← Сейтек 2/2

Түн айланып күн болуп, Күн айланып ай болуп, Ай айланып жыл толуп, Үч жыл өтүп кетиптир, Арбактуу бала Сейтек, Ашкере жашы алтыга, Купуйа жашы тогузга, Айалдабай жетиптир. Алтыга жашы келгенде, Жылан эмес мар болду, Ажыдаар түрү бар болду. Кабылан эмес шер болду, Арстандан артып мүнөзү, Жолборс сынга нак толду. Алагар көзү чолпондой, Ай кулагы калкандай, Он беш менен он жаштын, Ортосунда балдарды, Жыйнап алып чогултуп, Чокмор берип уйулдан, Найза берип сойулдан, Төө мылтык атып коргондон, Найзалатып балдарды, Чабыштырып аларды, Чырпыктан жааны ийдирген, Жиптен тандап кердирген, Учуп жүргөн канаттуу- Баарысын койбой тердирген. Койон менен түлкүнү, Жаз үңкүрдүн түбүндө, Бүкүйүп жаткан үкүнү, Жолдон өткөн келгинди, Жер бетинде калтырбай, Баарын мунун бүтүрдү. Жылында бир Кыйазга, Алым берет жедигер, Далай күнү жатуучу, Кете албастан келгендер, Келген элди чогултуп, Күндү күнгө улантып, Үч күн жыйын куруучу, Үч күндүк жыйын бүткөнчө, Үксүңдөгөн зор Кыйаз, Үйүнө басып келбестен, Эл менен бирге туруучу. Уй кайтарып Күлчоро, Отун албай калган кез, Эбин таап Айчүрөк, Отундан аны чыгарып, Уй кайтартып салган кез. Айттырган ага бир чакта, Айдай жеңем Айчүрөк: “Ай эсептеп күн санап, Кыйаз жыйын ачканда, Ошол күнү келгин” — деп. Ээн калган үч күнү, Ошондо жетти Гүлүсү, Гүлчоро менен Айчүрөк: “Тилекти кудай берди, — деп, Асылдан калган Сейтек, Алты жашка келди” — деп, — Далыңа амал кылайын, Э, кайним, сага, — деп, Айтып жатат бар кебин, Гүлчорого Айчүрөк, Талаадан ойноп келатып, Үйдөн кызык кеп угуп, Тыңшап турат Сейтек. Кеңеш кеби Канышты, Айчүрөк айтты Гүлүскө, Түзбулактын сыртында, Күмүшбулак керүүдө, Жылкычыга барышты, Сейтек барып жылкыга, Ал жерден таап алышты, Багдаттагы Момунжан, Айчүрөк кабар салышты, Кашкардагы Токтосарт, Андан жардам алышты. Айчүрөк менен Гүлчоро, Бүтүрүп кебин калышты, Алты жашар чунагың, Баарысын жатка алышты, Тыңшап турса Сейтек, Кыйаздын келди табышы, Сүйлөшүп турган экөөнө, Туйунтуп кабар салышты: — Келе, эжеке, бат болгун, Жаамды алып берчи, — деп, Аттыраар бекен бул жолу, Жан алуучу келди, — деп. Арам өлгөн бул доңуз, Жыйын ачып олтурса, Жүрөгү туйлап солк этип, Үзүлүп кетчү кептенип, Ошондо билип бул чочко, Башкадан болбойт мага, деп, Айчүрөктөн шектенип, Келе жаткан болуучу, Дүк-дүк басып деңкейип, Сейтектин жаа дегенин, Анык укту куу Кыйаз, Жан алуучу дегенди, Укпай калды бул Кыйаз, Сейтектен кабар жеткенде, Жан алуучу дегенде, Кайран жеңең Айчүрөк, Анык Кыйаз экен деп, Айтып турду Гүлүскө, Арткы жагын бекемдеп: — Сен сол жактан чыккының, Мен оң жактан чыгайын, Сени көрсө бул үйдөн, Күмөндөйт деп турамын,- Жааны алып шашылып, Балага тийди чачылып;- Ойноп келсең болбойбу, Жааңды алып асынып, Кысталып турган убакта, Турасың мени шаштырып, Мунун айтып, баратып, Эшикти жеңем чоң ачып, Ачуусу менен бек ачып. Гүлүстү койду чыгарып, Эки ачпай бир ачып. Бура басса босого, Капташты Кыйаз ошондо, Бузулуп өңү кетиптир, Жүзүнөн чыгып дозогу: — Ме, кармагын, алгын! — деп, Ыргытып жааны Айчүрөк, Ыраңын көрүп Кыйаздын, Ачынгансып делбиреп, - Түктүйүп өңүң кер сары, Ээ, адам, Кыйаз, не болдуң, Сасык тумоо кептенет, Ысыкчылык чай ичип, Чыканагың сен койгун. Оозун да катуу ачынып. Суйкайып жеңең шашылып, Көлдөлөң салып астына, Мамык жасап башына, Ашып-шашып калганда, Серп салып Кыйаз каранып, Эки көзү алайып: “Кандай белги маа болду, Жок экен мында жамандык” Деген ойго келиптир. Өңүнөн заары тарарын, Ошондо жеңең билиптир. Зор Кыйаз үйгө киргенде, Алмамбеттин Гүлчоро, Үй айланган кездерде, Тиктеп көзүн айрыбай, Гүлчорого Сейтек, Жымың этип күлдү эле, Ээрдин тиштеп Гүлчоро, Башын ийкеп өттү эле, Ойногончо Сейтек, Жаасын алып колуна, Айчүрөк менен уйчунун, Айтышып жаткан кептерин, Баш-айагын биле албай, Ойлоп кетет мелтиреп, Акылы жетик бул бала, Эки күн өтүп арадан, Алым төлөп келген эл, Кетип жатат аламан, Айдай жеңең бир күнү, Биздин үйгө атайы, Мейман болуп кетсин, деп, Кутубайга айттырган. Кутубай түштү ордого, Кыйазга конок болмокко, Хандыгын Кыйаз билгизди, Сойдуруп тайдан семизди, Картайып калган киши деп, Эзилген казы жегизди. Эртеңки нашта тамакта, Уйчу келип кетсин, деп, Гүлчорого билгизди. Кескен казы, керткен жал, Бычкан жайа нарындан, Табак-табак салынган, Кыйаз менен Кутубай, Айтышып жатса бир бирин, “Кана эмесе алыңдан”, Кирип келди Гүлчоро, Үстүнө анын капыстан. Камындырбай Айчүрөк, Дегеле жаман күүлөндү, Гүлчорого сүйлөндү: — Кары турса, хан турса, Тартайып басып киресиң, Ханга кылсаң мындайды, Көзгө кимди илесиң?! Таласыңда жүргөндөй, Таптап тулпар мингендей, Тартылдаган чунак кул, Ар качандан бир качан, Улуктардын үстүнө, Басып кирет ийменбей. Чык эшикке сасыбай, Чымын чычып кулгуна, Алда, далысынын сасыгы ай! Жумушу бардай бул үйгө, Чукчуңдаган бу кулдун, Кирер кайсы алы бар?! Жакындабай табакка, Жаман кул эми нары бар! Боз ала болуп Гүлчоро, Кийин деди ошондо, Тиктеп калды Сейтек, Көз ирмебей ошого, Эр Гүлүстөн баатырдын, Турган жери босого, Тиктегендин мааниси, Сейтектин ойу ушу го: “Үч күндүн алды жагында, Олтуруп жакын жанына, Табак-табак тамакты, Такыр койуп алдына, Тилекти кудай берди, деп, Сүйлөнгөн эле зарыла. Эми кирсе эжекем, Ачууланды уйчуга, Тетиги иштин бар турат, Эки таалай ушунда” Эстүү бала Сейтек, Ушуларды эске алып, Ойлоп турган тушунда. Кутубайдан уйалып, Кыйаз айтты сурданып: — Тамактан барбы Айчүрөк? Ашкан-ташкан тамакты, Жалчы менен ит ичет, Эки сапар жылытса, Андан башка ким ичет?! Акыйа тиктеп Айчүрөк, Дайарлап койгон тамак бар, Уңкуйган кара айакта, Сорподон куйуп үстүнө: — Ой, бери бас, ме карма! Бешенемен кетпедиң, Не жазгамын кудайга?! Айакты алып колуна, Керегеге жөлөнүп, Гүлчоро калса олтура, Чайпалып кетти кара айак, Куйган үчүн толтура. — Кесирин көрчү кулуңдун, Ооз тийбей тамакты, Чайпалтып төгүп турушун! Анда Кыйаз кеп айтат: — Ай, ай, Чүрөк, — деп айтат, Кылбачы мындай кебиңди, Толкуп жатат меники, Тарытпачы пейлиңди! Картайган чагың боло элек, Какшанбачы деги эле, Жок калса да эми эле! Беттен алып Айчүрөк: — Мен курутупмун аш бербей, Кулуң тойбой жүрүптүр, Өз колуң менен сен бербей, Кээдениңден өтпөсө, Мен бербедим бере бер! Чүрөк мындай дегенде, Ашып турган жал, жайа, Курсагы жок жегенге, Табакты түртүп зор Кыйаз, Ал Гүлчоро деди эле, Акыйган болуп Айчүрөк, “Алгын, уул” дегенсип, Кашын серпип ийди эле. “Бир табактан туз татып, Турушсун деп жеңемдин, Бул арыбы турбайбы” Муну ойлоп Гүлчоро, Колуна алып табакты, Кол кашык бар ичинде, Ичкени турса Гүлчоро, Жерге койуп айакты, Жана айтты Айчүрөк, Жаңылап чытып кабакты: — Табакка куйуп тигини, Бошотуп бер айакты, Андан кийин сасык кул, Маа десең кемир табакты! Карын, карта, жал, жайа, Баары ошол айакта, Боор көпмө болду эле, Баарын куйса табакка. Түндө сойгон кысыр тай, Бир тарапкы казысы, Карчыгасы, тең жалы, Карын менен картанын, Тең жарымы бар дагы, Арстан тууган эр неме, Баарын койбой жалмады, Ошондон күчөп Айчүрөк, Оолугуп муну айтканы: — Ой, ой Кыйаз, ой Кыйаз! Келтирбе үйгө кулуңду, Киргизбеймин мунуңду, Кан менен ириң канчалык, Олтурган жерге куйулду! Алар антип жатканда, Сөз баштады Кутубай: — Күмүшбулак, Түзкерүү, Жылкы малга жай эле, Былтыр быйыл күн жаабай, Чөп чыкпады деги эле. Адырлар куурап чөбү жок, Тоолор кургап, суусу жок, Кыйын болду жылкыга. Челек менен чарында, Илебиндин кырында, Текестин тескей сыртында, Чөп калың дейт ушунда. Ошол жердин сырларын, Билген жан жок чынында, Конуш таап бербесең, Кыйын болду жылкыңа. Жол билген киши баштаса, Иш билгени башкарса, Төөгө жүктөп үй алса. Кутубай мындай айтканда: — Андай болсо жылкыга, Кыйын заман болбоптур, Арык болсо баккан мал, Малчыга мүшкүл толуптур. Жол билген киши бар болсо, Жол баштатып көчкүлө, Жол билген киши болбосо, Жол чардатып көргүлө, Кайда болсо жылкыга, Каралды болчу ээси ал- Кошо барсын Кара дөө. Айтып баргын Кутубай, Таталаң калмак Каңгайда, Иле бойлоп түшпөсүн, Жылкыны алып кетпесин, Тыңдуулап алып балдардан, Кара дөө жолду күзөтсүн. Уккандыр Кангай кабарым, Тең келбеген кылымда, Семетейди алганым, Кыйаздын малы деп укса, Батынып Кангай келе албайт, Ал оорагым бар дайын, Жылкычыга айтып бар, Күн алаар жерге жылкыны, Барышың менен айдасын, Кутубай айтат: -ээ Кыйаз, Эп келеби саа, Кыйаз? Ачык билчү жерлерин, Анык билчү белдерин, Иле, Текес турмайлык, Кара кырым Кангайдын, Ар кайдагы элдерин, Уйчу кулуң, — деп айтат, Анда кыйаз муну айтат: — Уйчу мында келсин, — деп, Гүлчорону кычыртат, Гүлчорону көргөндө, — Көптү көргөн кул элең, Кеп сураймын сенден мен, Челек менен чарыңды, Илебиндин кырында, Кең Текестин сыртында, Чөп калың дейт ушунда, Өтө кыйын болуптур, Чөп чыкпай койуп жылкыга, Жолун билген киши жок, Ошол жерге барууга. Билесиңби белдерин? Көргөнсүңбү жерлерин? Гүлчоро туруп муну айтат: — Жүрбөгөн менин жерим жок, Көрбөгөн менин элим жок. Кара кырым Каңгайды, Таталаң дөөсү башкарган, Санагы миң Калдайдын, Жердеген жери Турмайлык, Атын билем алардын, Алгы-берги кылышкан, Катын билем алардын, Калдыр-кулдур сүйлөшкөн, Тилин билем далайдын, Семетей абам барында, Мен көргөмүн чанданын, Анда Кыйаз муну айтат: — Эби келсе, Айчүрөк, Кутубайга бул кулду, Кошуп берип жылкыга, Кандай болор жиберсек? — Кандай кылсаң андай кыл, Жибере бер кулуңду, Эмне кылсаң кылгының, Маа көрсөтпөй мунуңду! Анда Кыйаз муну айтат: — Ой, Гүлчоро баргының, Акырда ат алтымыш, Бирди тандап алгының, Бир акырда алты ат бар, Ал аттарга тийбегин, Ээр-токум токуп кел, Кечигип калбай бачым кел. Гүлчоро чыга бергенде, Айчүрөккө чоң Кыйаз, Мына мындай деди эле: — Ат оонаса түк кылат, Аш төгүлсө жук калат, Ушундай барса самтырап, Сага жаман ат калат, Кийимин бүтөп жолго сал. Угуп тургун Кутубай, Көчүргөндө жылкыны, Кеңеш кебиң элге бер, Ошол элге бу кулду, Башчы кылып койо бер, Жолду билет, иш билет, Бул билгенди ким билет? Бүгүн болуп мусапыр, Минтип жүрөт темселеп. Өтүп жаткан иштерди, Көзү менен нак көрүп, Болуп жаткан кептерди, Кулагы угуп олтуруп, Жалдырап-жайнап жаш Сейтек, Акылына толтуруп, Болуп турган иштерди, Айчүрөктөн суроого, Шашыла кетет жаш бала, Ээн болсо аз гана. Ордунан туруп Айчүрөк, Эскиси жок ал үйдө, Бир сыйра кийим алганы, Момундай кебин салганы: — Кийип кетсин муну кул, Көөнөнү кайдан табалы? Сейтектин башынан, Биз садага кылалы. Кутубай, мына бир сарпай, Хан үйүнөн кур чыкпай, Кармай кеткин Кутубай. Гүлчорону котчу алып, Кутубай кетти аттанып, — Кутулдум кулдан ырас, — деп, Куткардың мени, Кыйаз, — деп, Айчүрөк турду “эркелеп”, Үйү ээн болгондо, Кеп сурады Сейтек: — Угайын сенден, эжеке, Айтпасаң болбойт дегеле, Далысы жара кишини, Жемелейсиң көп эле, Киши жок ээн жер болсо, Желпеңдейсиң жөн эле. Киши жокто эң жакшы, Киши барда эң жаман, Кайсы ишиң бул, эже? Бир күнү экөөң сүйлөшүп, Кудай берип биздерге, Чоңойуп калды бала, деп, Айтыштыңар далай кеп, Аныңар кайсы бала эле? Жапмалабай сырыңды, Жана эже, айтчы чыныңды. Эки күндөн бер жакка, Кутубайды карасаң, Жылмаң этип күлөсүң, Атама карап негедир, Кабагыңды түйөсүң. Жаш чырымтал балапан, Кайсыныңды билемин? Сенин далай кебиңден, Атам башка окшойт деп, Күмөнсүнүп мен да жүрөмүн, Далайдан бери опколжуп, Токтобой калды жүрөгүм, Жашырбай айтчы балаңдан, Түп жайын иштин билейин, Балалык кылып бирөөгө, Айтып койот экен, деп, Болбосун менде күмөнүң, Ичиңде мүдөөң жүргөнүн, Мен да билип жүрөмүн. Кыйаз кирип келет деп, Жарадар киши экөөңдүн, Жайыңды толук билет деп, Мен сага кабар бергеним, Жаамды алып бергин деп. Эшикте туруп мен айтсам, Үйдө туруп билгесиң, Сенде бир ойдун барлыгын, Мен ошол күнү билгемин. Баштан-айак эжеке, Байаныңды сүйлөгүн, Атам Кыйаз бул болсо, Минтип басып жүрбөйүн... Атам Кыйаз дегенде, Айчүрөк айтты мындай кеп: — Кыйаз сенден айлансын, Ала көөдөн акмагым, Көзү жокто Кыйазды, Ата-мата дебегин, Бүгүн-эртең сабыр кыл, Кыйазды ууга жиберип, Анан айтып беремин. Жааңды алып бергенде, Кыйаз үйгө киргенде, Кандай кылды ал сага? Эмне дедиң сен ага? — Ал кишини көргөндө, Сүйүнүп жүрөк күлгөмүн, Мени карап ал киши, Ээрдин тиштеп баш чайкап, Көзүнөн чолок жаш кетип, Байкадым анын күйгөнүн, Ушул иштен мен анын, Дарты барын билгемин, Ошондон бери карата, Эжемен сурап билем деп, Ушул ойдо жүргөмүн, Баштан-айак калтырбай, Такыр айткын билгениң. Деп Сейтек турганда, Оозун ачып эстенип, Көзүнө чолок жаш келип, Муңайып жүрөк үшкүрүп: — Айтпасам, чунак, болбодуң, Айтпас ойго койбодуң, Он экиге чыкканда, Айтсамбы деп ойлодум. Жериң Талас Кеңколдо, Элиң алаш кыргыз го, Курсакта келдиң чунагым, Көтөрө албай үч жылы, Байкуш эжең куурадым! Кеңколдо салган тамың бар, Төрткөлгө сайган багың бар, Айта албаймын атынан, Түп атаң элге дайын ал. Кеңколдо бүгүн кеңгиреп, Жүргөн Бакай абаң бар, Жакшыбы, жаман күндөбү, Чоң энең сенин анда бар, Далысы жок чолок кул, Гүлчоро деген абаң ал. Тиригиңе тик болгон, Өлүгүңө өк болгон, Өз кезинде Гүлчоро, Алтымыш уруу алашка, Ала тоодой чеп болгон, Далысы жок, кол чолок, Бүгүн мындай кор болгон! Атаңдын аты Семетей, Жыгылганын эл көргөн, Көмүлгөнүн көрбөгөн, Атаңдын кулу Канчоро, Кыйаз менен биригип, Абаңдын кесип далысын. Каныкей менен Бакайды, Кардады элдин карысын.... Айчүрөк айтты калтырбай, Болгон иштин баарысын. Сейтек угуп селейип, Тиктеп калып делейип, Азуулары качырап, Айнектей көзү чачырап: — Андай болсо эжеке, Атанын уулу мен туруп, Чыдаймын кантип бул кепке?! Канчоро менен Кыйаздын, Кылбаганы калбаптыр, Укканда муну балаңыз, Муз капташты жүрөккө! Анда Чүрөк кеп айтат: — Андай эмес, каралдым, Алы-жайын карагын, Эжең менен абаңдын. Жылкыга барып келсем деп, Сен Кыйаздан сурангын, Сурап алып малга бар, Кутубайды колго ал, Гүлүстөн абаң анда бар, Жакшылап аны багынпал, Момунжанды таап келчү, Курган Чүрөк апаң бар, Айыкса колу Гүлүстүн, Өчөгүшкөн доңуздун, Канын чачып башын ал! Гүлчоронун атасы, Бейжинден келген киши экен, Эки айактуу пендеде, Теңдеши жок эр экен, Алмамбет атын дээр экен. Алмамбет уулу Гүлчоро, Адал нээт аппак көөн, Эмчекти бирге эмишкен, Ишенимдүү эр эле. Айыктырып албасак, Оңолбойт ишиң дегеле. Ушинтип кеңеш кылышып, Аракет кылып айанбай, Мал менен пулду айабай, Сакайтмак болуп Гүлүстү, Айчүрөк менен Сейтек, Эми калды жай албай. Күмүшбулак бет алып, Гүлчоро менен Кутубай, Далылары дүкүйүп, Тебетейи тегерек, Кере карыш төрт эли, Зампыйышып жөнөдү, Ошолордон азыраак, Айталы кепти биз эми. Сурчабардан Кутубай, Түшө калып бир жакта, Жолун тосуп Гүлүскө, Сөз козгоду мындайча: — Арстаным Гүлүс, арзым ук, Арылбай келген дартым ук. Күмүшбулак конголу, Мен Кутубай болголу, Айлансын Кеңкол Таластан, Жерге көзүм тойбоду; Айлансын аргын, ногойдон, Элге көзүм тойбоду; Айлансын Семей төрөдөн, Эрге көзүм тойбоду; Айлансын Буурул буудандан, Атка көзүм тойбоду; Айлансын Кызыл буурулдан, Жылкыга көзүм тойбоду; Айлансын Бакай абамдан, Карыга көзүм тойбоду; Айлансын Каныш энемден, Энеге көзүм тойбоду; Айлансын сөзү Гүлүстүн, Сөзгө көзүм тойбоду; Айлансын келин Чүрөктөн, Кызга көзүм тойбоду; Керменбайдан айлансын, Бийге көзүм тойбоду; Сетертайдан айлансын, Жашка көзүм тойбоду, Агызып жашты сел кылып, Ушундай заман болобу?! Кеңколдун көрүп жер бетин, Жаштардын көрүп нур бетин, Кыздардын көрүп берметин, Сенин көрүп, султаным, Суркойонго мингениң, Семейдин көрүп Кеңколдон, Аргынга кайра келгенин, Кеңколдун төшү жайылып, Күлө багып күлгөнүн, Көзүм көрүп көөн ачып, Өлөөр күнүм болоорбу? Көк Семей келбесе, Сейтек уулу келди, деп, Адырда аркар кылаңдап, Курбудан кулжа тарбаңдап, Тектирде теке каркаңдап, Балапан өрдөк баркылдап, Көлдөгү каздар каркылдап, Аңырлар учуп аңкылдап, Боз жоргоо аты алкылдап, Ак сакалы жаркылдап, Бакай баштап эл келип. Төрт айактуу канаттуу, Адам-айбан тең келип, Кадимкидей Кеңколдун, Кыз-келини теңселип, Боз балдар ойноп шоктонуп, Жергелей тартып орто жаш, Төш тайанып топ болуп, Төрткөлдүн сазы былкылдап, Жай көөнүм толоорбу?! Кара буура, Чаткалга, Катарлап тигип ак үйдү, Чубата мамы орнотуп, Чубуртуп ашкан күлүктү, Талаага чаап кунанды, Талашып тарткан көк бөрү, Тамылжып жаткан уланды, Бой жасап жүргөн кыздарды, Акыректе чоң сөйкө, Алтындан чачпак сооруда, Ар түрлөнүп кубулган, Арген үндүү келинди, Жаакташ менен Майбулак, Жарашыктуу жеримди, Кең Тескей менен Жайылма, Жайыты малга кеңири, Буура кужур, Акташы, Жергенин сарыталаасын, Жерлээр күнүм болоорбу?! Ушуну айтып Кутубай, Жаш баладай бырпылдап, Мурдунун суусу шуркурап, Каргылданып айта албай, Тил бурулуп байланып, Канчалык үнү кубулат, Сөзүн улап ал кайта, Көзүнүн жашы куйулат: — Жинди болуп Чачыкей, Тамак берсе жебестен, Талашып сөөк иттерден, Элечек кийбей кара баш, Абийирин жаппай жылаңач, Айылга келсе ит талап, Көрөөр күнүм болоорбу?! Канчородон кеп сурап, Калайык журттун алдында, Кыл чылбыр толгоп санына, Далда эмес жарыйа, Ачык айтып баарыга, Бакай башын алганда, Жалгыз бейит атантып, Жалгыз жолдун бойуна, Какыраган корумга, Чычкан жүрчү коргулга, Көмөөр күнүм болоорбу?! Бакай журтка баш болуп, Каныкей үйгө ээ болуп, Сейтек элге ээ болуп, Гүлүстөн элге шер болуп, Кылган ишим шар болуп, Ачык көөнүм карк толуп, Келин-кесек, балдарым, Улан-ушак калганым, Таласка келип таанышып, Өлөөр күнүм болоорбу?! Каркылдап кайран Кутубай, Туура тарткан сур чабар, Мингиниң деп айта албай, Көзүнүн жашы он талаа, Сакалы ылдый куйулуп, Өңү нечен кубулуп, Үшкүрүнүп турганда, Абасы түшүп эсине, Каныкей менен Бакайдын, Карааны көзгө элестеп, Асман түшүп келатса, Кенебеген Гүлчоро, Оң бөйрөгү бүлкүлдөп, Көзүндө жашы көлкүлдөп: — Кой, Кутуке, кебиңди, Кыскартпа эрлик демиңди, Беш күнчөлүк дүйнөнүн, Болсо да көп жабыры, Суу ичет алтын айактан, Өлбөгөн киши акыры. Жүр, Кутубай, бастыр, — деп, Жүрүп кетти Гүлчоро, Эзилип ыйлап Кутубай, Ошол жерде калыптыр. Бир убакта Кутубай, Ачып көзүн караса, Турган жалгыз талаада, Сурчабар минип чуу койду, Артынан жете бармакка. Кутубай алдын караса, Бара жаткан Гүлчоро, Калдайган кара талаада, Как кырк киши баратат, Бир, эки деп санаса! Көрө салып Кутубай, Тобо деп жака карманып, Жаратканга жалбарып: “Айкөлдөн калган кырк чоро, Чоро болгон турбайбы, Өлгөндүн баары тирилип, Кошо болгон турбайбы” Деп ойлонуп Кутубай, Бабединге тай айтып, Мазарга арнап кой айтып, Айылга жетип барышты, Алдынан чыгып малайлар, Кутубай атын алышты. Кара дөөлөп бакырып, Кутубай турду акырып, Кара дөөгө кезенип, Карыган койдой чакыйып: — Эшикте карап турбайсың, Эрендин атын албайсың! Кирбей карап турбайсың, Кимдин атын албайсың! Түнөрүп тиктеп каласың, Калкалап жаның жакындан, Жатка кантип жагасың?! Эртеңкиден калтырбай, Элиңдин эстүү-баштуусун, Жашы менен карысын, Жыйнатып келгин баарысын! Ушуну айтып Кутубай, Эшигин ачып чоң үйдүн, Эр Гүлүстү киргизип, Эзген курут, кошкон май, Суусунуна тийгизип, Кутубайдын Зубайда, Наалыш кылат кудайга: — Аллам берген насибиң, Арстан сындуу баатырдын, Биздин үйгө кириши- Куттан артык мындайда. Муну айтып бүгүлүп, Ак чач болгон Зубайда, Жаш келиндей жүгүрүп, Айагы анда-мында бир тийип, Тигилип мейман күтүштү, Эртең менен күн чыга, Чогулуп эл турушту, Кыйаздын кылган өкүмүн, Кутубай айтып угузду. Шапа-шупа камдантып, Кырк беш үйдү көчүрдү, Айыл башы, мал башы, Арстан Гүлүс болуптур, Алыке менен Сатыке, Айылы жакын конуптур; Гүлчорону Кутубай, Кандай кылып жатат? — деп, Аңдуучу киши койуптур. Кутубай аны туйуптур, Көчү жөнөй бергенде: — Каралдым уулум Кара дөө, Азыраак мында туруп тур, Айагы кебим калыптыр, Атаңдан аны угуптур. Кыйаз айткан кеп эле, Баарысынын башчысы, Гүлчоро болсун деди эле. Алыке менен Сатыке, Ойунда жаман иши бар, Агарбайт алар дегеле, Каралдым уулум Кара дөө, Ал экөөнө көз салып, Караба да, элебе. Жайылуу жерге барганда, Гүлүстөн билге алыңар, Отун-сууга салбаңар, Мен айтканды укпайт деп, Кара мүртөз Кыйаздан, Бир балаага калбаңар. Кутубайдан кеп угуп, Кара дөө болду көөнү жай. Челек менен чарынды, Иле, Текес - баарыны, Жылкысы жетип жайылды, Кара дөө алып кырк эрди, Ар күнү карап бел-белди, Айланып тоону жүргөнү, Кутубай айткан акыл, деп, Гүлчоронун кебине, Дегеле бирөө кирбеди, Айткан кепке кирбесин, Ал Гүлчоро билгени. Аттан аттай айрылды, Жан багып жүрөт Гүлчоро, Аралап дайым айылды. Жерди көрүп кызыгып, Барган кырк беш чогулуп, Такыр көөнү бузулуп, Тегеректеп олтуруп: — Кыйазга барсын чолок кул, Макул көрсө хан Кыйаз, Биз туралы алты жыл, Дешип булар жөнөттү, Чапдар бээ берип мингин, деп, Колдон качкан эп берип, Кардың ачса жегин, деп, Жүрө бербей сенделип, Кырк күндөн калбай келгин, деп, Самсаалап жүрүп олтуруп, Кыйазга жетип барганы. Калтырбай кепти салганы, Барганынан көчкөнү, Жатканынан копкону, Жайлап малды бакканды, Баш малчылык. минген ат, Баарысын тартып алганды. Угуп Кыйаз олтурду, Көрүнөөсү Гүлүскө, Түлкү тойут аш берип, Антип Чүрөк кондурду, Он күн жатып калганда, Гүлчорону чоң Кыйаз, Жумшады кайта барганга: — Алты жылы турбасын, Жылкынын жайын байкасын... Кыйаз антип жатканда, Ойноп турган Сейтек: — Баатыр Кыйаз атамсың, Ишенбейсиң балаңа, Ошонуңа капамын, Малды кулга тапшырып, Кантип чыдап жатамын?! Уруксаат бер, барайын, Жери жайлуу кең болсо, Жылкыны багып жатармын, Ар качан сага айтаармын, Жайсыз болсо барган жер, Малды айдатып кайтамын. Кошуп бергин чолокту, Ат бактырып алайын, Кежирлик кылса чолокко, Көп кордукту салайын. Ар иш келет колумдан, Так өзүңдөй балаңмын, Баргының деп айта албай, Чүрөктөн чочуп бир жагы, Барба деп ачык айта албай, Турганда Кыйаз калтаңдай, Гүлчорого Сейтек: — Аттан бирди алып кел, Ылдамыраак жетелеп, Бастырамын эртелеп, Анда Чүрөк кеп айтат: — Кой, Сейтек чунагым, Боло элексиң жаш толуп, Мал багуучу убагың.... — Жообуңду берчи, атаке, Эжемдин кеби кеп эмес, Анча-мынча иш үчүн, Балалык кылчу мен эмес, Деп Сейтек айтканда, Унчукпай Кыйаз калды эле, Ал Кыйаздын ичинде, Далай акыл бар эле: Гүлчорого баланы, Кошуп берип каламбы? Хан Ысмайыл, Түмөнбай, Ал экөөнүн бирөөнө, Алып кетип жүрбөсүн. Бул баладан мурдатан, Бар эле мунун күмөнүм, Жалгызекке барбасын, Жайын айтып калбасын. Кан ичме дейт Жалгызек, Чоң калбаны салбасын. Барба десем жылкыга, Барамын деп болбосо, Анда кандай кылармын?” Акыл ойлоп калганда, Айчүрөккө Сейитек, Азарланып айтат кеп: — Айласы жок атамдын, Сенде окшойт, кеп-кеңеш, Сен толгоону салбасаң, Атам буга жок дебес! Атамдын аман чагында, Алдымда атым барында, Элди таанып, жер көрүп, Ээ болойун малыма. Айалуу бала мен болдум, Айап экөөң не болдуң?! Ушул сапар жылкыга, Барбай деле койбоймун! Тур, чолок кул, ат току! Ат токусаң бат току, Сейтек антип айтканда, Ала келген Таластан, Койчапдарды токуду, Кошо келген ат менен, Гүлчоронун токуму. Айчүрөк айтат Кыйазга: — Ээликтирбей уулуңду, Тил алдырсаң болбойбу, Кыш-кыроо суук чилдеде, Буту-колу тоңбойбу? Туушун тууйт баланы, Тетири бүтсө кыйалы, Эненин эмне абалы, Кара мүртөз жел өпкө, Как өзүңдү тартыптыр, Чоңойгон сайын бу балаң, Түйшүгүм менин артыптыр! Койчапдар минип чунагың - Тогуз жашта Сейтек, Кылчайып артын карабай, Гүлчорого кошулуп, Бастырып кетти жайма-жай, Абасы менен кетти деп, Айчүрөктүн көөнү жай, Бастырып жөнөй бергенде, Кыйаз карап турду эле, Аркасынан жер чаңдап, Бурулгуй түшүп жоголуп, Алдынан кызыл от күйдү, Кичинектен чоңойуп. Тогуз жашта Сейтек, Опол тоодой зоңкойуп, Минген аты Койчапдар, Эркечтенип койкойуп, Андан башка көп неме, Элестеп көзгө көрүнүп, Ындыны өчүп Кыйаздын, Көңүлү кетти бөлүнүп. Буларды көрүп зор Кыйаз, Арбайып тиктеп калганда, Байкап турса Айчүрөк, Улутунуп алганда, “Каапырдын көзү тийет, — деп, Же жибербей жылкыга, Кайтарып алып келет” — деп, Сыр алдырбай Айчүрөк, Алаксытып айтат кеп: — Жүрү, Кыйаз, үйгө кир, Бута атым буруу айрылбай, Дегеле жаман көнүпсүң, Талаа түзгө бастырып, Ошентип жүрүп көнүксүн. Деп жеңинен тартты эле, Чүрөктүн көөнүн кыйа албай, Үйгө Кыйаз басты эле. Гүлүскө жандап Сейтек: — Чарынга барбай, абаке, Күмүшбулак баралы, Иледеги жылкыны, Айдатып келе калалы, Бекер таап албайлы, Бөөдөсүнөн калбаны. Өлгөнү өлүп бул малдын, Өлбөгөнү калбайбы, Тирүү болсо алтын баш, Мал табылбай калаарбы? Эл ичинде, абаке, Айрыкча Кыйаз бар үйдө, Өөдө, төмөн кеп айтып, Осолдук кылдым мен сизге, Антпегенде амал жок, Мен кичине, сен чолок, Айнек көз турса жумулбай, Айгине болот акыры, Агы менен карасы, Адал-арам арасы. Жүрүпсүңөр нечен жыл, Мен жетимди күймөлөп, Жүргөнүңөр чын болсо, Күмүшбулак жетели, Алике менен Сатике, Кендирин иттин кесели. Кутубайды табалы, Үй көтөртүп алалы, Күн алыс бээден жаралы, Антип жанды багалы, Алладан ажал жетпесе, Абаке Гүлүс, өзүңдү, Айыктырып алалы. Таластагы дартууга, Көп кечикпей баралы, Сагынып жүргөн энемдин, Зар болгон айаш атамдын, Жүрөк черин жазалы. Андан калган туугандын. Биз үчүн бушман кылгандын, Көөнү толсун жай болуп, Жатып калсын жайкалып, Кеңкол, Талас жай болуп, Тарайып жатып калышсын, Санаганы жам болуп. Мына ушинтип барбаңдап, Кеп салып келет Сейтек, Кеби ташты эритет, Ичинде келет Гүлчоро: “Тил жазыктуу болбосун, Адам болот экен” деп. Анда Гүлүс мындай дейт: — Жобураган жаш бала, Калтырдың мени санаага, Ушунун баарын кыдыртып, Үйрөткөн киши ким сага, Аба дейсиң, не дейсиң? Абаң сенин ким эле? Сагынган энең ким эле? Зар болгон атаң ким эле? Таласты качан көргөнсүң? Көрбөсөң качан уккансың? Жаш бала сендей болобу, Канча жашка чыккансың? Кыйаздын уулу сен болсоң, Чолок уйчу мен болсом, Сөзүңдүн турат кыйгачы, Байатан бери ойлосом, Айтып жаткан арзыңды, Анык угаар кишиң ким? Бушмандуу киши ким эле? Тегине жетип түшүнүп, Билбедим сенин ишиңдин. Гүлчоро мындай дегенде: — Бышыктап, абаң, сурайсың, Билмемиш болуп турасың, Кепке салып уулуңду, Кайда кеткен уйатың? Угуп тургун, абаке, Мен Сейтек кубатың. Атабыз айкөл шер Манас, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас. Атамдын аты Семетей, Канчоро капыр кас болуп, Аны сайган найзалап, Кыйаз чапкан балталап, Абаке, кесип кечириң, Алыптыр малды бүт талап, Хан болбоптур Таласка, Канчоро доңуз чалкалап! Олуйа Бакай зор экен, Элге дайын ол экен, Күндө уруп талкалап, Төө бактырып койуптур, Карыганда унаасыз, Жөө бактырып койуптур! Чоң энем аты Каныкей, Торпокчу кара күң кылып, Башына балаа түн кылып, Эмип кетсе кокустан, Сабаптыр күндө жүн кылып! Сениң жарың Акбала, Тууганы экен угушта, Суу көтөрсө челекке, Томолото койот дейт, Чачыкей деген суу куйса, Таластагы калгандар, Карылыкта дейт ушунча! Алакандай кыргызды, Канчоро капыр бага албай, Күндө алым алат дейт, Кайтып элден уйалбай, Бийлери ыйлап жүрөт дейт, Үй башынан жыйа албай. Ар качан угам кабарды, Бийдин бири Сетер тай, Күндө бирден ыйлайт дейт, Көзүнүн жашын тыйа албай. Атактуу чечен Ажыбай, Албан элге даңы бар, Андан калган тукуму - Бушмандуу кишиң Керменбай, Керменбай ага баш болгон, Аргын кыргыз элим бар, Жетимдикке жеңдирбей, Жетиле турган жерим бар, Абам Гүлүс белим бар, Эми менден күмөнсүп, Айланайын абаке, Эминеден шегиң бар?! Акылдуу болсун уулуңар, Акыл айтып насаат бер, Күйүп жүрүп көрдүңөр, Тогуз жылга толуптур, Мен Сейтек муунуңар, Дагы сынап суроочу, Абакең кайсы кебиң бар? Ушуну айтып жаш бала, Жалооруп турду Гүлүскө, Көзүнүн жашын имерип. Күлөмүн деп Гүлчоро, Күлө албай ыйлап жиберип, Отко салып түтүнсүз, Аманат жанды ошондо, Чокко салып жиберип, Сакалын сылап баш буруп, Кучактай алды баланы, Колун сунуп имерип: — Ач төшүңдү, чунак! — деп, Айбалкайдан бир жыттап,- Тулпардан чыккан бурагым, Туугандан калган туйагым, Өлбөскө бүткөн чунагым, Өчпөскө күйгөн чырагым, Кыйаз келе жатат, деп, Атын айтпай кузгун деп, Ошол айткан кептериң, Так бүгүнгө эстедим. Үй артынан көргөндө, Өпкөмдөн демин баса албай, Өкүрүп ийе тас калдым, Ээрдимди кесе тиштенип, Башымды, бала, чайкадым, Жымың этип күлгөнүң, Так абамдын өзү деп, Ошол күнү байкадым. Суркойончо мал болбойт, Суурултуп минсе буудан да, Атаң менен турганда, Канды суудай чайкадың, Эки далым тең кесип, Бүгүн кагылып калды шайтаным! Энеңен угуп сүйкүм сөз, Үмүт кылып сени деп, Кыйаздын уйун кайтардым, Байатан берки кеп менен, Жүрөктө күйгөн жалындын, Эпкинин бир аз кайтардың, Кулагың түшүп тыңшап ал, Эми сага айтаарым. Баргандан баштап айылга, Мени менен жатпагын, Унчукпасаң унчукпай, Сылап сыйпап сыйдалап, Жакшы кепти айтпагын. Жедигер эли бүт душман, Алыке менен Сатыке. Баардыгынан күч душман, Аларды жакшы байкагын, Мен Кыйаздын уулу деп, Бирөөгө камчы чаппагын. Толбосо сенин көөнүңө, Башка айтып өзүнө, Алике менен Сатике, Хан Кыйазга жумшагын, Өкүмү бар колунда, Канын Кыйаз чайкасын. Токто сарт келет соодагер, Момунжан келет илегер, Көбүрөөк барган кишини, Көзүң менен байкагын, Мен жатаармын ал жерде, Күндө балам, барбагын. Алпарып берсең көрүнөө, Жек көрүнөр ошондо, Жедигердин көзүнө, Кулуңду бер деп сураткын, Токто сарттын өзүнө, Балалык кылып, чунагым, Чаң жолотпой өзүңө. Алике менен Сатике, Алмак-салмак экөөнүн, Коппой жаткын төрүнө, Үйүндө туруп киргизгин, Казбай туруп көрүнө. Жез кемпирдин жети уулу, Бастырып келбейт бул жерге, Билсе да болуп билмексен, Жата берет үйүндө. Чөптүн кени бул жерде - Күмүшбулак керүүдө, Чөбү жок куурап калды, деп, Жалган айткан Кутубай, Мени алып келүүгө, Жалган кылбай айтканын, Жылкы айдаткан Илеге. Күмүшбулак керүүдөн, Илегенин жери кең эмес, Жайлоосу тарлык кылбаса, Текесчелик деги эмес. Акылдуу киши Кутубай, Жакын болот, жат болот, Жүрө бергин кам кылбай. Купуйа сөзгө бышык бол, Жаштык кылып унутпай. Тоо салкыны суук бар, Ойу ылымта жылуу бар, Душман десең тоону айтып, Тууган десең ойду айтып, Өз дегенде солду айткын, Жат дегенде оңду айткын, Маңдайлашып олтурсаң, Оң тарабың сол келет, Сол тарабың оң келет. Сергүүлүк менен чоңойгун, Ага берсин душмандын Көзүнөн жашы себелеп. Күйгүзүп сүйлө тууганга, Түбүндө болот күйгөндүк, Күлдүрүп сүйлө душманга, Түбүндө болот тамырын, Туйгузбай туруп кырк кандык. Алты конуп жол жүрүп, Күмүшбулак келишти, Кутубайдай абама, Саламдаша кетем, деп, Бура тартып Сейтек, Ага салам бериши. Алик алып саламга, Камындырбай Кутубай, Катуу айтты балага: — Келипсиң тууна эл издеп, Күмүшбулак жер издеп, Текестеги чолок кул, Кайда жүрөт темтеңдеп? Экөөң бирге келдиң, деп, Далай сырың билдиң деп, Туйунтуп айткан кеби го, Ушундай айткан кебиме, Ак киши деп Кутубай, Жедигер жүрсүн деди го. Алыке менен Сатыке, Алдың кабар угуптур, Сейтек кимге конор? — деп, Ики-дики туруптур. Той бергенде көп элге, Кыйаз айткан күмөн кеп, Кыйаздын кебин өткөрбөй, Кутубай койгон жемелеп. “Жедигер болсо тукуму, Боору тартып тура албай, Бизге келет Сейтек, Аргындан болсо асылы, Боору тартып баса албай, Жатып калат Сейтек” Кыраакы киши кептенип, Минтип булар айтат кеп. Булар минтип жатканда: — Кайыр эмесе, Кутубай, Алыкенин айлына, Мен ошондо барам, — деп, Кооп басты Сейтек. Гүлчорого кылчайып: — Дампаңдабай чолок кул, Таласыңдын айлы экен, Сен ушунда калгын! — деп, Кутубайга бурулуп, Жана айтты мындай кеп: — Киши жумша Кутубай, Кара дөөгө барсын, — деп, Күмүш булак күр экен, Көк катыт чөбү сүр экен, Айдап келсин жылкыны, Жүрө бербей ал жерде, Текестин жери сонун, деп. Угуп жүрөм Текести, Тоң кемирип кышкысын, Жылкы карып калат дейт, Ар кандай бээни мактаса, Он ашырып туубайт дейт. Алике угуп бул кепти: “Акылы толук экен, — деп, Таластыктын ич сырын, Айтпай-дебей билди” деп, Арсаңдап күлүп сүйүнөт. Сатикеси салпактап, Этек-жеңи далбактап, Биздин кепти айтты, деп, Жерге батпай барбактап, Алыке менен Сатыке, Катар чуркайт дардактап, Кутубайдан аттанып, Гүлчоро кебин жатка алып, Сейтек кетип баратат. “Бөрү алгандын баласы, Тир жебей түлкү алат” деп, Ошол үчүн эл айтат. Байламта жок түйүнсүз, Кепти такыр ал айтпайт, Алыке менен Сатыке, Катар экөө күтүнүп, Алдынан тосуп түшүрүп, Салам айтып сактанып, Салган куштай таптанып, Көргөн адам таң калат, Жаш Сейтек залкайып. Катындары жүгүрүп, Чөйчөгүнө суу алып, Улагын мууздап жарышып, Садагасын кагышып. Айландырып башынан, Чөйчөктө сууну чачышып. Ак үйдөн эшик ачышып, Алике менен Сатике, Сейтекке жабышып, Олтурса орун салышып, Копсо тура калышып. Кол куушуруп турушту, Кош колдоп кызмат кылышып. Айдатып кел, деп жылкыны, Кутубайга айтты, деп, Бизди айап калды, деп, Акылы терең экен, деп, Баланы таасын кылышты. Катын-эркек, кары-жаш, Баардыгы бирге аралаш, Туш-туштан келип чогулуп, Айылга толуп сагаалап, Элдин баары энтеңдеп, Жедигер калды темтеңдеп, Акылга дыкан Кутубай, Өзү жаткан чоң үйгө, Гүлчорону киргизип, Кирсиз көйнөк кийгизип, Жаңылап бээни сойдуруп, Адамга керек тамагын, Алдына үзбөй койдуруп, Гүлүстү турат тойдуруп, Таң эрте туруп Кутубай, — Сейтек айткан сөзү, — деп, Жылкыны айдап келгин, — деп, Киши барбы айылда? Текеске барып келсин, — деп, Элден сурап жатканда, Гүлчоро айтат мындай кеп: — Эби келсе Кутуке, Мен барайын Текеске, Арам өлгөн сур атты, Жылкычы кармап минбесин, Канча жылы кур болгон, Боор этине кан уйуп, Боло албай калып жүрбөсүн. Айбандар кармап минбесин. Бук болуп калган сойулгур, Тоңкочуктап ээленсе, Бүктөй кармап камчыны, Чокуга тартып ийбесин, Күүсү жанат күлүктүн, Кулактын түбү дыңдоокко, Камчынын учу тийбесин. Эркин жатып ээн өскөн, Эрте жатып кеч турган, Кымыз ичип шерне жеп, Өз мейлинче мар болгон, Элүү күндөн калба, деп, Айткан кеби ал болгон, Кара дөө баатыр ал күнү, Ошол жерде жок болгон. Кыйазга барып келдим деп, Жыла басып барайын, Кутубайдын кеби деп, Кара дөөгө туйгузуп, Жөнү менен айтайын, Айдап жүрүп болукушуп, Абдан майып болбосун, Сур койонду зар кылбай, Башкаларга кар кылбай, Өзүм алып келейин. Кутубай айтат мындай кеп: — Бар дебесе Сейтек, Кандай киши Гүлүстөн, Сени жумшап күч жетет? Жок шылтоону таппайбы, Ойноо бала Сейтек, Оролтуп камчы чаппайбы, Төрт тал сыймык башымдан, Эл ичинде качпайбы?! Олойтуп көздү ойбойбу, Оорутпай туруп сойбойбу? Көңүлүн тынбай жатыпсың, Көркөм күлүк сур аттан, Мине албас кармап жылкычы, Барган элден мен айтсам, Кармап алып суутуп, Жетелеп алып келсин, деп, Сейтек айтты деп айтсам. Кутубайга Гүлчоро: — Бул сөзүңдө жалган жок, Бөйпөйлөгөн адамдар, Балага салат кызыл чок, Болбос болсоң Кутуке, Сейитекке айтып кел, Конуп калбай кайтып кел. Эм алып Гүлүс кеңешин, Эртелеп Куту жөнөдү, Ажыз болгон Гүлүстүн, Абалын эми көрөлү, Кутубайдын алганы, Ак чач болгон Зубайда, Казан-айак карматпай, Келин-кесек, кыз-кыркын, Жаңы өспүрүм жубанга, Айагы менен тик туруп, Арстанга кылып кызматты, Астынан ашын кемитпей, Бекер киши киргизбей, Жоолуктап кармап идишти, Арстан Гүлүс кармаган, Айакка колун тийгизбей, Күтүп турат Зубайда, Тилек кылат Гүлүстөн, Жалбарып жалгыз Кудайга. Барып түштү Кутукең, Сейтек турган айылга. Алике менен Сатике: — Кел, Кутуке, келгин, — деп, Келчү эмес элең биз жакка. Кышы менен жайында, Не жумуштап келдиңиз, Эми биздин айылга? Жооп берди Кутубай, Тынары турса жанында, Кутукеңдин көөнү жай: — Алыке менен Сатыке - Короолош конгон эки бай, Айып болуп калдыбы, Айлыңа келсе Кутубай? Учураша келгемин, Айлыңда хандын уулу бар. Бөлөктүгү курусун, Не келдиң деп тергектеп, Кээкер менен турушуң? Алыкеси кержейип, Кекеңдеген неме элең, Сатикеси туйт десе, Талоочу иттин бири эле, Айрыкчасы Жедигер, Эркин сүйлөп көөнү өсүп, Болуп алган эл эле. Аликеси оолугуп, Сатикеси жулунуп, Катар экөө ормойуп: — Ой, Кутубай, не дейсиң? Олжо алып келсек да, Сакалдуу киши экен деп, Айаганды билбейсиң! Оолугасың шүк эле, Не келдиң десек кекерлеп; Алдыңан тосо барамбы, Сары улагым жетелеп, Же садага чапсам бекен деп?! Сейтек менен ордодон, Алты түнү бир конуп, Аны менен келдим деп, Чыйрак сүйлөп калыпсың, Кутубай кул, тепеңдеп! Кайда кеттиң кармагын, Токмоктогун тебелеп! Алыке менен Сатыке, Алкы-шалкы болгондо, Сейтек айтат ошондо: — Ээ Кутубай агабыз, Жылкыга киши кеттиби? Тынык болсун санааңыз, Сейтек менен Кутубай, Жанаша турса сүйлөшүп, Аликенин кулдары, Ач билектен ала албай, Сатикенин кулдары, Этектен сүйрөп бара албай, Ыкыс берип турганда, Кутубай сүйлөйт момундай: — Хан баласы карагым, Жүрөккө кан, билекке Күч берүүчү медерим, Тыным болбойт кулдарда, Карап турар киши жок, Түндөсү тулпар сууганда; Гүлчоро кулду жибердим, Жылкыны кайта кууганга. Жаш Сейтек ошондо: “Суркойонду абакем, Суутат экен” деп билди. — Кулдун иши ошол, — деп, Кыйыштырып урутун, Жылмасынан эп күлдү. Бардасы башка баланын, Жүзүн киши көрбөгөн, Көзү көргөн каранын, Обдулуп турган тигиге, Эми айткан кебин карагын: — Алике менен Сатике - Эки чыйрак келгиле, Эчтемени элебей, Кулдарыңды тукуруп, Кармап ургун дедиң, ээ?! Кутубайды урасың, Эртең келсе кара дөө, Анда кандай кыласың? Атырылган Кара дөө, Чыгарбайбы жыласың! Алыкеси кеп айтат: — Ой, Сейтек! — деп айтат, Атаң Кыйаз маа айткан, Кыйгачтанса таластык, Айабай саба деп айткан, Күч болгон менен Кара дөө, Кыйшаң-куйшаң кыла албайт, Айткан кептен жыла албайт. Кылып калса непада, Күмүш булак жеринде, Кайгулчу болуп тура албайт. Ийри айтсам, түз айтсам, Кебимди Кыйаз жыра албайт! Сатикеси албындап, Айкырды үнү каргылдап: — Алыкенин кеби чын, Билип койгун, ой, бала! Ханыбыз биздин зор Кыйаз, Сүйгөнүңдү кылгын деп, Бизге берген убада; Биз да кызмат кылганбыз, Таластагы чабуулда! Канчоро болуп азгырып, Семетейди сойгондо, Гүлчоронун далысын, Кечирин кесип ойгондо, Алыке менен Сатыке, Жагынганбыз ошондо! Каныкей, Бакай, Чүрөктү, Биз көчүрүп келгенбиз, Чечекейге атуучу, Кептен жазбас мергенбиз, Чачыкейди той кылып, Канчорого бергенбиз, Канчоро менен Чачыкей, Хан Кыйазга тапшырып, Өрнөк алып келгенбиз.. Алайа тиктеп Сейтек: — Сүйлөбө болду, бокту жеп! Таласты кандай чаптың деп, Сураганда деги жок, Мага айтып бергин деп, Бар, Кутубай, үйүңө, Кулдун өзүн жибергин, Текестеги жылкыга, Менден сөздү айтып бер, Айдар жылкы минер ат, Кара дөө деген уулуңа! Алике менен Сатике, Эртең көчүп барышсын, Айылдаш бирге конгула, Кеңеште бизде болгула! Эртең менен эрте көч, Тарт Койчапдар, Алике, Камчы менен көрпөчө, Алып келгин Сатике, Бүгүн барып турайын, Мен үйүңө Кутуке, Башыңды алып кан ичем, Кыңк эткен болсоң бириңер! “Тиги турган Сейтек, Өзүңдөй кара мүртөз” деп, Айткан Чүрөк жеңеңер. Бириңди бириң саба деп, Бакан сүйрөп турушуң, Ушул кайсыл кебиңер?! Орунсуз жерден чыр тапсаң, Ошонуң башың жедиңер! Деп Сейтек күркүрөп, Оозунан чыккан буусуна, Үзүк-туурдук желпинет. Толкундуу үнү угулуп, Осолдук кылсак өлдүк, деп, Алике менен Сатике, Заманасы куурулуп, Кыйыктуу угуп кыйла кеп, Күч келип кара жанына, Тер акты бойдон чуурулуп. Сейтек кетти аттанып, Кутубай калды ичинде, Жерге сыйбай мактанып. Алыке менен Сатыке, Жай көчкөндө жайлоого. Кыш көчкөндө кыштоого, Таластык эркек-катыны, Баары калбай баруучу, Эркектери төө комдоп, Атын кармап токумдап, Катындары үй чечип. Казан-айак жуучу эзип. Ободо кийиз күбүшүп, Баары жүгүн артуучу, Канча болсо келген эл, Калбай бирге баруучу. Жаңы журтка барганда, Үйүн тигип, саанын саап, Чай кайнатып, нанын жаап, Катындар ана кайтуучу, Унчукпаса кете албай, Салып жатаар төшөк жок, Томолонуп жатуучу, Эрлеринин кылганы, Отун алып, бээ байлап, Азандан туруп кой санап, Эшиктин алдын тазалап, Көп жумушчу болуучу, Эркек-катын аралаш, Кылган иши мына ушу, Алике менен Сатике, Мындай чоңдор болуучу. Адатынча баштагы, Таластыктын айлына, Кабар кылып койушту, Таластан келген байкуштар, Катын-эркек аралаш, Короого келип толушту, Алике менен Сатике, Үй-бүлөсү - баарысы, Чойулуп араң кобушту, Салтанат менен бир далай, Кутубайдын үстүнө, Көчүп келип конушту. Отун алып от жагып, Казан асып суу алып, Катын-эркек аралаш, Көп киши жүрөт чубашып, Байкап турат Сейтек, Сыртынан буга көз салып. Кутубай камын кылыптыр, Тай семизин жыгыптыр, Алике менен Сатике, Үй-бүлөсүн калтырбай, Үйүнө баарын жыйыптыр, Таластан келген байкуштар, Өз ишин кылып туруптур, Айакка куйуп кымызын, Кош колдоп барып Кутубай, Аликеге сунуптур, Башка киши сунду эле, Сатике албай далайга, Жалдырап айак турду эле, Таластан келген олжого, Курган эл мында муңдуу эле, Оолукма бала Сейтек, Ошондо кудай урду эле. Алгыр бүркүт кептенип. Салып таштап кабакты, Айак сунган адамды: — Алпар ары айакты, Жыйнап алгын ар жакка, Дасторкон менен табакты! Ал аңгыча капыстан, Бирөө айтты кабарды: — Коросон жаккы туу белден, Көрдүк, — деп,-эки караанды, Четтегилер жиберген. Алике менен Сатике, Кеңеш кылып койушкан, Кутубайды баш кылып, Таластыкты жумшады. Сейтек анда муну айтты: — Алике менен Сатике, Коросон жактан жол чалып, Баруучу кишиң ким эле? Алике менен Сатике, Жабырашып кеп айтты, Жамаштырып тим эле: — Кутубай өзү баш болуп, Таластык барсын деп айтты, Жедигерден бир киши, Эл четине барбасты, Муну укканда Сейтек, Өкүмдүгүн карматты: — Таластык түгөл кеткенде, Ким сунат сага айакты?! Отунуңду ким алат? Төөңдү комдоп, жүгүңдү Жүктөөргө, киши жок калат! Эрлери кетсе жол чардап, Кыздары кармап казанды, Катындар отун алабы?! Жедигердин элдери, Катының казан кармаса, Көөсү жугуп калабы?! Катын-эркек бүлөңөр, Колун сууга малабы? Ушул кылган ишиңер, Бир кудайга жагабы?! Өзү куйуп аш ичсе, Арам болуп калабы?! Эмгеги мындай күч турса, Эл четине жиберсең, Эрегишсе сен менен, Кишибиз деп эрте өлгөн, Айдап алып бар малды, Качып кетип калбайбы?! Жалгыз көздүн Сарыбай, Коросондон ар жагын, Койбой баарын бүт алды, Ошого барып албайбы?! Кутургурду бул кезде, Жыйырмаларда деп угам, “Айрылып калса бүт малдан, Намыстан Кыйаз барбайбы, Жаланып турган Сарыбай, Кыйазды байлап албайбы, Жедигер бизге калбайбы” Бирөөң вазир, бирөөң хан, Ойуңда ушул турбайбы?! Каракчыга жол берип, Бөрүгө койду кайтартып, Силерди кудай урганы! Таластык жаткын үйүңдө, Талаага чыкпа дегеле, Тирсегиңен шиш менен, Талга илем жөн эле! Таластан келген элдердин, Катын менен баласын, Алыке менен Сатыке, Үйүңөргө киргизбе, Уу бербейби тим эле, Ким бергенин ким билет, Түз болосуң шүк эле! Алмадай баштын мээси бар, Азып-тозуп жүрсө да, Ушул элдин ээси бар. Кошойдун уулу Жалгызек, Элүүгө жашы чыга элек, Эти жеңил кагалез, Өтө шайдоот чабандес, Жолборс жүрөк, таш билек, Коркпой турган немедей. Чүрөктү Кыйаз алаарда, Чылпылдактан хандарды, Жибербей алып кетиптир, Бузасың элди неге? — деп, Кимиңдин алың жетиптир?! Ошого булар барбайбы, Оорагын айтып Манастын, Жашооруп туруп албайбы. Жайылданса Жалгызек, Жарды-байың ылгайбы? Кысылып жүргөн Таластык, Кыйаздан жаман кылбайбы, Тура бербей бул жерде, Коросон жолун карайлы, Таласка барып чабуулга, Олжо катын баласы, Так он жашка чыкканча, Чаңкаган жүрөк кана элек, Кир болгон кийим чече элек, Чайкалып сууга сала элек, Чабышка минген күлүктөр, Азыр чөптөн чала элек. Кыйналып турган кезиңер, Коросондун жолуна, Жаштык кылып жалтанбай, Жортуулчу болсо апкаарбай, Барып келет иниңер. Койчапдар кайда жетелеп, Жедигер басаар пейли жок, Таластык, алып келиңер, Он жылы болду жүрдүңөр, Силердин болду жериңер, “Кимдин жерин жердесең, Ошонун ырын ырда” деп, Барго айткан кебиңер. Бүгүндөн баштап таластык, Корголобой дөөлөргө, Койондуу колот, чоң керүү - Күнгөйгө көчүп кетиңер, Жат менен өздүн арасы, Айрым болсун жигиңер. .Ушундайча күпүлдөп, Сейтектин айтканы, Насаатпы, кекерби? Кайсы экенин билинбейт, Таластык эмес жедигер, Этек-жеңи дирилдеп, Сакал менен муруту, Тал-тал болуп бириндеп, Таластыктан жан калбай, Көчүп кирди дирилдеп. Алыке менен Сатыке, Тоңкочуктап бүгүлүп, Эси чыгып бүжүрөп, Бити батпай көйнөккө, Кутубай турат күлүңдөп. Түпкүлүгүн түшүнбөй, Келин-кызы Таластын, Эркектери Алаштын, Жедигердин айлынан, Бөлүнгөнгө сүйүнөт, Эки-экиден Жедигер, Сөйлөшүп жүрөт күбүрөп: “Айтса-айтпаса ырас кеп, Уу чылап берсе ким билет? Чардаган болуп эл четин, Кутубайдын Кара дөө, Кошойдун уулу Жалгызек, Баары келсе ким билет? Айдап алып бар малды, Жалгыз көздүн кутургур, Ага качса ким билет? Алике менен Сатике, Тим эле жүргөн турбайбы, Кымыз ичип, этти жеп, Кутуруп кеткен болуучу, Бул экөөнө тийгизе, Ырас айтты Сейтек. Энеси Чүрөк акылман, Артыла туулуп Кыйаздан, Жаш болсо да бул бала, Акылга толук даанышман. Жүрө берсек бу бойдон, Жедигер тартмак экенбиз, Арылгысыз чоң бушман. Олжого келген кулдарга, Коросон жолун чалдырган, Алике менен Сатике, Акылдуу киши деп жүрсөк, Ушу экөө тең айбан, Как Кыйаздын өзүндөй, Мүчөсү толук, кең далы, Кууш айак, быкта бел, Көөдөнү жайык, сом билек, Булчуңу бала белиндей, Азыр эти толо элек, Балбан болчу бала экен, Телегейи тең экен, Эч өөнү жок неме экен. Он сегизден ашканда, Көйкаптан дөөлөр келсе да, Беттээр пенде жок экен.” Алыке менен Сатыке: — Биз баралы, Сейитек, Кашык кан жерге тамабы, Кайгуулга сени жиберсек? Жалганы жок ырас кеп, Мастык менен жүрүпбүз, Сен айтканда эстесек. Ушуну айтып эпеңдеп, Үчтөн алты котчу алып, Экөө кетти тепеңдеп, Туйгузбай туруп чакырды, Кутубайды келсин, деп: — Кутубай ага, кулак сал, Айткан кебим кабыл ал, Төрт бала ылгап жибергин, Которуп кийим кийишсин, Коросондун жолуна, Буруу жолдоп киришсин, Караңгыда капташып, Чалгынга кеткен сегиздин, Өлтүрө сайсын бирисин. Алике менен Сатике - Баштыгына тийбесин, Жанындагы алтоонун, Ким экенин билбесин. Барганга бизди чалдырбай, Буларга шек алдырбай, Мурда келип жай жатсын. Бүгүндөн баштап, Кутуке, Ырым кылып силерге, Журтуңарга таштаттым, Бул экөөнү сөз менен, Өзүң бар кандай какшаттым? Сейтектен кеп угуп, Кутубай барып таластык, Бабырашып чоголуп: “Кыйаздын келип баласы, Бизге кызыр жолугуп, Кечээтен бери карата, Катын менен баланын, Кызмат кылчу адамдын, Жаны тынды соолугуп” Дешип булар басылды, Бабырашып оолугуп. Төрт жигитти Кутубай, Ылгап элден алыптыр, Төрттүн жайы момундай, Кулагыңды салып тур: Сары хандын жээни эле, Салмаке деген бала эле, Тайатасы Сары дөө, Эрдиги канча бар эле, Ошо кезде Салмаке, Жыйырма экиде чагы эле. “Кыйаздан эмес Сейтек, Кыйаздын күмөн кылганы, Жалганы жок ырас кеп. Семетейдин уулу бул, Боорун толгоп айтпаса, Таластыкка ушинтпейт” Ушуну ойлоп Салмаке, Өз ойунда күмөнсүз, Ишенип алган бул ишке, Сыр чыгарып бирөөгө, Айта албай келген эмгиче, Төрттүн бири ал эле, Дөңкөнөй деген бар эле, Чөнөй менен Чөндөлөй, Бир атанын уулу эле, Атын айткан төрт бала, Жыйырма беш менен жыйырманын, Ортосунда бар эле, Мактап туруп бул төртөөн, Жолго салаар чагы эле. Төрт жигитти так кылды, Кутубай ага тапшырды: — Коросон жолун чалгыла, Алике менен Сатике. Сегиз киши бир кетти, Шек алдырбай баргыла, Коросондун четине, Элөөсүз жерден тийгиле, Алыке менен Сатыке, Тийбегиле дегеле. Алың келсе экинин, Келбесе алың бирөөнүн, Кара боорун тилгиле, Атыңдын изин куугузбай, Тирүү жанга туйгузбай, Алардан мурда келгиле, Жоро кылып Кошойун, Кара дөөнү билгиле. Өз атыңды мингенде, Өз тонуңду кийгенде, Ойноп-күлүп шарактап, Эркиңерче жүргүлө. Кутубайдын кебинен, Сейтекти Салмаке, Ачык-айкын билди эле. Ошол үчүн сыр тартып, Салмаке айткан кеп эле: — Айланайын абаке, Акылдын кени береке, Кароолго кетсе, жол карап, Алыке менен Сатыке, Аракасынан алардын, Тийишебиз биз неге? Түйүнүн толук чечип, айт, Ушул жерде кебиңде. Күн-түнү жок шылкыйтып, Жумшап турган эл эле, Алты күндүн алдында, Айылдаш көчүп келди эле. Кымыздан таап кыйыкты, Журтка таштап аларды, Көчүрдү бизди Күңгөйгө. Күн тийген жерге үй тигип, Маңдайын какта дедиби? Же бизге берген белгиби? Чабуулга келген элдербиз, Жашырбай айтчы кебиңди. Агып жаткан дарыйа, Толкубай жатты канча жыл, Ылайбы түбү, тунукпу, Ачык айтып туйунтчу. Санын чаап Кутубай, Кабагын бүркөп каш серпип, Күлүп койду жарк этип, Үнү ачык шаңк этип; Ошо кезде Салмаке, Ыйлап ийди көзүнөн, Салаа-салаа жаш кетип. Дөңкөнөй менен берки экөө, Бастыралы, жүр, дешип, Баардыгы турду дүрбөшүп. — Үч киши кошуун-кол болот, Бирөөнүн оозун караса, Андан кийин жол болот, Жолоочу болсо ынтымак. Анан иши оңолот. Салмаке оозун караңар, Кебин бузуп жырбаңар. Деп ошентип Кутубай, Балдарды жолго салыптыр. Салмаке мыкты эр экен, Ар кылыгы бар экен, Коросон жолун билүүчү, Ачык жолу шар экен. Алыке менен Сатыке, Адашып жолдон кетиптир, Ал экөөнөн Салмаке, Мурда белге жетиптир, Күтүп жатып бир жерде, Эки күн өтүп кетиптир. Алыке менен Сатыке, Келип түштү бир жерге, Ыктуу жерди биле албай, Урунуштуу бир белге. Уктап кеткен мезгилде, Дөңкөнөй чуркап барыптыр, Байкап көрсө аңкаарып, Баарысы уктап калыптыр. Өчөшүп жүрчү бирөө бар, Аликенин элинде, Жаткан экен эрдемсип, Бир жагында-четинде. Аңдып келип Дөңкөнөй, Как жүрөккө муштады, Канжарды канга чыктады, Каны чыркап жайылды, Ойгонуп баары жайылды. Найзасын бирөө алганда, Аны дагы уруптур, Кый сүбөөдөн жарыптыр, Экинин жанын алыптыр, Арбаңдап алтоо копкондо, Атка чуркап барыптыр. Аликенин Балагер, Чечип минип алганы, Калгандарын чечкенче, Алтоо келип калганы. Узай берип Дөнкөнөй: — Илбирс, жолборс, ой иттер, Кабылан шер канаке? Келди кыргыз мынаке, Булар алты, биз сегиз, Камынгыла бол тегиз! Айкырыкты салыптыр. Салмаке баштап берки үчөө, Кажы-кужу бакырып, Алике менен Сатике, Алтоо минип алты атты, Таштап койуп бир атты, Жоого берип кер атты, Тескери чаап чуратты, Илбирс, жолборс, аты, деп, Кыйын окшойт баары, деп, Кууп жетсе сойулдук, Унчукпастан баскын, деп, Сайга кирди аралап, Жумшак менен качкын, деп, Кутулууга душмандан, Керек болот акыл деп, Алике сөзү макул, деп, Күдүңдөп качып жөнөдү, Салмакенин төрт киши, Төртөө бирдей өрт киши, Жон-жонго чыгып акырып, «Кабакка кирип калбасын, Карагын», деп бакырып, Өзөнгө салса тапты, деп, Өзөктөн ичти жарды, деп, Өзөндү таштап жолго чык, Аркадагы айбандар, Эми кайдан тапты? — деп, Акылынан душмандын, Биздин акыл ашты, деп, Кууп ийип аларды, Белге жатты ал төртөө, Балагерди сойуп жеп. Таштап кеткен бир атты, Минилбеген кур атты, Коштоого алып жетелеп, Кутубайга мөөсүл деп, Күүгүм кире келиптир, Апа-шапа төрт баатыр, Кутубайга Кур атты, Сойуп кирип бериптир, Алике менен Сатике, Адашып жүрүп темселеп, Үч күндөн кийин келиптир, Барганын келгенин, Бабырашып калтырбай, Баардыгын айтып бериптир. Сейтек баатыр ошондо: — Алыке менен Сатыке, Жортуулда жүрүп талаада, Бут-колду чечип жаттык деп, Бир киши келип бир четтен, Экини жара тартты деп, Бул айтканың кандай кеп?! Мунуңар жакшы кеп эмес, Качып кетти дегениң, Балагерди жетелеп! Чечинип жатуу талаада, Кайгулчунун иши эмес, Илбирс, жолборс кабылан, Кара кулак шер деген, Анча-мынча кишиге, Койула турган ат эмес. Байкашымча бир киши, Талаада жүрүп ар качан, Баамы бар ишти билүүчү, Атайы атын жок айтып, Алдап атты алыптыр, Акмак кылып силерди, Айдап жолго салыптыр, Ойго түшүп, тоону айтып, Тоого чыгып, ойду айтып, Ичке үчүн жоонойтуп, Эбиңди тапкан турбайбы. Кутубай, төрттү жибергин, Белди карап келсин, — деп, Сейтек кебин бүтүрдү, Куру келбей калп айтып, Белги алып келсин! — деп. Камдап койгон төртөөнү, Кутубай кайта жиберди, Салмаке менен Дөнкөнөй, Чөндөккө менен Чөндөлөй, Белге чыгып келишип, Атынын башын имерди. Туш тарапты карады, Отуздан артык жылкыны, Айдап кетип бараткан, Көрдү булар караанды. Алдында минген аттарын, Өлөөрүн билбей санады, Жылкы айдаган экөө экен, Жетип төртөө кармады. Кайдан алдың жылкыны, Ким болот деп атыңар, Абыдан дайынын сурады. Уруулардын кеби бул: — Коросондон келгенбиз, Үч жылдан бери бул жерге, Ар жылы келип жүрөбүз, Айдап жылкы сүрөбүз, Канча алсак да биз малды, Кете бердик күмөнсүз. Үч жылдын ары алдында, Топтогон жылкы турмайлык, Ат откозбой тойгунча, Келип-кетип жүргөнбүз. Кара дөө деген бар эле, Кароол башчы ал эле, Түн ичинде жең чечип, Уктабаган неме эле, Суук жем кылып кайтарчу, Кыл алдырбай дегеле, Үч жыл болду жок болду, Алике бийдин жээни экен, Мөнтө деген жол тосту, Жедигер ичи кең экен, Жедигердин ичинде, Таластыктар бар экен, Кең заман ага тар экен, Бул таластыктын малы экен. Үч жылдан бери Мөнтө дос, Айдатып берип топ жылкы, Көөнүбүздү кылды кош. Суптар менен шайыдан, Биз беребиз топ-топ-топ, Алике менен Сатыга, Мөнтө берет окшонот, Издексиз жылкы жок болот. Угуп болуп бар кебин, Ал экөөнү Салмаке, Айдап алды токмоктоп, Айдаган жылкы отуз бир, Эки уурунун көөнү кир, Түк кишиге көрсөтпөй, Алып келип Салмаке, Сейтекке бериптир. Ууруну көрүп Сейтек: — Жылкы кайда, келтир! — деп, Алике меен Сатике, Мөнтө-үчөөн чакыртты. Алике келди алдырап, Сатике келди салбырап, Сейтекти көрө элек, Мөнтө келди чакчаңдап, Кошо келди бир катын, Элечеги чоң кучак, Бүчүлүк жок байланган, Төшүн ачып дактаңдап: — Алике аман барында, Сатикем турса жанымда, Кыйаздын уулу кайсы экен, Түн катып киши чаптырган, Уйку бербей балама?! Аликенин кулдары, Бир улакты чаап ийгин, Мөнтөңөргө садага! Алкы-шалкы оолугуп, Жакын келип калды эле, Сейтектин жанына. Токтотуп кой, дегенде, Баш көтөрүп бир тиктеп, Туруп калды жалдырап, Сейтектин көзүнөн, Чачырап чыккан жалынга. Эки ууруну чечтирип, Алып келип алдына: — Кана, Мөнтө, жооп бер, Ээ болдуң кимдин малына?! Алике менен Сатике, Кутубайдын Кара дөө, Кетип калса Текеске, Жылкыны неге чыгардың, Топтоп айдап чекеге?! Алике менен Сатике: — Биз билбейбиз, — деди эле. Мөнтөгө карап Сейтек: — Билбейт экен эки дөө, Сен бердиңби? — деди эле, Ошондо Мөнтө айткан кеп эле: — Алике менен Сатике, Таластан келген элдердин, Айдап берип малынан, Шайы менен суптардан, Таап бергин деди эле. Ушуну менен үч жолу, Бөлүп берген кеп эле, Коросондун тарабы, Мундан мурун төрт жолу, Шайы менен суптарын, Жүктөп келип берди эле. Чоң элечек, ачык төш, Кара катын жакылдап: — Хан Кыйаздын баласы, Таластыктын малына, Күйүгөсүң деги эле, Олжого келген таластык. Качан малга ээ болгон? Сениң энең Чүрөктү, Баатыр Кыйаз алаарда, Сексен семиз бээ сойгон, Баардыгы Талас жылкысы, Өзүнөн бирди сойбогон. Атаң менен курбалдаш, Бирге жүргөн кишимин, Жетелешип чоң болгон, Олжо катын энең бар, Оолукпагын сен болсоң! Аликенин эжеси, Аты экен Чакылдак, Сүйлөп жатат Чакылдап, Шилекейи куйулуп, Ууртунан агып тапылдап. Күнүбүз кандай болоор, деп, Алике менен Сатике. Жүрөгү согот лакылдап, Ачуусу келсе күлүүчү, Сейтектин мүнөзү, Шаңк этип күлүп жиберди, Кармай калып мүнөзү. Азуулары качырап, Көзүнөн жалын чачырап, Мөнтө менен катынга, Ажал калды жакындап. — Кайт, Алике, үйүңө, Эжең менен жээниңди, Жетелеп алып кет! — деди. Жетимдин үнү не сүрдүү, Мөнтө менен энеси, Катары менен жан үздү! Алике менен Сатике, Жанынан күдөр үзүштү, Аңгычакты Текестен, Жылкычылар мал айдап, Кара дөө келип түшүштү. Кара дөө келип бүгүлүп, Сейитекке жүгүнүп, Жедигер чуркап калыптыр. Ат алышып жүгүрүп. Эртең менен Сейтек: — Кыйаз сага тапшырган, Элдин четин бак, — деди, Тескери баскан ким болсо, Жедигерби, Таласпы, Башын үзө чап! — деди. Ордого барып келемин, Жоого болгун сак! — деди, Жедигер менен таластык, Аралаша конбосун, Короосу бирге болбосун, Байы байдай, кул кулдай, Айрым болсун ушундай! Алике менен Сатике, Атыңарды мингиле, Мени менен ордого, Бирге барып келгиле. Арып чарчап кеттиңер, Бүкүлүү жатып бел-белде, Карап алат бел-белди, Эми Кара дөө келди бул жерге, Барбайбыз деп айта албай, Айтаарга оозум бата албай, Алике менен Сатике, Салбырап кошо аттанды, Эки ууруну да алды, Ордого Сейтек барганы, Текестен келген жылкыдан, Ылгатып туруп эрениң, Тогуз тууну алып барды. Койдой башын алдырып, Коондой кардын жардырып. Божурап жетип кеп салып, Күмөнүнү бир аз арылтты, Кыйаздын көөнүн жай кылып. Ойлоп калды Кыйаз да, “Калыптыр бала ачылып.” Алике менен Сатике, Коросондук эки ууру, Баштан-айак көргөнүн, Энеси менен Мөнтөнүн, Экөө катар өлгөнүн, Жедигер менен Таластын, Айылын эки бөлгөнүн, Эжекеси Чүрөктүн, Олжо катын экенин, Олжо катын энең, деп, Аликенин эжеси, Дайынын айтып бергенин, Чүрөктү Кыйаз алганда, Сексен кысыр сойгонун, Өзүнөн сойбой бир малды, Жакшы көрүп койгонун, Баарын айтып артында: — Жедигерби, Таласбы, Жетисууда жүргөн мал, Атамдын малы баары деп, Мен ушундай ойлодум. Сейтек айтып болгондо, Кыйаз ойлойт ошондо: “Так өзүмдөй Сейтек, Адис болот экен, – деп, Кеп кутулбас оозунан, Чечен болот экен, — деп, Кыйаздын уулу дегенде, Жаман көрөт элем, – деп, Чукул жерден ишенбей, Дагы байкап көрөм” — деп, Кыйаз айтат мындай кеп: — Алике менен Сатике, Бий болдук деп темтеңдеп, Таластык менен эмгиче, Короолош жүрүү кайсы кеп? Жумушу чыккан күндөрдө, Алып келип иштетип, Бекер болгон кездерде, Келтире бербе дүрбөтүп. Аралаш жүрсө эрте-кеч, Абалыңды билбейби, Кыткылыктап бир күнү, Этегин ачып күлбөйбү? Ээ болот элге экөө деп, Эсир Кыйаз ойлонсом, Жээниң-таайың чогулуп, Жылкы сатып ойносоң! Чогулуп жүрүп сегизиң, Коросондон жол чалып, Төрт балача болбосоң! Көрсөтүп туруп көп элге, Эртең менен сойбосом! Жаныңды койсом тениңе, Этиңди алып сойлотом, Кыйаз атым курусун, Экөөңчөлүк болбосом! Кутубайдын Кара дөө, Айгыр салып койбосом! Сен да, балам Сейтек, Тартынчаак болот окшойсуң, Жакылдаган катындын, Жаагын жарып койбогон, Алике менен Сатике. Шек келтирип жүрөккө, Жакылдап турган катынды, Кой деп бирөөң койбосоң! Тиги турган эки ууру, Тирүүлөй көзүң ойбосом! Сейтек айтат: - Ата, — деп, акылың кеткен кайда? — деп, Хан Кыйаз уулуң мен туруп, Чакылдаган катынга, Теңдеш киши кептенип, Демитип жүрсөм карма деп, Болбойумбу элге кеп. Алике менен Сатике, Апкелдим эки бийиңди, Булардын алы билинди. Өлтүрүп койуп нетесиң? Бул экөөнү өлтүрүп, Кай муратка жетесиң? Сактатып жолду койолу, Мындан кийин сак болуп, Кайтарсын чыгыш чекесин, Өчөшүп экөөн өлтүрсөң, Чыгып элден кетесиң. Мөнтө менен энеси, Көмүлбөй калды талаада, Алике менеен Сатике, Кайта барсын аларга, Ыраазылык сурасын, Эл өлүмдөн жанаарда, Камын кылып жөнөсүн, Буйруган жерге бараарга. Эки ууруну атаке, Күнөөсү аз, кечиргин, Өз жерине кетиргин. Эрлигиңди эл билсин, Кеңдигиңди да билсин, Азган-тозгон эл болсо, Калбай баары саа келсин. Сейтектин айтканын, Балакет Кыйаз ошондо, Баарын кылып салыптыр. Айчүрөк менен Сейтек, Бир күн ээн калыптыр. Муну мындай таштайлы, Момунжан барып Айчүрөк, Алмамбеттин Гүлүсүн, Сакайткандан баштайлы.