кары: “Өлтүрүп Кыйаз, Канчоро, Өлүгүн көмө албады”, Айкөл Манас жолборстун, Колдоочусу көп эле, Ошонун бирөө баргандыр, Алып кетип калгандыр, Айыктырып салгандыр, Ал өлгөнү жалгандыр, Элге келет Семетей, Бүткүл дүйнө бириксе, Бучкагына теңебей. Чынмачын, какан, каңгайлык Кошулган Кеден калдайып, Манжулар келген жаланып, Уушаң келген калмакты, Калтырбай такыр бүт алып, Анжулдардын мурадил, Ал дагы келген шаңданып, Ороккыр келген кошулуп, Пилге минип далбайып. Элөөөсүз жатып Семетей, Коргонго калган камалып, Эки чоро жанда жок, Тоого кеткен мал багып, Буурул ат колго тийгенде, Арстандын уулу Семетей, Коргондон чыккан аттанып. Коңур калча баш болуп, Качып берген калдаңдап, Кара жанын куткарып. Мурадил, Уушаң, Нескара, Ороккыр – төртөө тең өлгөн, Бул өңдүү душман майтарып, Жоо алганды ким көргөн? Келин алдың, эр Гүлүс, Элдүү болдуң, Айчүрөк, Ээриңди жыйдың, Сейитек, Эртеңден калбай кеткиле, Кыйазды тактан кулатып, Таласка көчүп жеткиле, Канчорону сойгондо, Сыркоргон конуш болгондо, Ошондо келип Гүлнарды, Көчүрүп алып кеткиле. Таталбектен кеп келди, Орусхан баштап урумдук – Баарысына эп келди, Карынын айткан бул сөзүн, Айчүрөк, Гүлүс эп көрдү, Дагы өргүп эки күн, Аттанып булар жөнөдү. Сейтек менен Айчүрөк, Кыйазга келди ордого, Гүлчоро кетти жапжалгыз, Кеңколдогу коргонго, Ак калпак кыргыз алашка, Айкөлдөн калган борборго, Муну мындай таштайлы, Олободой Кыйаздын, Өлгөнүнөн баштайлы.