← Сейтек

Сейтектин төрөлүшү

Кыйаздын койбой эркине, Тооторусун мингизип, Ой-тоолорго чаптырды, Он беш күн кыйнап тору атты, Пилдин этин таптырды. Табылды эми болду?деп, Айчүрөк жатты этти жеп, Ай айланып ай өтүп, Аа кошулуп күн өтүп, Күндү улап түн өтүп, Тогуз ай тогуз күнүндө, Чыдамы кетип Чүрөктүн, Толгоо тарта баштады, Айчүрөк жеңе ошондо, Алмамбет уулу Гүлчоро, Эбин таап бир күнү, Айтты сырын ошого: — Айланайын асыл уул, Толгоо келген чагы бар, Бошоп барат бар муунум, Кыйаздан коркуп айарлап, Агызып этин түшүрүп, Сөөк көтөрдүм бир жылы, Дары дарман жегенсип Мен көтөрдүм бир жылы, Бул курсакка бүткөлү, Өтүп кетти үч жылы! Жашырар чама калган жок, Абаңдан калган куу туйак, Эркек болсо арман жок, Катуу толгоо көтөрөр, Мен Чүрөктө дарман жок, Кастык кылат көр Кыйаз, Кылышында жалган жок, Эки күндүн ичинде, Бир айланы таппасак, Андан башка амал жок! Таластан келген бу жерге, Кара кыргыз Кутубай, Байкап жүрөм сыртынан, Ак көңүл киши ушундай, Кутубайга айталы, Бардык ишти жашырбай. Казанчым бар Айсалкын, Кутубайга жумшайын, Кетмен, күрөк, шайманды, Эркектик кылып сен тапкын. Кутубайга кабарга, Барып келди Айсалкын. Жата электе ай батып, Түн караңгы кездери, Болжогон жерге Кутубай, Асталай басып жеткени, Гүлчоро менен Айчүрөк, Караңгынын чапанын, Калдайтып чүмкөп жамынтып, Жамгырдан сөйкө салынып, Булуттан парда бүркөлүп, Узун көйнөк, кең салбыр, Этеги жерге сүйрөлүп, Муңдуу байкуш кургурлар, Сүйлөшүп алсын дегенсип, Жылдыздын баары жылмайып, Булут жерге жабылып, Жолун таппай карышкыр, Жоортулдан калды жаңылып, Кутубай, Чүрөк, Гүлчоро, Ошондо турду кабылып. Жардам болсо кара түн, Ызылдап шамал-борошо, Оң-тескери уйулгуп, Болуп турду ошол түн. Беттешкенде Кутубай, Буркурап ыйлар жиберип: — Үч күндөн бери Кыйаздын, Бузулуп өңү түнөрдү, Толготкон окшойт жеңем, деп, Кылган элем күмөндү. Күмөн алган шегим бар, Силерге айтар кебим бар, Бакшы бүбү катындан, Итиркенбей кол салып, Баланы алган жатындан, Чычкан ооз, бака көз, Ээги түшүп калса да, Эбиреп кыйын тапкан сөз, Куураган жатын мүйүз көт, Элден сурап танданып, Он экини таптырган, Алты жашар кызым бар, Аңдытып койуп тыңшатсам, Бейли жаман көрүнөт, Толук сөзүн кыз билбейт, Гүлчоро анда мындай дейт: — Кутубайым тыңша, — дейт, Сени мында чакырып, Алып келиш ушу кеп, Турбай мында басалы, Жеңемдин жаткан үйүнүн, Төрүнөн орду казалы, Сөзүн кошту Айчүрөк: — Келсе үйгө алардын, Тирүү болсом Айчүрөк, Бир айласын табамын. Кутубай мыкты эр эле, Карандай күрөш болгондо, Отуздан берки кишини, Байлап алчу жөн эле. Маңдайдан терин шыпырып, Он эки катын баткындай, Бир ороону Кутубай, Казып болду бирдемде. Айсалкын капты алыптыр, Гүлчоро күрөп салыптыр, Элүү бир кап топону, Төрт аркандап таңыптыр, Алмамбет уул шер Гүлүс, Серпип салып ийинге, Басып кетип калыптыр. Көөмөй суунун жээгине, Алып барып төккөнү, Касаба жарды шер Гүлүс, Көмөлөтө тепкени. Жар көчүп сууга түшүптүр, Сууга эмне түтүптүр? Таң аткынча агызып, Алып дайра кетиптир. Толготколу беш күнгө, Күндүн саны жетиптир. Келди Кыйаз саксайып, Жеп ийчүүдөй чакчайып: — Алың кандай Чүрөк сен? Катындар чуркап дүбүрөп, Кайрылып келдим атайын, Кантип атат экен деп. Карап Кыйаз турсун деп, Чакыртат качан мени деп, Кулак түрүп тыңшасам, Буйактан болбойт эч бир шек, Сүйүнчүлөп келсе деп, Токтоно албайт эт жүрөк. Болжолун таап кыйсамдап, Киргизерин катынды, Билип турат Айчүрөк. Кутубай айткан түндөгү, Ойунан кетпейт жаман кеп, Анда Чүрөк мындай дейт: — Төрө Кыйаз эр болсоң, Туучу катын мен болсом, Салтыңа жаман ат калат, Жаныман чыкпай сен койсоң. Катындар карап күлбөйбү? Калгандар шылдың кылбайбы? Ар кайда катын туубайбы? Алганы сыртта турбайбы? Чыкпай койсоң каралап, Тиктеп турсаң сагалап, Чүрөктү ууздап жатат, деп, Элиң мындай айтпайбы? Катын тууса бир жерде, Күпүрүңдү кылбайбы? Айчүрөктөн кеп угуп, Эшикке чыкса эр Кыйаз, Ат чаптырып алдырган, Катындын баары чогулган, Алпарып Кыйаз үйүнө, Айтып мындай кеп кылат: — Ушул турган баарыңар, Мен айтканды кылыңар, Айтканымды кылсаңар, Каалаганың алыңар. Сандыгым толгон зарым бар, Төрт түлүктүү малым бар, Дүйнөм жетик, кол узун, Эминеден камым бар? Бурулбастан чогулуп, Айчүрөккө барыңар. Домуң барың домдогун, Тескери болсо оңдогун, Эбиң барың эмдегин, Эркек тууса Чүрөктүн, Баласын колго бербегин, Кыз тууса Чүрөк сүйүнгүн, Сүйүнчүлөп жүгүргүн. Сарпай тонун кийиңер, Желбестен жорго миниңер, Эркек тууса баласын, Киндигин сууруп алыңар, Мүрт өлтүрүп салыңар, Унутуп муну калбаңар! Эркек тууса өлбөсө, Анда тирүү калбайсың, Өзүң эмес жээниңди, Ага тууган иниңди, Тайаке-тайы, жээниңди, Такыр жалмап соромун, Калтырбастан бириңди! Кебин айтып окутуп, Катындарды кийирди. Айсалкынга Айчүрөк, Алдырып келип сандыкты, Сандыктан алды бир даары, Чайкатып чанач кымызды, Ал дарыдан салганы: — Байлап койгун чаначты, Таза жууп белендеп, Тайарлагын айакты, Катындар келет кайкайып, Элечеги каркайып, Кемпирлер келет тепейип. Желке чачы сепейип, Суусун барбы дегенде, Көрсөтүп туруп тетиги, Ирегенин түбүндө, Ар кишиге бир айак, Калбай тегиз жеткиндей, Кемитпей куйуп кымызды, Чоң чарага тизип кел. Ичесиңби, эже? деп, Мурун мага суна бер, Мен ичүүчү айакка, Киши билбес белги бер, Айак колго тийгенде, Шылк дей түшөт кемпирлер, Ушинтип эбин табалы, Казган орго салалы. Кеңеш кепти бүтүрүп, Ууну чайкап күтүнүп, Тайарланып кылайтпай, Эшиктен кирген кишини, Арчымакка мыйаздай. Үйдө болгон иштерди, Катындардан ким билди? Уркурашып топ катын: — Эл көчүүгө камынды, Болгун, Чүрөк! деп кирди. Кай бирлери какылдап: — Кырк жылкы келди сөйкөгө, Камын, Чүрөк! – деп ийди, Эркек бала төрөштүн, Бирөө да кебин кылбады, Душмандык кылып киргенин, Айчүрөк мындан ылгады. Тынчы кетип Чүрөктүн, Толгоо келип кыстады, Кастык кылчу катындар, Жакындашып ыктады. — Айланайын энелер, Андан кийин эжелер, Болжолдоп туруп келдиңер, Мезгилинде ченебей, Куттуу үйдө кур койбой, Тур, Айсалкын суусун куй! Тура калып Айсалкын, Асылуу турган чаначты, Оозун чечип жиберип, Четин кайра имерип, Сырткы катын он эки, Сыр айактан он үчкө, Кымызды куйуп буларга, Тизип алып чарага, Басып келип сунарда, Камындырбай Айчүрөк: — Аш куйганда кишиге, Өзү ичпей сунчу эмес, Келе бери алып кел, Каным катып баратат, Муну укканда тээ кирген, Катындын баары кажылдап, Үрөөнөк иттей ажылдап: — Чүрөккө мурда сунгунуң, Толгоонун бети курусун, Кудай урган күң элек, Билбейсин кылар жумушуң! Деп чуркурап калганда, Эрнеп Чүрөк карады, Бир айактын чекеси, Билер-билбес карарды, Ал айакты алганы: — Ылдамыраак жуткула, Түшкөлү бала калды! – деп, Шаштырып Чүрөк калганы, Карбаластап катындар, Камынганы жутканы, Арка жагы ууртады, Кармаган бойдон айакты, Каршы-терши уктады. Тура калып Айчүрөк, Төшөктү кайра тартканы, Жамбашында казган ор, Карартып оозун ачканы, Катындарды Айсалкын, Бирден сүйрөт таштады, Үстүнө салып төшөктү, Козголбой Чүрөк жатканы. Түн киргенде билгизбей, Кутубай менен Гүлүскө, Кум ташытып куйдуруп, Шеги жок жерди тундуруп, Күн шашке болгону, Күчөп Чүрөк толгоосу, Эркек төрөп койгону, Айсалкын жерден алам, деп, Ээрдин кесе тиштенип, Кара жанга күч келип, Чачы сайын тер кетип, Алалган жок баланы, Жерден козгоп тербелтип. Өзү кесип киндигин, Айчүрөк ороп алганы, Бул үйдө болгон иштерди, Киши туйбай калганы, Сүйүнчүлөп Кыйазга, Бирөө басып барбады. Экинчи күнү болгондо, Айсалкынды айткын, деп, Айчүрөк өзү жумшады: — Чүрөк тууду эркек деп, Кыйаздын түрүн байкачы, Айсалкын жетип барыптыр: — Төрөдү уул Чүрөк, — деп, Кыйазга айта салыптыр, Кантер экен Кыйаз деп, Байкап карап калыптыр. Сыр алдырбай чоң Кыйаз, Жашыгансып солкулдап, Ыйлап ийчү кептенип, Тамагы кетти болкулдап. Анткени менен байкаса, Муруту тал-тал тиктелип, Билгизип койду шек берип. Муну байкап Айсалкын, Чүрөккө келип кеп айтты, Кекерлеп өтө бек айтты: — Эриң менен куруп кал! Кыйазың менен чирип кал! Мындай эрге тийгенче, Эжеке Чүрөк, өлүп кал! Барып айтсам, эжеке, Ыйламыш болуп калп эле, Сакал-мурут бириндеп, Ачуусу келди канча эле. Байкап турса эриңди, Көзүнөн чаары көбөйдү, Бетинин оту көгөрдү, Азайбады көбөйдү. Көрүп келдим эриңди, Көп эстедим элимди, Пейли өтө башкача, Уктуңбу эже кебимди? Айчүрөк аңдап алганы, Айсалкындын айтканын, Жараткандын эрки экен, Жакшы–жаман күн көрмөк, Алла салса башына, Амирине ким көнбөйт? Атакеси Акун хан, Алтымыш тай, миң нарга, Алып берген Чүрөккө, Сур жылан бедер боосу бар, Боосун салып билекке, Кыйаздын кылган иштерин, Муз кылып түйүп жүрөккө, Кайратын жыйып мостойуп, Эрибес тоңдун музундай, Кыйаздын кеби көкөйдө, Кеберлүү шордун тузундай, Камдап турат Айчүрөк, Болорун ойлоп ушундай? “Кыйаз эми келер, — деп, Баланы берчи көрөм деп, Бербей койсом болбойт ко? Берсем бала оңбойт ко? Тайар болуп турайын, Көтөрсө өөдө баланы, Келе деп колум сунайын, ага болбой баратса, Как жүрөккө урайын, Өлсөм кийин өлөйүн, Өлбөсөм күндү көрөрмүн. Канын ичи тынайын.” Деп Айчүрөк баласын, Жанына жакын жаткырып, Үстүнө жабуу жаптырып, Тайарланып турду эле, Коомайлап бетин ачтырып. Ал аңгыча болбоду, Кара нээт зор Кыйаз, Канчалык акыл ойлоду: “Асталай басып барайын, Баланы бер деп сурайын, Алдап алып колума, Бир амалды кылайын, Боорун эзе бек кысып, Өлтүрүп муну тынайын.” Акырын жүрүп алыптыр, Үйгө кирип барыптыр, Кара күчкө калп эле, Каткырыгын салыптыр: — Жаман атты болосуң, Жолобогун мага, деп, Төрөдүңбү Айчүрөк, Көрөйүн балам кана? – деп, Кумдакка ороп жанына, Бош жаткырган баланы, Эңкейип Кыйаз аларда, Өтө шашып Айчүрөк, Көтөрө койуп колуна: — Көрсөң балаң мына, — деп, Айта салса Айчүрөк, Колуна албай арамза, Этегин тосо бергенде, Этегине салды эле, Салмагынан баланын, Ийилип бели Кыйаздын, Бакалчагы майышып, Күүгүмдөп көзү түнөрүп, Жүрөгү жалын күйгөнсүп, Салмагы барча тоо болду. Бурдап кармап этегин, Эми өөдө кыларда, Колтукка жетсе баланы, Кыса кармап тынарда, Тура калып Айчүрөк: — Баланы алып багууга, Эби келбейт эркектин, Айрыкча Кыйаз сен өзүң, Өтө эпсең экенсиң, Ачылып калган турбайбы, Суук тийип жөтөлүп, Азабын тартат экемин. Деп айтканча Айчүрөк, Ороп чулгап баланы, Эмчегин салып оозуна, Алдына Чүрөк алганы, Арамзада Кыйаздын, Амалы кетип калганы, Кейимиш болуп калп эле, Бул кепти айта салганы: — Ой Айчүрөк кантесиң, Баласак катын экенсиң, Өзүмдүн жалгыз баламды, Үшүтүп ийет бекенмин? Сылык Чүрөк деп жүрсөм, Осол Чүрөк белемсиң? Шагымды кыйын сындырып, Булкуп алдың баланы, Мен ыргытып ийчүдөй, Жулкуп алдың баланы! Абийир менен калыпмын, Ушул үйдүн ичинде, Киши жогун карачы! Көрсө киши кокустан, Күпүр кылмак турбайбы! Көзүм көрсө болбойбу, Айдай бетин баланын? Чочогун жыттап алайын, Келе бери баланы, Кумарым жаза канайын! — Баласаак катын болдуң, деп, Жемелейсин сен Кыйаз, Өз балаңды колуңа, Бербегеним бул ырас. Он ай муну көтөрүп, Омуртка сөөгүм зыркырап, Айрыкча толгоо тартканда, Ушаланып устукан, Кайран жаным чыркырап, Азап тартып жатканда, Каралашып койгун, деп, Жибербейсиң бир киши, Бүгүн бала керекби? Ошонуңду ойлосом, Сага бала беремби? Жергелүү киши сен болдуң, Азып келип элимден, Амалсыз Чүрөк мен болдум, Билгиздиң, Кыйаз сен мага, Олжо катын болгонум, Таластан келген Айсалкын, Жалгыз ошол тырмаңдап, Өзүм кестим киндигин, Ошондо анык билинди, Менин элде кемдигим! Эсимен кетпейт эч убак, Элимден азып келгеним, Колумдан тарткан киши жок, Мен менен элдин иши жок, Ушундай экен турбайбы, Атаңдын көрү дүйнө шок, Азарланып Айчүрөк, Кабагын түйүп сумсайып, Шамал чыкчу булуттай, Бузулуп өңү кумсарып, Алдындагы жууркандын, Катмарына кол салып, Кадимки шамшар – ак тимте, Сууруп чыкты чунайтып: — Каратып туруп балаңды, Канжар менен жарбасам, Андан кийин өзүмдүн, Жүрөгүмө малбасам! Ургаачыда эки өлүм, Бирөө төрөт билгенге, Төрөөтүмдүн үстүнө, Бир катын басып кирбесе, Өлгөн жакшы турбайбы, Мындай тирүү жүргөнчө! Ошол учур эр Кыйаз: “Жарынып өлсө Айчүрөк, Элдер укса уйат, — деп, Ачуусу менен баланы, Өлтүрсө мейли анда, — деп, Өзүм бирге өлөм, дейт Бул айтканы жаман кеп.” Деп ошентип ой кечип, Шашып калды эр Кыйаз, Кармай к алып тимтени, Айтып калды эр Кыйаз: — Кашайып Чүрөк кантесиң? Турайын десем жаныңда, Кетип калгын сен дейсиң, Эми мага таарынып, Баланы мурда өлтүрүп, Өзүм өлөм мен дейсиң! Бакшы бүбү катындан, Он экини тандатып, Чакыртып келдим ар кайдан, Карап тур деп Чүрөктү, Жибербедим беле мен, Кайда кеткен катындар, Келбеди катын дедиң сен? Каргыштарды таппасам, Баштарын кыйа чаппасам! Ушуну айтып зор Кыйаз, Чыгып кетти күпүлдөп, Кобурап ичте күдүңдөп, Жолдо бара ой ойлойт, Ой ойлосо муну ойлойт: “Ал он эки катынды, Өлтүрүп койуп аларды, Күмөн кылып шектенип, Мага бербей баланы, Камынып калган окшонот, Бир калбаны салгалы. Келе бери Чүрөк, деп, Баланы алсам колума, Өзүмө салам дегени, Колундагы тинтени, Менин салмак боорума. Мындан катуу кеп кылса, Канаты бар бул катын, Калкылдап учуп жөнөсө, Ээрчип алат артынан, Айдай бетин ким көрсө. Кимге жетет абалым, Жалпы алаш бир келсе, Кошойдун уулу Жалгызбек, Тойума киши келтирбей, Кайтарып жолдон жиберсе, Койоналы жаш чунак, Чабалы деп күүлөнсө, Музбурчактын Аккубак, Жаачу күндөй бүркөлсө, Эки хан эли бир болгон, Семетей ага болбогон, Үмүтөйдүн Медетбек, Агеркеч менен Каныкей, Эмгичекти өлбөсө, Биринен бири кечеби, Канчоро менен ал менин, Алыбыз көпкө жетеби? Билмексен болуп байкайын, Кыйыгы чыкса да бир күн, Канын суудай чайкайын.” Ушинтип Кыйаз кетиптир, Шек алдырбай Айчүрөк, Чек чыгарбай күмөн кеп, Бала үчкө жетиптир. Той бербеди балага, Ат койбоду дагы ага, Ачып көздү жумгуча, Үч жыл өттү арада, Үчкө чыгып баспады, Бечел калып бу бала, Бутунун жок дарманы, Көтөрүп бойун басарга, Алты жашар баладай, Көргөн элдер караса, Айтса-айтпаса бу бала, Үч жыл жатты курсакта, Үч жыл болду туулгалы, Алты жашта убагы. Эшикке качып темселеп, Бала ушинтип турганда, Угуп калды Айчүрөк, Кыйаз келет дүпүлдөп, Салмагынан капырдын, Кара жер турат сүлкүлдөп, Айчүрөк калды кантем деп, Айласын таппай бүлкүлдөп, Эч айласын таба албай, Оозуна кирди ушул кеп: — Атасы Кыйаз кептенип, Жүрө албайт буту эп келип, Өз баласын биле албай, Атасы жүрөт шектенип, Кой десе уулу болбосо, Же атасы багып койбосо, Ата-бала – экөөлөп, Күйдүрдү жаным тозокто! Семетейден шек болсо, Сөөгүн сөйөп талкалап, Кутулбайт белем эмгече, Жанына чыкпай Кыйаздын, Буластай басып эркелеп, Кутурбайт белем эмгече. Үч жылдан кийин төрөлсө, Күмөн салып Кыйазга, Семетей буга каргаша, Кардап койсом бейитти, Кыйаздын сөөгү кардалса, Жашы үчкө чыкканча, Же балам деп сүйүнүп атасы, Бешик тойун кылбаса, Өзү берген чунакты, Же өзү кудай албаса! Сүйлөнүп жатат Айчүрөк, Шекшиз келип чоң Кыйаз, Үй тушунан тыңшаса. Ойуна алып чоң Кыйаз: “Баласын кыйын каргады, Каргышын буга арнады, Атасыз бала сендей, деп, Тыйактын кебин кылбады, Тукумсуз Кыйаз калат, деп, Менин атым айтканы, Акчыланып айткандай, Келгенимди туйбады” Кетенчиктеп арамза, Нарылап кетти ыраактап, Үй ичинде Айчүрөк, Баарын билип олтурат. Тура калып Айчүрөк, Оң колу менен сол колун, Шак дегиче бирди чаап, Жердеп алып баланы, Мурдунан чымчып алганы, Чыркырап бала калганы, Күрсө-күрсө жөтөлүп, Кыйаз кирип барганы: — Ээ, капырай Айчүрөк, Ыйлаттың неге баланы? Чолоң тийбей иш менен, Курсагы ачып жатабы? Күлө тиктеп жылмайып, Күйгүзүп Чүрөк муну айтты: — Атанын ээрди тийбеген, Энеден эмчек эйбеген, Эчен бала элде бар, Ошонун бири бул бала, Бешик той бербей ат койбой, Үчкө чыкты бул маалда, Кыжалат болуп уйалам, Аты ким деп сураса! Элден бата албадың, Балага көзүң салбадың, Атым Чүрөк болсо да, Ургаачы болуп калыпмын, Менин канча амалым, Тынчыбайт басып темтелеп, Тентек болду чунагың, Бешик тойго жоголду, Чочок той берер убагың, Кара мүртөз кылбасын, Бендесин сендей кудайым! Таластан келген далай бар, Той берип жатат айанбай, Чакырткан экен атайын, Мен калдым го баралбай, Жаман атты болдум бейм, Балдарын жентенк кылалбай, Бит сыгып канын жалаган, Таш чеңгелдин бири экен, Айчүрөктү койчу деп, Кантип Кыйаз айасын, Үйдү катын билет деп, Айтып жүрөт катындар, Артыман менин арбын кеп. Күн-түн кетпей айылымдан, Шектүүлөрдү көргөндө, Эшикке чыкпай айбыгам. Болду Кыйаз жообуң бер, Кырк чырпыгын кыйдырып, Сен эркексиң койо бер! Эмчектен чыкты эрбейип, Буту чыкты темтейип, Балаңды өзүң багып ал! Анда Кыйаз алайып, Эки жагын каранып: — Балаңды багып ал дейсин, Жыттайын десем бербейсиң, Мен кетемин жериме, Жоботуңду бер дейсиң, Кандайча айткан кебиң бул? Түбүнө жете билбедим, Тойдун кеби Чүрөктөн, Качан болор экен деп, Сени карап жүргөмүн. Той берем деп элге айтсам, Бер десе анан берермин, Болбой койсоң Айчүрөк, Анда элге не деймин? Кирпигиң карап кыңк этпей, Сени карап жүргөмүн, Күнөөм ушул билбепмин! Кабагың бүркөп, өң бузбай, Кашкайып туруп жооп бер, Тойду качан берейин? Жетисууда жедигер, Баарына кабар салалы, Салтанат кылып бул тойдо, Ат койдуруп алалы. Эмгичекти ат койбой, Эмне кылып жүрдүң деп, Бирөө айта алабы? Кыйаздан Чүрөк кеп угуп, Өзүң билгин деп угуп, Басып бара жатканда, Жанашып Кыйаз артынан, Кубулмалуу Чүрөктүн, Койнуна колун салыптыр, Албарсты сасык билдирбей, Чүрөк болуп моймолжуп, Бой жасап тура калыптыр. Жаш баладай балпактап, Этектери салпактап, Көздөрүн Кыйаз тунартып, Ичинде ойлоп муну айтып: “Баш ийиптир Чүрөк, — деп, Кай чакта болсо керек деп, Макул болгон турбайбы.” Эшикке чыгып дердейип, Сураккана үйүнө, Басып келип деңкейип, Теги кыйын шашылып, Жигиттерин чакырып: — Жети жигит чабарман, Жетисууда элге бар, Жезкемпир уулу жети хан, Жетип ага кабар сал, Үйдө эркек калбастан, Тойго келсин бары адам! Кабар укпай бейтуйук, Калган киши болбосун, Карылар төрдө олтуруш, Атадан калган жол-жосун. Кеп табуучу чечени, Куйуп айтчу меселчи, Укмуш кулак калбасын, Бул иретки тойума, Баары келип жардасын. Үчкө чыкты жалгыз уул, Той бербедим ат койбой, Азыркача келгемин, Бешик тойу, чочок той, Баары бирге беремин, Ат койдуруп аламын, Жүзүн көрсүн калайык, Менин жалгыз баламын. Көз тийерби кокус деп, Көрсөтпөй элге баккамын, Жети киши камынып, Азыр эле атка мин! Күмүшбулак, түз керүү, Биздин малга барыңар, Туу бээден ылгап жетимиш, Асый төөдөн жетини, Инек уйдан кыркты, Койдон тандап миң ирик, Айдап жолго салыңар. Жылкычы менен койчулар, Төөчү менен уйчулар, Тойго келсин айтыңар, Малчылар тойдон баргыча, Кабар алсын малынан, Кутубайдын баласы, Кара дөөдөй алпыңар. Белге таңуу баатыр деп, Кара дөөгө ишенип, Үч жылдан бери барбадым, Айактан кабар албадым. Кабарчылар барыптыр, Баарына кабар салыптыр, Сапырылып жер чаңдап, Жетисууда жедигер, Калбай жөнөп алыптыр. Кара дөөгө Кутубай: — Ой, чунагым бери кел, Сага айтар кебим бар, Той берген менен Кыйаздын, Баласынан шеги бар, Үчкө бала чыккынча, Той бербей да ат койбой, Жүргөнүнүн теги бар, Бул иштердин жөн-жайын, Менден угуп билип ал. Төрөөрүндө Айчүрөк, Он эки бузук катынды, Кыйаз үйгө киргизген, Акундун кызы Айчүрөк, Кыйындыгын билгизген. Орону мага каздырган, Топосун Гүлүс жашырган, Он эки бузук катындын, Шорун Чүрөк катырган. Сөөгүм ногой кыргыздан, Туулгамын сен уксаң, Жедигерде бир кыздан, Ат койот дейт балага, Буруп койуп салабы? Бузулуп аты калабы? Тартынбай айтып ат койуп, Ажалым жетсе өлсөмбү? Азабым болсо көрсөмбү? Эп келсе уулум саа кеңеш, Мен дагы барып келсемби? Кара бойу бир дөбө, Үстүндө соот күрөөкө,, Карай калып Кара дөө: — Үч жылдан бери той бербей, Шектенип жүрөт дедиңиз, Түбү кандай кеп эле, Терип айтып тегинен, Айра сүйлөп жигинен, Түшүнүктүү бериңиз. — Эмесе уккун, балам, — деп, Кутубай айтты, мындай кеп: Биз олжого келгенбиз, Талас болот жерибиз, Семетей болот элибиз, Семеңден калган ал бала, Биздин болот демибиз. — Андай болсо, атаке, Сурчабар токуп берейин, Толугураак угуп кел, Айчүрөктүн бар кебин, Таап эптеп шылтоону, Гүлчорону жиберсин. Ал Алмамбет баласы, Арстандын бири турбайбы, Колдон келип турганда, Эркинирээк бакбасак, Бизди арбак урбайбы?! Ата-бала кеңешип, Малчылардын башчыга, Бир Таластык тандады, Сурчабар минип Кутубай, Уулу мыкты көөнү жай, Тойго кетип калганы. Эр Багыштын ордосу, Бүркүт деген шаар экен, Элүү алты Курбучак, Бир мунары бар экен, Ошол жерди ээлеген, Эр Кыйаз капыр хан экен. Келген элге эр Кыйаз, Эки бара бир табак, Этин мыктап тарттырып, Ат, кунанын чаптырып, Балбандары күрөшүп, Баатырлары сайышып, Чыккан кунан, чыккан ат, Чыккан балбан, сайган эр, Мөөрөйлөрүн алышып, Көк бөрү тартып дуулдап, Баш аламан чуулдап, Бабырашып турганда, Кернейдин үнү угулуп, Ызы-чуу болуп калың журт, Келип калды чогулуп, Мунаранын башына, Чыкты Кыйаз чойулуп: — Баласын алып Айчүрөк, Менин келсин жаныма, Торко тондон бирди ылгап, Ала келсин колуна, Биз акына берели, Ким ат койсо балага. Жиберген киши барыптыр, Кыйаздын кебин Чүрөккө, Түгөл айтып салыптыр. “Мындан мурун бул Кыйаз, Баланын жүзүн көрө элек, Семетейден баламдын, Бир жери артык кем эмес, Бүгүн көрсө баланы, Колуман түшүп кетти, деп Мунардан таштап жиберет, Ого бетер мен күңдүң, Жашы агат себелеп” Деп ойлонуп Айчүрөк, Жалтылдаган алтындан, Жарашкан тонду алыптыр, Ороп алып баласын, Көтөргөн бойдон барыптыр. Баласы кучак боорунда, Тинтеси жалаң колунда, Айласы кетип жеңеңдин, Алтымыш акыл ойунда, Кыйаз айтат ушунда: — Келе Чүрөк баламды, Алаканга салайын, Айлантып элге көрсөтүп, Ак батасын алайын, Кандай атты койушат, Элден сурап багайын. Угуп Чүрөк жымыйып, Капканга түшкөн суусардай, Астыртан тиктеп кылыйып: — Эрлиги артык төрөсүң, Кээ кездерде кебиңди, Кайтарып койсом өткөрбөй, Айтканыңды биле албай, Аны кимден көрөсүң? Арбагы ашкан кыргыздан, Кыргыз түгүл көп журттан, А дүйнөгө кеткен кайнатам, Акылы тунук төрөнүн, Бейжинге жөнөп жатканда, Семетейди кайненем, Алып барып көрсөтсө, Чын ачуусу келгенсип, Алпар ары деп айткан. Атактуу Кыйаз сен турсаң, Алганың Чүрөк мен турсам, Ушунча журтка уйат го, Баланы алып сен сунсаң, Көңүлүң ооруйт ар качан, Ушундайды мен айтсам. Ашкере айткын элиңе, Кеп билүүчү бегиңе, Бар кебиңди каркылдап, Мен жаныңда буластап, Басып турсам жаркылдап, Ойноп турса чунагың, Үн чыгарып баркылдап, Эрибейби жедигер, Коргошундай балкылдап. Колун сунуп балага, Чүрөктөн тартып алалбай, Чыгып алып мунарга, Же тим олтуруп калалбай, Кыйаз айтат момунтип: — Жетисуу толгон жедигер, Жети хан эли келдиңер, Той берди Кыйаз зоруңар, Тойдун жайын билиңер. Акундун кызы Айчүрөк, Чынкожо, Толтой талашып, Семетейден алсак деп, Алы келбей эр өлдү, Чынкожо, Толтой тең өлдү. Канчоро менен сүйлөштүм, Көмөкөйдө күрмөштүм, Семетейди сойлоттум, Гүлчорону кул кылып, Отунга салып боздоттум. Каныкей менен Бакайды, Жатар үйгө зар кылдым, Канчорону Таласка, Семетейдей хан кылдым, Чачыкейин Семеңдин, Канчорого жан кылдым. Алганыма жараша, Чүрөк эркек төрөдү, Үч жыл өттү жедигер, Малымды айап калбадым, Бирок уккун бул ишти, Бешик той берип салбадым, Келген-кеткен көп болсо, Көз тийет деп айадым. Тил тийет деп балама, Ат койбодум балага, Чаптырдым айда садага, Бир баланын айы үчүн, Артык-кеми бар болсо, Ыраазы болгун ага да. Өзүмө уйкаш ат койгун, Айалдабай бат койгун, Атын уксам экен деп, Мен ошого зар болдум. Алтын чырай нур бетин, Көрсөтүп кой баланын, Болгун, Чүрөк болгунуң! Акактай жеңең Айчүрөк, Орогон алтын дейилда, Ороосун алып колтуктап, Мунарда туруп баланы, Тегерете каратты, Ал баланы көргөндөр, Акылынан адашты, Так Семетей экен, деп, Көргөндөр айтып баалашты. Көрүнүшү баланын, Булуттан чыккан күн болгон, Орчундуу эрдин бириндей, Ал балага сүр конгон, Кайкыга чыккан шаңдагы, Ак жолборстой түр болгон. Баркылдап бала үн салды, Чыгып турган мунары, Кулап кетер таз калды, Элдин баары элейип, Э, дерин Кыйаз биле албай, Эсинен танды делейип. Шамал улуп күркүрөп, Чайкалып суулар дүркүрөп, Жыгачтын баары шуудурап, Күн чагылып жаркырап, Түшүп кетчү кептенип, Кара жер түбү дүп этип, Ачып көздү жумгуча, Мындай нечен шумдуктар, Өтүп кетти шып этип. Айдай Чүрөк жеңекең, Бардасын тартып башына, Баласын ороп чапанга, Үйүнө кетти суйкайып, Жан алчуудай Кыйаздын, Бузулуп өңү кумсарып, Өрттөнүп өлүп акырып: — Кулагың сал! – деп бакырып, Кетип калган Чүрөктү, Алып кел, — деп, - чакырып! Колундагы баласын, Колкосун сууруп алайын, Ушул келген көп элге, Садага чаап тынайын, Өлтүрүп таштап баланы, Тынчыраак уктап турайын! Бала үчкө чыкканча, Арыптанып Айчүрөк, Көрсөтпөптүр карачы! Тынып жаткан турбайбы, Чоңойгон сайын санаасы, Ачыгын айт көрдүңөр, Ушул кимдин баласы? Күүлөнүп Кыйаз токтолду, Кыңк эткен киши жок болду, Кутубай агаң ошондо, Баш көтөрүп козголду, Айткан кеби бу болду: — Ханым Кыйаз, не болдуң, Акылың кайда жоголдуң?: Калк бийлеген хан болсоң, Өзүң байкап ойлогун. Атажуртка зор элең, Акылда чалкар көл элең, Саа келгели Айчүрөк, Алты жыл болду болжолу, Семетейден бойуна, Келген болсо бу бала, Кара башты үч жылы, Карында сактап болобу? Болжолу келсе дааратың, Тыйганыңа койобу? Акылың жетик Сара элең., Арткы жагын ойлойлу, Чүрөк келип үч жылда, Бойуна болуп төрөсө, Башка десең болобу? Өзүңдөй нурдуу бала экен, Көз тийип кетер бекен деп, Көрсөтпөй койгон болбойбу? Күмөнкор болбо сен, Кыйаз, Элүүдөн аштың такымдап, Эңкейип белден барасың, Карылыкка жакындап, Ажал чиркин ар кимди, Кууп жүрөт закымдап, Адам уулу эрсинет, Тимчилекте такылдап, Жан сактоонун, камы үчүн, Эртеден кечке лакылдап, Ажал алса жакадан, Койгунуң деп айта албай, Коштошоруң дүйнөдөн, Эки көзүң жаркылдап. Укмуш кулак эл айтат, Көптү көрүп билгендер, Катын-эркек тең айтат: “Энеси жорго байталдан, Куйбу кулун” – деп айтат. Сениң жарың жоргого, Өзүнө окшош уулуңду, Нурлуу төрөп койгонго. Менин бойум карагын, Орто-карта турамын, Менин уулум кара дөө, Сенин белиңе таңуу уланың, Мен тай тайлак, уулум нар, Сага дайым абалым. Күмөнсүз бала сеники, Үч жылдан кийин төрөсө, Кандай болот элдики? Андай эмес, хан Кыйаз, Айтканга кулак сал, Кыйаз, Так өзүңдөй уулуңду, Эрке кылып алалы, Эл баштатып жол жүрсөң, Серке кылып алалы. Берекелүү бек айбат, Белдүүнүн уулу эле деп, Медет кылып алалы, Таманын жерге тийгизбей, Белек кылып алалы, Баралына келгенде, Сен картайган кездерде, Хан көтөрүп алалы, Күмөн кылбай багып ал, Өзүңдүн жалгыз балаңды! Деп Кутубай токтолду. Анда Кыйаз кеп айтат: — Андай болсо көпчүлүк, Ат койгуңуң, — деп айтат, Уйкаштырып өзүмө, Бат койгуңуң! – деп айтта. Көзү көргөн баланы: “Семетейдин өзү экен, Атты кайдан табалы?” Тиктешип алар бир-бирин, Тойго келген коноктор, Жалдырашып калыптыр, Айтаарга тили байланып, Алдырашып калыптыр. Жаалы катуу чоң Кыйаз: — Тойго келген жедигер, Тойгуча этти жедиңер, Чүрөк тууган баланы, Ал сеники дедиңер, Айткамын абал башында, Атын койуп бериңер, Ат койгон акы бир асый, Алууга ылдам келиңер! Күркүрөп Кыйаз турганда, Эп келтирип ат таппай, Эл көңүлү жай таппай: — Тойго эмне келдик деп, Этти кайдан жедик деп, Ойдогу атын таппасак, Кыйаздан кордук көрдук, деп, Кызылдай өлдүк эми! – деп, Эстүүнүн баары күбүрөп, Эстери чыгып бүжүрөп, Турушканда эл чети, Сүр-сүр болуп дүбүрөп, Жаш балдары түртүшүп, Биринен бири өтүшүп, Мойнун созуп жүгүрөт, Элеңдеп мойнун созушуп, Эмне болуп кетти деп, Карап элдер калганы. Жылаңайлак жылаң баш, Кулакты баскан чыккан чач, Сегизден жашы ашпаган, Жетиден төмөн түшпөгөн, Көзүнөн жалын жайнаган, Алмадай бети албырган, Периштеби, бендеби? Же көйкаптагы периден, Учуп мунда келгенби? Асынган көлбөр жонунда, Шалдыркан аса колунда, Кирип келди аралап, Кызыл бала дубана. Ачылса тиши жарк этип, Сүйлөгөндө таңдайы, Жез комуздай шаңк этип, Обон салып баркылдап, Баштады сөзүн шартылдап: — Улук Кыйаз –- пилиң ук, Эл бийлеген бийиң ук, Малың батпай короого, Маалкаган байың ук, Мал таба албай тартактап, Басып жүргөн жардың ук, Уул менен кызың ук, Эриң менен катын ук, Жашың менен карың ук, Жумурай журт баарың ук, Баланын аты Сейитек, Ырысы толук немеден, Кандай киши кемитет?! Каардуу Кыйаз ханыңар, Калжырай берет бокту жеп! Баарың болгун саламат, Балага Кыйаз аманат, Кандабаса атасын, Балага калат жаман ат! Ушуну айтып дубана, Бурулуп баса бергенде: — Кайда кетти календер? Кармагыла, элим! – деп, Кыйаз жардык кылды эле. Кайып болуп жоголду, Кызыл бала дубана, Өзү тургай изи жок, Көзү көргөн киши жок. Тоодой болгон Кыйазың, Көк букадай өкүрүп, Таба албай аны өкүнүп, Үкүдөй көзү акыйып, Жез кемпирдин жети уулун, алыке менен Сатыке, Кутубай – онун чакырып, Калган элди тара! – деп, Мунардан түштү бакырып, Опсуз чоңдон он киши, Кыйаз менен он бири, Кеңеш үйгө киришти, Эмне дээр эми Кыйаз, — деп, Кирпигин карап турушса, Кыйаз айтар бул ишти: — Жез кемпирдин жети уулу, Жетөөң жети хан элең, Алыке менен Сатыке, Хандардан качан кем элең? Жээн экенсиң Кутубай, Ала келдим Таластан, Сени таштап ат албай, Ырысыңа Кутубай, Карадөө уулуң дөө чыкты, Эки жылдын алдында, Эр оодарыш, күрөштө, Кырк сегиз эрди бир жыкты. Белиме таңуу болот, деп, Он эки жолдун оозу экен, Бөрү-койдун чаркы экен, Урунуштуу жер экен, Күмүш булак керүүсү, Малга өтө жай экен. Жолду кара, жатпа, деп Элдин четин сакта, деп, Карадөөгө жол койдум. Ушу бүгүн мен өзүм, Теңдешип душман жеңгисиз Темир коргон чеп болдум, Семетейди жеңгени, Бүткүл элге кеп болдум. Айчүрөк тууган балага, Күмөн кылып силерге, Эки жерден чек койдум: Акыл жеткис мал сойдум, Ааламга анык той болсун, Андан кийин ат койгун: Ат койо албай токтолдуң, Дубана ат койгонун, Айрыкча шек ойлодум. Аты окшобойт болжолу, Сейитек деп койгону, Ойлоп көрчө баарыңар, Ушул иш жакшы болбоду, Түпкүлүгүн ойлойлу, Баланы тирүү койбойлу! Акылман жеңең Айчүрөк, Бир кишини койуптур, Болуп жаткан кептердин, Баарын угуп болуптур. Кыйаз мындай айтканда, Жез кемпирдин жети уулу, Эстүү киши Кутубай, Алыке менен Сатыке: “Өз уулунан бул Кыйаз, Неге күмөн кылат? – деп, Чечекейдей бала экен, Муну кантип кыйат? – деп, Кылым жердин бети укса, Кыймыл эткен эл укса, Баарыбызга уйат!” – деп, Куйкалары курушуп, Мурундары тырышып, Кириштери бырышып, Кеп айта албай турганда, Баласын колдон жетелеп, Айчүрөк кирди залкайып, Айтып турду бул сөздү, Айдай жеңең кашкайып, Күзгүдөй бети тастайып: — Эрди сайып, эл алып, Ханды сайып, калаа алып, Катарда киши сен болдуң, Хандар менен тең болдуң. Кызматың кетип талаага, Күмөнүң болуп балаңа, Жаман катын мен болдум. Элден калган макал бар – “Ээгиңе чыккан сакал бар”, Эрим Кыйаз, угуп ал! Балаң мына багып ал, Мейлиң, канын ичип ал! Аксакалың Кутубай, Алыке менен Сатыке, Жедигердин жети уулу – Баарың тыңшап угуп ал! Аккуу кебим кийбесем, Эл кыдырып кирбесем, Олуйа Кошой уулуна, Өзүм барып тийбесем, Алачыктай Кыйаздын, Тузуна бүгүн сийбесем! Жалгызекти баш кылып, Баштап келип алашты, Бул олтурган онуңду, Как бооруңан тилбесем, Бириңди салбай бириңе, Көк менен сызып учпасам, Көгүчкөн болуп сызбасам, Көкөлөп учуп чыкпасам, Кара Кырым, Каңгайга, Каталаң деген калдайга, Барып кабар айтпасам, Калкайтып кара кошуунун, Алып келип бул жерге, Уугуңду шиш кылып, Унуткусуз иш кылып, Катыныңды тул кылып, Ханыңды кул кылып, Хан башыңды кул кылып, Кыздарыңды күң кылып, Боз уланың кар кылып, Түшүңө кирсе кубантып, Жетисууга зар кылып, Кылгылыкты кылбасам, Айчүрөк атым курусун! Семетейден айрылдым, Кызмат кылып Кыйазга, Кызматым менен жакпадым, Бала туусам Кыйаздан, Жетисууга батпадым, Никелеп алган сен туруп, Карага кандай чачтадың?! “Койунда жатып билинбейт, катиындан башка душман жок: Колдо туруп билинбейт, Камчыдан башка курал жок,” Ушул сөздү байкагын, Карылардын айтканын! Деп ушинтип Айчүрөк, Колундагы Сейитек, Кыйазды карай бир түртүп, Кош эмесе, хандар деп, Бура тарта берерде, Кыйаз жетти жүгүрүп, Коркуп кетти Кутубай, Айчүрөктөн түңүлүп, Кыйаздын колу тийгенде, Чүрөк калды былк этип, Чөйчөктө суудай кылт этип, Жер бетинде жылт этип, Кыйаздын маңдай жагында, Күлүп турду шыңк этип. Анда Кыйаз кеп айтат: — О, Айчүрөк, нетесиң? Кыйазды баштап бозортуп, Кайсы жакка кетесиң? Перидей Чүрөк деп жүрсөм, Бейпай катын белемсиң?! Кутубай анда бакырып, Оозунан көбүк чачылып: — Тоодой Кыйаз деп жүрсөм, Бечел Кыйаз экенсиң, Чечен Кыйаз деп жүрсөм, Кече Кыйаз экенсиң, Айчүрөктү байкасам, Жаман кыйал, пейли жок, Көңүлүндө кири жок, Ак көңүл келин турбайбы, Ар өнөрү бар экен. Эмне кылса, кылбайбы? Айчүрөктү ким болсо, Тийем десе албайбы? Жалгызек келсе бул жерге, Канчоро, Кыйаз турмайлык, Канчоро келсең чогулуп, Ташыңды талкан кылбайбы?! Койгун, балам, Айчүрөк, Ит Кыйазга өчөшүп, Бизге кылба андайды, Битке өчөшүп, көйнөктү, Көрбөдүм отко салганды, Бейпайга салба карындаш, Карып калган чагымда, Жалгыз уулум Карадөө, Атка минген чагында, Жергеңде турат жети хан, Жеткиликтүү өз агаң – Алыке менен Сатыке, Жедигерде акылман: Өзүң асыл, кол үзбө, Ушунча журттун баарынан, Анда Чүрөк муну айтат, Агартып тишин кылайтат, Төкмө чачы шөкүлө, Берметин жерге чубалтат: — Аксакал ага Кутубай, Алыке менен Сатыке, Жетисууда жети хан – Бул олтурган он адам, Ич дартымды саа айтам, Силерге айтпай кимге айтам? Мен келгели Таластан, Тетири алат баарысын, Тоодой төрө Кыйазга, Билгенимди мен айтсам! Келерин көрсөм бир иштин, Кетерин көрүп бир иштин, Келечегин дагы айтам. Айтканды кабыл албаса, Кыйамы келген чактарда, Кыл дегенди кылбаса, Койунда жаткан катындан, Арылып күмөн чыкпаса, Эл ичинде дубана, Ат койду деп балага, Журт баштыгы силерди, Мына минтип жыйнаса, Күмөнү турса өзүндө, Чалгырты турса сөзүндө, Чаары турса ичинде, Кыйгачы турса көзүндө, Эримди ушак кылбастан, Чаппай айтам өзүнө. Санаасы бир чоң сырдаш, Жаш тарапта болбосо, Менсебинде курбалдаш, Ортоңордо сөзүмдү, Айтып туруп ашкере, Бошотмок элем өзүмдү. Бей туйук кетсем сыр айтып, Ургаачы деген ушул – деп, Уккан кулак эл айтар, Баштады деп Кыйазды, Тетиги катын көмүскө, Кылмыштуу кылып мени айтар. Бул олтурган онуңар, Кулагың угуп жүрдүңөр, Көз менен бүгүн көрдүңөр, Өз оозу менен айтканда, Аныгын эми билдиңер. Калк башкарган хандары, Эл арыткан карысы, Төрөсү Кыйаз баш болуп, Чогулушту баарысы, Айтып алса бук чыгып, Жүрөктүн болор дарысы, Кантип адам таба алат, Так силердей калысты? Жылмалап айтып Айчүрөк, Кутубайга кеп берип, Жалгызекке барам деп, Төрө Кыйаз баштаган, Он пилине шек берип, Айчүрөк антип турганда, Каапыр Кыйаз кеп айтат: — Э, капырай Айчүрөк, Бул айтканың кандай кеп? Мойнума артып таштадың, Арамзада Кыйаз деп, Кутубай баштап бул онун, Ишендирдиң ырас деп, Шек келтирип балага, Оозуман чыгып кетти кеп. Бир жастыкка баш кошкон, Эриш-аркак өрмөкпүз, Болбос бекен Айчүрөк, Ушундай жүрсөң кээкерлеп? Былк эттирбей коркутуп, Асмандап учуп кетем деп, Эми миндиң мойнума, Он кишинин алдында, Ээр токубай бекемдеп. Ойума албай жүрүпмүн, Сени минтпес бекен – деп, Карсылдап күлүп калп эле, Сыр алдырбай эч кимге, - Аңдабай айткан оорубай, Онтоо кирет дечү эле, Ошол Кыйаз болдум мен, Алган жарым Чүрөктүн, Айтканын макул алайын, Аңдоосуз жерден мен дагы, Ашөпкө күмөн кылбайын. Келе бери баламды, Как төшүнөн жыттайын. — Бар атаңа, баргын, — деп, Алпаратып Айчүрөк, Сейитекти жетелеп, Кутуга көз шилтеди, Кыйазды байкап тургун, деп. Колунан тартып баланы, Жыты башка адамдан, Алда эмне жыттанып, Мурдунун суусун шор тартып, Кайра Кыйаз жыттаса, Байагы жыт өзгөрдү, Куйкум кийиз жыттанып, Чочуп кеткен немедей, Кыйаз кетти баш тартып, Эрдин тиштеп Кутубай, Айчүрөктү жалт карап, Тура берди билгизбей, Сакалын сылап жайкалтып. Алыке менен Сатыке, Ала көөдөн ит эле, Эчтемени билген жок, Элебестен деги эле. Жез кемпирдин жети улуу, Жетөө тең жетик болуучу, Биринен бири карашып, Оңдойлу деп конушту, Ашкере билди бул жетөө, Сейитекке Кыйаздын, Агарып көөнү койбосту, Анан алар минтип болжошту: “Бүгүн Кыйаз багыптыр, Ачыгып калган жолборсту, Жүрөгү туйуп жатыптыр, Түбүндө жакшы болбосту. Ээрдин тиштеп Кутубай, Сакалын сылап байкады, Айчүрөк менен Кутубай, Экөө бирге турбайбы, Үч жылдан кийин Айчүрөк, Уулун малга чыгарып, Жолдун камын кылбайбы. Угабыз эми аз калды. Күлчорону Айчүрөк, Жылкыны карай куубайбы, Ошол кезде Суркойон, Сыргакта түшүп суубайбы, Амалы көп Айчүрөк, Гүлчоронун кечирин, Айыктырат турбайбы. Алмамбеттин Гүлчоро, Бирге басып бир жүрдүк, Адамзаттын шери эле, Айры төштүү эр эле, Эми кайра ат минсе, Жумуру баш адамдан, Тең келбейт буга дегеле. Шектендик деп Кыйазга, Өтө калсак тыйакка, Сейтек менен Гүлүстү, Көрсөтпөй элге кубултуп, Алып кетет Айчүрөк, Кыйамы келген кез эле. Кезеги келген күнү эле, Баарыбызды кемсинтет, Жылкыдай жылма жүн менен, Койдой коңур үн менен, Билбей туйбай эч неме, Көрбөгөн болуп биз кетсек, Эми үч жылда булкунтуп, Тоотору менен Сейтек, Ал күндө бизде кемитпес; Кемитем десе Сейтек, Айчүрөк ага жол бербес. Кыйаздын кылып каркытын, Бүгүн буга тийишсек, Ооздо айткан Жалгызек, Келчү киши ал эмес. Шумдуктуу катын Айчүрөк, Кангайдагы Таталаң, Ошого салат Капсалаң. Арбын кошуун кол менен, Бук болгон нечен чоң менен, Айчүрөктү алам деп, Келе калат Таталаң, Отузга жетпес өзү жаш, Бүт Каңгайга жалгыз баш, Таталаң тартып жүрөт деп, Коңурбайдын жыңзы таш, Көрүп келген эл айтат. Теңдешер киши болбосо, Канчоро, Кыйаз кол айдап, Калктын баары сойлосо, Аңгычакты Сейтек, Баш көтөрүп чоңойсо, Алаш, каңгай - эки баш, Болуша албай ал күнү, Канчоро менен Кыйазга, Келип бербейт бир киши, Артын ойлоп карайлы, Ашыра ойлоп бул ишти.” Жылкыдан жылма жүн менен, Койдой коңур үн менен, Кутубай менен жети хан, Жумур сырын чечишти, Көрбөгөн да билбеген, Жөн киши болуп кетишти. Ошол болот Кыйаздын, Чүрөк менен беттешип, Кеңеш кепке келиши. Мунун мындай таштайлы, Сейтектин тек жайын, Билгенинен баштайлы.