← Сейтек 1/8

Сейтектин теги-жайын билиши

Түн айланып күн болуп, Күн айланып ай болуп, Ай айланып жыл толуп, Үч жыл өтүп кетиптир, Арбактуу бала Сейтек, Ашкере жашы алтыга, Купуйа жашы тогузга, Айалдабай жетиптир. Алтыга жашы келгенде, Жылан эмес мар болду, Ажыдаар түрү бар болду. Кабылан эмес шер болду, Арстандан артып мүнөзү, Жолборс сынга нак толду. Алагар көзү чолпондой, Ай кулагы калкандай, Он беш менен он жаштын, Ортосунда балдарды, Жыйнап алып чогултуп, Чокмор берип уйулдан, Найза берип сойулдан, Төө мылтык атып коргондон, Найзалатып балдарды, Чабыштырып аларды, Чырпыктан жааны ийдирген, Жиптен тандап кердирген, Учуп жүргөн канаттуу- Баарысын койбой тердирген. Койон менен түлкүнү, Жаз үңкүрдүн түбүндө, Бүкүйүп жаткан үкүнү, Жолдон өткөн келгинди, Жер бетинде калтырбай, Баарын мунун бүтүрдү. Жылында бир Кыйазга, Алым берет жедигер, Далай күнү жатуучу, Кете албастан келгендер, Келген элди чогултуп, Күндү күнгө улантып, Үч күн жыйын куруучу, Үч күндүк жыйын бүткөнчө, Үксүңдөгөн зор Кыйаз, Үйүнө басып келбестен, Эл менен бирге туруучу. Уй кайтарып Күлчоро, Отун албай калган кез, Эбин таап Айчүрөк, Отундан аны чыгарып, Уй кайтартып салган кез. Айттырган ага бир чакта, Айдай жеңем Айчүрөк: “Ай эсептеп күн санап, Кыйаз жыйын ачканда, Ошол күнү келгин” — деп. Ээн калган үч күнү, Ошондо жетти Гүлүсү, Гүлчоро менен Айчүрөк: “Тилекти кудай берди, — деп, Асылдан калган Сейтек, Алты жашка келди” — деп, — Далыңа амал кылайын, Э, кайним, сага, — деп, Айтып жатат бар кебин, Гүлчорого Айчүрөк, Талаадан ойноп келатып, Үйдөн кызык кеп угуп, Тыңшап турат Сейтек. Кеңеш кеби Канышты, Айчүрөк айтты Гүлүскө, Түзбулактын сыртында, Күмүшбулак керүүдө, Жылкычыга барышты, Сейтек барып жылкыга, Ал жерден таап алышты, Багдаттагы Момунжан, Айчүрөк кабар салышты, Кашкардагы Токтосарт, Андан жардам алышты. Айчүрөк менен Гүлчоро, Бүтүрүп кебин калышты, Алты жашар чунагың, Баарысын жатка алышты, Тыңшап турса Сейтек, Кыйаздын келди табышы, Сүйлөшүп турган экөөнө, Туйунтуп кабар салышты: — Келе, эжеке, бат болгун, Жаамды алып берчи, — деп, Аттыраар бекен бул жолу, Жан алуучу келди, — деп. Арам өлгөн бул доңуз, Жыйын ачып олтурса, Жүрөгү туйлап солк этип, Үзүлүп кетчү кептенип, Ошондо билип бул чочко, Башкадан болбойт мага, деп, Айчүрөктөн шектенип, Келе жаткан болуучу, Дүк-дүк басып деңкейип, Сейтектин жаа дегенин, Анык укту куу Кыйаз, Жан алуучу дегенди, Укпай калды бул Кыйаз, Сейтектен кабар жеткенде, Жан алуучу дегенде, Кайран жеңең Айчүрөк, Анык Кыйаз экен деп, Айтып турду Гүлүскө, Арткы жагын бекемдеп: — Сен сол жактан чыккының, Мен оң жактан чыгайын, Сени көрсө бул үйдөн, Күмөндөйт деп турамын,- Жааны алып шашылып, Балага тийди чачылып;- Ойноп келсең болбойбу, Жааңды алып асынып, Кысталып турган убакта, Турасың мени шаштырып, Мунун айтып, баратып, Эшикти жеңем чоң ачып, Ачуусу менен бек ачып. Гүлүстү койду чыгарып, Эки ачпай бир ачып. Бура басса босого, Капташты Кыйаз ошондо, Бузулуп өңү кетиптир, Жүзүнөн чыгып дозогу: — Ме, кармагын, алгын! — деп, Ыргытып жааны Айчүрөк, Ыраңын көрүп Кыйаздын, Ачынгансып делбиреп, - Түктүйүп өңүң кер сары, Ээ, адам, Кыйаз, не болдуң, Сасык тумоо кептенет, Ысыкчылык чай ичип, Чыканагың сен койгун. Оозун да катуу ачынып. Суйкайып жеңең шашылып, Көлдөлөң салып астына, Мамык жасап башына, Ашып-шашып калганда, Серп салып Кыйаз каранып, Эки көзү алайып: “Кандай белги маа болду, Жок экен мында жамандык” Деген ойго келиптир. Өңүнөн заары тарарын, Ошондо жеңең билиптир. Зор Кыйаз үйгө киргенде, Алмамбеттин Гүлчоро, Үй айланган кездерде, Тиктеп көзүн айрыбай, Гүлчорого Сейтек, Жымың этип күлдү эле, Ээрдин тиштеп Гүлчоро, Башын ийкеп өттү эле, Ойногончо Сейтек, Жаасын алып колуна, Айчүрөк менен уйчунун, Айтышып жаткан кептерин, Баш-айагын биле албай, Ойлоп кетет мелтиреп, Акылы жетик бул бала, Эки күн өтүп арадан, Алым төлөп келген эл, Кетип жатат аламан, Айдай жеңең бир күнү, Биздин үйгө атайы, Мейман болуп кетсин, деп, Кутубайга айттырган. Кутубай түштү ордого, Кыйазга конок болмокко, Хандыгын Кыйаз билгизди, Сойдуруп тайдан семизди, Картайып калган киши деп, Эзилген казы жегизди. Эртеңки нашта тамакта, Уйчу келип кетсин, деп, Гүлчорого билгизди. Кескен казы, керткен жал, Бычкан жайа нарындан, Табак-табак салынган, Кыйаз менен Кутубай, Айтышып жатса бир бирин, “Кана эмесе алыңдан”, Кирип келди Гүлчоро, Үстүнө анын капыстан. Камындырбай Айчүрөк, Дегеле жаман күүлөндү, Гүлчорого сүйлөндү: — Кары турса, хан турса, Тартайып басып киресиң, Ханга кылсаң мындайды, Көзгө кимди илесиң?! Таласыңда жүргөндөй, Таптап тулпар мингендей, Тартылдаган чунак кул, Ар качандан бир качан, Улуктардын үстүнө, Басып кирет ийменбей. Чык эшикке сасыбай, Чымын чычып кулгуна, Алда, далысынын сасыгы ай! Жумушу бардай бул үйгө, Чукчуңдаган бу кулдун, Кирер кайсы алы бар?! Жакындабай табакка, Жаман кул эми нары бар! Боз ала болуп Гүлчоро, Кийин деди ошондо, Тиктеп калды Сейтек, Көз ирмебей ошого, Эр Гүлүстөн баатырдын, Турган жери босого, Тиктегендин мааниси, Сейтектин ойу ушу го: “Үч күндүн алды жагында, Олтуруп жакын жанына, Табак-табак тамакты, Такыр койуп алдына, Тилекти кудай берди, деп, Сүйлөнгөн эле зарыла. Эми кирсе эжекем, Ачууланды уйчуга, Тетиги иштин бар турат, Эки таалай ушунда” Эстүү бала Сейтек, Ушуларды эске алып, Ойлоп турган тушунда. Кутубайдан уйалып, Кыйаз айтты сурданып: — Тамактан барбы Айчүрөк? Ашкан-ташкан тамакты, Жалчы менен ит ичет, Эки сапар жылытса, Андан башка ким ичет?! Акыйа тиктеп Айчүрөк, Дайарлап койгон тамак бар, Уңкуйган кара айакта, Сорподон куйуп үстүнө: — Ой, бери бас, ме карма! Бешенемен кетпедиң, Не жазгамын кудайга?! Айакты алып колуна, Керегеге жөлөнүп, Гүлчоро калса олтура, Чайпалып кетти кара айак, Куйган үчүн толтура. — Кесирин көрчү кулуңдун, Ооз тийбей тамакты, Чайпалтып төгүп турушун! Анда Кыйаз кеп айтат: — Ай, ай, Чүрөк, — деп айтат, Кылбачы мындай кебиңди, Толкуп жатат меники, Тарытпачы пейлиңди! Картайган чагың боло элек, Какшанбачы деги эле, Жок калса да эми эле! Беттен алып Айчүрөк: — Мен курутупмун аш бербей, Кулуң тойбой жүрүптүр, Өз колуң менен сен бербей, Кээдениңден өтпөсө, Мен бербедим бере бер! Чүрөк мындай дегенде, Ашып турган жал, жайа, Курсагы жок жегенге, Табакты түртүп зор Кыйаз, Ал Гүлчоро деди эле, Акыйган болуп Айчүрөк, “Алгын, уул” дегенсип, Кашын серпип ийди эле. “Бир табактан туз татып, Турушсун деп жеңемдин, Бул арыбы турбайбы” Муну ойлоп Гүлчоро, Колуна алып табакты, Кол кашык бар ичинде, Ичкени турса Гүлчоро, Жерге койуп айакты, Жана айтты Айчүрөк, Жаңылап чытып кабакты: — Табакка куйуп тигини, Бошотуп бер айакты, Андан кийин сасык кул, Маа десең кемир табакты! Карын, карта, жал, жайа, Баары ошол айакта, Боор көпмө болду эле, Баарын куйса табакка. Түндө сойгон кысыр тай, Бир тарапкы казысы, Карчыгасы, тең жалы, Карын менен картанын, Тең жарымы бар дагы, Арстан тууган эр неме, Баарын койбой жалмады, Ошондон күчөп Айчүрөк, Оолугуп муну айтканы: